айыздын кечигип келүүсүн түшүнүү үчүн биринчи кезекте айыз цикли деген эмне экенин түшүнүү керек. Ошентип, көпчүлүк кыздарда биринчи айыз 12 жаштан 15 жашка чейин келип баштайт. Бирок кээ бир кыздарда айыз эрте келсе, айрымдарында бир аз кечирээк келиши мүмкүн, бул нормалдуу көрүнүш. Менструалдык циклдин негизги максаты - аялдын организмин мүмкүн болгон кош бойлуулукка даярдоо.
Менструалдык цикл айыздын биринчи күнүнөн тарта саналып баштайт жана кийинки айыз башталганда аяктайт. Ошентип, айыз келген биринчи күнү - бул менструалдык циклдин башталышы. Цикл бир нече фазага бөлүнөт: фолликулярдык, пролиферативдик/овуляциялык, лютеиндик/секретордук. Циклди башкарган гормондор аркылуу бир фаза экинчи фазага алмашып турат.
Циклдин биринчи жарымында эстроген гормону үстөмдүк кылат, бул гормон эндометриянын (жатындын ички катмары) калыңдоосун камсыздайт. Эстроген гормонунун деңгээли энелик бездеги жумуртка сыртка чыгууга даярданып жатканда акырындык менен көтөрүлөт, ал эстроген эң жогорку чегине жеткенде жумурткалар бөлүнүп чыгат. Кош бойлуулук үчүн эң ыңгайлуу учур - овуляция процесси ушинтип жаралат, эреже катары, ал циклдин ортосунда болот.
Циклдин экинчи жарымында прогестерон гормону жатынга эмбрионду имплантациялоого даярданууга жардам берет. Бир күн гана жашаган жумуртка жатын түтүкчөлөрү аркылуу кыймылдап жүрөт. Кош бойлуулук ишке ашпаган болсо, жумуртка өлөт. Эстроген менен прогестерондун деңгээли төмөндөп, жатындын былжыр чели ылдыйлап, айыз суюктугуна айланып, денеден бөлүнүп чыгат. Жумуртка чыккандан кийинки айыздын башталышына чейинки убакыт болжол менен 10-16 күн. Эреже катары, айыз 2 күндөн 7 күнгө чейин созулат.
Үзгүлтүксүз айыз цикли деген эмне? Кадыресе циклдин узактыгы жөнүндө сөз кыла турган болсок, ал көп учурда 28 күн деп айтылат. Ырас, 28 күн - бул дарыгерлер колдонгон орточо сан. Ар бир аялга тиешелүү циклдин узактыгы ар башка. 21 күндөн 40 күнгө чейин созулган цикл нормалдуу деп эсептелет.
айыз ай сайын, күн сайын сааттын механизми сыяктуу так кайталана турган учурлар өтө сейрек болоорун эске алуу керек. Ал эми айыз цикли бир калыпка түшкөн кыздын айызы ар ай сайын 7-9 күн айырмалана турган болсо, бул норма деп эсептелинет. Башкача айтканда, эң узун цикл эң кыска циклден 7-9 күндөн ашык айырмаланбашы керек. Ошентип, кыздын бир цикли 30 күнгө, экинчиси 36 күнгө созулса, анда ал үзгүлтүксүз болот.
Кээде цикл ай сайын ар кандай убакытта кайталанып калышы мүмкүн. Мисалы, бир кыздын айызы бир айда 24 күндөн кийин, кийинкисинде 38 күндөн кийин башталышы мүмкүн. Мындай айырма бир нече ай бою байкала турган болсо - анда бул маселе көңүл бурууну талап кылат. Бул үзгүлтүккө учураган айыз цикли деп аталат. Кошумчалай кетсек, бөлүнүп чыккан кандын көлөмү ар ай сайын айырмаланып турса, же цикл жалпысынан 40 күндөн ашык болсо - мындай айыз цикли да үзгүлтүккө учураган деп эсептелинет. Менструация башталгандан кийинки алгачкы бир нече жыл ичинде айыз тартибинин бузулушу абдан көп кездешет, мындай жагдайда айыз процессинин үзгүлтүккө учурашы кадыресе жана күтүлгөн көрүнүш болуп саналат.
