Комбинацияланган оралдык контрацептивдер (КОК) — бул каалабаган кош бойлуулуктун алдын алууга жардам берген таблеткалар. Алардын курамында эстроген жана прогестин гормондору болгон үчүн бойго бүтүрбөөчү таасирге ээ. Гормондор энелик бездин сперматозоид менен биригип, зиготаны пайда кыла турган урук клеткасын чыгаруусуна жол бербейт. Мындан тышкары, таблеткалар цервикалдык былжырда жана жатындын былжырлуу чели — эндометрийде өзгөрүүлөргө жол ачкандыктан, түйүлдүктүн пайда болушу жана бекиши үчүн тоскоолдук жаралат.
Идеалдуу колдонгон учурда, контрацепциянын бул ыкмасынын натыйжалуулугу 97-98%ды түзөт. Анткен менен таблеткаларды туура ичүү оңой эмес, ошондуктан бир жылда жүз аялдын ичинен тогуз аял пландалбаган кош бойлуулукка учурайт. Мындай болушу үчүн бир же эки таблетканы ичпей коюу жетиштүү. Таблеткаларды ырааттуу - күн сайын бир эле убакта ичкенде гормондор өйдө-төмөн болбой, каражаттын ишенимдүүлүгү жогорулайт.
Эреже катары, бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды 21 күн бою үзгүлтүксүз колдонуу зарыл. Негизинен аялдар гормондор камтылган «активдүү» таблеткаларды үч жума ичип, андан кийин эки күндөн жети күнгө чейин «активдүү эмес» таблеткаларды ичишет. Көпчүлүк аялдарда активдүү эмес таблеткаларды ичип жаткан мезгилде этек кирге окшош кан келет. «Бош» таблеткалар ыңгайлуулук үчүн гана — жаңы таңгакты баштоо убактысын билүү максатында колдонулат.
Аял киши бойго бүтүрбөөчү таблетканы ичип жаткан мезгилдеги кан агуу кадимки этек кирден айырмаланат. Мунун себеби, аялдар КОК колдонгон учурда овуляция болбогондуктан, менструалдык фазанын өзгөрбөй калуусунда. Кадимки циклде (таблеткасыз) табигый гормондор денени урук клеткасын чыгарып, уруктанууга даярдаган үчүн өзгөрүп турат.
Медициналык көз караш боюнча, аял гормондорду ичүүнү токтоткон учурда, анда этек кир эмес, токтотуу кан агуусу болот. Гормондордун деңгээлинин төмөндөшү эндометрийдин бөлүнүшүнө алып келет. Мындай кан агуу кадимки этек кирден айырмаланат: көбүнчө азыраак келет жана ААС симптомдору менен коштолбойт. Кээ бир аялдарда КОК колдонгон учурда токтотуу кан агуусу дагы болбойт. Бул абал көбүнчө гормондордун дозасы жогору же үзгүлтүксүз активдүү таблеткаларды ичкен аялдарда кездешет.
Комбинацияланган бойго бүтүрбөөчү таблеткалар — каалаган убакта токтотуп коюу мүмкүн болгон сактануунун ишенимдүү формасы. Кадимки айыз цикли, кош бойлуулук жөндөмдүүлүгү — фертилдүүлүк — таблеткаларды колдонууну токтоткондон кийин дароо эле нормага келиши керек. Бирок таблеткаларды колдонууга киришүүдөн же токтотуудан мурун гинеколог менен кеңешүү абзел.
1960-жылдары оралдык контрацептивдерди ойлоп табуу революциялык мүнөзгө ээ болуп, көптөгөн аялдарга пландалбаган кош бойлуулукка жол бербөө мүмкүндүгүн камсыздаган. Илимпоздор жеткилең иштеп чыгып, жакшырткан үчүн 60 жылдан ашуун мезгилдин ичинде таблеткалардагы гормондордун дозасы кыйла эле азайды. Бүгүнкү күндө КОК каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу максатында көп аялдар тарабынан колдонулуп келе жаткан сактануунун эң коопсуз жана натыйжалуу жолдорунун бири болуп саналат. Мисалы, АКШда репродуктивдик курактагы аялдардын болжол менен 25%ы КОК колдонушат.
