Бойдон алдыруу - жаңы заманда ойлоп табылган нерсе эмес. Адамдар бул ишти тээ алмустактан бери жасап келишкен, кайсы мезгил экенин элестетүү да мүмкүн эмес. Аборт тууралуу эң алгачкы маалымат биздин заманга чейинки XXVIII кылымда жашаган Кытай императору Шен Нунга таандык медициналык жазмада камтылган.
Байыркы египеттик Эберс папирусунун автору да кош бойлуулуктун жасалма түрдө токтотулушун биздин заманга чейин бир жарым миң жыл мурун билген. Рим империясынын тушунда сатирик Жувенал “биздин бойдон алдыруу боюнча тажрыйбалуу адистерибиз” жөнүндө сөз кылган. Ал эми X кылымдагы перс дарыгери Ар-Расинин эмгектеринде хирургиялык аспаптарды колдонуу менен аборт жасоо боюнча көрсөтмөлөр бар.
Бирок орто кылымдардагы христиан дүйнөсүндө бойдон алдырууга тыюу салынган. Анткен менен бойдон алдырууну уланта беришкен, бирок бул жөнүндө ачык айтуу жана бойдон алдыруу боюнча эффективдүү медициналык ыкмаларды издөө мүмкүн эмес болчу. XVIII кылымга чейин бойдон алдыруу жана сактануу негизинен "аялдардын иши" деп эсептелчү - бул иштерди акушер аялдар колго алышкан, бирок алар бул кызматтары үчүн маал-маалы менен "сыйкырчы" катары куугунтукка алынышкан.
XVII-XIX кылымдарда Европада жана Америка Кошмо Штаттарында дарыгерлер гинекологиядагы айрым жетишкендиктердин натыйжасында (мисалы, кюретка сыяктуу атайын аспаптарды ойлоп табуу) коопсуз жана эффективдүү абортторду жасап башташкан. Бирок бойдон алдыруу дагы эле мыйзамсыз болчу.
Этикалык көйгөйлөргө карабастан, бойдон алдырууну мыйзамдаштыруу туура кадам экенин түшүнүү үчүн көп убакыт керек болду. Тарых көрсөткөндөй, бойдон алдырууга толук тыюу салуу анын азайышына алып келбейт: тескерисинче, бойдон алдырууга тыюу салынган өлкөлөрдө аборт көп жасалат (мисалы, аборт жасоо кыйындатылган Латын Америкасында 1000 аялдын 30-60ы, ал эми аборт мүмкүн болгон Батыш өлкөлөрүндө 1000 аялдын 14ү бойдон алдырат).
Аборттордун саны биринчи кезекте ал өлкөдөгү үй-бүлөнү пландаштыруу жана жыныстык тарбия берүү боюнча кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын көрсөтөт. Эгерде ал кызматтарга тыюу салынган болсо, анда аборттордун, күтүлбөгөн кош бойлуулуктун, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын саны көп болот. Мындан тышкары, бойдон алдырууга тыюу салуу көптөгөн коркунучтуу тымызын операцияларга алып келет, анын кесепетинен аялдар олуттуу кыйынчылыктарга, анын ичинде өлүмгө дуушар болушат. Себеби аялдар кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан же башка кесепеттерден коркуп, квалификациялуу медициналык жардамга кайрылуудан коркушат.
1920-жылы абортту расмий түрдө мыйзамдаштырган биринчи заманбап мамлекет СССР болгон, андан кийин ага удаалаш башка өлкөлөр да мыйзамдаштыра башташкан. Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жана Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу алдыңкы эл аралык саламаттыкты сактоо жана укук коргоо уюмдары коопсуз бойдон алдыруу мүмкүнчүлүгү - ар бир аялдын укугу деп эсептешет.
