Психологияда "өзүнө баа берүү же баалоо" - биз өзүбүзгө кандай баа беребиз, өзүбүзгө болгон сүйүү барбы, өзүбүзгө канчалык ишеним арта алабыз жана колдоо көрсөтөбүз - мына ушул маселелерди козгойт. Жөнөкөй жашоодо көптөгөн адамдар бул жөн гана өзүнө болгон ишеним деп ойлошот: сиз жөн гана өзүңүздүн мыкты экениңизди кайталашыңыз керек, ошондо бардык көйгөйлөр чечилет деп айтып келишет. Чынында, өзүн-өзү баалоо жөнөкөй эмес. Бул биз өзүбүздү кандай көрүп жатканыбыздан жана канчалык ал чындыкка дал келгенибизден, ошондой эле, биз ага канчалык канааттанганыбыздан көз каранды.
Америкалык психологдордун ассоциациясынын пикири боюнча, биздин өзүбүзгө берген баабыз, биринчиден, адамдын баалуулуктарынан жана ага канчалык ылайык жашай алгандыгынан турат. Кошумчалай кетсек, ал биздин жетишкендиктерибиз жана жөндөмдүүлүктөрүбүз жөнүндөгү ойлорубуздан жана башкалар бизди кандай кабыл алганы жөнүндөгү божомолдорубуздан турат. Бул сапаттарды жана мүнөздөмөлөрдү канчалык позитивдүү кабыл алсак, өзүбүзгө берген баа ошончолук жогору болот.
Психологдор өзүн-өзү баалоонун ар кандай түрлөрүн белгилешет: ал реалдуу, ашыкча бааланган же бааланбаган болушу мүмкүн. Адамдын өзүнө баа берүүсү анын ийгиликсиз иш-аракетине болгон мамилесинен улам келип чыгат. Эң негизгиси, адам ийгиликсиздик менен кантип күрөшөт? Эгерде адам максатына жетүү үчүн аракет кылып, кыйынчылыктарга карабай, багынбай, кайра-кайра аракет кыла берсе, бул анын өзүн-өзү сыйлоо сезими жогору экенинен кабар бериши мүмкүн.
Эгерде адам аракет кылып, ойлогон ою ишке ашпай калган учурда, белгилүү бир иш үчүн анын жөндөмү жетишсиз экенин түшүнсө жана ал үчүн мындан ары умтулбоо чечимин кабыл алып, бирок ошол эле учурда башка максатты тапса - анда бул реалдуу өзүн-өзү баалоо. Бирок адам кандайдыр-бир иш менен алектенип, андан эч кандай майнап чыкпай калган учурда, эч нерсе колумдан келбейт жана мындай ийгиликсиздиктин айынан эч нерсе кылуунун кереги жок деп ойлосо, анда бул өзүн төмөн баалоо белгиси болуп саналат.
Дагы бирөө өзүн абдан жөндөмдүү сезиши мүмкүн, бирок анын өзү жөнүндө мындай пикири чындыкка дал келбейт. Көбүнчө мындай учурларда алар өздөрүнө ашыкча жогору баа берип алышат. Мындай жагдайда андай адам үчүн жоопкерчиликтин бир бөлүгүн моюнга алуу кыйын болушу мүмкүн, мисалы, бардык нерсени башкаларга же жагдайларга шылташы ыктымал. Чындыкка коошпогон пикирди карманган жана дараметин туура эмес баалаган адамга өзүн-өзү өстүрүү татаал болот.
Өзүн-өзү сыйлоо адамдын жашоосунун көптөгөн аспектилери үчүн маанилүү, мисалы, чечим кабыл алуу, башкалар менен болгон мамиле, эмоционалдык жыргалчылык жана бакубат жашоо. Эгерде мен өзүмө ишенсем жана өзүмө ыраазы болсом, бул мага мотивация алууга жардам берет: өзүмө карата позитивдүү көз карашта болгондо, мен жаңы чакырыктарды кабыл алуу үчүн шыктандырган күч табам. Өзүнө-өзү туура баа берген адамдар өздөрүнүн күчтүү жактарын түшүнүшөт, башка адамдар менен жакшы мамиледе боло алышат, алардын муктаждыктарын аңдашат жана чынчылдык менен баалай алышат. Адам адекваттуу түрдө өзүн-өзү сыйлоо сезимине ээ болгондо, бул анын психикалык ден-соолугу үчүн маанилүү. Ал эми өзүн төмөн баалоо - өзүнө дайыма нааразычылыкты жаратат, андай адамда көпчүлүк учурда депрессиянын белгиси байкалып турат.
