Демек, биз башка бирөөгө болушканга күчүбүздүн жетпей жатканынын бирден бир себеби – бул психологиялык механизмдерибиз. Дагы кандай механизмдер бар?
Мисал катары, өспүрүмдөр арасындагы кибер-куугунтук боюнча канадалык изилдөөнү карап көрөлү. Изилдөө көрсөткөндөй, окуучулардын 90%ы үй-бүлө мүчөсүнө жардам берүүгө даяр экенин, 61%ы классташына болуша турганын, ал эми 37%ы гана бейтааныш адамга жардам берүүгө даяр экенин айтышкан. Бул маалыматтар өспүрүмдөр өздөрүнө тааныш болгон инилерине, эң жакын досторуна же классташтарына жардам берүүгө даяр экенин көрсөтүп турат.
Экинчиден, окуучулардын көпчүлүгү бейбаштык кырдаалга кийлигишүүнүн кереги жок деп эсептешет, анткени "бул аракетти токтотуу мүмкүн эмес". Эң кызыгы, бир кезде кибер-куугунтуктун курмандыгы болгондордун 39% пайызы да ушундай эле жоопту беришкен.
Үчүнчүдөн, кибер-куугунтук боюнча сурамжылоого катышкан ар бир он окуучунун бири мазактоону токтотууга аракет кылышкан эмес, анткени алар “буллинг курмандыктары ошого татыктуу” деп ойлошкон. Изилдөөнүн катышуучуларынын жарымына жакыны буллингди анчалык деле олуттуу маселе эмес деп эсептешкен: алар буллинг аракеттерин болбогон эле жеңил-желпи окуя деп баалашып, муну менен алар кайдыгерлигин актоого аракет кылышкан.
Бул жооптор бизге мазактоо иштерине кийлигишүүгө тоскоол болгон дагы бир механизмди ачып берет: өзүбүздү моралдык жоопкерчиликтен бошотуу. Биз көбүнчө болуп жаткан окуяларды "тамаша", "анчалык олуттуу эмес" же жабырлануучу ошого "татыктуу" деп ишендиргибиз келет.
Жабырлануучуну коргоону каалабаганыбыздын дагы бир себеби (бул тууралуу изилдөөдө сейрек айтылган) - агрессордун кийинки бутасына айланып калуу коркунучу. Эгер сиз гана кийлигишип, башкалардын баары үңдөбөй карап турса, анда сиз өзүңүз бута болуп калышыңыз толук мүмкүн.
Мазактоону токтотууга аракет кылган адам бейбаштыктын бутасына айланбаса да, кесепеттери кийинчерээк болушу мүмкүн. Мугалимге же чоңдорго мектепте кимдир-бирөө кордолуп жатканын айткан окуучу “ушакчы” атка конушу ыктымал - сурамжылоого катышкандардын 45% чоңдор менен көйгөйлөрдү бөлүшкүсү келбей тургандарын айтышкан, анткени “чоңдордун кийлигишүүсү жагдайды ого бетер курчутат”.
Биз бирөөлөргө болушсак, анда ал адамды эмне себептен мазактап жатышса, ошол эле себептер менен бизге да тийишип жана кодулай баштайт деп коркобуз.
Биз өзүбүз үчүн эле эмес, жабырлануучу үчүн да коркобуз. Биз өзүбүздүн иш-аракеттерибиз менен кырдаалды ого бетер начарлатып алабыз деп чоочулайбыз, бейбаштыкка каршы туруу же ата-энеге же мугалимге мазактоо жөнүндө билдирүү кырдаалды ого бетер начарлатат деп кооптонобуз. Кийинки макалаларда биз мындай жагдайда пайда болгон коркуу сезими менен кантип күрөшүү жана башка бирөөгө жардам берүү үчүн эмне кылуу керектиги жөнүндө сүйлөшөбүз.
Ошентип, буга чейинки макалада байкоочулар көбүнчө кырдаалды курчутуп жиберүүдөн корккондуктан кийлигишпей турганын айтып бердик. Биздин мазактоону токтотуу аракетибиз эч кандай өзгөрүү алып келер-келбесин билбейбиз. Эгер мен өзүмө жамандык кылып алсамчы? Башкалар мени менен сүйлөшпөй коюшсачы? Мен зөөкүрдүн жаңы курмандыгы болуп калсамчы?
Чечкиндүү аракеттерге баруу оңой эмес. Сиздин аракеттериңиз айланаңыздагы адамдарга жана учурдагы кырдаалга жараша болот. Бирок көйгөйлөрдү байкамаксанга салганды жана шылтоолорду токтотуу үчүн бир нече жөнөкөй нерселерди түшүнүү маанилүү.
Келгиле, аракетке өтөлү. Буллингди токтотууга эмнелер жардам бербей тургандан баштайлы:
Ал эми буллингге каршы кандай аракет кылса болот:
Кандай болгон күндө да, зомбулукка кабылган адам колдоого муктаж. Алар жалгыз эмес экенин билсин. Болгон окуяны угуп, ага жан тартып, колдоо көрсөтүү керек.
Бул кеңештер аздыр-көптүр коопсуз жагдайларга тиешелүү. Эгерде биз олуттуу физикалык агрессия жөнүндө сөз кыл турган болсок жана кимдир-бирөө коркунучка дуушар болсо, дароо милицияга билдирүү керек - 112.
