Эмне үчүн күтүлбөгөн жерден үйдөн качуу көрүнгөгөндөй жөнөкөй эмес, клиникалык психолог-консультант, когнитивдик-бихевиоралдык психотерапевт Григорий Мисютин жооп берет.
«Ийгиликтүү» деп аталган үй-бүлөлөрдө деле ата-энелер менен тил табышуу кыйынга турат. Жалпысынан, ийгиликтүү жана ийгиликтүү эмес деп кайсы үй-бүлөлөрдү атоо мүмкүн экендиги өзүнчө чоң суроо. Өспүрүмдөр ар кандай себептерден улам, ар кандай үй-бүлөлөрдөн качышат. Ошондуктан эпизоддук жана өнөкөт үйдөн качууларды айырмалап кароо керек.
Эпизоддук качууда бала кыска мөөнөткө кетип, кайра кайтып келет. Өнөкөт качууда баланын дайыма үйүнөн кетип жүргөнүн жана жүрүм-турумундагы кандайдыр бир функционалдык өзгөрүүлөр жөнүндө сөз кылабыз. Мисалы, бийлик үчүн күрөшүү, артыкчылыкка жетүү, ата-энеге каршы чыгуу, үй-бүлө ичинеде бирөөгө сабак берүүгө же жазалоого аракет кылуу. Качып кетүү кээде шантаж же коркутуу жолу да болушу мүмкүн.
Бирок качуунун бардыгы эле балдардын жана ата-энелердин ортосундагы бийликтин бөлүштүрүлүшүн чагылдырбайт. Кээде аларды ортодогу түшүнбөстүк, сезимдерин көтөрө албоо, баш тартуудан коркуу менен байланышкан көйгөйлөр жаратат. Айрым өспүрүмдөр кандайдыр бир жоопкерчиликти сезишет (үй-бүлөдө каржы маселеси бар болсо) же үй-бүлө үчүн жүк болуп жаткандыгынан качып кетишет.
Качуу ата-энелер үчүн анчалык түшүнүксүз жана байкалбаган себептерден улам пайда болот. Мисалы, аң-сезимдүү жашоонун атрибуту болуп көрүнгөн романтикалык мамилелерден улам. Ушул учурда өспүрүмдөр көз карандысыздыгын жарыялоо катары үйдөн кетип калышы мүмкүн.
Кээде качып кетүүнү чечкен адам кандайдыр бир чоң ыңгайсыздыктан алыс болгусу келет. Мисалы, кош бойлуулук учурунда ата-энесине ушундай абалга туш болгонун түшүндүрүп берүү өтө кыйын же мүмкүн эмес болгон учурда.
Ошондой эле, өспүрүмдөр өзүнө-өзү зыян келтирген жүрүм-турумун (селф-харм) жашыруу же психоактивдүү заттарды узак убакытка чейин колдонуп, кыйын абалда тургандыгы үчүн качып кетишет. Ата-энесинин маңдайында отуруп: «Апа-ата, мен мефедронду колдоном», «Өзүмдү жаман сезгенде денеме доо келтирем» же «Мен өз жынысымдагы адам менен сүйлөшүп жүрөм» сыяктуу сөздөрдү айта алышпайт. Анткени ата-энелер муну баары бир түшүнбөйт жана кабыл албайт деп ойлошот.
Үйдөн качуу – укмуштуу окуялардан алыс кыйын бир сыноо. Бир гана импульска берилип качуу анчалык көп кездешчү окуя эмес. Жаңы тажрыйба издөө максатында качуулар болот, бирок алар кичинекей гана бөлүгү.
Дагы бир топ өбөлгөлөр бар. Мисалы, ата-эненин бирөөсүн жек көргөндө же ата-энеге коопсуз туруштук бере алам деген ишеним жок болсо. Бул айрыкча иерархиясы күчтүү үй-бүлөлөрдө байкалат, «энеге кыйкырба», «чоңдорду сыйлаш керек», «сен, күчүк, эмне деп сүйлөп жатасың?» Бул орой фразалар өтө стереотиптүү көрүнгөнү менен, иш жүзүндө көп эле кездешет.
Кээде жакын адамдын өлүмү же башка жеке кризистер качып кетүүнү шартташы мүмкүн –көйгөйлөрдү коштогон үйдөгүлөрдүн түшүнбөстүгү, четке кагуу, өзгөчө учурларда үйдөн чыгарып салуу. Бул чоңоюунун, сексуалдык ориентациянын, кош бойлуулуктун фонундагы коркуу сезимдери болушу мүмкүн. Практикада, мындай мотивдер качуулардын олуттуу 1/3 бөлүгүн түзөт.