Өзүн төмөн баалаган адамдар өз жөндөмдөрүнө анча ишенишпейт жана көбүнчө чечим кабыл алуу процессинен күмөн санашат. Алар жаңы нерселерди сынап көрүүдөн айбыгышы мүмкүн, анткени алар өз максаттарына жете аларына ишенишпейт. Өзүн-өзү сыйлоо сезими төмөн болгондуктан, адамдар көп учурда мамиледе жана муктаждыктарын билдирүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушат, өзүн сүйүүгө татыксыз сезишет.
Өзүнө баа берүү - бул биз өзүбүздү кандай көрүп, баалаганыбыз. Бул жашообуздун башталганынан тарта, өмүр бою биз менен болгон жана болуп келе жаткан көптөгөн нерселерге көз каранды. Эң негизгиси, бала кезибизде өзүбүздү кандай сезгенибиз - өзүбүздү коопсуз сезгенибизби же жокпу- ушуга байланыштуу болот. Эгер сүйүү жана көңүл буруу сыяктуу негизги муктаждыктарыбыз канааттандырылбаса, бул жашообуздун көптөгөн аспектилерине, анын ичинде өзүбүздү кандай баалаганыбызга таасир этиши мүмкүн.
Адам чоңойгон сайын анын өзүнө болгон ишенимине 2 нерсе таасир бере баштайт: жеке тажрыйбасы жана айланасындагы адамдардын реакциясы. Кичинекей бала өзүн таанып бүтө элек, бирок ал буга чейин бир нерсе менен күрөшүү тажрыйбасына ээ. Мисалы, ордунан туруп, бир нече кадам таштайт, жыгылып, анан кайра туруп, акырындап басып кетерин түшүнүп баштайт. Ал эми ата-энеси ага: “Эмнеге мынча олдоксонсуң, дайыма жыгыла бересиң? Жыгылбай бас! Ушинтип да басабы?” деген сөздөрдү айта беришет дейли. Мындай учурда балада шектенүү жарала баштайт: мисалы, ал кыйынчылыкты тез же башкалар күткөндөй жеңе албайт. Кыскасы, мындай сын-пикирлер, баа берүүлөр менен анын өзүнө болгон ишеними төмөндөп кетиши мүмкүн.
Биздин жашообузда канчалык чоңдор көбүрөөк аралашкан сайын, биз өзүбүздүн кадыр-баркыбызга таасир эте турган сигналдарды алабыз. Мисал келтирели. Бала бакчада сейилдөө учурунда бир кыз кумда ойноп, колун сүртүү үчүн нымдуу майлыктарды алат. Тарбиячы аны урушат: "Эмне үчүн муну өзүң кыла алам деп ойлойсуң, мен үч эмес, бир салфетка колдонмокмун!" Мындай жагдайлар дайыма кайталана берсе, анда кыз бир сигнал алат: анын көйгөйлөрдү чечүү жолдору туура эмес, кыздын өзүндө бир мандем бар.
Кийинки маанилүү этап - өспүрүм курак. Адамдын өзүн-өзү аңдоосу жигердүү өнүгүп, ал эмне кылып жатканын жана анын башкаларга кандай таасир этээрин жакшыраак түшүнүп баштайт. Биз, биринчиден, өзүбүз жөнүндө ойлоно баштайбыз. Бизди ким экенибиз жана эмне кыла аларыбыз ойлондурат. Экинчиден, биз башкалар биз жөнүндө эмне деп ойлойт деп көбүрөөк тынчсыздана баштайбыз. Эми биз үчүн бедели бар чоңдор: ата-энелер, тарбиячылар жана мугалимдер гана маанилүү эмес, биз жөнүндө бир нерсе ойлоп, кандайдыр-бир мамиле кылган башка адамдар да мааниге ээ боло баштайт. Мени канчалык кабыл алышат? Мен канчалык жагымдуумун? Башкалардын көзүнө кандай көрүнөм? Теңтуштарым мага кандай мамиле кылышат? Бул суроолор абдан маанилүү болгондуктан, өспүрүмдө көптөгөн татаал сезимдерди пайда кылат.
