Ачуулануу пайдалуу боло алабы?

Эмне себептен адамга ачуулануу эмоциясы керек? 

Кээ бирөөлөр ачуулануу бул жаман эмоция, аны басуу керек же такыр сезбөөгө аракет кылуу зарыл деп айтышат: "Ачууланба, жомоктогудай улакка айланып каласың". Ал эми айрым адамдар ачууну сыртка чыгарып, аны ичте сактабоо керек деп эсептешет: "Мен токойго кирип кыйкырдым, ошондо дароо жеңилдеп калдым". Кимдир -бирөө ачуулануунун ордуна башка эмоцияларды баштан өткөрүүнү үйрөнүү керек деп айтат: "Сен андан көрө бактытты сез, антпесе ачуу эч кандай пайда алып келбейт". 

Анан кимисиники туура, деги эле ачуулануу деген кандай сезим? Чын эле ачуулануунун пайдасы жокпу?

Ар бир адамда негизги сезимдер болот – алар кайсы маданиятта туулуп-өскөнүнө карабастан, бардык адамдар башынан өткөрө турган жана баарына тааныш эмоциялар. Илимпоздор дагы эле негизги эмоциялардын саны төрт, алты же андан көп экенин талашып-тартышып жатышат, бирок ачуулануу ээмоциясын алар талашып жаткан ар бир тизмеден табууга болот. Эмоциялар жакшы же жаман болуп бөлүнбөйт. Бул табияттан берилген. Колдордун, буттардын, көздөрдүн, мээнин жана дененин башка бөлүктөрү бар экенин жокко чыгара албагандай эле, эмоцияларды да танууга болбойт. Баарыбызда эмоциялар бар, аларды четке кага албайбыз. Ал эми эмоциялар жашоого тоскоол болуп жатса, анда аларды жөнгө салууну үйрөнүү маанилүү.

Эволюциялык көз караштан алганда, эмоционалдуу болуу абдан пайдалуу, анткени ал жашап кетүү маселеси менен байланыштуу. Когнитивдик терапевттер көбүнчө адамдарда эмоционалдык мээ жана рационалдуу мээ бар деп айтышат. Эмоционалдык мээ тез реакция кылат - биз эмоцияларга негизделген чечимди чагылгандын ылдамдыгы менен кабыл алабыз. Ал эми рационалдуу мээ бир аз кечеңдегендей көрүнөт, анткени ага кырдаалды талдоо үчүн убакыт керек. Эгер эмоционалдык мээбиз болбосо, бадалдан секирген жырткычка абдан жай жана натыйжасыз реакция кылмакпыз. “Ал чын эле менин тарапка баратабы? Ал чындап эле коркунучтуубу? Балким, ал жөн эле өтүп кетет?” деген сыяктуу биздин божомолубузду жырткыч күтүп отурбайт. Мындай кырдаалдарда ойлонууга убакыт жок, ал эми эмоционалдык реакциялар өзүбүздү сактап калууга шарт түзөт.

Так ушул ачуулануу сезими бизге коркунучтарды сезүүгө жана аларга кандайдыр-бир жол менен жооп берүүгө жардам берет. Жада калса, ачуулануунун физиологиялык көрүнүшү да ушундай, бул эмоция бизди согушка даярдайт: жүрөктүн согушу жана дем алуу тездейт, булчуңдар чыңалат. Эми биз өзүбүзгө коркунуч жараткан жырткычка кол салууга даярбыз. Бул жагынан алганда, ачуулануу бизге иш-аракет кылууга түрткү берет. Демек, толугу менен сезимсиз болуу - бул эволюциялык көз караштан алганда таптакыр пайдасыз жана ачууну көңүл сыртына калтыруу да жакшы идея эмес.

Андан тышкары, ачуулануу бизге ресурстар үчүн күрөшүүгө жардам берет, бул бизди күчтүү кылат. Ачуулануу адилеттүүлүк сезими менен да байланышкан: эгер биздин пайдабызга каршы келген бир нерсе болсо, анда биз өзүбүздү коргоого аракет кылабыз. Бул да жашоо үчүн абдан маанилүү. Бир сындырым наныбызды алдырып ийсек, анда тирүү калбайбыз. Ачуулануу эмоциясы социалдык нормалардын сакталышын камсыз кылуу функциясын да аткарат.

