Баланын кичине чагынан эле жеке чектери, тактап айтканда, ѳзүнүн, эч ким тийбей турган мейкиндиги болот. Жеке чектер — кишинин жеке, ѳзүнѳ таандык деп эсептеген нерсеси: «Менин денем, менин буюмдарым, менин сезимдерим, менин кѳз карашым, менин оюм» ж.б.
Бул маанисинде чектерди бузуу катары, маселен, сиздин уруксатыӊыз жок буюмдарыӊызды алып, аларды сизге жакпай тургандай кылып колдонгон, сиз каалабаган жерлериӊизге тийип, кармаган, же болбосо сизге жакпаган адам кучактаган учурлар эсептелет.
Үй-бүлѳнүн ичинде кѳп кездешкен чектерди бузуу аракеттерине ата-эненин уруксатсыз балдар бѳлмѳсүнѳ кирүүсү; бѳлмѳнү ирээттеп чыгуусу; балага кандай кийиништи айтып туруусу; анын ѳтүнүчү менен каршылыгына кѳӊүл бурбастан, чачын ѳздѳрү каалагандай кырктыруусу сыяктуу аракеттер кирет. Негизи эле, ата-эне баласын укпаса, анын кызыкчылыктарын эске албаса, бул баланын жеке чектерин бузууга жатат.
Дагы бир учурга токтололу. Эгер сиз бир нерсеге капалансаӊыз, жана кимдир-бирѳѳ бул капалануу үчүн «болбогон нерсе», мынча кайгыруунун кереги жок деп айтканын дагы чектерди бузууга киргизсе болот. Анткени, башка бирѳѳ сиздин ички дүйнѳӊүздѳ эмне болуп жатканын, кандай сезимде экениӊизди билбейт.
Жеке чектерин белгилѳѳдѳ ѳзүн сезе билүү абдан маанилүү. Мисалы, кандай учурларда башка бирѳѳнүн жакындоосу сиз үчүн ыӊгайсыздык жаратканын, кайсы учурда жагымсыз экенин оюӊузда аныктап кѳрүӊүз.
Ушул эле мисал менен уланта турган болсок, жеке чектерин аныктоонун жана белгилѳѳнүн экинчи кадамы — ѳзү үчүн дискомфорт жаратуучу нерселерди белгилѳѳ. Башка бирѳѳнүн кылган нерсеси сизге жакпаса, анда: «Мага жакпайт, ары турчу, сураныч» деп айтуу зарыл.
Эгер адам эч кандай реакция кылбаса, ары жылбаса, анда катуураак айтууга туура келет, же болбосо сизге жардам бере турган кишиден жардам сураш керек.
Чоӊ кишилер да ѳздѳрүнүн жеке мейкиндигин билип, аны белгилей алган учурда чектердин эмне экенин түшүнүү да оӊойго турат. Мисалы, «Сураныч, токтотуӊуз, мен үчүн жагымсыз болуп жатат» деп айтып, ошол эле учурда баланын ѳтүнүчтѳрүнѳ да кѳӊүл бурушат.
Онлайн-чектерде туурасы — ата-эне менен баланын ортосунда аныкталган нерсе. Мисалы, ата-энеси досторунун катарында болуусун бала каалайбы? Ата-энеси стенасындагы досторунун комментарийлерин кѳрсѳ, ал үчүн ыӊгайсыздык жаралбайбы? Кимдир-бирѳѳ соцтармактарда ата-энеси менен достошууга даяр, анткени атасы же апасы кызыктуу постторду жазып, күлкүлүү сүрѳттѳр менен жаӊылыктарды жарыялайт деп эсептейт. Ошол эле учурда бала ата-энесинин анын стенасын окушун каалабайт. Буга укугу бар.
Муну ата-энеси менен сүйлѳшүп алган оӊ. Алар сиздин стенага кирип, бир нерселерди жазгандары жакпаганын, бул ѳзүӊүзгѳ жана досторуӊузга гана арналган аймак экенин, жана ырастоолордон аны ата-энеӊиз үчүн жаап коюуну каалаганыӊызды айтыӊыз. Мындай сүйлѳшүү ыӊгайсыз болсо да, ата-энеӊиз сизди түшүнүп, катуу кабыл албай турганын билсеӊиз, анда сѳзсүз сүйлѳшүшүӊүз керек.
