Жан сырыңды бөлүшүп, чер жазыша сүйлөшүп, мем ыргытып же оор кырдаалда кеңеш алуу үчүн биз досторубузга кайрылабыз. Булар жардам жана колдоо көрсөткөн эң жакын адамдар.
2021-жылы Кристиан Лангкамп, Оксфорд университетинен чакырылган илимий кызматкер, ар түрдүү авторлордун аныктамаларына ири талдоо жүргүзүп, төмөнкүдөй жалпылайт:
Достук – бул эки же андан көп адамдардын эркин мамилеси (өз эрки менен деген мааниде):
1. Өзүнүн инсандык сапатынын күчтүү тарабын чагылдырат. Маселен, чыдамкайлык, токтоолук, тамашакөйлүк, мээримдүүлүк, кабыл алуу жана башка. А алар, өз кезегинде, достук мамиле жаралган адамдарды өзүнө тартат жана ал мамилелердин бекемделишигине өбөлгө болот.
2. Жактыруу, тилектештик жана өз түшүнүүнү чагылдырат - бул, мисалы, ишенимде, досунун турмушуна кызыгууда, кам көрүүдө, суктанууда жана башкада байкалат.
3. Өзүнүн достук мамилесин иши жана ага карата алакасы аркылуу бир нече жолу баса көрсөтөт. Мисалы, аны кулак төшөп угуу, колдоо, меймандостук жана башкалар билдирет.
Оксфорддун психологдору достукта кандай эреже бар экендигин тактап чыгышты. Алар кайсы бир адам менен болгон мамилени достук деп атоого болуп болбогонун, жана достуктун сапатын аныктоодо – жардамга келет.
Бул эрежелерди аныктоо үчүн изилдөөчүлөр британдык, итальяндык, гонконгдук, япондуктардын арасында сурамжылоо жүргүзүп – 43 пункттан турган тизмени топтошот. Биз эң башкы алтоосун атап өтөбүз:
1. Досуңдун көзү жок кезде, аны кимдир бирөө сындап жатканда досуңа болушуу.
2. Досуң менен өз ийгиликтериңди бөлүшүү.
3. Эмоционалдык колдоо көрсөтүү.
4. Чындыкты айтуу жана досуңа ишенүү.
5. Оор кырдалда өз эркиң менен жардам берүү.
6. Аны менен бирге болуп, досуңду бактылуу кылууга умтулуу.
Изилдөө көрсөткөндөй – бул эрежелер канчалык бузулса, демек, достуктун сапаты ошончолук начар. А эгерде булардын көпчүлүгү системалык түрдө сакталбаса – бул достукту жокко чыгарат.
Оксфорд университетинин изилдөөчүсү Кристиан Лангкамп достукта канатталдырылган кам көрүүнүн тизмесин баса көрсөттүү:
· Күн көрүү (subsistence): биз өмүр бою бизге жагымдуу адамдар бизди коштоп жана эмоционалдык жактан колдоого алуусуна муктажбыз. Мисалы, адамга анын биринчи концертинде жакындары жанында болуусу абдан маанилүү.
· Кам көрүү: башка адамдар туралуу кам көрүү, жардам берүү жана коргоо. Мисалы, бир дос коркуп жаткан курдашынын ордуна ооруканага телефон чалат.
· Күйүмдүүлүк: башка адамдарга карата эмоционалдуу кам көрүү, эмоциялары менен ойлорун жан дили менен угуу жана бөлүшүү, мамиле куруу. Күйүмдүүлүккө муктаждык бир эле учурда сүйүүнү берүү жана алуудан турат. Маселен, достор чогулуп, турмуш жана сезимдер тууралу маек курушат.
· Түшүнүү: изилдөөгө багыт алган, муктаждык, маалыматты изилдөө жана анализдөө. Биз дүйнөнү башкалар аркылуу таанып билебиз. Мисалы, ар түрдүү кесиптеги эки дос өз ишиндеги өзгөчүлүктөрдү айтып бериши мүмкүн.
