Көпчүлүк адамдар жыныс мүчөнүн орточо узундугу 15 сантиметрден бир аз көбүрөөк деп эсептешет - бул 2020-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы. Ал эми эркектердин болжол менен 68% пайызы жыныстык мүчөсүнүн көлөмүн чоңойтууну каалай турганын билдиришкен. Бул жаңылыш ойлор жыныстык мүчөнүн орточо узундугу жөнүндө туура эмес түшүнүктөрдөн улам калыптанып калган.
"Орточо өлчөм" деген өлчөмдүн узундугу кандай болду экен? 2014-жылы 1661 эркек катышкан изилдөөдө дүүлүккөн эркектин жыныстык мүчөсүнүн узундугу 14-15 сантиметрге жеткени аныкталган. Бирок бул изилдөөдө эркектер органдарын өздөрү өлчөшкөн. Ал эми Италияда 4685 эркектин катышуусунда жүргүзүлгөн изилдөө кадимки абалдагы жыныс мүчөсүнүн орточо өлчөмү 9,47 сантиметр экенин көрсөткөн. Ырас, бул изилдөөдө эркектер так нускамалар боюнча болсо да, өздөрү өлчөмдү аныкташкан. Бул пенистин өлчөмү жөнүндө айтуунун кыйынчылыгы - окумуштууларга көбүнчө эркектердин өздөрүнөн алынган маалыматтарга гана таянууга туура келет. Ал эми адамдар өлчөмдү ашыра же, тескерисинче, кемите айтып коюшу мүмкүн.
Эгерде эркектер өз мүчөлөрүн өздөрү өлчөсө, анда изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына шек жаралышы мүмкүн. Бирок мындай изилдөөлөрдүн саны канчалык көп болсо, анда жалпысынан чогултулган маалыматтар эркектик жыныстык мүчөлөрүнүн орточо өлчөмү жөнүндө тагыраак түшүнүк бере алат.
Ошентип, 2020-жылы жүргүзүлгөн ири изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып, дүүлүккөн абалдагы жыныс мүчөсүнүн орточо узундугу 12,95–13,97 сантиметрди түзөрү белгиленген. Адамдар өз натыйжаларын туура эмес билдирип коюшу мүмкүн экенин эске алганда, орточо өлчөм диапазону төмөнкү чекке жакыныраак болушу мүмкүн, башкача айтканда, 12,95 сантиметр.
Анда кайсы өлчөм кичине деп эсептелет? Медицинада "микропенис" деген термин бар, бул өлчөмү кичинекей, бирок кадимкидей эле түзүлүштөгү пенис дегенди билдирет. Медициналык адистер микропенистин өлчөмүн тынч абалында чоюлган пенистин узундугуна карап аныкташат. Бул үчүн жыныстык мүчөнү кылдаттык менен бир аз чоюп, денеге жабыштыра кармап, учунан түбүнө чейин өлчөө керек. Эгерде пенистин өлчөмү орточо көрсөткүчтөн 2,5 эсе азыраак болсо, дарыгерлер микропенис деген диагноз коюшу мүмкүн. Бул эмнени билдирет?
Ар бир изилдөөнүн өзүнүн норма катары эсептеген көрсөткүчү бар. Мисалы, Кливленд клиникасынын изилдөөсүндө жыныстык мүчөсүнүн орточо өлчөмү 13,3 см экени айтылат, эгерде жыныс мүчөсүнүн узундугу 9,32 смден аз болсо, бул микропенис көйгөйү бар экенин көрсөтүп турат дешет. Демек, эгерде эркектин жыныстык мүчөсү 9,32 сантиметрден кыска болсо, анда дарыгерге кайрылып, кеңеш алуу керек.
Ал эми кандай өлчөмдөгү жыныс мүчөсү нормадан чоң деп эсептелинет? Эгерде орточо узундук 13 сантиметр (+/-1,8 см) деп эсептелинсе, анда тынч абалда турган жыныс мүчөнүн узундугу 16-17 сантиметрди түзсө,бул нормадан ашык деп саналышы мүмкүн.
Бул макалалар сериясында биз пенисти кантип туура өлчөө керектигин жана жыныс мүчөсүнүн өлчөмү жөнүндө тынчсыздануу ден-соолукка кандай терс таасирин тийгизерин кененирээк карап чыгабыз. Жыныс мүчөнүн узундугу бойго бүтүрүүгө таасирин тийгизеби, эркектин жыныстык органдарынын өлчөмүнө эмне таасир этет, ошондой эле, пенис өтө чоң же өтө кичине өлчөмдө болсо, эмне кылуу керек деген суроолорго жооп беребиз.
