Болжол менен Жаңы доорго чейин (XVI-XVII кылымдарда башталган) биз билген, биздин түшүнүгүбүздөгү балалык жок болгон. Балдардын милдеттери чоңдордукунан дээрлик айырмаланган эмес. Мунун далили – ошол мезгилдеги художниктердин сүрөттөрү. Балдардын образын жараткан каармандарды карай турган болсок, авторлор балдар кандай болорун элестете алышкан эмес: сүрөттөрдө кебетеси чоңдордой бою кыска жана балдарга таптакыр окшобогон адамдар чагылдырылган.
Бирок азыркы күндө биз, бой жетип, чоноюш үчүн денебиз менен психикабыз өзгөрүүлөргө учурай турганын жакшы билебиз. Балалык чактан кийин жыныстык жетилүү мезгили келет. Пубертаттык учур — чоң киши болуш үчүн алгачкы кадамдарды жасаган мезгил. Ал 8 жаштан 14 жашка чейинки куракта башталат жана буга жыныстык гормондор: тестостерон, эстроген жана прогестерон себеп болот.
Кыздар менен балдардын беттерине жана денесине акне (безеткилер) чыгат. Көбүрөөк тердей баштайбыз, ал эми тердин жыты интенсивдүүрөөк боло баштайт. Дененин ар кайсы жерлерине: колтукка, жыныс органдарынын тегерегине, колдорго, буттарга түк өсүп, карара баштайт. Дененин тез өсүүсүнөн улам колдордо жана буттарда жагымсыз, ал тургай ооруксунган сезимдер пайда болот.
Балдардын үнү жооноюп, кокосу чоңоёт. Жумурткалары менен пениси чоңоюп, далысы менен ийиндери кеңеет. Денеде булчуң массасы көбөйөт. Балдардын дээрлик жарымынын үрптөрүнүн тегереги шишийт — бул бир нече ай же бир нече жылдан кийин өтө турган нормалдуу кубулуш.
Эреже катары, кыздарда мындай өзгөрүүлөр эркектерге караганда эртерээк башталат. Кыздарда этек кир келе баштайт. Жыныс эриндеринин түсү өзгөрүп, өлчөмү чоңоёт. Көкүрөгү өсөт. Сандары кеңейип, фигурасы даана байкала баштайт.
Мындан тышкары, өспүрүм куракта биздин мээбиз чоң жана маанилүү өзгөрүүлөргө дуушар болот жана алар биздин жүрүм-турумубузга таасир этет. Бир туруп жакшы ойлонуштурулган, туура чечим кабыл алабыз, бир маалда өтө эле эмоционалдуу болуп кетебиз. Мээде чечимдерди кабыл алуу жана импульстарды контролдоого жооп берген префронталдык кабык калыптанып жаткан учурда өспүрүмдөр мээнин башка бөлүгүнө - бадам сымал денечеге көбүрөөк ыкташат. Ал болсо, импульстар, эмоциялар жана агрессия менен байланышта. Мээдеги мындай калыптануулар 25 жашка чейин уланат.
Жыныстык жетилүү процесстери этаптар менен көп жылдар бою ишке ашат. Кээ бир адамдарда жыныстык жактан жетилүүнүн белгилери кыйла эрте байкалса, айрымдарында бир нече жылдан кийин көрүнөт. Ар бир адамдын организми уникалдуу, ошондуктан жыныстык жетилүү ага ылайык темпте жүрөт.
Өзгөрбөгөн нерсе — бул пубертаттык мезгилде организмдеги жагымсыз кубулуштар. Бул курактан өткөн ар бир адам мындай кубулуштарды башынан өткөрөт. Эркек балдардын беттеринде түктөрдүн пайда болушу, кыздарда күтүүсүз келген этек кир, безеткилер, бойдун өсүшү жана салмактын көбөйүшү. Бул тексттен чоңоюп келе жатканда физиологиялык өңүттөн кыжырга тийген нерселер жана алардын сезилгендей коркунучтуу эмес экендиги тууралуу айтып беребиз.
Тердөө — бул организмдин ашыкча ысып кетүүнү алдын алуучу нормалдуу жана зарыл функциясы. Нерв системасы физикалык көнүгүүлөр жана дененин температурасы менен байланыштуу болгон тердөөнү контролдойт. Ошентсе да, муздатуудан тышкары, дененин тер чыгара баштоосунун башка себептери да бар, маселен, стресс, күчтүү эмоция же болбосо өтө ачуу тамак.
