Буллинг. Обочолонуп тургандар үчүн

“Мен бала кезимде көчөдө баары менен мушташа берчүмүн - азыр баары сонун, мен дени-карды соо болуп эле чоңойдум! Жада калса, тамашалаганга да болбойт...”, же буллинг кайдан башталат?

Адамдар бала кезинен эле ата-энеси, бир туугандары, эжелери, достору, классташтары менен чатакташып келет. Тыныгуу учурунда айрымдар чогулуп алып топ тепкиси келсе, башкалары үстөл оюндарын ойногусу келет. Талаш-тартыш башталат, баары бири-бири менен урушуп кетишет, аягында эч ким эч нерсе ойнобой калат. Же кимдир-бирөө классташынын жаңы спорттук бут кийимине ичи тарып, орой комментарий калтырат.

Балдар менен өспүрүмдөр бири-бирине ачуу сөздөрдү айтып, атүгүл мушташып кетиши мүмкүн. Бирок кадимки уруш менен мазактоонун айырмасы бар. Кодулоо, кемсинтүү же мазактоо - бул кимдир-бирөө өзүнүн физикалык артыкчылыгын же социалдык абалын башка адамды башкаруу же зыян келтирүү үчүн пайдалануусу. Башка сөз менен айтканда, буллинг - бул өзүнөн алсыз бирөөгө кол көтөрүү же кемсинтүү. 

Коркутуу ар кандай формада болот: физикалык жана психологиялык. Физикалык буллинг– бул жөн эле уруп, тепкилеп, түртүү эмес. Бирөөнү бөлмөгө камоо, бир нерсе кылууга мажбурлоо, жеке буюмдарын уурдоо же тартып алуу да буллингге кирет. Маселен: “Эй, бай, чөнтөгүңдү бошот!” деген мазактоолор дагы физикалык буллинг болуп саналат.

Психологиялык мазактоо– бул кемсинтүү, сексуалдык мүнөздөгү кемсинткен лакап аттарды коюу, келекелөө, сырткы келбетке карата жагымсыз сын-пикирлерди жана тамашаларды айтуу, адамды коомдон четтетүү үчүн ушак-айың, калп сөздөрдү таратуу. Коркутуу жана мазактоо бетме-бет гана эмес, социалдык тармактар же SMS аркылуу да болушу мүмкүн.  Ал эми кемсинткен электрондук каттарды,  адепсиз тамашаларды камтыган веб-сайттардын шилтемелерин жана тынымсыз керексиз SMS билдирүүлөрдү жөнөтүү -  кибер-куугунтук болуп саналат.

Бирок ошол эле учурда, кээде достор деле ар кандай билдирүүлөрдү жаадыра бериши ыктымал. Ал эми жаман ой жок, адамды кемсинтпеген  тамаша-шылдыңдар баарлашуунун жана жакын мамиленин бир жолу болушу мүмкүн. Мисалы, достор волейбол ойноп жатышат дейли. Бири топту тордун үстүнө ыргыта албай калса, экинчиси тамашага салып: “Мыкты ыргыттың, гений!” деши ыктымал.

Чынында эле, көптөр үчүн мындай комментарий ишеним коштолгон достук байланыштын белгиси болот. Өспүрүмдөр бири-бирин кийим-кече, музыкалык табити же жүрүм-туруму жөнүндө тамашалап, күлүшсө, бул аларга сын менен күрөшүүгө үйрөнүүгө жардам берет. Кошумчалай кетсек, тамашалоо жолу менен татаал темаларды козгосо да болот: “Кечке аны сыйкрылап жаткансып тиктебей, жанына барып сүйлөш!” деп көптөн бери ичте кармалып жаткан маселени чечүүгө жол ачуу мүмкүн.

Мындай достук тамаша менен буллингдин айырмасы - биринчиден, тамаша кандай ниетте айтылып жатканында, эинчиден, досуна бул тамаша катуу тийип жатса, азилин токтотуу чечиминде.  Биринчи пунктка токтололу. Буллингдин максаты - жөн эле кепке тартып, баарлашуу эмес, жабырлануучуну уяткаруу жана башкалардын көз алдында бейбашты жакшыраак жана күчтүү кылып көрсөтүү. Башкача айтканда, “булли” (бейбаш) ак ниет достон айырмаланып, маектешинин көңүлүн ооруткусу келет.