Жыл сайын дүйнөдө 73 миллионго жакын аборт жасалат. Алардын 45%га жакыны кооптуу аборт болуп саналат. Анткени бул процедуралар кооптуу ыкмалар менен атайын билими жок адамдар тарабынан ишке ашырылат. Кооптуу бойдон алдыруулардын көбү Түштүк жана Борбор Азияда жасалат. Латын Америкасында жана Африкада да аборттордун көбү кооптуу болуп саналат.
Кыргызстанда аборт жасоо укугу мыйзамда бекитилген: бул тууралуу “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамынын 106-беренесинде жазылган.
Кыргызстанда ар бир аял кош бойлуулукту коопсуз жасалма токтотууну талап кыла алат. Бул макалада абортко байланыштуу тобокелдиктер, анын түрлөрү, мөөнөтү жана аборт тууралуу мифтер жөнүндө сөз кылабыз.
Караңгы операциялык бөлмөдө ак беткап тагынган, медициналык баш кийим кийген адам кол каптарын алмаштырып жатат. Столдун үстүндө курч, коркунучтуу, хирургиялык металл аспаптар турат. Гинекологиялык креслодо коркунучтан жүрөгү опкоолжуп, бейтап өз кезегин күтүп отурат. Жарык өчөт, кийинки кадрда жалгыз бой кемпир эски УДИ сүрөттү карап, кылган ишине өкүнүп, үнүн чыгарып ыйлап жатканын көрүүгө болот: “Мен өмүрүмдө аборт кылганыма өкүнгөндөй эч нерсеге өкүнгөн эмесмин! Бул менин жашоомду талкалады. Мен тукумсуз болуп калдым, ушундан улам жашоомдогу эркектердин баары мени таштап кетишти, мен өзүмдү эне болуу бактысынан ажыраттым”.
Адатта, бизге аборт тууралуу медиа өкүлдөрү тарабынан мына ушундай картинаны көрсөтүүгө аракет кылышат. Бирок, чынында эле, бойдон алдыруу аялдын тагдырын талкалап коюшу ыктымал - кооптуу аборттун кесепетинен улам аял өлүмгө дуушар болушу толук мүмкүн. Бирок чыныгы жашоодо кандай болот?
Бойдон алдыруу коркунучтуу же коопсуз болот. Коркунучтуу аборт - бул квалификациясы жок адам тарабынан шектүү ыкмаларды колдонуу менен, бардык зарыл шарттарды сактабастан жүзөгө ашырылган операция. Кандай гана жагдай болбосун, абортту квалификациялуу дарыгердин катышуусуз жасоого болбойт! Кооптуу бойдон алдыруудан улам аялдар каза болууда. Өлүмдүн негизги себеби - кан жоготуу.
Өлүмгө алып келүүчү башка кыйынчылыктарга сепсис жана жыныстык жаракат кирет. Өлүмгө алып келбесе да, узак мөөнөткө жабыркаган ден-соолук боюнча маалыматтар сейрек, бирок тукумсуздук, ошондой эле, жыныстык аймакка жакын жайгашкан ички органдардын жабыркашы документалдык түрдө тастыкталган. Кооптуу бойдон алдыруу олуттуу психологиялык көйгөйлөр менен коштолот.
Кооптуу бойдон алдыруу тууралуу баары түшүнүктүү болду окшойт. Бирок "коопсуз" бойдон алдыруу канчалык коопсуз?
Эгерде бойдон алдыруу клиникалык эрежелерди сактоо менен тийиштүү адис тарабынан жүзөгө ашырылса, анда бул коопсуз медициналык кийлигишүү болуп саналат. Муну цифра аркылуу кандай көрсөтүүгө болот? Ар кандай аңыз-кептерге карабастан, бойдон алдыруунун олуттуу кесепеттери өтө сейрек кездешет - бардык аборттордун 1% пайызында гана кыйынчылыктар жаралат. Ал эми медициналык кийлигишүүдөн улам күчөп кеткен оорулардын көбүн дарылап, айыктырса болот.
