ЖЖЖИге айгактама

Бул инфекцияларга эмнелер кирет жана эмне үчүн айрым аталыштары туура эмес?

Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар (ЖЖЖИ) - жыныстык катнаш (вагиналдык, аналдык жана оралдык) аркылуу жуга турган инфекциялардын топтому. Инфекция жугузган адам көпкө чейин белгилерин байкабай, бирок инфекция таратуучу болуп жүрө бериши ыктымал. Бул инфекциянын башкаларга жугузуу мүмкүндүгүн күчөтөт.

Буларга көбүнчө төмөнкү инфекциялар кирет:

• сифилис;

• гонорея;

• трихомониаз;

• адамдагы папиллома вирусу (АПВ);

• гениталдык герпес;

• хламидиоз;

• адамдагы иммундук деффицит вирусу (АИВ).

Булар мүмкүн болгон бардык ЖЖБИнин толук эмес тизмеси экенин белгилеп кетүү маанилүү. Мисалы, жумшак шанкр деген аталыштагы жыныстык инфекция бар (аял- эркектин жыныс мүчөлөрүндө жайгашкан ириңдүү жарачалар). Бирок бул инфекция биздин региондо сейрек кездешкендиктен, ал негизги тизмеде жок. 

Дагы бир маанилүү учур - кээ бир оорулар, мисалы АИВ башка жолдор менен да жугат: инфекция жугузган эненин эмчек сүтү аркылуу балага берилет жана таза эмес медициналык ийнелерди колдонгондо кан аркылуу жугат.

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча ЖЖБИ бузук жашоо образын карманган адамдар тарабынан жуктурулат жана жугат деген туруктуу стереотип бар, бирок адам жыныстык катнашка барбай туруп деле (мисалы, АИВ жуккан учурлар) инфекцияны жугузуп алат же  оорунун бар экендиги жөнүндө билбеген өнөктөштөн биринчи жыныстык катнаш учурунда да жуктуруп алуу коркунучу бар. 

Жыныстык жол менен жуккан ооруларды стигматизация  жана слатшейминг ( уяткаруу) кылуудан улам инфекция бар деп шектенген адамдар текшерүүдөн өтүүгө батынышпайт, ушундан улам өз убагында дарылоо ишке ашпай калат.

Стигматизацияга жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын жайылышына каршы күрөштө биринчи кезекте калкка оорунун жугуу жолдору жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) тарабынан сунушталган инфекциялардын бул тобунун атайын аталышын колдонуу жардам берет.

1990-жылдарга чейин алар көбүнчө "венерикалык оорулар" (римдик сүйүү кудайы Венеранын эвфемизми) деп аталып келген, ал эми дагы бир "социалдык жактан аз камсыз болгондордун оорулары" деген стигматизациялоочу термин пайда болду. Кийинчерээк «жыныстык жол менен жугуучу оорулар» деген эң нейтралдуу түшүнүк киргизилген. Бирок 1999-жылы ДСУ аны кеңири жана нейтралдуу «жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар» термини менен алмаштырууну сунуш кылган, анткени ага инфекция жуккан, бирок оорунун белгилери жок адамдар кирет.

Сифилис

Бул Treponema pallidum бактериясы пайда кылган жугуштуу оору. Сифилистин биринчи расмий катталган учурлары 15-кылымга туура келет. Сифилистин болушу АИВ жуктуруп алуу коркунучун болжол менен 2-5 эсе жогорулатат жана ал көбүнчө АИВ менен бир убакта кездешет (айрым ири шаарларда 30-60%). Жуктуруунун негизги жолу – жыныстык катнаш (вагиналдык, аналдык же оралдык).

Адамга анын  терисиндеги же былжыр челдеги жарааттарына сифилис менен ооруган адамдын жаралары тийген учурларда жугушу мүмкүн (сифилис жарасы көбүнчө шанкр деп аталат, алар жыныстык мүчөнүн сыртында же ичинде, кындын жана жыныс эриндин, ооздун, көтөн чучуктун ичинде болушу мүмкүн).

