Макулдашылган секс жөнүндө ачык суроолор

Сексуалдык макулдукка байланыштуу эрежелердин жыйындысы чексиз жана нюанстарга толгон сыяктуу. Андыктан, бул лонгрид (теманы толук ачып берген көлөмдүү макала) аркылуу “Короо” паблиги  “сексуалдык макулдук” түшүнүгү жана ага карата коюлган талаптарды кеңири чечмелеп берүүнү көздөйт. Бул макулдукка жетүү үчүн ар бир кыймыл-аракет алдында уруксат сурап туруу мүмкүнбү, же бул ишке ашпай турган нерсеби? Адамдар күбөлөрсүз жыныстык катнашка барарын эске алганда, аны документтештирбей же тасмага түшүрбөй, чындап эле макулдук болгонун далилдөө мүмкүнбү? Сексуалдык макулдуктун талаптарын  эркекке зордуктоо боюнча жалган айып тагуу максатында колдонсо болобу?

Бул суроолордун баардыгына бизде так жооп жок. Биз бул тууралуу көп окудук, эксперттер менен маектештик, ага карабастан  эч кимден жооп ала алган жокпуз. Атүгүл илимпоздор арасында "сексуалдык макулдук" терминин аныктоо боюнча талаштар жаралууда: бул эмне жана анын аныктамасы кандай болушу керек? Терминди чечмелөө варианттары толтура. Биздин оюбузча, туш келди маалыматтарга ишеним артуудан көрө, бул суроолорго чогуу жооп издеген биз үчүн алда канча пайдалуу болсо керек.

Сексуалдык макулдук түшүнүгү кайдан пайда болду? 

2017-жылы америкалык The New Yorker журналында Кристен Рупениандын "Мышык сүйгөн адам" аттуу аңгемеси жарыяланып, ага кыска мөөнөттө эле атактуулук алып келген. Аңгемеде  Марго аттуу студент кыздын Роберт аттуу адам менен болгон жолугушуусу баяндалат, сюжет боюнча кездешүүнүн аягы ойдогудай эмес секс менен бүтөт. Мындай окуялар сансыз көп жана таң калтырган эч нерсе деле жок сыяктуу сезилет. Анда эмне үчүн бул окуя талкуу толкунун жаратты деген суроо туулат?

Баш жарган мындай популярдуулуктун себеби - аңгемедеги баяндалган окуя көптөгөн адамдардын тажрыйбасын чагылдырган: романтикалык жана сексуалдык мамилелерге келгенде адамдар өзүн кандай алып жүрүүнү түшүнүшпөйт жана алардын бул багытта жасаган  кадамдары чар-жайыт болот. Көптөгөн аялдар, мисалы, Марго сыяктуу "сылыктык үчүн" мамиледен баш тартышпайт, ал эми эркектер, Роберт өңдөнүп, вербалдык эмес белгилерге көңүл бурушпайт жана болуп жаткан окуяларды кадыресе нерсе катары кабыл алышат. Бул аңгеме макулдашылган секс деген эмне экенин баамдоо үчүн башкаларды ойлондуруп койду.

Иш жүзүндө бул тууралуу эч ким эч нерсе билбейт экен. Буга чейин сексуалдык мамиле зордугу жок ишке ашса, демек, макулдук берилген деп эсептелинип келген. Башкача айтканда, эгерде адам кыйкырса, каршылык көрсөтсө, караңгы бурчта бейтааныш адамдан качууга аракет кылса, бул макулдашылган секс эмес. Мындай жагдайлар мыйзам менен жөнгө салынат. Ал эми булардан башканын баары макулдашылган секс сыяктуу. XXI кылымда биз мындай ой-жүгүртүүлөрдөн ачык каталарды көрүп жатабыз. Эмне үчүн  бул жөнүндө мурда ойлонушкан эмес?

Чындыгында, ар кандай маданияттарда секс айрым бир нормалар менен жөнгө салынып келген: социалдык, укуктук же диний. Батыш Европа цивилизациясында көп кылымдар бою бул дин тарабынан көзөмөлдөнгөн: никедеги ар кандай жыныстык катнаш нормалдуу, ал эми никеден тышкаркы - күнөө жана зына деп эсептелген. Ал эми макулдук эч кандай  роль ойногон эмес, анткени үй-бүлөлүү адамдардын үйүндө эмне болуп жатканы маанилүү эмес жана аял күйөөсүнө баш ийүүгө милдеттүү болгон.

XXI кылымда өнүккөн өлкөлөрдө аял менен эркектин ички мамилеси өзгөрүп, секс ар бир адамдын жеке иши катары эсептелинип калды. Ошол эле учурда жаңы жүрүм-турум эрежелери пайда болгон жок. Сексуалдык макулдук концепциясы бири-бирибизди тыңшап, мажбурланбастан, аң-сезимибиз менен аңдап сексуалдык мамиле куруу үчүн "кызыл сызыктарды чийүү" жолу катары пайда болгон.

Концепциянын өнүгүшүнө феминист аял изилдөөчүлөр чоң салымын кошушкан. Алар  сексти кылымдар бою эркектер менен аялдардын жеке жашоосуна кийлигишип келген зордук-зомбулук маданиятынын алкагында кароону сунуш кылышкан. Узак убакыт бою аялга жеңил-желпи болбоо милдети жүктөлгөн жана аялды олжо сыяктуу жеңип алуу керек деп эсептелинип келген. Ал эми эркек эч ким менен эсептешпестен “өзүнө тиешелүүнү” алып кете берген күчтүү, тайманбас жоокер жана жеңүүчү болушу керек болгон. Бул маданиятта эркек артка чегине албайт, ал эми аял бир жагынан багынбашы керек, бирок жеңилип калса, күнөө өзүндө деп кабылданат. Бул маданий стереотиптер өткөн чактай сезилиши мүмкүн, бирок изилдөөчүлөр алар биздин чечимдерибизге дагы эле тымызын таасирин тийгизет деп эсептешет. Учурда секске мажбурлоо жана ага өзүн-өзү кыйнап макул болуу биз ойлогондон алда канча көп кездешет.