Медициналык бойдон алдыруу кийинчерээк эмчек рагы же тукумсуздук сыяктуу ооруларды пайда кылышы мүмкүн деген туура эмес түшүнүк кеңири тараган. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, бойдон алдыруу эмчек рагы же тукумсуздук тобокелчилигин күчөтпөйт. Албетте, эгерде аборт адис тарабынан тийиштүү шартта жасалган болсо. Бул процедура жатынга эч кандай тырык калтырбайт жана жатын моюнчасына зыян келтирбейт. Чын-чынына келгенде, биологиялык жактан алганда, аял биринчи үч айлыкта боюнан алдыргандан кийин 8-10 күндүн ичинде кайрадан кош бойлуу болуп калышы мүмкүн.
Ар бир медициналык процедурада мүмкүн болгон кыйынчылыктар боюнча кабатыр болуу - бул нормалдуу көрүнүш. Бирок бойдон алдыруу учурунда аялдын келечекте эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроо ыктымалдыгы чагылган тийген учурлардан да азыраак.
Ал эми аборт жасатуунун өзү аялдын психикасына кандай таасир этет? Бул жерде окумуштуулар бир пикирди карманышпайт. Бирок аборт жасатуудан баш тартуу - процедуранын өзүнө караганда көбүрөөк тынчсызданууга алып келери далилденген.
“Ар бир аял эртеби-кечпи баары бир боюнан алдырганына өкүнөт” деген көп таралган ишенимге келсек, бул туура эмес. Окумуштуулар аялдардын абортко болгон мамилесин беш жыл бою байкаган изилдөөлөрдүн биринде аялдардын басымдуу бөлүгү өз чечимине өкүнбөй турганы жана беш жыл өткөндөн кийин аялдар арасында эң кеңири таралган эмоция - жеңилдөө болгону айтылат. Ал эми абортко карата терс эмоциялар көбүнчө процедуранын өзүнө эмес, аялдын жеке жана социалдык жашоосуна байланыштуу.
Ар кайсы өлкөлөрдө аборттун ар кандай эрежелери бар. Нидерландия менен Колумбияда аялдын өтүнүчү боюнча бойдон алдыруу үчүн эң узак мөөнөт - кош бойлуулуктун 24-жумасына чейин белгиленген. Ал эми Техас штатында түйүлдүктүн жүрөгү согуп баштамайынча, башкача айтканда, кош бойлуулуктун алтынчы жумасына чейин бойдон алдырууга уруксат берилген. Айрымдар муну бойдон алдырууга иш жүзүндө тыюу салуу деп аташат — мынчалык кыска убакыттын ичинде көптөгөн аялдар кош бойлуу экенин билбеши мүмкүн. Кош бойлуулуктун мөөнөтү акыркы этек кирдин биринчи күнүнөн тартып эсептеле турганын тактап кетели. Бул адашууну жаратышы мүмкүн, анткени мөөнөттү эсептөө кош бойлуулуктун башталышына эки-төрт жума калганга чейин башталат.
Ал эми Кыргызстанда кандай? Кыргызстанда кош бойлуулуктун он экинчи жумасына чейин аялдын каалоосу боюнча кош бойлуулукту жасалма түрдө токтотууга болот. Бул акысыз процедура, ал милдеттүү медициналык камсыздандырууга кирет жана аны мамлекеттик клиникадан жасаттырса болот. Жеке клиникаларда да аборт кылуу мүмкүн, бирок ал үчүн акы төлөнөт.
Өзгөчө учурларда - мисалы, социалдык себептерден улам болсо - 22 жумалыкка чейинки кош бойлуулук жасалма түрдө токтотулушу мүмкүн. Ал эми медициналык көрсөткүчтөр бар болсо, мөөнөтүнө карабастан кош бойлуулукту токтотсо болот.
Эгерде кыз 16 жашка чыга элек болсо, анда аборт жасатууга ата-энесинин макулдугу керек.