· Шериктештик: кеңири чөйрөдөгү баарлашууга байланыш түзүү жана башкалар менен кызматташууга муктаждык. Мына, ошондуктан адамдар ар түрдүү коомдорго киришет – “Двор” деген паблик болобу же илимий конференцияга барышат.
· Эс алуу: компанияда жагымдуу эс алууга муктаждык, стрессти чыгаруу, ойноо, каткыруу жана башка. Мисалы, бирге киного, театрга баруу, жатып алып сериалдарды көрүү.
· Чыгармачылык: биргиликте чыгармачылык менен иштөө, мурас калтыруу, бирге иш алып баруу. Мисалы, достор биргеликте кулинардык каналды алып барышат.
· Жекелик: достор бизге биздин ким экендигибизди түшүнүүгө жардам берет. Мисалы, дос досуна жетишпей жаткан оор сабактан түшүнүүгө жардам берет. Кийин бул досу репетиторлуктан өзүн табышы мүмкүн. Досторубуз менен биз турмушубуздагы кайгылуу да, кубанчытуу да көз ирмемдерди бирге өткөрөбүз. Достор ар кандай башталыштарды колдошот (мисалы, компания үчүн спортзалга барышат) жана эгер кандайдыр бир жагымсыз жүрүм-турумдар көзөмөлдөн чыгып бара жатканда бизге эскертишет (мисалы, досуңдун өнөктөшү - абьюзер экендигин баса белгилешет).
Америкалык психолог Дэвид Майерс “Социалдык психология” деген китепте өзүбүзгө досту тандоодо үч критерийди сунуш кылат:
Басымдуу учурда биздин досторубуз бизге жакын адамдар болушат: коңшулар, классташтар, кесиптештер. Мейкиндик жакындык эле маанилүү болбостон ошондой эле функционалдык – адамдардын жолунун кесилиши да маанилүү. Мисалы, коңшуларды жалпы турак-жай, классташтарды окуу, кесиптештерди иш бириктирип турат. Эмне үчүн мындай жакындык достукка таасир этет:
· Жеткиликтүүлүк – башка короодогу, мектептеги / ЖОЖдогу/ иштеги, шаардагы же өлкөдөгү адам менен таанышыууга караганда өзүңдүн корооңдогу, мектебиңдеги / ЖОЖдогу / ишиңдеги, шаардагы адам таанышуу алда канча жеңил жана мүмкүнчүлүк көп.
· Кездешүүгө ашыгуу – кайсы бир конкреттүү адам менен кездешүүнү күтүү ага болгон жактыруу сезимин күчөтөт.
· Көзгө чалдыгуу эффектиси – бизге адам канчалык көп кездешкен сайын (кандай гана объект болбосун), биз ага ошончолук позитивдүү баа бере баштайбыз.
Ооба-ооба. Дал ошондой. Айтмакчы, кеп дагы эле достук жөнүндө уланып жатат. Адамдар бири-бирине сырткы көрүнүшү канчалык жагымдуу болсо, алар ошончолук баарлашууну улантууну каалашат. Албетте, баарлашууда бир гана сырткы келбет манилүү эмес. Ошондой болсо да, биз биринчи көңүл болүп караганыбыз – дал ошол. Баса белгилей кетсек, жагымдуу келбет субъективдүү. Беш кол тең эмес. Бирок жагымдуулуктун бир нече конкреттүү аспектилери бар. Алар достуктун пайда болушунда чоң роль ойношот.
· Дал келүү эффектиси – киши өзүнө адамдарды, алардын физикалык жагымдуулугу, анын ою боюнча алардын жагымдуулугунун деңгээлине дал келүүсүнө карата тандап алат.
· Физикалык жагымдуулуктун стереотиби -- биздин ой жүгүртүүбүздүн когнитивдүү катачылыгынын бири сулуу = жакшы. Атүгүл жомоктордо дагы оң каармандарды сулуу, ал эми каракчыларды тескерисинче тартышат.