Сифилисти стерилизацияланбаган ийнелерди же инфекциясы бар адам менен устараны чогуу колдонгон учурларда жуктуруп алуу мүмкүн. Мындан сырткары, тубаса сифилис бар - мында төрөт же боюнда болгон учурда энеден балага жугат. “Тубаса” менен “тукум кууйт” деген түшүнүктү чаташтырып албоо керек - сифилис ген аркылуу берилбейт. 

Сифилистин  “жалганчы” деген расмий эмес каймана аталышы бар. Бул анын симптомдору башка оорулар менен адаштырып тургандыгы менен байланыштуу. Мындан сырткары, инфекция жуккан күндөн тарта 21 күндүн ичинде белгилери чыга баштайт, бирок 10 күндөн 90 күнгө чейинки убакытка чейин жашынып жүрүп алышы мүмкүн. Сифилистин  жума, ай, кээде жылга чейин өрчүй турган мөөнөтү бар. 

Биринчи стадия (биринчи сифилис). Treponema pallidum бактериялары жуккан жерлерде бир же бир нече жаралар пайда болот.  Адатта (бирок дайыма эмес) жара тоголок, катуу болот  жана оорутпайт. Эгерде жаралар байкалбай турган жерге (жыныс мүчөлөрүнүн ичине) чыгып алышса, адам оорунун белгилерин билбей жүрө берет. Бирок ал инфекция таратуучусу болуп саналат. 

Экинчи стадия (экинчи сифилис). Эгерде адам дарыланбаса, оору акырындап экинчи стадияга өтүп кетет. Адатта, алаканда же таманда кызыл же кызыл-күрөң исиркек тактар пайда боло баштайт. Бул тактар кычыштырбайт. Кээде мындай исиркектер дененин башка бөлүктөрүндө да пайда болушу мүмкүн. Бирок аз-маз гана чыккандыктан, алар байкалбай деле калат.

Исиркектерден тышкары:

• ооздо, чурайда же колтукта кондиломалар (теридеги же былжыр челдеги сөөлгө окшош шишиктер) пайда болот;

• дене температурасынын жогорулашы жана чарчоо;

• чоңойгон лимфа бездери;

• баш оору жана тамак оору;

• чачтын түшүшү.

Дарыланбаса, симптомдор бир нече жумага кармалып жүрө бериши ыктымал,  кийинчерээк жоголуп да кетиши мүмкүн - ушинтип инфекция жашыруун түргө же үчүнчү стадияга өтөт.

Латенттик стадия (жашыруун сифилис).  

Бул адамга инфекция жугуп жана ал адам инфекцияны таратуучу болсо да, оорунун белгилери ачыкка чыкпаган мезгил. Орточо эсеп менен, жашыруун стадиясы инфекция жуккандан кийин болжол менен 11-12 айдан кийин башталат жана бир нече жылга созулушу мүмкүн.

Үчүнчү стадия (үчүнчү даражадагы сифилис).

Адатта,  ооруну  дарылабаган учурда же аны менен катар эле адам СПИДге чалдыккан болсо - үчүнчү мөөнөткө чейин сейрек жетишет. Инфекция организмдин  айрым бир тутумуна таасирин тийгизип баштайт: мээни, нерв жана кан айлануу системасын, сөөктөрдү жана муундарды жабыркатат. Симптомдору кайсы органдардын жабыркаганына жараша болот жана ал белгилери болжол менен 10, атүгүл 30 жылдан соң жашыруун стадиядан кийин пайда болушу мүмкүн. 

Биринчи этапта котон жараны (сифилисти) врачтар жазып берген антибиотиктер менен эффективдүү айыктырса болот. Үчүнчү этапта, ички органдар жабыркап калган учурда, кесепеттери кайтарылгыс болушу мүмкүн. Сифилиске каршы иммунитет түзүлбөйт, башкача айтканда, кайра жуктуруп алуу мүмкүн. Жыныстык катнаш учурунда презерватив колдонуу, ошондой эле үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп туруу менен сифилис инфекциясынан сактанууга болот.