Мындай көз караштан алып караганда, макулдук концепциясы аялдарга да, эркектерге да өзүнө жооп берүүгө, демилге көтөрүүгө, макулдук берүүгө же баш тартууга мүмкүндүк берүүчү курал. Бул адамдарга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет, мисалы, сексуалдык жашоонун кыйла кызыгын арттырат жана өзгөчөлөнтөт, ал эми мамилени бекем жана ишенимдүү кылат.

Эмне себептен “ жок, демек - жок” жообу жетишсиз болот? 

Сексуалдык макулдук - бул сексуалдык иш-аракеттерге катышууга болгон макулдук экендиги айдан ачык билинип турат. Бирок эмне үчүн макулдукту сөзсүз суроо керек? Эмне үчүн бул жөн гана аксиома катары кабыл алынышы мүмкүн эмес, анткени “жок” деген жооп айтылмайынча, баары өз ара макулдашуу эмеспи? Анткени муну айттырбай эле түшүнсө болот: эгерде адам каршылык көрсөтпөсө, бирок “жок” деген сөздү айтпаса, анда ага баардыгы жагат жана каршы эмес да, туурабы?

Бул суроого жооп берүү үчүн, биз сизди шарттуу курбубуз туш болгон жагдайлар боюнча макулдуктун принциптерин карап чыгууга чакырабыз.

  1. Макулдук өз эрки менен берилет. Ошентип, бир курбуң конокко келди дейли. Ал ичимдик ичкендиктен, айланасында эмне болуп жатканын баамдай албай турат, мындай абалда бир нерсе жөнүндө чечим кабыл алмак тургай,  сүйлөшүү да ага кыйынга турууда. Ага жыныстык катнашты сунушташат жана ал каршылык көрсөтпөйт, тагыраак айтканда, “жок” деген жооп кайтарбайт. Муну макулдашылган секс деп эсептесе болобу? Концепция боюнча макулдук - бул  басым кылынбаган, манипуляция жана акыл-эсти өзгөртүүчү заттар колдонулбаган тандоо. Ал эми макулдукту өзү үчүн жооп бере алган жана чечиминин кесепеттерин түшүнгөн адам гана бере алат. Бирок  эмне болуп жатканын түшүнбөгөн жана/же жагдайга туруштук бере албаган адам, башкача айтканда, психикалык жактан жабыркаган же физикалык жактан чектелген (мисалы, шал болгон) адамдын макулдугу эсептелинбейт. Мындай учурда адамдын "жок" деп ачык айта албаган абалында айткан "жок" деген жообу жетишсиз болот.
  2. Макулдукту артка кайтарса болот. Курбу кызыбыз болуп жаткан жыныстык катнашты токтотууну чечет. Бирок ал макул болду, баары болуп жатат, секс бар, эми кантип баш тартса болот? Макулдук түшүнүгү ар бир адам каалаган убакта макулдугун кайтарып ала алат дегенди билдирет. Адам дайыма өзүнүн денесине тиешелүү нерселер боюнча акыркы сөздү өзү айтат.
  3. Макулдук ишенимдүү жана так болушу шарт. Курбубуз презерватив менен жыныстык катнашка макул болгон, ал эми анын өнөктөшү эч кандай коргонуучу каражатсыз  уланткан - бул тууралуу кыз билген эмес. Бул жагдай нормалдуубу? Муну макулдашылган секс деп эсептесе болобу? Макулдук түшүнүгү  бардык нерсени билип, толук маалыматка ээ болгондо гана макулдук берилет дегенди билдирет.
  4. Макулдук берүү - жакындашууну каалоо.  Дос кызыбыз акчалуу кишиге жолугат: ал курбубузга кымбат белектерди берет, ресторандарга алып барат ж.б.у.с. Кыз болсо мунун баарын кабыл алат. Бирок күндөрдүн бир күнүндө эркек белектерге чөмүлтүп жаткан кызды жыныстык катнашка милдеттүү экенин айтат. Негизи ушундай болуу керекпи? Каалоо принциби абдан жөнөкөй: жыныстык катнашка келгенде адам башкалар андан күткөн нерсени эмес, өзү каалаганды гана аткарышы керек.
  5. Бул өзгөчө мүнөзгө ээ нерсе. Дос кызыбыз жигити менен уктоочу бөлмөгө барган учурду карап көрөлү. Алар көптөн бери сүйлөшүп жүрүшөт жана алар өтө жакын мамилеге даяр сыяктуу. Кыз-жигит өбүшүп башташат, бирок күтүлбөгөн жерден кыз уланткысы келбей турганын билдирет. Бул учурда кыз түшүнбөстүктөргө туш болот: анда эмне үчүн уктоочу бөлмөгө келдиң жана  өбүшүүгө макул болдуң? Эгерде адам уктоочу бөлмөдө өбүшүүгө макул болсо, бул анын жыныстык катнашка макул экендигин билдирбейт. Ошол сыяктуу эле,  “чайга келем” деген убада жыныстык катнашка макул дегенди түшүндүрбөйт. Макулдук автоматтык түрдө мурунку мамилеңизден, кийингениңизден же жүрүм-турумуңуздан улам келип чыкпайт.

