Жеке чектерди коргоо абдан маанилүү, бирок канткенде аша чаппай, аларды коргоодо агрессивдүү жолдордон алыс боло алабыз? Ассертивдүүлүк жолун тандасак болот. Бул көп кырдуу түшүнүк. Ассертивдүүлүк көндүм да, баарлашуу стили да, коммуникациядагы жүрүм-турум дагы болуп саналат. Анын талаптары төмөнкүдөй:
· башка кишинин чектерине зыян келтирбестен жеке чектерин коргоо,
· жагымсыз жана көңүлү каалабаган нерседен баш тартуу («жок» деп айтканды билүү),
· башка кишинин жасаган аракеттери ыңгайсыздык жараткан учурда, ал кишиден жүрүм-турумун өзгөртүүсүн сурануу жөндөмдүүлүгү,
· сезимдери менен жеке пикирин айта алуу.
Ассертивдүү жүрүм-турум адамдарга туура мамиле түзүүгө, негативдүү эмоцияларды контролдоого, инсан аралык конфликттерди чечүүгө жана жеке муктаждыктарынын аткарылбай калышына жол бербөөгө жардам берет.
Ассертивдүүлүк идеялары 1960-жылдары гуманисттик психология чөйрөсүндө жаралган. Андан кийин клиникалык практикада ал идеялардын турмушта колдонулушун жайылтуу үчүн чоң түрткү пайда болгон.
Консультанттар менен терапевттер депрессия жана невротикалык абалдагы адамдарда ассертивдик көндүмдөр төмөн болорун байкашкан: алар жеке муктаждыктары менен сезимдерин аныктай алышпайт, чечимдерди кабыл алууда кыйналышат, сүйлөшүүдөн көп учурда коркуп турушат.
Ассертивдүүлүк боюнча изилдөө жүргүзгөн алдыңкы психологдордун бири — Эндрю Солтер — депрессияга кабылган бейтаптардын өзүнө болгон ишениминин жоктугунун себептерин карап чыгып, аны жоюунун жолдорун табууга аракет кылган.
Көп жылдар бою аткарган иштеринин натыйжаларын жыйынтыктап жатып, Солтер ассертивдүү адамдын 6 мүнөздөмөсүн көрсөткөн:
1. жеке сезимдерин ачык билдирүү менен коштолгон эмоционалдык кеп;
2. сезимдерди спонтандык жана так билдирүү менен коштолгон экспрессивдик кеп;
3. жеке көз караштарын түз жана ачык билдирүү аркылуу башка бирөөнүн пикирине оппоненттик кылуу жана каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүгү;
4. киши өзүнүн айткандары үчүн жооп бере турганынын далили катары «Мен» деген жактама ат атоочту колдонуу;
5. мактоону өзүн мактагандыктын белгиси катары эмес, өзүн сыйлагандык жана өзүнүн алы-күчү менен жөндөмдүүлүктөрүнүн туура бааланышы катары кабыл алуу;
6. жеке иш-аракеттеринде импульстуулукка жакындык, импровизацияга даярдык.
Албетте, Солтердин идеяларына көптөгөн сындар айтылган. Маселен, орус психологу Владимир Ромек жогорудагы мүнөздөмөлөрдүн клиникалык практикада таасирдүү экенин, бирок реалдуу жашоодо иштебей турганын, турмуштук кырдаалдарда аларды колдонуу натыйжалуу болбостугун айтып чыккан. Дагы бир орус психологу Сергей Степанов байланыш эмоциялар менен сезимдер спонтандуу билдирилбей, тескерисинче, учурдагы абалды эске алуу менен көзөмөлдөнгөн учурда кыйла натыйжалуу түзүлө турганын белгилеген.
Ассертивдүүлүктүн өркүндөтүлгөн концепциясын америкалык психолог Стивен Стайн сунуштаган. Ал ассертивдүүлүктү эмоционалдык интеллекттин бир бөлүгү катары караган. Стайндын пикири боюнча, ассертивдүүлүк бир гана жеке эмоцияларын аныктоону жана билдирүүнү камтыбастан, аларды контролдоону да өз ичине алат.