Чындыгында бул реалдуу жашоодогу жагдайдан эч кандай айырмаланбайт. Мисалы, үйдѳ досторуӊуз менен кѳӊүл ачып отурган маалда ата-энеӊиз кирип келди. Мындай учурда алар менен досторуӊуздун сиздин бѳлмѳгѳ кирүүсү же ата-энеӊер менен чогуу отурганыӊар туура экендиги жѳнүндѳ чечишип аласыӊар.
Ырастоолор кандай болсо да, интернет менен соцтармактар — баары бир жалпы элге ачык мейкиндик. Ал жактагы аракеттериӊиз — бир гана сизге кѳрүнбѳйт. Мисалы, эгер сиз эскертпей туруп эле ата-энеӊиздин ѳз баракчаӊызга кирүүсүн бѳгѳттѳп койсоӊуз — бул эч нерсени түшүндүрбѳстѳн ата-энеӊиздин алдында эшикти «тарс» деп жаап алганыӊыз менен барабар. Үй-бүлѳӊүздѳ макулдашууга баруу мүмкүн болсо, жеке санарип чектериӊизди да чечишип алганыӊыз туура. Мындай сүйлѳшүү кантип ѳтүшү мүмкүн? Мисалы, кайсы бир соцтармакты колдонуп жатсаӊыз, айрым адептүүлүк эрежелери тууралуу макулдашып алыӊыз: «Мен силердин жарыялоолоруӊарга киришпейм жана комментарий бербейм» же «Мен аралыкты сактайм жана буга да киришпейм. Бул силердин мейкиндигиӊер, а бул — меники».
Ата-энеси баласынын баракчасын текшерип турган, бирок алардын аракеттери ачыкка чыга элек учурларды билем. Ошондой эле үй-бүлѳ баланын баракчасына кирип, бир нерселерди кѳрүп алганын бала билип калган учурлар да бар.
Биринчи вариантта ата-эненин балага карата ишениминин жоктугун байкайм. Кѳп учурда бала дагы ишенбѳѳчүлүктѳн улам, айрым нерселерди жашырат. Негизи эле жашоосу боюнча балдар бардык нерсени жашырууга жѳндѳмдүү болбой, кайсы бир окуялар менен бѳлүшүп турса деле, ата-эне баары бир тынчсызданып, кооптуу жагдайларда бала бир нерсени жеткире түшүнбѳй калат деген ой менен аны кѳзѳмѳлдѳѳнү улантышат. Мен психолог катары, мындай жагдайларда аӊдуунун, кѳзѳмѳлдѳѳнүн объектиси болгон кишиге жардам берүүгѳ, ата-энеси эмне себептен мындай кылганын, алардын кооптонуусу эмне менен байланышканын аныктап чыгууга аракет кылам.
Экинчи учурда адатта чоӊдорго аӊдып, кѳзѳмѳлдѳгѳнүн токтотуу жана баласы менен сүйлѳшүү керек экендиги жѳнүндѳ кеӊеш берем. Эгерде ата-эне буга даяр болсо, анда балага мындай деп айтса болот: «Мен муну кылдым жана мындан кийин буга барбайм, бирок, кел, мен билип калган нерсе жѳнүндѳ сүйлѳшѳлү». Кѳп учурда ата-эне бир нерсени ѳзгѳртүүгѳ даяр болбой, баласына ишенбѳѳчүлүгү улана берет. Ал эми баласы болсо, ага «кѳз салып жаткандарын» сезип калса, анда мурункудан да түшүнүксүз жүрүм-турумда болуп, обочолонуп калат. Ошондуктан ачык-айкын сүйлѳшүп, чечишип алган оӊ.
Бузуп кирүү — бул дайыма мамилелерде ишенбѳѳчүлүк же кандайдыр бир аралык бар дегенди түшүндүрѳт. Муну ѳзгѳртүүнү каалагандар ортосундагы мамилени чечишип, макулдашып, бири-бирин түшүнүүгѳ аракет кылууга тийиш.