Алгач дене терди кандайча бөлүп чыгара тургандыгын карап чыгалы. Биздин денебизде эки миллиондон үч миллионго чейин тер бездери бар. Алардын көбү — эккриндик тер бездери, калгандары — апокриндик тер бездери. Бул бездер дененин бардык жерлеринде бар болсо, анда эмне үчүн биз колтукка эле дезодорант колдонобуз?
Киши машыгып жатканда же аябай катуу ысып кеткенде, тер бездери бууланып, денени муздатуучу суюктукту бөлүп чыгарат. Эккриндик бездер жыты жок түссүз суюктук бөлүп чыгарат. Алар чыгарган терде туз көп болуп, бактериялар аларды ажырата албагандыктан, жыт сейрек пайда болот.
Негизинен денедеги жытка апокриндик бездер жооп берет. Алар бөлүп чыгарган суюктуктун деле жыты болбойт. Бирок анда белок көп жана терибиздеги бактериялар оңой эле ажырата алат. Ошентип бактериялар апокриндик суюктуктар менен аралашат жана алардын калдыктары – тердин жагымсыз жытынын себеби. Дал ошол колтукта апокриндик жана эккриндик бездер абдан көп.
Кичине балдар тердегенде, жагымсыз жыт чыкпаганы кызык болсо керек. Жаш балдардын денеси терди эккриндик бездердин жардамы менен чыгарат. Ал эми апокриндик бездер жыныстык жетилүү курагында активдешет. Дал ушул себептүү өспүрүм куракта денебизде жаңы жыттар пайда болгонун байкайбыз. Баса, пубертаттык мезгилде бир гана колтукта эмес, буттарда жана чатта да жаңы жыттар пайда болот.
Мурда изилдөөчүлөрдүн дээрлик бардыгы эркектердин аялдарга караганда көбүрөөк тердей тургандыгы жөнүндө жыйынтыкка келишчү. Мисалы, 2010-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө аялдар тердеш үчүн эркектерден бир топ активдүү кыймыл-аракет жасашы керек экендиги жазылган. Бирок кийинчерээк – 2017-жылы жасалган изилдөөдө изилдөөчүлөр терчилдиктин жыныстык өзгөчөлүк менен эч кандай байланышы жок экендигин, баары дененин өлчөмүнөн көз каранды экенин аныктап чыгышкан. Мындан тышкары, физиологияга байланышкан көп нерселер сыяктуу эле, ар бир адамдын организминин өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар экенин да эске алуу зарыл. Тердөөгө генетика сыяктуу факторлор да таасир этет.
Изилдөөчүлөрдүн тердин жагымсыз жытынан арылуу боюнча универсалдуу кеңеши – тазалыкты сактоо, тактап айтканда, күн сайын ваннага же душка түшүп, жумшак самын жана жылуу суу менен жуунуп туруу. Бул ыкма жыттарды пайда кыла турган бардык бактерияларды жок кылат. Колдон келишинче кийимди, байпак менен ич кийимди күн сайын алмаштырып турган оң. Көп тердеген киши пахтадан же башка табигый материалдардан өндүрүлгөн көйнөк, футболка, байпак жана ич кийим кийип жүрүшү керек. Мындай кездемелер терди жакшыраак сиңирип алат. Бирок бул дайыма эле жетиштүү боло бербегендиктен, кишилер колтугундагы жүндөрүн кырып, дезодорант же антиперспирант колдонушат.
Дезодорант менен антиперспиранттын ортосунда өзөктүү айырма бар. Дезодоранттар жөн гана дененин жытын маскировкаласа, антиперспиранттар бездердин тер бөлүп чыгаруусун бөгөттөйт — көбүнчө алардын курамында суюктуктун бөлүнүп чыгышын бөгөттөй турган алюминий болот. Айрым адамдардын кийиминин колтук тушунда же ак шейшептерде сары тактар пайда болот — бул тер менен антиперспирант же кийимдин ортосундагы химиялык реакциянын натыйжасы. Көбүнчө алюминий тердеги туздар менен аралашып, натыйжада сары тактар келип чыгат.
