Бала кезибизде бизге ата-эне же камкорчу кам көрөт. Балдар менен аларга кам көргөн адамдар ортосунда күчтүү эмоционалдык байланыш пайда болот. Эс тарткан сайын, биз көзкарандысыздыкка умтула баштайбыз, ал эми чоңойгондо өз алдынча бөлүнүп чыгабыз. Бул учурда бизди тарбиялаган адамдарга болгон тартылуу сезимибиз басаңдай баштайт. Муну психологдор сепарация деп аташат.
Сепарация процесси ымыркай кезде эле башталат, бирок чыңалган учуру өспүрүм мезгилге туш келет. Анткени так ушул убакта иденттүүлүктү калыптандыруу (“мен киммин жана ким болом”) жана жеке инсандыкка ээ болуу (ата-энеге болгон көз карандылыктан кутулуу жана өз алдынча жашоого жетишүү) өспүрүм үчүн өтө маанилүү.
Үй-бүлөсүнөн бөлүнүп жашаган өспүрүм социалдык байланышын кеңейтет, жүрүм-турумдун, ой жүгүртүүнүн башка үлгүлөрүн көрөт, башкача жашоо образдарга күбө болот. Мындай жаңы дүйнө менен таанышуу өспүрүмдүн чыныгы каалоолорун, умтулууларын аныктап, “мен киммин” деген жеке түшүнүгүн аңдап алууга жардам берет.
Өспүрүм сепарация процессинде жүрүм-турумун өзгөртөт жана жаңы көндүмдөрдү үйрөнүп баштайт. Окумуштуулар мындай сепарациянын маанилүү учурларын белгилеп көрсөтүшөт:
Америкалык психологиялык бирикмеси өспүрүм сепарация учурунда үйрөнүп жетишкен көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн анын көзкарандысыздыгы, эркиндиги катары сыпаттайт, алар:
“Психологиялык сепарация” термини алгач ирет психоаналитик-дарыгер Маргарет Малер тарабынан сунушталган. Ал жаш баланын ата-энеден бөлүнүү процессин сүрөттөп берген. Малер бул процесстин 4 фазасын белгилейт:
Андан соң, советтик психолог Лев Выготский сүрөттөгөн 3 жаштагы кризис башталат. Выготский бул кризистин 7 белгисин аныктаган:
Бул кризис мезгилинде бала өз алдынча болууга умтулат, чоңдор тарабынан анын дарегине сын айтылса, эмоциясын билдирет. Бул фазанын жыйынтыгында, бала өзү жана ата-энеси “жакшы” жана “жаман” сапаттарга ээ болгон ар башка адамдар экенин аңдап-түшүнөт.
Мектепке чейинки куракта бала теңтуштары менен көбүрөөк баарлашып, баарлашуу чөйрөсү кеңейе баштаганда, ал ата-эне, тууган-туушкандарынан башка адамдар менен мамиле түзүүгө үйрөнөт. Бул учурда анын жүрүм-туруму бир калыпта болбошу мүмкүн - мисалы, ал бир эле учурда теңтуштары менен тил табышып, ошол эле учурда алар менен атаандашып кетет. Бала ушинтип баарлашууну үйрөнөт жана жүрүм-турумундагы тең салмактуулукту тапканга аракет кылат.
Эреже катары, 6-7 жаштагы баланын жашоосунда маанилүү окуя болот - бала мектеп босогосун аттайт. Жоопкерчилик жаңы деңгээлге жогорулайт. Муну менен катар 7 жаштын кризиси башталат.
Советтик психолог Лев Выготскийдин түшүндүрмөсү боюнча, бул кризис маалында бала чоң киши болууну өтө көксөп калат. Анын мындай каалоосу жүрүм-турумунан байкалып турат, ошондой эле, баланын ата-энеси, мугалимдери менен мамилесинде келишпестиктер пайда болушу ыктымал (бала“таңууланган” эрежелерден баш тартышы мүмкүн). Бул учурда ал өзүнө жакын чоң кишилерди идеалдаштырууну токтотот, өзүнүн чөйрөсүндөгү башка адамдардан авторитетти, алардын жүрүм-турумундагы жана дүйнө таанымындагы айырманы көрө баштайт.
Кийинчерээк, 12-13 жашында - эрте өспүрүм куракта - башка адамдар менен алака түзүүдө жашоону түшүнүп, жетишерлик турмуштук тажрыйба топтоп калат. Балада “өзүн табуу”, уникалдуулугун көрсөтүү жана курдаштарынын арасынан орун табуу талабы пайда болот. Мунун таасиринде, ата-эне же башка улуу кишилер менен өспүрүм ортосунда келишпестиктер чыгышы мүмкүн.
14-17 жаш куракта сепарация процесси жетер чегине жетет. Өспүрүм акырындап ата-энесинен бөлүнөт, өзүнүн иденттүүлүгүнө ээ болот.
Ал эми жаш мезгилде (18-25 жаш), тескерисинче, сепарация процесси акырындап калат. Анткени улан-кыздар ар кандай жаңы жагдайларга туш болушат: университетте же колледжде окуу (жаңы чөйрө), өз алдынча жашоо ж.б. Мындай көндүм эмес жашоодо жаштардын ата-энесинин же башка чоң кишилердин колдоосуна муктаждыктары артат.
