Алгач ирет чарчоо түшүнүгү тейлөө тармагында эмгектенген жумушчулардын - тагыраак айтканда, адамдар менен көп байланышып иштеген кесип ээлеринин (медиктер, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, сатуучулар) жүрүм-турумун жана эмоционалдык абалын изилдеген изилдөөлөрдө колдонула баштаган.
Кийинчерээк, чарчоо - бардык кесиптик тармактардын изилдөө объектисине айланды. Андан соң, жашоонун бардык тармактарында (окуу, үй-бүлө) чарчоо жана анын себептери изилденип баштады.
Бул көрүнүшкө алгачкы аныктамалардын бирин Калифорния университетинин психологу Кристина Маслах берген. Чарчоо - бул адамдын эмоционалдык абалы. Мында ал өз ишмердүүлүгүнүн маанисин кемсинтип баалап баштайт жана аны аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн күмөн санай берет.
Билим алуу - кадимки жумуш сыяктуу эле адамдын алдына кыйынчылыктарды коёт жана аларды жеңүү үчүн күчтү, эркти талап кылат. Мисалы, тест, текшерүү иштери, сынак, сессия ж.б. Бирок мектеп окуучулары жана студенттер билим алууда чарчоого кабылышы мүмкүнбү?
Ооба. Азыр билим алуудагы же академиялык чарчоо боюнча сөз кылабыз (окуучуларда болсо, бул “мектептеги чарчоо” деп да аталат).
Кристина Маслахтын айтуусу боюнча, эмоционалдык чарчоо 3 курамдан турат:
Билим алуудагы цинизм окуучунун окууга болгон кайдыгер, кош көңүл мамилесинен жана билим берген мекемелерге (мектепке, университетке) болгон кызыгуусун жоготуудан байкалат.
Окуучуда компетентүүлүк төмөндөйт, окуудагы жетишкендиги начарлайт, натыйжада билим алууда эффективдүүлүк азаят.
Билим алууда эмоционалдык чарчоо окуучулук же студенттик иш-чаралардан (окуу программасы, окуу мекемелеринде өтүлүүчү жалпы иш-чаралар, мисалы, жаңы жылдык даярдыктар ) өнөкөт чарчоо катары сезилиши мүмкүн.
Эгерде 3 курамды бириктирип карасак, анда окуудан чаалыгуу - бул окуучунун билим алуу талаптарынан чарчоосу, сабактарга жана алардын натыйжаларына кенебестик менен мамиле кылуусу, ошондой эле, билим алуу жөндөмүнөн күмөн саноосу болуп саналат.
Чарчоонун белгилерин маанайдын жана жүрүм-турумдун өзгөрүүсүнөн улам байкаса болот. Сиздин же жакындарыңыздын жан-дүйнөсүнүн чарчаганын төмөнкү белгилер аркылуу аныктоо мүмкүн:
Эске сала кетчү нерсе, чарчоо - бул бир нече симптомдорду (белгилерди) камтыган синдром. Эгерде жогорку тизмеде келтирилген белгилердин айрымдары сиздин (же жакын адамыңыздын) абалына дал келсе, - мисалы, үй тапшырмасын аткаруу үчүн көпкө отургандыктан, жакшы уктай албай жатасыз дейли - бул сизде эмоционалдык чарчоо бар дегенди билдирбейт. Түзүлгөн жагдайды чар-тарабынан карап көрүү керек: окууга болгон мамиле өзгөрдүбү, бул көйгөй качан жана кантип пайда болду? Бул тууралуу башка адам менен талкуулап, сырттан бөлөк көз карашты билип көрүү оң.