Болот. Nemours Children's Health коому өзүндө ассертивдүүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча бир нече сунуш берет:
1. Эмнени каалаганыңызды билиңиз
Кайсы жеке чектерди коргоо зарыл экенин билиш үчүн, алгач аларды аныктап алуу керек. Сизге эмне жагат, эмне жакпайт? Конкреттүү жагдайда сизде кандай сезимдер жана ойлор пайда болот? Мүмкүн, сиз дайыма башкаларга үй тапшырмасын көчүрүп алууга бересиз. Бирок, ошол эле учурда эмгегиңизди кызганасыз. Өзүңүздүн муктаждыктарыңызды аныктап чыгыңыз.
2. Пассивдүү сөздөрдү контролдоңуз
Бир нерсени каалап, бирок айтуудан корккон учурларыңыз көп болду беле? Анын ордуна «билбейм», «мага кереги жок», «анча маанилүү эмес» деп айтасызбы? А бирок чынында билесиз, ал нерсе сизге керек жана сиз үчүн маанилүү. Мисалы, досуңуздукуна конокко бардыңыз жана тамак жегиңиз келип жатат дейли. Анын апасы бир нерсе жеп алууну сунуштады, бирок дароо макул болгондон уялып жатасыз. Ассертивдүү болууга жана муктаждыктарыңызды билдирүүгө аракет кылып көрүңүз: «Чоң рахмат! Сунушуңузду кубануу менен кабыл алам!»
3. Өтүнүчүңүздү билдириңиз
Жардам суроо — кээде уялганыбыз менен кадимки эле көрүнүш. Сизге жардам берүү жөнүндө чечимди башка киши кабыл алганын эсиңизден чыгарбаңыз. Сизге жардам берүүгө макул болгону же баш тартканы үчүн эми ал өзү жооп берет. Эмнеге муктаждыгыңыз бар экенин ойлонуп көрүңүз. Балким, учурда сынактардан улам стресске кабылган абалдасыз, жана бул тууралуу досуңуз менен бөлүшкүңүз келип жатат. Жазып, жардам сурагандан тартынбаңыз жана коркпоңуз.
4. Пикириңизди айтканды билиңиз
Пикир — бул сиздин көз карашыңыз. Буга сиздин толук укугуңуз бар. Пикир туура же туура эмес деп сыпаттала албайт. Бул сиздин жеке мамилеңиз. Эгерде бир нерсе жакпай жатса — бул тууралуу айтсаңыз болот. Мисалы, өнөктөр бир сериалды көрүүнү пландап жатышат дейли, бирок алардын бирине сериал жакпайт. Ал бул тууралуу билдирип, экөөнө тең бирдей жага турган вариантты сунуштоого толук укуктуу. Бирок, пикирин билдирүүдө атайылап бирөөгө тийишүү, же аны таарынтуу көздөлбөш керек экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
5. «Мен-билдирүүлөрдү» колдонуңуз
«Менин оюмча …», «Мага … сезилип жатат», «Мен … каалайм», «Мага … жакпайт», «Мен … жакшы көрөм» жана башка ушул сыяктуу билдирүүлөрдү колдонууну үйрөнүңүз. Бул тууралуу кененирээк «Зомбулукчу эмес баарлашуу» аттуу материалыбыздан окусаңыз болот.
6. Ассертивдүүлүктөн үлгү алыңыз
Мүмкүн сиздин айланаңызда ассертивдүүлүккө үлгү боло турган гуру киши бар. Ал өзүнө абдан ишенет, оюн айтуудан тартынбайт жана өзү каалагандай аракет аткарат. Анын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүп көрүңүз. Балким, өзүңүзгө керектүү сапатын үйрөнүп аласыз.
7. Сиздин көз карашыңыз маанилүү экенин унутпаңыз
Сезимдериңиз, ойлоруңуз, идеяларыңыз маанилүү экенин өзүңүзгө көбүрөөк эскертип туруңуз. Ассертивдүүлүк, биринчи кезекте, ички маанайдан көз каранды болот. Бир нерседен ассертивдүү баш тартканыңызды же жеке чектериңизди коргой алганыңызды байкаган учурда өзүңүздү мактап койсоңуз болот.
