Агрессивдүү адамдар

Агрессивдүү адамдарды ачууланган адам менен чаташтырбоо керек

Ачуулануу же жинденүү - бул эмоциялар. Ал эми агрессия - бул эмоция эмес, бул адамдын жүрүм-туруму, башкача айтканда, кимдир-бирөөгө зыян келтире турган конкреттүү аракеттер.

Адатта агрессия кастык жана инструменталдык болуп бөлүнөт. Адам качан зыян келтирүү максатын көздөп аракеттерди кылганда, бул кастык агрессия болот. Мисалы, кибер-куугунтук, бул - социалдык тармактарда кимдир-бирөөнү эл алдында кемсинтүү максатында атайылап басынтуу аракеттери. Кастык агрессиянын артында, адатта, ачуулануу сезими турат.

Инструменталдык агрессия - мында агрессор зөөкүр жүрүм-туруму аркылуу кандайдыр-бир максатка жетүүнү көздөйт. Мисалы, мелдеште жеңишке жетүү үчүн атаандашынын дымагын өчүрүү максатында ага карата агрессивдүү чабуулдарды жасайт.

Дагы бир классификация бар. Агрессия физикалык жана физикалык эмес формаларда көрсөтүлүшү мүмкүн. Физикалык агрессияда зөөкүр денеге зыян келтирет. Мисалы, ачууга алдырган ата-эне күнөөлүү деп эсептеген баласынын башына чаап жиберет. 

Физикалык эмес агрессия оозеки жана социалдык болот. Оозеки агрессияны колдонуп, адам башкаларга кыйкырып, жаман лакап аттар менен атайт, сөгүнөт, анын аброюн түшүрүү үчүн башка оозеки ыкмаларды колдонот. Ал эми социалдык агрессия менен адам башкалардын коомдук мамилелерине бүлүк салып, зыян келтирүүгө аракет кылат. Буга ушак таратуу, бойкот жарыялоо, жигитин же кызын тартып алуу  ж.б.у.с. кирет.

Агрессиянын дагы эки маанилүү түрү бар: аутоагрессия жана пассивдүү агрессия. Аутоагрессия – бул адамдын өзүнө багытталган зыяндуу жүрүм-туруму. Бул оозеки түрдө жасалышы мүмкүн (мисалы, адам өзүн дайыма "түрү суук" деп атайт) же физикалык аракеттер жасалат (өзүнүн денесине тырык салуу, кескилөө). Пассивдүү агрессиясы бар адам башкага тике эмес, кыйыр түрдө зыян келтирүүгө аракет кылат. Мисалы, сөзүндө какшык интонацияны көп колдонот:"Ммм, сен ушул көйнөк менен конокко барасыңбы? Түшүнүктүү. Мейли, эми!” -  мындай мамиле пассивдүү агрессия катары каралышы мүмкүн.

Агрессия — бул инстинктпи? Жок.

Психологдор агрессивдүү жүрүм-турумдун пайда болушун ар кандай жолдор менен түшүндүрүшөт.

Алгач адамдар агрессияны тамактануу, ичүү же уктоо сыяктуу табиятыбыздын бир бөлүгү деп ойлошчу. Белгилүү психолог Зигмунд Фрейд адамда эки негизги күч бар экенин айткан: либидо - жашоого умтулса, мортидо - өлүмгө умтулат. Агрессия болсо - бирөөнүн мортидосун башкаларга багыттоо. Анын ою боюнча, агрессия инстинкт сыяктуу тубаса нерсе.

Ушундай эле идеяны этолог (жаныбарлардын жүрүм-туруму боюнча адис) Конрад Лоренц иштеп чыккан. Ал агрессия – бул нерв борборлорунда чогулган чыңалуу жана адамда агрессия болушу үчүн сөзсүз түрдө ага себепкер болгон тышкы окуянын болушу шарт эмес деп болжолдогон.

Бирок Лоренц адамдар топтолгон чыңалуудан арылуу үчүн атайын себеп издешет деп эсептеген.

Бүгүн күндө Фрейд менен Лоренцтин теориялары боюнча көп суроолор жаралууда. Маселен, инстинкт теориясы бардык адамдардын агрессиясы ар башка болорун түшүндүрө албайт, эгер логикалык жактан алганда, бардык адамдардын агрессиясы окшош болушу керек эмеспи? Дегеле бизде адамдарда эч кандай инстинкт (энелик да) жок. Чынында, окумуштуулар адамдын инстинкти болушу мүмкүн болгон бир гана мисалды таба алышкан:  адам өзүнө жаккан адам менен жолукканда каштарын көтөрөт.

