Импостер синдрому

Өзүңдү мыкты эмес сезүүнү кантип токтотуу керек

«Менин ийгилигим – бул бир кокустук. Дагы бир аз убакытта чындыгында мен эч нерсеге арзыбай тургандыгымды бардыгы билип калышат» – мындай ойлор кээде импостер синдром тарабынан козголот. Бул көрүнүш психикалык бузулуу деп эсептелбейт, бирок ал бактылуу жашоого тоскоолдук кылышы мүмкүн.

Эмне үчүн бул синдром ушундай деп аталат?

«Импостер синдрому» термини биринчи жолу 1978-жылы эки америкалык клиникалык психолог Паулина Клэнс жана Сюзанна Аймстын «Ийгиликке жеткен аялдардын импостер синдрому: динамика жана терапиялык кийлигишүү» макаласында кездешкен.

Беш жылдын ичинде алар илимдин ар кайсы тармактарында илимий даражалары бар ийгиликтүү жана кадыр-барктуу аялдар менен 150дөн ашуун жеке психотерапия сеанстарын өткөрүшкөн. Кардарлар өз кесиптештеринин жана студенттеринин арасында суктанууга жана сыйга татыктуу болгонуна карабастан, өздөрүн ийгиликтүү сезишкен эмес.

Алар жетишкендиктеринин себебин сүйкүмдүүлүгү, туура байланыштарынын болгондугу жана ошондой эле өзүлөрүн кыйла компетенттүү кылып көрсөтө алгандыгы деп эсептешкен. Алар өздөрүн imposter (жалганчы) жана fraud (алдамчы, көз боёмочу) сыяктуу сөздөр менен мүнөздөшкөн.

Изилдөөлөр Клэнс тарабынан 1985-жылы басылып чыккан «Импостер феномени: Ийгиликтен коркуу сезимин жоюу» китебине негиз болгон.

Бир жылдан кийин бул китеп «Импостер феномени: ийгилик сизди фейк кылып сездиргенде» деген аталыш менен кайрадан басылып чыккан. Анда Клэнс жалганчы синдромдун бар же жоктугун, ошондой эле анын канчалык деңгээлде оор экендигин өлчөө үчүн универсалдуу баалоо шкаласын камтыган. Двор Медианын даярдаган тестинен өтүп өзүңдү синдромун бар жоктугуна текшере аласың..

Импостер синдромунун белгилери кайсылар?

Импостер синдрому психикалык оору эмес. Эл аралык деңгээлде таанылган ICD-10 жана DSM-5 оорулардын расмий классификаторлорунда жок. Бирок, кээ бир учурларда мындай көрүнүш тынчсыздануу же депрессиялык бузулуу менен ооругандарда кездешет, аны дарыгерлер гана аныктап, дарылай алышат.

Импостер синдромду алгач сүрөттөгөн доктор Паулина Клэнс анын бир нече өзүнчө белгилерин аныктады.

Биринчи белгисин Клэнс «импостердин каардуу чөйрөсү» деп атаган. Анын маңызы эмнеде? Синдрому бар адамга кыйын жана мүмкүн эместей сезилген маселе келгенде, анын тынчсыздануу деңгээли кескин көтөрүлөт.

Ушундай тынчсызданган абалда ал каалаган натыйжага жетишип, алгач өзүн жакшы сезет. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин, ага кайрадан «бул кокустан болуп калды», «сен мынчалык жакшы эмессиң» ж.б.у.с. ойлор келе баштайт.

Натыйжада, өзүн алдамчы деп эсептеген адам өзүнүн ийгилигин баалабай, жаңы дымактуу максатка жетүү менен боштондукту толтурууга аракет кылат – кайрадан катуу стрессти баштан кечирип цикл кайталанат.

Дагы бир белгиси – «импостердин кемчиликсиздиги же перфекционизми». Импостер синдрому бар адамдар өзүн өзгөчө, ал тургай «супер адам» сезиши керек. Эреже катары, алар мектеп жылдарында ушундай болушкан.

Бирок кийинчерээк, университеттин чөйрөсүнө кирип, көптөгөн жаңы (синдрому бар адамдын көз карашы менен) адамдарды көрүп, алар өз таланттарын четке кагып башташат.

Жана кээде алар төмөнкүдөй тыянакка келишет: «Эгерде мен мыкты эмес болсом, анда мен акылсызмын». Синдрому бар адамдар өздөрүнө жогорку талаптарды коюп, өзүн акысыз сезип, ар кандай, ал тургай кичинекей катасын дүйнөнүн акыры деп кабыл алышат.

Мүмкүн болгон ийгиликсиздиктерге жол бербөө жана өздөрүн кыйла компетенттүү сезүү үчүн алар көп учурда ашыкча иштешет. Жаңы бийиктиктерге жетип, андан да бийиктикке көтөрүлөр замат «интеллектуалдык калпы» ачыкка чыгып калабы деп коркуп жашай беришет.