Гонорея

Neisseria gonorrhoeae (гонококк) бактериясы пайда кылган инфекция. Гонореянын көбүнчө триппер же трипак деген бейрасмий аталыштары бар. Негизинен жыныстык катнаш учурунда (вагиналдык, аналдык же оралдык) жугат. Жуктуруунун конкреттүү жолуна жараша гонококктор: жыныс органдарынын былжыр челине (жыныс мүчөлөргө), көтөн чучукка, ооз көңдөйүнө жана кекиртекке таасир этиши мүмкүн.

Кээде төрөт учурунда гонорея оорулуу энеден балага жугат. Мындай учурда гонококк наристенин көзүнүн былжыр челине таасир этип, конъюнктивитке алып келиши мүмкүн.

Турмуш-тиричилик каражаттары – буюмдар аркылуу гонореяны жуктуруп алуу коркунучу дээрлик жок. Бактериялар организмден тышкары тез өлөт жана гонококк инфекциясы соо адамдын былжыр челинде көп гонококкту камтыган биологиялык суюктуктар (сперматозоид же кындын агындысы) менен тыгыз байланышта гана жугат.

Симптомдор инфекциядан жуккандан соң  4-6 күндөн кийин пайда болушу мүмкүн. Ошол эле учурда, гонорея эч кандай сырткы белгилерсиз пайда болгон учурлар бар - мындай көрүнүш ооруган аялдардын орто эсеп менен жарымында учурайт, ал эми эркектерде азыраак кездешет. Эгерде ооз менен кекиртек гана гонококк менен байланышта болсо, анда оорунун негизги белгиси - тамактын жеңил ооруганы болуп саналат, бирок ооз жана тамак көңдөйүнүн инфекциясынын 90%да  гонорея симптомсуз өтөт. Бирок оору жуккан адам потенциалдуу инфекция алып жүрүүчү болуп калат.

Оорунун белгилери кандай болот?

Эгерде эркектин репродуктивдүү органдары жабыркаса:

• заара чыгарууда ачышуу жана ооруксунуу;

• жыныс мүчөдөн ак, саргыч же жашыл түстөгү суюктуктардын куюлушу;

• бир же эки урук безинин шишиги, урук бези жайгашкан жердин оорушу (биринчи эки белгиге караганда азыраак кездешет).

Аялдын жыныс органдары жабыркаса:

• жыныс мүчөдөн чыккан суюктуктун көбөйүшү;

• ооруксунуп заара чыгаруу;

• этек кир менен байланышпаган кандын кетиши (мисалы, жыныстык катнаштан кийин);

•  ичтин төмөн жагынын оорушу.

Кээде аялдарда симптомдор жеңил өткөндүктөн, аны  табарсыктын сезгениши (цистит) деп жаңылышып алышат. Эгерде ушундай белгилер пайда болсо, анда өз алдынча диагноз коюу эмес, дарыгерге кайрылуу зарыл.

Эгерде көтөн чучук (аналдык өтмөк) жабыркаса:

• көтөн чучуктун кычышуусу;

• көтөн чучуктан ириң же кан аралашкан суюктуктун чыгышы;

• оор жана ооруткан дефекация.

Убагында дарыланбаса, гонорея тукумсуздукка (аялга да, эркекке да) алып келиши ыктымал. Бул дарт көптөгөн бактериялык инфекциялар сыяктуу эле антибиотиктер менен дарыланат. Эгерде дарылоо курсу жана дарыгердин сунуштары так аткарылса, инфекция тез эле өлөт. Ооруга каршы иммунитет пайда болбойт, ошондуктан кайра жуктуруп алуу мүмкүн. Ошондой эле, дарыгерлер дарыланып жаткан адамдарга терапия аяктагандан кийин бир жума бою жыныстык катнаштан баш тартууну сунуштайт, анткени бул мезгилде инфекциянын жугуу коркунучу дагы деле болушу мүмкүн.

Гонореядан коргонуунун негизги жолдору болуп жыныстык катнаш учурунда презервативди колдонуу, ошондой эле, жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга үзгүлтүксүз анализ тапшыруу саналат.

