Түктүү жооптор

Адамдарга буттун ортосундагы жана колтуктагы жүн эмнеге керек? Ал жерде жүндү качан алууга болот?

Адамдардын денеси кашка, бирок толугу менен эмес. Эмне үчүн эволюция бизди бүтүндөй жылаңач кылып, кээ бир жерлерде бир аз жүн калтырганын караштырабыз.

Волосатые ответы, изображение №2

Эмне үчүн азыркы адамдар алыскы ата-бабаларындай жүндүү эмес?

Көбүнчө "бул эволюциялык жактан керектүү болгон", "бул тарыхый кубулуш" жана "бул жөн гана генетика" деген маанайдагы жоопторду укса болот. Бул, албетте, логикалуу, бирок эч нерсе түшүндүрбөйт. Мындай учурларда токтобой, тереңирээк ойлонуу керек.

"Эволюциялык жактан пайдалуу" деген эмнени билдирет? Бул табигый тандалуу принцибине ылайык (эволюцияны башкарган) эң күчтүүсү аман калат дегенди билдирет. Ал эми бул, өз кезегинде, кээ бир мезгилдерде жүндүү адамдар кашка туугандарына караганда жаңы жашоо шарттарына көнбөй, көп өлүп калганын көрсөтүп турат.

Андан да тереңирээк казсак: жүндүү ата-бабаларыбыз эмнеден өлүшү мүмкүн? Окумуштуулар бир нече версияларды сунуштап жатышат.

Алардын биринин айтымында, калың жүндү артык көргөн кан соргуч паразиттер аркылуу жугуучу инфекциялардан улам (бит, кене). Калың жүнү жоктордун денесинде паразиттер азыраак болгону үчүн алар азыраак ооручу. Мындан тышкары, жүндөн жана аны менен бирге паразиттерден бошонуу кашка адамдардын сексуалдык жагымдуулугун жогорулаткан. Рединг университетинин эволюционист-биологу Марк Пегел жүндүү жана кашка адамдар болжол менен бирдей санда кездешкен убакытта, жылаңач тери адамдын ден соолугун көрсөткөн жарнак баннер катары болугон деп болжолдогон. Кашка адамдын териси айланасындагылардын баарына: «Менде бүргө, кене жок! Кел, жупташып, тукумдашалы! ”- деп жарыя кылган.

Башка версия боюнча, жүндүү ата-бабалар ысык саваннада эки буту менен чуркай баштаганда катуу ысып кетип көбүрөөк жабыркап каза болушкан. Ал убакта адамдар примитивдүү куралга ээ болуп, бак-дарактардан түшүп, мөмө-жемиштерди гана эмес, андан да олуттуураак нерсени - этти жегиси келген. Ошентип, алар ууга чыга башташты. Бирок, алар күндүз гана аңчылык кыла алышкан: биринчиден, күндүз адам баласына коркунуч туудурган жырткычтар азыраак чыгышат, экинчиден, адамдар караңгыда жакшы көрө алышпайт. Албетте, калың жана узун жүндүү адамдарга шамдагай туяктуу жаныбарларды уулоо күндүзү өтө ысык болчу. Жүнсүз адамдарга кыйла комфорттуу болчу, анткени жылаңач дене чуркоодо шамалдап батыраак муздайт эле. Ошентип, кашка адамдар күн тийгенге азыраак дуушар болушкан, демек, алар жакшыраак аңчылык кылып, жакшыраак тамактанышкан.

Албетте, азыркы адамдардын жылаңачтыгын түшүндүрүүгө аракет кылган дагы көптөгөн версиялар бар. Бирок, алардын көбү бири-бирине карама-каршы келбейт. Кыязы, бир эле учурда бир нече факторлор чогулуп, биз таз болуп калдык.

Жыныстык органдарда, колтукта, эркектерде болсо бетинде жана көкүрөгүндө дагы жүн эмнеге жок болуп кеткен жок?

ШОК: эволюциянын жүрүшүндө адамдын денеси такыр жылаңач болуп калган эмес!

Биз, албетте, түксүз болуп калдык, жүнүбүз түшүп калды деп айтабыз, бирок бул таптакыр туура эмес. Анткени, бизде теринин бир сантиметриндеги түк фолликулаларынын саны шимпанзе, орангутан же башка маймылдардын санына дээрлик бирдей. Болгону адамдын фолликуласынан чыккан түктөр алсырап, кыскарып жана ичкерип кеткен.

Бирок, эмне үчүн түктөр бүтүндөй денеде алсыз ичке болуп калган жок? Эмне үчүн кээ бир жерлерде алар күчтүү семирткичтер менен сугарылып жаткандай бүт күчү менен - ​​коюу, кара, катуу өсөт?

Бул боюнча дагы бир нече версия бар.

Буттардын ортосунда жана колтукта атайын тер бездери - апокрин бар. Алар дененин калган бөлүгүнө караганда коюу терди чыгарышат. Бул тер менен бирге карама-каршы жыныстагы жыныстык каалоону ойготуучу заттар – сүйүүнүн феромондору деп аталган заттар түктөрдүн бетинде калып, акырындап бууланат деген версия бар. Башкача айтканда, интимдик жерлердеги жүн канчалык калың болсо, ошончолук феромон жытын таратып, инсандын сексуалдык жагымдуулугун жогорулатууга жардам берет. Бирок, сүйүүнүн феромондору деп эмнени атоого болот, илимпоздор али аныктай элек.