Кээ бирөөлөр, мисалы, үй-бүлөнүн каржы жагына жоопкерчилик сезгенде качышы мүмкүн. Алар үй-бүлөдө каржы көйгөйлөрүн азайтуунун бир жолу катары үйдөн кетип калууну көрүшөт.
Кийинки себеп – мектептеги көйгөйлөр. Академиялык көрсөткүчтөр төмөндөп кеткенде же баарлашууда кыйынчылыктар пайда болгондо жана «эмне үчүн мектепте, же үйдө, секцияларда, калышым керек?» деген суроого жооп берүүчү пункттар азайып баратканда пайда болот.
Рэкетчилик, куугунтуктоо, буллинг, ата-энелердин жана мугалимдердин кысымы, мектептеги окуу жүктөмүнө байланыштуу стресс качууга себеп болушу ыктымал.
Өзүнчө категория – теңтуштардын кысымы. Кээде үй-бүлөдө гана эмес, достор менен да ишенимдүү байланыштын жоктугунан бирөөгө жардам сурап кайрылуу кыйынга турат. Социалдык чөйрөдө жардам издөө дагы деле жаман, акылсыз, төмөн жана татыксыз деген стереотип бар.
Албетте, кээ бир окуяларда үйдөн качып кетүү куткарылуу катары кабыл алынышы керек. Бул биринчи кезекте физикалык, кээде катуу психикалык же сексуалдык зомбулук болгон кырдаал.
Ар бир адам үйдө калууну же кетүүнү өзү чечет, бирок бул жөнүндө ойлонуп жатып, алгач кете турган жердин бар-жогун түшүнүү керек.
Бара турган жай жок болгондо деле «үй» деп аталган жерде өтө жаман нерселер, зордук-зомбулук болуп турса, башка жерде жакшыраак болоору түшүнүктүү болгондо гана качуу – бул туура чечим.
Качып кетерден мурун иш-аракеттер планын түзүп алуу зарыл. Качып барууга пландалып жаткан жер туура келээрин, анын коопсуздугун, ал жерде узак убакытта калуу жана колдоо алуу мүмкүнчүлүгү бар бекенин түшүнүү керек.
Мындан тышкары, зордук-зомбулук көрсөткөндөр сени жаңы жерден таба алабы же жокпу, бул жерде жардам бере алган контакттар менен байланыш болобу, каржы, жата турган жер, тамак-аш ж.б. базалык керектөөлөрдү таба аласыңбы?
Качып кеткенден кийин интуицияга таянып чечим жасоо туура эмес. Жаңы адамдар жаман эч нерсе кыла элек деген ой менен алар сен үчүн коопсуз деп ойлоо кооптуу болушу мүмкүн.
Эмоцияны жөнгө салуу үчүн психоактивдик заттарды колдонуу, көйгөйлөрдөн жана зомбулуктан арылгандан кийин сезилген эйфориянын жана эркиндиктин таасиринин фонунда абсолюттук ишеним сезими менен жаңы таанышууларга аралашуу кооптуу.
Маанилүү нерсе – кооптуулуктан качып жатсаң, коопсуз жерге туш келүү негизги максатың экендигин түшүнүү керек.
Кандай гана себеп болбосун, качып кетүүнү каалоо адамды жаман кылбайт экендигин түшүнүү керек – жаңыдан качып баштаган же буга чейин деле көп жолу качып жүргөн болсо дагы, ал жаман же туура эмес адам дегенди билдирбейт.
Айрым учурларда, качып кетүү жан аябастыктын бир түрүнө айланат. Анткени адамдын жакындарына эң жакшы кам көрүүсү – бул качып кетүү жана алардын жашоосуна оорчулук келтирбөө, башкалар өзүн жакшы сезиши үчүн өзүнүн коопсуздугун жана комфортун курмандыкка берүү. Бул эгоизмге, же б.а. өзүмчүлдүккө карама-каршы.
Бирок өзүңдү жана коопсуздугуңду башкалардын, ал тургай жакын адамдардын көңүлүнөн жогору коюу керек болгон жагдайлар бар жана бул өзүмчүлдүк деп эсептелбейт. Мисалы, эркиндикти коргоо, коопсуз убакыт жана коопсуз мейкиндикте жашоо жана жетилүү укугун коргоо жөнүндө сөз кылганда.