Кээ бир жагдайларда, бардык принциптер формалдуу түрдө сакталса да, макулдук- макулдук катары эсептелбей тургандыгын эске алуу маанилүү. Мындай жагдайлар мыйзамдарда жазылган. Мисалы, жашы жете электерди (18 жашка чейинкилерди) улуу курактагы адамдар жыныстык катнашка мажбурлоодон коргогон мыйзамдар бар. Жыныстык макулдуктун курагы - адамдын өз алдынча жашоого жөндөмдүү деп эсептелген курагы. Жашы жете элек адам менен жыныстык катнашта болгон чоңдор түрмөгө кесилет. Ар кайсы өлкөлөрдө макулдуктун жашы ар түрдүү өлчөнөт. Мисалы, Орусияда 16 жаш. Бойго жеткен адам (18 жаштагы) жашы жете элек өспүрүм (16 жашка чейинки) менен жыныстык катнашка барса, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Керек болгондо, бул жетишсиз. Ушундайбы? 

Сексуалдык макулдук түшүнүгү көптөгөн татаал суроолорду жаратат. Алардын бири - макулдук берүү принциптери дайыма  көңүл чордонунда турууга тийишпи? Мисалы, түгөйлөр көп жылдан бери чогуу жашап келишет. Шарап жана шам менен коштолгон сүйүү кечинен кийин, алар уктоочу бөлмөдө  улантууну чечишет. Анан бирөө: "Биз секс менен алектенсек болобу?" деп уруксат сураса,  ашыкча болуп кетпейби? Анткени беш жыл бою адамдар жакын мамилени уруксаты жок эле иш жүзүнө ашырып келишкен, баары жакшы болчу. Бирок азыр алар сексуалдык макулдук жөнүндө билип, ар бир кыймыл үчүн уруксат сурайбы? Бул чындап эле керекпи, анткени баары уруксат-макулдук жок эле түшүнүктүү болуп келген да?! 

Бул суроолорго универсалдуу жана 100% туура жооп жок. Бирок аны табууга аракет кылып, ой жүгүртүп көрсөк болот.

Бардык нерсе ачык-айкындай көрүнүп турса да, берилген суроолор  жардамга келиши мүмкүн. Белгилүү болгондой, секс боюнча көптөгөн ишенимдер, стереотиптер, ойлор жана сезимдер бар. Алар түшүнүктүү же аң-сезимге жеткиликсиз болушу мүмкүн, бирок кандай болгон күндө да алар биздин жүрүм-турумубузга катуу таасир этет. Мисалы, кыз өзүн сексуалдык жактан эркинмин деп эсептейт, бирок процесстин ортосунда кандайдыр бир себептерден улам ооруксунуу пайда болсо, бул тууралуу  өнөктөшүнө айтуудан тартынат.   Анткени ал муну "сексуалдуу эмес" кадам болуп калат деп эсептейт. Натыйжада, ал секстен ырахат ала албайт, өнөктөшү эмне болуп жатканын түшүнбөйт, экөө тең нараазы абалда калышат. Же дагы бир башка мисал: эркек бир убакта сексти каалабай турганын түшүнөт. Бирок ал карманган стереотип боюнча, чыныгы эркек жыныстык катнашка баруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонот, ал тургай, ким менен жана качан маанилүү эмес. Мындай чыныгы “эркекчилик” сапаты жок деп шек жаратпашы үчүн, ал каалоосунан сырткары мамиле кылууга макул болот. Натыйжада, ал биринчи мисалда келтирилген окуядан көп деле айырмаланбаган жагдайга туш болот.

Көптөн бери туруктуу жашап калган түгөйлөрдө да ачык айтылбаган, бирок сүйлөшүү аркылуу чечиле турган көйгөйлөрү  болушу мүмкүн. Мисалы, экөөнүн бири чарчап, жыныстык катнашка баргысы келбейт, бирок романтикалык жолугушуудан кийин интимдик мамиленин болушу кадыресе нерсе катары кабыл алынат, анткени буга чейин дайыма ушундай болуп келген. Мындай учурларда жардамга сексуалдык макулдук түшүнүгү келет. Ооба, баары ачык-айкын көрүнөт, бирок сылык-сыпаа жана токтоо суроо узатуу менен, аңдап-түшүнүп же түшүнбөгөн, уялып айта албаган маселени өнөктөшүнө айтып алууга макулдук концепциясы өбөлгө түзүп берет.

Андан тышкары, суроону дайыма оозеки берүү шарт эмес: макулдук түшүнүгү бири-бирибиздин ишааратыбызга маани берүүнү сунуштайт - кээде баш ийкеп же башка кыймыл-аракет менен жооп берүү жетиштүү болот. Жалпысынан алганда, суроолор жана жооптор дайыма эле   "ооба, мен жыныстык катнашта болгум келет / жок, мен каалабайм" деген сыяктуу түз маанини камтый бербейт,  алар көбүнчө аракеттерибизди өзгөрткөн нюанстар жөнүндө берилет. Бирок дал ушундай жол менен алар ар кандай этапта  "жок" деген жооп - бул нормалдуу нерсе экенин эскертип турат. Анткени секс милдет эмес, каалоо! 

Бул абдан маанилүү жана оңой болсо, анда эмнеликтен биз мурда башкача жүрүм-турумга ээ болуп келдик деген суроо жаралат? Анан эмне үчүн азыр бул суроолорду берүү бизге мынчалык кыйынчылык жаратууда?

Анткени секстеги "нормалдуу" деген түшүнүк бизге медиа жана айлана-чөйрөбүздөгү адамдардын ишенимдери аркылуу калыптанган сыяктуу. Он жыл мурун каармандардын макулдук суроо менен жыныстык катнашка барган тасманы элестетүү мүмкүн эмес болчу. Тескерисинче, кинонун бир нече жүз жылдык тарыхында биз кумары ашып сүйүшкөн каармандар эч кандай суроосу жок эле бири-биринин кучагына баткан  сюжеттерге күбө болуп келгенбиз.