айыздын кечигүүсү - бул айыздын күтүлгөн убакытта келбей калышы. Адатта айызы адатта үзгүлтүксүз келип турган болсо, бирок үч күндөн ашык кармалып калса, анда бул кечигүү болуп эсептелет. Эгерде айызы ал күтүлгөн күндөн тартып 5-6 күндүн ичинде келбесе, бул кечигүү катары каралышы мүмкүн. Эгерде акыркы кан келүүдөн 6 жумадан кийин да айыз келбесе, мындай мөөнөт үзгүлтүккө кабылган цикл деп эсептелет.
Айыздын токтоп калышы, көбүнчө, кыздарды кош бойлуулук себебинен улам кооптондурат. Бирок айыз цикли келе турчу айда кармалып калышына мүмкүн болгон көптөгөн себептер бар, ал эми кош бойлуулук - мүмкүн болгон себептердин бири гана.
айыздын бир нече күнгө, ал тургай жумалап кечигүүсү - айызы жакында эле башталган кыздарда кеңири таралган көрүнүш. Адатта, 10-15 жашта биринчи айыз (менархе) келгенден кийин туура 28 күндөн соң кийинки айызды күтпөсө деле болот.
Биринчи айыз келгенден баштап болжол менен 1,5-2 жылдан кийин гана кыздарда айыз цикл калыптанат жана айыздын келишин алдын ала айтууга мүмкүн болот. Себеби, өспүрүмдөрдө овуляцияны жана айыз циклин жөнгө салуучу гипоталамус-гипофиз-гонадалдык огу дагы эле өнүгүп келе жаткан болот. Ошондуктан айыздын өз убагынан кечигиши же такыр келбей калышы толук мүмкүн.
Эгерде цикл дагы эле калыптана элек болсо, кийинки айыздын келишин кандай белгилер менен аныктоого болот? Цикл туруксуз болгондо, организмдин өзү айыздын жакындап келери жөнүндө маалымат берет. Көкүрөктө оордук жана оору пайда болот, күтүлбөгөн жерден безетки чыгат, уйкунун тынчтыгы бузулат, баш ооруйт, белдин ылдый жагы тартылышып ооруп баштай, ич көбөт, ошондой эле маанай өзгөрөт.
Көпчүлүк учурларда, айыз циклинин туруксуздугу өспүрүм куракта пайда болгон нормалдуу өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү болуп саналат. Бирок кээде айызтартибинин бузулушу - кээ бир дары-дармектерди кабыл алуу, ашыкча кара жумуш менен алектенүү, дене салмагынын өтө ашык же төмөн болушу, же жетиштүү калория жебегендиктен улам келип чыгышы мүмкүн.
Организмде баары туура экенине ынануу үчүн гинекологго барып, баарын дарыгер менен талкуулаган оң. Айтмакчы, айыз келгенине байланыштуу биринчи жолу аял доктурга кайрылуу маанилүү. Адис кеп-кеңештерин берип, организмдеги бардык нерсе кадыресе иштеп жатканын түшүнүүгө жардам берет.
Айыз кечиккен учурда дарыгерге кайрылуу өзгөчө маанилүү, эгерде:
Эгерде организмдеги химиялык заттардын көнүмүш балансы бузулса, бул айыздын кечигишине алып келиши мүмкүн. Анткени менструалдык цикл гормондор менен жөнгө салынат. Ал эми гормондордун иштешине эмне таасир этиши мүмкүн? Маанилүү факторлордун бири - стресс.
Балээнин баары баштан чыгат деген сөз бар эмеспи. Ал эми стресс да мээден башталары чындык. Мунун баары гипоталамус деп аталган мээдеги кичинекей аймактан башталат.