Ачуулануу көбүнчө биз күткөн жыйынтык менен реалдуулук дал келбей калганда пайда болот. Бул эмоция мээнин сыйлык системасы менен байланышкан: кээ бир иш-аракеттер үчүн сыйлыктарды алуу жана аны бекемдөө. Биз бир нерсе жасай баштаганда тигил же бул аракеттен кандайдыр-бир натыйжа алабыз деп күтөбүз. Ал эми биздин күтүүлөрүбүз акталбаса, бул ачууну жаратышы мүмкүн.

Ачуулануу биздин бардык эмоционалдык жашообузга катышкан мээнин бир бөлүгү - амигдаланын деңгээлинде пайда болот. Ачууланганда бизде "согуш же кач" деген реакция жаралат. Бардык гормондор, анын ичинде тестостерон дагы  биздин денебизде кайнап, толкундап чыгат, анткени дене чабуулга даярданууда. Адам өзүнүн статусун коргоого даярданып жатат, антпесе башкалардын арасында кадыр-баркын жоготуп коюшу мүмкүн. Кээде ачуулануу өз өмүрүн коргоону каалоо же адилетсиздикке дуушар болгон адамды коргоо каалоосунан келип чыгышы мүмкүн. Мунун баары адамды физикалык агрессияга даярдайт. Ошол эле учурда, биз физикалык жактан ачуубузду көрсөтпөй турушубуз да мүмкүн - бирок бул эмоцияны айланадагылардын баары сезет. Ачуулануунун эволюциялык жана биологиялык аспекттен тышкары социалдык жагы да бар экенин  эске алуу зарыл. Ачууну билдирүүнүн кээ бир жолдору социалдык жактан кабыл алына турган болсо, кээ бирлери коомчулук тарабынан четке кагылат.

Эмне себептен ачуулануу эмоциябызга көңүл буруу маанилүү? 

Мындай болушу да мүмкүн -көчөдө бара жатканда анча маанилүү эместей көрүнгөн нерселер: чоочун эле адамдын бир кызыктай басканы, чоң апанын кызыктай баш кийим кийип алганы, деги эле  айланадагылардын баары өзгөчө жагымсыз сезилип, кыжырыбызды келтирет. Мындай учурларда биздин ачуубуз негизсиз көрүнөт. Бирок ачуулануунун артында ар дайым кандайдыр бир себеп бар - ал жөн жерден пайда болбойт.

Көбүнчө ачууланганыбызды моюнга алуу биз үчүн кыйын, анткени бул эмоциянын тагылган жарлыгы бар: ачуулануу жагымсыз сезилген терс эмоция деп аталат. Ушундан улам адамдар кээде баштарынан өткөргөн нерсе ачуулануу экенин түшүнө алышпайт. Ошондуктан, бул эмоцияны таанып, нормалдаштыра билүү маанилүү: "Ооба, мен ачууну сезе алам жана азыр да ачууланып жатам." Бирок эмне үчүн?

Эмоциялардын маанилүү функциясы бар - алар бизди эмне болуп жатканыбызды, болуп жаткан окуяга туура баа берип жатканыбызды баамдоого чакырган сигнал. Бул башкаларга менин сезимимди түшүнүүгө жардам берген сигнал гана эмес (“ал ачууланып жатат, демек, ага бир нерсе жакпай жатат”).

Биз өзүбүздүн сезимдерибизди так баамдай алганыбызда, өзүбүздү кандай алып жүрүүнү жана кырдаалга кандай жооп кайтарууну тандоодо көбүрөөк эркиндикке ээ болобуз. Биз эмоционалдык мээ айткандай кылсак болот: мисалы, ачууга алдырып, жооп катары бирөөнү ызалантуу. Же өзүбүздү токтотуп: “Эртең кылган ишим үчүн өкүнүп калбаймбы?” - деп ойлонсок болот.