Эмне үчүн агрессия инстинкт катары каралбайт? Агрессияга бир катар мүнөздөмөлөр тиешелүү: алар тубаса, бир түргө мүнөздүү жана белгилүү бир негизги сигналдар менен козголот.

Тубаса - булар ата-энебизден гендер аркылуу кабыл алынган жана атайын даярдыкты талап кылбаган тубаса сапаттар дегенди билдирет. Түрлөрдүн өзгөчөлүгү - бир түрдүн бардык мүчөлөрү бирдей жүрүм-турумду көрсөтөт. Триггер - биздеги кандайдыр-бир реакцияны же жүрүм-турумду козгогон сигнал сыяктуу. Инстинкттин туруктуу программа деп аталган нерсеси бар, бул - чөйрөдө өзгөрүү болсо дагы, биз өзүбүздө жазылган программага ылайык реакция кылабыз дегенди билдирет.

Инстикттин мисалын карап көрөлү: келин жүгүндүн (богомол) айрым түрлөрүндө ургаачысы эркегин жупташкан соң, жеп коет. Бул түрдүн ургаачыларынын баарысы эркегинин башын жулганды жакшы билишет. Алар муну атайылап үйрөнүшпөйт.  Мындай инстинкт келин жүгүндүн айрым түрлөрүндө гана кездешет.  Белгилүү бир негизги фактор бул инстинктти козгойт – көбөйүү мезгили келгенде келин жүгүндөрдүн организмдеринде физиологиялык трансформациялар башталат: ургаачыларында гормондордун секрециясы өзгөрөт, ал эми эркектери ургаачылардын химиялык сигналына жооп беришет. Акыркы пункт - бир нерсе туура эмес болуп кетсе да, мисалы, жупташкандан кийин эркеги өлүп калса да, ургаачысы баары бир анын башын жулуп салат, анткени бул инстинкттин программасы ушундай иштейт.

Адамдын агрессиясы инстинкт эмес, анткени ал адамга тукум куучулук жол менен өтпөйт. Эгерде адам бир жолу агрессиялык реакция жасап, мындай аракеттери  ага жагымдуу натыйжага алып келген учурда адамда агрессивдүү жүрүм-турум калыптанып калышы мүмкүн. Агрессияны да үйрөнсө болот. Мисалы, балдар чоңдордун оозуна чыккан жаман сөздөрдү кайталай алышат. Агрессия ар кандай адамдарда ар кандай жолдор менен көрүнөт, башкача айтканда, ал түргө мүнөздүү эмес: бир эле кырдаалда бир адам дароо мушташка түшөт,  экинчиси сөгүнүп-сагынат, үчүнчүсү одоно катуу тийген тамаша айтат, төртүнчүсү унчукпай калат. Ошол сыяктуу эле, адамдарда агрессиянын ар кандай триггерлери болот: бирөөлөр үчүн жаман тамаша агрессияны жаратса, башкалар ал кырдаалга күлүп гана коюшат. Анан, албетте, адамдын агрессивдүү жүрүм-туруму программа катары жазылган эмес. Адам агрессиясын көрсөтө баштаса да, аны токтотууга күчү жетет.

Агрессия биз каалаган нерсеге жете албай жатканыбызга карата реакциябы?

Адамдагы агрессиясынын келип чыгышын фрустрация теориясы менен түшүндүрүп келишкен. Фрустрация – адамдын бир нерсени чындап каалап, бирок ага жете албай калгандагы абалы. Мына ушул нааразычылыгынан улам, ал агрессияны реакция катары көрсөтөт.

Мисалы, небереси чоң атасын Telegram мессенджерин колдонууга үйрөтүүгө аракет кылып жатат дейли. Эгерде чоң атасы бир нече саат түшүндүргөндөн кийин да тиркемени кантип ачууну түшүнбөсө, бул небересин фрустрациялык абалга алып келиши мүмкүн. Ал үйрөткүсү келет, бирок эч кандай жыйынтык чыкпайт. Натыйжада агрессивдүү реакция пайда болот. Небереси чоң атасына үнүн көтөрүп, ачуусу келип, агрессия көрсөтө башташы мүмкүн. Же эртең мененки тамакка кечинде калган тортту жегиңиз келип, муздаткычты ачасыз - аны үй-бүлөңүздүн бир мүчөсү жеп койгон болот. Натыйжада, канааттандырылбаган муктаждыгы адамды агрессивдүү реакцияга алып келет. Ал жакындарын каарып башташы ыктымал. Же муздаткычты бир тээп,  ачуусун ошондон чыгарышы мүмкүн. 