Гипоталамус көптөгөн функцияларды аткарат, ал эндокриндик системаны жөнгө салуучу борбор болуп саналат. Тамакка болгон табит, организмдин терморегуляциясы, либидо, уйку жана сергектик менен кошо айыз цикли дагы анын туура иштешинен көз каранды болот. Гипоталамус эндокриндик системанын спецификалык бездерине алар канча гормон бөлүп чыгарышы керек экенин кабарлап турат - бул билим тубаса. Гипоталамус мунун баарын негизинен гипофиз бези аркылуу башкарат.
Гипофиз - бул гипоталамус менен байланышкан эндокриндик без. Туура шарттарда гипоталамус гипофиз безин күчтөндүрүүчү химиялык заттарды бөлүп чыгарат. Андан кийин энелик бездердин айызды чакыруучу эстроген жана прогестерон гормондорун чыгарууга түрткү берет.
Гипоталамус дене көнүгүү, уйкунун жетишсиздиги, стресс сыяктуу тышкы факторлорго өтө сезгич келет. Адам стресске кабылганда анын организми кортизол гормонун чыгара баштайт. Эгерде ал өтө көп өлчөмдө иштелип чыга турган болсо, ал гипоталамус/гипофиз/жумуртка бездери менен байланыштын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Организм стрессти кантип чечкенине жараша кортизол айыздын кечигишине же ал тургай анын таптакыр токтошуна (аменория) алып келиши мүмкүн. Кыздын жашоосунда стресс канчалык көп болсо, анын кортизол деңгээли да жогору болуп, айыздын үзгүлтүккө учуроо же келбей калуу ыктымалдыгы ошончолук жогору болот.
Стресстен улам айыздын кечигип келүүсүн болтурбоо үчүн биринчи кадам - бул стресстин эмнеден улам пайда болгон себебин түшүнүү болуп саналат. Стресстен дайыма эле качып кутулуу мүмкүн эмес, бирок аны менен күрөшүүнүн жолдорун табууга аракет кылса болот. Жаман баа жөнүндө тынчсыздануудан баштап, адамдарды бир нече ай бою үйдө кармаган пандемияга чейин стресске түрткөн түрдүү себептер болушу мүмкүн.
Мисалы, кээде каалабаган кош бойлуулуктун болуп калуусу жөнүндө тынчсыздануу стресске алып келиши мүмкүн. Бул жагдайда кош бойлуулукту аныктоочу тест жасап, кыжаалат ойлордон арылса болот. Эгерде кош бойлуулук жокко чыгарылып, ал эми стресстен улам үч айдын ичинде айыз келбесе, анда дарыгерге кайрылуу керек.
Айтмакчы, Journal of Women’s Health журналында жарыяланган изилдөөлөрдун жыйынтыгы боюнча, сурамжылоого катышкан кыз-келиндердин жарымынан көбүндө (54%) 2020-жылдын март айында башталган COVID-19 пандемиясынан кийин менструалдык циклдери өзгөрүүлөргө дуушар болгону аныкталган. Бул өзгөрүүлөр айыз циклинин узактыгына, айыздын өзүнө, ошондой эле, айызга чейинки симптомдордун оордугуна тиешелүү болгон. Ошентип, стрессти эмнеге алып келерин түшүнүүгө аракет кылып жатканда, жеке көйгөйлөрдү гана эмес, жалпы социалдык-маданий контексттин таасирин да эске алуу керек.
Стрессти басаңдатуу боюнча жалпы медициналык сунуштар көбүнчө адамдын физикалык абалына байланыштуу – аны иретке келтиргенден кийин, көп нерсе жакшырат, анын ичинде айыз цикли да калыбына келет. Буга чейин ченеми менен дене машыгууларын жасоо, туура тамактануу принциптерин сактоо (мисалы, ДСУнун көрсөтмөлөрү боюнча), эс алуу жана уйкунун сапатын көзөмөлдөө маанилүү.