Мисал келтирели. Уруш күчөп кетсе, мен  апама аны жек көрөм деп айтып салышым мүмкүн, бирок чындыгында андай эмес. Мен аны катуу ачууланган учурда гана жек көрөм. Буга эненин да ачуусу келип, керексиз сөздөрдү айтып, чоң чыр чыгып кетиши мүмкүн. Мунун баары күнөөлүү, уялуу жана өкүнүү сезимдерине алып келиши мүмкүн.

Ачууну баамдай билүү маанилүү, анткени ал азыр бир нерсени айтуу же жасоо каалоосу акылга сыярлык кадам эмес экенин түшүнүүгө мүмкүндүк берет жана өзүңүздү токтотконуңуз оң. Бул сүйүктүү адамды капалантпоого жана/же пикир келишпестикти чечилбеген чыр-чатакка жеткирбөөгө жардам берет.

Ачуулануу сезимин таанып-билүүнүн дагы бир себеби абдан маанилүү: көйгөйлөрдү этибар албай коюу алардын өсүшүнө алып келет (биз көңүлгө албай койгон ачуулануу эмоциябыз  - бул да көйгөй). Мисалы, эртең менен бир нерсеге ачууланып, бирок бул эмоцияны ичибизге катып коебуз да, кечинде “жарылып” кетебиз. Эмоцияларыбызды этибарга албаганга аракет кылсак, биз алардан качкан болобуз, бирок бул алардын кандайдыр -бир жерде өзүнөн өзү жок болуп кетет дегенди билдирбейт. Ачуулануу сезими аны кармап турууга мүмкүн болбой калган акыркы чекитте гана көрүнөт, анан ал бара-бара өчүп калат деген стереотип бар. Бул жарым-жартылай чындык. Бирок ачуулануунун динамикасы бар. Эгерде биз ачуулануу менен жооп берген кырдаал чечилбесе, анда мээ бизге сигнал жөнөтө берет. Эгерде кандайдыр-бир учурда катуу ачууланган эмоциябыз байкалбай же көңүл бурулбай калса, анда кийинчерээк ачуулануу башында башка жагдайдан келип чыккан болсо да, буга тиешеси жок жагдайларда ачууга алдырып ийишибиз мүмкүн. Ачуулануу эмоциясы шар сыяктуу – аны көпкө жана токтобой үйлөй берсе, акыры жарылып кетет. Ошондуктан, топту өз убагында байлап коюу маанилүү - ачууланган учурда, анын желин акырын чыгарып турса болот. Болбосо, эмоциянын туу чокусунда биз кийин өкүнө турган чечим кабыл алышыбыз мүмкүн, же биз үчүн жаман нерсеге айлана турган иш-аракеттерди жасообуз ыктымал.

Ошондуктан ачууланууга көңүл буруп, ага түшүндүрмө табууга аракет кылуу керек. Бирок эмоцияны колго алууну үйрөнүү кыйын болушу мүмкүн. Бул убакытты жана чеберчиликти талап кылат. Бирок өз эмоциясын баамдап билүү - бул биринчи жана маанилүү кадам, ал андан аркы аракеттерди тандоо мүмкүнчүлүгүн ачат: мисалы, ой токтотуу, кырдаалды талдоо жана ага туура ойлор менен кайтып келүү.

Ачуулануу эмоциясын кантип баамдоо керек?

Көбүнчө биз ачууну эриндери кымтылган, каштары бириккен бирөө гитараны сындырып, табактарды ыргытып, дубалды муштагылап, кыйкырып же сөгүнүп жатканын элестетебиз. Чынында, ачуулануунун жолдору ар кандай болушу мүмкүн. Кимдир-бирөө бир нерсеге сокку жасоону каалоосу мүмкүн: адам сөзсүз түрдө аны кылып ийбейт, бирок ал жөнүндө ойлонот. Кээде адамдар өзүнө же башкаларга зыян келтирүүнү каалашат. Ал эми бирөө өзү менен өзү болуп, бөлмөдөн чыгып кетип, эч ким менен сүйлөшпөй коет. Дагы бирөө ыйлашы мүмкүн - бул да ачуулануунун көрүнүшү болот.

