Жыныстык жетилүү мезгилинде киши өзүнө да, айланадагыларга да татаал жана түшүнүксүз болуп калат. Буга таң калуунун кереги жок, анткени өспүрүм курак – жашообуздун сюрприздерге толгон мезгили. Бул убакта балдарга мүнөздүү өзгөчөлүктөр чоңдорго мүнөздүү өзгөчөлүктөр менен алмашат.
Дене түзүлүшүндө көрүнүктүү өзгөрүүлөр келип чыгат: боюбуз узарат, денеде жаңы жыт пайда болот, салмак кошулат, терибизге акне жана безеткилер чыгат, күтүлбөгөн жерлерге түк өсөт, ошондой эле экинчи жыныстык белгилер пайда боло баштайт.
Өспүрүмдөрдүн денесиндеги физикалык өзгөрүүлөр жыныстык гормондор — тестостерон, эстроген жана прогестерон менен шартталганы илимпоздорго белгилүү. Бул гормондор эки жыныстын өкүлдөрүндө тең балалык кезден бери болот. Бирок жыныстык жетилүү мезгилинде аталган химиялык заттардын концентрациясы кескин өзгөрөт.
Эркек балдарда 12-19 жаштарда үнүнүн тембри төмөндөйт, булчуңдары өсөт, жумурткалар менен жыныс мүчөсүнүн өлчөмү чоңоёт жана эякуляцияга жөндөмдүүлүк пайда болот. Аны менен бирге түшүркөөлөр да башталат. Ал эми кыздарда 10-17 жаштарда көкүрөгү чоңоюп, өсө баштайт, вульва менен клитор чоңоёт, татаал айыз цикли башталат — алгачкы этек кир (менархе) келет.
Жыныстык гормондор мээнин эмоционалдык бөлүгү болгон лимбалык системада өзгөчө активдүү болушат. Гормондор денеге гана эмес, сезимдерге да күчтүү таасир этет. Пубертаттык мезгилде көп адамдар сезимдери менен эмоцияларынын кыйла күчтүү жана интенсивдүү болуп калганын белгилешет. Маанай тез жана башаламан өзгөрүп турат. Мындан тышкары, жыныстык жетилүү мезгилинде сексуалдык жашоого болгон кызыгуу пайда болуп, сексуалдуу нерселер жөнүндө көп ойлоно баштайбыз, башка адамдарга карата кызыгуу жаралат.
10-19 жаш эркек балдар менен кыздар үчүн – орточо цифралар экенин эске алуу зарыл. Жыныстык жетилүү андан эртерээк башталып, этаптар менен бир нече жылга созулушу мүмкүн. Жыныстык жетилүүнүн айрым белгилери эрте жаштарда эле байкалса, кээ бирлери жылдар өткөн соң билинет. Ар бир кишинин организми уникалдуу, ошондуктан жыныстык жетилүү мезгили ар түрдүү темптер менен өтөт.
Денедеги жана эмоционалдык өзгөрүүлөр менен катар башка дагы маанилүү өзгөрүүлөр келип чыгат. Адам башкача ойлоно баштайт, жүрүм-туруму жана социалдык мамилелери өзгөрөт.
Биздин организмибиз жаңыча түзүлүп жаткан учурда биз ким экенибизди жана кайсы дүйнөдө жашап жатканыбызды түшүнүүгө аракет кылабыз. Алдыбызга максаттарды коюп, кыялдарыбызды белгилейбиз. Үй-бүлөбүздөн алыстап, курдаштарыбыз менен көбүрөөк сүйлөшөбүз. Жаңы нерселерди: музыканы, кийим-кечелерди, субмаданиятты байкап көрөбүз, анан дагы укмуштуу окуяларды издейбиз. Посттордун бул сериясында «Двор» пубертаттык куракта биздин психикабыз жана жүрүм-турумубуз кандайча өзгөрө турганы жана бул эмне менен байланыштуу экендиги тууралуу айтып берет.