Туура тамактануу жана үзгүлтүксүз дене көнүгүүлөрү - жалпысынан алганда, ден-соолукка, өзгөчө, айыз циклине керемет өзгөрүүлөрдү жасай алат. Ырас, эгер аял буларды ченеминен ашык кыла турган болсо, анда ал убактылуу айызы менен коштошо берсе болот.
Кыздын айызы келип жүрүп, андан кийин токтоп калган абалы экинчилик аменория деп аталат. Эгерде кыз калорияны чектеп, ашыкча диетаны карманса, тамактануу бузулса (анорексия, булимия) же күтүлбөгөн жерден кыска убакыттын ичинде арыктап же көп салмак кошуп алса, же күчтүү физикалык машыгуу менен ченемден сырткары алектенсе - экинчилик аменорея пайда болот.
Эреже катары, катуу машыгуулардан улам келип чыгуучу айыз көйгөйлөрү менен, мисалы, балерина, гимнасттар, көркөм муз тебүүчү сыяктуу спортсмендер көбүрөөк жабыркашат. Муну менен организм анда мүмкүн болгон кош бойлуулукту колдоо үчүн жетиштүү ресурстары жоктугун билдирген сигнал берет.
Менструалдык цикл - бул энелик бездер менен мээнин ортосундагы татаал өз ара аракеттенүүнүн натыйжасы. Диета менен коштолгон оор көнүгүүлөр гипофиз гормондорунун жана калкан безинин гормондорунун өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн, бул өз кезегинде овуляцияга жана айызга таасирин тийгизет.
Кээ бир аялдар үчүн интенсивдүү дене машыгууларынан улам келип чыккан стресс айыз циклин көзөмөлдөгөн гормондордун балансын бузушу мүмкүн. Бирок бир гана физикалык машыгуулар айыздын токтоосуна түздөн-түз себеп боло албайт. Керектелүүчү энергия менен колдонулган энергиянын ортосундагы дал келбестик айыз көйгөйлөрүнө алып келет.
Дененин бардык системаларынын иштешин камсыз кылуу үчүн жетиштүү энергия жок болгондо, дене маанилүүлүгү боюнча экинчи орунда болгон көбөйүү, өсүү, ал тургай сөөктөрдү куруу сыяктуу иштерден энергияны башка нукка буруп баштайт. Натыйжада, гипоталамус овуляцияны көзөмөлдөгөн гормондордун бөлүнүп чыгышын жайлатат же токтотот.
АКШдагы Пенсильвания университетинин окумуштуулары эгер аял күнүмдүк тамактанууда 470-810 калориясын азайтса, анда бул аракеттери үч айда эле айыз циклинин бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин аныкташкан.
Ден-соолукту калыбында сактоо үчүн ченемден ашык диета жана физикалык көнүгүүлөр менен алектенбөө маанилүү. Эгер кыз айыз процессине көз салып турса, анда бир нерсе туура эмес болсо, дароо түшүнөт. Ар кандай циклдердеги өзгөрүүлөр боюнча жазып туруу маанилүү. Бул жазуулар аркылуу дарыгер организм жөнүндө көбүрөөк маалыматка ээ болот. айыз циклин календарь же тиркемелер (мисалы, Flo, Clue, Eve Period Tracker ж.б.) аркылуу көзөмөлдөп турса болот.
Гормоналдык таблеткалар, пластырлар, жатын ичиндеги аппараттар, кындын шакекчелери жана инъекциялык контрацептивдер (инъекциялар) сыяктуу бойго бүтүрбөөчү каражаттардын курамында айыз циклин жөнгө салуучу жана каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуучу ар кандай гормондор бар. Гормондор овуляциянын алдын алып, жатындын ички катмарын жукартып, уруктанган жумурткалардын имплантацияланышына тоскоол болот же жатын моюнчасынын былжыр челин калыңдап, сперматозоиддердин жумурткага жетүүсүнө жол бербейт.