Жыныс мүчөнүн узундугун жөн гана кызык болгону үчүн билүү мүмкүн, же керектүү жагдай - мисалы, ылайыктуу презерватив тандоо максатында да өлчөп көрсө болот. Бирок кандай гана максат көздөлбөсүн, бул ишти кылдаттык менен билип туруп, жасаган жакшы. Муну кантип туура кылуу керек?
Биринчиден, өлчөө үчүн сызгыч же рулетка керек. Экинчиден, өлчөөнү пенистин түбүнөн баштоо керек. Үчүнчүдөн, сызгыч же рулетка менен жыныстык мүчөсүнүн түпкүрүнөн башына чейин бүт узундугун өлчөө шарт. Ашыкча терини өлчөөнүн кереги жок - анын кошумча сантиметрлери жыныс мүчөсүнүн көлөмүн эсептөөдө эсепке кирбейт.
Мындан тышкары, жыныстык мүчөсүнүн узундугун гана эмес, жоондугун да эске алуу зарыл. Бул туура презервативди тандоо үчүн өзгөчө маанилүү. Жоондукту өлчөө үчүн ийкемдүү рулетканы жыныстык мүчөнүн түп жагын же ортосун айланта ороп чыгуу керек. Эгерде жыныс мүчөсүнө тынч абалында өлчөө жүргүзүлүп жатса, анда аны катуу чоюп же тарткылоодон этият болуу керек, антпесе бул жаракатка алып келиши мүмкүн.
Изилдөөчүлөр көп учурларда тынч абалда турган жыныс мүчөлөргө карата өлчөө жүргүзүшөт, болбосо аларга этика боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө туура келип калышы мүмкүн. Көбүнчө эркектер өз органдарын өздөрү өлчөп, андан кийин изилдөөчүлөргө натыйжаларын билдиришет, же лабораториялык шартта мүчөнү тынч абалында өлчөшөт. Ошондуктан эксперименттин тазалыгы үчүн үй шартында жыныс органын ар кандай абалда өлчөөгө аракет кылса болот.
Эске салсак, дүүлүккөн абалда пенистин орточо узундугу 12,95тен 13,97 сантиметрге чейин, ал эми нормалдуу абалда - болжол менен 9,16 сантиметрди түзөт. Ошондой эле, бир эле эркектин кадимки абалдагы жыныс мүчөсү сырткы чөйрөнүн шарттарына жараша айырмаланышы мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек. Мисалы, суук аба-ырйында же абдан ысык болгондо (мончодо) организм пенисти коргоого умтулат дагы, анын өлчөмү бир кыйла кичирейиши ыктымал. Адатта, дүүлүккөн абалдагы пенистин орточо жоондугу 11,66 сантиметрди түзөт.
Пенистин эң жогорку өсүшү жыныстык жетилүү учурунда болот. Адатта, эркек балдарда жыныстык жетилүү 9 жаштан 14 жашка чейин башталат жана болжол менен 5 жылга созулат. Ар бир адамдын жыныстык жетилүү мезгилинде өзүнүн өсүү темпи болот. Бирок орточо алганда, жыныстык мүчөнүн өсүү темпи 11 жаштан 15 жашка чейин жылына 1,5 сантиметрден аз болбойт, андан кийин жыныс мүчөнүн өсүүсү улана берет, бирок жайыраак темп менен. Жигит 18 же 19 жашка чыкканда анын жыныс мүчөсүнүн узундугу же жоондугу анча чоңойбойт. Адатта, 21 жашта эркектин жыныс мүчөсү акыркы өлчөмүнө жетет. 2014-жылдагы изилдөөнүн маалыматтарына таянсак, болжол менен 95% эркектердин жыныс органдары орточо диапазондо кармалат жана 100 эркектин 5инде гана 16 сантиметрден чоңураак жыныс мүчөсү болот.
Ар кандай изилдөөлөргө ылайык, дүйнө жүзү боюнча эркектер жыныстык мүчөсүнүн көлөмүнө кабатырланышат - көптөр узунурак жана чоңураак органга ээ болууну каалашат.
