Вагинизм - бул кындын айланасындагы булчуңдардын өз алдынча тартылышы же жыйрылышы. Булчуңдардын жыйрылышы жыныстык мүчө, манжа, тампон же медициналык аспап сыяктуу нерселерди кындын ичине киргизүүгө аракет кылганда пайда болот. Вагинизмдин эки түрү бар:
Алгачкы вагинизм -бул кындын ичине эч нерсе кирген эмес. Мисалы, аял эч качан жыныстык катнашка бара элек, тампон салган эмес, же гинекологиялык текшерүүдөн өткөн эмес, бирок ал алгачкы аракетте катуу оорутууга дуушар болгондуктан, бул иштерден коркуп калган.
Экинчи вагинизм -бул кындын ичине мурда киргизүү аракеттери ишке ашкан, бирок оорутуудан улам кийин бул аракет мүмкүн эмес болуп калат. Мисалы, аял мурда эч кандай кыйынчылыксыз жыныстык катнашта болуп келсе, бирок кийин жаракаттан, стресстен же башка себептерден улам, вагинизм менен ооруп калган.
Вагинизмдин симптомдору төмөнкү учурларда пайда болушу мүмкүн: аял биринчи жолу жыныстык катнашка барууга аракет кылганда; ал тампон салууга аракеттенгенде; гинекологиялык текшерүүдөн өткөндө.
Кээ бир учурларда, оору же дискомфорт белгилүү бир жагдайда гана, мисалы, гинекологиялык текшерүү учурунда пайда болот. Башка учурларда, кынга бир нерсе кирген сайын ооруксунуу боло берет.
Көбүнчө аялдар ооруну сайгылашкан, ысык тийгендей , же этек кирдин келишине окшош деп сүрөттөшөт. Вагинизм абдан ыңгайсыз жана кадимки жашоого тоскоол болушу мүмкүн, бирок аны дарылоого болоорун жана көйгөйдү чечүүнүн жолдору бар экенин эстен чыгарбоо керек.
Вагинизм - аялдарга, алардын өнөктөштөрүнө жана мамилелерине таасир этүүчү жагдай. Бул өтө кеңири таралган, бирок бул жөнүндө коомчулукта сейрек кеп кылынат. Албетте, вагинизм канчалык кеңири таралганын эсепке алуу кыйын, анткени көп адамдар бул теманы ачыкка чыгаруудан уялышат. Орточо эсеп менен алганда, аялдардын дээрлик 75% жыныстык катнаш учурунда ооруксунтууну башынан өткөргөн, ал эми болжол менен 20% аялдарда вагинизмдин өнөкөт түрү кездешет. Окумуштуулар дүйнө жүзү боюнча 0,2% дан 17% га чейин аялдарда вагинизм диагнозу бар деп эсептешет. Мындан тышкары, бул жерде дарыгерлерге кайрылган аялдар жөнүндө илимий эмгектерде гана сөз болуп жатканын эске алуу керек - ал эми чыныгы жашоодо вагинизмге кабылгандардын саны бир топ эле көп.
Вагинизм – татаал жагдай, анткени ал биздин психологиялык жана физикалык абалыбызга таасир этет. Бул эмне үчүн мынчалык кыйын болушу мүмкүн?
Психологиялык факторлор - бул коркуу жана тынчсыздануу. Аял ооруксунуудан коркушу мүмкүн, бул стрессти күчөтүп, нервдик чыңалууга алып келет.
Физикалык белгилери -бул жамбаш булчуңдарынын тырышканы. Бул аял коркуу же тынчсыздануу сезимин баштан кечиргенде булчуңдар автоматтык түрдө жыйрылат, бул кынга киргизүү аракеттерине тоскоолдук жаратат.
Лимбикалык система - бул мээнин биздин эмоцияларыбызды жана жүрүм-турумубузду башкарган бөлүгү, бул коркууга же стресске жооп берет. Мээнин бул бөлүгү жамбаш булчуңдарынын эрксизден жыйрылышына алып келип, аялды кынга башка заттардын киришинен “коргойт”. Бул контролдоо кыйын болгон дененин коргоочу реакциясы.