Ошондой эле, ачуунун өзү ар кандай болушу мүмкүн экенин түшүнүү маанилүү. Ачуулануу, кыжырдануу, жинденүү, өкүнүү, капалануу, сүйлөнүү, буркан-шаркан түшүү - мунун баары "ачуулануу" сөзүнүн синонимдери гана эмес, анын түрлөрүнүн сүрөттөлүшү. Ачууну жакшыраак элестетүү үчүн, “Баш катырма” мультфильминдеги ачуулануу эмоциясынын образын берген кеңсе костюмун кийген кызыл каарманды эстөө керек. Ал каарман мультфильм бүткүчө түркүн болуп өзгөрөт: кээде наалыйт, бирде ызаланат, бирде жанар тоодой кайнап кетет. Ал эми жашоодо да ачуулануу эмоциясы ар түрдүү келет. Мисалы, бир шкаланы элестетип көрөлү, башында баары капалануудан башталат, анан кыжырдануу жана каршылашуу күч алып, шкала улам жогорулап отурат . Буркан-шаркан түшүп, катуу ачууга алдырганда шкаланын эң жогорку деңгээли көрсөтүлүп калат. Башкача айтканда,  ачуулануу эмоциясы ар түрдүү болгондуктан, бир эле адам ачуусун бирдей билдире бербейт.

Бирок, ачуулануу бир мүнөзгө ээ эмес болгондуктан, бул эмоцияны таануу кыйынга турат. Эгер адам ыйлап жиберсе же күтүлбөгөн жерден унчукпай калса, бул ачуулануубу же кайгыбы, аны так айтуу кыйын. Анда менин ичимде болуп жаткан эмоциям ачуулануу экенин кантип билем?

Ар бир адам ар түрдүү, ар бирибиздин жөндөмүбүз ар кандай болот. Кээ бир адамдар өздөрүнүн жана башкалардын эмоцияларын тез түшүнүшөт, ал эми башкаларга бул кыйынчылык жаратат. Кээ бир адамдар үчүн анда ачуулануу сезими үстөмдүк кылып жатканын түшүнүү үчүн учурда өзүнө эмне сезип жатканын суроо жетиштүү болушу мүмкүн.

Бирок өз эмоцияларын баамдоо, эмне сезип жатканын түшүнүү кыйынга турган адамдар бар. Мындай жагдайда эң мыкты жол көрсөткүч - бул дене. Адам организмде эмне болуп жатканына көңүл буруусу зарыл. Мисалы, чыңалууну, жүрөктүн кагышы тездеп, бат-баттан дем алып, мээге кан тээп жатканын сезсе болот. Көз жашы агып кетиши мүмкүн - бул жүрүм-турумга көбүрөөк байланыштуу, бирок физиология менен да байланышы бар. Мунун баары мен азыр күчтүү эмоцияны же бир эле учурда бир нече эмоцияны баштан кечирип жатканымды билдириши мүмкүн. Сүйүүнү, кубанычты, көрө албастыкты жана жийиркеничти коркуу жана ачуулануу менен чаташтыруу кыйын.

Мындан тышкары, контекстке таянса болот. Адам өзүнө төмөнкүдөй суроо бере алат: мындай кырдаалда башка адамдар, адатта, кандай сезимдерди баштан өткөрүшөт? Менин досум, агам же эжем ушундай кырдаалга туш болгондо, кандай сезимде болмок? Мисалы, кимдир-бирөө мени ызалантса, менин жакын адамым капа болмокпу же ачуусу келмекпи? Анын ачууланышы толук мүмкүн - ооба, бул мен да ачууланышым мүмкүн дегенди билдирет. Биз өзүбүздү тыңдап отуруп, түшүнөбүз: ооба, бул ачуулануу сезими. Бирок акыркы минуталарда контекстке таянуу жакшы, анткени адам ката кетирип, когнитивдик тузакка түшүп калышы мүмкүн - башкача айтканда, болуп жаткан окуяга туура эмес баа берип алуу ыктымалдыгы бар.