Көбүнчө адамдар агрессиясын өзүнөн же башка “курмандыктан” чыгарат. Бул кандайдыр-бир себептерден улам конкреттүү учурда агрессиясын сыртка чыгара албаган учурларда болушу мүмкүн (мисалы, жетекчи кол алдындагы кызматкерге сөгүш берген учур). Кызматкер агрессиясын ичине катат, анткени бул жогору турган адамга карата кабыл алынгыс нерсе. Акыры белгилүү мемде сүрөттөлгөндөй болуп чыгат: жетекчи кызматкерине ишти мөөнөтүнөн кечиктиргени үчүн кыйкырат, кызматкер үйгө келип, кийим-кечеге акчаны ысырап кылганы үчүн аялына ачууланат, ал эми аялы дубалга тарткан сүрөттөрү үчүн баласын урушат. Эң акырында, бала болгон ачуусун момпосуйду чачып салган мышыктан чыгарат.

Бир аз убакыттан кийин бул теорияга бир аз оңдотуу киргизишкен: эми ачуулануу агрессиянын себептеринин бири катары карала баштаган. Башкача айтканда, фрустрация ачуулануу сезимин пайда кылат, ал эми бул эмоция агрессивдүү жүрүм-турум аркылуу билинет.

Агрессияга үйрөнсө болобу?

Альберт Бандуранын коомдук жашоого үйрөнүү теориясына ылайык, адамдар агрессивдүү жүрүм-турумду бири-биринен үйрөнүшөт. Бул агрессивдүү жүрүм-турумга байкоо жүргүзүү аркылуу же агрессия каалаган натыйжага алып келген мурунку тажрыйбалар аркылуу ишке ашат.

Бандуранын 1961-жылдагы экспериментинде үйлөтүлгөн Бобо аттуу куурчакка жасалган чоң кишилердин агрессиялык мамилесин  балдарга көрсөтүшөт - анда алар оюнчукту уруп, жаман сөздөр менен тилдешет. Бир аздан кийин балдарды Бобо менен ойноого бир бөлмөгө киргизишет, анда балдар куурчакка карата чоңдордон көргөн агрессивдүү аракеттерди кайталашкан.

Ар кандай изилдөөлөр көрсөткөндөй, зордук-зомбулукка кабылган үй-бүлөлөр көбүнчө балдарына да зомбулук көрсөткөн балдарды тарбиялайт. Кошумчалай кетсек, эгер бала ыңгайсыз чөйрөдө, айталы, кылмыштуу аймакта чоңойсо, айлана-чөйрөсүнөн агрессивдүү жүрүм-турумдарды көрүп, балада агрессияны кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Агрессия башкалардан көрүп-үйрөнүү аркылуу “жуга” турган болсо, анда видео-оюндардан жаман жүрүм-турум үлгүлөрүн алып, бала агрессивдүү болуп калат дегенди билдиреби? 2001-жылы Мичиган университетинин Джон Л.Шерри тарабынан жүргүзүлгөн мета-анализинде агрессивдүү жүрүм-турум менен зомбулук оюндарынын ортосунда аз-маз байланыш бар экени айтылат. Автор жазгандай, буга караганда зордук-зомбулук көрсөтүүчү телеберүүлөрдү көрүү - агрессиянын алда канча күчөшүнө алып келет.

Дагы бир кызыктуу жыйынтык: эгер силер эң катаал аткылаган оюндарды көпкө ойносоңор, бул агрессивдүүлүктү арттырбайт. Башкача айтканда, “канчалык көп ойносоң, ошончолук агрессивдүү болосуң” деген принцип иштебейт. Тескерисинче, изилдөөлөр көрсөткөндөй, оюндар менен көп убакыт өткөргөн балдарда жана өспүрүмдөрдө агрессия азыраак болот, анткени алар болгон ачуу эмоцияларын оюн убагында коротуп коюшат.

Агрессия кантип ишке ашат?

Анда агрессия эмнеден улам келип чыгат? Жана ал кандайча иштейт? Америкалык окумуштуулар агрессиянын жалпы моделин 2002-жылы иштеп чыгышып, 2018-жылы ага толуктоолорду киргизишкен. Бул модель кандай факторлор агрессияга алып келерин, ошондой эле, кандай учурларда агрессивдүүлүккө түртө турган кырдаал жаралса да, агрессия басылып каларын түшүндүрөт? 

