Күн боюнча сабаттуулук

Күндүн организмге кандай пайдасы жана зыяны бар?


Жай - ​​бул адамдар ачык абада көбүрөөк убакыт өткөрүүнү каалаган мезгил. Таза абага умтулуу бул адам үчүн туура жана пайдалуу. Бул жерде табигый күн нурунун организмге тийгизген бир канча пайдасын карап көрөлү:

  • D витамини көбүрөөк иштелип чыга баштайт. Ал сөөктүн өсүшү жана анын минералдашуусу үчүн маанилүү. Эгер денеде D витамини жетишсиз болсо, анда сөөктөр жукарып, морт же формасы бузулуп калышы мүмкүн. Бул витамин организмдин нерв-булчуң жана иммундук функциясы үчүн да маанилүү. Бирок анын денеде жетиштүү болушу үчүн өтө көп убакыт бою күндүн алдында жүрүү шарт эмес.
  • Мелатонин керектүү өлчөмдө иштелип чыгат. Бул адамдын “биологиялык саатын” жөнгө салган гормон - башкача айтканда, адам качан уктап, качан ойгонорун мелатонин чечет. Эгер адам эртең мененки күндүн астында убакыт өткөрсө, анда мелатонин жарык жок жерде, б.а. түнкүсүн жакшыраак иштелип чыгат. Ал эми бул, өз кезегинде, адамдын тезирээк жана бейкапар уктап калышын колго алат.
  • Серотонин гормонун өлчөмү көзөмөлгө алынат. Бул маанилүү, анткени серотонин мелатонинге айланат, ал биздин уйкубузга жардам берет. Кошумчалай кетсек, организмде серотонин жетиштүү болгондо, адамдын маанайы көтөрүңкү болот жана кыйынчылыктары менен жеңил күрөшө алат.
  • Тери ооруларынын айыгышына таасир берет. Ультра кызгылт көк нурлануунун таасиринин астында сезгенүү процесстери азаят жана теринин иммундук жана тосмо функциялары жогорулайт. Бул псориаз, атопиялык дерматит жана витилиго (тери пигментациясынын бузулушу) симптомдорун азайтууга жардам берет.
  • Алысты начар көрүп калуу коркунучу азаят. Кээ бир изилдөөлөр бала кезинде күндү аз көргөн балдарда начар көрүү көйгөйү кездешерин аныктаган.


Күн алдында жүрүүнүн көптөгөн пайдалуу жактары бар, бирок күндүн орточо таасири гана пайдалуу экенин эстен чыгарбоо керек. Мисалы, 2009-жылы ультрафиолет нурлануусу канцероген (организмге тескери таасир берген факторлор) заттарынын тизмесине киргизилген. Эч кандай коргоосуз ашыкча убакыт күн алдында өткөрүү айрым кесепеттерге алып келиши мүмкүн:

  • Теринин картаюусу. Күн нурунун ашыкча тийүүсү теринин картаюусуна алып келет. Тери жукарып, чоюлгучтугу азайып, майда жана чоң бырыштар түшө баштайт. Калыбына келүү жөндөмү төмөндөп, теринин сиңимдүүлүгү азаят, башкача айтканда тери ар кандай коргоочу, азыктандыруучу каржаттарды сиңирбей калат.
  • Тери рагынын пайда болушу. Меланома - күндүн өтө көп тийүүсүнүн эң коркунучтуу кесепеттеринин бири. Меланомадан тышкары, ультрафиолет нурлары тери рагынын башка түрлөрүн да пайда кылышы мүмкүн.

Күндө жүрүүдө этият болууну сунуштайбыз. Төмөнкү бөлүмдөрдө күн өтүп кетүүдөн жана күнгө күйүп калуудан кантип сактануу керектигин айтып беребиз.

Ысык уруудан жана күнгө күйүп калуудан кантип сактануу керек?

Күн нурлары мүмкүн болушунча пайдалуу жана ден-соолукка зыяны тийбегидей болуп, ультрафиолет нурлануусунан кантип сактануу керектигин билүү маанилүү.