Экинчиден, жогоруда сүрөттөлгөн достук диалогдордо адам тамашакөйдүн жакшы ниетин эске албай, комментарийди жүрөгүнө жакын кабыл алышы мүмкүн. Ал эми мындай болуп кетсе, досу кечирим сурап, тамашасын токтотот. Бирок “бейбашты” маектешинин таарынычы токтото албайт, тескерисинче, кайра күчөйт, айрыкча, анын айланасындагылар аны колдоп, же унчукпай карап турушса, мазактаганы күч алып, улана берет.  

Бул макалада биз кодулоо деген эмне экенин жана анын достук тамашадан эмнеси менен айырмаланарын карап чыктык. Бирок - бул жашоодо ар бирибиз туш болгон көйгөйдүн бир учу гана. Баардыгы эле бейбаш болгон эмес, баары эле алардын курмандыгы болгонго жетишкен эмес, бирок дээрлик баардыгыбыз жок дегенде бир жолу башкалардын кодулоого туш болгонун көргөнбүз. Ал гана эмес байкоочу болуп турган учурлар да болгон, байкоочунун позициясы деле маанилүү роль ойнойт. 

“Эмне болмок эле?” же басынтуунун кесепеттери

Ар бир адам жашына жана жынысына карабастан, кодулоого  кабылышы мүмкүн. Бирок кандайдыр-бир өзгөчөлүгү бар балдар башкаларга караганда көбүрөөк басынтуунун курмандыгы болушат. Чачтын, тырмактын, кроссовкалардын  түсү гана эмес, өзгөчө чач жасалгасы, сүйлөө манерасы менен айрмалангандар - бир сөз менен айтканда, “өзгөчө” көрүнгөндүн баары кодулоого туш болот.

Гендердик нормаларга туш келбегендик, сырткы келбети, расасы, улуту же терисинин түсү - мунун баары шылдыңдоо жана кодулоо үчүн себеп болушу мүмкүн.

2019-жылы ЮНЕСКОнун буллинг боюнча баяндамасында дүйнө жүзү боюнча 13 жаштан 15 жашка чейинки балдардын үчтөн бир бөлүгү кодулоого кабылаары айтылат. Балдар кыздарга караганда 4% көбүрөөк буллингдин курмандыгы болушат.

Балдар көбүнесе уруп, түртүп, имараттарга камап, тепкилөөгө туш болушат. Ал эми кыздар психологиялык басымдан жана кибер-куугунтуктан көбүрөөк жабыркашат: аларга жагымсыз билдирүүлөрдү жазышат, кемсинткен лакап аттар менен шылдыңдашат. Кыздардын кордолушунун негизги себеби – алардын сырткы көрүнүшү.

Буллинг жабырлануучу үчүн да, агрессор үчүн да, ал тургай байкоочу үчүн да изи жок унутулуп калбайт. Кодулоо адамдын өмүрүнүн калган бөлүгүнө таасир этүүчү терең психологиялык жаракат алып келиши мүмкүн.

Буллингдин курмандыктары көптөгөн психологиялык жана физикалык көйгөйлөргө туш болушат. Коркутуп-үркүтүү, мазактоо адамдын өзүнө болгон ишенимине доо кетирет. Ал көп учурда башкалардын көзүнө кандай көрүнүп жатканы тууралуу тынчсызданат жана ал өзүнө дайыма туура эмес иш кылып жаткандай туюла берет. Өспүрүм ар дайым өзүн коркунучта сезгендиктен, дайыма тынчсыздана берет - бул ар кандай психологиялык көйгөйлөргө, анын ичинде  депрессиянын оор түрлөрүнө алып келиши мүмкүн.

Көйгөйлөрдөн жана түшүнбөстүктөрдөн (эмне үчүн аларга мынчалык адилетсиз мамиле жасалып жатат?) кутулуу аракетинде, кодулоонун курмандыгы болгон адамдар алкоголдук ичимдиктерге же баңги заттарына берилип кетиши мүмкүн. Буллингге туш болгон дээрлик ар бир өспүрүмдүн окуусу начарлайт, белгилүү себептерден улам алар мектепти көргүсү келбей да калышат. Ал гана эмес, кордук көргөн адам өзү дагы башкаларды кодулоого алышы мүмкүн.

