Кээде балада олуттуу көйгөйлөр жаралып, бирок ал маселени ата-энеси менен сүйлөшүп чече албаган учурлар болот. Бала эмне кылбасын, анын маселесин угуп, аны колдоп койгонго жарабаган ата-энелер жок эмес. Мындай жагдайларда көйгөйлөрдүн себеби ата-эненин өзү болот, анткени алар баланын физикалык, психологиялык абалына жана анын өмүрүнө коркунуч туудурушат.
Мындай жагдайлар түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы, ата-энелер кандайдыр бир көз карандылыктан жапа чегишет, баланын тамак-ашка, уктоого же окууга болгон жөнөкөй муктаждыктарына кам көрүшпөйт. Же балага кол көтөрүшөт, балким баланын кыйналуусуна карабай, ар дайым кемсинтип, ызаланта беришет.
Эгерде мындай мамилелерге чоң адамдар туш келсе, анда бул көйгөйлөрдү чечүүгө аларда мүмкүнчүлүктөр болмок. Мисалы, алар жеке же үй-бүлөлүк терапиядан өтүшү мүмкүн, балким бир аз убакытка башка жакка көчүп кетишет, же алаканы токтотуп кое алышат. Балага, өзгөчө жашы жете элек балага келгенде, баары татаалыраак. Мыйзам боюнча, бала өз алдынча иш-аракет кыла албайт, анткени ал үчүн чоңдор жооп берет. Демек, ата-энесинде жоопкерчилик болбосо, анда баланын тагдырын камкорчулук кызматындагы таптакыр чоочун адамдар чечишет.
Бул аябай оор акыбал. Баланын коопсуздугун жана бейпил жашоосун камсыздоого жоопкер адамдар, тескерисинче, анын тагдырына балта чабышат. Бул абалдан чыгуу аракеттер эч кандай оң натыйжа бербейт. Ал эми баланын барар жери жок.
Бул жерде эки сценарий орун алышы мүмкүн. Эгерде сенин өмүрүнө коркунуч жаралып жаткан болсо, өзүңдүн коопсуздугуңду сактоо үчүн милиция чакырып жана камкордук кызматына кайрылуу керек. Бейтааныш адамдар канчалык кооптуу сезилбесин, мындай жагдайларда ар бир адам өмүрү үчүн күрөш жүргүзүүгө милдеттүү.
Биз бул макалада жаза турган экинчи сценарий – дал ушул мүнөттөрдө баланын өмүрүнө коркунуч жок, бирок үй-бүлөдө көйгөйлөр жана зомбулук орун алган учурлар. Бала учурда камкордукка алуу органдарына кайрылууга даяр эмес, бирок өз жашоосун үй-бүлө ичинде курууга аракет кылууда.
Белгилей кетчү нерсе, кээде бизге баары абдан жамандай сезилет, бирок чындыгында биздин бир нерсени өзгөрткөнгө күчүбүз жетет. Мисалы, ата-энем мага дайыма сын айтышат, ашыкча көзөмөлдөшөт (мага ушундай сезилет), ал гана эмес бир жолу мени чаап да жиберген- бул, албетте, көйгөй дечи. Бирок сен ата-энең менен бул маселелер боюнча сүйлөшүп, аны чечкенге аракет кылсаң болот (башка макалаларда муну кантип кылуу керектиги жөнүндө жазганбыз). Көбүнчө, эч нерсени өзгөртүү мүмкүн эместей сезилген жагдайлар кезигет. Бирок бала өз аракети менен өзүнүн абалын жакшыртканга жетишкен учурлар да жок эмес.
Тилекке каршы, “көбүнчө” -“дайыма” дегенди билдирбейт. Ал эми бул текстте биз ата-эне баласынын муктаждыктарына жана каалоолоруна толугу менен дүлөй, сокур жана дудук болгон учурлар жөнүндө сөз кылабыз.
Мындай жагдайлар бүтпөчүдөй сезилет, бирок үй-бүлөлүк зомбулук убактылуу. Бала чоңоюп, акырында башка адамдардын зордук-зомбулугу жок өз жашоосун өзү кура алат. Ага чейин өзүңдүн коопсуздугуңа кам көрүү, өзүңдү сыйлоо, өзүңдү колдоо жана сырттан колдоого ээ болуу - сен үчүн маанилүү.
Адам үй-бүлөдө зомбулук коштогон жагдайга туш болгондо эң биринчи кыла турган нерсе – бул көйгөй бар экенин моюнга алуу. Бирок бул кадамды жасоо абдан кыйын болушу мүмкүн. Бул бөлүктө биз көйгөйдү көрүүгө жана түшүнүүгө эмне тоскоол болуп жатканын аныктоого аракет кылабыз.
Биринчиден, муну моюнга алуу оор нерсе. Биз көйгөй бар экенин жана ал олуттуу экенин түшүнгөндө, кырдаалдын оорчулугун жон терибиз менен сезе баштайбыз. Мисалы, мен атамдын мени желкеден ары чаап, дайыма кемсинте беришин кадыресе көрүнүш катары кабыл алып, ал жөн гана башкача сүйлөшкөндү билбесе керек деп ойлоп жүргөм дейли. Анан мен атамдын бул кылыгы "эч нерсе болбойт" эмес жана эч ким башка адамдарга мындай мамиле кылбашы керектигин аңдадым. Эми мен бул билгеним менен бир нерсе кылышым керек, бул адилетсиздиктен кантип кутулууну ойлонушум зарыл. Бул аракеттер, албетте, "менде баары жакшы" деп өзүн алдагандан алда канча оор болушу мүмкүн.
Ооба, өз абалыңдын оордугун аңдап-түшүнүү - сенин кыйналганыңды ого бетер күчөтөт, бирок ошол эле учурда иш-аракетиңе эркиндик берет, мына ушуну түшүнүү абдан маанилүү. Болуп жаткан нерсе мен үчүн кабыл алынгыс экенин түшүнгөндө, мен өз кызыкчылыгым үчүн чечимдерди кабыл ала баштайм. Мен болгон дитимди жана күч-аракетимди алдыга койгон максаттарыма жумшайм.
Экинчиден, көп учурда өзүн күнөөлүү сезгенден улам адамдын көйгөйдү кабыл алуусу кыйынчылык жаратат. Себеби башкаларга агрессивдүү мамиле кылган адамдардын көбү жабырлануучуну күнөөлөшөт: "Биз сени бөлмөгө камап, бардык нерселериңди алып, нан менен сууга отургузуп койдук! Билесиңби эмнеге? Анткени сага башка жол менен бир нерсени түшүндүрүү мүмкүн эмес!" Ушул себептен зомбулукка көп кабылган балдар өздөрүн ушундай мамилеге татыктуумун деп ойлошу мүмкүн. Эгер адам зомбулукка кабылып жатса, бул эч качан анын күнөөсү эмес экенин түшүнүү маанилүү. Кандай гана болбосун зордук-зомбулук кылган адам ар дайым күнөөлүү болоорун эске тутуу зарыл.