Экинчи версия түктөрдүн алада жана колтукта гана эмес, буттардагы, ошондой эле эркектерде сакал-муруттун жана көкүрөктөгү чачтын болушун түшүндүрөт (баса, бардык адамдарын көкүрөгүндө түктөр боло бербейт - жана бул нормалдуу).

Бардык белгиленген аймактарда жүндүн тез өсүшү, жыныстык жетилүү учурунда башталат. Адам алма сыяктуу бир убакта бышат. Мөмө-жемиш бышып, анын уруктары жаңы бүчүр бере аларын биз анын тышкы белгилеринен байкайбыз - алма ширелүү түсүн алмаштырып көз кычыштырат. Жетилип жаткан адам, албетте, өңүн өзгөртпөйт, бирок анын дагы сырткы жетилгендик белгилери болот – анын жүнү. Алар дүйнөгө адамдын жетилгенин жана көбөйүүгө даяр экендигин билдирет.

Жүндүн өсүшүнө эмне себеп болот?

Тестостерон жана эстроген жүндүн өсүшүн айдайт! Жыныстык жетилүү маалында эркектин организми (урук жана бөйрөк үстүндөгү бездерде) жыныстык гормон - тестостеронду көбүрөөк чыгара баштайт. Ал бала кезинде да бар, бирок өтө аз өлчөмдө.

Волосатые ответы, изображение №4

Бул гормон жаңы жерлерде жүндүн активдүү өсүшү, анын ичинде жетилген денеде пайда болгон өзгөрүүлөрдүн көбү үчүн жооптуу. Кыздарда ошол эле процесстер энелик бездер жана бөйрөк үстүндөгү бездер тарабынан өндүрүлгөн эстроген гормонунун активдешүүсү үчүн жооп берет.

Тестостерон аялдын, ал эми эстроген эркектердин денесинде дагы бар - жөн гана эркектер менен аялдардагы бул гормондордун пропорциялары ар башка.

Эгерде жүн дагы эле өсө баштабаса, бул нормалдуубу? А тескерисинче, өтө көп болсочу?

Бардык адамдар ар түрдүү жана ар кандай өнүгүү темптери бар – айрымдарын онунчу класста эле сакал басып, барбершопко барып кырктырышат, башкалары мектепти аяктагандан кийин гана биринчи жолу колуна устара алышат. Бул нормалдуу нерсе.

Кыздардын бойго жеткендигин көрсөткөн жүн орто эсеп менен 10 жаштан 16 жашка чейин чыга баштайт. Эркек балдарда - 11ден 17ге чейин.

Башкача айтканда, кимдир бирөөнүн аласында же колтугунда жүн 11 жашында, ал эми кимдир бирөөдө 15 жашында гана пайда боло баштаса, бул нормалдуу көрүнүш. Бул жерде негизги сөз "БАШТАЙТ", анткени көпчүлүк адамдар үчүн жүн 18 жаштан кийин гана, жада калса 20 жаштан ашкан кезде, толугу менен өсө баштайт. Кээ бир жерде аз же өтө сейрек өсүп жатса, кабатыр болбо - кийинчерээк көбөйөт.

Экстремалдык учурларда гана тынчсызданууга керек. Мисалы, колтуктагы же жыныстык органдардын жанындагы түктөр өтө эрте - 7 жашта, пайда болсо. Бул жалган жыныстык жетилүү деп аталат. Бул гормондордун дисбаланс менен байланышкан тубаса оорулар жана залалдуу шишиктер менен шартталышы мүмкүн. Бул жерде дароо эндокринологго кайрылуу жакшы.

Тескерисинче - эгерде жүн 18 жашка чейин жана андан кийин пайда болбосо жана жыныстык жетилүүнүн башка белгилери кечиксе (дене кичинекей баладай болуп калса, үн өзгөрбөйт ж.б) анда эндокринологдун текшерүүсүнөн өтүү керек.

Ашыкча түктүүлүк да анормалдуу болушу мүмкүн. Мисалы, эгерде кыздарда кара жана катуу мурут пайда болсо, же жамбаштын түктөрү сандын ички тарабында, курсагында көп санда өсө баштаса, бул тестостерондун ашыкча өндүрүлүшүн көрсөтөт. Бул гормон эмне себептен көп санда иштетиле баштаганын дарыгерлердин жардамы менен гана билсе болот.

Эркектерде жүндүн көбөйүшү көбүнчө норма болуп эсептелет. Бирок, эгерде бул өтө эле ашыкча көрүнсө, анда адистердин текшерүүсүнөн өтүү зыяны жок.

Аладагы жүндөр жугуштуу инфекциялардан коргойт деп көп айтылат. Ошондойбу?

Албетте жок. Инфекциялар пенис менен кындын (же көтөн чучуктун) ортосундагы тыгыз байланыш аркылуу жугат. Бул учурда жыныстык катнашта болгон адамдардын денелеринин ортосунда алардагы суюктуктардын жана микробдордун алмашуусу болот. Анан, албетте, бул суюктуктарды кармап турган презервативдин ролун эч бир жүн аткара албайт.

Бирок бул мифтин популярдуулугу түшүнүктүү. Анткени, аладагы түктөрдү алгандар чындап эле инфекцияга чалдыгышат. Жүндү кыруу же мом менен тазалоо учурунда териде микротравмалар калат, алар чындыгында организмге патогендик бактериялардын жана вирустардын кириши үчүн порталга айланат.

Материалды даярдаган: Двор Медиа