Адамдар көп учурда кызыкчылыктары, баалуулуктары, турмуштагы көз караш окшоштугуна карата дос болушат.
· Окшоштукка негизделген жагымдуулук – бизге, кызыкчылыктары канчалык көп дал келген адамдар, ошончолук жагымдуу. А эгерде адамдын көз карашы караманча карама каршы болсо – басымдуу учурда араздашууга алып келет.
· Карама-каршылыктар тартылышабы?
Изилдөөчүлөр ар кыл жаштагы, билим деңгээли, материалдык абалы, физикалык жана интеллектуалдык мүнөздөмөсү, адаттары жана башка жактары ар түрдүү адамдардын ортосундагы достукту көп изилдешти. Ошондой болсо да, адамдар айырмачылыктарына караганда, окшоштуктары жактан көпчүлүк учурда биригишет.
Эске тутуучу жагдай, мына ушул критерийлер жалпы мыйзам ченемдүүлүктү – адамдар тобунун орточо көрсөткүчүүн чагылдырат. Бардык адамдар бири-биринен айырмаланып турат, ал эми адамдар ортосундагы достук – индивидуалдуу. Эгер сен досуңдан алыс аралыкта болсоң – физикалык жактан бири-бириңерди кызыктырбаганыңар менен, силердин кызыкчылыктар таптакыр ар башка – бул силердин дос болуугуңарга кедергисин тийгизбейт.
Айрым учурда достукка жаракка кетет. Башка бирөөнү күнөөлөнүн ордуна, алгач өзүңө көз чаптыр – силердин мамиледеги уулу дос, сен, өзүң болуп жүрбө?
Төмөндө адамдар сен менен мамиле күтүүдө “жапа чеккен”, достукту талкалоочу жүрүм-турум жана көрсөткүчтөрдүн бир нече модели:
1. Башкалардын оолак болуусу – сенин компанияң сен менен алака түзүүдөн качып баштайт. Мисалы, чогуу отуруштарга чакырбайт, иш-чараны сен жок пландашат.
2. Сындоо – сен көп учурда өзүңүздүн досторуңдун тандоосун сынга аласың.
3. Көзөмөл – сен өз көмөчүңө күл тартып, досторуңду аны аткарууга мажбур кыласың. Атүгүл аларды: «Кичи пейдиликке, мен үчүн үй-тапшмарсын аткарып койчу, биз досбузго» - деп жумшап да аласың.
4. Кечирим сурабоо – эгер сен досуңдү таарынтып алсаң да, эч качан кечирим сурабайсың.
Дос: «Кечээги жолугушууда сен мени таштап кеттиң. Бул мага жаккан жок. Эгер кете турган болсоң, кичи пейилдикке эскертип кой. Мындай иш-чараларда мен өзүмдү абадан ыңгайсыз сезем.
Сен: «Ой, кокуй оой, эмне болду анчалык?»
5. Жоопкерчиликтен качуу – сен жагдайдын күнөөкөрү катары роль ойнойсуң. Сен өз кыймыл аракетиңе жоопкерчилик алуудан баш тартасың.
Дос: «Сен бир саат кечиктиң. Эскертип койсоң деле болмок. Көчөдө суук экенин көрүп турасың».
Сенз: «Сен ишенбейсиң, поезд метродо туруп калды, тармак тартпайт, мен жаза алган жокмун».
Дос: «Поезд бир саат тоннелде турдубу?»
Сен: «Жок, беш мүнөт, ал жакта үп экен, жазганга оор болду».
6. Алуу, бирок бербөө – Сен көпчүлүк учурда досторуңдан жардам сурайсың. Бирок сен бирөө жарым жардам сураса үн катпайсың жана жардамга кол сунбайсың.