Мындай кабатыр ойлор адамдын ден-соолугуна, анын ичинде сексуалдык жашоого да таасирин тийгизе турарын эске алуу зарыл. Мисалы, 2017-жылы бразилиялык изилдөөчүлөр 628 дени сак эркекти тандап алышып, алардын жыныстык мүчөсүнүн узундугун өлчөп беришип, пенисинин нормалдуу узундугуна баа берүү үчүн эл аралык эректильдик дисфункция индексинен (IIEF-5) өтүүнү суранышкан. Окумуштуулар жыныстык мүчөсүн кичинекей деп эсептеген эркектердин (ал чындыгында нормалдуу өлчөмдө болсо да) эрекцияга байланыштуу көйгөйлөргө көбүрөөк дуушар болоорун аныкташкан. Ошентип, илимпоздор өзүн-өзү төмөн баалоону тамеки чегүү, жаш курак, физикалык активдүүлүк, кошумча оорулар, тестостерон жана кандагы канттын деңгээли менен кошо дисфункциянын маанилүү фактору катары каралышы керек деп эсептешет.
Алгач микропенис - бул жашоодо сейрек кездешүүчү көрүнүш экенинен баштасак, чыныгы кичинекей өлчөмдөгү жыныс мүчө дүйнөдөгү бардык эркектердин 0,6% пайызында гана кездешет. Микропенистин эң көрүнүктүү белгиси - бул ымыркай кезинде мүчөнү акырын чойгондо 1,91 сантиметрге жетет. Ал эми чоңдордо микропенис дарыгер кылдаттык менен чоюп караганда, 9 сантиметр же андан азыраак узундукта болот.
Дарыгерлер, адатта, микропенистин белгилерин дароо байкап, жаңы төрөлгөн ымыркайларга же эрте бала кезинде диагноз коюшат. Эркек 21 жашка жеткенге чейин жыныс мүчөсү чоңойгону менен, адамда жыныс мүчөсүнүн өнүгүүсү жатын ичиндеги өнүгүүнүн 3-айынын аягында аяктайт. Ошондуктан, дарыгерлер кандай куракка мүчөнүн кандай өлчөмү ылайыктуу келерин аныктай алышат.
Кызыгы, кээде адамдын орточо узундуктагы жашырынып калган мүчөсү микропенис катары кабыл алынып калган учурлар бар. Себеби, тери астындагы майдын же жыныс мүчөсүнүн бузулушунан жана ооруларынан улам, пенистин жоондугун так баалоо жана өлчөө кыйын болушу мүмкүн. Башкача айтканда, кээде микропенис болуп көрүнгөн жыныс мүчөсү такыр микропенис эмес, жашыруун жана байкалбаган орточо чоңдуктагы пенис болот.
Ал эми медициналык көрсөтмөгө туура келген мүчөлөр гана микропенис деп таанылат. Эмне себептен микропенис пайда болот? Мунун бир нече себептери бар.
Микропенис көбүнчө түйүлдүктө тестостерондун - жыныстык органдардын өнүгүшүнө да жооп берген эркектердин негизги гормонунун жетишсиздигинен улам келип чыгат. Тестостерон жетишсиздиги Прадер-Вилли синдрому, Каллман синдрому же көбүнчө гипогонадизм сыяктуу ар кандай шарттардын натыйжасында пайда болушу мүмкүн.
Гипогонадизм – организмде тестостерон жетишсиз болгон жагдай. Бул эки себеп менен болушу мүмкүн. Биринчиси - мээнин денедеги ар кандай гормондордун өндүрүшүн көзөмөлгө алган бөлүгү - гипоталамус менен байланышкан. Эгер гипоталамус мээдеги гипофиз безине туура сигналдарды жөнөтпөсө, анда ал гормон тестостеронду иштеп чыга албай калат. Экинчи себеби -кандайдыр-бир себептерден улам тестостеронду нормалдуу түрдө чыгара албаган урук бездериндеги көйгөйлөр.
Кээде микропенис эч кандай оору менен коштолбойт жана анын пайда болушунун себеби белгисиз бойдон калат.
Микропенистин эң кеңири таралган дарылоо ыкмалары -тестостерон терапиясы жана хирургия болуп саналат. Биринчиден, дарыгерлер гормоналдык терапияны колдонушат, бирок бул жардам бербесе, хирургиялык ыкмаларды да сунушташы мүмкүн. Бардык курактагы эркектер дарыгерге кайрыла алышат, бирок ымыркай кезинде диагноз коюлуп, дарыланса, дарылоонун ийгиликтүү болуу мүмкүнчүлүгү жогору. Изилдөө көрсөткөндөй, көптөгөн ымыркайларды тестостерон менен дарылоодо жыныс мүчөсүнүн жакшы өсүүсү байкалат, бирок бул өсүү жыныстык жетилүү жана бойго жеткенге чейин уланабы-уланбайбы белгисиз. Албетте, тестостерон менен өз алдынча дарылоого аракет кылбаш керек, бул коркунучтуу.