Модель негизги 3 блоктон турат.

  1. Негизги маалыматтар: Бул адамдын өзгөчөлүгү жана жана анын тегерегинде түзүлгөн жагдайлар.
  2. Иш-аракеттердин варианты: Бул жагдайды начарлаткан же жакшырта турган башка факторлор.
  3. Натыйжа: Бул  адамдын жасаган иш-аракеттеринин жыйынтыгы - анын жүрүм-турум агрессивдүү болобу же жокпу.

Негизги маалыматтарга адамдын жеке сапаттары жана кырдаалдык жагдайлар кирет.

Инсандык сапаттар - бул адамдын туруктуу абалда жана ар кандай кырдаалдарда өзүн кандай алып жүргөнү боюнча мүнөздөмөсү. Алар биздин жүрүш-турушубузду аныкташат. Мисалы, эгерде адам өзүн-өзү башкара албаса же нарциссист болсо, бул алардын агрессивдүү болуу ыктымалдыгын жогорулатат.

Агрессивдүү жүрүм-турумдун тобокелдик факторлоруна нарциссизм, зордук-зомбулукту моралдык жактан актоо, өзүн кармай албоо,  невротизм, абийирдүүлүктүн төмөн болушу, агрессияны кадыресе кабыл алуу ж.б. кирет.

Ситуациялык факторлор – адамдын агрессивдүү жүрүм-турумуна түрткү боло турган жагдайлар. Мындай факторлордун мисалдары: чөйрөнүн жогорку температурасы, ызы-чуу, оору, дискомфорт, мас абал жана башкалар. Мындай факторлордун саны канчалык көп болсо, адамдын жүрүм-турумунун натыйжасы ошончолук агрессивдүү болот.

Мисалы, эгер адам зордук-зомбулукту моралдык жактан актап, өзүн-өзү кармай албаса, триггердик кырдаал кандайдыр бир ызы-чуулуу жана тыгылган жерде, мисалы, клубда болгон болсо, анда мындай адамдын агрессиясын көрсөтүү ыктымалдыгы абдан жогору болот.

Иш-аракеттердин варианттары: эмнелер кырдаалды курчутуп, агрессияга себеп болушу мүмкүн?

Биз агрессиянын жалпы моделин түшүнүүнү улантып жатабыз – агрессия так кантип иштейт, ага эмне себеп болот? Биз иш-аракеттердин варианттарына токтолдук (бул англисче routes - “жолдор” дегенди билдирет) - булар кырдаалды курчутуучу кошумча факторлор сыяктуу, же тескерисинче агрессияссы жок жагымдуу натыйжага алып келиши мүмкүн.

Моделдин авторлору мындай факторлорду үч класска бөлүп карашат: аффект, когниция жана толкундануу.

Бул жерде аффект адамдын эмоционалдык абалын билдирет. Мисалы, оору, ооруксунуу сыяктуу жагдайдык фактор адамда ачуулануу сезимин козгошу мүмкүн. Бул, өз кезегинде, адамдын агрессивдүү реакция кылуу ыктымалдыгын дагы жогорулатат.

Ал эми когниция факторун алып карасак, негизги маалыматтар (инсандык жана кырдаалдын мүнөздөмөлөрү) агрессивдүү ойлордун пайда болушуна таасир этиши мүмкүн. Мисалы, зордук-зомбулук тууралуу билдирүүлөрдү камтыган маалымат булактарын окуу - адамда кастык ойлордун пайда болушуна себеп болушу ыктымал. Бул  адамдын андан кийинки жүрүм-турумуна таасир этиши толук мүмкүн.

Фактордун үчүнчү түрү  – бул ашыкча толкунданган абал. Бул психологиялык жана физикалык болушу мүмкүн. Мисалы, көнүгүү жасагандан кийин адам өзүн энергиялуу сезиши мүмкүн жана бул ачуулануу сезимине алып келиши ыктымал. Ал эми буга чейин айтылгандай, ачуулануу агрессивдүү жүрүм-турумду күчөтөт.

Иш-аракеттердин варианты - линза сыяктуу. Инсандык жана кырдаалдык факторлорду жарык катары элестетип көргүлө. Линза аркылуу өткөн жарык бир жерге чогулушу же чачырашы мүмкүн. Агрессия да ушундай. Инсандык жана кырдаалдык факторлор агрессиялык реакцияны курчутуп же токтотууга жөндөмдүү. 