Секс учурундагы өз-ара аракеттенүү жөнүндө эң жеткиликтүү жана популярдуу маалымат булактарынын бири - порно тасмалар. Ооба, анда өнөктөштөрдүн макулдугу эч качан көрсөтүлбөйт, анткени көрүүчү мындай фильмди диалог үчүн көрбөйт.

Ошентип, медиа, адабият жана порно бизге макулдуктарсыз эле дароо ишке өткөн мамилени романтикага бай жана жагымдуу секс катары таңуулап келет. Биз секс аракеттери башталган болсо, андан соңку аракеттер автоматтык түрдө макулдашылган деп түпкү аң-сезимибиз менен ишенип алганбыз. Бул ар бир аракет үчүн уруксат суроодон алда канча кадыресе жана жөнөкөй көрүнүш катары көрүнөт.

Макулдук жөнүндө кеп куруу тажрыйбасынын жана үлгүсүнүн жетишсиздиги бизге анын кереги жок, ал тургай зыяндуу нерседей сезилет. Ал эми чыныгы жашоодо мындай баарлашуунун баары түшүнүктүү болуп көрүнгөн кырдаалда да жардамы тиет.

Бул маанайды чөктүрөт. Же андай эмеспи? 

Сексуалдык макулдукка каршы кеңири тараган аргумент бар: ар дайым уруксат суроо жаман идея, анткени бул аракеттен өзгөчө атмосферадагы көтөрүңкү маанай бир заматта жок болот. Өз каалоосу менен макулдук берилдиби, азыр чындап эле жыныстык катнашка макулбу,  жыныстык катнаштын кандай түрүн жактырат, - деген суроолор берилип баштаганда маанайдын баары түшөт.

Анын үстүнө коомдо аял менен эркек өзүн кандай алып жүрүшү керек деген туруктуу пикирлер бар. Мисалы, көптөгөн эркектердин ишениминде, аялдар алардан качан жана эмне кылуу керектигин айттырбай түшүнүшүн күтүшөт.  “Өбүүгө уруксат сурасам, анда мен өбүшүүгө татыктуу адам эмесмин”,- дешет көпчүлүк эркектер. Тактап айтканда, макулдугун сурап, кызга урмат көрсөткүсү келет, бирок мындай мамиле көрсөтсө, анын сунушу четке кагылып, эркектик сапаты жетишсиз деген сынга кабылып калышат.

Бул кадыресе жана түпөйүл кылган суроолор. Аларды түшүнүү үчүн эмоционалдык компоненттен баштоо керек: биз коркуудан, чочулоодон улам суроолорду көп бере бербейт экенбиз. Биз баарын бузуп алуудан жана туура эмес көрүнүшкө кабыл болуудан коркобуз.

Психотерапевт жана сексолог Марина Травкова  мындай кырдаалдарда кантип сүйлөшүүнү билбегендиктен улам, бизде коркуу сезими пайда болот деп болжолдойт. Ал эми бул көйгөй бир гана секске тиешелүү эмес - жалпы эле адамдар өздөрүнүн эмоциялары жана каалоолору жөнүндө айтууну жетиштүү биле беришпейт. Мындай тартынуу жыныстык катнашка келгенде да өзгөчө кыйынчылык жаратат. Секс жөнүндө  суроолор суроо берген адам үчүн да, жооп берүүчү үчүн да коркунучтуу жана ыңгайсыз болушу мүмкүн.

Биз маданият аркылуу мындай маектердин үлгүлөрүн көрө албайбыз, анткени бизде бул тууралуу китептерден окуп-билүү жана кинодон көрүп-таанышуу мүмкүнчүлүктөрү жок.  Секс кандай болушу керек жана өзүбүздү кандай алып жүрүшүбүз керек деген түшүнүктөр маданий стереотиптердин таасири астында калыптанган. Ошондуктан төшөктө сүйлөшүү ашыкча, зыяндуу жана суроо берген адамдын бедели түшчүдөй сезилиши мүмкүн. 

Анда кантип кесепети тийбегидей кылуу керек? Эгер макулдукка байланыштуу суроолорго көнбөгөн болсок, анда маанайларды түшүрбөө үчүн эмне кылуу керек?

Бул суроого бирдиктүү жооп жок, бирок сексуалдык макулдук түшүнүгү тийиштүү суроолордун топтомун камтыган нускама эмес, ар бир түгөй өз ыңгайына карап колдонгон курал экенин кайталап айтууга болот. Албетте, биз ар бир беш секундда олуттуу үн чыгарып: "Сиз төмөнкү аракетке макулсузбу?” деп сурай бербейбиз.  Сиз оозеки эмес, ишаарат түрдө да сурасаңыз болот - бир нерсени өтө жай жасап, өнөктөшүңүзгө ал процессти каалаган учурда токтото аларын бир көз караш менен көрсөтүңүз. Же сиз суроону мындайча түзсөңүз да болот: “Сизге ушундай кылуу жагабы …?” Мындай макулдугун сурап иш кылуу өзгөчө маанайды жаратат.

Марина Травкова бул куралдын мүмкүнчүлүктөрүн төмөнкүчө баяндайт: “Макулдукту процессти токтотпой туруп, бирок аны кыймыл-аракеттин бир бөлүгү кылып алса болот. Мына, сүйүшкөндөр бири-биринин көзүн карашат, кыз жигиттин жүзүн акырын кармайт, ал бул аракетти демилге катары кабыл алып, кызды өөп коёт. Бул процессте колун анын тизесине коюп, акырындык менен өйдө жылдырат. Ал бир секундга токтоп, шыбырайт: “Уруксатпы?” Кыз башын ийкеп, алар андан ары улантышат. Анан түгөйлөр төшөккө отурушат,  кыз: “Бизде коргонуучу каражат барбы?” деп суроо узатат. Бул этаптардын кайсы биринде “жок” деген каршы аракет “жок” дегенди билдирет жана сиз аракетти токтошуңуз керек болот. Өнөктөштүн сезимдерине жана денесине көңүл буруу маанайды түшүрбөйт, тескерисинче, өнөктөшүнүн сезимдерин ойлогон адамдан өткөн романтик жок. Мындай аракеттер жакшы маанай гана тартуулайт.

