Бүгүнкү күндө менструалдык гигиенаны карманыш үчүн түрдүү каражаттар бар. Сага туура келгенин табуу үчүн бир аз убакыт, сабыр жана тажрыйба талап кылынышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө айыз гигиена каражаттары – бул этек кир учурунда канды сиңирип алуучу эле нерсе эмес, ошондой эле кыздардын жашоосун жеңилдетип, ыңгайлуу кылуунун бир жолу. Азыркы гигиеналык буюмдардын ассортиментинен ар бирөө баасына, ыңгайлуулугуна жана экологияык коопсуздук жагына карап өзүнө эң ылайыктуусун тандай алат.
Негизгиси: Көп жолу колдонулуучу көөктөр (же жалаякчалар) ич кийимдин ичине орнотулат жана ар кандай материалдардан жасалышы мүмкүн: полиэстер, пахта, органикалык пахта, термопластика жана башкалар. Бир жолу колдонулуучу көөтөрдөй сыяктуу эле, көп жолу колдонулуучулар да ар кандай сиңирүү деңгээлде жана өлчөмдөрдө болот.
Артыкчылыктары: Заманбап чечимдерге караганда экологияга көбүрөөк көңүл бурат; үнөмдүү, анткени материалдарды ай сайын сатып алуунун кереги жок; запастар эч качан түгөнбөйт жана дүкөнгө баруунун кереги жок; аларды сактоо да оңой. Кээбир аялдар табигый заттардан жасалган көп жолу колдонулуучу көөктөр сезимтал териге жагымдуу экенин айтышат.
Терс жактары: Башында баасы жогору болушу ыктымал; күндө жуубаш үчүн бир нече көөк сатып алууга туура келет; кээ биррөөлөр бир жолку көөк менен салыштырганда нымдуураак болушун айтышат; коомдук жайларда которуу ыңгайсыз болушу мүмкүн; кээ бир көп жолу колдонула турган каражаттардын ич кийимге жабышпай жылып кетиши ыктымал.
Негизги көйгөй: Кездемелерди боёо жана пигменттөө үчүн колдонулган көптөгөн процесстер айлана-чөйрөгө зыяндуу экени белгилүү. Кадимки пахтанын өсүшү үчүн пестициддер колдонулат да кийин кездемелерде калып калышы ыктымал, ал ошондой эле өсүү, тазалоо, агартуу убагында көп сандагы суу талап кылат. Бул экосистемага зыян.
Башка көйгөй: Полиэстер жана термопластик сыяктуу синтетикалык материалдар тез эле бузулбагандыктан, пластик менен булганууга өбөлгө түзөт. Бирок, бул каражаттар бир жолу эле колдонулбагандыктан, алар таштанды полигонго бара электе, жок дегенде, кайра-кайра, кээде көп жылдар бою колдонулат.
Негизгиси: Бул эң көп таралган жана колдонулган каражат болуп эсептелет. Көөктө пахтадан жасалгандай сезилиши мүмкүн, бирок алар рэйондон (синтетикалык волокно – табигый целлюлозаны иштетүүдөн алынган жасалма волокно) ошондой эле жарым-жартылай акрилден, пластмассадан жасалган Супер Абсорбент Полимерлерден (SAPs) жасалат.
Артыкчылыктары: Ич кийимге чапталат; уулуу шок синдромунан коркпой, узак убакыт бою (түнү) колдонсо болот; тазалоо талап кылбайт; адатта агуулардан ишенимдүү коргойт.
Терс жактары: Кээ бир көөктөр басканда үн чыгарат; нымдуулук сезими болушу мүмкүн; баасы жогору, анткени каражатты ай сайын сатып алуу керек; физикалык машыгуу сыяктуу иш-аракеттер үчүн чектөө болушу мүмкүн; көөктөр тыкыс кийим аркылуу көрүнүп калышы мүмкүн. Сууда сүзүү, албетте,болбойт!
Негизги көйгөй: Заманбап жалаякчаларда кадимки агартуу ыкмалары колдонулган. Диоксиндер жана фурандар агартуу процессинин жалпы кошумча продуктулары болуп саналат. Алар рак, эндокриндик системанын бузулушу жана репродуктивдүү уулануу менен байланышкан.