Өспүрүм куракта денедеги өзгөрүүлөр адамдын когнитивдик жөндөмдүүлүгүнө: курчап турган айлана жөнүндөгү маалыматты анализдеп чыгууга, көңүл бурууга, эстутумга жана кепке катуу таасир этет. Киши өзүнүн «жаңы» денеси менен «жаңы» мен түшүнүктөрү жөнүндө таптакыр башкача ойлоно баштайт.
Швейцариялык психолог Жан Пиаженин пикири боюнча, болжол менен 12 жаштан, башкача айтканда жыныстык жактан жетилген мезгилден баштап кишиде жаңыча ой жүгүртүү ыкмасы пайда болот. Ал ой жүгүртүүнүн «формалдуу-операциялык» ыкмасы деп аталат — киши абстракттуу ой жүгүртүп, конкреттүү физикалык объектилер жөнүндө гана эмес, гипотезалык түшүнүктөр тууралуу көп ойлоно баштайт. Формалдуу операциялардын стадиясында өспүрүмдөр өздөрүнүн «чындык» жөнүндөгү ойлорун билип жүргөн «чындык» менен салыштыра башташат.
Пиаже адамдын акыл-эси төрөлгөн мезгилден тарта бир катар этаптардан өтүү менен өнүгөт деп эсептеген. Ошентип, киши өнүгүүнүн белгилүү бир этабына жеткен соң, абстракттуу идеялар менен манипуляциялоону, бир эле маселени бир нече жол менен чечүүнү, гипотезаларды жаратууну жана өзү менен башка кишилердин ой жүгүртүүсүнүн натыйжаларын көрүүнү үйрөнөт.
Өспүрүм курактагылар алардын божомолдорунда негизсиздик элементи камтыларын жана тажрыйбанын чыныгы табиятын чагылдырбай турганын түшүнө баштайт. Башкача айтканда, адамдар алардын чындык жөнүндө түшүнүктөрү жашоодогу чындыктан айырмалана турганын аңдашат. Өспүрүмдүк ой жүгүртүү кандайдыр бир деңгээлде илимий-эксперименттик мүнөзгө ээ болот: адамдар гипотеза жаратып, тышкы реалдуулуктун контекстинде аны текшеришет.
Мисалы, кичине балдар абстракттуу вербалдык маселелерди чыгарууга жөндөмдүү эмес. Анткени, Пиаженин пикири боюнча, аларда формалдык операцияларга карата жөндөмдүүлүк жок. Эгерде кичинекей баладан «Джейн Дористен узун жана Франсинден кыска болсо, үчөөнүн ичинен кимиси эң кыска?» деген маселени чыгарууну талап кылсак, ал аны ар кандай узундуктагы таякчалардын, бармактарынын же башка материалдык предметтердин жардамы менен гана чыгара алат. Ал эми оюнда муну аткара албайт. Өспүрүм болсо ойлонуп туруп, туура жоопту бере алат.
Анткен менен изилдөөчүлөрдүн баары эле Пиаженин теориясы менен макул эмес. Кээ бир психологдор жаш балдардын, өспүрүмдөрдүн жана чоңдордун ой жүгүртүүлөрүнүн ортосундагы чектердин жасалма экенин белгилешет. Себеби, балдар менен чоңдордун когнитивдик жөндөмдүүлүктөрү бирдей, ал эми айырмасы – чоңдордун көбүрөөк тажрыйбага жана билимге ээ болуусу. Мындайча акыл-эстин өнүгүүсүн үзгүлтүксүз процесс катары карап чыгууга болот. Башкача айтканда, формалдуу операцияларга карата жөндөмдүүлүккө жаш балдар да ээ боло алат.
Кээ бир изилдөөчүлөр ой жүгүртүүнүн бул тибине чоңдордун баары эле жөндөмдүү эмес экендигин, анын адамдын билим сапатынан көз каранды экенин айтышат. Бирок муну далилдеген туура маалыматтар азырынча жок.
Кандай болсо да, өспүрүм куракта адам башкача ой жүгүртө баштаганы чындык.