Акыркы жылдары гонореяга каршы вакциналарды изилдөө жана тестирлөө иштери жүргүзүлүп жатат, бирок азырынча алардын эч биринин эффективдүүлүгү жана коопсуздугу тастыктала элек.

Кишидеги папиллом вирусу (АПВ) 

Бул ооруну папилломавирус инфекциясы деп да аташат. Жалпысынан алганда, бул бир вирус эмес, бүтүндөй бир вирустардын тобу. Бүгүнкү күндө 170тен ашык штаммдар (түрлөрү) белгилүү, аларды ар бир адам жашоосунун ар кандай мезгилдеринде жуктуруп алышы мүмкүн. Папилломавирустарды жуктурган адамдардын так санын эсептөө мүмкүн эмес, анткени алар организмде көп жылдар бою байкалбастан жашай бериши мүмкүн. Демек, көп адамдар вирусту жугузуп алганын билишпейт. Мындан тышкары, бир адам бир эле учурда вирустун бир нече штаммдарын алып жүрүүсү мүмкүн.

КВП өтө бат жугат. Көбүнчө инфекция корголбогон жыныстык катнаш учурунда (вагиналдык, аналдык же оралдык) жугат. Ошондой эле, папилломавирустар теринин үстүнкү катмарында да болушу мүмкүн жана денеге тийип, андан соң, былжыр чел кабыктар же денедеги кичине кесиктер аркылуу организмге кирет. Жугузуунун дагы бир жолу – төрөт учурунда энеден балага.

Сейрек учурларда үй тиричилиги аркылуу да инфекция жугушу мүмкүн. АПВ адамдын денесинен сырткары бир канча убакытка чейин жашашы мүмкүн жана коомдук жайларда, мисалы, даараткананын отургучтарынан кезиктирүү коркунучу бар. Бирок инфекция теринин былжыр челине же жараланган жерлерге киргенде гана жугат. Жакшы жаңылык, хлор менен тазалоо вирусту натыйжалуу жок кылат.

Кээ бир учурларда адамдын папилломавирусунун инфекциясы териде сөөл же кондиломалар катары (жумшак, зыянсыз өсүүлөр) жыныс органында же ануста, ал эми сейрек учурда кекиртекте чыгышы мүмкүн. Бул белгилер организмге кирген папилломавирустун штаммынан көз каранды болот.

Кишидеги папилломавирустук инфекциясыны дарылоо мүмкүн эмес - бүгүнкү күндө организмден вирусту толугу менен жок кыла турган медициналык дарылоо жок. Бирок иммундук система (эгерде АИВ жок болсо) вирустун өзү менен ийгиликтүү күрөшүп, инфекция жуккандан кийин болжол менен эки жылдан кийин жоголот. Бирок вирустун башка штаммдары жугушу мүмкүн.

Папилломавирустун түрлөрүнүн арасында рактын (онкогендик) пайда болушу менен байланышкандары бар. Эң коркунучтуусу 16 жана 18 штаммдар болуп саналат. ДСУнун маалыматы боюнча, алар дүйнөдө жатын моюнчасындагы  рактын 70% пайызын ушул вирустар пайда кылат.

Ошондой эле, АПВ кекиртектин, көтөн чучуктун, жыныстык мүчөлөрдүн рак илдетине алып келиши мүмкүн. Папилломавирус аялдарда да, эркектерде да бирдей жыштык менен кездешет, бирок бул вирустар аялдарда рак оорусун көбүрөөк пайда кылат.

Жыныстык катнаш учурунда презервативди колдонуу жана коомдук жайларда гигиенаны сактоо менен бул вирустан сактанса болот. Ошондой эле, эмдөө да жакшы натыйжа берет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул вирустун эки вакцинасы бар: биринчиси эң онкогендик 16 жана 18 штаммдарына каршы, экинчиси 6, 11, 16 жана 18 штаммдарына каршы (ошондой эле, вакциналар жыныстык жана анал аймактарында сөөлдөрдүн жана кондиломалардын пайда болушунан коргойт).