Бузуп кирүүгѳ карата бардык эле реакция: ачуулануу, коркуу, таарынуу, кыжырдануу, шок, кѳӊүлү чѳгүү — бул кимдир-бирѳѳнүн сиздин жеке чектериӊизге кирүүсүнѳ болгон кадимки эле сезимдер, табигый жооп. Кээ бир адамдар үчүн кийлигишүү ѳтѳ эле жагымсыз, айрымдарында дискомфорт жаралышы мүмкүн, бирок чектерди бузууну кам кѳрүү жана колдоо аракети катары баалоо туура эмес.
Сезимдериӊиз менен тынчсызданууларыӊыз кандай болгон күндѳ дагы, жеке чектерди бузуп жаткан адамга ѳз оюӊузду билдирүүгѳ тийишсиз. Андан кийин, мүмкүн болушунча коопсузукту калыбына келтирип, кандайдыр бир келишүүчү кадамдарды жасаӊыз. Мисалы, жеке чектерди бузган ата-эне кандай чара кѳрсѳ болмок экенин жана кандайча кечирим сурай турганын талкуулоо.
Албетте, ата-эне сүйлѳшүүгѳ даяр болгондо жана ѳздѳрү кылган иш-аракеттин туура эмес экендигин түшүнгѳндѳ гана кырдаалды оӊдоп, кечирим сурашат. Чектери бузулган киши ата-энесинин туура эмес кылганы шексиз деп ойлойт. Бирок ата-эне жагдайды башкача кабыл алышы мүмкүн. Ошондуктан алар үчүн ойлоонун кажети жок, андан кѳрѳ алардын жүрүм-туруму сиздин ачууӊузду келтирип / капалантып / аларга болгон ишенимиӊизди жок кылып жатканын жеткирүүгѳ аракет кылган жакшы.
Бардык тарапка теӊ кѳйгѳйдүн чындап бар экени жана аны чечүү жолу – ата-энеси тынчсызданбаган, бала болсо ѳзүн эркин сезген чечим бар экени түшүнүктүү болгондо гана сүйлѳшүп, макулдашуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
Андан ары ата-эненин контактка баруусуна жараша башка чараларды кѳрѳ баштаса болот. Эгерде алар: «Кечирип кой, бул туура эмес болду, менде жѳн гана тынчсыздануу пайда болгон» деп айтса, анда аларды чочулатып жаткан эмне экенин, сиздин баракчаӊызды же жазышууларыӊызды текшерип чыгуу – эмне үчүн туура идея деп эсептегенин сурасаӊыз болот. Балким, мындан ары тынчсызданып, кийлигишип, чектен ашууну токтотуулары үчүн кандайдыр бир маселени чечип алуу мүмкүн болот.
Бирок, ата-энеӊиз: «Ой, эмне болуптур! Жѳн гана мен муну кылышым керек болчу» деп жооп бериши да ыктымал. Муну менен алар үчүн катасын мойнуна алуу кыйын болуп жатканын түшүнсѳ болот. Алар күнѳѳсүн сезип, чочулап жана ушул себептен улам ачууланып жаткан болушу мүмкүн.
Ошентсе да, эгерде сизде алардын кийлигишүүсү жеке чектериӊизди бузуу катары сезилсе, демек ошондой. Мындай учурда жагдайдын кийин кайталанбоосун камсыздооӊуз зарыл. Бул үчүн ата-энеӊизге алар бузбоого тийиш болгон чектерди түшүндүрүшүӊүз керек. Ошондой эле бул чектен ашып түшкѳн учурда кандай жагымсыз кесепеттер боло тургандыгы тууралуу да сүйлѳшүӊүз.
Мындан ары ѳзүнүн онлайн-мейкиндигин кантип коопсуздандыруу керек экендиги — ар бир кишинин жеке иши. Маселен, жаӊы аккаунт түзүп, баарына шартбелги коюп койсо, жекелик ырастоолорун ѳзгѳртсѳ, досторунун тизмесинде ишеничтүү досторун гана калтырып койсо болот. Кыскасы, жеке баракчаӊызды башка бирѳѳлѳрдүн кийлигишүүсү жагынан тобокелдерге жана алсыздыкка баалап чыгыӊыз.