Зордук-зомбулуктун курмандыктары - чоңдор болобу, же балдарбы - идеалдуу жүрүм-турумга ээ эмес. Ошондуктан, бала өзүн объективдүү түрдө туура эмес алып жүрсө, мисалы, ата-энесинин капчыгынан акча уурдап, сөгүнсө, өзү кимдир-бирөөнү сабаса – бул үчүн башкалардын ага карата зомбулук көрсөтүүсүнө жол берилбеши керек. Бала тарабынан да, чоңдор тарабынан да зөөкүрлүк болбош керек, бирок баланын көйгөйүн ушинтип чечет деп чоңдордун агрессиясын актоого эч кимдин акысы жок.
Үчүнчүдөн, көйгөйдү моюнга алуу төмөнкүдөй учурларда да кыйын болушу мүмкүн: балага жасалып жаткан мамилени сырттан адамдар кадыресе көрүнүш катары кабылдашат, же зомбулукту башка жол менен актоого аракет кылышат. “Ата-энең сага тамак-ашка, кийим-кечеге акча бербейт жана алар үйгө такыр турушпайбы? Бирок сенин жашыңда мен заводдо токарь болуп иштеп, өзүмдү багып, адам болуп калгам!”
Мындай реакцияны көргөндө, бизде сезимдер алмашып, көйгөйүбүздөн күмөн санап же аны такыр эле четке кага баштайбыз. Бул учурда ойлорубуз ойрондолот: мен болуп жаткан окуяларды нормалдуу эмес деп эсептейм, бирок ошол эле учурда башкалар үчүн мунун баары жакшы эле көрүнүш турбайбы? Бул жерде эстен чыгарбоо керек: адам өзүнүн абалын башкаларга караганда өзү гана жакшыраак түшүнөт. Эгерде баланын тегерегинде болуп жаткан окуялар ага жакпаса, ал өзүн начар сезип, бул нерселер нормага сыйбай турганын аңдаса - анда көйгөй бар экенин дароо кабылдап, аны чечүү шарт.
Кыйын кырдаалга туш болгон адамдын жашоосунда азап, жек көрүү, жамандыктын айлампасы бүтпөй тургандай, андан чыгуунун жолу да туюктай сезиле берет. Көбүнчө мындай кырдаалдарда чоңдор да, балдар да, көйгөйдү чечүү жөнүндө ойлонбостон, аны "унутууга" умтулабыз. Бирок көйгөйгө көңүл бурбоо ансыз деле оор эмоционалдык абалыбызды начарлатат. Кээ бир учурларда маселени көңүл сыртына чыгарып коюу - өмүргө коркунуч туудурушу да мүмкүн. Кийинки бөлүмдө биз өзүңдүн коопсуздугуңа кантип кам көрүү жөнүндө сүйлөшөбүз.
Качан адам өзүнүн абалы оор экенин түшүнгөндө, анда кырдаалды оңдоо ниети пайда болушу мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, үй-бүлөдө чоңдор тарабынан зордук-зомбулукка кабылып жаткан жаш баланын кордукка каршы туруу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Бала көп нерселерди өз алдынча ишке ашыра албайт, анткени коом жашы жете элек балдарга кам көрүү чоңдордун мойнунда деп эсептейт. Көптөгөн маанилүү чечимдерди, анын ичинде баланын кайда уктаарын, эмне жей турганын, кайда окуйт деген чечимдерди чоң кишилер кабыл алышат. Бирок баланын кыймыл-аракети чектелген болсо, бул аны эч нерсе кыла албайт дегенди билдирбейт. Анда эмне кылса болот жана эмне кылуу керек?
Биринчи жана эң негизги маселе – дене коопсуздугуңа кам көрүү. Бул кыска мөөнөттүү максатка жетишүү маанилүү, анткени адамдын өмүрү анын дене-боюнун күч-кубатына түздөн-түз көз каранды. Адамдын ден-соолугу канчалык чың болсо, анын жашоосундагы түрдүү соккуларга туруштук берүүсү ошончолук бекем болот.
Ата-эне физикалык жактан зордук-зомбулук көрсөткөн оор кырдаалдарда, бала ур-токмоктон коргонуу үчүн жасай ала турган бардык иш-аракеттери туура болуп саналат. Өзүңө кам көрүү бул нормалдуу жана керектүү нерсе. Мисалы, зомбулуктан оолак болуу максатында сен сабактан кийин мектепте көбүрөөк калсаң болот, ийримге жазылып, досуңдун үйүндө кала аласың, паркта сейилдеп, китепканада отурсаң болот. Эгер үйдө азыраак болуу үчүн коопсуз жерде убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда аны колдонгон туура.
Мындан тышкары, зордук-зомбулуктун бар экенин ачып көрсөтүү абдан маанилүү. Ал үчүн бөлөк адамдарга болуп жаткан окуялар тууралуу айтып берүү керек. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук катышкан абалды бала жалгыз жөндөй албайт. Ал эми үйдөгүнү сыртка ташыбайт деген түшүнүк болбогон кеп экенин билүү керек. Бала сабалып жатса, үй-бүлөнүн аброюн коргоого аракет кылуунун кажети жок. Жабык эшик артында, эч кимге угулбаган зордук-зомбулук уланбашы үчүн көйгөйдү эл алдына алып чыгуу зарыл.
Зордук-зомбулук жасап көнгөн зөөкүргө айланадагылардын эч кимиси эмне болуп жатканын билбегени пайдалуу. Бул жерде эл билсе, зордук-зомбулуктун абалы бир заматта оңолот дегенди билдирбейт. Бирок зордук-зомбулукту башкалар билип турганда ишке ашыруу кыйыныраак болот. Мектепке бир жериң көгөрүп келип, тепкичтен жыгылдым десең, анда башкалар, албетте, адамдын калп айтып жатканын түшүнөт, бирок алар кийлигишпейт. Ал эми класс жетекчисине үйдөн ур-токмокко алынганыңды айтсаң, мунун ата-энеңе кесепети тиет. Эмкисинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жөнүндө кимдир-бирөө билет деген ой ата-эненин ур-токмогун токтото алышы мүмкүн.
Эгерде, ата-энеси ичип же баңги заттарын колдонуп алган болсо, анда бул тууралуу дароо чоң энеге, чоң атасына, таякесине, таежесине же башка туугандарына, болбосо бала өзү ишенген башка адамына айтуу керек. Атасы жокто апасынын бир тууганы мас болуп келсе, атасына сөзсүз билдирүү кажет.