Джеймс Уильямс «Ассертивдүүлүк тренинги» аттуу китебинде «жок» деп айтууну үйрөнүүнүн 8 жолун сунуштайт:
1. Өзүңүзгө «жок» деп айтууга уруксат бериңиз. Кандай жагдай болгон учурда да, ким менен сүйлөшүп жатсаңыз да сизде мындай укук бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
2. «Жок» деп позитивдүү айтыңыз. Агрессивдүү формада «жок» деп айтылган сөздүн жумшагыраак кесепети — кишини өзүнөн алыстат, катуураагы – жооп иретиндеги агрессияны пайда кылат. «Жок» деп сылык айтыңыз. Мисалы, «Мен жардам бермекмин, тилекке каршы башка пландарым бар», «Абдан өкүнүчтүү, бирок мен сизге жардам бере албайм» сыяктуу.
3. Чынчыл болуңуз. Калп айтканга караганда «жок» деп айтууңуздун себебин көрсөтпөй койгонуңуз жакшыраак. Актануу үчүн шылтоо издебеңиз жана оюңуздан чыгарбаңыз. Эгер колуңуздан келсе, баш тартып жатканыңыздын себебин айтыңыз, айта албасаңыз, анда жөн гана «жок» деп коюңуз.
4. Кишиге эмес, өтүнүчкө «жок» деп айтканды үйрөнүңүз. Ассертивдүүлүк боюнча, өтүнүч менен кайрылган кишиге эмес, анын өтүнүчүнө «жок» деп айтуу зарыл.
5. Өз учурунда айтыңыз. Эгерде «жок» деп айтууну чечсеңиз, анда убакытты чойбостон, муну дароо айтыңыз. Сиздин жоопту кечиктиргениңиз маектешиңиз үчүн сизди көндүрүүгө өбөлгө болушу ыктымал. Чечкиндүү болуп, мүмкүн болушунча тезирээк «жок» деген жоопту бериңиз.
6. «Жок» деп айтуунун жолун табыңыз. «Жок» деп айтыш үчүн ыңгайлуу учур менен ыңгайлуу жерди тандаш керек. Түнкү саат үчтө чалып, бир нерсени аткаруудан баш тартканыңызды билдиргениңиз туура болбойт (кризистик абал болбогон учурда). Киши менен бетме-бет сүйлөшүү мүмкүн болсо, анда бул жолду тандаган туура.
7. «Жок» деп айтуунун себебин түшүндүрүңүз. Бул сунуш эки себептен улам пайдалуу. Биринчиден, сиз себепти өзүңүз үчүн аныктаган учурда өз чечимиңизди жактоо кыйла жеңил болот — муну эмне үчүн кылып жатканыңызды жакшы билесиз, буга негиздүү далилиңиз бар. Экинчиден, башка кишиге себептерди түшүндүрүп берүү маектешиңиз менен сүйлөшүүдөгү түшүнүксүз учурларды жылмалоого жардам берет. Сиз ага өзүңүздүн позицияңызды түшүндүрүңүз. Бирок муну жасоого милдеттүү эмес экениңизди эсиңизден чыгарбаңыз!
8. «Жок» деген жообуңузга туруктуу болуңуз. Бирөө сизди бир жолу көндүрө албай койгон учурда көшөрүп, көндүрүүгө кайра аракет кылышы, же болбосо манипуляциялоого өтүшү мүмкүн. Эгер сиз өтүнүчтү аткарууга же компромисске барууга даяр эмес болсоңуз — айтканыңыздан кайтпаңыз. Кээде маектешиңизге жеке позицияңызды ачык эле айтканыңыз туура болот. Маселен, «Бул менин так кесе чечимим», «Мен муну аткарбай турганымды чечтим», «Сен убара болбой эле кой, мен аткара албайм», «Менин бул чечимим өзгөрбөйт» жана башка.
Маектешиңиз менен «сылык» (конструктивдүү, конфликттүү эмес) сүйлөшүүгө аракет кылып жатсаңыз да, ал көшөрүп өзүнүкүн бербеген учурлар да кездешет эмеспи. Мындай абалда эмне кылуу керек? Мануэль Дж.Смит тарабынан сунушталган чабуулчуну тынчтантууга жардам берүүчү бир нече ыкма бар.
Сизге зарыл болгон нерсени улам-улам, эң башкысы – токтоолук менен кайталоо керек. Бул тырышчаактыкты талап кылат, бирок мындай техника башкалардын манипуляциясына моюн сунбоого жардам берет.