Башка көйгөйлөр: Курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири. Пластик адатта синтетикалык булалардан жана жарым-жартылай пластикалык SAPлардан жасалгандыктан, пластмасса чөйрөдө оңой чирибейт, бул пластиктин булганышына өбөлгө түзөт. Пахтадан жасалган көөктөр жыпар жыттуу заттар жана пестициддердин калдыктарын камтышы мүмкүн. Бир жолку колдонулуучу ар кандай продуктулар сыяктуу эле, органикалык көөктөр деле пластикалык таңгактардан жана таштанды полигондоруна кошкон салымдарынан улам айлана-чөйрөгө кандайдыр бир таасирин тийгизет. Бирок, белгилей кетүү керек, органикалык көөктөр жөнөкөй көөктөргө караганда бир топ алдыда!
Негизгиси: Тампон канды сиңирүү үчүн ичине киргизилген жумшак, соргуч материалдан турат. Тампондор табигый материал сыяктуу жумшак сезилгени менен, кадимки тампондордун көбү чындыгында жасалма жибек сыяктуу (вискоза буласы) синтетикалык материалдардан турат жана пластик аппликаторлорду колдонушат. Табигый тампондордун көбү пахтадан же органикалык пахтадан жасалган жана биопластикалык же картон аппликаторлорун колдонушат.
Артыкчылыктары: Ыңгайлуу (коомдук дааратканаларда которуу, көтөрүп жүрүүгө оңой); адатта нымдуулук сезими жок; сууга түшсө болот.
Терс жактары: Уулуу шок синдромунун коркунучу бар (тампондор абдан ыңгайлуу болгону үчүн, алар жөнүндө унутуу оңой, бул уулуу шок синдрому коркунучуна алып келет); жаңы баштагандар киргизүүгө көнүү үчүн бир нече аракетти талап кылышы мүмкүн; кымбат, анткени каражатты ай сайын сатып алуу керек. Кээ бир адамдар тампондор ич карышмаларын күчөтөт дешет.
Негизги көйгөй: Көптөгөн тампондор жыпар жыттуу формулаларды камтыйт. Алар коммерциялык сыр мыйзамдарына ылайык, ачыкка чыкпоого тийиш болгон ингредиенттерди камтыйт. Ал ингредиенттер кандай химиялык заттардан турганын билүү мүмкүн болбосо да, көптөгөн жыпар жыттуу ингредиенттер эндокриндик системанын бузулушу, рак, аллергия жана теринин кыжырдануусу сыяктуу ден-соолук маселелери менен байланышкан.
Башка көйгөй: Кадимки тампондор курчап турган чөйрөгө чоң таасир тийгизиши мүмкүн (рэйон жана пластикалык аппликаторлор сыяктуу материалдардан улам). Уулуу эмес тампондор, албетте, адамдар үчүн жакшыраак болсо да, алар дагы эле айлана-чөйрөгө кандайдыр бир таасирин тийгизет (айрымдары пластикалык таңгактарды жана аппликаторлорду колдонушат; пахта өсүмдүктөрүндө сууну пайдалануу; полигон калдыктарына салым). Ошентсе да, алар кадимки тампондорго караганда бир топ жакшыраак!
Негизгиси: Менструалдык чөйчөктөрү кындын ичине киргизилет жана чөйчөккө кан чогултулат, андан кийин аны бошотуп, жууп/аарчып/чайкап жана кайра салууга болот. Менструалдык чөйчөктөр көбүнчө силикондон жасалат, бирок резинадан же термопластиктен да жасалышы мүмкүн. Чөйчөктүн өлчөмүнө жараша алар үч-алты тампонго барабар 30-60 мл кармай алышат.
Артыкчылыктары: Экологиялык жактан таза; ынгайлуу; акча үнөмдөө; тампонго караганда ашык убакытка калтырса болот (болжол менен 12 саат); сууга түшсө болот.
Терс жактары: Туура келген чөйчөктү табуу убакыт талап кылат жана дал келгенин табуу үчүн бир нече чөйчөктү колдонуп көрүш мүмкүн (бирок көпчүлүк компанияларда жардам бере турган өлчөмдөр боюнча көрсөтмөлөр бар); киргизүүгө жана алып салууга көнүү үчүн бир нече аракет керек. Эгерде сизде спираль бар болсо, чөйчөктү колдонуудан мурун дарыгер менен сүйлөшүү керек.