Кээде, эгерде аял спираль, имплант же укол колдонсо, анын айызы толугу менен токтоп калышы мүмкүн. Ал эми кээ бир гормоналдык контрацептивдер, мисалы, оралдык контрацептивдер жана пластырлар жалган айызды пайда кылат. Бул көрүнүш абстиненттүү кан агуу деп аталат. Эреже катары, мындай жалган айыз таблеткаларды колдоно электе болуучу кадимки эайыздан айырмаланышы мүмкүн. Алар азыраак көлөмдө жана азыраак мөөнөттө болушу мүмкүн.
Таблеткалардын көбү 4 жумалык цикл менен иштейт. Бул таблеткалардын бирин кабыл алып жаткан аял болжол менен ар бир 28 күн сайын айызды күтүшү мүмкүн. Бойго болтурбоочу таблеткалар адатта жумаларга бөлүнөт: алгачкы үч жуманын таблеткаларында гормондор бар, ал эми акыркы аптанын таблеткаларында гормондор жок. Бул плацебо жөн гана аялга таблеткаларды күн сайын ичүүнү эстеп калууга жардам берет.
Кээ бир аялдар бойго болтурбоочу таблеткаларды үзгүлтүксүз ичүүнү артык көрүшөт. Бул үчүн алар атайын ар кайсы соода маркасына тиешелүү бойго болтурбоочу каражаттарды сатып алышып, алгач дарыгерге кайрылышат. Эгерде аял таблетканын бул түрүн колдонсо, анда ал бардык активдүү таблеткаларды үч ай бою үзгүлтүксүз, андан кийин бир жума активдүү эмес таблеткаларды ичет. Бул учурда кан аралаш суюктуктар бөлүнүп чыгышы мүмкүн, бирок айыз жылына төрт жолу гана - активдүү эмес таблеткаларды кабыл алган жумаларда болушу мүмкүн.
Туура кабыл алынса, бойго болтурбоочу таблеткалар 99% учурларда кош бойлуулуктун алдын алууда натыйжалуу болот. Бирок ар кандай факторлор эффективдүүлүктү төмөндөтүп, кош бойлуулуктун же үзгүлтүксүз кан кетүү коркунучун алып келиши мүмкүн. Мисалы, аял таблетка ичүүнү унутуп калса же маал-маалы менен кускан жагдайларда, таблетка денесинде калбай калса.
Көпчүлүк учурда аял катары менен эки же андан көп дозаны өткөрүп жибергенде бойго бүтүп калуулар болот. Бирок аял таблеткаларды өз учурунда жана тартиби менен ичип жатканда да кош бойлуу болуп калган учурлар болот, бирок бул өтө сейрек кездешет. Ошондуктан бир эле учурда контрацепциянын бир нече түрүн колдонуу маанилүү: таблеткаларды презерватив менен бирге. Мындан тышкары, презервативдер жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан (ЖЖБИ) коргоо үчүн керек.
Кош бойлуулуктун алгачкы белгилерине жүрөк айлануу же кусуу, эмчектин ооруксунуусу, шалдыроо жана тез-тез заара чыгаруу кирет. Бул белгилердин кээ бирлери айыз бир апта кечиккенден кийин эле пайда болушу мүмкүн. Эгерде аялдын күтүлгөн мөөнөттө айызы келбесе жана кош бойлуулуктун башка белгилери байкалса, анда ал кош бойлуулукка анализ тапшыруусу зарыл.
Кээде организмдин иштөөсүндөгү кандайдыр-бир бузулуулардан улам айыз кечигип калышы мүмкүн. Мүмкүн болгон себептердин бири - калкан безине байланыштуу шарттар болушу мүмкүн. Калкан бези моюнда жайгашкан көпөлөк сымал без. Ал организмдеги көптөгөн процесстерди, анын ичинде айыз циклин жөнгө салуучу гормондорду чыгарат.