Вакцинаны биринчи жыныстык катнаштын алдында, адам али вирусту жуктура элек кезде алуу  сунушталат. Ушундай учурда гана вакцина ишенимдүү коргоону камсыз кыла алат. Ар бир жаңы жыныстык катнаш менен вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт. Бирок  2018-жылы жыныстык катнаштын жыштыгы жана өнөктөштөрдүн саны ар бир адам үчүн ар кандай болгондуктан, жыныстык катнашта болгон учурда да эмдөөдөн өтүүнүн мааниси бар экени маалым болду, демек, инфекцияны жуктуруунун түрдүү тобокелдери бар.

Дарыгерлер эмдөөдөн кийин да жатын моюнчасынын рагынын алдын-алуу үчүн кыз-келиндерге жылына бир жолу гинекологдун кароосунан өтүп турууну сунушташат.

Жыныстык герпес (ЖГВ) 

Жыныс герпесинин козгогучтары – бул жөнөкөй герпес вирусу (ЖГВ), ал адамдарга зыян алып келүүчү эң кеңири таралган вирустук инфекциялардын бири.

Герпес вирусунун эки түрү бар. Узак убакыт бою бул ЖГВнын биринчи түрү суук тийүүдөн улам эриндерге жара болуп чыгат, ал эми экинчи - жыныстык органдарын жабыркаткан вирустар деп эсептелинип келген. Бирок бул такыр туура эмес - вирустун эки түрү тең органдарды жабыркатышы мүмкүн, бирок ар кандай ыктымалдык менен. Экинчи түрү, чынында, жыныстык герпести көбүрөөк пайда кылат. Бирок биринчиси оралдык байланыш аркылуу жыныстык органдарды да жабыркатышы мүмкүн.

Вирустун жугуу жолдору жөнүндө кененирээк маалыматтар:

ЖГВ (жөнөкөй герпес вирусу) оралдык секс убагында жыныс органдарына инфекция жугушу мүмкүн.

 ЖГВнын экинчи түрү бир нече жол менен жугушу ыктымал:

• вагиналдык, оралдык, аналдык секс учурунда;

• теринин былжырлуу же жабыркаган жерлери өнөктөштүн денесиндеги жабыркаган жерлер менен тыгыз байланышканда;

• кээде төрөт учурунда энеден балага.

ЖГВ тиричилик буюмдары аркылуу жукпайт: даараткананын отургучу, шейшеп же эшиктин каалгасы.

Көбүнчө вирустун белгилери ачыкка чыкпайт, ошондуктан адамдар жуктуруп алганын билишпейт. Бирок бул уктаган режимде да ЖГВ активдүү жана башка адамдарга жугушу мүмкүн.

Көпчүлүк учурларда жыныстык герпес жуккандан кийин бир жумадан соң белгилери байкалып баштайт.  

Аялдардын кынында, жамбашында, арткы жыныс мүчөсүндө майда ыйлаакчалар пайда болот. Эркектерде мындай ыйлаакчалар жыныстык мүчөгө, жамбашка, ануска жана санга чыга баштайт. Бул ыйлаакчалар кийинчерээк ачык жарага айланып, бир аз убакыттын өтүшү менен айыгып калат.

Мындай ыйлаакчалар жана жаралардан сырткары жыныс герпеси төмөнкү белгилер менен коштолот:

• дене температурасынын жогорулашы;

• баш оору;

• чурайдагы лимфа түйүндөрүнүн сезгениши;

• муундардын оорушу;

• оорутуп заара чыгаруу.

ЖГВны толугу менен айыктыруу мүмкүн эмес. Эгер адам аны жуктуруп алса, анда вирус анын биринчи сүйүүсүнүн элеси катары түбөлүккө калат. Бирок кабатыр болбоңуз - адатта, герпес организмге коркунуч туудурбайт. Симптомдор мезгил-мезгили менен кайталанышы мүмкүн, бирок алар, адатта, инфекциядан кийин дароо биринчи очокко караганда анча оор эмес өтөт. Убакыттын өтүшү менен оорунун жыштыгы азаят. Татаалдыктар АИВ-инфекциясы же иммундук системаны жабыркаткан башка коштолгон оорулар болгондо гана пайда болот.