Кээде башкалардын биз жөнүндө айткандарына ишене баштайбыз. Мисалы, бизге дайыма “олдоксон” деп айтышса, биз муну андай болбогон күндө да чындык катары кабыл алышыбыз мүмкүн. Мисалы, ата-энелер баласына ал көп жыгыла берерин, баскан-турганы олдоксон экенин айта беришет. Бакчада да олдоксон кыймылдап, баарын түртө берет деп урушушат. Ал эми адам өспүрүм кезинде да ушундай пикирлерди уга берсе, ага көңүл бура баштайт. Ал гана эмес дүкөндө жүрүп, кокус товарларга колу тийип кетсе да, бул кыймыл-аракеттерин ага карата айтылган сын-пикирлер менен байланыштыра берет. Анын баскан-турганы кадыресе болгон күндө дагы, ага карай айтылган пикирлерден улам өзүнүн олдоксон экенине ишене баштайт.
Мына ушинтип адамда жашоосундагы тажрыйбалардан улам өзүнө болгон баа калыптана баштайт. Бул жерде бир маанилүү суроо туулат: анын өзүнүн баалоолору ага кандай сезимдерди жаратат жана алар анын чечим кабыл алуусуна канчалык тоскоолдук кылат?
Мисалы, "мен олдоксонмун" деген ишеним көп эмоционалдык ооруну жаратышы мүмкүн жана бул пикир адамды абдан чектейт: анын каалоосу канчалык бийик болбосун, унаа айдаганды үйрөнүүгө батынбайт. Ал бийлерге барбайт жана топ тепүү сунуштарынын баарын четке кагат. Жада калса, унаа айдоо үчүн аракет кылып да көрбөйт - чыныгы жашоодогу сапаттарына шайкеш келбеген ишенимдер адамдын мүмкүнчүлүктөрүн абдан чектеп коёт.
Мындай учурларда өзүн төмөн баалоо адамдын өзүнүн жөндөмдүүлүгүн жана мүмкүнчүлүктөрүн адекваттуу кабыл алууга жол бербейт жана жашоосундагы маанилүү чечимдерди кабыл алуусуна тоскоол болот деп келебиз. Бул жагдайларда эмне кылуу керектиги кийинки бөлүктөрдө талкууланат.
Адам өзүнө кантип баа берери тууралуу жөнүндө сөз болгондо, бул анын өзү тууралуу билгенине жана жашоодо башынан өткөргөн тажрыйбаларга негизделерин түшүнүү керек. Ал эми тажрыйба жана билим убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү мүмкүн, демек, өзүн-өзү баалоо боюнча адамдын пикирлери өзгөрөт. Мисалы, эгер кимдир-бирөө мурда спортко жакын эмесмин деп ойлойт, бирок кийин волейбол ойноп, жакшыраак жыйынтык көрсөтө баштаса, анда анын жөндөмдүүлүктөрүнө болгон көз карашы өзгөрүшү мүмкүн
Балким, адам, мисалы, кыймыл-аракетти талап кылган иштер менен алек болгусу келбейт, анткени ал бул жаатта ийгиликке жете албасына алдын ала ишенип алган. Ал бийлегенге аракет да кылбайт, анткени ал олдоксон экенин өзү билет. Бирок анын буга ишенүүгө ишенимдүү себептери деле жок – ал эч качан бийлегенге аракет кылган эмес, же бийлесе да, өзүн олдоксон көрүнүп жатам деген ой менен кылган. Өзүн төмөн баалоо жана негативдүү ойлору ага тоскоолдук кылат: “Мен олдоксонмун, мен өзүмдү жакшы билем, андыктан бийлеп, аракет кылуунун кереги жок”.
Качан адам өзү жөнүндөгү пикири кандайдыр-бир жол менен ага тоскоол болуп жатканын аңдаганда, аны кандай ойлор өзүнөн күмөн санатып жатканын түшүнүү абзел. Мисалы, “Мен олдоксонмун, мен өзүмдү жакшы билем, андыктан бийлеп, аракет кылуунун кереги жок”, - деп ойлосо, бул ойлор анын кыймыл-аракетин чектеши мүмкүн.
Өзүн баалоо боюнча ойлорду өзгөртүү үчүн алгач белгилүү бир кырдаал жөнүндө ойлонуу туура. Өзүңүзгө суроолорду бериңиз, бирок "мен жаманмын" же "мен жакшымын" сыяктуу ак-кара категорияда ойлонбогонуңуз маанилүү. Мисалы, сиз өзүңүзгө: «Менин жашоомдо эмне туура эмес болуп жатат?» — деп сурасаңыз болот. Ушундай жол менен жооп айкыныраак болот, мисалы: "Мен машина айдаганды үйрөнүүгө батынбайм, анткени мен өзүмдү олдоксонмун деп ойлойм".