Натыйжада, вагинизм аялдын эмоционалдык абалына да, физикалык ден-соолугуна да таасирин тийгизип, абалды өзгөчө кыйындатат.
Адатта, жамбаштын булчуңдары кындын тешигин бойлой курчап турат. Алар кынга заттардын кирүүсүн жана кан агымын көзөмөлдөп, вагиналдык системанын жалпы ден-соолугун камсыздап турат. Дени сак жамбаш булчуңдары ийкемдүү, чоюлчаак келет. Бул кындын ичине заттардын оорутпай киришин камсыз кылат.
Бирок вагинизмде жамбаштын булчуңдары эрксизден жыйрыла берет. Бул кынга айрым нерселерди киргизүү учурунда же киргизет деп күткөн учурларда пайда болот. Натыйжада, кындын тешиги тарып кетет. Дал ушундан улам, кирүү өтө оор же дээрлик мүмкүн эмес болуп калат.
Жакшы кабар - вагинизмди көзөмөлдөөгө болот. Бул жерде биринчи кадам - гинекологго барып, оорутуу сезимдердин артында кандай себептер турганын түшүнүү керек - бул чындап эле вагинизмби же башка физиологиялык себептерден улам келип чыккан оорубу? Кийинки бөлүмдөрдө биз вагинизм эмне үчүн пайда болот, кантип диагноз коюлат жана ага каршы эмне кылуу керектиги жөнүндө кененирээк сүйлөшөбүз.
Дарыгерлер аялдар жыныстык катнаш учурунда же башка заттарды киргизүү аракетин көргөндө пайда болгон ооруксунууну "вагинизм" деп аташкан. Бирок, 2010-жылы, психикалык бузулууларды аныктоого жардам берген медициналык маалымдама китеби болгон DSM бул терминди "генитопеливалдын оорушу/кирүү оорулары" деген кеңири аныктамага өзгөрткөн. Бул жаңы түшүнүк жыныстык жана жамбаш аймагындагы оору менен байланышкан ар кандай көйгөйлөрдү камтыйт.
Жыныс органдарынын оорушу ар кандай себептерден улам пайда болушу мүмкүн, мисалы, жамбаштын булчуңдарынын чыңалуусу же дененин рефлектордук коргонуу реакциялары. Бул реакциялар кээ бир аялдар үчүн жыныстык катнашта же кирүүнүн башка формаларында ооруксунууну жаратып, атүгүл бул аракеттерди ишке ашырууну такыр мүмкүн эмес кылат.
Терминди өзгөртүү окумуштууларга жана дарыгерлерге бул шарттарды жакшыраак түшүнүүгө жана изилдөөгө жардам берет. Азыр аялдарга бул көйгөйлөр менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн натыйжалуу дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн көбүрөөк изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Вагинизм ар кандай себептерден улам пайда болушу мүмкүн. Жыныстык жашоо тууралуу сөз болгондо, ойлорду жана сезимдерди денеден бөлүп кароо мүмкүн эмес. Ал эми вагинизм дагы ушундай.
Эске салсак, вагинизм – бул кындын ичине заттардын кирүүсүнөн корккон организмдин автоматтык түрдөгү жыйрылган реакциясы. Качан киргизүүгө аракет кылынса, кындын булчуңдары өзүнөн өзү чыңалып, аял жыйрылууну башкара албай калат. Бул учурда кындын булчуңдарынын жыйрылышына физиологиялык себептери деле болбойт.
Жалпысынан алганда, дарыгерлер жана изилдөөчүлөр вагинизмдин өрчүшүнө таасир этүүчү эң кеңири таралган факторлордун арасында төмөнкүлөрдү белгилешет: тынчсыздануу оорулары; төрөт учурунда алган жаракаттар (мисалы, кындын айрылышы); операциялар; психологиялык жаракаттардан улам секстен коркуу же аны менен байланышкан терс сезимдер.