Бирок кээ бир өлкөлөрдө КОКторго медициналык көрсөтмөлөр менен аларды колдонуу барган сайын азаюуда. Маселен, Германияда 2019-жылы бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды аялдардын 46%ы колдонгон болсо, 2021-жылы — 32% деген көрсөткүч алынган. Эксперттер мындай тенденциянын болжолдуу себептеринин бири катары, бардык эле медициналык препараттарда болгон кыйыр таасирлерди белгилешүүдө. Бул тексттен «Двор» Москвадагы Фомин клиникасынын гинекологу Дмитрий Холодов менен чогуу бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын кандай оң жана терс касиеттери бар экенин түшүндүрүп берүүгө аракет кылат.
Дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүндө бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды рецепт менен гана алуу мүмкүн болсо, айрымдарында — дарыканага барып эле, керектүү препаратты сатып алуу жетиштүү. Бирок мындай каражаттарды дарыгер менен кеңешпей туруп, өз алдынча иче берсе болобу?
Бардык эле медициналык препараттар сыяктуу эле, бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды каалаган аялдар колдоно албайт, белгилүү каршы көрсөтмөлөрү бар. Конкреттүү аялга сактануунун бул ыкмасы туура келип же келбегенин билиш үчүн дарыгерге кайрылып, тийиштүү текшерүүлөрдөн: гинекологдун текшерүүсүнөн жана кичи жамбаш органдарынын УДИсинен өтүүсү зарыл. Мындан тышкары, врач үй-бүлөдөгү оорулар жөнүндө маалымат сурайт. Эгерде ата-энеде же туугандарда кандайдыр бир оорулар болгон болсо, анда кыйыр таасирлердин пайда болуу тобокелдиги жогорулашы ыктымал.
Комбинацияланган гормондук таблеткалар көпчүлүк аялдар үчүн коркунуч жаратпайт, бирок сейрек учурлар тромбоз, инфаркт жана инсульттун келип чыгуу тобокелдигинин жогорулашы менен байланыштуу. Тобокелдик кээ бир аялдарда, өзгөчө күнүнө 15тен ашык тамеки чеккен 35 жаштан өткөн аялдарда, же болбосо жогорку холестерин деңгээли, жогорку кан басымы жана диабет сыяктуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын көптүк тобокелдик факторлору бар аялдарда жогору болот.
Аура менен катуу шакый, өт же боор оорулары, депрессия жана башка көптөгөн абалдар гормондук контрацептивдерди колдонууга каршы көрсөтмө болушу мүмкүн.
Врачтын тийиштүү текшерүүсү жок аялдын бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды колдонуусун токтотууну талап кылган факторлор көз жаздымда калышы ыктымал. Мындай учурда таблеткалар ден соолукка да, жашоонун сапатына да терс таасирин тийгизиши толук мүмкүн.
Бойго бүтүрбөөчү таблеткалар — бул бойго бүтүрбөөнүн коопсуз, жөнөкөй жана ыңгайлуу ыкмасы. Негизги функциясынан тышкары, таблеткалардын башка пайдалары да бар. Мисалы, кан агуу регулярдуу, азыраак келип, оору менен дээрлик коштолбойт. Эгерде аялда айыз алдындагы синдромдун белгилери даана сезилсе, таблеткалар алардын интенсивдүүлүгүн азайтууга жөндөмдүү.
Таблеткалар денеге ысыктар менен безеткилердин, түктөрдүн чыгуусун азайтышы мүмкүн. Миома жана эндометриоз сыяктуу кан көп келген жана оору менен коштолгон оорулардын симптомдорун жеңилдетүү максатында да колдонушат. Аларды дайыма ичкен учурда айыз менен байланыштуу шакый азаят. Бирок бул таасирлер аял таблеткаларды колдонгон учурда гана байкалат. Бойго бүтүрбөөчү таблеткалар — бул терапия эмес, бул – сактануу ыкмасы. Аял КОК ичүүнү токтоткон мезгилден баштап буга чейин тынчын алып келген абалдар кайра пайда болушу мүмкүн.
Бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды колдонуу оңой, бирок аларды күн сайын жана бир убакта ичүү кыйынчылык жаратышы ыктымал. Жакшы жери – таблеткалардын таңгагы чакан — мобилдик телефондун эле өлчөмүндө — жанында алып жүрүү үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондой эле телефонго таблетка ичүүнү эскертип турган тиркемени да көчүрүп алса болот.
Буга кошумча, таблетка — бул секс учурунда эч кандай тынчсыздануу жаратпай турган сактануу каражаты. Айрым аялдар каражаттардын сексуалдык жашоосуна жакшы таасир эткенин белгилешет. Анткени, секс учурунда жыныстык актыны токтотуунун же боюна бүтүп кала тургандыгын ойлонуунун кереги жок.
Кемчиликтерине көбүнчө препаратты ичип баштаган алгачкы айларда байкалган убактылуу кыйыр таасирлерди киргизүүгө болот. Сүт бездеринин бир аз оорушу, баш оору, көңүл айлануу жана айыз арасындагы кан келүүсү — токтотуу кан агуусуна байланыштуу эмес кан тамчылары байкалышы мүмкүн. Эгер бул симптомдор эки-үч айдын ичинде өтүп кетпесе, дарыгерге кайрылуу зарыл. Ал ылайыктуу препаратты тандоого жардам берет, же болбосо сактануунун башка жолун сунуштайт.
Мындан башка, КОК жыныстык жол менен берилүүчү инфекцияларды (ЖЖБИ) жугузуп алуудан сактай албайт. Теория боюнча, бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды ичип жатканда, секс учурунда барьердик контрацепция колдонууга зарылдык жок болгону менен, ЖЖБИ жугузуп алуу коркунучу, ошондой эле таблеткаларды туура эмес ичүүнүн натыйжасында алардын таасирдүүлүгү азая турганы жөнүндө унутпаш керек. Бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды узак мөөнөттүү колдонуунун кесепеттери жөнүндө кийинки бөлүктөн айтып беребиз.
Эреже катары, КОКторду узак убакыт бою колдонуунун зыяны жок. Бирок, бойго бүтүрбөөчү таблеткалар — контрацепциянын болжол менен 60 жыл мурун пайда болгон салыштырмалуу жаңы түрү болгондуктан, алардын кээ бир кесепеттери толук изилденип чыга элек. Ракты өрчүтүү коркунучуна байланыштуу изилдөөлөрдүн жыйынтыктары бирдей эмес. Кээ бирлери коркунуч бар десе, айрымдары КОК менен рактын ортосунда эч кандай байланыш жок экендигин, ал эми үчүнчүлөрү — КОК колдонгондо коркунуч дээрлик азая турганын көрсөтүүдө.
АКШнын Улуттук онкология институтунун маалыматтарына ылайык, КОК колдонуу менен рактын айрым түрлөрүнүн өрчүшүнүн ортосунда байланыш бар. Жаратылышта кездешкен эстроген менен прогестерон рактын кээ бир түрлөрүнүн пайда болушун жана өрчүшүн өбөлгөлөйт (мисалы, сүт бездеринин рагы). Бойго бүтүрбөөчү таблеткалар аталган гормондордун синтетикалык версияларын камтыгандыктан, алар потенциалдуу түрдө рактын өрчүп кетүү коркунучун жогорулатышы толук ыктымал. Мындан тышкары, КОК жатын моюнчасынын клеткаларынын адам папилломасынын вирусуна (АПВ) карата кабылдагычтыгын өзгөртүп, жатын моюнчасынын рагынын пайда болуу коркунучун жогорулатууга жөндөмдүү. Бул жатын моюнчасынын рагынын дээрлик бардык учурларынын себеби болууда.
Мисалы, 54 эпидемиологиялык изилдөөгө катышкан 150 000ден ашуун аялдын маалыматтарынын анализи бир учурларда оралдык контрацептивдерди колдонгон аялдардын эч качан КОК колдонбогон аялдарга караганда сүт бездеринин рагынын салыштырма тобокелдиги бир аз (7%) жогору экендигин көрсөткөн.