Негизги көйгөй: 100% медициналык класстагы силикон гана айыз чөйчөктөр үчүн ылайыктуу материал болуп саналат. Термопластиктердин курамында BPA жана фталат сыяктуу уулуу химикаттар болушу мүмкүн, алар денеге өтөт, ошондуктан пластмассаларды эч качан кындын ичине киргизүүгө болбойт.
Башка көйгөй: Биринчиден, боёксуз силиконду тандоо зарыл. Текстиль сыяктуу башка тармактардагы боёктор жана пигменттер айлана-чөйрөгө зыян болуп саналат жана силикондо колдонулган түстөрдүн уулуулугу боюнча жетиштүү изилдөөлөр жок. Кошумчалай кетсек, пигменттердин же боёктордун түстүү силикондон жуулуп кетүүсү жөнүндө изилдөөлөр өтө аз
Экинчиден, эч кандай уулуу химикаттарга дуушар болбош үчүн чөйчөктү туура тазалаш керек. Ай сайын колдонуудан мурун, бул каражатты терең идиште 5-10 мүнөт кайнатып алуу зарыл. Колдонуу учурунда көпчүлүк чөйчөк жасоочулар аны бошоткон сайын самын жана суу менен жууп турууну сунушташат. Зыяндуу ингредиенттери жок самындарды, айрыкча боёктору, парабендерди, жыпар жыттуу заттары, триклозан сыяктуу микробго каршы заттары жок каражаттар колдонулсун. Кындын белгилүү бир рН бар экенин унутпоо зарыл, ошого өтө кычкылдыгы жогору болгон каражаттарды колдонбо.
Негизгиси: Айыз ич кийими, канды сиңирүүгө арналган ич кийим. Алардын ар кандай сиңирүү даражасы бар - кээ бирлери оор агууларга, башкалары жеңил агууларга же башка айыз каражаты менен колдонуу үчүн иштелип чыккан.
Артыкчылыктары: Экологиялык жактан таза; сооронуч; акча үнөмдөө (бир жолу сатып алып көпкө колдонсо болот); уулуу шок синдрому жок, узак мөөнөткө кийилет.
Терс жактары: баасы жогору; бир нече жуп ич кийимге инвестициялоо керек; кээ бир адамдар тампонго караганда нымдуураак сезгенин айтышат; коомдук жайларда которуу ыңгайсыз болушу мүмкүн; суу спортуна тыюу салынган.
Негизги көйгөй: Айыз ич кийими адамдын чачынын энинен 1000 эсе кичине болгон микроскопиялык бөлүкчөлөр болгон нанобөлүкчө күмүштү камтышы мүмкүн. Күмүш нанобөлүкчөлөрү айыз ич кийимге антибактериалдык касиеттеринен кошулат. Эгерде бул бөлүкчөлөр кынга кирсе, алар кындын ичиндеги жакшы бактерияларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн, бирок буга көбүрөөк изилдөө керек.
Башка көйгөй: Кээ бир айыз ич кийимде синтетикалык кездемелерди колдонушат, алардын көбү негизинен пластмассадан жасалган жана айлана-чөйрөдө бузулбай, пластик менен булганышына өбөлгө түзөт. Көптөгөн синтетикалык кездемелерден микрофибра, микроскопиялык жипчелер жуулуп жатканда бөлүнүп чыгып, айлана-чөйрөнү булгап, суу жаныбарларына жана деңиз азыктарын жеген адамдарга зыян келтириши мүмкүн.
Кындын "дем алышы" да маанилүү (бул бактериялык инфекциянын ыктымалдуулугун азайтат), ошондуктан пахта же кара куурай сыяктуу дем алуучу кездемелер ылдый жак үчүн пайдалуу.
Жогорудагы каражаттардын кайсынысы туура экенин түшүнүү, тажрыйба аркылуу гана мүмкүн. Ар кандай варианттарды сынап көргөндөн кийин, көптөгөн ыкмаларды бириктирип, жакшы чечим таба аласың. Мүмкүн: коомдук жайларда тампондор жана үйдөайыз ич кийими; түн үчүн көп жолу колдонулуучу көөктөр , күндүзү болсо чйчктөр! Пластиксиз таңгактагы продукцияларды сатып алууга аракет кыл!