Натыйжа: агрессия же…?

Демек, адамда жүрүм-турумуна таасир этүүчү жеке өзгөчөлүктөрү бар. Аффект (эмоционалдык абалы), когниция - таанып-билүү (ойлору, ой жүгүртүүсү) же катуу толкундануу абалы анын бир нерсеге болгон агрессивдүү реакциясын күчтөндүрүп же алсыратышы мүмкүн. Ал эми адам агрессивдүү иш-аракет кыла турган кырдаал кандайча түзүлөт? 

Конфликттик кырдаалда адамдын жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк болот - мисалы, адам өз убагында ачууланып баштаганын байкап, агрессивдүү чабуулду токтотууга аракет кылат. Же бул автоматтык түрдө болушу мүмкүн - адам эмне кылып жатканын түшүнбөй калышы ыктымал.

Муну конкреттүү мисал менен карап көрөлү. Элестеткиле, биздин А аттуу каарманыбыз ашканада түшкү тамакка кезекте турат дейли. Анан экинчи Б аттуу адам өз кезегин күтпөй алдыга жулунуп кетет. А каарманыбыз, мисалы, эмоциясын башкара албай, алдыга жулунган студентти механикалык түрдө түртүп жибериши мүмкүн. Же А каарманы адегенде баа берип, кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылып, анан кандайдыр-бир иш-аракеттерди жасай алат. Мисалы, А студент тиги адамдын инсандык сапатына баа берет: «Кандай акмак! Убакытты текке кетирбөө үчүн кезек күтпөй атайылап жулунуп жатат”. Же башка бирөөнүн жүрүм-турумун кырдаалга жараша түшүнүүгө аракет кылат: "Мм, балким анын досу буга чейин кезек ээлеп кеткендир". Каарманыбыз А так эмне кылгысы келип жатканын, кандай реакция кылууну ойлоно алат: "Буга анын орду каякта экенин билдирип коюу керек!" Абалга мындай баа берүүгө каарманыбыздын жеке сапаттары жана анын иш-аракеттеринин варианттары таасир этет. Башкача айтканда, эгерде кафетерия абдан жык-жыйма жана ызы-чуу болсо (ситуациялык факторлор), биздин А студентибиз чыр-чатакка жакын болсо (жеке факторлор), ошондой эле, жакында кофе ичсе (кошумча толкундануу фактору), анда студент абдан чоң ыктымалдуулук менен агрессивдүү мамиле кылышы толук мүмкүн.

Кибер-агрессия: анын өзгөчөлүгү кандай?

Интернеттеги агрессивдүү жүрүм-турумдун же кибер-агрессиянын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири - кибер-басмырлоочулар анонимдүү бойдон калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алар ошондой эле, каалаган жеринен жана каалаган убакыт алкагынан агрессивдүү чабуулдарды жасай алышат.

Бул факторлор агрессордун кылган иш-аракеттери үчүн күнөөсүн сезбөөгө жана жоопкерчилик тартпоого мүмкүндүк берет.

Бул көрүнүш социалдык дисзингибиация деп аталат - адам социалдык тармактарда өзүн чыныгы жашоодон башкача алып жүргөн жүрүм-турум. Ал соттолуп, жазалануудан коркпостон, интернетте агрессиясын көрсөтө алат.

Бул агрессорду көп учурда карапайым колдонуучу байкай албай тургандыгы менен ого бетер абалды татаалдаштырат - анткени, көпчүлүк "издерди" Интернетте жашырууга болот.

Өкүнүчтүүсү: кибер агрессия окуясына  күбө болгондордун саны көп. Ар бир колдонуучуну чыр-чатактын кыйыр катышуучусу катары караса болот. Интернет колдонуучулар шыкакчы болушу да мүмкүн - мисалы, социалдык тармактагы комментарийлерде агрессордун аракеттерин колдоо - же ортомчулар - тескерисинче, агрессия актысын тынчтык жолу менен токтотууга аракет кылышат. Бирок көпчүлүк учурда мындай “күбөлөр” эмне болуп жатканын көрүп, унчукпаган байкоочу катары  эч кандай чара көрүүгө аракет кылышпайт.