Көбүнчө өзүнө болгон ишенимине доо кеткен, үй-бүлөдө, достук мамиледе көйгөйлөрү бар адамдар агрессорго айланышат. Жаш кезинде алар  мушташка көп түшүшөт, ар кандай көз карандылыкка кабылышат, окуудан качышат же таптакыр таштап коюшат. Тилекке каршы, башка балдарга кордук көрсөткөндөр, көбүнчө, бойго жеткенде да бейбаш бойдон калышат. Зөөкүр өспүрүмдөр кылмышка көбүрөөк барышат жана соттолуп чыгышат. Алар көп учурда сүйлөшкөн кыздарына, жубайларына жана балдарына катаал мамиле жасашат.

Буллингден жапа чеккендер жана агрессорлор менен баары түшүнүктүү болсо, анда бейбаштыктын дагы бир катышуучусу – күбө – четте калып, ал көргөн мазактоо иштери ага эч кандай таасир бербегендей сезилет. Бирок иш жүзүндө андай эмес.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, өз курдаштарынын башкалардын моралдык же физикалык кордоосуна кабылганын көргөн окуучулар жабырлануучуларга же бейбаштарга караганда көбүрөөк стресске (!) дуушар болушу мүмкүн. Алар чара көрбөгөнү үчүн өздөрүн күнөөлүү сезип, айлана-чөйрөсүнөн коркуу менен жашашат. Дайыма өздөрүн алсыз сезишет жана аларда депрессия менен аракечтикке алдырып жиберүү тобокелчилиги бар. Байкоочу тууралуу кененирээк төмөнкү макалалардан окуңуз.

Мен сырттан байкоочумунбу?

Тыныгуу. 8- “Б” класстын окуучулары даараткана жактагы коридордо чогулуп турушат. 

Тегеректешкен окуучулардын так ортосунда класстагы мушташтардын жана кол салуулардын башкы атаманы Аман классташына кыйкырып жатат. Аман ал баланы "толугу менен чектен чыгып кеткенин" айтып жатты. Акырында Аман ал классташын түртүп жиберди, ал асынып турган рюкзагына жыгылып, буттары асманды карап калды. Ыңгайсыз абалда жаткан бала түшүнүксүз бир нерселерди айтып жатты. Ал эми калган балдар каткырып күлүп жатышты, Аман болсо, тигилердин күлкүсүнө маашырланып, ого бетер “былтык-келесоону” мазактап турду.

Аман мазактап жаткан баланын аты Урмат болчу. Ал сабагынан начар окуган, ашыкча салмактуу, томпоңдоп баскан бала эле. Анын жонунан бир жума бою чаарала көйнөгү менен көк шымы түшчү эмес. Анын үстүнө тер да жыттанып турчу, кыязы ага, дезодорант колдонуу тууралуу эч ким айткан эмес.

Урмат мугалимдин жөнөкөй суроолоруна да эч качан оң жооп бере алчу эмес. Мугалимдер эч кандай натыйжа көрсөтө албаган Урматка убакыт коротуп жаткандары үчүн кыжырлары келип турчу. Окуучулар да: “Бул келесоо немеден эмнеге сурап жатасыңар?!” деген сыяктуу комментарийлерди бергенден араң карманып турушчу.

Класста ал дайыма акыркы парталарды тандачу. Ал аларды ушунчалык жакшы көргөндүктөн, биринчи келип арткы орундукту ээлебей калган убакта да, унчукпасан ага чейин ээлеп койгон орундукту бошотуп туруп отуруп алчу. Бул үчүн ал классташтарынан жеме угуп жатса да, баш көтөрүп, каяша сүйлөп койчу эмес. Урмат эч ким менен сүйлөшчү эмес. Балким, бүгүн Урмат туура эмес партаны тандап алып, Амандын каарына калышы мүмкүн.

Урмат ордунан турганда, Аман анын рюкзагын чечип, түртүп жиберди да, ошол жерден дептерлерди алып чыгып, терезеден ары ыргытып жиберди: - “Баары бир сага мунун кереги жок, келесоо!” Аман дептерлерин кармап калчудай болуп колдорун олдоксон алдыга сунуп, үнүн араң чыгарган боюнча калды. Кээ бири буга күлүп, кээ бири унчукпай карап турду. Жакын жерде турган Мунара мунун баары ага кызыксыз деп тапты да,  чогулуп тургандардын арасын суурулуп чыгып, класска кирип кетти. Көп өтпөй окуучулардын баары класска кайтып келишти. Ал эми Урмат бырышкан, суу болгон дептерлерин чогултуп алып, класска кечирээк кирди.