Ошентип, биз микропенистин пайда болуусебептери жана аны дарылоо жөнүндө кеп кылдык. Бирок бул ыкмалар ылайыктуу эмес же жардам бербеген эркектер жөнүндө эмне айтууга болот? Микропенис күнүмдүк жашоого катуу тоскоол болобу, бойго бүтүрүүгө таасир этеби жана аны менен кантип күрөшүү керектиги тууралуу кийинки бөлүмдө кененирээк айтып беребиз.
Жыныс мүчөсүнүн орточо өлчөмүнөн кичирээк болушу - эркектин дарыланууну талап кылган оорусу бар дегенди билдирбейт. Эгерде жыныс мүчөнүн өлчөмү орточо өлчөм болуп саналган 12,95-13,97 сантиметрден 2-3 сантиметрге айырмаланса , анда бул нормалдуу көрүнүш. Микропенис, эсиңизге сала кетели, бул өтө сейрек учуроочу көрүнүш: эгерде чоң кишинин жыныстык мүчөсү бир аз керилген абалда 9 сантиметрден аз болсо, анда бул диагнозду бир гана дарыгер кое алат. Көп учурда жыныстын өлчөмү - мейли микропенис болгон күндө да - сексуалдык жашоонун маңыздуу деле бөлүгү эмес.
Алгач тукум улоо жөнүндө сүйлөшөлү – микропенис бойго бүтүрүү жөндөмгө таасир этеби?
Микропенис менен тукумсуздуктун ортосунда түз байланыш бар экенин көрсөткөн изилдөөлөр өтө аз. Андай изилдөөлөр тукумсуздукка микропенистин байланышы болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Бирок бул микропенис эркекти сөзсүз эле тукумсуз кылат дегенди билдирбейт.
Ооба, кичинекей өлчөмгө байланыштуу бойго бүтүү кыйын болушу мүмкүн. Кээ бир изилдөөлөр көрсөткөндөй, жыныстык мүчөсүнүн узундугу 5 сантиметрден аз болсо, кош бойлуулук көрсөткүчү төмөн болушу ыктымал. Бирок бул өлүм өкүмү эмес, анткени өнөктөштөр терең кирген жыныстык катнашта боло албаса дагы, көмөкчү репродуктивдүү технологиялар бойго бүтүрүүгө жардам бере алат: мисалы, жатын ичиндеги же экстракорпоралдык уруктандыруу.
Ал эми жыныстык ырахат жөнүндө эмне айтууга болот? Мисалы, микропенис эркектердин эрекцияга же оргазмга жетишине тоскоол болбойт. Бирок кээде микропениси бар адам тереңдетилген жыныстык катнашка бара албашы мүмкүн. Эркектин микропениси бар болсо да, канааттандырарлык жыныстык жашоо өткөрүүгө болот. Болгону - физикалык жактан мүмкүн болгон сексуалдык аракеттерге көңүл буруу гана маанилүү.
Ырас, микропениси бар адамдарда толук сексуалдык жашоо өткөрүүгө эч кандай тоскоолдуктар болбосо да, алар көп учурда абдан кыжаалат болушат. Эркектер көбүнчө эркектиктин жана пенистин өлчөмүнүн ортосундагы байланыш жөнүндө коомдук пикирдин айынан моралдык жактан көп жабыркашат.
Микропениси бар эркектер ыңгайсыз абалды көп баштан кечириши мүмкүн. Ошондуктан, кээде психологго кайрылуу туура болот. Бул тынчсызданууну азайтууга жардам берет.
Жалпысынан алганда, эгерде эркекти өзүнүн жыныстык мүчөсүнүн өлчөмү кызыктырса же жыныстык мүчөсү, урук бези жана жыныстык ден-соолук боюнча башка суроолору пайда болсо, анда урологго кайрылуусу зарыл.
Заманбап маданиятта бир стереотип бар: эркектин жыныстык мүчөсү канчалык чоң болсо, ага жана анын өнөктөшүнө ошончолук жакшы. Бирок, чындыгында, 16-17 сантиметрден чоңураак жыныс мүчөсү бар эркектер белгилүү бир кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн.