Көп жылдардан бери изилдөөчүлөр сүт бездеринин рагы менен алюминийдин ортосунда байланыш бар же жок экенин билүүгө умтулуп келишет. Бул суроо боюнча консенсус жок, бирок Американын онкологиялык коому сыяктуу айрым беделдүү медицина мекемелери жогорудагы гипотезаны ырастоочу илимий далилдердин жок экендигин белгилешет.
Кыздардын көбүндө биринчи этек кир 12 жаштан 15 жашка чейинки куракта келет. Бирок кээ бирлеринде кыйла эрте, кээ биринде кечирээк да келиши мүмкүн. Бул нормалдуу көрүнүш. Биринчи жолу келген этек кир «менархе» деп аталат. Айыз циклинин узактыгы 21 күндөн 40 күнгө чейин болот. Циклди эсептөө этек кир келген күндөн башталып, кезектеги этек кирден мурунку күн менен бүтөт.
Эреже катары, ай сайын менструация болжол менен бир мезгилде келет. Бирок алгачкы эки жылда цикл абдан эле айырмаланышы ыктымал — бул нормалдуу нерсе, анткени организм өзүнүн «нормасын» аныктайт. Чоңоюу мезгилинин кыжырга тийген бир өңүтү – дал ушул этек кир. Ал күтүлбөгөн жерден келип, кыздардын шаштысын алат.
Мектепте жүргөндө этек кир келип, кыздын ага эч кандай даярдыгы жок болуп калса эмне кылуу керек? Биринчиден, коркпош керек – мындай абалга эртеби-кечпи ар бир аял кабылат. Экинчиден, күтүүсүз этек кир келген учурда айыздык канды чогултууга жөндөмдүү кандайдыр бир каражат колдонуу зарыл. Маселен, прокладка же тампон.
Эгерде айыз сабак учурунда башталып калса, дааратканага же медайымдын бөлмөсүнө суранып чыксаңыз болот. Курбуңуздан ашык прокладка же тампон сурап көрүңүз. Жок болсо, медайымга барыңыз. Азыркы учурда көп эле кыздар жанына прокладка салып жүрүшөт. Каражатты жабышчаак бети менен ич кийимиңизге тууралап жайгаштырып коёсуз. Тампон колдонуу кыйла татаалыраак. Анткени аны кындын ичине киргизүү керек болгондуктан, ага көнүү бир аз убакытты талап кылат. Гигиена каражатын тийиштүү жерге жайгаштырган соң, бир нече саат сайын текшерип туруу зарыл. Анткени прокладка толгон сайын же ар бир 4-8 саат сайын, ал эми тампон — ар бир 3-5 саат сайын алмаштырылууга тийиш.
Этек кирде кийимиңиз булганып калса, аны дароо мектептен же үйгө келгенде муздак сууда самын менен жууңуз. Көптөгөн кездемелерден кургап калган кандын тагын кетирүү кыйын. Ошондуктан мүмкүн болушунча тезирээк тактан арылуу зарыл. Ал эми баары бир ич кийимиңизде кандын тагы калып калса, ага капаланбаңыз. Кийинки айыз учурунда аны колдоно берсеңиз болот.
Кезектеги этек кир келгенге чейин өзүңүзгө жаккан жана туура келген гигиена каражаттарын: прокладка, тампон, менструалдык чөйчөк ж.б. алып коюңуз. Булар көбүрөөк колдонгон сумкаңызда же рюкзагыңызда болсун. Эгер менструалдык трусы сыяктуу көп жолу колдонулуучу каражат пайдаланууну артык көрсө, анда колдонулган каражаттарды салып коюу үчүн баштык же контейнер дагы ала жүрүш керек. Кошумча сактык чарасы – ашыкча ич кийимдин болушу.
Айыз регулярдуу болбогон учурда анын келе турган мезгили да белгисиз болот. Андыктан этек кирдин жакындап калганы жөнүндө дененин бере турган белгилерине көңүл буруу зарыл.
Мындай белгилерге ичтин төмөн жагында спазмдар жана карышуу, көкүрөктүн салмактануусу же оорушу, уйку режиминин бузулушу, ичтин көбүүсү жана заңдын өзгөрүүсү кирет. Этек кир келген учурда көбүнчө ооруксунуу, ичтин төмөн жагынын тартылып оорушу сезилет. Ошондой эле айыз учурунда же анын алдында дененин температурасы 37,5 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн, баш, ич, бел ооруп, акне (безетки) пайда болушу ыктымал.