Кээде айланадагыларга өспүрүмдөрдү башкаруу өтө кыйындай жана алар чоңдор менен талашып-тартышып эле отургандай сезилет. Бир жагынан, ата-эне жана башка кишилер менен чыр-чатактар өспүрүмдүн көз карандысыздыгын кеңейтүүгө умтула баштаганынан улам келип чыгат.
Экинчи жагынан, «конфликттүүлүк» адамдын кыйла абстракттуу ой жүгүртүп, ар кандай көз караштардан күмөн санай баштаганы менен байланыштуу. Буларга кошумча, өспүрүм өзү каалабай туруп башка кишилердин көңүлүн оорутушу мүмкүн. Себеби, анын сөздөрү менен иш-аракеттери башка кишилерге кандай таасир этип жатканын өзү түшүнө бербейт. Бул болсо нейробиологиялык өзгөчөлүктөр менен байланыштуу. Кийинки постто кененирээк маалымат берилген.
Photo: Siora Photography unsplash.com
Бала кезинде кишилердин өнүгүүсүндө кескин секирик болот. 6 жашка келгенде балдардын баш мээси 90-95%га чоң кишинин мээсинин өлчөмү менен барабар болуп калат. Бала чак – мээнин өрчүшү үчүн абдан маанилүү учур, ошентсе да баланын мээси чоңдордун мээсиндей иштей баштаганга чейин олуттуу өзгөрүүлөр талап кылынат.
Мээдеги мындай өзгөрүүлөр өспүрүм куракта интенсивдүү жүрүп, киши 25 жашка толгонго чейин уланат. Өзгөрүүлөр курактан, тажрыйбадан жана жыныстык жетилүү мезгилиндеги гормондордон көз каранды.
Эң башкы өзгөрүү мээнин боз зат деп аталган ой жүгүртүүчү жана иштеп чыгаруучу бөлүгүндө бир учурда бир эле байламталар бекип, ошол эле учурда колдонулбаган башка байламталар «кесилип» салынышында. Мындайча мээ кыйла эффективдүү болууга умтулуп, «колдон же жогот» принциби боюнча иштей баштайт.
Кесип салуу процесси мээнин арткы бөлүгүнөн башталат. Эң акыркы болуп, мээнин алдыңкы бөлүгү – префронталдык кабыкса реконструкцияланат. Бул абдан маанилүү фактор болуп эсептелет жана өспүрүм куракта кишинин жүрүм-турумуна катуу таасир этет.
Баш мээнин префронталдык кабыгы — мээнин чечимдерди кабыл алуу үчүн жооп берген бөлүгү, ал кишинин пландоо жана иш-аракеттердин кесепеттери жөнүндө ойлонуу, көйгөйлөрдү чечүү жана импульстарды контролдоо жөндөмдүүлүктөрү үчүн жооп берет. Мээнин аталган бөлүгүндөгү өзгөрүүлөр жаш кездерде да уланат.
Ошентсе да мээ чечимдерди кабыл алып, ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө тийиш. Префронталдык кабык өрчүп жаткан учурда өспүрүм чоңдорго караганда мээнин башка бөлүгү – бадам сымал затка көбүрөөк таянат. Бадам сымал зат эмоциялар, импульстар, ал тургай агрессия менен байланыштуу.
Дал ушул себептен улам бир эле адам өспүрүм куракта өзүн чоң кишидей алып жүрүүгө жана салмактуу чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү. Ал эми кээ бир учурда импульсивдүү, эмоционалдуу болуп, тобокелдик иш-аракеттерге көп барышы мүмкүн. Мунун баары өрчүү стадиясындагы мээнин жардамы менен чечим кабыл алууга байланыштуу.
Половое созревание приносит много изменений в жизнь человека не только с точки зрения физиологии, но и социальной, умственной и эмоциональной. Человеку может казаться, что его эмоции совершенно выходят из-под контроля: в одну минуту ощущение абсолютного счастья, в другую — упадок и нежелание что-либо делать. Такие перемены настроения нормальны для человека, вступившего в пубертатный период.