Бул окуяда Аман менен Урматтын ролдору айкын көрүнөт: зөөкүр жана анын курмандыгы. Бирок бул кырдаалда башка адамдар да болгон - күлүп жаткандар, унчукпай карап тургандар  же болуп жаткан окуяларга көңүл кош карагандар.

Булар сырттан байкоочулар— буллингдин күбөлөрү. Күбө бирөөнүн кордолуп жатканын көрөт же ал тууралуу билет. Бейбаштар алардын кылыгын карап турган аудиторияны жакшы көрүшөт — көрүүчүлөрдүн колдоосу же унчукпагандары зөөкүрлөрдү ого бетер күчтөндүрөт. Кимдир-бирөөнүн кээде же тынымсыз кордолуп жатканын билип туруп, бирок буллингге карата эч кандай чара көрбөсө - бейбаштыктын катышуучусу болбой коюу мүмкүн эмес.

Күбөнүн мындай бейбаштыкка кийлигишип же ага тиешеси жоктой түр көрсөтүү тандоосу бар. Эгерде адам көрсө да, көрмөксөн болуп коюну тандаса, анда ал дагы көйгөйдүн бир бөлүгү болуп калат. Же ал бир нерсе кылууга аракет кылса, анда ал көйгөйдү чечүүгө салымын кошкон болот.

Сырттан байкап турууга болбойт: күбөнүн үч ролу

Аман мектепте Урматты кордогонун токтоткон жок. Ал Урматтын атынан фейк аккаунт ачып,  анын күлкүлүү көрүнгөн сүрөттөрүн жарыялап салды.

Мектеп окуучулары бул окуя боюнча үч жаатка бөлүндү: айрымдары фейк аккаунттарынан бири-бирине билдирүү жөнөтүшүп, Амандын  курч тамашалуу комментарийлерине күлүп жатышты. Башкалары кодулоого катышкан жок,  алар жөн гана болуп жаткан окуяларга көз салып жүрүштү. Бир нече окуучулар  ачууланган комментарийлерди жазып, Урматка колдоо сөздөрү менен жеке билдирүүлөрдү жөнөтүштү.

Буллинге күбө болгон байкоочулар ар кандай аракеттерге барышы мүмкүн. Ар кандай кырдаалдарда байкоочунун ролун карап көрөлү.

Байкоочу - колдоо группасы 

Мектепте кодулоо жөнүндө сөз болгондо, кээ бир күбөлөр агрессордун тарабын карманышат: алар бул жагымсыз иштерге күлүп, кубаттап, кээде жабырлануучунун бейбаштардан качып кетүүсүнө да жол бербей коюшат.

Бирок зөөкүр менен кошо күлүү бейбаштыкка колдоо көрсөтүүнүн жалгыз жолу эмес. Адепсиз комментарийди же сүрөттү жактыруу, билдирүүлөрдү башка адамдарга жөнөтүү же аларды Instagram окуяларга жайгаштыруу - кибер-куугунтуктун бир бөлүгү болуп, жабырлануучунун абалын ого бетер начарлатат.

Байкоочу — аутсайдер

Булар кимдир-бирөө дагы башка бирөөнү мазактап жатканын билип, өздөрүн бардык нерседен оолак кармаган үнсүз күбөлөр. Же коркутуп-үркүтүп жатканын көрүп, ошол жерде туруп, кийлигишпегендер. Постторду окуу, баардыгынан кабардар болуу, бирок эч кандай реакция кылбоо. Мындай унчукпаган, бирок баарын билген байкоочулар бейбаштын кызыгуусун жаратып, ага көңүл бурулганына жана анын аракеттерине башка адамдар каршылык көрсөтпөгөнүнө маашырланат.

Байкоочу - коргоочу 

Башка байкоочулар кийлигишип, буллингди токтотуу үчүн чара көрүшөт. Алар бейбашка каршы чыгып, мугалимден же чоңдордон жардам сурап, жабырлануучуга жардам колун сунушат.

Мисалы, кибер-куугунтуктун күбөлөрү жабырлануучуну колдогон пост жарыялашы же ага агрессордун аракеттерин жактырбаган жана кандайдыр- бир жардам сунуштаган жеке билдирүү жөнөтүшү мүмкүн.