Эгер сиздин үй-бүлѳӊүздѳ ата-энеӊиз бул туура эмес идея экенин моюнга алып, сүйлѳшүүгѳ даяр болсо, анда алар менен жол берилген чектер тууралуу макулдашып алууга болот.
Негизи, ата-энеӊизде сиз жѳнүндѳ тынчсыздануу жаралган учурда (маселен, кеч убакка чейин үйгѳ келе элек болсоӊуз) соцтармактар аркылуу текшергендин ордуна кандай чара кѳрүүнү туура деп эсептегениӊизди айтыӊыз.
Эгерде мейкиндигин уруксаты жок бузуп киришкен адам ѳзүн мындан катуу жабыркагандай сезсе, ата-энесинин кандайдыр бир жол менен зыянды компенсациялоосу тууралуу макулдашып алса болот.
Бул жагдайды аягына чыгарып, ѳзүӊүздү коопсуздукта сезүүӊүз, ал эми ата-энеӊиз ѳзүн күнѳѳлүү сезгенин токтотуусу үчүн андан ары кадам ташташ керек. Бири-бириӊерге колдоо кѳрсѳтүп, сиз да, ал киши да жеӊилдеп алуусу үчүн эмне кылса боло турганын талкууласаӊар болот.
Эгерде үй-бүлѳӊүз жеке мейкиндикке кийлигишүү — бул жаман нерсе деп эсептебесе, анда, албетте, бул абдан ѳкүнүчтүү. Ошентсе деле, мындай учурда дагы сизге жакпай турганын айтып коюшуӊуз керек. Бирок мындай аракет алар жактан психологиялык кысым же зомбулук кѳрсѳтүлүшүнѳ алып келбѳѳгѳ тийиш.
Чоӊдор тарабынан эч кандай түшүнүү жана кабыл алуу жок болсо, анда сиз ѳзүӊүзгѳ техникалык коопсуздукту камсыздай аласыз: шарбелгилерди алмаштыруу, логиндерди сактап койбоо, соцтармактарга тыкыр кѳзѳмѳл жүргүзүү жана дайыма кароосуз калтырган түзүлүштѳрдѳгү аккаунттардан чыгып туруу.
Жеке чектерди мындайча бекемдѳѳ жана олуттуу «коргоо» — жагымсыз нерсе жана бир топ энергияны коротот, бирок алдыда жеке тынчтыгыӊызды камсыздайт.
Бул падышалыктагыдай эле — сиздин сепилиӊиз бар жана жалгыз гана сизге тиешелүү аймак. Башка жерлерде да сепилдер бар, бирок меймандар сизге уруксатыӊыз менен гана кире алат. Ал эми кимдир-бирѳѳ уруксатсыз кирүүгѳ аракет кыла баштаса — коргонууну күчѳтѳсүз: дубалдарыӊызды бекемдейсиз, эшиктерди бекитесиз, шартбелгилер системасын орнотуп, сепилге ким жана кандай максат менен кирүүгѳ аракет кылып жатканын билип турасыз.
Биринчи кезекте, ѳз сезимдериӊизди мүмкүн болушунча алар үчүн түшүнүктүү сѳздѳр менен жеткирүүгѳ аракет кылыӊыз. Бузуп кирүү тууралуу билген учурда кандай абалга түшкѳнүӊүздү же түшѳ турганыӊызды; андан кийин ѳзүӊүздү кандай сезгениӊизди жана эмне жѳнүндѳ ойлогонуӊузду; бул окуядан кийин үй-бүлѳдѳгү абал кандайча ѳзгѳргѳнүн — мындан ары ата-энеӊиз менен ортоӊордогу мамиледе эмне кем болуп калганын, эми алардан эмнени күткѳнүӊүздү түшүндүрүӊүз.