Бала жана өспүрүм куракта мындай көрүнүштүн себеби сексуалдык, физикалык же психикалык зомбулуктан арылыш үчүн үйдөн качуудан башка варианттын жок болушунда.
Адамдардын мындай үмүтсүздүк сезимине көнүшү кээде өзүнчө бир кырсыкка окшошуп кетет. Анткени, мисалы, сырткы дүйнө менен байланышы жок чектелген бир мейкиндикте жашаган адамдар кээде зордук-зомбулукту актоого макул болушат.
Эгерде конфликттин «жумшак» формалары жөнүндө сөз кыла турган болсок, мисалы, өсүп келе жаткан өз ара түшүнбөстүк сезими болгондо, андан качуудан мурун ата-эне менен сүйлөшүп, «Кантип макулдашабыз?» деген суроого жооп берүүгө аракет кылуу туура.
Психологдордун контакттарын таап, үй-бүлөң менен кесипкөй жардам алуу маселесин көтөрүп, мындай деп айта аласың: «Мага бул керек. Биз адис менен чогуу жаңы нерселерди үйрөнүшүбүздү каалайм, анткени бул суроолорду чечүү жалгыз өзүбүздүн колубуздан келбейт окшойт».
Муну бардык эле ата-энелер түшүнө бербейт жана бардык эле ата-энелер кабыл ала бербейт. Балдары өзүлөрүн жаман сезип жатканын байкабай калышат. Чоңдор бардык жоопторду билишпейт жана качып кетүүгө даяр болгон адамдан башка эч ким ата-энесине эмне сезгенин жана эмне үчүн мындай чечим кабыл алгандыгын так айтпайт. Ошондуктан, кээде ата-энең сага жардам берүү үчүн сен аларга жардам беришиң керек.
Эгерде бала потенциалдуу түрдө эч кимден качып кетүүгө түрткү албаса дагы, бирок өзү ушундай жыйынтыкка келип, чечим кабыл алган болсо, анда кандай болгон күндө дагы буга чөйрөдөгү айрым факторлор себеп болгон.
Эч качан бир гана адам күнөөлөнбөйт – бирөөнүн качып кетүү тенденциясын күчөткөн башка процесстер ар дайым болот. Мисалы, эмоционалдык туруксуздуктун абалдары адамдарды үйдөн гана эмес, түшүнбөстүк кырдаалдарынан оолактоого, тынчсыздандырган ойлордон, жаңы жагдайлардан алыс болууга үндөйт, кайдыгерлик сезими пайда болот.
Качкандан кийин күнөө сезимине алдырбоо керек. Ооба, сага жагымсыз жана уялган болушуң мүмкүн, бирок эч кимибиз идеалдуу эмеспиз. Ошондуктан ката кетирүү укугубузду моюнга алууга аракет кылышыбыз керек.
«Качкандан кийин» режиминде бир эле бала эмес, бүтүндөй үй-бүлө бар жана бул жалгыз адам кечирим сурашы керек дегенди билдирбейт. Мындай кырдаалдан чыгуунун жолун издөө үчүн үй-бүлөдөгү ар бир адам изилдөө жүргүзүшү керек.
Эгерде биз кандайдыр бир суу жылыткычты же бойлерди орнотуп, орноткондон кийин суу крандан эмес, бактан агып чыкса, анда биз бул бойлерди жаман деп атаганыбыз менен маселе чечилбейт. Суунун эмне үчүн керектүү жерден агып чыкпагандыгын, кандай тоскоолдуктарга туш болгонун, эмне үчүн түтүктөр аркылуу кранга өтпөй жаткандыгын түшүнүүгө аракет кылуу кыйла натыйжалуу эмеспи. Бул абдан жөнөкөйлөтүлгөн мисал, мен өспүрүмдөрдү бойлер деп атагым келбейт, бирок эгерде кандайдыр бир көйгөй бар болсо, анда аны эксперименталдык жол менен издеп, конкреттештирүү керек.
Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдө дагы бардыгы ошондой иштейт – «келесоодой абал» же «келесоо мен» деп айтуудан мурун, интернеттен маалымат издеп, досторуңдан сурап, үй-бүлө мүчөлөрдүн бири бирин угууга, эмоционалдык муктаждыктарды жана өз ара урматтоо канчалык маанилүү экенин түшүнүүгө жардам бере ала турган адамды же адисти табуу туура болот.