7. Ар бир мамилени жеке өзүңүзгө кабыл аласыз – айрым учурда достор биз күтпөгөндөй мамиле кылышат. Досуң дал ошентип сени басынтып жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок андай эмес.
Дос: «Кечирип кой, бүгүн жумушта оор күн болду. Адамдар менен болгон маимледен абдан чарчадым. Бул кечте өзүм жалгыз өткөрүүнү каалап турам».
Сен: «Мени менен мамиле күтүүнү каалабасаң, ошентип эле айт. Болбогон шылтоону ойлоп таппай».
Дос: «Бул шылтоо эмес. Мен чындап эле жалгыз калууну каалап турам. Мен бүгүнкү жолугушуулардан баш тарттым».
Сен: «Ооба, албетте, ошондой».
8. Досуңдун ийгилигине сүйүнбөө - достор бири-биринин ийгилигине кубанышат. Эгерде досуңдун бир жакшы нерсенин жок болуп кетүү тилеги пайда болсо, бул кооптуу коңгуроо. Бул жакка эгер досуң өз ийгиликтери менен бөлүшүп жатса, аны этибарга албоо кирет.
Дос: «Мен курсттук иштен беш алдым. Элестет!»
Сен: «Ммм, а мен төрт алдым».
9. Купуялуулуктун талкаланышы – досуңдун сырын ашкерелөө, ушак таратуу – достук мамиленин талкаланышынын бирден-бир ишенимдүү кадамы.
10. Пассивдүү-агрессивдүү пикирлер кээде сен байкоосуздан өзүңдүн ачууңду же ызаңды байкоосуздан айтып алышың мүмкүн.
Дос: «Меничме, бул көйнөк мага тар окшойт».
Сен: «Бул көйнөктү күчкө салып эле кийип алдың окшойт».
Кээде сенин досуң менен болгон мамиледе бир нерсе болгондой сезим пайда болот. Бул жерде кеп сенде эмес, а досум деп санаган киши өзүн таң калычтуу алып жүрөт. Өзүңдүн сезимдериңди тыңшап, ой жүгүртсөң, сага карата досуңдун «ичинде ит өлүп калган жокбу?». Төмөнкү бир нече коопту коңгуроолорго көңүл бурсак:
1. Кайсы бир конкреттүү “дос” менен баарлашкандан кийин сен өзүңдү жаман сезесиң.
Негизи достук сенден албайт, сага дем-күч берет. Ага мисал, досуңуз сени кантип чарчатып жибергенине мисал келтирсек:
· ар качан наалый берүү жана жообуна ыраазычылык билдирилбеген жардам суроо,
· ал тараптан агрессия,
· сенин аракетиңе карата сындоо жана башкалар.
2. Сен бул «дос» менен мамиле куруудан качып, шылтоо издейсиң.
Мындай дос менен жолугушууну каалабай турганыңызды байкайсыз. А эгерде ал өзү жолугушууну сунуштаса, аны болтурбоо үчүн сен ар кандай шылтоо издейсиң. Силер жолугуп калган учурда сен эрте эле кетип калууну каалайсың.
3. «Дос» сенден ага бир нерсе керек болгон учурда гана сен менен убакыт өткөрөт.
Мындай дос паразит сыяктуу сени өз максаттарында пайдаланат. Ошол эле учурда сага бир нерсе керек болгон учурда бул адам ар дайым аны аткарбоо үчүн шылтоо табат же макул болуп, бирок кийин качып кетет.
4. «Досуң» сенин айлана-чөйрөңүздөгү контакттарды чектөөгө мажбур кылат. Бул киши сенин башкалар менен болгон мамилеңди көзөмөлдөөгө тырышат. «Тиги менен сүйлөш, муну менен сүйлөшпө», «Бул жигит/кыз сага тең эмес» - мындай достун болжолдуу достору.
5. Эгерде кимдир бирөө “досуң” сага жаман мамиле кылат деп айтса, сен “досуңду” актайсың жана коргойсуң.