Данияда 2017-жылы жүргүзүлгөн ири изилдөөдө окумуштуулар КОК колдонгон же жакында эле колдонууну токтоткон аялдарда оралдык контрацептивдерди таптакыр колдонбогон аялдарга караганда сүт бездеринин рагынын салыштырма тобокелдиги орточо даражада өскөнүн (20%га жакын) аныктап чыгышкан. Тобокелдиктин жогорулашы таблеткалардын тибине жана колдонуу мезгилинин узактыгына жараша 0%дан 60%га чейин өзгөргөн.
Мындан тышкары, оралдык контрацептивдерди беш жыл жана андан ашык мезгил бою ичип келген аялдарда жатын моюнчасынын рагынын пайда болуу тобокелдиги жогору. Аял канчалык көп убакыт оралдык контрацептивдерди ичип жүрсө, тобокелдик ошончолук жогору болот. Дагы бир изилдөө беш жылдан аз убакыт ичкенде тобокелдик 10%га, ал эми беш-тогуз жыл ичкенде – 60%га, он жылдан ашык мезгилде – эки эсе жогорулай турганын көрсөткөн. Изилдөөчүлөр ошондой эле жатын моюнчасынын рагынын тобокелдиги аял оралдык контрацептивдерди колдонууну токтоткон мезгилден тарта кайра азая баштаганын аныкташкан.
КОК рактын айрым түрлөрүнүн пайда болуу тобокелдигин жогорулатуу менен катар эле азайтууга да жөнөмдүү. Мисалы, кайсы бир учурларда бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды ичип жүргөн аялдарда эндометрийдин рагынын пайда болуу тобокелдиги кыйла төмөнүрөөк болот. Мындай тобокелдик жок эле дегенде 30%га азаят. Аял таблеткаларды канчалык көп убакыт ичкен болсо, тобокелдик ошончолук азыраак болот. Препараттардын коргоочу таасири аял оралдык контрацептивдерди ичүүнү токтоткондон кийин бир нече жыл бою сакталат. Диета жана ден соолук боюнча жүргүзүлгөн изилдөөгө катышкан аялдардын маалыматтарынын анализи тобокелдиктин азайышы көп убакыт оралдык контрацептивдерди ичип келген, тамеки чеккен, май басуудан азап тарткан же спорт менен өтө аз алектенген аялдарда көбүрөөк байкалганын көрсөткөн.
2017-жылы ишке ашырылган изилдөөдөн таблеткаларды колдонуудан колоректалдык рактын тобокелдигинин азая турганы белгилүү болгон. 2018-жылдагы дагы бир изилдөө КОК колдонуунун энелик бездер менен эндометрийдин рагынын пайда болуу тобокелдигин төмөндөтө турганын көрсөткөн.
Жалпысынан, КОК колдонуудан улам физикалык саламаттыкка олуттуу зыян келтире турган рак сыяктуу көйгөйлөр, пайда болсо да, сейрек: 50000 аялдын ичинен 35 жашка чейин бир аялда кездешиши мүмкүн. Ошентсе да, бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды колдонууга киришерден мурун адис менен кеңешүү зарыл.
КОК ичүүнүн эң эле талаштуу өңүттөрүнүн бири болуп, кээ бир аялдар либидонун төмөндөшү, апатия, маанайдын тез жана кескин өзгөрүшү сыяктуу абалдарга кабылса, башкалары өздөрүндө мындай таасирлерди байкабайт. Чындап эле таблеткалар кишинин абалына таасир эте алабы?
Бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын курамындагы синтетикалык гормондор организмдеги табигый гормондордун овуляцияны өбөлгөлөөсүнө тоскоол болушат. Ушул себептүү урук клеткалары чыкпай, уруктануу процесси жүрбөйт жана бойго бүтпөйт. Көптөгөн изилдөөлөр гормондордун кишилер менен жаныбарлардын жүрүм-турумуна катуу таасир эте турганын көрсөтүүдө. Бирок синтетикалык гормондор кишинин жүрүм-турумуна кантип таасир эте алат?