Эмне себептен кээ бир адамдар ачууланып турушса да, сабырдуу, ал эми айрымдары дароо ачууга алдырып жиберишет? 

Өспүрүмдөр көп учурда эмоцияларын башкара алышпаганы тууралуу  көп угууга болот. Бул сөздүн кандайдыр-бир чындыгы бар: мээнин өнүгүшү адамдын эмоциясын башкаруу жана аларды билдирүү жөндөмүнө таасир этет. Жыныстык жактан жетилип жаткан жаш курактагы  балдар чоңдорго караганда эмоцияларын башкара алышпайт. Амигдала (мээнин эмоцияларга жооп берген бөлүгү) эмоционалдык реакцияларда маанилүү роль ойнойт. Мээнин бул бөлүгүндөгү иш-аракеттин аркасында биз ар кандай эмоцияларды, анын ичинде ачуулануунун ар кандай түрлөрүн: ачуулануу, кыжырдануу, өкүнүү же капаланууну сезе алабыз. Бирок мээнин дагы бир бөлүгү - жүрүм-турумга жооп берген жана эмоцияларды жөнгө салуу үчүн жооптуу болгон префронталдык кыртыш 25 жашка чейин жетилип, өнүгөт. Анын өспүрүм куракта таасири алсыз болот, ошондуктан биздин жүрүм-турумубузду, анын ичинде агрессивдүү жүрүм-турумубузду алдын ала билип жана аны болтурбай коюу кыйыныраак болушу мүмкүн. Ошондуктан, 25 жашка чейин кээ бир эмоциялар күчтүү болот жана аларды башкаруу биз үчүн кыйыныраак болушу ыктымал.

Бирок бул өспүрүмдөр өз жүрүм-турумун такыр башкара албайт дегенди билдирбейт. Префронталдык мээ кыртышы биздин учурда жүрүм-турумубузду талдоо жөндөмдүүлүгүбүздө маанилүү ролду жалгыз ойнобойт.  Адам агрессивдүү жүрүм-турумду бир нече себептерден улам тандашы мүмкүн: мисалы, анда өзүн көзөмөлдөө жана өзүн-өзү жөнгө салуу жөндөмү жок болсо. Эмоцияларды аздыр-көптүр интенсивдүү түшүнүү жана сезүү жөндөмдүүлүгүнө ар кандай факторлор таасир этет. Ал эми жаш өзгөчөлүгү - бул себептердин бири гана.

Биз баарыбыз ачуубузду ар кандай жолдор менен билдире алабыз: кээ бирөөлөр 40 жашында да ачуусун кыйкырык менен чыгарса,  экинчисинен “лам” деген үн чыкпайт, сабыры бекем.  Ачуубузду билдирүүгө олуттуу таасир этүүчү факторлордун бири - бул социалдык контекст. Мисалы, ачуулануу негизинен эркектерге мүнөздүү делген коомдук калыптанган пикирлер бар. Буга чейин муну биологиялык себептер менен түшүндүрүү көнүмүш болгон: "Эркектердин канында ачуулануу бар: тестостерон, атаандаштык, баары ушулардын айынан…"

Көбүнчө эркектер аялдарга караганда ачуулануу жана кыжырдануу эмоцияларын жакшы түшүнүшөт жана байкашат. Анткени бул эмоцияларды билдирүүгө аларга көбүрөөк уруксат берилген. Заманбап изилдөөлөр көрсөткөндөй, чындыгында эркектер да, аялдар да ачууну бирдей сезишет. Бирок аялдар гана бул эмоциясын башкача билдиришет, же таптакыр чыгарышпайт, анткени аялдын ачуулануусу коом тарабынан жакшы кабыл алынбайт. Бул кыздар ачууланбайт дегенди билдирбейт. Алар жөн гана кыздарга ачуулануу жарашпайт деген чөйрөдө тарбияланган. Ал эми мындай тарбия бойго жеткен аялдар ачууланууга жол берип койсо, же эмоциясын көпкө кармап жүрүп, бир күнү жарылып кетсе, анда чоң күнөөлүү сезимге дуушар болушуна алып келет. Биз баарыбыз кээде кыйкырып, орой сүйлөп же кимдир-бирөөнү ызалантып коебуз, мунун да чеги болушу керек. Бирок бул кээ бир адамдарга ачууланууга уруксат, ал эми башкалар бул эмоцияны билдирбеши керек дегенди билдирбейт. Жынысы кандай болбосун, ачуулануу - ар бир адам үчүн нормалдуу көрүнүш.