Көбүнчө адамдар кырдаалга кийлигишүүдөн тартынышат, анткени алар же кантип жардам бере аларын билишпейт же бейбаштын көңүлүн жабырлануучудан өзүнө буруп аламбы деп кооптонушат. Бул варианттарды кийинки макалаларда кененирээк талдап чыгабыз.

“Мунун мага эч кандай тиешеси жок, бирөөнүн ишине кийлигишип эмне кылам?” Күбөлөрдүн эффектиси

Анда эмне үчүн адамдар кордук көрүп жаткан адамга колдоо көрсөтүшпөйт? Мындай жагдайларга кийлигишүүдөн кармап турган көптөгөн психологиялык механизмдер бар. Эң кызыктууларынын бири - байкоочу эффекти.

Бул эффект айланада колунан келип турса да, эч кандай нерсе жасабаган башка адамдар бар экенин көргөндө пайда болот. Коркунучтуу кырдаалда байкоочу эффектинин кесепеттери жабырлануучу үчүн өтө кооптуу: эл канчалык көп болсо, ал адамга кимдир-бирөө жардам берери ошончолук күмөн болот.

Изилдөөчүлөр бул эффектти изилдөөгө түрткү болгон окуя 1964-жылы Нью-Йорктун Куинс шаарында болгон. Китти Женовезе аттуу жаш келин жумуштан кайтып келе жаткан, бирок ал үйүнө жетпей калган — ага кылмышкер кол салат. Коңшулары терезелеринен кылмышкер бычакты алып чыгып, Киттини кантип коркутканын көрүшкөн, бирок кызга эч ким жардамга келген эмес. 

Кошуналар эмне үчүн кызга эч ким жардам беришкен эмес же полицияга эртерээк телефон чалышкан жок деп сурашканда, алар мындай деп жооп беришкен: “Менин аралашкым келген жок”; “Ачыгын айтсам, корктум”;  “Мен аябай чарчап тургам, төшөгүмө келип жаттым”.

Окуя тууралуу маалымат каражаттары жазып чыккандан кийин бүтүндөй өлкө бул тууралуу талкуулай баштаган. Гезиттер Кошмо Штаттар “моралдык жактан бузулуп” жатканын жазып чыгышкан. Бул дооматтарга жооп катары, изилдөөчүлөр Дарли жана Латан болгон окуяга дагы бир түшүндүрмө табууга аракет кылып, бир нече эксперименттерди ийгиликтүү жүргүзүшкөн. Ошентип, изилдөөчүлөр байкоочунун башка адамга жардам берүүсүнө тоскоолдук кылган үч психологиялык процессти аныкташкан.

1. Жоопкерчиликти жүгүн башкага артуу

Адамдар айланада көп адамдар бар экенин көргөндө, алардын арасынан башка бирөө жардам берет деп ойлошот. “Ой, 20 адамдын ичинен бирөө жардамга келет, менин ага тиешем жок”. Чогулган адамдын саны көп болсо, бөтөн адамдар кырдаалга кийлигишпейт, анткени болуп жаткан окуялар үчүн эч ким жеке жоопкерчиликти алгысы келбейт.

2.  Иш-аракети үчүн айыпташат же кылган ишин баалашпайт деп чоочуркашат

Адамдар башка бирөөлөр аларды айыптайт же туура эмес түшүнүп калат деп корккондуктан улам, оор кырдаалга кийлигишүүнү каалабашы мүмкүн. Ошондой эле, күбөлөр көп учурда жардамга кол сунган учурларда, мыйзам менен кандайдыр-бир көйгөйлөр пайда болушу ыктымал деп кооптонушат.

3. Көпчүлүктү ээрчүү тенденциясы

Кээде адам болуп жаткан окуяларга башкалардын реакциясы менен макул болбойт, бирок өзүн дал ошолордой эле алып жүрөт. Эч ким унчукпай карап турса, ал дагы өзгөчөлөнгүсү келбей, башкалардай эле боло берейин деп ойлойт. Бул мугалим суроо берип, анын жообун билсе дагы, колуңарды көтөрүүгө батына албаган жагдайды эске салат. Класста жымжырт болуп калса, силер дагы үндөбөй отуруп каласыңар.

"Дженовезе эффекти" же байкоочу эффекти - бул адамдар жардам берүүдөн баш тартуу себептеринин бири гана. Макаланын кийинки бөлүгүндө биз башка себептери жөнүндө сүйлөшөбүз.


Булак: Двор медиа