Секс жана коркуу

Эмне үчүн биз дайыма эле ырахат ала бербейбиз?

Сиз секс учурунда эмнеден коркосуз?

Секс көп адамдар үчүн жашоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Көпчүлүк учурларда ал, ырахат жана жагымдуу эмоцияларды алып келет. Бирок, кээде секс тынчсызданууну да пайда кылышы мүмкүн. Мисалы:өмүрүбүздөгү биринчи жыныстык катнашта, жаңы өнөктөш мененки сексте, дене жана сырткы келбет тууралуу ошондой эле секстеги жөндөмүбүзгө байланыштуу жана башка бир топ ушул сыяктуу тынчсыздануулар болуп турат. 

 

 Изилдөө жүргүзүлгөн 2000 америкалык менен европалыктардын секстеги эң башкы 10 коркунучтары:

1. Өнөктөштүн жыныстык жол менен жугуучу инфекциялары бар.

2. Презерватив айрылып калат. Анан мындай секс күтпөгөн, каалабаган кош бойлуулукка алып келет.

3. Өнөктөшүмө менин жылаңач денем жакпай калат.

4. Өнөктөш ырахат албай, оргазмга да жетпей калат.

5. Мен сексте жагымсызмын, коркунучтуумун.

6. Жыныстык катнаштан кийин ыңгайсыздык сезими жаралат.

7. Секс учурунда физиологиялык жагымсыз нерселер болуп кетиши мүмкүн. Мисалы осурак чыгып кетет.

8. Жыныстык катнаш учурунда өнөктөш мага жакпаган нерселерди каалайт.

9. Өнөктөш мени сексте тажрыйбасыз деп ойлоп калат.

10. Денемдеги жүндөр, түктөр өнөктөштү качырат..

Деген менен эркектер менен аялдардын коркунучтарынын интенсивдүүлүгү айырмаланат. Эркектер көбүнчө жыныстык инфекциялардан коркушат. Ал эми аялдар болсо,өнөктөшү презерватив колдонгусу келбейт деп тынчсызданышат.

Ошондой эле, эркектердин коркучтарынын арасында— эрте эякуляция жана жыныстык мүчөнүн өлчөмүнө байланыштуу тынчсыздануулар да бар.

Аялдар болсо, бул 10 коркунучтан тышкары, өнөктөшү "жок" деген сөздү баш тартуу катары кабыл албай коёт деп кооптонушат.

Дарыгерлер менен психологдордун байкоолору боюнча, иррационалдык коркууларды төмөнкүлөр жаратышы мүмкүн:

• сексуалдык асылуу, кол салуу же зордуктоо сыяктуу белгилүү бир окуя же жаракат;

• үйрөтүлгөн рекция – жаш кезде үйрөтүлгөн идеялар, мисалы, үй-бүлөдөн үйрөтүлүшү мүмкүн. 

• маданий же диний ишенимдер;

• өзүнө жана/же денесине ишенбөөчүлүк;

• жыныстык катнашты кыйындаткан же ооруткан органикалык оору.

Белгилей кетсек, адамдын акылы менен денеси бири-бири менен тыгыз байланышта болот. Бири экинчисине дайыма таасир берип турат. Ага ылайык, психологиялык жаздымдар физиологиялык сексуалдык бузулуулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн. Ал эми учурдагы болуп жаткан сексуалдык көйгөйлөр тынчсызданууну жаратат. Кийинки бөлүктө болсо, биз сексуалдык ийгиликсиздикти тынчсыздануу менен күтүү синдромун талдайбыз. 

Сексуалдык ийгиликсиздикти тынчсыздануу менен күтүү синдрому

«Турбай калсачы?», «Мөөнөтүнөн мурда бүтүрүп салсамчы, же тескерисинче, бүтпөй калсамчы?», «Балким менин жыныс органым башкача болсочу?», «Эгер өнөктөшүмө же мага жакппай калсачы?» — деген сыяктуу секске чейин баштан кетпеген ойлор түрүндө байкалат. 

Бул, адам өзүнүн жеңүүгө кыйын болгон коркуу сезими менен «ийгиликсиз сексти» күткөн абал.

 Кээде мындай коркуулар репродуктивдүү органдардын ишине туура эмес таасир этиши мүмкүн.