Жок дегенде, өз иш-аракеттериңдин кесепеттери үчүн жоопкерчиликти билүү маанилүү: адамды качып кетүүгө бир нерсе түрткөн, жана мүмкүн ага зыян келтирген, бирок анын бул аракети үй-бүлөгө да зыян келтирген болушу мүмкүн. Өтө жоопкерчиликтүү балдар жана өтө жоопкерчиликтүү чоңдор, ошондой эле жаш курагына карабастан, таптакыр жоопкерчиликсиз адамдар бар. Жоопкерчиликти балдардын же ата-энелердин кызыкчылыгы үчүн эмес, чың мамиле түзүү үчүн үйрөнүү керек.
Үй-бүлөдө эмоционалдык байланыш маанилүү. Бирок бул ишенимдүү байланыштар жеке чектерди бузуу (психикалык, физикалык, сексуалдык) жана зомбулук менен үзгүлтүккө учурабашы керек. Ата-энелер гана эмес, мугалимдер, тренерлер, психологдор жана өспүрүмдөр менен кандайдыр бир себептерден улам байланышы бар адамдар буга көңүл буруп ашыкча контролдоодон алыс болушу керек.
Асырап көзөмөлдөө жана директивдүү, авторитардык ата-эне болуу көйгөйдү чечпестен, тескерисинче, аны курчуткан көптөгөн себептер бар.
Сиз бир нерсеге белгилүү бир жол менен карап жатканыңыз дүйнө башкача болуп кетет дегенди билдирбейт, аны ар дайым өзүңүзгө ылайык тууралап коюу мүмкүн эмес. Жөн гана бурамаларды бекемдөө менен бир нерсени оңдоо мүмкүн эмес, же болбосо үй-бүлөдөгү чыр-чатактарды жөн гана баланы дайыма көзөмөлдөп, эркиндигин чектөө аркылуу мүмкүн эмес.
Ооба, кээде мындай ыкмалар натыйжалуу болушу мүмкүн, бирок коркутуу иштебей калгандан кийин таасирдин бардык рычагдары колдонулуп бүткөн болот. Үй-бүлөнүн ичинде канчалык ишенимдүү байланыш курулганына көңүл бурсаңыз, бул бир топ жемиштүү болмок.
Ата-энелер баланын өзүн ишенимдүү сезишине жол береби же жокпу, аны менен «сыймыктанам» деп канча жолу айтышат, качып кеткен же кача турган балага «Үйдөн кетүүнү каалоо нормалдуу көрүнүш, бирок бул кооптуу» деп айта ала тургандай сүйлөшө алышабы деген суроолордун үстүндө ойлонуу керек. Албетте, бул бала зордук-зомбулук коркунучу менен түздөн-түз каршы турбаган учурларда гана актуалдуу.
Качуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн дагы эмне кылса болот? Ата-энелер үчүн да, балдар үчүн дагы келишимдерди издөө, тил табышууга аракет кылуу, «сага жардам берүү үчүн мага жардам бер» принцибин колдонуу маанилүү.
Үйдөн качуу – бул талкууланууга тийиштүү маселе.
Бул окуяны же фактыны көз жаздымда калтыра албайсыңар. Ал жөнүндө ар кандай жолдор менен сүйлөшсөңөр болот: кыйкыруу, адеп-ахлактык лекция окуу, коркутуу. Же мындай жүрүм-турумдун артында эмне жашырылганын түшүнүүгө аракет кылуу, адамды угуу, сезимдер менен бөлүшүү.
Кайсы бир нерсени, анын ичинде качып кетүүнү талкуулап жатканда эмоционалдуу кырдаал пайда болгондо, ачууланткан адамдан тактоо үчүн: «Сен эмне айтайын дедиң?» же «Сен эмнени уктуң жана аны кандайча чечмеледиң?» деп сураган туура. Бул маалыматты текшерүүгө жана эмнеге көңүл буруу керектигин түшүнүүгө мүмкүндүк берген жол.
Мейли, импульстуу же ойлонуштурулган иш-аракеттер планы болсо да, качуу – бул кабыл алынган чечим.
Өз кезегинде ата-эне баласы менен анын качуусуна эмне түрткү болгондугу жөнүндө сүйлөшкөндө ачууланбай, четке кагуу сезимдерине алдырбашы керек.
Болбосо, балада «баары жаман» деген ойго ишенүүгө дагы бир себеп болот. Андай кырдаалда, тескерисинче, бала үчүн колдоого жана кабыл алынгандыгын билүү маанилүү.
Булак: Двор Медиа