Ошол сыяктуу эле, мисалы, көпчүлүк өспүрүмдөр жөнүндө: “Ооба, анын жүрүм-туруму бузулган”, “Ооба, өспүрүмдөрдүн мээси али жетиле элек, ошондуктан алар эмоциясын тыйганды билишпейт” деп көп айтышат. Бирок биз алар айткандай эмеспиз. Кээде биз өзүбүз каалагандай жүрүм-турумга ээ боло албай калышыбыз мүмкүн, анткени башка адамдар бизди кандай болушубуз керек экенине ынандырып, бизден кандайдыр-бир жүрүм-турум үлгүсүн күтүшөт. Мен жалпы кабыл алынган ишенимге туура келбей турганымды, мен жеке адам экенимди жана ар кандай болушум мүмкүн экенин башкалар түшүнгөнү маанилүү.

Мындан тышкары, социалдык контекст айлана-чөйрөнү жана маданиятты гана эмес, үй-бүлөнү да камтыйт. Адамдар жүрүм-турум нормаларын бала кезинен эле үйрөнүшөт. Бала ата-энесинин же башка жакын адамдардын жүрүм-турум үлгүсүн үйрөнүп, кайталай алат. Ачуулануу сезими ар кандай жолдор менен билдирилиши мүмкүн. Кээ бирөөлөр, мисалы: «Кыйкырсын, балким тынчып калаар» деп колдоп коюшу мүмкүн. Башкалар муну кабыл алынгыс деп таап: «Бул жерде кыйкыруунун кереги жок!» - дешет.

Анан, албетте, бизге физиологиялык аспект абдан таасир этет: мисалы, стресс же оору. Өнөкөт ооруну көп сезген адам ачууланбайт деп күтө албайбыз. Ал эми стресс, жалпысынан алганда, бардык нерсени камтышы мүмкүн: ачкалыктан жана сууктан баштап, мектептеги же кабыл алуу сынагындагы баалар жөнүндө тынчсызданууга чейин.

Ачууну билдирүүнүн кандай ыкмалары пайда алып келбейт? 

Ачуулануу кадыресе көрүнүш, эмоцияны сезүүгө тыюу салганга болбойт. Бирок эмоцияны баштан өткөрүү бир нерсе, ал эми кандайдыр-бир жол менен иш-аракет кылуу башка нерсе. Ачуулануу сезимин билдирүүнүн бардык эле жолдору жакшы эмес. Эгер эмоциялардын пайда болушун көзөмөлдөө мүмкүн болбосо, анда жүрүм-турумду көзөмөлдөө мүмкүн жана зарыл.

Мисал келтирели: автобуска кезекке турганда бирөө кокустан бутубузду басып алды. Бул ачуубузду келтириши ыктымал, ал гана эмес биз ал адамдын бутун басып, түртүп, жада калса уруп да өч алгыбыз келиши мүмкүн. Бул жерде иш-аракетке болгон импульс менен аракеттин өзүнүн ортосунда айырма бар экенин түшүнүү маанилүү. Эгерде биз жөн эле физикалык зомбулук тууралуу ойлонуп, бирок өзүбүздү токтоткон болсок, анда бул адекваттуу реакция. Мисалы, кокустан болсо да, биздин бутубузду оорутуп алган адамга унчукпай кое алабыз же эскертүү жасай алабыз: “Абайлаңыз!”.