Гормондук контрацептивдердин кишинин жүрүм-турумуна кандай таасир тийгизе турганын билүү максатында, 2022-жылы окумуштуулар жалпысынан 16 290 киши катышкан 46 изилдөөдөгү маалыматтарды анализдеп чыгышты. Натыйжада гормондук контрацептивдердин атаандаштыкка – аялдардын мотивациясына жана кыйла жогорку макамга жетүү жөндөмдүүлүгүнө таасир эте алганы белгилүү болду. Мунун себебин гормондук контрацептивдер таасир эткен гормондордун кээлери атаандаштык жүрүм-турум менен байланыштуу болгондугу менен түшүндүрө алабыз. Гормондук контрацептивдер атаандаштык жүрүм-туруму менен байланышкан үч гормонго: тестостерон, прогестерон жана эстрогендин эстрадиол деп аталган тибине түздөн-түз таасир этет.
Бир изилдөөдөн КОК колдонгон аялдарда максатка жетүү үчүн мотивация төмөндөй турганы маалым болгон. Экинчи бир изилдөө болсо, туруктуулукту талап кылуучу иш-аракеттерди аткарууда өндүрүмдүүлүктүн төмөндөй турганын көрсөткөн. Мындай натыйжалар изилдөөчүлөрдү тынчсыздандырууда, себеби көп учурда адамдар коомдогу макамын көндүмдөрүн, чеберчилигин жана туруктуулугун көрсөтүү жолу менен жогорулата алат.
Бойго бүтүрбөөчү таблеткалар ылайыктуу сексуалдык же романтикалык өнөк издөө учурунда да атаандаштыкка таасирин тийгизиши мүмкүн. Жакында эле аткарылган изилдөөлөр табигый цикл менен жашаган аялдардын овуляция учурунда өздөрүн сексуалдык жактан кааланган жана жагымдуу айым катары сезе аларын көрсөттү. Ал эми гормондук каражаттарды колдонгон аялдар циклдин ортосунда эмоционалдык жогорулоону сезе алышпайт. Бул болсо, гормондук контрацептивдердин фертилдүүлүк себеп болгон жана сексуалдык жүрүм-турумду өбөлгөлөөчү башка бирөө тарабынан каалангандык сезимин азайта турганын түшүндүрөт. Мындан тышкары, айрым изилдөөлөр бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонгон адамдарда либидонун төмөндөшүн да көрсөтүп турат.
Бирок бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын аялдардын атаандаштык жүрүм-туруму менен жагымдуулук сезимине таасир эте тургандыгы жөнүндө так кесе билдирүү жасоого азырынча эрте. Гормондук контрацептивдердин таасири жөнүндөгү изилдөөлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн маанилүү методологиялык чектөөлөр аксатып коюуда. Изилдөөлөрдөгү үлгү топтордун чакан болушу кеңири популяцияга карата жыйынтык чыгарууда кыйынчылык жаратат. Айрыкча, көп изилдөөлөрдө ак эмес аялдар жетишерлик санда изилденген эмес.
Макалалардын көбүндө гормондук контрацептивдерди колдонгондор менен колдонбогондордун ортосундагы бир катар айырмачылыктар эске алынган эмес (маселен, катышуучулардын курактары). Булар жүрүм-турумдагы айырмачылыктарды түшүндүрүп берүүчү гормондор менен гормондук контрацептивдерге көз каранды болбогон факторлор.
Алгачкы бойго бүтүрбөөчү таблеткалар аялдарда көңүл айлануу, кусуу, тромбдордун көбөйүшү сыяктуу маанилүү жана чочулоо жараткан кыйыр таасирлерди пайда кылчу. Бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан жаңы муундагы каражаттар жеткилең иштелип чыккан жана физикалык саламаттыкка тийгизген кыйыр таасирлери, жана жалпы эле коопсуздугу жагынан кыйла жакшыртылган абалда. Ошентсе да бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын аялдардын менталдык саламаттыгына тийгизген таасири аягына чейин изилденип бүтө элек.