Ошентип, 2021-жылы вагинизм жана диспареуния темасы боюнча илимий эмгектерди системалуу түрдө карап чыгууда окумуштуулар вагинизм менен сексуалдык жана эмоционалдык зомбулуктун ортосунда байланыш бар экенин аныкташкан. Башка сөз менен айтканда, кынга кирүү алдында же учурунда жаралган оору баштан кечирген психологиялык жаракаттар менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары, кындын айланасындагы булчуңдардын эрксиз чыңалуусуна же жыйрылышына көбүнчө өнөктөш менен болгон мамиленин сапатына канааттанбоочулук, коомдогу секске тыюу салуулар, пландаштырылбаган кош бойлуулуктан коркуу, ийгиликсиз биринчи сексуалдык тажрыйба жана башка психологиялык факторлор роль ойнойт.
Эгерде аял тампондорду колдонуу оорчулук жаратарын байкаса, жыныстык катнаш учурунда жыныс мүчөнү кынга киргизүү мүмкүн болбой жатса же өтө оорукусунууну пайда кылса, же бул көйгөйлөр боюнча доктурга кайрылуудан корксо, анда алгач гинекологго кайрылуу зарыл. Балким оору башка нерсе менен байланышкан: мисалы, кош бойлуулук, жугуштуу оорулар, эндометриоз.
Дарыгердин кабыл алуусунда кооптонууларды жана коркунучтарды адис менен алдын ала талкуулап алышыңыз керек. Эреже катары, гинеколог мындай көйгөйү бар бейтапты кантип дарылоону билет: мисалы, дарыгер эң кичинекей гинекологиялык аспапты тандап алат же аларды баштоодон мурун ар кандай манипуляциялар жөнүндө кеңири сүйлөшө алат. Тилекке каршы, кээде доктур өзүн орой алып жүргөн жагдайлар да болот - мындайда ар бир пациент сапаттуу медициналык кароого татыктуу экенин эстен чыгарбоосу керек. Эгерде дарыгерге кабыл алуу учурунда бир нерсе капа кылса же өтө оорутуу сезимдерди пайда кылса, абалыңызды начарлатпоо үчүн башка адиске кайрылууңуз керек.
Жыныстык жашооңун сапаты көптөгөн факторлордон көз каранды, анын ичинде ден-соолук, стресс деңгээли, мамиледен канааттануу жана өзүн-өзү сыйлоо. Эгерде аял жетиштүү деңгээлде дүүлүгө албаса, анын денеси нымдашууну аз чыгарып, булчуңдары жакшы эс ала албайт. Бул ырахат алуу ыктымалдыгын азайтат жана жагымсыз сезимдердин коркунучун жогорулатат.
Дүүлүгүү процесси мээден башталат: эс алып, жыныстык катнашты чындап каалоо маанилүү. Көптөгөн адамдар үчүн бул жөнөкөй сезилиши мүмкүн, бирок бул оңой эмес.
Ар кандай ойлор капташы мүмкүн: “Мен анчалык жагымдуу эмесмин”, “Экөөбүздүн ортодогу мамиледе мага эмне жагып, эмне жакпай турганы жөнүндө эч уккусу келбейт, бирок мени менен бир төшөктө жатканы ага ыңгайлуу”, “Романтикага убакыт короткондун ордуна сессия тапшырууга даярдануу керек”. Мунун баары алаксытып, сексуалдык бөгөт коюу механизмин иштетиши мүмкүн. Бул дүүлүгүүгө тоскоол болгон организмдин реакцияларынын жыйындысы. Аял жагымсыз сезимдерди күткөндө ага денесин бош кармап, эс алуу өзгөчө кыйын болот. Мисалы, өткөн жолу ооруксунууга дуушар болсо, ал: "Бул жолу да ошондой болсочу?" - деп кооптоно берет. Бул ойлор жана күтүүлөр эс алууга жана секстен ырахат алууга чоң тоскоол болушу мүмкүн.
Вагинизм "көйгөйлөрдүн айлампасын" жаратат. Аял вагинизмге кабылганда, ал кынга тампон же жыныстык мүчө сыяктуу нерселердин кирүүсүнө чейин же киргизип жаткан учурда пайда болуучу оорутуудан корко баштайт. Оорууну күтүү - кындын булчуңдарынын чыңалуусуна алып келет, мындай жагдайда пронитациянын ар кандай аракеттери ого бетер оорутуу менен коштолот. Коркуу тынчсызданууга алып келет, бул өз кезегинде вагинизмди ого бетер күчөтөт. Ошентип, оору коркунучу жана булчуңдардын чыңалуусу көйгөйдү ого бетер олуттуу кылат.