Тескерисинче, бир нерсе жакпай жаткандыгы тууралуу сигналдарга көңүл буруу өтө маанилүү. Мисалы, өнөктөшү кыймылсыз отурса, демилге көрсөтпөсө, же көзүн ала  качса, анда адам өзүн ыңгайсыз сезип отурган болот. Сиз андан дароо  эмне жакпай жатканын жана улантуу мүмкүнчүлүгүн сурашыңыз керек. 

Ооба, бизге муну кинолордо көрсөтүшпөйт, бирок мамиледе өзүбүзгө жана башкаларга, анын ичинде сексуалдык мамилелерге карата сезимтал жана кунт коюп мамиле кылуубуз зарыл. Анткени бул аракеттер аркылуу туруктуу жана өзүбүзгө жаккан мамиле түзө алабыз. Өнөктөш менен бул тууралуу сүйлөшкөн тилди ойлоп табуу, макулдукту жакындыктын бир бөлүгү катары кабыл алуу – бул өзүнчө кызыктуу процесс.

Эркектен аялды багындыруу аракеттерин , ал эми аялдан багынууну күтүшөт

Сексуалдык макулдук түшүнүгү көбүнчө чыныгы жашоого төп келбейт деп айтылат. Миңдеген жылдар бою эркек менен аялдын мамилеси мындайча түзүлүп келген: эркек аялды багынтуу аракетин көрөт, аял анын кыйынчылыктарды жеңүүгө даярдыгын билүү үчүн ага тоскоолдуктарды коёт. Аялдан өзүнүн негизги ресурсу – секске болгон укугу жана ал укугун оңой колдонбоосу  күтүлөт. Ал эми эркектер өжөрдүгүн көрсөтүүлөрү шарт жана аялдын жыныстык катнашка даяр же даяр экенин айттырбай билүүгө милдеттүү деп эсептелинет.

Биздеги мындай көнүмүш модель боюнча, эгер эркек аялдан эмне кылууну сураса, анда ал алсыз, балким макоо, же бир байкуш катары кабыл алынат . Эгерде ал аялдын кылыктанып “жок” дегенин олутту кабыл алса, өз максатына жетүү үчүн башка аракеттерди жасабаса, анда ал секске татыктуу эмес деп бааланат. Ошол эле учурда, эгерде эркек өз убактысын жана ресурстарын жумшаса, аял да өз салымын кошууга милдеттүү - аягында секске макул болушу керек. Бул моделдеги таң калыштуу нерсе - экөөнүн калоолору такыр эске алынбаганында. Эркек өзү эмнени каалабасын, коомчулук аны аялды багынтууга шыкактайт. Ал эми аялдын кандай каалоосу болбосун, анын ролу да алдын ала бекитилген болот.

Бул биз кыйыр түрдө романтикалык жана сексуалдуу деп эсептеген нерсе. Булардын баары биз башкалардын каалоосун ойлобогон жаман адамдарбыз дегенди билдирбейт. Эркек менен аялдын мамилеси кандай болушу керек, эмне сексуалдуу жана жагымдуу деген ойлорубуз адегенде эволюция процессинде, коомдун өнүгүшүндө калыптанып, андан кийин маданият менен бекемделген. Миңдеген жылдар бою ар кандай цивилизациялардагы коомдордо эркектер менен аялдардын ролдору так аныкталган жана  бекем бекитилген. Мындай моделдеги секс - бул биргелешкен чечим эмес, татыктуу сыйлык.

Бул модель коомубузда канчалык бекемделип калганын түшүнүү үчүн “Михайлов жана өнөктөштөр” компаниясынын аналитикалык отчетун жана 2020-жылы Бүткүл россиялык коомдук пикирди изилдөө борборунун сурамжылоосун карасаңыз болот: ага катышкан эркектердин 47% аял ачык “жок” деп айтканда, аны баш тартуу катары кабыл алышпайт.  Эгерде “жок” деген сөз айтылбай калса,  бирок аял активдүү каршылык көрсөтсө (күч колдонот жана урганга аракет кылат), эркектердин 39% муну аялдын кылыктануусу деп эсептешет, ал эми 7% - аял бул аракети менен жыныстык катнашка макулдугун билдирип жатат деп түшүнөт. Ошол эле учурда орусиялыктардын 59% сексуалдык агрессор жасаган иштери үчүн жооп бериши керек деп эсептейт.

Мындан сырткары, изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай тартиптен аялдар гана эмес, эркектер да жабыркайт. Стереотиптер аларды "чыныгы эркек" болууга мажбурлайт: нааразычылык билдирбе, кыска-нуска сүйлө, унчукпа. Бул гана эмес,  биз сөз кылып жаткан маданиятта эркекке сексти каалап, ага умтулуу милдети тагылат. Мындай басым акылга сыйбаган кадамдарга алып келет, мисалы, стереотиптердин курмандыгы болгон эркек өзү каалабаса да, аялынын көзүнө чөп салган учурлар бар.  Мындай эркектер секстен баш тартса, өзүнүн “эркек эместигин” көрсөтөт деген пикирге байланып калышкан.