Кээде адам болуп жаткан окуялар тууралуу кимдир бирөөгө айтса, андан да көп кыйынчылыктар жаралат деп жазганат. «Эч кимге айтпасам, ата-энемден азыраак жаза алам» деп ойлошу да ыктымал. Тескерисинче, зордук-зомбулук фактысын жашырса ого бетер жагдай оорлой берет, анткени ага жардам бере турган эч ким болбойт. Балким кимдир-бирөөгө зомбулук тууралуу айтуунун аягы эмне менен бүтөт деп кыжаалат болуудан улам да, бул кадамдарды жасоо кыйын болушу мүмкүн.
Эгерде шектенип жатсаң, психологиялык колдоо кызматына же ишеним телефонуна чалсаң болот. Чалуулар анонимдүү, күнү-түнү жана акысыз кабыл алынат.
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн ишеним телефону: 111.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бирдик ишеним телефону: 112.
Үй-бүлөлүк зомбулук учурларында ишеним телефону: 117.
Онлайн психологиялык жардам көрсөтүү: https://teenergizer.org/consultations/.
Эгерде адам ата-энесинин же жакындарынын жүрүм-туруму анын өмүрүнө коркунуч туудурган кырдаалга туш болсо, анда эч тартынбастан милицияга чалышы керек - 102. Акыр-аягы, сен бардык кесепеттер менен бир гана физикалык жактан жөндөмдүү болгондо гана күрөшө аласың.
Коопсуздугубузга жана барк-беделибизге көлөкө түшкөн учурлар бизди туура эмес чечимдерди кабыл алууга түртөт. Адам зордук-зомбулукка такай жана көп чалдыкса, өзгөчө жаш кезинде кордук көрүп чоңойсо, мындай жагдай адамга чоң зыян алып келет. Зомбулук улана берсе, зөөкүр мамиледен жапа чеккен адам болуп жаткан окуяларга өзүн күнөөлүү сезе баштайт.
Мындай абалдагы бала абдан аялуу болот жана көп учурда ал өзүн жакшыраак мамилеге татыктуу эмес деп ойлойт. Ал жадагалса, курч кырдаалда калганынан күмөн санап баштайт. Анткени кордук көрсөткөн адамдар ага башкача мамиле кылуу мүмкүн эместигин кулагына куя беришет. Ушул себептен улам, ишеничтүү башка адамдар менен болуп жаткан зомбулук иштер жөнүндө сүйлөшүү шарт. Үй-бүлөгө тиешеси жок адамдар кырдаалды сырттан кароого жардам берет. Ошондой эле, алар колдоо көрсөтүп, эч ким өзүнө карата зордук-зомбулукка татыктуу эмес экенин эскерте алышат.
Өзгө адамдардан колдоо табууга аракет кылуу маанилүү жана зарыл. Бирок өзүңө-өзүң жардам бергенге аракет кылуу андан да маанилүү. Өзүңдү татыктуу инсан экениңди жана башкалардай эле бактылуу жашоого укугуң бар экенин өзүңө эскертип туруу керек. Зордук-зомбулук адамды басынтып коет, көп стрессти жаратат, адам бул кыйынчылыктан баш көтөрүүгө аракет кылат. Бирок бул аракеттер адамды туура эмес чечимдерге түртүп, андан да чоң көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан жеке ишенимге карама-каршы келген нерселерди кылбоо керек.
Зордук-зомбулукка кабылган адамдар көбүнчө эмне болуп жатканын унутууга аракет кылып, акыл-эсти өзгөртүүчү ар кандай заттарды колдоно башташат. Алар мындай заттарга көз каранды болуп калышат. Зомбулуктун курмандыктары көргөн кордугун эстен чыгарууга умтулушат, аларды түшүнсө болот, анткени аң-сезимдүү абалда зомбулукка чыдоонун өзү кыйын. Бирок бул убактылуу гана унутуу экенин эстен чыгарбоо керек. Болгон окуяларды эстебөө үчүн, ар дайым аң-сезим өчүк абалда жүрүү мүмкүн эмес. Бул эч убакта оң натыйжа бербейт, болгону өзүн-өзү сыйлоо жок болот жана жаңы олуттуу көйгөйлөрдү жаратат. Өзүң үчүн зордук-зомбулуктун кесепеттерин көбөйтпө!
Адамга адам дайыма керек жана алар ар дайым бири-бирине тартылып турушат. Зордук-зомбулукка кабылган адам жалгыз калбоо коркунучунан улам кимдир-бирөө менен баарлашууга умтулат. Оор кырдаалга туш болгон адамда кадыр-баркын төмөндөткөн мамиле түзүп же туура эмес чөйрөгө кошулуп калуу тобокелчилиги да жогору болот. Ошондуктан, биз аялуу кырдаалда турганда, өзүбүздү текшерип, өзүбүзгө суроолорду берип турушубуз керек: «Ооба, мен азыр кыйын абалдамын, баары жаман, бирок мен өзүмдү сыйлабаган адам менен сүйүү мамилесин курсам, ого бетер абалымды начарлатпаймбы?», «Дагы бир нече ууртам алкоголь ичсем, өзүмө зыян кылбаймбы?», «Баңги затын колдонсом, мен мындан да коркунучтуу абалга кептелбеймби?».
Кээде адам өч алуу максатында иш-аракет кыла баштайт: “Силер мага кол көтөрүп, мени тарбиялап жатасыңар, мен үйгө мас болуп келем, эч ким эч нерсе кыла албайт”. Мындай чечим менен адам биринчи кезекте өзүнө гана зыян келтирет. "Өч алуу" келечекте физикалык жана психикалык ден-соолукка олуттуу көйгөйлөрдү гана алып келери белгилүү. Мындай кадам менен адам жашоо деңгээлин жогорулатуу жолун ого бетер татаалдаштырып алат. Анткени ата-энеси, жакындары келтирген жарааттар жетишпегендей, эми өзүнө-өзү келтирген зыяндарынын азабын тартат. Андыктан, өзүңдү тыйганга аракет кылып, мындай иштерден оолак болгонуң абзел, анткени өч алуу менен абалыңды жакшырта албайсың.
Кыйын кырдаалга туш болгон балдар же өспүрүмдөр үчүн убакыт токтоп калгандай, зордук-зомбулук бүтпөчүдөй жана аны эч нерсе токтото албачудай сезилиши мүмкүн. Алар көп учурда жашоосун өзү каалагандай куруп кете албачудай элестетишет. Бирок зордук-зомбулуктун да аягы болот. Жагдайлар өзгөрөт. Жашоо бир орунда токтоп тура бербейт - адам жашоосундагы жакшы нерселерге өзү аракет кылып жетишсе болот. Кыйын кырдаалдан чыгуу оңой-олтоң эмес жана көп убакка созулат. Ал үчүн, мүмкүн болушунча, физикалык жана психикалык ден-соолукка кам көрүү өтө маанилүү.