Мугалим: Женя, кийинки жумада ыр айтуучулардын райондук сынагы болот. Биздин класстын атынан сени жибердим. Шейшемби күнгө эки ыр жаттап кел.
Окуучу: Рахмат, эжей. Бирок мен буга кызыкпайм.
Мугалим: Кантип кызыкпайсың? Сага адабият жагат да!
Окуучу: Ооба, мен адабият сабагын жакшы көрөм. Бирок ыр айтуучулардын сынагына катышкан мага кызык эмес.
Мугалим: Бирок, класттын, мектептин, акыры-аягы райондун намысы үчүн барышың керек да!
Окуучу: Мен түшүнүп турам, бирок мага бул кызык эмес. Башка каалоочулардан караштырып көрүңүз да.
Мугалим: Мени менен антип сүйлөшкөндү токтот. Барасың, сөз бүттү!
Окуучу: Баш тарткандыгым менен ачууңузга тийип алганым үчүн кечирим сурайм. Бирок ыр айтуучулардын сынагы мен үчүн кызык эмес.
Мугалим: Мен ата-энеңди мектепке чакырам, мен көндүрө албасам, ата-энең көндүрөт.
Окуучу: Балким, сынакка катышкандыгым үчүн ата-энем кубанмак. Бирок мени ыр айтуучулардын сынагы кызыктырбайт. Алар менин чечимимди колдошот деп ишенем.
Мугалим: Ой, деги кандай көгөргөн немесиң, бар кете бер. Сени көндүрөм деп чарчап да кеттим. Петяны жиберем.
«Чийилип калган пластинка» натыйжалуу болбой, маектешиңиздин сөзүнө «көнүүгө» даяр болуп бара жатсаңыз — «акылга сыярлык компромисс» тактикасын колдонсоңуз болот. Бул жерде сиздин кызыкчылыктарыңыз менен муктаждыктарыңыздын да канааттандырылышы маанилүү.
1-курбу: Сен эмнеге бүгүн ашканадан мени менен отурбай койдуң?
2-курбу: Менин жигитим менен отургум келди (чийилип калган пластинка).
1-курбу: Ээ, мен сени курбум деп жүрсөм…
2-курбу: Биз экөөбүз курбу элебиз. Бирок менин жигитим менен отургум келди (чийилип калган пластинка).
1-курбу: Жок ай, мени менен чогуу отургуң келбесе, анда экөөбүз курбу эмеспиз.
2-курбу: Тилекке каршы, кечкисин музыкалык ийримге барган үчүн жигитим менен жолуга албай калам. Бош убактымды аны менен чогуу өткөргөнгө аракет кылам. Аны менен чогуу отуруп тамак жегим келет (чийилип калган пластинка).
1-курбу: А менчи? Тамактануу учурунда ушакташууларды сагындым.
2-курбу: Мм, кел анда баарыбыз чогуу отуралы. Экөөңөрдү таанышырам. Бир столго отуруп, бирге көңүл ачабыз (акылга сыярлык компромисс).
Мындай техника башка кишилердин ашыкча сындоолоруна туруштук берүүгө жардам берет.
Сиз сындарды угуп, бирок аларга реакция кылбай, сын айткан адамга атырылбайсыз. Туман сыяктуу болсуз — туман объектилерди өзүнөн өткөрөт, бирок алар ага эч кандай зыян келтире албайт.
Мунун мааниси сын айткан тараптын сөздөрү менен жарым-жартылай же толук макул болгонуңузда. Башкача айтканда, сындаган киши туура айтып жатышы мүмкүн, бирок сиз өз оюңуздан кайтпай турганыңызды билдиресиз. Бул техника маектешти укканга да жардам берет: сиз аны менен макул болуу аркылуу анын айткандарын чагылыштырасыз.
Туман оюнуна төмөнкүдөй диалогду мисал келтирели:
Апасы: Сен көчөгө ушинтип чыкканы жатасыңбы? Бул көйнөк сени толук көрсөтөт экен!
Кызы: Ооба, туура айтасыз, бул көйнөк менен толугураак көрүнөм.
Апасы: Анан ушуга макул болуп кете бересиңби? Сени бул кейпиң менен жигиттер карабайт да!