Презервативдер жыныстык герпестен коргоого жардам берет; эгерде өнөктөштөрдүн биринде герпестин байкалаарлык көрүнүштөрү бар болсо (атап айтканда, эриндеринде учугу бар өнөктөш куннилингус же минет жасоону пландаштырса) жыныстык катнаштан баш тартуу оң. Ошондой эле, үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп туруу максатка ылайык.

Хламидиоз

Хламидиоз – жыныстык жол менен жугуучу эң кеңири тараган жана тымызын жугуштуу оорулардын бири. Козгогучу - Chlamydia trachomatis бактериясы.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасына ылайык, жыл ичинде хламидиоз дүйнө боюнча 4,2% аялдарда жана 2,7% эркектерде табылат.

Хламидиоздун мындай жогорку таралышынын негизги себептеринин бири - анын симптомсуз мүнөзү. Оорунун белгилери жок болсо инфекциясы бар адам башкаларга жугузушу мүмкүн. Хламидиоздук инфекциянын 50% пайызга жакыны эч кандай симптомсуз өтөт, ал эми аялдарда бул көрсөткүч 70-80% пайызды түзөт. Ушундай өзгөчөлүктөрдөн улам, хламидиоз жөнүндө «тынч эпидемия» деген кепти көп кездештирүүгө болот.

Хламидиозду жуктуруунун негизги жолу жыныс аркылуу (вагиналдык, оралдык же анал аркылуу) болот. Ошондой эле, инфекция төрөт учурунда энеден балага жугушу мүмкүн. Жыныстык хламидиозду турмуш-тиричилик жолдору аркылуу (эшик туткалары, сүлгүлөр аркылуу) жуктуруп алуу мүмкүн эмес, бирок инфекцияланган биологиялык суюктук объекттерде калып калса, көзгө инфекция жугуу коркунучу бар (бул тууралуу төмөндө).

Эгерде хламидиоз билине баштаса, анда ал төмөнкү симптомдор менен байкалат.

Аялдар арасында:

• сары же жашыл түстөгү суюктуктун бөлүнүшү;

• менструалдык цикл менен байланышпаган кындан кан агуусу;

• ичтин ылдыйкы жагынын оорушу;

• жыныстык катнаш учурунда оору;

• заара чыгарууда ачышуу же ооруу.

Эркектер үчүн:

• заара чыгарууда ачышуу же ооруу;

• жыныстык мүчөдөн суюктук агып чыгуу;

• урук безинин оорушу же кол тийсе ооруксунуусу;

Бул белгилердин айрымдары башка ЖЖБИнин симптомдоруна окшош, ошондуктан, эгерде бул көрүнүштөрдүн бири же бир нечеси пайда болсо, анда текшерүүдөн өтүп, дарыгерге кайрылуу зарыл.

Ошентип, жыныстык органдардан тышкары, инфекция көзгө да таасир этиши мүмкүн - трахома - хламидиоздун кесепетинен улам конъюнктивит пайда болот. Алар күнүмдүк контакт аркылуу гана эмес, абадагы тамчылар аркылуу да жугушу мүмкүн экендиги айтылат- эгерде оорулуу адамдын шилекейи жөтөлгөндө же чүчкүргөндө башка бирөөнүн көзүнө түшкөн учурлар. Бирок бул азырынча тактала элек.

Бактыга жараша, хламидиозду антибиотиктер менен оңой дарыласа болот. Инфекцияга каршы иммунитет жок, ошондуктан кайра жуктуруп алуу ыктымал.

Инфекциядан коргонуу  үчүн жыныстык катнаш учурунда презерватив колдонуу керек. Ошондой эле, жалпы гигиеналык эрежелерди сактоо, атап айтканда, коомдук жайларда ар кандай нерселерди кармаган болсоңуз, анда  колуңуз менен көзүңүздү тийгизбеңиз. Ошондой эле, ЖЖБИге үзгүлтүксүз анализ тапшырып туруу зарыл.