Секс эки өнөктөшкө тең жагымдуу иш болушу керек. Эгерде оорутуулардан улам жыныстык катнаш кыйноого айланса, бул мамиледе тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.
Маселени ого бетер курчуткан нерсе – аялдар кээде өз абалынан уялышат. Алтургай көптөгөн аялдар үчүн жыныстык катнаш учурунда пайда болгон оорутуулар тууралуу айтуу кыйынга турат. Аларга бул көйгөйдү айтуу үчүн дайыма убакыт туура келбей калат, же өнөктөшүн капа кылып аламбы деп коркушат, же аялдын өзүндө бир мандем бар деп ойлошот. Аял өзүн дагы чыдаш керек деп эсептеши мүмкүн, же болгон эркин колдонуп, өзүнүн денесин бош кармаганга үйрөтө алам деп ишениши ыктымал.
Ошол эле учурда, аял бул жөнүндө айтуудан корко берсе, көйгөйдү курчутуп, өнөктөштөрдү алыстатып жибериши мүмкүн: эркек көйгөй эмне экенин түшүнбөй, өнөктөшүн канааттандыра албайм деп тынчсыздана башташы ыктымал.
Коркуу, уялуу жана тынчсыздануу аялдарды жана алардын өнөктөштөрүн жардам издөөдөн баш тарттырып коюу коркунучу бар, ал эми мындай кадам адамдардын өзүн-өзү баалоосуна олуттуу таасир этет, ал тургай тынчсыздануунун күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Вагинизмдин белгилери бар аялдар өздөрү уялган “жашыруун сырды” оордугуна карабай, көтөрүп жүрө беришет. Кээ бирлери мамиле түзбөө үчүн жаңы адамдар менен таанышуудан, баарлашуудан качышат, алар мындай абалын башкалар кабыл албай же түшүнбөй коюшат деп коркушат.
Бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан, вагинизмди жеңүүгө болот. Эгер өнөктөшүңүз болсо, бул дарт менен чогуу күрөшүү маанилүү. Терапиядан өткөн аялдар, адатта, кайра вагинизмге кабылышпайт. Бирок ийгиликтүү дарылоо убакытты жана күч-аракетти талап кылат.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, вагинизмди дарылоого комплекстүү мамиле кылуу маанилүү. Биринчиден, абалыңыздын өзгөчөлүктөрүн түшүнө билүү маанилүү: репродуктивдүү система кандай иштейт, физиологиялык көз караштан секс учурунда организмде эмне болот жана, албетте, вагинизм эмне экенин түшүнүү.
Экинчиден, дарыгерге кайрылып, оорунун себептерин табууга аракет кылуу маанилүү. Мисалы, бул дартка вагиналдык кандидоз (молочница) себеп болушу мүмкүн - бул учурда аталган дартты дарылоо талапка ылайык. Же вагиналдык кандидоздон улам жыныстык катнаш ооруксунууну пайда кылып, анын жыйынтыгында аялда коркуу сезими калган болсо, ооруну дарылагандан кийин да коркуулардан улам вагинизм пайда болушу мүмкүн.
Үчүнчүдөн, сиздин психологиялык коркууларыңызды түшүнүү жана аларды башкарууну үйрөнүү маанилүү. Мисалы, когнитивдик жүрүм-турум терапиясы ойлор эмоцияларга жана жүрүм-турумга кандай таасир этээрин жана кынга заттарды киргизүү учурунда эмне болорун түшүнүүгө жардам берет. Психологдор интимдик маалда өзүңүздүн абалыңызга көз салууга жана өзүн бош кармоого үйрөтүүчү көнүгүүлөрдү колдонууга чакырышат. Же кындын булчуңдарын боштондуруу үчүн эс алуу ыкмаларын, мисалы, эс алуу көнүгүүлөрүн, дем алуу ыкмаларын байкап көрсөңүз болот.