Мындан тышкары, агрессор дайыма эле жабырлануучунун эмоционалдык реакциясын тааный бербейт. Эгерде чыныгы жашоодо таарынган адамдын абалы жана дароо жообу агрессордун жүрүм-турумуна кандайдыр-бир таасир тийгизе турган болсо - мисалы, мектепте кызды кордогон бала анын көзүнө жаш алганын көрүп,  чачынан тарткылабай калышы мүмкүн. Ал эми онлайн чөйрөдө агрессор жабырлануучудан мындай “кайтарым жооп” ала албагандыктан,  ал күчөгөн агрессиясын уланта берет.

Кибер-агрессиянын түрлөрү

Кибер-агрессиянын көптөгөн формасы бар:

  • Флейминг — бул бир нече катышуучулар ортосунда жаралган талаш-тартыштар. Мында ар кандай кемсинтүүлөр, бири-бирин басмырлоолор колдонулат.

Мисалы, эки социалдык тармактын колдонуучуларынын ортосундагы диалог:

А: Мага бул ыр жакпайт, артис такыр ырдай алвайт экен.

Б: Биринчи туура жазганды үйрөнүңүз. “Артис” эмес, “артист”, алвайт” эмес, “албайт” болот. Чыгарма жакпаса, негизсиз негатив жазгандан көрө, конструктивдүү сын айтсаңыз болот. Мектеп окуучусундай болбой.

А: Эй, сен, энесинин акылдуу баласы, мен эмне кылышымды өзүм чечем. Бул трек болбогон нерсе, мен аны айтууга толук укугум бар!!!1!!

Б: Биринчиден, мага сенсиребеңиз . Экинчиден, ушундай тон менен жазгандан кийин мектеп окуучусу эле  окшойсуз…

  • Троллинг — терс реакцияны пайда кылуу же чыр-чатакты баштоо максатында тармак колдонуучусунун агрессивдүү билдирүүлөрү.

Ырчы кыздар чыгарган постко мындай мааниде билдирүү калтырышат: “Үнүңөр деле жок экен, кандай максатта силерди топко алышканы белгилүү”. 

  • Хейтинг — конкреттүү бир адамга, адамдардын тобуна, көрүнүшкө карата негизсиз сын коштогон терс комментарийлер жана билдирүүлөр.

Мисалы, “Ииий, кебетең кантет, ырайы суук?!”

  • Кибер-сталкинг — тармак (социалдык тармактар, форумдар, веб-сайттар) аркылуу  бир адамдын артынан чөп салуу. Кээде сталкинг жабырлануучуга тынбаган билдирүүлөрдү жиберүүгө чейин айланып кетиши мүмкүн. Сталкерге бул аракеттери аркылуу жакшы мамилесин көрсөтүп жаткандай сезилет, бирок жабырлануучуда бул тынчсызданууну же кыжырданууну пайда кылат.

Сталкингдин мисалы: мурунку сүйгөнүнүн социалдык баракчасына тынымсыз кирүү, анын жазгандарына, ким менен достошуп, кандай музыка кошконуна жана качан чыгып, качан киргенине чейин көзөмөлдөө. 

  • Кибер-буллинг — адамдын же бир нече адамдардан турган топтун социалдык тармактар ​​аркылуу жабырлануучуга каршы кайталанган агрессивдүү кыймыл-аракеттери.

Мисалы, жаңы баштаган блогердин ар бир жаңы видеосунун астында классташтары агрессивдүү комментарийлерди калтыра беришет.

Мен агрессия көрсөткүм келбейт. Эмне кылуу керек?

Ачуулануу сезимдерин өз убагында таанууга жана агрессивдүү жүрүм-турумдун алдын алууга жардам бере турган бир катар сунуштар бар:

1.    Денеге көңүл буруу

Бизде ачууланган эмоциябыз пайда болгондо,  денебиз белгилерди берет. Эреже катары, адам ачууланганда тердеп, кан тамырдын кагышы, дем алуусу тездейт, булчуңдары чыңалат. Кабактары бүркөлүп, эриндери кымтылып, жаактары карышат. Мунун баары -“согушууга” даяр экениңизди билдирген дененин сигналдары. Бул белгилерди өз убагында байкап калуу маанилүү.

2. Өзүн алаксытуу

Ачуулануу– бул адам өзүн кармай албай турган эмоция. Бардык көңүл ачуулануу объектисинде болот. Адам өзүн алаксытуу менен эмоцияны бир аз басаңдатып, реалдуулукка кайтса болот.  

Мындай учурда “5-4-3-2-1” көнүгүүсү жакшы жардам берет. Сиз көргөн беш объекттин атын аташыңыз керек (ичиңизден санасаңыз болот); угулуп жаткан добуштардан төрттү; үч тактилдик сезимдерди; эки жытты; сиз учурда сезип турган бир даамды санашыңыз керек болот.