Адамда оор жагдайлардан арылгандан кийинки жашоосу тууралуу ойлору, келечектеги жашоо пландары, үмүттөрү, кыялдары болушу маанилүү. Учурда кыйын кырдаалдан толук чыгууга кудуретиң жетпей жатышы мүмкүн. Анткени зордук-зомбулук адамдын күчүн алсыратып, мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коет. Бирок бул корогон күч кайра толукталбайт дегенди билдирбейт. Кыйын кезеңден чыгуу үчүн системалуу иш-аракеттер керек жана башкалардын колдоосу дагы маанилүү. Зордук-зомбулук бизди башкалардан коркууга, өзүбүзгө жана мүмкүнчүлүктөрүбүзгө ишенбөөгө, план түзбөөгө, кыялданбоого, ар дайым кыйын болот деген ишенимге үйрөтөт. Бирок башка адамдар, пландар, үмүттөр, кыялдар - дал ушул көйгөйлөрдүн айлампасынан чыгууга жардам берет.
Качан адам зомбулук коштогон жагдайдан чыгууга аракет кылганда, ал турмушунун бир бөлүгүн гана эмес, толугу менен жашоосун башка нукка бургусу келет. Бул өзгөрүүлөр үчүн план куруп жана максат коюу керек. Өзүңө конкреттүү жана реалдуу максат койгонуң жакшы: мисалы, ата-энеңден өзүнчө бөлүнүп жашоо жана алар менен болгон байланышты азайтуу. Көпчүлүк учурда ата-энеден бөлөк жашоо - каржылык көз карандылыктан кутултат.
Бул максатты ишке ашыруу көп убакытка, ал тургай бир нече жылдарга чейин узарып кетерине моралдык жактан даяр болуу керек. Экономикалык көз карандысыздыкка ээ болуу үчүн ишке орношуп, жашаганга үй табуу керек, бул оңой эмес. Жолуңда көптөгөн кыйынчылыктар жана коркунучтар кезигет. Максатыңдан тайбаш үчүн алтын эрежени карман: ар дайым өзүңдүн коопсуздугуңду жана өзүңдү сыйлоону биринчи орунга коюп жүр. Ошондуктан, жумуш жана турак-жай үчүн коопсуздук менен өзүңө болгон сый-урмат негизги критерийлер болуп саналат.
Айласы кетип турган адам абалдан чыгуу үчүн тез акча алып келген жумуштан үмүт этиши мүмкүн. Эреже катары, мындай жумуштар кылмыш кылууга түртөт- мисалы, уурулук, кайырчылык, кумар оюндары. Бирок бул кыйынчылыктан чыгуунун жолу эмес. Көбүнчө мындай ишке калктын аялуу катмары тартылат. Жеңил акча менен маселе тез чечилчүдөй сезилет, бирок иш жүзүндө көйгөй чечилбей эле, анын жаңысын жаратып аласың. Ушундай эле тобокелдиктер турак-жай издөөдө да пайда болот. Адегенде зөөкүр ата-эне менен жашагандан көрө, чала тааныш адам менен жашаган жакшыдай сезилиши мүмкүн. Бул дагы бир маселени жаратуучу кооптуураак чечим. Оор кырдаалды түзүп алуу менен жашооңдогу зордук-зомбулук маселесин чечүү аракетиң жакшы натыйжа бербейт.
Зордук-зомбулукка кабылган адамдар эмнеге муктаж экенин билишпейт, бирок аларга эмне керек эмес экенин так билишет. Эгерде жумуштагы мамилелер үй-бүлөдөгү абалды элестетсе, анда бул зомбулук. Адамды уруп-сокпогон, кемсинтпеген, ызалантпаган, каалабаган нерсени жасоого мажбурлабаган жерде жумуш табуу маанилүү. Иш издөөдө дагы кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн? Көбүнчө жаштарга кайталанма жумуштар жакпайт, андыктан алар жактырбаган "тажатма" маселелерди чечүүгө көнүшү керек. Эгер тийиштүү эмгек акы төлөнүп жаткан болсо, мындай тажатма жумушту аткарууну мажбурлоо катары кабыл албоо керек. Мүнөттүк кечигүүлөргө айып салынбаса, жумушка өз убагында келүү дагы зомбулук эмес экенин түшүнүү керек жана кечикпей келүү маанилүү.
Иштеги дагы бир кыйынчылык - жумуштан ишке ашпай турган натыйжа күтүү жана иш максатын жоготуу. Андыктан аткара турган жумушуңдун милдети эмне экенин дароо өзүңө аныктап алышың керек. Эгерде адам тезирээк ата-энесинен бөлүнүү үчүн каржылык көз карандысыздыкка умтулса, анда бул учурда жумуштун милдети - акча табуу болуп саналат. Албетте, жумушуңда акча да таап, өзүңдү да өнүктүрсөм дейсиң. Бирок эгер жумушуң коопсуз болсо, эч ким басынтпаса жана акча төлөнүп турса, анда бул жашооңдогу зомбулуктан кутулуу пландарыңды ишке ашырууга азырынча жетиштүү болот. Иш кызыктуу болуп, өзүңө жагып турса сонун, эгер андай болбой калса, жөн гана акча табуу деле жаман эмес.
Бардык адамдар жогорку маяналуу жумушка ээ болгусу келет, окууга акча топтогусу келет, эс алууга кеткиси келет, өзүнө жаккан буюмдарды сатып алгысы келет, бирок адегенде буларсыз деле жашап турсаң болот. Анткени бул жумушуң сен аткарчу пландарыңдын акыркы тизмеси эмес. Бул каржылык көз карандысыздыкка ээ болууга мүмкүндүк берүүчү курал. Ушул чекиттен баштап сен өз максаттарыңа жана кыялдарыңа карай алга жыла аласың. Болгону бардык нерсеге дароо эле ээ боло албастыгыңды эстен чыгарбоо керек.
Турак-жайга да тиешелүү негизги критерийлердин бири бул - баланын ата-энеси анын дарегин билбеши кажет жана ал жерде бала кемсинтүүлөргө туш болбошу керек. Убактылуу батириң эски жана сен каалаган аймакта болбосо да, бул зомбулуктан алыс болуп, жашоонун сапатын бир кыйла жакшыртууга жардам берет. Бул ушундай жашоого гана татыктуу дегенди билдирбейт. Анткени бул алга карай жасалган биринчи гана кадам. Зордук-зомбулукка кабылган учурда укмуш пентхаус жана жогорку маяналуу жумуш жөнүндө куру кыялдарга баткандан көрө, биринчи кадамды жасоо маанилүү. Кыялдар ишке тоскоол болбойт дечи, бирок сенин оюңдагыдай жумуш жана турак-жай кийинчерээк сөзсүз пайда болот.