У человека подросткового возраста происходит перестройка связей между префронтальной корой, отвечающей за решение проблем и самоконтроль, и эмоциональными центрами в лимбической системе. Поэтому контролировать эмоции людям становится сложнее, в том числе негативные. Кроме того, внутри перестраивающейся лимбической системы сильно колеблется уровень серотонина, ответственного за настроение.
Именно из-за изменения концентрации половых гормонов запускается процесс полового созревания. Мозг подростка «видит» эти гормоны впервые. Из-за этого мозг еще не понял, как смоделировать реакцию организма на новый приток химических веществ. Это немного похоже на первую случайную затяжку дыма от сигареты стоящего на автобусной остановке мужчины. Если сильно вдохнуть, то покраснеет лицо; человек почувствует головокружение и, возможно, у него даже немного поболит живот.
Исследователи отмечают различия в реакции мозга на гормональные изменения у разных полов в период полового созревания. У девочек, например, уровни эстрогена и прогестерона меняются в зависимости от менструального цикла. Поскольку оба гормона связаны с химическими веществами в мозгу, которые контролируют настроение, у счастливой смеющейся четырнадцатилетней девушки может случиться эмоциональный срыв за то время, которое ей нужно, чтобы закрыть дверь спальни.
У мальчиков тестостерон находит особенно дружественные рецепторы в миндалевидном теле, структуре мозга, которая контролирует реакцию «бей или беги», то есть агрессию или страх. В организме мальчика во время подросткового периода может быть в тридцать раз больше тестостерона, чем до начала полового созревания.
Конечно, изменения в мозге — не единственная причина резких перемен в настроении подростка. На него могут повлиять давление со стороны сверстников, требования школы, конфликты в семье, стресс, тревожность, отсутствие сна и любые другие факторы.
Photo: Abbie Bernet unsplash.com
Өспүрүм куракта түнү бою уктабастан компьютер ойноп, тик-ток көрүп же китеп окуп отура алабыз. Эртең менен болсо, ата-энебиз ойгото албай убара болушат. Түнкү сергектиктин контенттин кызыктуулугунан тышкары дагы бир себеби бар. Ал – физиология. Пубертаттык мезгилде кишинин организминдеги мелатонин деңгээли жогорулап, уйку-сергектик режими алмашат.
Өспүрүмдөр көп учурда мектепке эрте туруу менен чоңдордун хронотибин сактоого аргасыз. Хронотип — бул конкреттүү организмдин белгилүү бир убакытта уйкуга көнүшү. Чоңдор үчүн ыңгайлуу эрте сааттарда турган учурда деле өспүрүмдөр кечинде эрте уктай алышпайт. Өспүрүмдөрдүн мээси белгилүү бир ыкка ылайыкташпайт, анын ордуна көнүмүш жүрүм-турумду сактайт. Жыйынтыкта уйкунун убактысы кыскарат.
Анткен менен, дем алыш күндөрү өспүрүмдөр түшкө чейин укташат. Мисалы, он беш жаштагы түнкүсүн китеп окуганды жакшы көргөн кызга каалашынча уктаганга уруксат беришсе, анда ал суткасына 9-10 саат уктайт. Ал эми өспүрүмдү эртең менен эрте мектепке баруу үчүн ойготушса, өнөкөт катары ал күнүнө 2,75 саат уйкудан калат. Мындай режим өнөкөт чала уйку синдромунун пайда болушуна алып келет деп эсептешет.
Өспүрүм куракта кишинин мээсинде көптөгөн ар түрдүү процесстер жүрөт: адамдар көп нерсени жана тез темпте үйрөнүшөт. Демек, аларга көбүрөөк - чоңдорго караганда көбүрөөк жана өздөрүнүн бөбөктөрүнө караганда бир топ эле көп укташ керек.