Эгерде адам башкаларга же өзүнө карата физикалык зомбулукту (өзүнө зыян келтирүү) тандап алган болсо, анда психологдор ачуусун билдирүүнүн мындай ыкмасын адаптивдик эмес деп эсептешет. Башкача айтканда, бул жүрүм-турум коомдо кабыл алынган стандарттарга жана нормаларга туура келбейт, анткени ал адамдын өзүнө да, анын айланасындагыларга да зыян келтирет. Агрессивдүү жүрүм-турумду адам жөн эле ачууланып, эмоцияга алдырып жиберди деп актоого болбойт. Бул туура эмес, анткени биз ар дайым эмоцияларыбызды кандай кабыл аларыбызды, өзүбүзгө кандай жүрүм-турумга уруксат берерибизди тандай алабыз. Дагы бир маселе, кээде биз өзүбүздү башкача алып жүрүүгө көндүмдөрүбүз же үлгүбүз жок болгондуктан, тандообуз жоктой сезилиши мүмкүн.

Эгерде биздин ачуубуз чегине жетип, мына-мына жарыла турган жагдайга жетип калганыбызда, топтологон энергиябызды башка нукка бурууга аракет жасасак болот.  Муну, мисалы, жаш энелер жакшы түшүнүшөт. Алардын күткөндөрү көп учурда чындыкка дал келбей калат. Мисалы, аял баласын уктатып, бала уктаар замат өз иши менен алектенем: чай ичем, сериал көрөм, жөн эле эс алам же бизнес кылам деп пландайт. Бирок баланын күтүлбөгөн жерден ичи ооруп баштайт жана такыр уктабай коет. Тынымсыз кыйкырык-ыйдан улам эненин чыдамы да чегине жетип баратат. Ал катуу ачууланып, эмоциясы ичинен кайнап, мына-мына жарылып чыкчудай абалга келет.

Энелер баласына зыян келтире албасын түшүнүшөт. Ошондон улам алар ачуусун башка жакка бурушат. Аял башка бөлмөгө кирип, жаздыкты силкип, кыйкырып, тепкилеп алат. Мындай аракеттери ага чындап эле эмоцияны жок кылууга жардам берет. Жаздык анчалык деле баалуу эмес, андыктан ага бир нерсе болуп жатат деп кабатырланбоо керек, андыктан болгон ачууну жансыз нерседен чыгарып алуу - мыкты чечим.

Белгилей кетчү нерсе, эгерде адамда ачуулануу эмоциясы бат-баттан пайда болуп турса, аны эч кандай түшүндүрө албай турган болсо, буга көңүл буруу керек. Кээде тез-тез жана түшүнүксүз ачуулануу психикалык бузулуунун белгиси болуп саналат. Кошумчалай кетсек, эгер адам өзүнүн эмоциясын жөнгө сала албай, ачуусун билдирүүнүн зомбулуксуз жолдорун таппаса - анда бул дагы психолог же психиатрга кайрылууга негиз болот.



Ачуулануу сезимин өз учурунда кантип басаңдатса болот? 

Ачуулануу кадимки көрүнүш. Бирок кээде эмоциялар чындыкка дал келбей калышы мүмкүн - мисалы, биз башка адамды аягын чейин укпай туруп, бир нерсеге катуу реакция кылган учурлар болот. Демек, эмоциянын талабы боюнча гана эмес, ошондой эле, адамдын жүрүм-турумунун кесепеттерин түшүнүү менен кырдаал талап кылгандай реакция кыла билүү маанилүү. Эмоция, чындыгында, жүрүм-турумду жаратышы мүмкүн, бирок дайыма эмес.

Ачуу менен күрөшүүнүн жолдору узак мөөнөттүү же кыска мөөнөттүү болушу мүмкүн. Узак мөөнөттүү ыкмалар эмоционалдык жөнгө салуу көндүмдөрүнө байланыштуу. Эреже катары, аларды натыйжалуу өздөштүрүүгө психолог жардам берет. Адам өзүнүн жүрүм-турумунун кырдаалга ылайыктуу же ылайыктуу эместигин аныктоону үйрөнүп, ишенимин жана мамилесин талдайт. Ал эми кыска мөөнөттүү ыкмалар-  учурда колдонула турган ыкмалар. Алар тууралуу кененирээк айтып беребиз.