Көбүнчө өспүрүмдөр жашоосундагы зордук-зомбулукту азайтуунун эффективдүү жолу катары билим алуу экенин аңдашпайт. Бул аларда окуунун көйгөй жараткандан башка эч пайдасы жок деп бекемделип калган ишенимден улам калыптанып калган түшүнүк болушу мүмкүн. Бул да болсо зомбулуктун таасири. Эгерде окуучу мектепте жалаң эки деген баа алса жана үй тапшырма аткарууга көңүлү жок болсо, анда ал зордук-зомбулукка кабылып, ага өтө көп энергия сарптап жатышы ыктымал. Ошондуктан аларда окууга болгон каалоосу жана күчү деле калбайт. Ага карабастан, көпчүлүк адамдар жаңы көндүмдөрдү жана тажрыйбаларды үйрөнүүгө жөндөмдүү келишет.
Билим алуу - жумушка орношуунун жакшы ыкмасы. Сен маникюр курстарын бүтүрө алсаң, анда жаңы бир кесиптин ээси болосуң. Эгер сага тырмак жасалгалоо жакпаса, анда программалоо курстарын бүтүрсөң болот. Эгерде сага программалоо көңүлүңө туура келбесе, анда автомеханик адистигине окууга барсаң болот. Автомеханик болууну жактырбасаң, кошуна шаарга барып, окууга тапшырсаң болот, ал жактан сага жатакана беришет. Жашоодогу зомбулук менен күрөшүү көп учурда ыңгайсыздыкты жаратаарын эске алуу зарыл - бул татаал жолдо улам күтүлбөстүктөр, татаалдыктар кезигип турат жана оң натыйжага кепилдик жок, бир гана тобокелчилик бар.
Зордук-зомбулукту башынан кечиргендер кыйынчылыктардан улам кемсинишип, кооптонуу жаралышы ыктымал. Ыңгайсыздыктан келип чыккан кыйынчылыктар менен зомбулукту айырмалоо маанилүү. Ар бир адамдын жашоосунда татаалдыктар болот. Жаңы баштаган нерсе алгачкы жолу, ал тургай онунчу жолу да ишке ашпай калышы мүмкүн, балким ал нерсе өзүңө да жакпай же кызыгы тарап кетиши ыктымал. Эгерде адам эч кандай зордук-зомбулукка, уруп-сабоого кабылбаса, кемсинтүү, ызалантуу болбосо, анда жогоруда кеп кылган кыйынчылыктар нормалдуу көрүнүш. Университетке же колледжге тапшыруу же башка шаарга көчүп кетүү сен үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн. Эгер бул жөн эле коркуу сезими болсо, бирок иш-аракеттериң коопсуз жана кемсинтүүлөр коштолбосо, анда жакшы. Бул жашооңду зордук-зомбулуктан бошотууга багытталган маанилүү кадам.
Кимден колдоо күтсө болот жана жардам кантип сураса болот?
Мурунку бөлүмдөрдө зордук-зомбулукка кабылган адам колдоого муктаж жана ага жардам берүү маанилүү экендиги жөнүндө көп сөз кылдык. Зомбулук чеңгелинде узак мөөнөттө кармалуу абдан коркунучтуу. Зордук-зомбулук бизди башка адамдардан коркууга жана аларга ишенбөөгө үйрөтөт. Бирок бул зөөкүрлүк айлампасын бөтөн адамдардын жардамы менен бузса болот. Келгиле, жардам алуу үчүн кимге кайрыла аласыңар, аны кантип сураш керек жана эмне үчүн бул кыйын болушу мүмкүн экендиги жөнүндө сүйлөшөлү.
Тигил же бул колдоону чөйрөңдөгү ар бир адам - теңтушуң, класс жетекчиң, ийримдин мугалими, досторуңдун ата-энелери көрсөтө алат. Ар кандай адамдар ар кандай жолдор менен жардам бере алышат. Теңтуштарыңдын колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү аз, алар болгону сени угуу жана акыбалыңа боор толгоо менен гана чектелишет. Ал эми теңтуштарыңдын ата-энелеринде колдоо мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк: алар башка чоңдор менен сүйлөшө алышат, сага тамак берип, үйүндө алып кала алышат. Дагы бир мисал, мугалимдер ата-энелерге кандайдыр бир жол менен таасир этиш үчүн атайын кызматтарга кайрылса болот. Ушу сыяктуу айланаңдагы адамдар кырдаалды жеңилдетүүгө жардам берет. Эң негизгиси, бир гана адам сага түрдүү жардам көрсөтө албастыгын түшүнүү зарыл. Андыктан, ар кандай адамдардан түрдүү колдоолорду алып, социалдык колдоо тармагын түзүү натыйжалуураак болот.
Муну жасоо оңой болбошу мүмкүн. Биринчиден, зордук-зомбулукка кабылган адамдар өздөрү жана башкалар жөнүндө туруктуу терс пикирде болушат. Адам башкаларды өз көйгөйлөрү менен алек жана анын маселесине эч ким баш оорутпайт деп ойлойт. Ал өзүнүн колунан келбеген ишти башкалар да жасай албайт деп эсептейт. Зомбулуктан жабыркаган адам башка адамдарга ишенбей калышы ыктымал жана бөлөктөр анын ачыктыгын, ишенимин же алсыз жактарын пайдалангысы келет деп күмөн санашы мүмкүн. Ооба, алардын башкаларга ишенбеген пикирлеринин айрымдары чындыкка жакын. Аларда мындай ишеним жөндөн-жөн эле калыптанып калган эмес, мунун баары үй-бүлөдөгү зөөкүр мамилелерден улам пайда болгон. Мындан тышкары, башкаларга ишенбөө мектептеги рэкетчилик, мугалимдердин орой мамилеси же башка достору ушундай жагдайга туш болгонун байкоо менен бекемделет.