Эмнелерди көңүлгө түйүү керек:

  • Теринин түрлөрү. Теринин 6 түрү бар: эң ачык түстүү түрүнөн  (эң апакай тери — I фототип) эң кара териге чейин (өтө кара тери — VI фототип). Ортодо (III фототип) кара тору терилүү адамдар бар. I-II фототиптеги адамдар күнгө чыгары менен дароо эле күйүп калышат. Ал эми  III-IV фототиптеги адамдар да күнгө бат күйүшөт, бирок ал үчүн ак терилүү адамдарга караганда күн алдында узагыраак жүрүшү керек болот. V-VI фототиптеги кара тору адамдардын териси күн нурунан жакшы корголгон, алар дээрлик күнгө күйүшпөйт. Бирок алар баары бир күндүн ультра нурлануусунан сак болуулары керек. Анткени тери рагына бардык типтеги тери дуушар болушу мүмкүн.
  • УФ-индекси. Бул белгилүү бир убакта ультра кызгылт көк нурлануунун интенсивдүүлүгүнүн өлчөмү. УФ индекси географиялык жайгашкан жерге да көз каранды болот, мисалы, күндүн активдүүлүгү түндүккө караганда экватордо күчтүүрөөк. Индекс 0дөн 11ге чейин өзгөрөт, мында 0-2 күн нурунун таасири азыраак, 3-5 орточо, 6-7 жогорку, 8-10 өтө жогору, ал эми 11+ ашыкча. Төмөнкү маанилерде (0-2) күндөн коргонуунун кереги жок, орточо мааниде (3-7) күндөн коргоочу кремдерди колдонуу жана кийим менен жамынуу максатка ылайык, ал эми жогорку маанилерде (8ден өйдө) тери күчтүү коргонууга муктаж, мындай кооптуу учурда көлөкөдө болуу же үйдөн чыкпоо - эң мыкты чечим болуп саналат. УФ нурлары тууралуу аба-ырайы боюнча маалымат берген ресурстардан билсе болот.
  • Күндө жүрүү мөөнөтү кандай болушу керек. Бул мөөнөт силер түшүнгөндөй, УФ индексине көз каранды болот. Адатта саат эртең мененки 10 дон түшкү 4кө чейин ультра фиолет нурлануунун индекси жогору болот. Жай мезгилинде бул мезгил аралыгы, жада калса, түндүк аймактарда да кооптуу. Дарыгерлер бул сааттарда көчөгө чыгуудан карманып турууну сунушташат.
  • Күн ачык тийген жерлерде өзүн алып жүрүү. Күнөстүү күнү кайсы жерде болсоңуз да: шаарда же сейилдөөдө болобу, ультра-фиолет нурунун эң жогорку көрсөткүчү болгон сааттарда көлөкө тийген жайларда болуу маанилүү. Башкача айтканда, шаарда бул убакта үйдө болгон жакшы, сейилдөөдө - чатырда же бак-дарактардын калың көлөкөсүндө, көл жээгинде - бүт денени камтый турган чоң кол чатырдын астында же көлөкөсү түшкөн кафенин жанында болуу зарыл. Бул сааттарда суу, кар, кум - күндүн нурларын чагылдырып турарын эске алуу керек. Мындай жерлерде күйүп калуу ыктымалдыгы жогорулайт, ошондуктан коргоо чаралары күчтүүрөөк болушу талапка ылайык.
  • Күндөн коргонуу үчүн каражаттардын болуусу. Күн катуу тийген күнү үйдөн чыгаарда ультра-фиолет нурлануусунан коргонуу үчүн керектүү нерселердин баары бар экенине ынаныңыз: күндөн коргоочу крем, көз айнек, баш кийим, дене күйүп калбашы үчүн жабык жеңил кийим.

Күндөн коргоочу кремди кантип тандоо керек?

Ультра-фиолет нурларын (УФ же UV — ultraviolet) толкун узундугу боюнча 3 түргө бөлсө болот:

  •  УФ-А (UVA; 320-400 нм): теринин дерма катмарына өтүп, анын картаюусуна алып келиши мүмкүн;
  • УФ-B (UVB; 280-320 нм): теринин эпидермис катмарына өтүп, терини күйгүзүшү мүмкүн;


  • УФ-C (UVC; 100-280 нм): бул толкун озон катмарына дээрлик сиңип кетет.


Терини зыяндуу радиациядан коргоо үчүн күндөн коргоочу каржаттарды колдонсо болот. Алар - май, спрей, лосьон, гель же катуу стик түрүндө болот. "Күндөн коргоочу косметикадагы акыркы тенденциялар" деген илимий баяндамага ылайык, кең спектрдеги күндөн коргоочу кремдерди тандап алган жакшы: алар УФ-А жана УФ-B нурлануусунан да коргойт.