Болжол менен 6-8 жумага чейинки каалабаган кош бойлуулукту атайын медициналык процедура аркылуу токтотууга болот. Бул коопсуз, хирургиялык эмес процедура, 98% эффективдүү. Дарыгер аялга поликлиникадан гана берилүүчү таблеткаларды жазып берет, ал дарыларды үйдөн ичсе болот. Бирок буга чейин дарыгер аялды УДИден өткөрүп, кош бойлуулук тууралуу маалымат алат жана бейтапта медициналык бойдон алдыруу кооптуу болгон кандайдыр-бир каршы көрсөтмөлөр бар же жок экенин аныктайт. Аборт эч качан өз алдынча же квалификациясы жок адам тарабынан жасалбашы керек, бул ден-соолукка коркунуч жаратат, ал тургай тукумсуздукка жана өлүмгө алып келиши толук ыктымал.
Кош бойлуулуктан арылуунун эң кеңири таралган режими - бул күнүнө эки таблеткадан кабыл алуу. Алардын бири - кош бойлуулукту сактоо үчүн зарыл болгон прогестерон гормонун бөгөттөйт. Экинчиси - жатындын көңдөйүн тазалоо үчүн анын жыйрылышына шарт түзөт. Бул, адатта, 6 саатка чейин созулат, бирок оору дагы бир же эки күнгө созулушу мүмкүн.
Медикаментоздук аборттун эң көп таралган терс таасирлери - бул этек кирдин келишине окшош ооруксунттуу жана кан агуу. Уюган кан менен эң көп кан кетүү, адатта, экинчи таблетканы кабыл алгандан кийин бир нече сааттан кийин пайда болот жана бир нече саатка созулат. Андан кийин кандын интенсивдүүлүгү төмөндөйт, ал эки-үч жумага созулушу мүмкүн. Экинчи таблетканы кабыл алган күнү чыйрыгып, дене табы көтөрүлүшү ыктымал, кээде диарея, жүрөк айлануу же бир аз баш айлануу менен коштолот.
Таблеткаларды кабыл алган аял өзүнүн акыбалына көз салып турушу жана коркунучтуу симптомдор пайда болгон учурда тез жардамга кайрылуусу абдан маанилүү. Көз жаздымга калтырууга мүмкүн болбой турган симптомдорго төмөнкүлөр кирет: экинчи таблетканы кабыл алгандан кийин 24 саат ичинде кан агуу пайда болбосо; бир сааттын ичинде прокладканы алмаштырууну талап кылган өтө катуу кан агуу; дене табынын көтөрүлүшү узакка созулса; жагымсыз жыты бар суюктуктун бөлүнүп чыгышы; ичтин же белдин катуу оорушу; катуу баш тегеренүү. Эгер баары ойдогудай болсо, анда гинекологго экинчи текшерүүдөн өтүүгө сөзсүз түрдө жазылуу керек, ошондо дарыгер аборт болгонун тастыктай алат. Кээде ооруп, кан кеткен күндө да, кош бойлуулук улана берет же жатында уруктанган жумуртканын калдыктары калып калышы мүмкүн.
Эреже катары, аял боюнан алдыргандан соң эки жумадан кийин кайра кош бойлуу болуп калышы мүмкүн. Кийинки этек кир төрт-алты жумадан кийин башталышы керек, бирок медициналык процедурага байланыштуу гормоналдык өзгөрүүлөр болуп, менструация процесси адегенде үзгүлтүккө учурашы ытымал. Бирок бул - аял дароо эле жыныстык жашоого кайтып келе алат дегенди билдирбейт. Инфекцияларды болтурбоо үчүн, жок эле дегенде, бир же эки жума сексуалдык байланыштан баш тартып туруусу маанилүү. Ушул эле себептен кындын ичине эч нерсени, анын ичинде тампондорду да салбоо керек. Анан, албетте, келечекте каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн контрацепциянын ишенимдүү ыкмаларын колдонуу маанилүү.