Кызы: Ооба, көбүнчө балдарды башкача көйнөк кийген кыздар кызыктырат го.
Апасы: Ой, деги кандай немесиң. Жок дегенде чачы-башыңды тарап алчы, саксайбай.
Кызы: Ооба, бүгүн чачыма күндөгүдөй кам көргөн жокмун го.
Апасы: Сеники дайыма эле ушундай, бүгүн эле эмес. Өзүңө жакшылап кам көрсөң боло!
Кызы: Ооба, мүмкүн, чындап эле өзүмө көбүрөөк көңүл бурушум керектир.
Апасы: Кетчи бар, каракчыдай болбой!
Кызы: Ооба, мен бара берейин, жакшы калыңыз!
Бул бөлүктөн негиздүү сынга да, негизсиз сынга да ассертивдүү мамиле кылууга эмне жардам берери тууралуу айтып беребиз.
Башка бирөөнүн айткан сыны туура болсо эмне кылабыз? Мисалы, бир нерсени макулдашкандай эмес, башкача аткарып, жаңылыштык кетирдиңиз дейли. Мындай учурда актанбастан жана өзүңүздүн катаңызды танбастан, айтылган сынга кантип конструктивдүү мамиле кылсаңыз болот?
Сынчынын негативдүү билдирүүлөрү менен макул болуп, катаны моюнга алуу жана бул тууралуу маектешине билдирүү зарыл. Көбүнчө мындай учурларда сын айткан киши токтоп калат да, басмырлоону, улам жаңы сындарды айтууну андан ары улантпайт:
Староста: Катя, зачёттук китепчеңди бүгүн алып кел дебедим беле. Бул эмне кылганың!
Катя: Ооба, туура айтасың, бүгүн зачёттук китепчемди алып келген жокмун. Эмкиде унутпай алып келгенге аракет кылам.
Жагдай же сезимдериңизге жараша андан ары улантса болот. Мисалы, зачёттук китепче жок жана мугалим өргүүгө кетип жаткандыктан ага баа койдуруу мүмкүн болбосо же катаңызды оңдош үчүн бир нерсе кылуу зарылдыгы келип чыкса, анда жагдайды өзгөртүш үчүн эмне кылуу керек экенин сурасаңыз болот. Же болбосо, көйгөйдү чечүүнүн жолун сунуштап көрүңүз:
Катя: Ооба, туура айтасың, ыкыластуураак болушум керек эле. Эки сааттын ичинде зачёттук китепчеме барып келе алам. Саат 17:00дө сенин колуңа берем. Жарайбы?
Сизге сын айткан кишинин анын койгон дооматтары канчалык туура жана негиздүү экенин билиш үчүн жаңы далилдерди алууга жардам бере турган техника бар.
Мындай ыкма маектешиңизге сиздин жүрүм-турумуңуздагы жакпаган нерсени билүүгө, андан соң бул маселелерди чечишип алып, ортодогу мамилени оңдоого жардам берет.
Ал эми сындын негизсиз экендигин аныктап чыксаңыз — бул тактика маектешиңиз сизге жөнү жок чабуул жасап жатканын өзү түшүнө тургандай кылып, аны «кыйнап коёт».
Тактиканын маңызы — маектешиңизден токтоосуз маалыматты тактай бериңиз. Мындай диалогдогу түйүндүү фраза - «… эмнеси жаман».
Вика: Катя, берчи, үй тапшырмасын көчүрүп алайын!
Катя: Жок, көчүрткүм келген жок.
Вика: Берчи, суранам. Аяп атасыңбы?
Катя: Жок, жөн гана үй тапшырмасын көчүрткүм келген жок.
Вика: Бул жакшы эмес да. Сен курсташтарыңа дос эмессиңби?
Катя: Үй тапшырмасын өзү аткарып келсе боло тургандарга көчүрүп алууга бербей жатканымдын эмнеси жаман?
Вика: Мындай кыялың менен сени эч ким кошпойт.
Катя: Анан? Эмне болот экен?
Вика: Досторуң да жок калат.
Катя: Мени менен эч кимдин сүйлөшпөй койгону досторумдун баарынын жашоомдон жок болуп кетишине кандайча таасир эте алат? Кудайга шүгүр, менин үй тапшырмамды аңдыбаган досторум көп эле.