3. Денени бош кармоо

Биз ачууланганда, биздин симпатикалык нерв системабыз ишке кирет, бул биздин денебизди аракеттенүү режимине киргизет. Биз тынч отурганыбызда парасимпатикалык системанын иши басымдуулук кылат. Ал бизге эс алууга жардам берет. Денеңиздин бир нерв системасынан экинчисине тез өтүшүнө жардам берүү үчүн бир нече көнүгүүлөрдү жасасаңыз болот.

Биринчиден, терең дем алуу. Көзүңүздү жумуп, 10го чейин санаңыз, дем алып-дем чыгарган ар бир циклди саноо керек.  

Экинчиден, медитация ыкмалары. Теникалар ар түрдүү болушу мүмкүн: жагымдуу жер жөнүндө ойлонсоңуз болот же денедеги сезимдерге көңүл бурсаңыз болот (сканирлөө техникасы: көңүлүңүздү денеңиздин ар бир бөлүгүнө бурасыз, кандай сезимдер пайда болот?) Джекобсондун булчуңду прогрессивдүү эс алдыруу боюнча  ыкмасы бар. Техниканын максаты - чыңалуу аркылуу эс алуу.  Мындай көнүгүүлөр биз алгач ар бир булчуң тобун 5 секундга чыңдап, анан аларды бош коебуз дегенди билдирет. Бул эки жолу жасалат. Башкача айтканда, булчуңдарды кысып, анан коё беребиз.

4. Энергияны башка нукка коротууга болот

Агрессины башка нукка буруу деген көрүнүш бар - бул учурда бардык көңүлдү агрессивдүү эмоция пайда кылган объектке эмес, башка нерселерге карата буруу. 

Муну аң-сезимдүү түрдө жасоого аракет кылса болот. Мисалы, агрессияны спортко, искусствого же өзүнүз жана башкалар үчүн коопсуз болгон башка иштерге бурса болот. Бир нече километр чуркоо же ачык түстүү боектор менен сүрөт тартуу эмоцияны басып, кичине өзүңүзгө келүүгө жардам берет.

5. Колдоо алуу үчүн башкаларга кайрылуу 

Ачуулануу -кадыресе көрүнүш, бул эмоция. Эгер сизге бул эмоцияны өз алдынча жеңүү кыйын болуп көрүнсө, анда жакындарыңыздан жардам сурап, кайрылсаңыз болот. Алардан сизди угуп, кандайдыр-бир жол менен колдоо көрсөтүүсүн, топтолгон сезимдериңизди чыгарууга жардам бере турган биргелешкен ишти табууну сураныңыз. Мисалы, "Секс тарбиясы" телесериалында Адам өзүнө жардам бере ала турган ыкманы тапкан. Кийин досторуна да бул ыкмасын сунуштаган, анда досторун таштанды талаасындагы эски объекттерди бузуу менен бул эмоциядан арылуу жолун көрсөткөн.

Агрессия коштолгон эпизоддор абдан көп кайталана берсе, анда адиске кайрылса болот. Психолог же психотерапевт агрессиянын себептерин түшүнүүгө жана кайнап жаткан эмоцияларды өз убагында байкап, аларды конструктивдүү чыгарууну үйрөнүү үчүн ылайыктуу ыкмаларды табууга жардам берет.

6. Дайыма ачууланбоого аракет кылып, бул эмоцияны ичке беките бербөө маанилүү

Бул адам эмоциясын көпкө жашырганда анын ичинде эмоциялар топтолуп калышы мүмкүн дегенди билдирет. Жана кайсы бир учурда бул анын күчтүү эмоционалдык реакциянын жарылуусуна алып келиши мүмкүн. Мындай абалда адам майда нерселерге өтө сезгич болуп калат, мындай абал ага күчтүү агрессивдүү реакцияны жаратышы мүмкүн.

Мага карата агрессия жасалганда,  мен эмне кылышым керек?

Кимдир-бирөө сизге агрессия көрсөтсө эмне кылуу керек? Же кимдир-бирөөнүн башка адамга агрессивдүү мамиле кылганына күбө болдуңуз дейли.

Мындай жагдайда сөзсүз эмне кылбоо керектигинен баштайлы: агрессорго «тынчтан!» деп айтуу жана агрессияга агрессия менен жооп берүү. Биринчи учурда, биз адамдын сезимдери тууралуу биле бербейбиз. Экинчиден, биз аны ого бетер провокациялап, кырдаалдын чыңалуусун күчөтөбүз.