Мындай коркунуч эркектерге да, аялдарга да мүнөздүү. Маалыматка ылайык, 2019-жылдагы кароолордо сексуалдык ийгиликсиздикти тынчсыздануу менен күтүү синдромуна эркектердин 9-25%ы, ал эми аялдардын 6-16%ы кабылашкан. Бул бүгүн күнгө чейин түшүнүксүз синдром — бул жүрүм-турумдук сексуалдык көйгөйлөрдүн (мисалы, эректильдик дисфункция же вагинизм) же тынчсыздануунун бузулушунун (жалпыланган тынчсыздануунун бузулушунун) симптомубу азырынча белгисиз.

Кээде ийгиликсиз сексти тынчсыздануу менен күтүү синдрому жыныстык дисфункциянын натыйжасында жаралышы мүмкүн. Мисалы, эгер эркек эрте эякуляция менен жабыркаса, жыныстык катнаш алдында дайыма өз убагынан

эрте бүтүрүп аламбы, деп тынчсыздана берет. 

Ал эми кээде тескерисинче, сексуалдык ийгиликсиздикти тынчсыздануу менен күтүү синдрому жыныстык дисфункциянын жаралышына себеп болот. Мисалга алсак, кыз биринчи жыныстык катнашы алдында аябай тынчсызданса, анда органикалык эмес вагинизм пайда болот. Мындан улам айлана жабылат: коркуу реалдуулукка өтүп, чындап организмдин ишин бузат. Бул андан да чоң коркунуч. Чет өлкөлөрдө бул синдром «сексуалдык ийгиликсиздиктен коркуу»(fear of sexual failure) деп да аталып, эркектер менен аялдар кеңири изилденет. Орус тилдүү булактарда эркектерге басым жасалат.

Аталган синдром тоталдык сыяктуу болушу мүмкүн — интимдик байланышта кандай өнөктөш менен болбосун пайда болот, же белгилүү бирөө менен болгон жыныстык катнашта сезилет.

Ошондой эле бул синдромдун өзүнчө бир түрү — алгачкы этапта эле аны тынчсыздануу менен күтүү. Ал жаңы өнөктөш менен болуучу биринчи сексуалдык байланышты ийгиликсиз кылып жоруу катары билиниши мүмкүн. Адатта, мындай коркуу, убакыттын өтүшү менен эки адам тең бири-бирине көнүп калганда, жоголо баштайт. 

Сексуалдык ийгиликсиздикти тынчсыздануу менен күтүү синдромунун себептери жана кесепеттери 

Эркектерде бул синдромду пайда кылган негизги факторлор булар болушу мүмкүн:

• мастурбациянын кесепеттеринен коркуу;

• физикалык жана эмоционалдык иш-аракеттерден улам, потенциалдын убактылуу төмөндөшү, ар кандай заттарды колдонуу;

• кырдаалдын таасири (мисалы, ыңгайсыз чөйрөдөгү жыныстык катнаш);

• өз жыныстык функцияларынын нормалдуу параметрлерин адекватсыз баалоо;

• сексуалдуулукка жана физиологияга байланыштуу нерелерди эркек шериги шылдыңдап же мазактап койгону;

•башка патологияга байланыштуу накта сексуалдык бузулуулардын болушу.

Синдромдун бул себептерин ийгиликсиз жыныстык катнаштан коркуу сезимин изилдеген бирден бир кыйын орус тилдүү изилдөөчү Гарник Кочарян алып чыккан.

Ошондой эле ал ийгиликсиз сексти тынчсыздануу менен күтүү синдромунун симптомдорун күчөткөн жана ал симптомдордун өнүгүшүнө алып келген факторлорго да маани берген. Төмөндөгүлөр ал айткан факторлордун айрымдары:

• эмоционалдык басым, стресс;

• сексуалдык функцияларды гиперкөзөмөлдөө (адам өз органдарынын ишин көзөмөлдөөгө аракет кылганы, мисалы, болгон күч-аракеттин «мөөнөтүнөн эрте» бүтүрбөшү үчүн жумшоо);

•башка сексуалдык бузулуулар симптомдоруна ийгиликсиз жыныстык катнаштан коркуу сезиминин да кошулушу;

Жыныстык ийгиликсиздикти күтүү синдрому өзүнөн өзү көйгөй жаратышы мүмкүн, ошондой эле башка ооруларды да күчөтүп, өнүктүрүүгө алып келет.

Индиялык окумуштуулар стресстин ар кандай аспектилерине арналган китептеги "Секс жана Стресс" бөлүмүндө сексуалдык бузулууларга алып келчү жагдайлардын үч түрүн белгилешкен. 