Бул ыкма кош бойлуулуктан арылууну каалаган бардык эле аялдарга туура келе бербейт. Төмөнкү себептерден улам айрым аялдарга медикаментоздук аборт кылуудан баш тартышат:
Хирургиялык бойдон алдыруу - бул медикаментоздук абортко караганда татаалыраак процедура. Эгерде аялда дары-дармектин жардамы менен бойдон түшүрүүгө каршы көрсөтмөлөр бар болсо, же ал өзү кош бойлуулукту токтотуунун ушул ыкмасын тандаса, анда хирургия колдонулат. Эскерте кетсек, ар кандай бойдон алдырууну квалификациялуу дарыгер, клиникада, УДИден жана анализдерден кийин гана жасай алат. Болбосо, бул медициналык процедура олуттуу кыйынчылыктарга жана өлүмгө алып келиши толук ыктымал.
Кош бойлуулуктун 12-жумасына чейин хирургиялык аборттун бир гана түрү - вакуумдук аспирация колдонулушу мүмкүн. Вакуумдун жардамы менен атайын аспаптарды колдонуу менен дарыгер уруктанган жумуртканы жатындан алып чыгат. Эреже катары, бул процедура оорутпайт, анткени анестезия колдонулат. Процедуранын өзү 5-10 мүнөткө созулат. Бирок бул оорулуу дароо үйүнө жөнөтүлөт дегенди билдирбейт. Дарыгерлер бир-эки саат бою аялдын абалын көзөмөлдөп турушат, кээ бир учурларда, кийинки күнгө чейин клиникага жаткырылат.
Кош бойлуулуктун кечирээк мөөнөтүндө (12 жумадан ашык) социалдык же медициналык көрсөткүчтөр болгондо гана аборттун башка түрү – дилатация жана эвакуация керек болушу мүмкүн. Бул ыкма азыраак колдонулат, анткени ал эң татаал жана бир нече этаптарды камтыйт: вакуумдук тазалоо, аспаптарды колдонуу жана жатынды тазалоо.
Алгач дарыгер жатын моюнчасын кеңейтет. Аялга жатынды жумшартууга жана анын жыйрылышына жардам берүүчү дарылар жазылышы мүмкүн. Андан кийин түйүлдүк менен плацентаны алып салуу үчүн дарыгер атайын кычкачты, вакуум түзүү үчүн түтүктү жана ийненин көзүнө окшош аспапты, кюретканы колдонуп, жатындын былжыр челиндеги калган плацентаны чыгарат. Процедуранын өзү, адатта, 30 мүнөттөн ашык убакытты талап кылбайт, бирок баары жакшы экенине ынануу үчүн аялга ооруканада дагы көбүрөөк убакыт калуу сунушталат.
Ар кандай операция, анын ичинде аборт, адамдын абалынын оорлошуна алып келиши мүмкүн. Бирок, адатта, дарыгерлер тез эле көйгөйлөрдү байкап, олуттуу кесепеттердин алдын алышат. Бирок хирургиялык операциялардын сейрек учурларда кездешкен кесепеттерин дарылоого болот.
Хирургиялык бойдон алдыруу - Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму тарабынан бекитилген коопсуз процедура. Көптөгөн маалыматтарды камтыган далилдердин көптүгү - медициналык аборттордун 1% пайыздан азы гана олуттуу кыйынчылыктарды жарата турганынын күбөсү . Бирок жагымсыз кесепеттери дагы бар, алар: кан агуу же кан аралаш бөлүнгөн суюктуктар, жүрөк айлануу, баш айлануу, тердөө жана ооруксунуу болушу мүмкүн. Бул кесепеттердин баарынан, кан агууну эске албаганда, дарылардын жардамы менен арылуу толук ыктымал.