Трихомониаз

Бул бактерия же вирус эмес, микроскопиялык мите - Trichomonas vaginalis - вагиналдык трихоманада, ал заара-жыныс системасын жабыркатат.

Аялдарда бул мите негизинен кынды жана сийдик каналдарын, эркектерде көбүнчө уретраны (сийдик каналдары) жабыркатат. Бирок инфекция жыныстык мүчөнүн башына жана урук безине да жайылышы мүмкүн.

Оору жуккандардын дээрлик 70%да дарттын симптомдору ачыкка чыкпайт. Бирок оорунун белгилери жок болгон күндө да, инфекциянын алып жүрүүчүсү башкаларга жугузушу мүмкүн. Эгерде трихомониаздын белгилери пайда болсо, бул инфекция жуккандан бир ай өткөндөн кийин болот. Мындан тышкары, көптөгөн симптомдор башка ЖЖБИнин белгилерине окшош. Ошондуктан, организмде эмне болуп жатканын түшүнүү жана өз убагында натыйжалуу дарылоону баштоо үчүн - текшерүүдөн өтүп, дарыгерге кайрылуу максатка ылайык.

Трихомониаз жыныстык катнаш аркылуу жугат. Корголбогон оралдык жана аналдык жыныстык катнаш аркылуу аны жуктуруп алуу мүмкүн эмес деп эсептелет (бирок башка ЖЖБИнин башка түрлөрүн эстен чыгарбоо керек). Паразиттер дезинфекцияланбаса же презерватив колдонулбаса, жыныстык оюнчуктар аркылуу да жугушу мүмкүн. Бирок бул инфекцияны тиричилик бумдары аркылуу жугузуп алуу мүмкүн эмес - мите курттар тышкы чөйрөдө көпкө жашай алышпайт жана унитаз, сүлгү, идиш-аяк аркылуу таралбайт.

Эгерде трихомониаз байкала баштаса, аялдарда төмөнкүдөй белгилер болушу мүмкүн:

• кынынан сары же жашыл түстөгү, көбүктүү суюктуктардын бөлүнүшү;

•кындан жагымсыз жыты бар  ашыкча агындынын бөлүнүп чыгышы;

• заара чыгарууда ооруксунуу;

• жыныстык катнаш учурунда оору;

• кындын жана вульва аймагында ачышуу, кычышуу

Эркектерде төмөнкү белгилер болушу мүмкүн:

• заара чыгаруу жана эякуляция учурунда ооруксунуу, ачыштыруу;

• демейдегиден көп заара ушатууну каалоо;

• жыныстык мүчөдөн суюктуктун агып чыгуусу;

• жыныс мүчөсүнүн башынын айланасында оору, шишик жана кызаруу.

Дарыланбаса, трихомониаз организмде айлап, а түгүл жылдар бою сакталып жүрө бериши мүмкүн. Бул мителердин организмде болушу - башка ЖЖБИнин (мисалы, АИВ) жуктуруп алуу коркунучун жогорулатат. Трихомониаз сейрек кездешет, бирок кош бойлуу аялга жуккан болсо, бала ара төрөлүп калышы ыктымал.

Трихомониазды ага каршы дары-дармектердин курсун алуу менен дарылоого болот. Жөн гана симптомдорду басаңдатуучу жергиликтүү дарылоо, мисалы, дары- шамдары эффективдүү эмес.

Трихомониаз жана анын жугуу коркунучун азайтуу үчүн коопсуз жыныстык катнашты  - презервативдерди камсыздоо керек. Ошондой эле,  ЖЖБИге анализ тапшырып туруу шарт.

АИВ-инфекциясы 

Бул адамдын организмин жабырката турган иммундук жетишсиздигинин вирусу Жугузуунун негизги жолдорунун бири - корголбогон жыныстык катнаш (кындык, оралдык же анал). Инфекция кан аркылуу да, мисалы, стерилденбеген шприцтерди колдонууда жугушу мүмкүн. Дагы бир жолу - энеден балага - төрөт учурунда же эмчек эмизүү учурунда жугуп калышы ыктымал. Бирок эгерде АИВ-позитивдүү эне антиретровирустук дарыларды үзгүлтүксүз кабыл алса, ымыркайдын инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу 1% же андан да төмөндөйт.