Ата-эненин жагдайга баа берүүсүнѳ таасир этүү мүмкүн. Бул үчүн болуп ѳткѳн окуяны башкача туюндуруп, «Эгерде мен силердин аккаунттарыӊарга кирип, жеке билдирүүлѳрүӊѳрдү окуп чыксам кандай болот эле» же «Эгер мен силердин досторуӊарды тажатма жана жагымсыз кишилер деп эсептеп, аларды сындап турсам кандай болмок?» сыяктуу суроо узатса болот. Бул сезимдериӊизди жеткирүүнүн бир жолу — ѳзүн сиздин ордуӊузга коюп кѳрүүсүн сунуштоо.
Мындан тышкары, кандайдыр бир метафораларды таап, сезимдерге туура келген сѳздѳрдү, ал тургай визуалдуу образдарды да колдонсо болот. Силердин оюӊарча, бул кийлигишүү эмнеге окшош? Мындан кийин ѳзүӊѳрдү кандай сезип жатасыӊар?
Бирок, мурунку бѳлүмдѳрдѳ бул ыкмалардын баары ата-эне угууга жана кылган каталары үчүн жоопкерчиликти мойнуна алууга даяр болгон учурда гана натыйжа бере ала турганын айтканбыз.
Сиздин жеке мейкиндигиӊизди бузуп киргенден кийин алгачкы күндѳрү сизде чочулоо жана шектенүү болушу мүмкүн — бул кадимки эле реакция.
Эгерде чочулоо жана тынчсыздануу жумалар бою улана берсе, анда мындай дискомфорттун кандай жагдайларда күчѳй турганын байкаштырыӊыз, ошондой эле ошол учурда жаралган ойлоруӊузду эстеп калууга аракет кылыӊыз. Мисалы: «Ата-энем мындан ары деле мени аӊдый берет! Кимдир-бирѳѳ мени кызыктай деп ойлосо керек. Мүмкүн, менде башка кишилерде шек жараткан бир нерсе бар?». Бул идеялар автоматтык түрдѳ жалган ойлор болуп чыга келиши ыктымал. Биз чочулоо абалына түшкѳндѳ, кѳбүнчѳ мээбизде иррационалдуу идеялар тегеренип жүрѳ берет.
Мындан тышкары, сиз ѳзүӊүздү бир нерседен токтото, толкундана, ачуулана башташыӊызга себеп болгон ойлорду дагы байкаштырып кѳрүӊүз — ошол учурда ѳзүӊүздү токтотуп, мындай идеялардын чындыкка дал келүүсүн текшерүү зарыл. Кѳп учурда булар когнитивдик тузак болуп калышы мүмкүн, башкача айтканда мээ баарын чаташтырып, бир логиканы экинчиси – туура эмеси менен алмаштырып коёт.
Эгер сиз мындай автоматтык ойлор менен иштѳѳгѳ аракет кылсаӊыз, жана натыйжага жете албасаӊыз — чочулоо улана берет. Психологго же ѳзүӊүз ишенген жана сиздин жеке иштериӊизге уруксатсыз кийлигишпей турганын билген чоӊ кишиге жардам сурап кайрыла аласыз. Ага ѳзүӊүздүн ойлоруӊуздун чынжырын түшүндүрүп, кандай жыйынтык чыгарып жатканыӊыз менен бѳлүшсѳӊүз болот. Тышкары киши катары чочулоолоруӊуз канчалык даражада негиздүү экенине туура баа бериши кыйла жеӊил болот.
Чочулоонун катуу приступтары келип чыккан учурларда адиске же досуӊузга кайрылуудан мурун, ѳзүӊүздү колго алып, азыр жана бул жерде экениӊизди, ѳзүӊүздүн денеӊизди сезүүнү үйрѳнгѳнүӊүз туура.
Буга колдорун, буттарын, башын, бетин ѳзү укалоо же дем алууну кѳзѳмѳлдѳѳ аракеттери кирет. Кѳӊүлүӊүздү денедеги сезимдерге топтоӊуз, жайбаракат дем алыӊыз жана тынчтанып бара жатканыӊызга байкоо жүргүзүӊүз — мындайча ой-толгоолоруӊуз да тынчтанат.
Материалды даярдагандар: Двор Медиа.