Психологияда симпатия — бул адамдын башка адамга/объектке/чыгармага болгон туруктуу жылуу эмоционалдык мамилеси. Адамга болгон симпатиянын синоними - башкарылбаган сүйүү, тартылуу. Адамга болгон симпатия алгачкы таасирден эле башталат. Изилдөөлөр
боюнча, симпатия 7 секунддун ичинде аныкталат жана бир нече факторлорго көз каранды болот: келбети, жүзү, үнү, жыты. Мындан сырткары, кийген кийими, турган турпаты, ишараттары, маектин темасы дагы “бул менин кишим” дегенден кабар берип турат.
Кызыгы, бейтааныш адам менен биринчи жолукканда көпчүлүк адамдар маектешине жакшы таасир бере алган жокмун деген кыжаалат ойдо калышат. Окумуштуулар адамдардын алгачкы маектен кийин башка адамдарга калтырган таасирлерин төмөн баалай берүү адатын “симпатия ажырымы” деп аташат (liking gap).
Корнелл университетинин окумуштуулары бир катар изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялашкан, анда бейтааныш адамдар бири- бири менен маектешип, маектеши кандай таасир калтырганы жана бири-бирине алдын-ала жаккан-жакпагандары тууралуу баа беришкен.
Жыйынтыктар таң калтырган: маектешине баа бергендер алардан баа күткөндөргө караганда маектешине жогору баа беришкен.
Дагы бир кызыктуу учур болгон - эксперименттеги бейтааныш адамдардын жолугушуусу тасмага тартылып турган. Бул роликти көргөн адамдар маектешкен адамдардын бири-бирине болгон жылуу мамилелердин белгилерин (жылмаюу, берилип тиктөө) четтен мыктыраак байкай алышкан.
Ал эми маектешкен адамдардын өздөрү бул белгилерди дээрлик байкашкан эмес. «Симпатия ажырымы» жана башкага жакпай калуу көйгөйү - адамдардын симпатия сигналдарын ажырата албагандыгында. Мындай когнитивдик адашуу көпчүлүккө мүнөздүү.
Адамдарга когнитивдик адашуу мүнөздүү (муну социалдык-психологиялык капкан же “ой-жүгүртүү катасы” деп койсо да болот).
Мына ушундай “ ой-жүгүртүү каталарынын” бири өзүбүздү ашыкча сындоого алып келет.
Ашыкча сын качан пайда болот? Бул башка адамдар бизге көп көңүл бурушат жана алар өзгөчө биздин кемчиликтерибизди байкайт деп ашыкча баалаганыбыздан улам пайда болот. Ашыкча баа берүү мындай көрүнөт: адам өзүнүн сырткы келбетине, ар бир ыңгайсыз суроосуна, орунсуз тамашасына тынчсызданат жана ага ал жөнүндө адамдар эстеп, аны айыптап жаткандай туюла берет. Чын-чынына келгенде, маектештер биздин туура эмес аракеттерибиз тууралуу же ал аракеттерибизди айыптоо жөнүндө ойлонушпайт.
Мындай кыжаалат ойлордон кутулуу үчүн - прожектор эффектиси кеңири таралган көрүнүш экенин түшүнүү керек. Эгер сага башка адам сени кызыксыз же кызыктай деп эсептеп жаткандай туюлса, анда ал адамда да ушундай сезимдер болушу ыктымал. Ал дагы өзү же сен тууралуу дал сендей болуп ойлонот.
Биз менен баарлашкан башка адамдар бизди канчалык жакшы көрөрүн оозеки жана оозеки эмес түрдө айтышы мүмкүн, бирок биздеги коркуу, ыңгайсыздануу сезимдери жана өзүбүздү көрсөтүүдө ар кандай кыжаалаттанган аракеттерибиз бизге чыныгы мамилени көрүүгө тоскоолдук жаратат.
Бул эффект кандайча иштерин түшүнүп жана биздеги коркунучту басаңдатууга аракет кылуу аркылуу башка адамдардын бизге жасаган мамилесин жакшыраак түшүнө алабыз. Коомдук кырдаалдарда өзүңдү бош сезе бил жана романтикалык мамилелерде эркин жана табигый болгонго аракет кылуу абзел.
Бизге кимдир-бирөө көңүлүбүзгө туура келбей калса, бизде эмне өзгөрүүлөр болот? Стэнфорд университетинин биологу Роберт Сапольски “Why Your Brain Hates Other People” эмгегинде качан биз өзүбүздөн катуу айырмаланган бирөөнү көргөндө, коркуу жана агрессияга жооп берген мээнин участогу - амигдала активдеше баштарын белгилеген.
Бул түпкү эмоционалдык реакция кичине гана себеп пайда болсо, көп убакытка жек көрүү паттернин жаратышы мүмкүн. Мисалы, бул “өзгөчөлөнгөн киши” сага жакпаган нерсе кылып койду дейли - сени же жакыныңды капа кылды. Бул учурда сенин коркууң негиздүү болуп, ага болгон жек көрүү сезимиң бекемделип калат.
Кимдир-бирөөгө болгон терс сезимдерибиз алар менен болгон жагымсыз окуялар канчалык көп болгон сайын, ошончолук күчөйт. Мындай негативдүү ойлор денебизде “согуш же кач” деген белгилүү реакцияны пайда кылат.