Ал эми 23-26 жашта сепарация кайрадан күчүнө кирет: негизинен бул мезгил сепарацияны жыйынтыктоочу убакыт болуп саналат. Алар ата-энеден физикалык гана эмес, эмоционалдык жактан да көбүрөөк алыстай башташат жана жеке жашоосун курууга өтүшөт. Бул курактагылар чоң көйгөйлөрүн жакындарынын көмөгүсүз чечүү үчүн жетишерлик турмуштук тажрыйбага ээ болушат. Алар өздөрүн толук кандуу көзкарандысыз жана эркин сезишет.
Сепарация - ар бир үй-бүлө үчүн уникалдуу процесс. Мисалы, индивидуализм маданиятында (б.а. жеке жетишкендиктер жана жеке бакубат жашоо жамааттык жыргалчылыкка салыштырмалуу биринчи орунда турат) сепарация процесси жашыраак куракта жүрөт. Мындай үй-бүлөлөрдө ата-энесинен бөлөк жашоо жана жекелигин өнүктүрүү - жашоодогу маанилүү максаттардын бири болуп саналат. Башка өлкөлөрдө (көбүнчө чыгыштагылар) туугандык байланыш жана жамааттык маданият бекем орун алгандыктан, сепарация бир аз кечеңдейт.
Коомдук-маданий факторлордон сырткары, ар бир инсанды уникалдуу сепарацияга алып келген дагы башка көптөгөн факторлор болот. Ата-энеден айрылуу же үй-бүлөсүн таштап кеткен ата-энелерден улам айрымдар өтө эрте же күтүлбөгөн сепарацияга мажбур болуп калышы мүмкүн. Же тескерисинче, узакка созулуп кетиши ыктымал (күйөөсүн жоготкон эне узакка чейин балдарынын, ал эми балдары эненин колдоосуна муктаж болуп калуу мүмкүндүгү бар). Кээде чоң киши үй-бүлө курган соң гана ата-энеге болгон көзкарандылыктан чыгат - бул учурда да сепарация узак мөөнөткө уланып кетет. Ушу сыяктуу узакка созулган же өтө эрте башталган сеперациянын кесепеттеринен улам, адамда менталдык жактан көйгөйлөр жаралат.
Сепарациянын мындай тескери таасирлери илимий жактан изилденип такталган. Атап айтканда, 2009-жылы American Journal of Public басылмасында жарыяланган кытайлык окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, эрте жашында ата-энеси жумуш издеп миграцияга кеткен балдар мындай ажырашуулар болбогон үй-бүлөдөгү курдаштарына салыштырмалуу тынчсыздануу жана депрессия менен көп жабыркашат. Ошол эле учурда, ажырашуунун мындай тескери таасири энесинен же ата-энесинен бир убакта ажыраган балдарда өтө күчтүү байкалган.
Ал эми 2018- жылы даниялык өспүрүмдөр боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча, ата-эне менен балдардын ажырым жашоосу зөөкүр жүрүм-турумдун пайда болуу тобокелчилигин арттырат деп аныкталган.
2022-жылы “Психология илими жана билим” журналында жарык көргөн орусиялык илимий эмгекте айтылгандай, 18 жаштан 27 жашка чейинки жеке иденттүүлүгү калыптана элек адамдар (б.а. өзүн чоңмун деп эсептебеген) жашоолоруна канааттанышпайт. Алар инсандык ар кандай сапаттарын кабыл ала беришпейт, сезимдерин толук түшүнө алышпайт жана жашоо максаттарын табуу, аныктоо кыйынчылык жаратат.
Мындан сырткары, сепарация туура эмес ишке ашканда (ата-энеде дагы, балада дагы) ажырым коркунучу пайда болот. Бул - жакын адамы менен узак убакытка бөлүнгөндө, же ажырым тууралуу ой келгенде катуу кабатырланган абал.
Мындай кабатыр абал толук кандуу жашоого тоскоол болсо жана белгилүү бир симптомдор менен коштолсо, анда адис сепарацияга байланышкан тынчыздануу диагнозун аныктай алат. Мындай дарт менен жабыркаган адамдарда кабатырлануу, депрессия күчөп, окуусу начарлап, коомдон обочолонуп кетүү коркунучу жогору болот. Сепарациялык ажырымдан улам кабатырлануу төмөнкү себептерден улам пайда болушу мүмкүн:
Эреже боюнча, сепарациялык ажырым коркунучуна кабылган адам бөлмөдө жалгыз калгандан коркот; жакындарынын бакубат жашоосу үчүн кабатырлана берет; анын өзүн уурдап кетишет же жалгыз калтырып коюшат деген коркуу менен жашайт.
Сепарация — керектүү, ошол эле кезде өтө татаал процесс. Анын ишке ашышына эки тарап тең, б.а. балдар да, ата-эне да тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Келгиле, алардын ордуна өзүбүздү коюп көрөлү.
Мына, биз эки позицияны тең карап чыктык. Балким, силер ата-энеңер менен болгон мамилелериңерди кайра карап чыгасыңар. Топтогон ойлоруңар көйгөйлөрүңөрдү чечүүгө багытталышы үчүн, жакшы китептерди сунуштайбыз. Алар сепарация процессин жеңил ишке ашырууга жардам берет: «Взрослые дети эмоционально незрелых родителей: как научиться ценить себя и наладить отношения с родителями», Линдси К. Гибсон.
«Токсичные родители», Сюзан Форвард.