Ошол шартка алып келүүчү жагдайлар (бала кезде, жаш кезде болгон окуялар, дал ушул жыныстык дисфункциянын күчөшүн жарат):

• катуу тарбия;

• үй-бүлөдөгү жаман мамилелер;

• травмага алып келген биринчи сексуалдык тажрыйба;

• жыныстык катнаш тууралуу жетишсиз маалымат.

Козгоочу жагдайлар:

• реалдуу эмес күтүүлөр;

• мамиледеги келишпестиктер;

• ишенимсиздик;

• органикалык ооругаларга реакция кылуу;

• депрессия же тынчсыздануу.

Колдоочу жагдайлар (көйгөйдүн узакка созулушуна алып келген себептер):

• социалдашуу жана баарлашуудагы кыйынчылыктар;

• эл менен аз болуу;

• терс натыйжаны күткөн маанай;

• жакындыктан коркуу жана качуу;

• Секс жана жаныстык мамилелерге байланыштуу мифтер жана туура эмес түшүнүктөр.

 Аялдардын жыныстык чөйрөсүнүн сезгенүүлөрү

Ал сезгенүүлөрдү төрт категорияга бөлүп кароого болот:

1. Жыныстык дүүлүгүнүн сезгенүүсү– жыныстык катнаш учурунда дүүлүккөнгө жетишпей калуу жана аны кармап тура албоо.

2. Сексуалдык каалоонун сезгенүүсү – сексуалдык/эротикалык ойлордун, фантазиялардын жана сексуалдык активдүүлүккө болгон каалоонун жоктугу же жетишпестиги.

3. Оргазмдын сезгенүүсү – оргазмдын жок болушу, сейрек келиши же кечеңдеп келиши, ошондой эле анын интенсивдүүлүгүнүн төмөндөшү.

4. Оору аркылуу келген сезгенүү – вагиналлык кыйынчылыктар (вагинизм - жамбаш булчуңдарынын эрксиз жыйрылышы), ал кыйынчылыктар кындын, вагинанын же жамбаштын катуу оорушу менен коштолот. Ошондой эле бул сезгенүүгө алдыда боло турчу сексуалдык активдүүлүктөн коркуу сезими да кирет.

Бардык бул сезгенүүлөрдүн органикалык жана психологиялык жактан себептери болушу мүмкүн.

Кээде сексуалдык жашоону кескин өзгөртүү артында кант диабети, бөйрөктүн жетишсиздиги, жүрөк-кан тамыр системасынын бузулушу же жыныстык жол менен жугуучу оорулар турат. Ошондой эле органикалык себептерге, антидепрессанттар сыяктуу дары-дармектерди туура эмес же ашыкча колдонуу кирет. Ошондой эле гормоналдык жетишсиздик, мисалы, төрөттөн кийин же туура эмес тандалган гормоналдык контрацептивдер дүлүктүрүү жана жыныстык каалоонун төмөн деңгээлине алып келиши мүмкүн.

Өзгөчө орунду органикалык эмес (психологиялык) себептер ээлейт. Мисалы, тынчсыздануу, депрессия, узак мөөнөттөгү стресс, өткөн чактагы зомбулуктан калган психологиялык травма, кош бойлуулук жана эне болуу тууралуу тынчсыздануу, өнөктөш менен болгон чыр-чатактар, сырткы келбетти (денени) кабыл албоо жана аны жек көрүү сезимдери сексуалдык чөйрөнүн бузулушуна алып келет.

 Сексуалдык ийгиликсиздиктен коркуу менен кантип күрөшсө болот?

“O.school” деп аталган сексуалдык билим берүү платформасы бул коркунуч менен күрөшүүнүн 8 жолун сунуштайт:

1. Тынчсыздануунун жана коркуунун себебин түшүнүү керек.

Коркуу, белгилүү бир адам менен жыныстык катнашта болгондо жаралабы же кандайдыр бир сексуалдык практика коркууну жаратабы? Балким, тынсыздануу сырткы келбет, дене түзүлүшкө байланыштуу болуп жаткандыр. Балким, өткөн окуя, жагдайлар эске түшүп терс маанайды жаратып жатабы?

Башкача айтканда, адам коркуунун себебин түшүнгөндөн кийин, гана көйгөйдү чечүүнүн үстүндө иштей алат. 

Ошондой эле коркуу, кандайдыр бир практика жөнүндө маалыматтын жоктугунан же адам өз денесин жана жыныстык каалоолорун билбегендиктен болушу мүмкүн. Андыктан буларды билген соң, денеңизди таанып, анын ар кандай сексуалдык таасирлерге болгон реакциясын изилдей аласыз.