Албетте, өнөктөшүңүздүн көңүлүн калтырбоо жана жаңылып калбоо үчүн стереотиптик жүрүм-турумдан алыстап кетүү оңой эмес экени түшүнүктүү. Бирок адам денеси менен ажырагыс бир бүтүндүк экенин түшүнүү керек. Түшкү тамакка же кофеге баруу эч кимди жыныстык катнашка милдеттендирбейт. Эч ким  жыныстык катнашты каалоого милдеттүү да эмес. Эгер сиз бул моделден баш тартпасаңыз, анда каалаганыңызды эмес, бул модель сизге эмнени таңууласа, ошол нерсени алууга мажбур болосуз.

Эгер кимдир-бирөө бул кадамдарды таштоодон корксо, ага төмөнкүлөрдү айтабыз: биз баарыбыз чыныгы эркек же назик аял катары көрүнүүгө тырышабыз, сексуалдуулугубузду жоготуп алуудан коркобуз, бирок экинчи тарапта эмне бар экенин ойлонуу керек. Коом таңуулаган чыныгы эркектик сапатын көрсөтө албаган эркек болуу, же багынтуу-багынуу оюнунан баш тарткан аял болуу коркунучтуу эмес, тескерисинче, талапка ылайыктуу. Өзүн же башканы зордуктаган адам болгондон көрө башканын көңүлүн калтырган жакшы. Ошол эле учурда бири-бири менен сүйлөшүп, тоскоолдуктарды жеңүү оюндары экөөнө тең жакса, анда бул аракеттерди кылса болот. Мындай оюндар кызыктуу болушу мүмкүн - бул нерселерди милдет катары кабыл албаңыз, бирок сиз эмнени каалап, эмнени каалабай турганыңыз жөнүндө бири-бириңиз менен ачык сүйлөшүү керек.

Жыйынтыктап айтканда, макулдукту кечке жана майдалап айта берүү кажет эмес  экенин кайталайбыз. Макулдук сексуалдуу көрүнүш болушу да мүмкүн. Анткени, бир адам экинчисинен эмнени каалап, эмнени башынан кечирип жатканын, жагдайын сурап турса, демек, өнөктөш ага кайдыгер эмес. Ал эми көңүл буруу жана кам көрүү - бул адамдардын мамиледе издеген негизги нерселери. Ошол себептен, макулдук маселеси өнөктөштү айнытат деген жоромолдор суу кечпейт.

Макулдук зордуктоого айыптоо үчүн керекпи? 

“Короо” сурамжылоосунун жыйынтыгы көрсөткөндөй, сексуалдык макулдук түшүнүгү  адамдар зордуктоону актагандыктан эмес, башка себептерден улам четке кагылып келет. Тескерисинче, макулдукту суроо көпчүлүккө жакпайт, анткени бул аракет эркектердин баарын потенциалдуу зордукчулга айлантышы мүмкүн. Адамдар консенсуалдык секске таптакыр каршы эмес,  макулдук барбы же жокпу - бул түшүнүктүү эле нерсе, ал тууралуу эч кандай милдеттүү түрдө суроонун кажети жок болсо керек. Ал эми макулдашуу аял эркек менен жыныстык катнашка  барган соң, аны зордуктоого айыптаган курал катары колдонушу мүмкүн. Анткени уруксаты берилбеген аял макул болбогонун “эстейт”, себеби ал каршылык көрсөтпөсө да, макулдук берген эмес болчу. Бул тууралуу аялдан эч ким сураган эмес, эгер сурашкан болсо, “жок” деген жообун бермек. Ушул себептен эркек зордукчуга айланат. 

Чын эле ушундай болушу мүмкүнбү? Макулдукту зордуктоо боюнча негизсиз айыптоо жолу деп айтууга болобу? Же балким, тескерисинче, концепция мындай айыптоону жеңилдетип жаткандыр?

Бул абдан көп кырдуу маселе. Биринчиден, бул маселе жыныстык катнаштагы тобокелдиктер боюнча тынчсызданууларды камтыйт. Аң-сезимин колдонуп зордуктоо менен “мен түшүнбөй калдым, ал эми өнөктөшүмө бир нерсе жаккан жок окшойт” дегендин ортосунда чоң ажырым бар. Бирок адамдар бул жагдайларды теңеп жаткандай сезилет.

Бул жерде бул жөнүндө мындай ой-толгоо туура келет окшойт: зордуктоо боюнча айыптоо айыпталуучунун гана  эмес, айыптап жаткан адамдын да беделине шек жаратат. Чыныгы зордуктоо болгон учурда да, жабырлануучуга анын болгонун далилдөө кыйынга турат. Бул процесс көбүнчө адамды кемсинтүү жана басынтуу менен коштолот. Мисалы, бул үчүн аялдын социалдык тармактарда "мени зордуктады" деп жазганын элестетүү гана жетиштүү  - аялга боор ооруп, жан тарткан пикирлер менен кошо терс пикирлер андан да көп санда жазылат. Аял “Өзүң күнөөлүү” дегенден баштап “Көңүл буруу үчүн ойлоп табылган” же “Кана далил?” деген сыяктуу айыптоолорго туш болот. Далил жок болгон учурда адамды айыптоо мыйзамдуу түрдө мүмкүн эмес, ал эми аял жалаа жапкандыгы үчүн соттолушу ыктымал. Бирок бул айыпталып жаткан адамдын да аброюна шек келтирери анык. Андыктан, кимдир-бирөө өзүнө суроо берсе болот: өзүнө кеткен чыгымды эске алып, ким мага зордуктоо боюнча негизсиз айып тага алат? Ал адам толук социопат болушу шарт, же мен үчүн көп азап тарткан жана  өч алууну көздөгөн адам гана болушу мүмкүн. Эки учурда тең макулдук түшүнүгүнө тиешелүү эмес, жыныстык катнаштын тобокелдиктери тууралуу айтылат . 21-кылымда мындай тобокелдиктердин  саны кандайдыр бир жол менен өстү деп болжолдоого болот, анткени дүйнө азыр сексте зомбулук менен күрөшүүгө аракет кылып жатат. Башка жагынан алганда, ошол эле себептен улам, зордук-зомбулукка кабылуу ыктымалдыгы азайууда.