Адамдын чөйрөсүндө– мисалы, апасы, атасы, агасы, эжеси, классташтары – зордук-зомбулук көрсөтүп жатканын көрүп, башка бирөө менен болгон мамилеси башкача болушу мүмкүн экенине ишенүү кыйын болуп калат. Мындай кырдаалда эң кыйын нерсе – бул пикирлердин чындыгына шек санап көрүү. Адам өзүнүн абалына сүңгүп кирип, өзүнө суроо берүү керек: "Эгер менин чөйрөмдөгү адамдар зомбулукту норма деп эсептешсе, башкалар үчүн мындай болбошу мүмкүнбү?". Зомбулукка кабылган адам “болушар эч кимиси жок жалгызмын” деген бекем көз карашты карманып алышат. Бул зордук-зомбулук кылган зөөкүр үчүн пайдалуу жана ага бийликке ээ болууга, аны колдонууга мүмкүндүк берет - эгерде адам жалгыз болсо, анда аны басмырлоо да жеңил болот эмеспи. Көбүнчө кыйын кырдаалга кабылган адамдар, кайраттуу, бекем болуу үчүн оор жагдайларды жалгыз башынан өткөрүү керек деп ойлошот. Жалгыздыкта жана туруктуу азап чегүү эч кандай мүнөздү курчутпай турганын түшүнүү керек. Бул ишеним сизге керектүү жардамды алууга тоскоол болот.
Ооба, кээ бир адамдар болот, сен андайлардан жардам жана колдоо ала албайсың. Баардыгы эле жүрөктүн түпкүрүндө жакшы адамдар экенине өзүңдү ишендирүүгө жана алардан сөзсүз жардам суроого өзүңдү мажбурлап кереги жок. Болгону адамга адам карышкыр деген түшүнүктү туура деп кабыл албаганга аракет кыл. Ар кандай учурлар болот. Башкаларды ойлогон адамдар да бар, бирок ошол эле учурда, жардам сураган адамдын суранычы кабыл алынбай калган да жагдайлар кездешет. Сен кыянаттык менен мамиледен алган терс эмоцияларды башка адамдардан алган оң эмоциялар менен тең салмактоого аракет кылбашың керек. Болгону коомго болгон терс пикирлерден кутулуп, жардам колун сунган башка адамдар аркылуу бир аз болсо да, колдоо тапсаң болот.
Кээде адамдар жеке кызыкчылыгы үчүн башкалардан колдоо суроону өзүмчүлдүк деп эсептешет. Бирок кыйынчылыкка туш келгениңде, башка адамдардан көмөк издеп, жардам суроо зарыл. Арам ой менен эмес, бирок өз кызыкчылыгы үчүн бир адам менен мамиле куруунун эч кандай жамандыгы жок. Колдоого муктаж адам жылуулукту, боорукердикти жана адилеттикти издейт. Эреже катары, адамдар бири-бирине жардам бергенди жакшы көрүшөт, бизге өзүбүздү маанилүү сезип, боорукерлик менен камкордук көрсөтүү жагат. Кайрымдуулуктан биз эргүү алабыз. Зыянкечтик жана калп сүйлөө орун алган үй-бүлөдө өскөн адамдын буга ишенүүсү кыйын. Ал эми кайрымдуу иштердин мисалын күнүмдүк жашоодон көп эле кезиктиребиз: мисалы, көчөдө бейтааныш адамга жол табууга жардам берип койсок, ал ишибиз бизге жылуулук жана кубаныч тартуулайт. Ал эми колдоо көрсөткөн адамда көмөк алган адам жагымдуу элес калтырат.
Мындан тышкары, биз элден колдоо сурап кайрылганыбызда, бул кадыресе көрүнүш экенин билдиребиз. Муну менен биз алар деле баштарына кыйынчылык түшкөндө бөлөк кишилерден жардам сурай аларын көрсөтөбүз. Кээде биздин жардам сурап кайрылуубуз адамдарды жеке иштеринен алаксытып коебу деп да чочулайбыз. Бирок кээ бир учурларда өзүбүздүн көйгөйлөрүбүздөн башкалардын көйгөйлөрүнө алагды болуу - биз үчүн пайдалуу экенин эске тутуу шарт. Жана көптөгөн адамдар бирөөлөргө жардам бергенди жактырышат. Мындан тышкары, жардамдын баасы, адатта, анчалык жогору болбойт. Эреже катары, кайрымдуулук үчүн убакыттын жана камкордуктун кичинекей бөлүгү гана жумшалат. Ошондуктан кайрымдуу иштерди жасоо көпчүлүк адамдар үчүн оңой иш.
Жардам суроодо дагы бир маанилүү нерсе- бул конкреттүүлүк. Көмөк көрсөтүү өтүнүчүң так түзүлүшү шарт. Анткени ал адам жардам иретинде эмне кылышын так түшүнүшү керек. Мисалы, үйдөгү абалдан оолак болуу үчүн жарым саат сүйлөшүүнү же сейилдеп келүүнү сурансаң болот. Же анын үйүндө конок болууга жана үй тапшырмасын эркин атмосферада аткарууга мүмкүнчүлүк барбы деп сурансаң болот. Башка адамдан кандай иш-аракеттер керек экенин канчалык так түшүнсөк, бизге жардам берүү ошончолук жеңил болот. Жардам суроо башка адамга тандоо эркиндигин калтырарын эстен чыгарбоо керек: адам макул болот же баш тарта алат. Өтүнүчүң жоопсуз калса- бул жагымсыз натыйжа жана сага оор тийиши мүмкүн. Кийинки макалада жардам берүүдөн баш тартышкан учурларда эмне кылуу керектиги жөнүндө сүйлөшөбүз.
Кээде биз четке кагылып калуудан чоочулап, жардам үчүн башка адамга кайрылуудан коркобуз. Көмөк суроо чечимин кабыл алуунун өзү кыйын болушу мүмкүн. Ал эми зордук-зомбулукка кабылган адамдар өзгөчө жалтаң келишет. Анткени бул үчүн өзүңдүн үстүндө көп иштеп, көптөн бери калыптанып калган ишенимдерди өзгөртүүгө туура келет. Ал эми жардам өтүнүчү колдоого татыбай калса, ансыз деле оор турмуштук кырдаалда турган адамга бул аябай катуу тийиши мүмкүн.
Эгерде бизге жардам берүүдөн баш тартышса, бул биздин эч кимге керегибиз жок же башкалардан мындан ары жардам сурай албайбыз дегенди түшүндүрбөйт. Болгону жардам берүүдөн баш тарткан адам учурда бизге жардам бере албайт дегенди билдирет. Өтүнүчтөр четке кагылган күндө да, үмүтүбүздү үзбөй жана келечекке болгон ишенимди сактоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек.
Сен түзүлгөн кырдаалды кабыл алууга аракет кылышың керек. Фактыларды жана сезимдериңди (кайгы, нааразычылык, көңүл калуу) сүрөттөп жазсаң да жеңилдейсиң. Мындай сезимдер нормалдуу көрүнүш, анткени капалануу - кыйынчылыкка кабылган адамдын жашоосунун бир бөлүгү. Колдоо таппай калганыңда көңүлдү терс ойлордон пайдалуу нерсеге буруу керек. «Мирзат мага үй тапшырма аткарууга жардам берген жок, анын эмнеси дос? Мен үчүн азыр кандай кыйын күндөр экенин билет го?» деген сыяктуу ойлор санаага батырат. Бул сага эч кандай жакшы натыйжа алып келбейт, бирок ого бетер капаңды күчөтөт. Эгер сен ушундай ойлор менен алек болуп калсаң, депрессияга алдырып ийишиң мүмкүн. Мындай учурда эмнеге көңүл бурууга аракет кылса болот?