Күндөн коргоочу каражаттар ар дайым SPF деп белгиленет, ал күндөн коргоочу фактор  (Sun Protection Factor) дегенди билдирет. Белгилей кетчү нерсе, SPF - көп адамдар ойлогондой, коргоо убактысын чагылдырбайт. Чынында, бардык күндөн коргоочу кремдер, алардын SPFсине карабастан, бирдей убакытка жетет. SPF - каражатты колдонгондон кийин териге өтө турган ультра-фиолет нурунун көлөмүн көрсөтөт. SPF канчалык жогору болсо, каражат терини күнгө күйүүдөн ошончолук эффективдүү коргойт. 

Адатта, күндөн коргоочу топтомдордо SPF 10, 15, 20, 30, 50+ ж.б. жазууларды жолуктурабыз. Бул сандар күн радиациясынан коргоо деңгээлин көрсөтүп турат. Мисалы, SPF 30 менен каражатты колдонуу - SPF 15 менен болгон продуктуга салыштырмалуу терини эки эсе күчтүү коргоо дегенди билдирет.  Белгилей кетчү нерсе, Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму SPF 15тен кем эмес күндөн коргоочу кремдерди тандоону сунуштайт. Бул өзгөчө күн радиациясынын күчтүү аймактарында, экваторго жакын жерлерде маанилүү - мында SPF 30дан кем эмес каражаттарды колдонуу туура.

Ошол эле учурда, эгерде продуктта SPF 100 болсо, бул сиз толугу менен корголгонуңузду билдирбейт (эч бир продукт 100% коргоого кепилдик бербейт). Мындай белгилер күндүн астында көпкө жүрсөм да, эч нерсе болбойт деген жалган ишенимди жаратышы мүмкүн. Бирок мындай маалыматка толугу менен ишенип алуу туура эмес, күндөн коргогон каражаттардан сырткары көлөкөдө болуу, же жеңил, жабык кийинип жүрүү сыяктуу коргонуу чараларын да унутпоо керек.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, колдонулган каражаттын көлөмү менен коргоо деңгээлинин ортосунда байланыш бар: канчалык көп болсо, ошончолук жакшы. Ишенимдүү коргонуу үчүн каражаттын оптималдуу өлчөмү - бүт дене үчүн болжол менен 40 мл крем, башкача айтканда, жалпы пакеттин бештен бир же төрттөн бир бөлүгү, адатта 150-200 мл.

Ал эми бул жерде күндөн коргоочу  колдонуу боюнча пайдалуу сунуштардын тизмеси:

  • Теринин түрүнө жана сырткы шарттарга жараша күндөн коргоочу кремди (SPF; продукт форматы) тандаңыз.
  • Продукцияларды сыртка чыгаардан 15-30 мүнөт мурун сыйпап койгон жакшы.
  • Каражатты жетиштүү көлөмдө, жок эле дегенде, 40 мл бүт денеге сүйкөгөн туура.
  • Зарыл болсо, ар бир 2 саатта же андан көп жолу каражатты кайталап сыйпап туруңуз (мисалы, көлдө сүзгөндө продуктунун олуттуу бөлүгү суу менен жуулуп кетет).
  • Таңгагында "суу өткөрбөйт" деп жазылган болсо да, териңизге продуктуну жаңыртып сүйкөп туруу керек.
  • Каражатты сүйкөө учурунда дененин "күнгө жакын" бөлүктөрүнө - бетке (айрыкча мурунга), кулакка, моюнга өзгөчө көңүл буруңуз.
  • Эриндериңизге SPF коргоосу бар эндик сүйкөсөңүз болот.
  • Колдонулган буюмдун жарактуулук мөөнөтүн көзөмөлдөө жана мөөнөтү өтүп кеткен каржаттарды колдонбоо маанилүү.

Күндөн коргоочу көз айнектерди кантип туура тандоо керек?

Жайында, күн өзгөчө активдүү болгондо, терини эле эмес, көздү да коргоо керек. Күндөн коргоочу көз айнек сизди көз кабыгынын күйүп калуусунан, эрте катарактадан жана күн астында узакка жүрүүдөн улам пайда болгон башка көз ооруларынан коргойт. Бирок караңгылатылган жана күндөн коргоочу көз айнектердин баары эле күндөн коргой бербейт. Биз кантип туура көз айнекти тандоону түшүндүрөбүз.

  1. Ультра-фиолет нурларынан коргоо деңгээли


Бул көз айнекти тандоодо олуттуу кабыл алынышы керек болгон негизги критерий. Коргоо деңгээли жөнүндө маалымат, адатта, этикеткада, көз айнектин линзасындагы стикерде же же көз айнектин алкагында жазылат. Эгер сиз көз айнекти онлайн сатып алып жатсаңыз, анда бул маалыматтары алуу үчүн веб-сайттагы сыпаттаманы текшериңиз.