Мындан тышкары таттуу жегиси келет, же жөнү жок маанайы бузулат. Бир нюанс бар: оорунун баары эле — ченемдин варианты боло бербейт. Катуу жана узакка созулган (эки күндөн көп) ооруларда, баш айланганда, кан көп келген жана узакка созулган этек кирде мунун себебин билип, аны жоюу үчүн гинекологго кайрылуу зарыл.
Беттеги түктөр — жыныстык жетилүүдөгү акыркы өзгөрүүлөрдүн бири. Көбүнчө эркек балдар 15-16 жашында бетинде түктөр пайда болгонун байкашат. Албетте, ар бир адамдын денеси уникалдуу экенин да эстен чыгарбашыбыз керек. Кээ бир балдар эрте эле сакал өстүрө баштайт. Айрымдары сакал өскөнүн бой жеткиче байкабайт. Түктөрдүн көлөмү, алардын кара же ачык түстө болушу жана беттин кайсы бөлүгүндө өсүшү гендер аркылуу аныкталат.
Бул болсо, баланын сакалы сөзсүз эле атасыныкындай болуп өсөт дегенди түшүндүрбөйт. Таякесиникине, чоң атасыныкына же алыскы тууганыныкына окшоп калышы ыктымал. Сакалы кимдикине окшош экендигин, кандайча жана кайсы багытта өскөнүн баамдап чыкканча бир топ убакыт өтөт. Балдар 20 жаштан өткөндө гана сакалынын өсүшү жана көрүнүшү кимдикине окшош экендиги билинет.
Өспүрүм курак менен байланышкан бардык нерселер сыяктуу эле, сакалдын өсүшүнө дагы гормондор таасир этет. Жыныстык жетилүүгө чейин денедеги түк фолликулалары сары жана ичке түктөрдү пайда кылат. Жыныстык жетилүү мезгилинде эркектердин да, аялдардын да денелери андрогендерди – тагыраагы тестостерон менен дигидротестостеронду иштеп чыга баштайт. Бирок эркектердин организми андрогендерди көбүрөөк иштеп чыккандыктан, эркектерде сакал өсөт, ал эми аялдарда өспөйт. Бул андрогендер түк фолликулаларынын күңүртүрөөк жана жыш түктөрдү пайда кылуусун өбөлгөлөйт. Ушундан улам эркек балдарда үстүңкү эриндин жогору жагында алгачкы түктөр өсүп чыга баштайт.
Алгачкы түктөр пайда болгондо дароо эле аларды кырып баштоонун зарылдыгы жок. Муну аткаруу кишинин жеке чечимине жараша ишке ашат. Түктөр ыңгайсыздык жараткан учурда же эркек бала өзүнүн сырткы келбетинен уяла баштаганда сакал-мурутун алууга киришсе болот. Кырынуунун жыштыгы түктөрдүн өсүү темпине жана күңүрттүгүнө жараша болот. Кээ бир балдар үчүн бир нече жумада бир жолу кырынуу жетиштүү. Айрымдары үч-төрт күндө бир кырынат. Чоңойгон сайын сакалдары коюу боло баштагандыктан, эркек кишилер тез-тезден кырына баштайт.
Сакалдын калыңдыгы кырынуунун жыштыгына жараша болот — канчалык көп кырынсаң, ошончолук коюу сакал өсүп чыгат деген миф бар. Бирок андай эмес, кырынуу түктөрдүн өсүшүнө жана алардын калыңдыгына таасир этпейт. Баары индивидуалдык өзгөчөлүктөргө байланыштуу. Бул өспүрүм куракта сакал өстүрүү жөндөмдүүлүгү сыяктуу эле – ээсинин түктөрүнүн ичкелиги менен калыңдыгы роль ойнойт. Сакал өстүрүүгө эки айдан үч айга чейин убакыт талап кылынат.
Кээ бир балдар электрдик устарага артыкчылык беришет, анткени аны колдонуу тез жана жөнөкөй. Болгону устараны бетке такап, кыра турган жерлерди сүрүп чыгуу зарыл. Экинчи жагынан, станок менен кырынуу кээде теринин жылмакайлыгын сактап калууга жардам берет. Бардыгы станоктун түрүнөн жана сапатынан көз каранды.
Станок менен туура кырынуу боюнча кыскача гайдды сунуштайбыз. Биринчиден, бетти түктүн өсүү багыты боюнча кырыш керек. Бул устаранын оңой жылышын, тегиз жана жылма кырууну камсыздайт. Сакал кайсы багытта өскөнүн бетти кол менен кармап билсе болот.