Мисалы, башка иш-аракет кылсаң болот, андан бөлөк адамдардын колдоосун сурай аласың. Эгер бирөө баш тартса, экинчиси же үчүнчүсү да ошондой кылат дегенди билдирбейт. Эгер досторуңдун эч кимиси сени тыңдагысы келбесе, балким, башка таанышың сени менен чогуу сабактарды талкуулоого даяр чыгар. Жаныңда болуу жана биргеликте бир нерсе кылуу - бул да колдоонун бир түрү болуп саналат. Көңүлдү дагы башка нерсеге бурса болот - бул башка иштер менен алек болуу. Маселен, мен өз абалым тууралуу айтып берип жеңилдегим келди, бирок мен ишенген адам мени угуудан баш тартты дейли. Мындай учурда өзүңө суроо берүү керек, мисалы: "Абалымды жакшыртуу үчүн мен өзүм үчүн эмне кыла алам?", "Мен өзүм үчүн мөмө-жемиш менен даамдуу чай демдеп иче аламбы?", "Мен жагымдуу музыка уксам жеңилдеймби?" "Башымдан өткөн окуяларды күндөлүккө жазсамбы, же анонимдүү онлайн колдоо чатында бөлүшө аламбы?" Майда ырахаттар менен өзүңдү сооротуу сен үчүн маанилүү жана зарыл.
Интернет жок болсо жана күндөлүгүңдү окуп коюшса, анда башка жол менен өзүңө кам көрө аласың: мисалы, 15 мүнөт сейилдеп кел, тишиңди жуусаң болот же китеп окуп өзүңдү алаксыт. Бул оңой эмес, анткени мунун баары учурдагы эмоционалдык абалыңа каршы аракеттер. Кээде бир адамдар көз жашын төгө ыйлап, эмоцияларын кошо чыгарып алышат. Бул капалуу аракет, бирок кээде жеңилдик алып келет. Өзүңдү аяп ыйласаң болот: "Ооба, менин жашоом оор". Кылган аракеттериң стресс менен күрөшүүгө жардам берсе, өзүңдү аяп коюунун эч кандай жаман жери жок.
Кээде биз өзүбүзгө оор күндөр такыр бүтпөчүдөй сезиле берерин эстетип турушубуз керек. Бизди эми эч ким эч качан сүйбөйт, эч ким жардам бербейт деген ойлорго кабылышыбыз мүмкүн. Бирок дайыма эле азыркыдай боло бербейт. Кырдаал жакшы жакка өзгөрүшү мүмкүн. Эгер кимдир-бирөө сенден жардамын аяган болсо, ушуну менен эч кимден жардам сурап кайрылбайм деп, башкалардан колдоо издөөдөн баш тартпоо керек.
Колдоо тармагы канчалык кеңири жана ар түрдүү болсо, ошончолук көп адамдар жардамга келет, бул жакшы көрүнүш. Бирок мындай жардамдын түптөлүшүнө зомбулук менен мээге сиңген эрежелер тоскоол болот, мисалы: «Сен бул үй-бүлөдөн башка эч кимге керек эмессиң!», «Адам адамга карышкыр». Бул эрежелер зордук-зомбулук кадыресе көрүнүш деп эсептелген үй-бүлө үчүн норма болушу мүмкүн, бирок мындай эрежелер баарына иштейт жана ар дайым сакталышы керек дегенди билдирбейт.
Зордук-зомбулук кырдаалында мындай кырдаалга мен гана туш болдум деген ойлор чулгап, биз өзүбүздү жалгыз сезишибиз мүмкүн. Бул учурларда “оор жагдайды башынан өткөргөн жалгыз мен эмесмин жана мен гана мындай жагдайдан кыйналып турган жокмун” деп өзүнө эскертип туруу керек. Зордук-зомбулук кадыресе көрүнүш эмес, адамдар башкаларга мындай жашоого болбойт деп айтууга аракет кылып жатышат. Үй-бүлөдөгү зомбулук кырдаалында башка адамдардын колдоосу абдан маанилүү: алар сага жан тартышат, сенин акыбалың тууралуу тыңдай алышат, жата турган жерди камсыздай алышат, өзүңөрдү күнөөлөп, өзүңөрдү кыйнаган абалда таштап коюшпайт. Ошондуктан, башка адамдардын жардамын кайра-кайра алууга аракет кылуу маанилүү. Бирок жардам бергенден баш тартышса, абалың начарлап кетпейт, кандай болсо, ошол бойдон калат. Эгерде биздин өтүнүчүбүзгө жооп алуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, аны сөзсүз пайдалануу керек.
Акыры адам зордук-зомбулук абалдан бошогондо, аны: «Эми эмне болот?» деген суроо тынчсыздандырышы мүмкүн. Көбүнчө жаштар зордук-зомбулук тажрыйбасы аларды толугу менен майып кылды деген ойду карманышат. Алар өтө орой, муздак, эч кимге ишенбей турган болуп калдым деп кооптонушу мүмкүн. Эң кеңири таралган коркуулардын бири - зомбулук окуялардын кесепетинен улам- ал өзүн эч кимди сүйө албачудай жана башкалар менен ишенимдүү мамиле кура албачудай сезе берет. Адам өзүнүн жөндөмдүүлүгүнөн шектенип калат. Ал келечектеги балдары жөнүндө ойлонушу ыктымал. Бирок ал дагы өзүнүн ата-энеси сыяктуу балдарына зөөкүр мамиле жасап калам деген коркунуч ойлорго алдыра бериши мүмкүн.
Зордук-зомбулук жашоосунда узак убакытка созулган адамга бирөөнүн каргышы бардай сезилиши мүмкүн. Анткени ага дайыма жана бардык жерде зөөкүрлөрдү өзү жашоосуна тарткандай туюла берет. Зомбулук эч кандай мыйзам ченемдүү көрүнүш эмес, аны ойлоруң менен, же “аура”, же иш-аракеттериң менен өзүң жарата албайсың. Муну түшүнүү маанилүү. Зордук-зомбулук зөөкүрлүк көрсөткөн адамдын өзү жасаган иш-аракеттери менен байланышкан. Мындай адамдар үчүн зомбулукту кимге жасаганы баары бир, бирок, тилекке каршы, анын кылтагына бир адам түшүп калат.