Парадокс. Мындай досту башкалардын алдында сен коргоого аласың. Стокгольм синдромуна окшош. Ооба, адам сага жакшы мамиле кылбайт, бирок сен аны сырткы жагдайлар менен актайсыз: «Ооба, ал үчүн оор күн болду…», «Ал менин досум, ал мага жаман кеңеш бербейт» жана башка. Бул досуң сага ыңгайсыздык жаратып жатканын өзүң да моюнга алгыңың келбейт.
6. «Дос» достукка «бергенге» караганда, андан көп «алат»
Сен жолугушууну сунуш кыласың. Досуң кырсыкка учураса, сен ага ашыгасың. Сен аны оор кырдаалдан куткарасыз. Сен анын иштери кандай жүрүп жатканынан кабар алып турасыз… Бирок ал эч качан булардын бирин дагы сен үчүн кылбай. Анан калса, эгер сен буларды баса белгилесеңиз, ал айтылган сынды кабыл алып жана достук мамиленин үстүнөн иштөөнүн ордуна актанып кирет.
Көбүнесе бул табигый түрдө жүрөт. Көпчүлүгү кантип жана ким менен алар дос болушканын, качан жана кандайча достугу бекем болгону туурасында ойлонушпайт. Бирок адам дострду табуу тууралуу максат коёру айкын. Ага ар кандай себептер бар: мамиле курууну кеңейтүү тилеги, биргеликте иш алып баруу үчүн компания табууга аракет кылуу, социалдык кооптонууну жеңүү ыкмасы жана башка.
Коомдук пикирди изилдөөнүн бүткүл Россиялык борборунун (ВЦИОМ) сурамжылоосуна ылайык россиялыктар көбүнчө досторду жумуштан (38%), мектептен (24%) же институтта (18%) табышат. Айрымдары коңшулар арасында дос болушат (16%).
Досту издөөдө жигердүүлүк көрсөтүү маанилүү. Сен канчалык көп мамиле курсаң, ошол чөлкөмдөн кимдир бирөө сенин досуң болушу ыктымал. Айланаңдагы адамдарга көңүл бурууга туура келет. Мектептеги балдар, жумуштагы кесиптештер, спорттук кружоктогу өнөктөштөр. Эгерде алардын арасында сага кызыктуу кишилер жок болсо же сен алардын баары менен дос болсоңуз, анда балким мамиле курууну кеңейтүү керектир. Аны кантип ишке ашырабыз:
· Сен үчүн жаңы коомчулукка кошулуу – ал хобби, спорт, билим берүү жана башкаларга тийешелүү болушу мүмкүн.
· Публикадагы иш-чараларга катышуу - көрсөтмөлөр, театр, кино жана башка оюн-зоок форматтар.
· Таанышуу үчүн атайын мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу – таанышуу үчүн сервистер же жеке форматтар.
Кээде досторду түзмө-түз издөөгө багытталбаган иш-чаралар да кызматташуу жана нетворкингди сунуштап, досторду табууга көмөкчү болот. Айталы, билим берүү форумдары, лагерлер, конференциялар, чет өлкөгө чыгуу жана башкалар.
Албетте, бул жерлердин бардыгында жөн эле болуу, автоматтык түрдө сени жаңы тааныштарга алып келбейт. Ал үчүн маанилүү:
· «Ооба» деп айтуу – чакырууларды кабыл алуу, сунуштарга макул болуу (албетте, сенин коопсуздук менен ыңгайлуулуктун алкагында).
· Демилге көтөрүү – өз алдынча таанышууга алгачкы кадамды таштоо:
Өзүн тааныштыруу жана сөз баштоо. Эгер сен компаниядагы адамдардын жарымы тааныш, жарымы бейтааныш болсо, адамдарды бири-бирине тааныштыруу үчүн демилгени колго алсаң болот.