Лабораториялык неврологиялык изилдөөлөр бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын көбү камтыган эстроген менен прогестерон деп аталуучу «аялдык гормондордун» нейрохимияга, мээнин иштешине жана гамма-амино-май кислотасы (ГАМК), серотонин жана дофамин сыяктуу нейротрансмиттерлерге күчтүү таасир тийгизе турганын көрсөткөн. Бул, өз кезегинде, депрессияга, жүрүм-турумдун өзгөрүшүнө жана когнитивдик жөндөмдүүлүктөрдүн бузулушуна жол ачышы ыктымал.
Таблеткалар менен депрессияны клиникалык изилдөөлөрдөн алынган жыйынтыктар ар түрдүү. Себеби таблеткалардын типтери көп жана курамындагы гормондор да ар түрдүү. Мындан тышкары, көп учурда изилдөөлөрдө депрессия деп оор депрессивдик бузулуу кабыл алынат. Ал эми депрессия, жашоонун жыргалын сезүүгө тоскоол болгон жеңил жана орточо депрессияны кошкондо, маанайдын ар түрдүүчө болуп өзгөрүп турушу менен белгилүү.
Ошондой эле чоң үлгү топтордун ичинде жүргүзүлүп, гормондук контрацепция менен депрессиянын ортосундагы байланышты көрсөткөн изилдөөлөр да бар. 2016-жылы Данияда аткарылган миллиондон ашык аял катышкан чоң изилдөөдөн окумуштуулар гормондук контрацепция колдонуунун, айрыкча өспүрүмдөр арасында колдонулушунун дарыланууну талап кылган депрессия менен байланыштуу болгону жөнүндө жыйынтык чыгарышкан.
Изилдөөчүлөр бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды ичкен 15 жаштан 34 жашка чейинки аялдарда депрессия 1,23 эсе көп байкалганын жана аларга антидепрессанттар жазылганын аныктап чыгышкан. Комбинацияланган оралдык контрацептивдерди колдонгон 15-19 жаштагы өспүрүмдөрдө депрессиянын деңгээли өздөрүнөн улуу аялдарга караганда кыйла жогору болгондугу маалым. Аларда бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды ичпеген курдаштары менен салыштырганда, депрессия 1,8 эсе көп аныкталып, курамында прогестерон гана болгон бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды колдонгон өспүрүмдөрдүн ичинде бул көрсөткүч 2,2 эсе көп болуп чыккан.
Азыркы учурда изилдөөлөр жалпысынан синтетикалык эстрогендердин депрессияга жакшы, ал эми синтетикалык прогестерондордун (прогестагендердин) ар түрдүүчө таасир эте турганын, анын ичинде депрессияны күчөтүп жибергенин (прогестагендин тиби менен дозасына жараша) көрсөтүүдө.
Бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын көпчүлүгүндө эки гормон тең бар. Бирок бир гана прогестагендерди камтыгандары да бар, аларды «мини-пили» деп аташат. Окумуштуулар бойго болтурбоочу таблеткалар менен депрессиянын жана оралдык бойго бүтүрбөөчү каражаттардын курамындагы прогестагендин саны жана тибинин ортосунда байланыш болушу мүмкүн деп болжошууда. Мындай препараттар депрессияга туруштук бере албаган аялдарда депрессивдик бузулууларга жакындык деңгээлин жогорулатышы мүмкүн деп ойлоого болот.
Миллиондогон аял өзүнүн психикалык саламаттыгына зыянын тийгизбестен гормондук контрацепция колдонуп келет. Ошентсе деле көп аялдарда гормондук контрацепциянын кээ бир түрлөрүн колдонгон учурда алгачкы депрессия, же болбосо кабылган депрессиянын күчөшү байкалат. Бойго бүтүрбөөчү таблеткалар ар түрдүү болот, андыктан ылайыктуусун тандап, чочулоо жараткан белгилерди көз жаздымда калтырбаш үчүн сөзсүз адис менен кеңешүү зарыл.
Булак: Двор медиа