Гипотиреоз жана гипертиреоз — айызга таасир этиши мүмкүн болгон калкан безинин көп тараган оорулары. Бул оорулардын кесепетинен улам айыз циклинин туруксуздугу, узак мөөнөткө созулган кечигүүсү же айыздын таптакыр токтоп калуусу мүмкүн. Менструалдык цикл менен байланышкан симптомдордон тышкары, жүрөктүн тез кагышы, табиттин өзгөрүшү, салмактын түшүнүксүз өзгөрүшү, тынчсыздануу, колдун титирөөлөрү, чарчоо жана уйкунун бузулушу кирет.
айыздын кармалышына алып келе турган дагы бир ден-соолуктун кеңири тараган жагдайы - поликистоздук энелик синдрому (ПКЭС). Бул - жыныстык гормондордун дисбалансынан келип чыккан симптомдордун жыйындысы. ПКЭС менен жабыркаган аялдардын овуляциясы туура эмес же такыр болбойт. Ушундан улам, айыз демейдегиден азыраак келиши ыктымал, же күтүүсүз келет, же толугу менен жок болушу мүмкүн. ПКЭСтин башка симптомдору - булар беттеги жана денедеги ашыкча түктөр, беттеги жана бүт тулку бойдогу безеткилер, чачтын жукаруусу жана салмактын көбөйүшү.
Кээ бир өнөкөт ден-соолук көйгөйлөрү, айрыкча целиакия жана диабет дарттары дагы айыздын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Целиакия оорусу тамак сиңирүү системасын жабыркаткан аутоиммундук оору. Бул дарт менен жабыркаган адамдар глютенди жегенде, алардын иммундук системасы ичке ичегинин былжыр катмарына кол салуу менен жооп берет.
Ичке ичегилердин бузулушу - организмдин тамак-аштан пайдалуу заттарды сиңирүү жөндөмүн начарлатат. Туура эмес тамактануу организмде калориялардын жетишсиздигин жаратат. Бул жетишсиздик, өз кезегинде, гормондордун нормалдуу иштеп чыгуусуна таасирин тийгизип, айыздын кечигишине жана башка айыз боюнча көйгөйлөргө алып келет.
Сейрек учурларда, 1 жана 2 типтеги кант диабети менен ооруган адамдар да айыздын кармалуусуна дуушар болушу мүмкүн. Бул, адатта, кандагы канттын деңгээли көзөмөлдөнбөгөн учурларда пайда болот.
Кандай болгон күндө да, айыз тез-тезден кармала берсе, менструалдык циклдин үзгүлтүксүздүгү бузулса, андан тышкары, мурун жок болгон симптомдор пайда болсо, анда дарыгерге кайрылуу зарыл. Бул шарттарды айыктыруу же контролдоо мүмкүн. Адис анализдерди дайындайт жана организмдин иштешин жакшыртуу үчүн эмне кылуу керектигин айтып берет.
айыздын кечигүүсүнүн эң көп таралган себептеринин бири - биринчи кезекте, кош бойлуулук болуп саналат. Кадимки айыз цикли менен, эгерде сперма кындын ичине, анын кире беришине же овуляция учурунда вульвага кирсе, корголбогон гетеросексуалдык жыныстык катнаштан кош бойлуулук пайда болот. Овуляция болжол менен циклдин ортосунда, анын башталышына алты күн калганда жана овуляция күнүнө чейин болот. Айыз цикли туруксуз болгон жагдайларда күтүүсүз кош бойлуулук коркунучу дайыма бар, анткени овуляция ар кандай убакта болушу мүмкүн жана аны алдын ала айтуу кыйын.
Эгерде кыз корголбогон жыныстык катнашка барган болсо, жыныстык катнаш учурунда презерватив тешилип калса же кыз колдонгон контрацепциянын натыйжалуулугуна ишенбесе - мындай жагдайда айыз кечигип калса, кечигүүнүн себебин текшерүүнүн эң ишенимдүү жолу - бул тест жасоо болуп саналат.