Уйку — бул жайлуулук жана эс алуу, оор жумуш, окуу күнүнөн же болбосо оюндардан кийин күч-кубатты калыбына келтирүү ыкмасы гана эмес. Бул бизге тажрыйбабызды эскерте турган, бир күндүн ичинде уккан-билген нерселердин баарын эске тутуп калууну камсыздоочу клей.
Өспүрүмдөр үчүн тынч жана жакшы уйку абдан маанилүү. Мындан тышкары, алардын ден соолугуна дем алган аба, жеген тамактары кандай мааниге ээ болсо, уйку да ошондой мааниге ээ. Жакшы уйку күнүмдүк стрессти жеңип чыгууга жардам берет. Илимпоздор өспүрүмдөргө суткасына орточо эсеп менен тогуз саат он беш мүнөт уйку талап кылына тургандыгын аныктап чыгышкан.
Ал эми уйкунун жоктугу туура эмес тамактанууга, олуттуу илдеттерге чалдыгууга, агрессивдүүлүккө, импульсивдүүлүккө жана маанайдын тез-тез бузулушуна жол ачат. Мындан тышкары, начар уйку чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрдү басаңдатып, көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүн жайлатат, унутчаактыкты күчөтөт, ошондой эле окуу жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет.
Аристотель мындан эки миң жылдан ашык убакыт мурун жин тийген грек өспүрүмдөрү тууралуу жазып чыккан. Ал жаштардын ой жүгүртүүлөрү менен жүрүм-турумдары чоңдордукунан кыйла айырмаланып турганын белгилеген. Алар «ышкыбоз, ачуусу чукул жана жеке импульстары менен алектенүүгө жакын» деп сыпаттаган. Өспүрүм курактагы кишинин мындай мүнөздөмөсү бүгүнкү күндө деле актуалдуу деп эсептөөгө болот.
Өспүрүмдөр жаш балдар менен чоңдорго салыштырмалуу чындап эле импульсивдүү жана тобокелдикке жакын болушат. Алардын ар бир тобокелдик менен жасаган иш-аракетин жаңылыктар менен сансацияларга умтулуу аракеттери өбөлгөлөй тургандыгы жөнүндө ой жаралат. Тобокелдик болбосо, анда ата-энеге, мугалимдерге же башка беделдүү адамдарга карата каршы чыгуу жөнүндө айтууга болот. Мындай жүрүм-турум эволюциялык жактан мааниге ээ.
Өспүрүм курак — адамдардын жашоодо көз карандысыздыкка ээ болуп, дүйнөнү изилдөөгө умтулган мезгили. Өспүрүмдөр эксперименттик жүрүм-турумга көп барышат, анткени ал алардын көз карандысыздыгын орнотууга жардам берет. Бул жердеги көйгөй – баш мээнин толук өрчүп жетиле элек маңдай кабыкчасы адамдын ой жүгүртүүсүнө таасир эткенинде.
Өспүрүмдөрдүн иррационалдуулугуна байланыштуу кеңири жайылган жаңылыш пикирлерге карабастан, өспүрүмдөр андай эмес. Адамдын ой жүгүртүүгө жөндөмдүүлүктөрү он беш жашка чейин дээрлик толугу менен калыптанат. Чындыгында, өспүрүмдөр чоң кишилер сыяктуу эле белгилүү бир иш-аракеттин зыяндуу же зыянсыз экендигине логикалуу баа бере алышат. Андай болсо эмне үчүн өспүрүмдөр акылга сыйбас иш-аракеттерди аткарышат?
Жалпысынан өспүрүмдүн мээси чоң кишинин мээсине караганда көбүрөөк сыйланат. Өспүрүмдүн мээсинде дофамин көбүрөөк бөлүнүп чыгып, ага карата реакция күч алат. Сезимдерди издөөнү жыныстык жетилүү – дүүлүгүү менен сыйлоону башкаруучу нерв системаларынын өтө сезимтал болгон мезгили менен салыштыруунун себеби ушунда. Бирок өспүрүмдөрдө мээнин маңдайкы бөлүктөрү башка бөлүктөр менен жакшы байланыша электигинен улам, ал потенциалдуу кооптуу абалдарды туура баамдай албайт.