Эмне үчүн мен өзүм жөнүндө тигил же бул жол менен ойлоп жатканымды түшүнүүгө аракет кылуу керек - бул ой кайдан келип чыккан жана "олдоксон" деген сөз эмнени сүрөттөйт? Өзүңүзгө суроо бериңиз: мен өзүм жөнүндө эмне деп ойлойм? Мен өзүм жөнүндө кандай ойлорум бар - белгилүү бир кырдаалда биринчи эмне ойго келет?
Дагы кайталайлы: өзүн баалоо - бул адамдын кандай олдоксон экени тууралуу эмес: “Мен эми ушундй олдоксон болсом эмне кылайын, муну өзгөртүү мүмкүн эмес!”. Адамдын өзүн баалай билүүсү - бул өзү тууралуу пикирлери ага кандай чектөөлөрдү жаратып жатканын түшүнүүсү.
Сиз өзүңүзгө суроолорду берүүнү улантышыңыз керек: менде мүмкүнчүлүктөрүмдү жана жөндөмдөрүмдү баалоо тажрыйбасы болду беле? Мен бул жаңы ишти алып кете албайм деп ойлогонго негиз барбы же эмне үчүн эч кандай жыйынтык чыкпасына алдын-ала эле ишенип алдым? Эмнеге мен үчүн бул маселеде ийгиликке жетүү ушунчалык маанилүү, бирок бул ишке жакындагандан корком?
Белгилүү бир кырдаалда эмне туура эмес иштеп жатканын түшүнүү маанилүү. Адамды андагы коркунучтар, кыжаалат ойлор жана жөндөмүнүн жетишсиздиги чектеши мүмкүн. Анын белгилүү бир ишке байланыштуу үмүттөрү да болушу ыктымал, мисалы: "Менин атам мыкты айдоочу, менин деле унаа айдаганга шыгым бар болсо керек!"
Бул суроолорго жооп берүү менен биз "олдоксон" сыяктуу мүнөздөмөлөрдөн белгилүү бир маселени чечүүгө өтөбүз. Мен өзүмдү олдоксон деп эсептей турганымды түшүндүм дейли, анткени муну мага бала кезимден бери көп адамдар айтышкан. Бирок мен үчүн унаа айдаганды үйрөнүү маанилүү. Ооба, менин колумдан буюмдар түшө бергенин байкадым, бирок мен унаа айдап кетеримди али билбейм. Ошондуктан мен өзүмдү сынап, унаа айдаганды үйрөнүп көрүүнү чечтим.
Мен унаа айдап көрүп, бирок жакшы көрсөткүчкө жетишпей калдым дейли. Бул жерде тыныгуу алып, өзүңүзгө: “Ооба, али жакшы жыйынтык боло элек. Бирок мен өзүмдүн олдоксон экеним тууралуу ойлонбой эле турушум керек. Мен башка себебин изилдеп көрөм”. Ал эми себеп абдан конкреттүү болот: мен туура эмес машыктыруучуну тандап алдым, же менин көзүмдө, же мейкиндикте багыт алууда кыйынчылыктар бар. Бул көйгөйлөрдүн көбүн чечсе болот. Мисалы, мага жаңы машыктыруучу, туура көз айнек керек, же жөн эле башкалардай алты ай эмес, бир жыл окуу зарыл. Башкача айтканда, мен бул маселеде башкаларга караганда көбүрөөк чыдамкай болушум керек, бирок бул нормалдуу көрүнүш. Ар бирибиздин өзүбүздүн чектөөлөрүбүз бар, алар белгилүү бир иштерди биз каалагандай аткарууга мүмкүндүк бербейт.
Балким, мен бул аракеттеримди бекер короткон убакыт деп токтотушум мүмкүн. Же, балким, менде канчалык аракет кылбайын, унаа айдоого мүмкүн эмес болгон чыныгы физикалык чектөөлөр бардыр. Эң негизгиси, унаа айдабаганым - бул мени жаман же кем кылбасын түшүнүү. Ооба, бул жагымсыз жана кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн, мисалы, такси же коомдук транспортту көбүрөөк колдонууга туура келет.
Айдоочулукту математика, бий же башка жөндөмдөр менен алмаштырсаңыз болот. Бизде кандайдыр-бир чектөөлөр бар деген ой дайыма актуалдуу болуп кала берет.