· Кызыгуу жаратуу – маектешкен адамга ачык суроо узатуу, аны ынтаа коюп угуу. Жалпы кызыкчылыкарды табууга аракеттенүү.
· Жылмаюу – кадимки эле жылмаюу өз ара достук мамилеге өбөлгө болот.
· Өзүңүз тууралуу маалымат менен бөлүшүү – сен жөнүндө канчалык көп билишсе, айланадагылар сен менен болгон окшоштуктарды байкап, сөздү колдоону каалашат. Качан сен ачык жана чынчыл болгонуңда, маектешип жаткан адам сенин алдыңда «ачылып» баштайт.
· Жардам берүү - башкаларга арзыбаган жардам берүү дагы достук мамиле үчүн өзөк болушу мүмкүн.
· Маектешүүнү улантың – сени кызыктырган адам менен канчалык көпкө чейин мамилени улантууну ойлоо маанилүү. Айталы, контакттар менен бөлүшүү, келечектеги жолугушууну сунуштоо, кийинки жолугушуу жөнүндө сүйлөшүү жана башкалар.
Романтикалык мамиледеги өнөктөш менен кош айтышуу жагымсыз, бирок катардагы эле көрүнүш. Бирок достуктун аягына чыгышы тууралуу ар ким эле айта бербейт. Достук мамилени үзүү керек экенин кантип түшүнсө болот? Аны ошентип «расмий» аягына чыгаруу зарылбы? Эмнеге айрым достор убакыт өтүшү менен бизден алыстап кетишет?
Эмне себептен достук аягына чыгат, анын себептерин, психологдор төмөнкүдөй бөлүп көрсөтүшөт:
· шарттар — сенин же досуңуздун турмушу өзгөрдү, маселен, силер экөөңөр жалпы мектепти/ЖОЖду аяктап, эми чогуу иштебейсиңер, кимдир бирөө сенден ашып кетти;
· алыстап кетүү — сенин же досуңдун кызыкчылыгы өзгөрүп кетти;
· жалганчылык жана сатып кетүү — досуң алдады же сени сатып кетти (же аны ар дайым кайталап турду);
· негатив жана ууландыруу — досуң сенин жашооңо жардам менен колдоонун ордуна, бузуп жарууну гана алып келди;
· атаандаштык — сен досуң менен эмнегедир атаандашып баштадыңар.
Миненсота университетинин психологдору жүргүзгөн, достуктун токтошуу тууралуу жаңы изилдөөлөр жалпыламасы (2022-жылы) көрсөткөндөй: көбүнчө достук мамиле акырындап отуруп жокко чыгат. Башкача айтканда, достор «расмий» түрдө дос болбой калган, так бир чекит болбойт, болгону бара-бара ортодогу мамиле муздайт. Мындай ыкмада мурдагы достор достукту чыңдоого мүмкүнчүлүк калтырышат.
Бирок, албетте, кээде достук тез эле аяктайт — айталы, абдан катуу араздашып кеттиңер. Мындай шартта келечекте мамиле калыбына келүү мүмкүнчүлүгү — төмөндөйт.
Достукту «жокко чыгаруу» ыкмасын тандоого көптөгон факторлор таасир берет. Изилдөөчүлөр Грейс Вит, Александр Дж. Ротман жана Джеффри А. Симпсон жогоруда аталган жалпыламадан төмөнкүдөй тизмени аныктап чыгышты:
1. Жекелик факторлор (инсандык сапаттары, жакындык тиби)
2. Шарттык факторлор (турмуштук шарттар, достордун ортосундагы тармактык байланыш, достордун ортосундагы физикалык аралык)
3. Досту кабыл алуу (досуңдун ымалаштыкка болгон көз карашы, жана досуңа анын жеке берилгендигине)
4. Жеке инсан аралык факторлор (достуктун узактыгы, достор ортосундагы жакын мамиле, жалпы орток достор)
Мына бул факторлор ар кандай шартта достук кандайча аягына чыгарына таасир этет — пассивдүү же активдүү. Маселен, эгер достукту жокко чыгарууну каалаган демилгечи, анын досу ага абдан берилгенин билсе, жана да кабатырланса, ал өзүн күнөөкөр сезиши ыктымал. Эгер бул достордун бири көчүп кетип жаткан контексте болсо — достук акырындап солгундайт (пассивдүү жол). А эгерде, айталы, биринчи дос абдан сезимтал, анын үстүнө экинчи дос тарабынан саткынчылык болсо, анда достук активдүү түрдө токтошу мүмкүн.