Атайын бирөөдөн эле бизди кемсинтип, сабап, акчабызды тартып алып, үйгө камап кой деп суранбасак эле, андай зомбулукту “илештирип алуу ” мүмкүн эмес. Зордукчулдарга тиешелүү болгон «Сен өзүң ушуга жеткирдиң!» деген кептери чындыкка дал келбестигин эстен чыгарбоо керек. Зөөкүр адам өзүн ушинтип актоого аракет кылат, ал муну өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана жасайт, анткени кылган кылыгы үчүн жоопкерчиликти башка адамга оодаргысы келет. Зордук-зомбулуктан жабыркаган адамдын зомбулукту тымызын каалоосу мүмкүн эмес. Бул болгону зөөкүрлүк кылган кишинин таңуулоосу.
Кээде жашоосун тың кылып түптөп алган адамдарга көз артуу сезими пайда болот. Адамга өзү көп нерседен куру жалак калгандай туюлушу мүмкүн, анткени башкалар өз кыялдарын өнүктүрүп, ишке ашырып жатканда, ал өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана зордук-зомбулуктан алыс болуу үчүн кам көрүшү керек эле. Бул кадыресе көрүнүш жана биз азыркы жашоодо эмнеге жетишүүнү каалап жатканыбызды көрсөтүп турат. Адам башка тажрыйбага ээ болгусу келет: мисалы, сүйүү, жылуу мамиле, боорукердик, достук. Эгер биз бул нерселерди өзүбүз каалагандай жетиштүү өлчөмдө ала албай калган болсок, анда биринчи кезекте бул зордук-зомбулукка кабылган адамдын күнөөсү эмес экенин түшүнүү керек.
Өзүңдү башкалар менен салыштыруунун оң жактары менен кошо терс жактары да болушу мүмкүн. Мунун баары сенин кырдаалга болгон мамилеңе көз каранды болот. Сенин оюң төмөнкүдөй болушу мүмкүн: «Бул адамдын жашоосу кандай сонун, менде мындай болбой калганы өкүнүчтүү. Бирок мен ушундай жашоодо жашоого аракет кылам!». Же мындай ойлор келиши ыктымал: "Менде баары жаман, мен таптакыр артта калдым, менин үй-бүлөм эң начар". Эгерде башка адамдар менен салыштыруу бизге эмнеге умтулуубуз керек экенин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берсе, анда мындай кырдаалда көрө албастык да пайдалуу болушу мүмкүн. Эгер башкаларга көз артуу сени капага чөктүрсө, анда мындай ойлор такыр чүнчүтүп салышы ыктымал.
Көбүнчө өзүн башкаларга салыштырган адамдарда “жашоо жарыш жана атаандаштык, анда жеңүүчүлөр да бар” деген ишеним тоскоол болот. Адамдардын алган тажрыйбалары ар түрдүү болот, бирок бул бир адам башка адамдан мыкты же начар деген айырманы билдирбейт. Ар кимдин жашоосу ар кандай түптөлөт, ар кимде ар кандай жагдайлардын болушу кадыресе көрүнүш. Тилекке каршы, биз тажрыйбаны өткөн чак аркылуу ала албайбыз. Буга чейин мүмкүнчүлүктөр, билимдер, тажрыйбалар аз болгонун гана кабыл алабыз. Бирок биз үйрөнүп, күч алып, акырындап жашоодон эмнени каалап жатканыбызды түшүнөбүз. Ал убакыттын өтүшү менен келет. Эң негизгиси, аракет кылып, акырындап кыялдарыңа жана максаттарыңа карай алга жыла беришиң керек. Эгер сен зомбулуктун ордуна жакшы мамиле кургуң келсе, анда аны азыр же келечекте ишке ашырууга болот, бирок өткөн чакка кайрылып баруу мүмкүн эмес.
Чынында эле, зомбулукта жашоо тажрыйбасы өзүн-өзү сыйлоого, башка адамдарга ишенүүгө жана алар менен ачык мамиле түзүүгө таасир этет. Ал гана эмес, өзүбүз тууралуу ойлорго, башка адамдар жөнүндө кандай ойлогонубузга жана сезимдерге да таасири тиет. Кандай тажрыйбалар болсо, ошондой ишенимдер жана көз караштар калыптанат эмеспи. Эгерде адам зомбулукка кабылган болсо, ал өмүрүнүн акырына чейин өзүнө ишенбейт дегенди билдирбейт. Мындай болушу да мүмкүн - зомбулуктун курмандыктары өмүр бою өздөрүнө ишенбей жашашат, бирок өзүн-өзү төмөн баалоо жашоосунда зомбулукка кабылбаган адамдарда деле калыптанышы мүмкүн. Бактыга жараша, биз коомдун өнүгүү этабында турабыз, биз өзүбүздүн ишенимдерге таасир этип, аларды кайра карап чыгып, өзүбүзгө башкача мамиле кылууну үйрөнө алабыз.
Көп жылдар бою күч-аракеттин көбү өзүңө жаккан жана кызыктуу нерселерди жасоого эмес, жашоодогу зордук-зомбулук менен күрөшүүгө жумшалып калганы өкүндүрүшү мүмкүн. Зомбулук- бул адам өзү үчүн жаратпаган, бирок ал чечиши керек болгон көйгөйлөрдүн бири. Кээде бизден көз каранды болбогон көйгөйлөр менен күрөшүү ар бир адамдын жашоосунун бир бөлүгү болуп калат. Бул адилеттүүлүккө жатпайт. Эгерде өзүн-өзү сыйлоо, коопсуздук, ишеним сезимдери жана башка көптөгөн нерселер аларды талкалаган адам тарабынан калыбына келтирилсе, анда адилеттүүлүк орномок. Бирок кыянатчыл адам менен буларды жасоо мүмкүн эмес. Кээде адилеттүүлүк үчүн сени капа кылган адамдан бир нерсе талап кылуу маанилүү жана баалуу болушу мүмкүн. Бирок көпчүлүк учурда кырдаалды кабыл алуудан башка эч нерсе калбайт. Өзүңө боорукердик менен мамиле кылуу маанилүү: «Ооба, тилекке каршы, мага зомбулуктун кесепеттерин жоюуга туура келди, бирок азыр мен мындан кийинки жашоомду өзүм каалагандай кылууга аракет кылам».
Эгер адам зомбулукту башынан кечирген болсо, бул анын туура эмес жактары бар экенин, көргөн кордуктун айынан айланасындагылардан айырмаланып турарын, жана башкалардан төмөн экенин билдирбейт. Жок, ал өтө оор кырдаалды башынан өткөргөн жөнөкөй адам. Ал күчтүү инсан, анткени ал өз жолу менен баарын жеңип, аман калган. Эми ага анын планына, каалоосуна жараша өз жашоосун куруу кезеги жетти.
Булак: Двор медиа