Интернеттин пайда болушу менен буллинг онлайнга өткөнүн баарыбыз билебиз. Кибер -куугунтук - бул ойлонуп табылган көйгөй эмес, бул деле чыныгы жашоодогу кемсинткен, мазактаган иштер сыяктуу эле реалдуу жана олуттуу маселе.
Кибер-куугунтук - бул жеке маалыматтарды, сүрөттөрдү же видеолорду, ушак-айыңдарды, орой билдирүүлөрдү, кемсинткен комментарийлерди, мемдерди жайылтуу. Ошондой эле, “тымызын” кибер-куугунтук деген да бар. Мисалы, жалпы сүрөттөгү бардык адамдарды белгилеп жана атайылап арасынан бирөөнү унутта калтырып коюу да кемсинтүү болушу мүмкүн.
Төмөндө киберкуугунтукка кабылган адамга кантип жардам берүү боюнча бир нече кеңештерди келтиребиз:
Кибер-куугунтуктун курмандыктары өзүн чындап жалгыз сезиши мүмкүн. Биз онлайн болгондо, биз дүйнөдөн обочолонуп калгандай болобуз: ар ким өзүнүн жеке экраны менен алек. Бүткүл Интернет менен жалгыз калуу сезими абалды ого бетер начарлатышы мүмкүн. Кордук көргөн адамга билдирүү жөнөтүп, ал-абалын сураңыз. Ал жөнүндө жакшы нерсе жазыңыз, онлайн же оффлайн режиминде сүйлөшүүнү сунуштаңыз жана акырында кандай жардам керектигин сурап көрүңүз.
Буллинг — бул Танос, Волан де Морт и Палпатин сыяктуу тасмадагы терс каармандардын гана иши эмес. Эгер жамааттын ичиндеги бирөө жарым башкаларга улам тийише берсе, бул тез эле ар бир адам үчүн кадыресе көрүнүшкө айланып кетет. Бул интернетте өзгөчө көп болот. Адамдын өзү көрүнбөй турса, анын кылыктарын “жөн эле тамашага” шылтап койгон оңой.
Эгер кимдир-бирөөгө карата айтылган тамаша же мем сизди оңтойсуздукка кептеп, одоно оюндар чектен чыгып жатканы байкалып жатса, ички туюмга ишене бериңиз. Досторуңуз сизден дагы кошумча “тамашаларды” күтөт деп ойлосоңуз да, бул орой оюндарга катышпаңыз. Кемсинткен аракеттерди колдобоңуз, эч кимге жөнөтпөңүз же бөлүшпөңүз. Кибер-куугунтук иштери байкалса, жок дегенде жамааттык чаттан чыгып кете аласыз - бул сиздин туура эмес аракеттерди колдобогонуңузду билдирет.
Чыныгы эр жүрөк чечим - бул бейбаштык кылган адамга же адамдарга кыянаттык иштерин токтотуу керектигин айтуу. Кылган иштери жакшы эмес экенин билишсин. Бул кыйын болушу мүмкүн, бирок бул жагдайды өзгөрүү үчүн эң маанилүү кадамдардын бири болушу ыктымал.
Сиз постко комментарий берип, бейбаштардын аракеттерине макул эместигиңизди билдирсеңиз болот, жок дегенде ачууланган быйтыкча койсоңуз болот. Соцтармактагы мазактоого кийлигишүүнүн анча ачык эмес жолу - бул жагымсыз комментарийлерге “арыздануу” баскычын басуу.
Эгер досуңуз же тааныштарыңыздын бирөөсү кибер-куугунтукка кабылып жатса, ишеним арткан чоңдор менен сүйлөшүү маанилүү. Сиз ата-энеңизден кеңеш сурасаңыз же мугалимиңиз менен сүйлөшсөңүз болот. Коркутуп-үркүтүү болуп жатканын көргөндө, далилдер болушу үчүн скриншотторду чыгарып алыңыз.
Эгер жакын жерде кырдаалды талкуулай турган же жардам сурай турган адам жок болсо, психологиялык колдоо кызматына кайрылсаңыз болот.
Көптөгөн байкоочулар бейбаштык иштерге кабылганда: “Мен бейбашка эмне деп айтышым керек?” деген суроону беришет. Кризистик алдын алуу институту (Crisis Prevention Institute) буллингди алдын алуу тармагындагы 31 алдыңкы экспертке ушул суроону беришкен. Төмөндө серепчилерден алынган жооптор:
“Жетишет!” деген сөздү дагы башкача кантип айтууга болот.
Бейбашка өзүн жабырлануучунун ордуна коюп көрүүсүн сурануу менен анын боорукердик сезимин ойготууга аракет кылуу - бул буллингди токтотуунун жакшы жолу болушу мүмкүн.
Бейбашка анын кылыктары сырттан караган адамга кандай көрүнүп жатканын көрсөтүү.
Албетте, сиз туш болгон конкреттүү кырдаалга ылайыктуу көптөгөн башка жоопторду тапса болот. Бирок бул кеңештер сизге кээ бир жаңы идеяларды жаратышы мүмкүн.
Булак: Двор медиа