Кандайдыр-бир өзгөчөлүктөргө ээ болгон ар бир адамдай эле, жыныстык мүчөсү орточодон чоңураак эркек бул нерсеге сүйүнүп гана тим болбостон, өзүн айрым учурларда ыңгайсыз сезишет. Кээ бирөөлөр үчүн ыңгайсыздыктын себеби, мисалы - пляжда чолок шым кие албагандыгы болушу мүмкүн. Ар бир адам ар кандай, ошондуктан көптөгөн эркектер жыныстык мүчөсүнүн көлөмүн чоңойтууну каалашса, айрымдар үчүн таасирдүү өлчөмдөгү органдын ээси болуу ыңгайсыздыкты жаратышы мүмкүн.
Мисалы, мындай кыжаалат ойлор менен күрөшүүгө психолог жардам берет.
Кошумчалай кетсек, изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар орточо өлчөмдөгү же орто өлчөмдөн бир аз чоңураак жыныстык мүчөгө ээ өнөкөштөрдү тандашат. Мунун да себеби бар. Абдан чоң мүчөсү бар эркек менен жыныстык катнаш позитивдүү сезимдерге караганда көбүрөөк жагымсыз эмоцияларды алып келиши мүмкүн - мисалы, өнөктөштүн мүмкүн болгон ыңгайсыздык жөнүндө тынчсыздануусу. Чындыгында, чоң пенис кээде аялдын жатынынын капталдарын түртүп, ооруксунууну пайда кылат. Андай болбогон күндө дагы, стресстен улам аялдын булчуңдары жыйрылып , жыныстык катнаштан ырахат алууга тоскоол болушу мүмкүн.
Мындай көйгөй менен күрөшүүгө болот, бирок бул үчүн өнөктөштөр үчүн, биринчиден, аларды кыжаалат кылган жана тынчсыздандырган маселелер тууралуу сүйлөшүүсү маанилүү. Өнөктөштүн муктаждыктарын жана каалоолорун түшүнүү - жыныстык мамилени жакшыртышы мүмкүн. Экинчиден, чоң жыныстык мүчөсү бар өнөктөш менен жыныстык катнаштын маанилүү атрибуту - майлоочу май болуп саналат. Үчүнчүдөн, жыныстык катнашта ылайыктуу позаларды тандоо маанилүү - бул ооруксунууну болтурбоого жардам берет.
Адамдар көбүнчө жыныстык мүчөнүн өлчөмүн чоңойтуу үчүн хирургиялык эмес ыкмалар тууралуу кызыгышат. Ал эми пенистин узундугун жана жоондугун чоңойтууга жөндөмдүү болгон аспаптардын, көнүгүүлөрдүн, дары-дармектердин саны миңдеп саналат, бирок бул ыкмалардын бири да илимий негизге ээ эмес. Башкача айтканда, алардын жардамы менен жыныстык мүчөнү чоңойтуу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, эч бир ишенимдүү медициналык уюм эркектин зыяндуу стереотипке байланган каалоосунан улам пайда болгон операцияны колдоого албайт (бул жерде дарыгер тарабынан тастыкталган микропениске тиешеси жок операциялар тууралуу сөз болуп жатат).
Бирок жыныстык мүчөнү кичирейтүү жөнүндө эмне айтууга болот? Бул жерде улам жаш өткөн сайын жыныстык мүчөнүн өлчөмү да кичирейиши мүмкүн экенин билүү маанилүү. Буга жогорку кан басымы, простата безине операция же бир катар оорулар сыяктуу көптөгөн факторлор таасир этиши мүмкүн. Кээ бир учурларда, иш жүзүндө эч кандай кичирейүү болбой калышы мүмкүн, анткени эркек ашыкча салмакка ээ болгон учурларда жыныс мүчө кичирээк көрүнүп калышы ыктымал.
Кызыгы, пенисти кичирейтүү хирургиясы боюнча изилдөөлөр аз, анткени бул өтө сейрек кездешүүчү медициналык практика. 2015-жылы ар кандай маалымат каражаттарында "Дүйнөдөгү жыныс мүчөсүн кичирейтүү боюнча эң алгачкы операция" деген аталыштагы жаңылыктар көп чыккан - кеп бир катар оорулардан улам өтө чоңоюп кеткен органын кичирейтүүгө муктаж болгон америкалык өспүрүмдүн окуясы жөнүндө болгон. Операция ийгиликтүү өтүп, өспүрүмдүн эректильдик функцисын сактап калуу да мүмкүн болгон.
Булак: Двор медиа