Вика: Анда бул жерде жалгыз жүрөсүң!
Катя: Жалгыз жүргөндүн эмнеси жаман?
Вика: Ээ, бар жоголчу, тажаттың суроолоруң менен.
Катя: Мм, суроо бергенимдин эмнеси жаман экен?
Бул бөлүк башка киши (таанышпы же бейтаанышпы, маанилүү эмес) менен диалог жүргүзүүнү жакшы билбегендер үчүн пайдалуу.
Өзүн өзү ачуу. Бир караганда, кайдагы техника, бул — кадимки эле сүйлөшүү деген ой жаралышы мүмкүн. Өзүн өзү ачуунун мааниси маектешиңиз менен баарлашып жаткан учурда сизге эмне жакканын/жакпаганын, сизди эмнелер тынчсыздандырганын/чочулатканын, эмнелерди билбегениңизди ж.б. ачык айта алганыңызда. Муну менен катар эле, өзүн өзү ачуу жеке чектериңизди белгилеп алуу мүмкүндүгүн да берет.
Медета: Оо, Анна, салам!
Аня: Медет, салам! Сенден бир сураныч, мага мындан кийин Аня деп кайрылчы. Мага өзүмдүн толук атым жакпайт.
Медет: Апей, эмнеге?
Аня: Бала кезимде мени катуу тартипте чоң энем тарбиялаган. Мен, анын ою боюнча «бир нерсени туура эмес» кылган учурда, ал эми мындай учурлар дайыма болуп турчу, мага Анна деп кайрылар эле. Эми болсо, өзүмдүн толук атымды укканда, ошол жагымсыз учурларды эстеп кетем.
Медет: Ой, бул качан болгон нерсе! Сен чоңойо элексиң го? Мугалим болууну каалайсың, ошондо сага окуучуларың Аня деп кайрылабы?
Аня: Мен өзүмө кандай ыңгайлуу болсо, ошондой кайрылууну өтүнүп жатам. Балким, кийин толук ысмыма көнүп кетем. Же болбосо, мугалимдерге аты менен атасынын атынан кайрылбай турган мектепти таап, ошол жакка барып иштейм. Бирок, азырынча мен үчүн мага Аня деп кайралгандары ыңгайлуу. Сураныч, менин чечимимди сыйла.
Медет: Макул-макул, Аня, түшүндүм, кечирип кой.
Бул техника иштеш үчүн маектешин активдүү угуу маанилүү.
Андан ары, айтылгандарга таянып, андан жаңы маалыматтарды билүүгө умтулуу зарыл. Бул - айтылган нерселердин бир бөлүгүнө «жабышып алып», маалыматты дагы көбүрөөк ачууга аракет кылган сыяктуу.
Абитуриент: Саламатсызбы! Мага сизди ушул жерде окуйт деп айтышты. Бул жердин окуусу көп убакытты алабы, ушул тууралуу айтып бере аласызбы? Башка иш-аракеттерге убакыт калабы?
Студент: Салам! Биздин студенттик жашоодо бош убакыт дээрлик жокко эсе. Окуу үчүн гана эмес, окуудан тышкаркы иш-чараларга байланыштуу. Ал эми окууга канча убакыт бөлө турганыңды өзүң чечесиң.
Абитуриент: Түшүнүктүү, рахмат! Сиз окуудан тышкаркы иш-чаралар тууралуу айттыңыз. Окуу жайда эмнелер бар?
Студент: Көп нерсе бар: спорттук секциялар, фестивалдар. Илимий ийримге барса же интеллектуалдык оюндарды ойносо болот.
Абитуриент: Кандай спорттук секциялар бар?
Студент: Футбол да, воллейбол да, баскетбол да. Ушуларга көп барышат. Мындан тышкары шахмат, пинг-понг, йога жана чирлидинг бар.
Абитуриент: Силердин өзүңөрдүн курамаларыңар барбы? Мисалы, мен футболго кызыгам.
Ушул сыяктуу уланып кетет.
Бул мисалда абитуриент жаңы эле студенттен уккан маалыматка таянып, диалогду улантып кетти. Өзүнө керектүү маалыматка ээ болуу үчүн көп суроо берди.
Булак: Двор медиа