Эми суроонун экинчи тарабына ой жүгүртүп көрсөк: эгерде мен зордукчу эмес экенимди билсем, мага макулдук деген түшүнүк эмне үчүн керек? Буга мага караганда, менин өнөктөшүмө көбүрөөк керек деген жооп алынат окшойт. Сексуалдык макулдук түшүнүгү чынында адамдарды зомбулуктан коргоо үчүн керек. Сексуалдык зордук-зомбулукка негизинен аялдар жана балдар кабылгандыктан, биринчи кезекте аларга коргонуу куралы керек. Ошол эле учурда, адвокатка же судьяга келбей турган кандайдыр бир зордук-зомбулук болгон кырдаалдарда коргонуу өзгөчө зарыл.

Негизи, зордуктоо дооматтары боюнча маселелерде маанилүү психологиялык көз караш бар. Бул маселенин артында  кооптонуулар жана тынчсыздануулар жатат.  Ал эми мындай сезимдер төмөнкүдөй суроолор пайда болгондо курчушу мүмкүн: “Мен эмне кылып жатам? Мурда бир нерсени туура эмес кылып жүргөнүмдү байкачу эмесмин, көрсө баарын ката кылып жүрүптүрмүн да? Мен эми зордукчумунбу?” Бул абдан тажатма жана жагымсыз суроолор. Сиздин иш-аракеттериңиз кимдир бирөө үчүн (өзгөчө секс сыяктуу өтө сезимтал чөйрөдө) жагымсыз болушу мүмкүн экенин моюнга алуу - коркунучтуу.  Адамда күнөөлүү сезим жана уялуу дароо пайда болот. Ал өзүн коргогусу келет. Бул жерде пайда болгон сезимдерге байкоо жүргүзүү менен кошо ойду талдап көрүү абдан маанилүү.

Биринчиден, эгерде мен макулдук принциптерин колдонбогон болсом, бул менин кесепетимен башка бирөө жабыркады дегенди билдирбейт. Балким, баары ойдогудай болгон. Эң негизгиси, кайсы учурда баары жайында болгон- болбогонун таразалап көрүп, келечекте ката кетирбөө үчүн жыйынтык чыгаруу керек.

Экинчиден, эгер мен мурда жасаган кээ бир аракеттерим кимдир бирөөгө жакпай калышы мүмкүн экенин түшүнсөм, бул мени жалпысынан жаман адам катары көрсөтпөй турганын аңдоом керек. Жалпысынан алганда, өткөн чактагы менин иш-аракеттерим жакшы же жаман болушу мүмкүн - муну өзгөртүү мүмкүн эмес, бирок  келечектеги аракеттерди өзгөртсө болот.

Сексуалдык макулдук түшүнүгү көбүнчө кастык менен кабыл алынат, анткени ал мен ишенген жана мен кылып келген нерселерге карама-каршы келип, когнитивдик диссонансты пайда кылат. Ага сергек карап, диссонанска туруштук берүү үчүн белгилүү бир эрдик керек. Мен өмүр бою эле макулдуксуз жыныстык катнашта болуп келдим, баары сонун болду, өнөктөшүм да канааттанат. Эмне үчүн бир нерсени өзгөртүү керек? Буга жооп: эгер сиз “баары жакшыбы” деп сурап жатсаңыз, анда макулдук түшүнүгүн колдонуп жатасыз. Ооба, эгер экөөңөргө тең жакса, эч нерсени өзгөртүүнүн кереги жок. Макулдук түшүнүгү ар бир адамга эмес, сексуалдык мамилелерди курчап турган зордук-зомбулукка каршы күрөшүү үчүн бүтүндөй коомго керек.

Макулдук суроо - бул ишенбөөчүлүктөн улам чыгабы? 

Макулдук түшүнүгүнүн дагы бир көйгөйү өнөктөшкө болгон ишеним маселеси менен байланыштуу. Секс үчүн жоопкерчилик макулдук сураган адамдын мойнуна жүктөлөт жана бул оңой эмес жоопкерчилик. Сиз түз эле: “Жыныстык катнашта болууну каалайсызбы?» - деп сурашыңыз керек. Эмнени жасоо уруксат экенин жана мүмкүн эместигин билип алыңыз. Оозеки жана вербалдык эмес сигналдарды алуу менен өнөктөшүңүз эмне жактырарын текшериңиз. Демек, балким мунун баары ишеним жок болгондуктан керек болуп жаткандыр? Чындыгында, теория боюнча, макулдукту жалпысынан секунд сайын сурап туруу мүмкүн эмес. Анын үстүнө,  ал макулдук  сураганын далилдөө мүмкүн эмес, анткени эч ким уктоочу бөлмөгө камера орнотпойт. Эгерде ишеним бар болсо, анда эмне үчүн адамга ишеним артса болбосун? Эгер ага бир нерсе жакпаса, анда ал бул тууралуу өзү билдирет деп күтсө болбойбу? Секс - өнөктөштөрдүн ортосундагы ишенимди билдирет эмеспи, туурабы?