Мээни сканерлеп чыгуу боюнча өзгөчө бир экспериментте Дартмут колледжинин окумуштуулары өспүрүмдөрдүн мээнин чектелген гана бөлүгүн колдоно турганын айтышкан. Алар «акулалар менен сүзүү», «чачты күйгүзүү» жана «чатырдан секирүү» сыяктуу иш-аракеттерди аткарууга болобу деген суроого жооп бериш үчүн чоңдорго караганда бир аз көбүрөөк – болжол менен бир секунддун алтыдан бир бөлүгүнө көбүрөөк убакыт талап кылышат.
Экспериментке катышкан чоң кишилер мындай суроолорго жооп бериш үчүн дээрлик автоматташкан ой менен элестетилген образдарга таянышкан. Ал эми өспүрүмдөр жоопту «ойлонуштуруп чыгуу» боюнча жөнөмдүүлүктөрүн колдонушкан. Абалдын жалпы өзгөчөлүктөрүн тез түшүнүү, пайда менен зыяндарды баалап чыгуу жөндөмдүүлүгү баш мээнин маңдайкы кабыкчасынын – өспүрүм куракта өрчүү процессинде болгон бөлүктөрүнүн активдүүлүгүнөн улам келип чыгат.
Өспүрүм куракта биздин социалдык контекстибиз ымыркайлар менен кичинекей балдардыкына караганда кыйла кеңири жана татаал болот. Биз түрдүү адамдар менен сүйлөшүп, аракеттеше баштайбыз, мамилелер да өзгөрөт. Өспүрүм курактагы эң байкаларлык феномен – курдаштардын топторунун маанисинин жогорулашы.
Бизди ар дайым колдоп, өзүбүздү коопсуздук ичинде сезүүгө жардам бере турган курдаштарыбызга көбүрөөк таяна баштайбыз. Муну менен катар эле биз бардык кыйынчылыктар менен машакаттарды тең бөлүшүү максатында биздикиндей абалдарды башынан өткөрүп жаткан кишилерди активдүү издейбиз.
Чоңдор бизге башка өспүрүмдөр таасир этип, үй-бүлөбүздөн алыстатып жаткандай көрүшөт. Маданий стереотиптерге карабастан, үй-бүлө баары бир олуттуу таасир тийгизет. Көптөгөн изилдөөлөр өспүрүмдөрдүн көбүндө ата-энелери менен олуттуу пикир келишпестиктер салыштырмалуу азыраак экенин көрсөтүүдө. Чындыгында, курдаш-досторду тандоо менен, биз көбүнчө ата-энелерибиз менен бирдей көз караштарды жана баалуулуктарды сактаган адамдарга карай умтулабыз.
Ошентсе да, өспүрүмдөр менен ата-энелери ар кандай курч маселелерге (мисалы, саясат, баңгизат колдонуу, сексуалдуулук) ар түрдүүчө мамиле кылган учурлар да бар. Мындай айырмачылыктардын көбү мамиленин багытындагы эмес, анын интенсивдүүлүгүндөгү карама-каршылыктарды чагылдырат. Башкача айтканда, баррикаданын эки башка тарабында туруунун жана оппозициялык көз караштарда болуунун ордуна ар кайсы муундагы кишилер кайсы бир маселени ар түрдүү деңгээлдерде колдошот.
Жалпысынан, өспүрүм куракты бурганактардын, стресстердин, акылга сыйбас пикир келишпестиктердин жана ата-энеге карама-каршы көз караштардын мезгили сыпатындагы маданий стереотипти тастыктап турган далилдер андай деле көп эмес. Өспүрүмдөрдүн көбү ата-энеси менен жакын жана бири-бирин колдой турган мамилелерин улантып келишет, ал эми курдаштары менен мамилелери, эреже катары, ата-энелеринин идеалдарын чагылдырып, аларга каршы келбейт.
Булак: Двор медиа.