Керектүү белги төмөнкүдөй көрүнөт: UV400 - бул көз айнек 400 нанометр толкун узундугу менен 99-100% ультрафиолет нурлануусун сиңирет дегенди билдирет - мындай көз айнек коргоонун эң ишенимдүү деңгээлдеринин бирине ээ. Сиңирүү деңгээли төмөн болушу мүмкүн, мисалы, UV200 - бирок эң жогоркусун тандаганыңыз жакшы.

  1. Поляризация (жарыкты чагылдырган каптам)


Поляризацияланган линзалар түз тийген нурларды чагылдырат. Бул күн нурлары чагылып тийген (мисалы, сууга жакын эс алууда же кар көп жааган лыжа базасында) жерлерде пайдалуу. Поляризацияланган көз айнек менен объекттер даанараак көрүнөт, анткени жаркыраган күн нурлары тоскоолдук жарата албай калат. Бирок чагылышкан кун нурларынан коргогон көз айнектер ультра-фиолет нурларынан коргобой турганын  түшүнүү маанилүү. Башкача айтканда, күндөн коргоочу көз айнекти тандоодо, биринчи кезекте, көздүн саламаттыгын сактоо үчүн УФ деңгээли жөнүндө ойлонуу керек, андан кийин гана - поляризация - комфорт тууралуу ойлонсо болот.

  1. Караңгылатылган айнек жана түстүү линзалар 


Линзанын караңгылатуу деңгээли ультра кызгылт көк нурлануудан коргонуу жөндөмдүүлүгүнө таасир этпейт - жогорку деңгээлдеги коргоону тунук линзалары бар көз айнекте да болот. Бирок, албетте, көз айнек канчалык күңүрт болсо, ал ошончолук ачуу тийген күн жарыгынын күчүн азайтат. Ошондуктан, эгер күн тийгенде көздү жүлжүйтө берип, көздүн тегерегиндеги бырыштарды көбөйтпөйм десеңиз, кара түстөгү линзаларды тандаңыз. Линзанын түсү да ультрафиолеттен коргоо деңгээлине таасир этпейт, бирок контрастты өзгөртө алат. Атап айтканда, Кливленд клиникасы күрөң, боз (кара), жашыл же сары линзаларды тандоону сунуштайт, анткени алар түстөрдүн көрүнүшүн азыраак бурмалайт.

  1. Өлчөмү жана формасы


Линзалар канчалык чоң болсо, ошончолук жакшы. Ультрафиолет нурларынан коргоо деңгээли көз айнектин өлчөмүнө жана формасына жараша болорун тастыктаган изилдөөлөр бар. Ошондой эле, окумуштуулар линзалары көз айнек алкактарынан башталып, көздү капталдан коргогон спорттук көз айнектер көздүн саламаттыгы үчүн эң жакшы вариант экенин белгилешет.

Солярийдин пайдасы көбүрөөкпү же ачык күн астында жүрүүдөн да зыяндуубу?

2017-жылы Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму “Жасалма күнгө күйүү аппараттары. Солярий салондорун башкаруу боюнча коомдук саламаттыкты сактоо чаралары” аттуу доклад жарыялаган. Бул баяндаманын негизги тыянагы, адам табигый же жасалма ультра-фиолет нурланууга дуушар болобу, айырмасы жок, терс кесепеттери бирдей: теринин картаюусу, теринин жана көздүн күйүшү, рак оорусуна чалдыгуу коркунучу.

ДСУнун АКШ, Европа жана Австралия боюнча статистиканы көрсөткөн башка маалыматы боюнча, солярийди колдонуу кесепетинен улам 450 000 меланомалык эмес жана 10 000 меланома рагы менен ооруган учурлар катталган.

Андан тышкары, күнгө өтө көп убакытка чыкпай жана кылдаттык менен күн нурун колдонгондо, организм D витамини түрүндө пайда алат. Бирок солярийден мындай пайда дээрлик жок. Солярийлер көбүнчө УФ-A нурлануусун колдонушат, ал D витамининин өндүрүшүн УФ-B нурлануусуна караганда алда канча азыраак активдештирет.

Адамдардын кээ бир категориялары ультра кызгылт көк нурлануунун таасирине өзгөчө аялуу экенин эстен чыгарбоо керек жана аларга солярийлерди колдонбоо сунушталат. Бул категорияларга төмөнкүлөр кирет: балдар, сепкили бар же көп сандагы меңи бар адамдар, териси күнгө күйүүгө жакын адамдар (I-II фототиптер), үй-бүлөдө тери рагы менен ооругандар жана иммундук системасы начар адамдар.