Ачуулануу менен күрөшүү үчүн эң биринчи жана эң маанилүү кадам – бул эмоцияны таанууну үйрөнүү. Эгер адам ачууланып жатканын жана анын жүрүм-туруму жагымсыз экенин түшүнсө, күрөштүн жарымы бүттү. Анткени кандай абалда экенибизди түшүнүү бизге тигил же бул жүрүм-турумду тандоого мүмкүндүк берет.

Биз өзүбүздү ачууга алдырып бара жатканда,  "STOP" ыкмасын колдонсок болот: 1- токто. 2- бир кадам артка. Биз бир кадам артка чегинип, кырдаалдан чыгууга аракет кылып жатабыз. 3 - айланага кара. Бул физикалык текшерүүгө гана тиешелүү эмес, ички дүйнөгө көңүл буруп, өзүнө суроо салуу керек - мен азыр эмнелерди сезип жатам? Менин денем эмне болуп жатат? Бул эмоция мага эмне кылууну айтып жатат? 4-  аң-сезимдүү иш-аракет кылууга аракет кылуу. Бул аң-сезимдүү иш-аракет жөнүндө. Маселен, урушуу пайда алып келбесин түшүнүп, башка бөлмөгө кирип, өзүмдү токтотом.

Ачуулануу менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу кыска мөөнөттүү жолдорунун бири - бул эмоцияны физикалык түрдө чыгаруу. Мисалы, эгер эмоция абдан күчтүү болсо жана мен аны кандайдыр-бир жол менен билдиргим келсе, анда жаздыктарды уруп же аларга кыйкырып коюу - эң сонун ыкма. Ошондой эле, отуруп-туруп, секирип, физикалык көнүгүүлөр менен машыкса да болот - бул ошондой эле, ашынган эмоциялар менен күрөшүүгө да жардам берет. Бул учурда эмоциянын күчү басаңдайт жана жүрүм-турумубузду пландоо бир топ жеңилдейт.

Мындан тышкары, эмоцияларды басаңдатуу боюнча тез ыкмалар да бар - бул дене менен иштөө. Анткени ачууланганда дене согушка даяр болуп, жүрөктүн согушу тездейт, дем алуу кыйындайт, мээге кан тээп, булчуңдар чыңалат. Тынчтануу үчүн, чарчы дем алуу сыяктуу дем алуу ыкмасын колдонсо болот. Ал мындай болот: дем алуу - тыныгуу - дем чыгаруу - тыныгуу.

Ачууну басаңдатуунун дагы бир эффективдүү жолу - бетти өтө муздак суу менен жуу. Биринчиден, бул абалдан чыгууга жардам берет, биз физикалык жактан башка мейкиндикке өтөбүз. Экинчиден, бети-колду жууп-тазалоо чындап эле эске келтирет жана эмоцияларды алмаштырууга жардам берет.

Өз убагында тынчтандыруу үчүн дене менен дагы эмне кылса болот? Бир аз болсо да, эс алууга аракет кылуу керек. Мисалы, булчуңдардын релаксациясы жардам берет - бул белгилүү бир булчуң тобун мүмкүн болушунча чыңап, анан бошотконго негизделген практика. Бир эле учурда бир нече булчуң топторун чыңап-бошотуп, көнүгүү жасаса болот. Бул көнүгүү организмге тез эс алууга жардам берет, ошондой эле, эмоциялардын интенсивдүүлүгүн азайтат. Кээде булчуңдардын релаксациясы бир аз машыгууну талап кылат, бирок ачууну жөнгө салуу кыйын экени маалым болгондуктан, биз бул көнүгүүнү үйрөнүп алсак ашык болбойт.

Биз ачууга алдырып жибергенибизге өкүнүп калышыбыз мүмкүн, бирок бул жерде өзүбүздү көтөрмөлөп койгонубуз жакшы. Мисалы, биз бул эмоцияны көз ирмемде байкап, керектүү же туура деп эсептеген жүрүм-турумду тандап алганыбыздын өзү, чынында эле, укмуштуудай жетишкендик.

Булак: Двор медиа.