Андан тышкары, эң кызыктуусу жана таң калычтуусу, “согуш же кач” деген реакцияны пайда кылган факторлордун реалдуу болушу шарт эмес. Биздин организм чыныгы стрессти (мисалы, бычак менен аңдыган адамды) ойдон чыгарылган стресс менен чаташтыра алат (сиз баарлашып жаткан адам кимдир-бирөөнү таарынтат деген ишеним). Дал ушул биздин психиканын туура эмес түшүнүгү аркылуу биз манипуляцияга алдырабыз. Мисалы, класска жаңы окуучу келсе жана авторитети күчтүү бирөө сени бул жаңы окуучуну кооптуу, бейбаш жана ууру экенине ынандырса (бирок мунун баары калп болсо да) - анда бул адамдын сырткы көрүнүшүнө карай сенде терс көз караштагы реакция жаралышы мүмкүн. Ошондой эле, сенде андан өзүңдү коргоо каалоосу да пайда болушу ыктымал.
Эгерде сага кимдир-бирөөнү мактап, анан ал адам менен тааныштырган жагдайга туш болгон болсоң, аны менен таанышуу учурунда, балким, “гало эффектисине” (ошондой эле “ореол эффектиси” деп да аталат) дуушар болгонсуң. Бул эффект романтикалык мамилелерде адамдарды адаштырып коюшу ыктымал. Кыскача токтоло турган болсок, “гало эффектиси” – бул биринчи таасирдин негизинде адамга бир жактуу жаңылыштык баа берүү. Адамды алдын-ала мактаган алгачкы оң пикирлер алгачкы жолугушууда когнитивдик
бурмалоону жаратат.
Адамдын жагымдуу жагына байкоо салуу, мисалы, сулуулугуна же күчүнө көңүл бөлүү - кийинки таасирлерди алсыздандырып коет. Тактап айтканда, сулуулукка арбалуу менен башка терс тарапты байкабай калабыз.
Мисалы, жаш кыз келбеттүү жигит өз классташ баласын аябай кемсинтет, бирок кыз баары бир ал жигитти мыкты деп эсептей берет. Ал эми жигиттин буллинг иштерин жөн гана ушак же көрө албастык катары баалап коет. “Ореол эффектиси” деген ушинтип иштейт.
Башкача айтканда, бул эффектке кабыл болгон адам алгачкы таасирдин алкагынан чыга албай, көз карашы “катып калат”. Сымбаттуу адам көзгө кызыктуу, ар тараптуу, дымактуу болуп көрүнө берет. Мындай сапаттар чын эле анда барбы же жокпу, маанилүү эмес.
Мындай эффект көп учураган учурлар - сырткы келбети жарашкан адамдар бизнесте болобу, мамиледе болобу - ийгиликтүү адамдар, алар башкаларга салыштырмалуу ишенимдүү жана бактылуу адамдар деген жаңылыш пикирлер.
Акыл-эстин мындай кылтакка түшүп калуусунун себеби - мээ биринчи түшкөн маалыматка көбүрөөк ишенип, ал маалыматка ылайыкташтырып кийинки картинаны түзүп баштайт.
Ошентип, адамдар бири-бирине карама-каршы келген маалыматты кабыл алуудан качышат жана өздөрүнүн алгачкы чечимдерин ишенимдүү деп эсептегилери келет.
Адамдын психикасы татаал, ал эми “гало эффектиси” жаңы адам менен таанышканда мээнин ишин жөнөкөйлөтүп, кеңири штрихтерде анын образын жаратат. Бирок бул эффект мамиле тереңдегенге чейин гана иштейт.
Тасмаларда жана адабиятта “Жек көрүүдөн сүйүүгө бир кадам, же тескерисинче, сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам” деген пикирди ынандырып турган сюжеттерди ашыкча колдонушат.
Мамиленин башында атаандаштык, бири-бирин келекелөө, жек көрүү күч алып, бирок мунун баары симпатияга, ал гана эмес ысык сүйүүгө айланат. Же тескерисинче, башында идиллия, андан кийин милдеттүү түрдө бири-бирин жек көрүү орун алышы керек.
Чак Басс жана Блэр Уолдорф “Ушакчы” сериалында, Шрек жана Фиона, Людмила Прокопьевна жана Новосельцев “Кызматтык роман” тасмасында — бул каармандар алгачкы таанышуудагы таасирдин кийинки симпатиянын жаралышына тоскоол болбой турганын айгинелеп турат.
Мультфильмдеги симпатия кээде таптакыр башка өңүттөн көрсөтүлөт, мисалы, англис тилдик сленгде (Helga Pataki Syndrome ) “Хельга Патаки синдрому”) деген аталыштагы түшүнүк да бар — бул синдром 1990-жылдардагы “Эй, Арнольд” популярдуу мультсериалындагы каармандын ысымынан аталган.
Бул синдром менен четке кагылуу коркунучунан улам жакшы көрүү сезимин жек көрүү сезими менен жашырып турган жүрүм-турумду аташат. Буга мисал катары мугалимдердин эски тамашасын келтирсек болот: эгерде бала кыздын чачын тарткылап тийише берсе, анда ал кызды жакшы көрүп калган.
Албетте, мындай жүрүм-турумдарды түшүнүү менен кабыл алса болот, анткени алар адамдын психикасынын өзгөчөлүктөрүнө, тактап айтканда, жаңы адам менен биринчи жолу таанышканда жана мамиленин алгачкы күндөрүндө пайда болгон когнитивдик адашуунун таасирине негизделген.
Бирок мындай эффекттер жана психикалык кылтактар биздин жүрүм-турумубузга кандай таасир берерин түшүнүү аркылуу тасмалардагыдай жагдайларга туш болбоого жардам берет. Албетте, муну өзүбүз кааласак.
Булак: Двор Медиа