Экинчиден, процесстин өзү тууралуу айта турган болсок:
Өспүрүм куракта гормондор бойдун, булчуңдардын өсүшүн, фигуранын калыптануусун гана өбөлгөлөбөстөн, жагымсыз процесстерди да пайда кылат. Алардын бири – акнелердин (кызамык жана безетки) чыгышы. Акне — өспүрүм курактагы кишилер арасындагы эң кеңири жайылган кубулуш экенин изилдөөлөр көрсөтүп турат. 81%дан 95%га чейин жигиттер менен 79%дан 82%га чейин кыздар акне көйгөйүнө туш болот.
Акне кайдан чыгат? Теридеги түк фолликулалары же майда тешиктери май чыгаруучу бездерди камтыйт. Бул бездер чачтар менен терини майлап туруучу май секретин (себум же тери майы) организмге керектүү көлөмдө чыгарат. Бирок дене өсүп, жетиле баштаганына жараша гормондор май чыгаруучу бездерди көбүрөөк өлчөмдө себум иштеп чыгарууга өбөлгөлөйт.
Май чыгаруучу бездер гиперактивдүү боло баштагандыктан, май секрети, теринин өлгөн клеткалары жана бактериялар (өзгөчө Propionibacterium acnes) чогула баштайт. Мунун баары сезгенүүгө – майда тешиктердин шишип, кызарышына жана албетте, акненин пайда болушуна алып келет.
Пайда болуу себептерине жараша акненин ар кандай түрлөрү жана формалары болот. Бүтөлүп калган тешиктер жабылып, териден сыртты көздөй чыгат – булар ак безеткилер. Ичи бүтөлүп, бирок ачык бойдон калган, үстү жагы күңүрт болгон тешиктер - безеткилер. Эгер тешиктердин дубалы ачылып, тери майынын, бактериялардын жана өлгөн клеткалардын теринин астына кирип кетүүсү мүмкүн болсо, анчн чоң эмес кызыл дөңчө – ысык пайда болот. Кээде организмдин бактериялык инфекцияга карата реакциясынан улам, ысыктардын үстү ириңдүү болуп калат. Теринин ички жагынан ачылган бүтөлүп калган майда тешиктер түйүнчөлөрдү (nodus) пайда кылышы ыктымал. Инфекциялуу бул шишиктер же кисталар ысык менен безеткилерге караганда чоңураак болуп, көбүрөөк ооруйт. Айрым учурларда ысыкка окшош чоң кисталар стафилококк инфекциясы пайда кылган сыздоок болуп калышы мүмкүн.
Акненин алдын алууга болобу? Тилекке каршы, универсалдуу жана жалгыз бир жолу жок. Бирок дарыгерлер төмөнкүдөй сунуштарды беришет:
Кээде туура жуунуп, лосьондор менен майсыз косметика колдонгон учурда деле безеткилер чыгат — бул нормалдуу кубулуш. Мисалы, кээ бир кыздардын бетине менструацияга бир нече күн калганда эле акне чыга баштайт – бул гормондук өзгөрүүлөргө байланыштуу. Бирок акненин формасы менен оорушуна көңүл буруу зарыл – ысык менен безетки абдан эле көп болуп, ооруса жана кызарып турса, ал эми рецептсиз каражаттар жардам бербей жатса, анда дерматологго кайрылуу зарыл.
Дагы бир маанилүү нерсе: акнени сыкканга болбойт. Сыккандан эч кандай пайда чыкпайт, анын үстүнө инфекция кирип кетсе, сезгенүү да пайда болот. Мындан тышкары, ысыктарды сыккан жерлерде тактар калат.
Организмдин өсүшүнө жараша анда ар кандай өзгөрүүлөр болот. Кишинин денеси салмак кошот, фигурасы өзгөрүп, оор болуп калат.