Эгер досторуң менен сенин жолуң эки айрылыш жолго түшсө — бул кадыресе көрүнүш. Кээде бул табыгый түрдө жүрөт. Силер болгону аз баарлашып, туулган күндү куттуктоону унутуп, досуңдун контагы «маанилүүдөн» чыгат жана башка.
Бирок мандай шарттар да болот, ортодогу мамилени талкуулап, ан-сезимдүү түрдө аны жокко чыгарууну каалайсың. Төмөндө аракеттин бир нече варианттары берилди:
1. Ачык сүйлөшүү
Бул ыкма мамилени үзүү үчүн «алгылыктуу» шылтоо жок — айталы, саткынчылыкка туура келет. Же сен досуң менен байланыш жоголуп баратканын сезип турасың, бирок сен аны сактап калууну каалайсың. Мындай сүйлөшүү төмөнкүгө жардам берет:
· сезимдери менен бөлүшүү,
· өз чек арасын белгилеп алуу жана досунун чек арасын билүү,
· анын көз карашын билүү,
· андан аркы ымаланы талкуулоо.
Эгер сенин досуң менен болгон мамиледе түшүнбөстүктөр жаралса, жашыруун таарынычтар, айтылбаган, чечилбеген талаш-тартыштар жана башкалар — бул отуруп сүйлөшүү үчүн мүмкүнчүлүк берет. Мындай ачык айрым сүйлөшүү жеке жана башкалардын катышуусуз өтүүгө тийиш. Мындай жолугушууга төмөнкүдөй максат менен баруу керек — сен эмнени талкуулоону калап жатасың, кандай жыйынтыкка келүү керек. Мисалы, романтикалык планда сенин досуң сага жагарын түшүндүң. Бирок сен, досуң да ошондой сезимде экенинен күмөн санап турасың. Ошол эле маалда ашыктык сезими таркай элек, ал адам менен кездешүү арзуусу күч алып барат. Эгер достук мамиле ишеним менен түшүнүүгө багытталса, анда ачык-айрым сүйлөшүү бул абалда жардам берет.
2. Тыныгуу
Кээде ачык сүйлөшүүдөн кийин досуң менен болгон мамиледе тыныгуу алуу абзел. Же, тескерисинче, мындай сүйлөшүүдөн мурда ойлонууга убакыт таап, диалогду кандай кылсам деп ойлонуп алган оң. Тыныгууну төмөнкү шартта кылуу шарт:
· сага бул адам менен учурда сүйлөшүү оор (айталы, силердин мамиледеги кандайдыр бир жагымсыз окуядан кийин),
· досуң менен мамилени талкуулап жана ойлонууга сенде дарман да, убакыт да жок,
· сен досуң менен ачык сүйлөштүң, эми жеке калууну каалап, бул сүйлөшүүнүн натыйжасын тыкыр ойлонуп чыгуу керек.
Мамиледе тыныгуу алуу жана сурануу — нормалдуу көрүнүш. Ал тынч жагдайда өз абалыңды жана достукка болгон мамилени шарттуу аңдап карап чыгууга, өзүңө келип (өзгөчө акыркы убакта мамиле абдан чыңалуу менен коштолсо), ошондой эле сагынууга шарт түзөт. Досуң менен тыныгуу шарттарын талкуулап алган маанилүү: убактылуу чектөөлөр болобу — эгер болсо, кандай? Же сен даяр болгондо байланышасың. Тыныгуу маалында силердин алака кандай курулат? Айталы, силер жолугушуу маалында саламдашасыңарбы же телефон менен байланышып, кат жазышасыңарбы.