Үзгүлтүксүз цикл менен кош бойлуулуктун тестин овуляциянын күтүлгөн күнүнөн болжол менен эки жумадан кийин жүргүзсө болот. Эгерде цикли туура эмес болсо, текшерүүнү корголбогон жыныстык катнаштан эки жума өткөндөн кийин жүргүзүү керек. Бирок тест канчалык эрте жасалса, анын тактыгы ошончолук аз болоорун жана көп нерсе тесттин сезгичтигинен көз каранды экенин эстен чыгарбоо керек. Эгерде анализ кош бойлуулукту көрсөтпөсө, бирок бир жумадан кийин да айыз башталбаса, анализди кайталап, дарыгерге кайрылган туура болот.
Кош бойлуулуктун алгачкы белгилери боюнча да шектенүүгө болот. "Классикалык" белгилер, кечиктирилген айыздан тышкары, көкүрөктүн сезгичтиги, оорушу жана шишиги болушу ыктымал. Бул белги алгачкы этапта гормоналдык өзгөрүүлөргө байланыштуу пайда болот. Организм гормоналдык өзгөрүүлөргө көнүп баштагандыктан, ыңгайсыздык бир нече жуманын ичинде басаңдайт.
Дагы бир жалпы симптом - кусуу менен же кусуу жок, жүрөк айлануу. Күндүн же түндүн каалаган убагында пайда боло турган жүрөк айлануу көбүнчө кыз кош бойлуу болгондон бир-эки айдан кийин башталат. Бирок кээ бир аялдар жүрөк айланууну эртерээк сезе баштаса, кээ бирлери такыр сезбейт. Кош бойлуулук учурунда жүрөк айлануунун так себеби аныкталбаса да, мында кош бойлуулук гормондору, кыязы, бир ролду ойносо керек.
Кошумчалай кетсек, эгер келин кош бойлуу болсо, заара тез-тез чыгып жатканын байкашы мүмкүн. Кош бойлуулук учурунда кандын көлөмү көбөйүп, бөйрөктөрдү табарсыктагы ашыкча суюктукту иштетүүгө мажбурлайт. Буга кошумча, кош бойлуу аял бат чарчайт. Кош бойлуулуктун биринчи чейрегиндеги уйку басуу жана чарчоо эмнеден келип чыкканын эч ким так билбейт. Бирок бул прогестерондун көбөйүшүнө байланыштуу деген божомол бар.
Кош бойлуулуктун башка анча айкын эмес алгачкы белгилерине маанайдын өзгөрүшү, ичтин кысылуусу жана көбүшү, ич катуу жана ал мурда жакшы көргөн же өзгөчө маани бербеген тамак-ашка жана жыттарга жийиркенүүнүн пайд болуусу кирет. Кошумчалай кетсек, кош бойлуу болгондон 10-14 күн өткөндөн кийин (айыздын башталышы керек болгон маалда) кээ бир аялдарда аз-маз кан агуулар болушу мүмкүн. Бул имплантациядан кан агуу - уруктанган жумуртка жатындын былжыр челине жабышып калганда пайда болот. Ал айыздан көлөмү менен айырмаланып турат, анткени ал аз гана көлөмдө болот - бир нече тамчы канга окшош же эки күндөн бир нече жумага чейин созулушу мүмкүн болгон күрөң түстөгү бөлүнүп чыккан суюктук түрүндө болот.
Бул белгилердин көбү кош бойлуулукка гана тиешелүү эмес. Алардын айрымдары ооруну же айыз алдындагы белгилерди көрсөтүшү мүмкүн. Кээ бир аялдар кош бойлуу болгондон бир жума өткөндөн кийин же акыркы айыз келгенден бир нече жума өткөндөн кийин эле белгилерин байкай алышат. Башкаларында эч кандай симптомдор байкалбайт, ал эми кээ бирлери айыз алдындагы симптомдору же адаттан тыш менструация белгилери менен чаташтырган убактылуу гана симптомдорду сезишет. Бирок эгерде айыз кечигип, кыз жогоруда саналып өткөн белгилердин айрымдарын байкаса, анализ тапшырганы жакшы. Эгер кош бойлуулук аныкталса, анда мүмкүн болушунча тезирээк дарыгерге кайрылуу керек.
Булак: Двор медиа