Кындын айланасындагы булчуңдарды чоюлчаак кылуу үчүн кын ийкемдүүлүгүн камсыз кылган көнүгүүлөрдү колдонсоңуз болот. Кынды кеңейте турган конус формасындагы ар кандай өлчөмдөгү аппараттар бар. Алар акырындап кынга заттарды киргизүүгө көндүрөт жана коркууларды азайтууга жардам берет. Процессти ыңгайлуу кылуу үчүн, сиз өнөктөшүңүз менен ушул каражаттарды колдонсоңуз болот, өнөктөшүңүзгө аларды колдонууга жардам берүүсүн сурансаңыз болот. Эң башкы нерсе - бул абдан кылдаттык жана этияттык менен жасалышы керек. Адатта, адамдар биринчи жолу бул аспаптарды колдонууну адистин жетекчилиги астында үйрөнүшөт.
Бул вагинизм менен күрөшүү үчүн адистер сунуш кыла ала турган ыкмалардын айрымдары гана. Тигил же бул терапияны тандоо конкреттүү учурдан көз каранды болот.
Аял кандай дарылоо ыкмасын тандабасын, вагинизмде анын өнөктөшүнөн колдоо алуу (эгерде ал бар болсо) абдан маанилүү. Бул ийгиликтүү терапия үчүн маанилүү факторлордун бири болуп саналат.
Эгерде өнөктөш аял вагинизм менен жабыркаса, ага кандай колдоо көрсөтүү керек?
Эгерде аял вагинизмге кабылса, бул анын интимдик байланышты такыр каалабайт дегенди билдирбейт. Ошол эле учурда, вагинизм менен өз алдынча күрөшүү абдан кыйын, анткени бул стресстик абалды жаратат. Бул көйгөй менен күрөшүүдө өзүңүздү коопсуз жана ишенимдүү сезүү үчүн өнөктөшүңүздүн колдоосу жана түшүнүүсү абдан маанилүү.
Биринчиден, эркек вагинизм деген эмне экенин көбүрөөк билиши керек жана жалпысынан, жыныстык катнаш учурунда эркек жана аялдын денелери кандай иштээрин изилдөө да абдан жакшы. Качан гана кандай көйгөйгө туш болгонубузду түшүнгөндө, ага туруштук берүү оңой болот. Мындан тышкары, эки өнөктөштү тең нааразы кылган жагымсыз абал менен бирге күрөшүү бир топ жеңил. Эгерде жубайлар интимдик секс жөнүндө азыраак ойлонсо жана жакындыктын башка түрлөрүнө көбүрөөк көңүл бурушса, бул мамиледеги чыңалууну азайтат.
Эгерде вагинизм дайыма эле жыныстык катнашка тоскоол болбосо жана анын белгилери анда-санда пайда болсо, анда сиздин интимдик мамилеңиз тууралуу ойлонуп көрүү маанилүү. Эреже катары ооруну болтурбоо үчүн аялдын денеси бош абалда болушу шарт. Бул үчүн секске чейин аялды ага даярдоо өзгөчө маанилүү. Жыныстык катнаш учурунда, андан кийин жана ага чейинки сезимдериңизди бири-бириңиз менен бөлүшүү пайдалуу. Мындай сүйлөшүүлөр дем берип, коопсуздук сезимин жаратат. Интимдик маалда чыңалууну пайда кылган жана эс алууга тоскоол болгон нерсе болсо, бул маселе тууралуу сүйлөшүү керек.
Акырында, жөн гана үзгүлтүксүз жыныстык катнаштан башка интимдиктин ар кандай формаларын көз жаздымда калтырбаңыз. Денени назик укалоо, өбүшүү жана башка сексуалдык аракеттер бизди бири-бирибиздин денебизди изилдөөгө шыктандырат. Вагинизм менен күрөшүү чыдамкайлыкты, убакытты жана күч-аракетти талап кылаарын эстен чыгарбоо керек, бирок аны акыры жеңүүгө болот.
Булак: Двор медиа