Белгилей кетсек, россиялык сексологдор менен психологдор тобу «sex is deep» аттуу тиркеме жасап чыгарышкан. Ал тиркеме эротикалык фантазиялар боюнча интерактивдүү гид катары иш алып барат. Башкача айтканда бул тиркеменин жардамы менен каалаган адам же өнөктөштөр секс учурунда аларга эмне жагары же эмне жакпарын билип алышса болот. 

Ал эми коркуу, адамдын өз денесин кабыл алуусу менен байланыштуу болсо, ал үчүн да күрөшүүчү ресурстар бар. Мисалы, «Different is normal» платформасы жыныстык кындын ар кандай формалары тууралуу маалымат гана бербестен, атайын мейкерде жеке, өзүңүздүн формасын түзүүнү сунуштайт. 

2. Өнөктөш менен сүйлөшүү

Секстеги муктаждыктарды жана каалоолорду билдирүүнүн жолу —өнөктөш менен сүйлөшүү. Мындай жол өнөктөш менен байланышты жана андан да жакын эмоционалдык биригүүнү орнотуудагы маанилүү кадам болуп саналат. 

Коркконуңуз менен бөлүшүү жана өнөктөшүңүздөн колдоо суроо - нормалдуу жана пайдалуу нерсе. Мүмкүн, сиздер биргелешип көйгөйдүн чечүү жолун табасыздар. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, секс тууралуу сүйлөшүп аны талкуулаган өнөктөштөр сексуалдык каалоо, дүүлүктүрүү жана оргазмга көбүрөөк кабылышат жана азыраак оорушат.

3. Эстүүлүк практикасын колдонуу

Секстин ийгиликсиз болуп калышынан коркууда адамдар, секс учурунда ЭМНЕ болуп жатканына эмес, бардыгы КАНДАЙ болуп каларына маани берип калышат. Мындан улам эстүүлүк ыкмалары тынчсыздандырган ойлорду четке кагып, сезим менен процесстен ырахат алууга жардам берет. Өнөктөшүңүзгө сизге жакындай баштаганда сизде кандай сезимдер болот? Сиз кармаганда анын денеси же териси сизге кандай сезилет? Сиз жылуулукту, жагымдуу жытты жана толкундоону сезесизби? Ошондой эле ал жакындаганда биринчи эмне кылганы жагат? — дененин кайсы жерлерине жакындаганы жагат?

4. Максатка оргазмды койбоо керек

Адамдар оргазмга гана көңүл бурганда, секс ырахатка эмес, жарышка айланат. Оргазм — бул сонун, бирок ага жетүү тынчсыздануу менен коштолбошу керек. 

5. Алдын ала ойноону, эркелешүүнө узак кылуу

Алдын ала эркелешүү, ойноо тынчсызданууну басаңдатып, ого бетер дүүлүктүрүүгө жардам берет.

6. Өзүңүздүн ырахат алууңүзга көңүл буруңуз

Ар бир адам секстен ырахат алуусу үчүн өзү жооптуу. Адамдын өзүнөн башка эч ким анын эмнени жактырарын, эмнени жактырбарын жана денеси кандай иштерин билбейт. Өнөктөштөн ага эмне жагары жөнүндө суроо маанилүү, бирок ойлор башканын жыргалчылыгы жөнүндө болуп жатса, процесстен толук ырахат алуу мүмкүн эмес.

7.Качан болбосун өзүңүз токтото аларыңызды унутпаңыз

Өзүңдү каалабаган нерселерди кылуунун кереги жок. Активдүү макулдук принциби жыныстык катнашка макулдук алууну гана эмес, ошондой эле каалаган убакта “жок” деп айтуу жана токтотуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Баш тартуу – ар бир адамдын укугу, ал үчүн уят же күнөөлүү сезүүнүн кереги жок.

8. Адиске кайрылуу

Эгер сизге көйгөй, физикалык ден соолук жактан сезилсе, анда урологго же гинекологго кайрылуу керек. Башка учурларда, психолог менен сексолог, сексуалдык ийгиликсиздиктен коркуунун чыныгы себептерин түшүндүрүүгө жардам берет. Ошондой эле алар тынчсыздануу, менен кантип күрөшүү керектигин да айтып, ыкмаларын үйрөтөт. 

 Булак: Двор медиа