АИВ күнүмдүк тиричилик аркылуу жукпайт. Шилекейде, терде, заарада, көз жашта жана какырыктын курамында вирустук бөлүкчөлөр өтө аз болгондуктан, алар аркылуу инфекция жуктуруп алуу мүмкүн эмес.

АИВ иммундук системаны кантип жабыркатат? Денеге киргенден кийин вирус CD4 клеткаларын (иммундук Т-клетканын бир түрү) жок кылат. Дени сак организмде CD4 бөтөн, зыяндуу заттарды жана инфекцияларды аныктап, алар менен күрөшүп турат. Аларды  АИВ жабыркатканда, организм акырындык менен башка ооруларга каршы күрөшүү жөндөмүн жоготот.

АИВ иммунитетти дароо төмөндөтпөйт, ал көбөйүп, бара-бара көбүрөөк CD4 клеткаларына таасир эте баштайт. Эгерде өз убагында дарылоону башталса, анда вирустун активдүүлүгүн бир топ басаңдатуу толук мүмкүн.

АИВдин белгилери инфекциянын стадиясына жараша өзгөрөт. ДСУнун маалыматы боюнча, инфекция жуккандан кийинки алгачкы жумаларда симптомдор такыр байкалбашы мүмкүн, же белгилер курч респиратордук вирустук инфекцияга (ОРВИ) окшош болушу ыктымал: дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, тамак оору, кызарган исиркектер.

Эгерде адам терапияны баштабаса, оору күчөгөн сайын, ал башка симптомдорго дуушар болушу мүмкүн: лимфа бездеринин шишүүсү, диарея, арыктоо.

Ошондой эле, иммунитет алсыз болуп турганда, туура дарылоо болбосо, кургак учук, криптококк менингит жана башка олуттуу оорулардын пайда болуу коркунучу абдан жогору. Эгерде дарылоо жок болсо, анда вирустар CD4 клеткаларын массалык түрдө жок кылат, андан кийин СПИД  - иммундук жетишсиздик синдрому өрчүшү мүмкүн. 

Кан анализи CD4 иммундук клеткаларынын саны кескин азайганын көрсөткөндө СПИД аныкталат. Адатта, АИВ жок адамда кандын микролитринде 500дөн 1600гө чейин CD4 клеткалары болот. Мындай клеткалардын саны бир микролитрде 200гө чейин азайганда - бул иммундук жетишсиздик синдрому башталганын көрсөтөт.

АИВ дартынан толук айыгуу тууралуу сөз кылсак, азырынча расмий түрдө эки гана учур узак мөөнөттүү ремиссия (оорунун белгилерин басуу же жок болуу) катталган. Эки учурда тең бейтаптарга СПИДге туруктуулукту камсыз кылган генетикалык мутацияга ээ донордон жилик чучугу салынган. Бирок бул ыкма массалык дарылоо үчүн ылайыктуу эмес.

Бирок туруктуу терапия алып, дарыгердин сунуштары аткарылып турса, АИВ менен узак өмүр сүрүү мүмкүн. АИВ-позитивдүү адамдарга ылайыкташтырылган антиретровирустук терапия дайындалат. Башкача айтканда, бир эле учурда үч же төрт дары-дармектерди кабыл алуу.

ДСУнун маалыматы боюнча, 2018-жылга карата керектүү дары-дармектерди үзгүлтүксүз кабыл алган АИВге чалдыккан адамдын орточо жашоо узактыгы бул дартка  чалдыкпаган адамдын орточо өмүрүнө дээрлик барабар болгон.

Жыныстык катнаш учурунда презервативдерди колдонуу жана колдонулган ийнелер же стерилденбеген аспаптар менен организмге зыян келтирүүчү операциялардан баш тартуу менен АИВ инфекциясынан сактануу мүмкүн. 

Булак: Двор медиа