
Симптомдор боюнча ликбез жана рисктерди азайтуу үчүн кеңештер

Бири-бирин түшүнүү жана жаңы чөйрөдө конфликтерди болтурбоо

Өзүмдү түшүнүп, окуу убагында өзүмө кантип кам көрөм

Бул сүйүү экенин кантип түшүнөм жана мамилелерди кантип куруу керек

Кантип ата-энем менен натыйжалуу баарлашып, келечектеги үй-бүлөмдү пландаштырсам болот

Денемдин ден соолугу жана түзүлүшү жөнүндө көбүрөөк билүү

Менин кеңештерим толугу менен акысыз. Сен болсо акчаңды сага жагымдуу же керектүү нерсеге жумшай аласың.

Суроо пайда болгондо же кеңеш керек болгондо жакындарың ар дайым жаныңда боло бербейт. Мен болсо каалаган убакта жардам берүүгө даярмын - жөн гана мага билдирүү жөнөт.

Мен сенин ишенимиңди абдан баалайм, ошондуктан диалогдун аягында каттарды жашыруу максатында өчүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертем.
Мени менен сүйлөшүү менен сен менин жакшы болушума жардам бересиң.

Окуп үйрөнүү үчүн мен түшүнбөгөн айрым диалогдорду колдоном. Бул учурда мен жазышууну автоматтык түрдө анонимдештирип, андан кийин гана сактайм. Ошентип, маектештерим жөнүндө маалыматты иштеп чыгуучулардан дагы коопсуз түрдө жашырам.

Мен TLS шифрлөөнү колдонуп, коопсуз канал аркылуу байланышам, жана диалог аяктагандан кийин аны чатта жок кылууну сунуштайм. Диалогду баштоо үчүн баракчага жазылуунун же топко кошулуунун кажети жок, биздин кат алышуубуздун фактысы коомдук мейкиндикте эч кандай чагылдырылбайт.
Мени иштеп чыгууга катышкан адистер тобу

Балдар психологу

Уролог

Психолог

Юрист

Гинеколог

Гинеколог

Психолог

Дискриминация кылбоо боюнча эксперт
Ойло жаңы гана бойго жетип келаткан өспүрүмдөргө, жогорку класс окуучуларына, студенттерге, мамилелер жана ден соолук жөнүндө көбүрөөк билгиси келген чоңдорго суроолорго жооп табууга жардам берет деп ишенебиз. Жаштар бул мезгилде болуп жаткан өзгөрүүлөрү, алгачкы мамилелери, окуулары тууралуу суроолорго жооп таба алышат. Ата-энелер менен жеке темаларга конструктивдүү баарлашууну жана чыр-чатактарды болтурбоону үйрөнүшөт. Өзүлөрүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат алып, оор кырдаалда жардамды кайдан ала аларын билишет. Бойго жеткен колдонуучулар репродуктивдүү ден-соолукка жана психологиялык саламатыкка болгон мамилесин кайра карап чыгып, мамилелердеги көйгөйлөр жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча суроолорду бере алышат.
Суроолорго жооптор редакциялык топ жана, дарыгерлер жана психологдордон турган, адистер тобу тарабынан жазылат. Жооптордун маалымат базасын түзүүдө ЮНЕСКОнун, ДСУнун жана БУУнун башка агенттиктеринин сексуалдык ден соолук жана психологиялык саламаттык боюнча изилдөө материалдары, жаштарга ылайыктуу илимий-популярдуу жана билим берүү ресурстары, эксперттик басылмалар колдонулат. Ошондой эле, Ойлону жаратууда, анын жандуу жана актуалдуу болушуна жардам берген илимий журналисттер жана блоггерлерден турган ыктыярчылардын коомчулугу катышат.