Чынында эле, мамиледе ишеним абдан маанилүү. Бирок бул автоматтык түрдө эле пайда боло калбайт, аны ишке ашыруу үчүн бир нерсе кылыш керек. Кандай болгон күндө да шектенүү, суроо берүү нормалдуу көрүнүш. Кездешүү бир түнгө ылайыкталса да, өзүңүз жана башкалар үчүн тынчсыздануу жана жоопкерчиликти сезүү нормалдуу көрүнүш. Коркуу – бул кандайдыр бир нерсени токтотуучу сезим.Адамдар жыныстык катнаш алдында толкунданышы  мүмкүн, анткени бул иш күтүлбөгөн кош бойлуулуктан жана жугуштуу оорулардан тартып, мамиле маселелерине чейин коркунучтарга толгон. Ал эми активдүү сексуалдык макулдук бир нерсе туура эмес болуп жатат деп кооптонууну жана коркуу көлөмүн азайтуучу курал болуп саналат. Өзүңдү кыйнап: “Ой, өөп алсамбы, же иренжитип аламбы?” - деп ойлогондун ордуна: “Сени өпсөм болобу?”-  деп суроо кыйла жеңил жана жагымдуу болот. Мындан тышкары, конкреттүү иш-аракеттердин кесепеттерине караганда оозеки айтылган каалоонун кесепеттерин алдын-алуу алда канча оңой.

Ошол эле учурда секс эки кишинин ортосундагы иш экенин эстен чыгарбоо жакшы, ар бир тарап өз жоопкерчилигин сезип, ишенимди бекемдеши керек. "Ооба, демек, ооба" деген түшүнүк бул ишеним үчүн шарттарды түзүүгө жана өнөктөштөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул башка бирөөнүн "жок" дегенин күткөндөн көрө алда канча жакшыраак, буга бир нече себептер бар.

Биринчиден, ар бир адам бир нерсеге макул болушу үчүн, ал толук маалыматка ээ болушу керек. Бир нерсе кылууну же кылбоону чечиш үчүн, өнөктөштүн оюнда эмне бар экенин билүү шарт. Адам бул тууралуу билбесе, билүүдөн качат жана кээ бир сигналдарды көз жаздымга калтырып коет, себеби: “Эгер бир нерсе туура эмес болуп кетсе, мага “жок” деп жооп берет эле”, - деп ойлойт. Бирок адамдардын ортосундагы дээрлик бардык операция макулдук менен гана жүргүзүлөт эмеспи. Элестеткиле, сиздин үйгө жаңы интернет провайдердин кызматкерлери келип, эшикти ачып модемди туташтыра башташты. Сиздин таң калганыңызга төмөнкүдөй жооп кылышты: “Сиз каршылык көрсөткөн жоксуз го, ошондуктан биз автоматтык түрдө макул болдуңуз деп ойлодук! Сиз биз менен бирге ырахат ала турганыңызга ишенебиз!” 

Экинчиден, “жок” деген жоопту байкабай же укпай калуу оңой. Мисалы, кыз жигиттин шымына колун салып жатат дейли. Жигит уялганынан кызга аркасын салат, а кыз болсо уланта берет, анткени бул жигитке жакпай калышы мүмкүн эмес деп ойлойт. Бул аракеттер башталып кеткен соң, жигитке “жок” деп айтуу балким жагымсыз, коркунучтуу же оңтойсуз болушу мүмкүн. Биз башка адамга биздин ойлорубуз жана  кыла турган аракеттерибиз жагарын биле албайбыз, андыктан бул тууралуу сурап алганыбыз коопсуз.

Жалпысынан алганда, макулдук биринчи кезекте аялдарды жана балдарды зомбулуктан коргоонун бир жолу катары пайда болгон, бирок бул түшүнүк эркектерге да тиешелүү. Анткени эркектер зомбулуктан жабыркабайт деген кепилдик жок. Стереотиптер эркектин мачо болушун талап кылат жана аларда качан, кайда болбосун  эркек сексти каалайт деген жалган түшүнүктөр камтылган. Бирок ар бир эркек ар дайым эле көрүнгөн менен жыныстык катнашта болууну каалай бербейт.

Жыйынтыктап айтканда, макулдук концепциясы башка өлкөлөргө тиешелүү, бизге жат баалуулуктардын бири, табигый эмес көрүнүш деп көп айтылып жатканын кошумчалай кетсек. "Чоң ата, чоң энелерибиз бул жөнүндө ойлонушкан эмес - бизге эмне үчүн керек болмок эле, ансыз деле жаштар бири-биринен коркуп калышты!" - деген пикирлер басымдуулук кылат. Бирок жалпысынан алганда, ар кандай формадагы макулдук түшүнүгү бир топ убакыттан бери болуп келген. Маселен, нике жашы 19-кылымдан бери талкууланып, мыйзамдашып келе жаткан маселе. Дүйнө көптөн бери секстин ыктыярдуу жана коопсуз  болушуна умтула баштады, болгону биздин стандарттарыбыз өсүп жатат. Мурда 13 жашка чейин эч кимди мажбурлап күйөөгө берүү  мүмкүн эмес болсо, азыр эч ким мажбурланып турмушка узабасын деп жатабыз. Зордук-зомбулукка болгон заманбап көз караштан алып караганда, мурда чынында эле татаал болгон. Ал убактарда адамдарды жыныстык катнашка көбүнчө  манипуляция, акча, өжөрлүк, коркутуулар менен мажбурлашчу. Активдүү сексуалдык макулдук түшүнүгү бизди ким менен жана кандай жыныстык катнашта болобуз, ошондой эле өнөктөшүбүзгө канчалык ишенерибиз жөнүндө көбүрөөк ойлонууга түртөт. Макулдук концепциясы аркылуу секс иш-аракет катары эмес, адамдардын ортосундагы  ишеним, берилгендик, жакшы көрүү сезимдери менен коштолгон мамиле катары бааланып баштайт. 

Булак: Двор медиа.