Аборт - бул ар кимдин жеке чечими. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир аял түйүлдүктүн он экинчи жумалык мөөнөтүнө чейин өз каалоосу менен кош бойлуулукту токтотууга укуктуу. Процедураны кылуу үчүн биринчи кадам - бул дарыгерге кайрылуу, ал аялдын жагдайына карап, аборттун кандай түрлөрү мүмкүн экендигин жана ал процедуралар жөнүндө маалымат берет.
Кээде врачтар аялдар менен маектешүү учурунда бир жактуу пикирди таңуулашат дагы, аборттон баш тартууга ынандырууга аракет кылышат.
“Сиздин акылыңыз жайындабы? Аборттун айынан кийин төрөй албай каласыз, түтүктөр жабылып калат жана ар кандай оорулар пайда болот. Жашыңыз деле 20дан ашыптыр, балалуу болууга убакыт келди! Дагы бир аз жашыңыз өтсө, төрөт кыйын болуп калат. Андан көрө, психологго барыңыз, мен азыр жолдомо берем”, - дейт гинеколог абортко жолдомо алууга келген кызга.
“Ии, эмне болуп кетти? Кош бойлуулук - аялдын жашоосундагы эң маанилүү жана табигый этап. Албетте, баланын атасы таштап кетсе, анда кыйын. Бирок балаңыздын өмүрүн сактап, эне болуп, үй-бүлөлүк бакыт тапкыңыз келсе, буга эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок. Сиздин ден-соолугуңуздагы көйгөйлөрдөн улам балаңызда да патологиянын пайда болушуна ишенесизби? Буга дарыгерлер жардам берет! Кош бойлуулук, тескерисинче, айыктыра турганын билбейсизби?” — дейт психолог. Ал абортко келген кызга ойлонуп көрүп, бир жумадан кийин кайра келүүсүн айтып, узатып жиберет.
Сизге психологиялык басым жасалып жатканын төмөнкү белгилерден улам түшүнсө болот:
Мунун баары туура эмес. Дарыгер менен психологдун жеке ишенимдерин жумушка аралаштырганга укуктары жок.
Аялдын денеси жана келечектеги жашоосу менен эмне кылууну анын өзү гана чечүүгө укуктуу экенин түшүнүү маанилүү. Аялды кандайдыр-бир чечим чыгарууга эч ким мажбурлай албайт. Мыйзам дагы анын тандоосун коргойт: ар бир аял аборттун бардык кесепеттерин билип туруп, макулдугун берсе, анда ал кош бойлуулуктун он экинчи жумасына чейин боюнан алдырууга укуктуу.
Аборт болгон учурда кош бойлуулуктун мөөнөтү канчалык кыска болсо, анын организмге болгон терс таасирлери жана стресс азыраак болот. Ошондуктан эгерде аял кош бойлуулугун токтотууну чечкиндүү түрдө чечсе, бирок процедураны ишке ашырууга каршылык көрсөтүлсө, анда башка клиника табуу - эң туура чечим болуп саналат. Тилекке каршы, акы төлөнүүчү клиникага жазылуу менен аял каалаган процедурасын ала алат жана аборт үчүн аны эч ким жектебейт деп эч ким кепилдик бербейт. Мындан тышкары, бойдон алдыруу кымбат кызмат болушу мүмкүн. Кесипкөй дарыгерлерди издөөдө ката кетирип албоо үчүн, мисалы, интернетте клиника издеп, ал тууралуу сын-пикирлерди окуп, анан тандоо жасаса болот.
Кандайдыр-бир себептерден улам бойдон алдыруу чечимин кабыл алуу кыйын жана медициналык кызматкерлердин кысымы терс сезимдерди гана күчөтөт. Ошондуктан үй-бүлө жана жакын адамдардын колдоосуна ээ болуу абдан маанилүү. Аял жашоосундагы оор мезгилде дуушар болгон психологиялык кесепеттер анын келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал гинекологдорго кайрылуудан тартынып, келечекте балалуу болуу тууралуу ойлордон баш тартуусу же катуу күнөөлүү сезимдерден жабыркашы мүмкүн.