1. Мамиленин жай аякташы
Бул вариант мамилени үзүүнү каалап жаткан доско, түздөн түз алака кылуу дегенди түшүндүрбөйт. Анын оң жана терс жактары бар.
Бир тараптан, бул вариант, достор ачык-айрым сүйлөшүүгө даяр эместер же өзгөчө ажырымы барларга (айталы, ар дайым сенин жеке иштериңе кийлигишип же догун артып турат) туура келет. Бул ыкма эмоционалду кол үзүүгө даяр эместерге пайдалуу.
Экинчи тараптан, мындай ыкмада сен «туңгуюкта аракет кыласың»: досуңа өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк бербейсиң жана мамилени үзүүнүн реалдуу себептерин түшүндүрбөйсүң.
Мамилени жай үзүү, сен өз досуң менен мамилени чектейсиң. Айталы, кездешүү сунушун четке кагасың, телефон чалуулары менен кабарларга жооп берүүдөн баш тартасың (же жооп бересиң, бирок бир топ убакыт өткөн соң, ошондо да абдан маалкатасыз), чоң компанияларда жана башка жерлерде гана көрүшөсүңөр.
2. Дароо мамилени үзүү
Ылдам, бир тараптуу жана ың-жыңсыз. Айрым учурда досуң менен мамилени мүмкүн болушунча тез жыйыштырууну каалайсың. Мындай учур да болот, эгер досуңуз сага карата начар мамиле жасап же сенин пикириң боюнча чектен чыгып кеткен болот. Кээде ажырашууга жеткен адамдар, башка ыкмалар мындай да сезимтал болушу ыктымал деген коркунучка кептелгенден барышат.
Бир дос чет өлкөгө биротоло кетип жаткан вариант сыяктуу. Анан бул жакта калган доско достук акырындап өчөөрү туурасындгы ой оор келет, ошондуктан жолго чыгар алдында ушундай ыкма менен мамилени үзүүгө туура келет.
Канчалык оор жана жагымсыз болбосун, мамилени үзүү сунушу боюнча сүйлөшүүдө мүмкүн болушунча зордукчул эмес баарлашуу практикасын тандап алуу талапка ылайык. Өз сезимдериңиз тууралуу айтып, муктаждыгыңызды билдириңиз. Күчкө салбаңыз, бирок ишенимдүү болуңуз.
Мисалы: «Биз экөөбүз мектеп партасынан бери дос элек. Мен сага абдан ишенгем. Сен менин сырларымды башкаларга жайып салдың. Мен муну көтөрө алам го деп ойлогом. Бирок мага абдан оор келип турат. Ошондон бери сени менен ар бир кездешкен сайын, сен менин ишенимимди сатып кеткениң тууралуу ой башыман чыкпай келет. Сен мага дос болгон чагыңды абдан баалайм. Бирок азыр мен биздин мамилени түп-тамырынан бери токтотууну каалап турам».
Мына бул ыкмалардын баары индивидуалдуу. Өзүңүздү тыңдап көрүңүз, кайсы вариант сен үчүн ооруксунтпайт (балким, сенин досуң үчүн да маанилүү) жана зор пайда алып келет.
P.S. макаланын бул топтомунда биз достук тууралуу маанилүү маселеге токтолдук. Бирок да дагы кызыктуусу али алдыда: аял менен эркектин ортосунда достук болобу, артыкчылыгы бар достордун мамилеси кандай курулган, эмне үчүн биз лагерге/конференцияга/чет өлкөгө чыккан/дем алып келген балдар менен баарлашууга ашыгабыз, бирок аны аткарбайбыз. Достуктун ушул жана башка феномендерин кийинки посттордо териштиребиз.
Булак: Двор медиа