Маникюр жана педикюр салондорундагы ультра кызгылт көк нурлануу тууралуу кызыктуу жагдай тууралуу кеп кылалы: эгерде сиз тырмагыңызга гель катмарын колдонуп жатсаңыз, колуңуздун жана бутуңуздун териси ушул убакта күчтүү УФ-A нурлануусуна дуушар болуп жатканын унутпаңыз. Андыктан тырмак боюнча адиске барганда, териңизге күндөн коргоочу каражаттарды сүйкөп алуу зарыл.


Күнгө күйүп калганда жасалуучу биринчи жардам 

Күндүн ашыкча таасири күйүккө жана ысык урууга алып келиши мүмкүн. Ультрафиолет нурлары теринин клеткаларына зыян келтирет. Коргонууда иммундук система жабыркаган аймактарга кандын агымын көбөйтөт, бул сезгенүүнү пайда кылат - күйүк ушундайча пайда болот. Күнгө күйгөндө тери кызарат (ак терилүү адамдарда), ооруйт, тийгенде ысык сезилет. Ысып жаткандай сезилиши мүмкүн. Бир нече күндөн кийин жабыркаган аймакта тери курган, сыйрылып түшө баштайт. Ал эми катуу күйүп калганда ыйлаакча пайда болушу мүмкүн.

Дарыгерлер күнгө күйүп калган учурларда төмөнкү иш-аракеттерди сунушташат:

  • Мүмкүн болушунча эртерээк күндөн чыгып, үйгө жашынуу керек.
  • Терини муздак суу же нымдуу сүлгү менен муздатып алуу зарыл. Бул абдан кылдаттык менен жасалышы керек. Эгерде ыйлаакчалар пайда болсо, жабыркаган жерлерге кол менен да, же сүлгү менен да тийбөө шарт.
  • Денени муздатуу үчүн көбүрөөк суу ичүү.
  • Эгер күйгөн жерлер оорутуп жатса, ооруну басаңдатуучу дарыларды (мисалы, ибупрофен) ичсе болот.
  • Тери толук калыбына келгиче, күйгөн жерлерди күнгө көрсөтпөй жаап жүрүү туура.

Эгер сиз күнгө күйүп калган болсоңуз, анда бул жагдайда тыюу салынган иш аракеттер булар:

  • Жабыркаган жерлерге вазелин же майлуу азыктарды сүйкөө. Бул күйгөн жерден ысыктын чыгышына жол бербей калат.
  • Күйүккө муз коюу.
  • Ыйлаакчаларды жаруу.
  • Карттарды сыйруу жана тырмоо.
  • Күйүктү тыгыз кийим менен жаап коюу. Бул учурда кенен кийим кийген жакшы.

Дагы бир мүмкүн болгон күндөн алган "жаракат" - ысыкка урунуу болуп саналат. Бул дененин ашыкча ысып кетишинен улам пайда болот. Бул абал жогорку температура, эсин жоготуу, жүрөк айлануу, кусуу, баш оору, алсыздык, конвульсиялар, жүрөктүн тез кагышы жана оор дем алуу менен коштолот.


Бл учурда көрсөтүлчү биринчи жардамдын айрымдары булар:

  • Адамды имараттын ичине же көлөкө жерге алып баруу.
  • Кыскан кийимдерди чечүү.
  • Муздак суу ичирип, салкындатуу үчүн күйгүзүлгөн кондиционердин жанына коюп, нымдуу жана салкын сүлгү менен денесин сүртүү керек.
  • Эгерде адам 30 мүнөттүн ичинде өзүн жакшы сезбесе, тез жардам чакыруу зарыл.

Ал эми күнгө күйүүнүн симптомдорун жеңилдетүү үчүн каражаттарга келсек, көптөр декспантенолду (пантенол) же каймакты колдонушат. Каймак жана башка кычкыл сүт азыктары жабыркаган териде белок пленкасын түзүүгө жардам берет, ал ысыкты, ооруну жана сезгичтикти азайтат. Бирок мындай ыкмалардын натыйжалуулугу боюнча изилдөөлөр жүргүфзүлгөн эмес.

Ал эми пантенол тууралуу сөз кылсак, анын пайдалуу касиеттери медицинада тастыкталган: терини нымдап, анын тосмосун калыбына келтирип, жараларды айыктырат.  Бул каражатты күнгө күйгөн учурларда колдонсо болот.