Ачууга алдырбаганыңыз - сиздин артыкчылыгыңыз. Адам ачууланганда өзүн кармай албай калат, сиз сабырдуу болуу менен ага өзүн токтотконго жардам бере аласыз.

Коуч Дженифер Твардовски башка адамдардын агрессиясынан коргонуу үчүн бир нече кеңештерин сунуштайт:

1.    Сабырдуу болуңуз

Канчалык сиз акырын сүйлөгөн сайын ачууланып жаткан адам үнүн басаңдатып, жайыраак сүйлөгөнгө өтө баштайт. Агрессивдүү аракеттерге барбастан, кырдаалды талкуулап, маселени чечсе болорун өзүнүз үлгү болуп  көрсөтүңүз.

2. Эмпатия көрсөтүңүз

Эгер адам ачууланып жатса, анда аны бир нерсе тынчсыздандырат, ага бир нерсе жетишпейт. Ачуулануу деле башка эмоциялар сыяктуу эле кадимки эмоция. Башка адамдын эмоциясын аңдоо жана түшүнүү менен кабыл алуу маанилүү. Сиз төмөндөгүдөй суроолорду берип көрүңүз: “Азыр өзүңдү кандай сезип жатасың?”, “Мага эмне болуп жатканын түшүнүүгө жардам бер”, “Азыр эмне кылгың келип жатат?”, “Сага кантип жардам бере алам?” Сиз бул адамдын тарабында экениңизди жана аны түшүнүп, ага жардам бергиңиз келгенин көрсөтүңүз. Ачууланган адамдар көп жагымсыз нерселерди айтышы мүмкүн, буга даяр болуу керек.

3. Анын абалына көңүл кош эмес экениңизди айтып, сүйлөшүүнү сунуш кылуу керек 

Агрессиянын артында ар дайым кандайдыр-бир себеп болот. Адамдан эмнени каалайт, эмне жетишпейт деп түз сурасаңыз болот. Кырдаалды чечүүгө жардам берүүгө кызыкдар экениңизди көрсөтүңүз. Аны көңүл буруу менен угуп жатканыңызды көрсөтүңүз: сөзүн бөлбөңүз, тактоочу суроолорду бериңиз, дене тилин колдонуңуз (мисалы, баш ийкегиле). Агрессивдүү адам менен кандай мамиле кылууну жана аны менен кантип сүйлөшүү керек экенин так түшүнүү үчүн, эгер сиз да ошондой ачууланган кырдаалда болсоңуз, сизге кандай мамиле кылууну каалайт элеңиз - ушул жөнүндө ойлонуп көрүңүз. Ачуулануу бир аз басаңдаганда, сиз аны кырдаалды талкуулоого чакырсаңыз болот.

Эгерде адамдын агрессиясы ашып-ташып жатса, эмне кылуу керек? Бир аз тынчып, эсине келсин. Балким, ал жалгыз болуп, эмоциясы менен өзалдынча күрөшкүсү келип жаткандыр. Сиз мындай деп айта аласыз: “Мен азыр ачууланып жатканыңды көрүп турам. Менимче, сен азыр бир нече мүнөткө жалгыз болушуң керек. Сүйлөшкүң келсе, мен жакынкы бөлмөдө болом". Эгер сиз кайсы бир адамдын ачуусу кандайча болорун жана ага эмне жардам берерин билсеңиз, анда ага эмоциясын жеңилирээк жеңүүгө жардам бере аласыз. Балким, бир чыны ысык чай же стресске каршы оюнчук адамга жардам берет.

Биз жогоруда айтылган кеңештер агрессор конструктивдүү сүйлөшүүгө жөндөмдүү, ал эми “жабырлануучу” кырдаалды алыстан карап, маселени чечүүдө сабырдуу боло алган жагдайларга ылайыктуу экенин түшүнөбүз. Кээде адамдар агрессор өзүн адаттан тыш алып жүргөн жана жабырлануучу дайыма коркуу сезимин баштан кечирген өтө оор кырдаалдарга туш болушат. Мындай жагдайда эмне кылуу керектиги түшүнүксүз. Биз учурда бир нече ушундай оор кырдаалдарды жана алар менен күрөшүү үчүн мыкты стратегияларды карап чыга турган материалдын үстүндө иштеп жатабыз.


Булак: Двор медиа