2022-жылдын июнь айында АКШнын Жогорку Соту аялдардын бойдон алдырууга болгон конституциялык укуктарын бүткүл өлкө боюнча жокко чыгарганы тууралуу кабар дүйнөнү таң калтырды. Ошондон бери ар бир штат - абортко тыюу салабы, катуу чектөөлөрдү киргизеби же толугу менен мыйзамдаштырабы - өз алдынча чечим чыгарып калышкан. Бүгүнкү күндө АКШнын 50 штатынын 21штатында аялдардын бойдон алдыруу укугуна тыюу салынат же чектелет.
Бул цивилизациянын артка чегинүүсү жана аялдардын укуктарынын талкаланышы экенин айтып, нааразычылык акциясына чыккандар көп болду. Айрым жарандар өз штаттарынын бойдон алдырууга тыюу салуу же чектөө чечимин колдоп келишет. Абортту мыйзамдаштыруу же чектөө маселеси эмне үчүн коомду ушунчалык толкундатып жатат?
Илимде түйүлдүктүн жашоосу качан башталат деген суроого так жооп жок. Мындай көйгөйлөр өзүнчө тармакта - биоэтикада каралат. Адамдын жашоосу бойго бүткөндө эле башталабы же мээ иштей баштагандабы? Же төрөлгөн учур жашоонун башталышыбы? Ал эми жан денеде качан пайда болот деген суроо менен дин кийлигишкенде, анда бул маселе ого бетер татаалдашып кетет.
Бирок, жалпысынан, эки позициянын ортосунда күрөш жүрүп жатат: “про-чойс” (“тандоо үчүн”) жана “про-лайф” (“өмүр үчүн”). Эки тарап тең эркиндиктин жана адам укуктарынын маанилүүлүгүн баса белгилешет – негизги айырма – кимдин укуктары жана эркиндиктери жөнүндө сөз болуп жатат. Тандоону колдогондор (про-чойс) кош бойлуу аялдын укугун коргошсо, жашоону жактагандар (про-лайф) түйүлдүктүн укугун коргошот.
Пролайферлер түйүлдүк качан адам болоору так билинбегендиктен, аял ал үчүн кош бойлуулукту токтотуу же токтотпоо жөнүндө чечим кабыл ала албайт деп эсептешет. Жашоо үчүн кыймылынын жактоочулары аборт моралдык жактан туура эмес экенине ынанышат, анткени алар үчүн бардык бойдон алдыруу - бул адам өлтүрүү болуп саналат.
Кош бойлуу аялдын денеси өзүнө таандык, ошондуктан аны тескөөгө ал гана укуктуу.
Жалпысынан, дүйнөдө абортко байланыштуу мыйзамдарды жеңилдетүү тенденциясы байкалууда. Акыркы 30 жылдын ичинде 60тан ашык өлкө жана аймактар тигил же бул даражада бойдон алдырууга уруксат беришти. Аборт салттуу түрдө өтө катуу мамиле кылган өлкөлөрдө да абал акырындык менен өзгөрүүдө. Мисалы, Латын Америкасынын өлкөлөрүндө - 2020-жылы Аргентинада бойдон алдыруу толугу менен мыйзамдаштырылды. Кээ бир жерлерде аборт жасоого айрым учурларда гана жол берилет - мисалы, аял жыныстык зомбулуктун натыйжасында боюна бүтүп калса же кош бойлуулук анын өмүрүнө коркунуч туудурса, ошондой эле, эмбриондо олуттуу физиологиялык аномалиялар болсо. Көпчүлүк Европа өлкөлөрүндө аборт мыйзамдуу, бирок Польша сыяктуу ага катуу чектөөлөр киргизилген өлкөлөр да бар. Ошондой эле, бир нече өлкөлөрдө, мисалы Африкада кандай шартта болбосун, абортко катуу тыюу салынган.
Булак: Двор медиа