Кишинин өсүшүнө эмне таасир этет? Биринчи кезекте генетика, бирок ал жалгыз фактор болуп саналбайт — өсүү процессинде айлана-чөйрөдөгү шарттар да маанилүү роль ойнойт. Кишинин тамактануусу жана жаңы мөмө-жемиштер, жашылчалар, белоктор, сүт жана дан азыктары сыяктуу азыктандыруучу заттарды пайдалануу мүмкүндүгү ден соолуктун жалпы абалы менен бойдун өсүшүнө таасирин тийгизет.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жер жүзүнүн ар бир өлкөсүндө чала тоюу көйгөйү бар экенин, ошондой эле балдардын адекваттуу тамактануу мүмкүндүгүнө ээ болуусу бойдун өсүшүнө да, салмакка да таасир эте турганын билдирет. Кишинин бала чагында жана өспүрүм курагында канча убакыт уктаганы да адамдын өсүү гормонунун (HGH) иштелип чыгышына, демек боюнун узундугу менен салмагына да таасир этет.
Салмакка келе турган болсок, чоңойгон сайын салмактын көбөйүшү – кадыресе кубулуш. Эркек балдардын ийиндери кеңейип, булчуңдары көбөйөт. Кыздардын дене бою толмочураак болуп, сандары жана көкүрөгү чоңоёт. Салмак кошуу – аялдар үчүн да, эркектер үчүн да өсүүнүн ченемдүү бөлүгү болуп саналат. Салмактын табигый көбөйүүсүн токтотуу максатында диетага отуруу зыяндуу. Эгерде кишиде салмакка байланыштуу кооптонуу жаралса, маселени дарыгер менен талкуулап чыгуу абзел.
Адамдарды «Менин боюмдун узундугуна кандай салмак туура келет?» деген суроо көп кызыктырат. Бирок «туура» бой узундугу менен салмакты аныктоо бир топ эле кыйын. Бою жана курагы бирдей эки адамдын салмагы ар башка болгон учурлар көп эле. Биринчиден, адамдардын жыныстык жетилүү мезгилдери ар башка болот. Кээ бир балдар 8 жашынан эле жетиле баштаса, кээлеринде 14 жашка келгенде гана өзгөрүүлөр байкала баштайт. Экинчиден, адамдардын дене түзүлүштөрү ар башка болот. Мисалы, бирөөнүкү чоң же булчуңдуу дене, ал эми экинчисиники - кичирээк болот.
Дал ушул себептен улам өспүрүм курактагы бардык адамдар үчүн «туура» салмакты белгилөө мүмкүн эмес. Ошентсе да, кайсы салмактын туура, кайсынын - туура эмес экенин болжолдуу түрдө түшүнүүгө жардам берген инструмент бар.
Орточо туура салмактын кеңири жайылган өлчөмү дене массасынын индекси же ДМИ деп аталган формулага негизделген. ДМИ формуласы = салмактын бойдун узундугунун квадратына бөлүнүшү. Интернет тармагынан ДМИ онлайн-калькуляторун табууга болот. Ооруларды көзөмөлдөө борбору май басууну, ашыкча салмакты, салмактын жетишсиздигин жана туура салмакты аныктоо үчүн ДМИ калькуляторун колдонууну сунуштайт.
Бирок ДМИ — бул диагностикалык инструмент эмес. Өспүрүмдүн ДМИси жогору болгон учурда деле дарыгер ашыкча салмактын бар же жок экендигин аныктоо үчүн башка тесттерди жүргүзөт. ДМИ конкреттүү кишинин денесиндеги майдын көлөмүн өлчөбөйт, андыктан картинаны толук көрсөтүп бере албайт. Киши көп машыккандыктан жана булчуңдары көп болгондуктан анын ДМИси жогору болушу мүмкүн. Ошондой эле кишинин көрсөткүчтөрү нормалдуу диапазондо болгон менен анын организминде ашыкча май болуп калышы да мүмкүн.
Кишинин фигурасы менен салмагына тукум куучулук да маанилүү роль ойнойт. Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бир типтеги фигура жана дене түзүлүшкө ээ болушу мүмкүн. Бирок гендер – үй-бүлө мүчөлөрүн бириктирип турган жалгыз фактор эмес. Тамактануу адаттары, физикалык активдүүлүктүн жыштыгы жана саны дагы окшош болушу ыктымал. Ата-энеси көп кыймыл-аракет жасабай, жогорку калориялуу азыктар менен көп тамактанса, балдары деле ошондой болот. Генетиканын адамдын тагдырын чечпей турганын түшүнүү зарыл. Адаттарды да өзгөртсө болот. Жөө басуу, лифттин ордуна тепкичтер менен көтөрүлүп-түшүү сыяктуу маанилүү эмес нерселер дагы ден соолукка жакшы таасир эте алат.
Источник: Двор медиа.