Эркек денеси боюнча туториал

Жыныс мүчѳсү

Кишинин денеси жѳнүндѳ айтып берүүнү улантабыз. Бүгүн эркектин эӊ кѳрүнүктүү жыныс органы — жыныс мүчѳсү жѳнүндѳ сѳз кылабыз. Ал — пенис да, кѳптѳгѳн эвфемизмдер да, ал тургай уят сѳздѳр дагы. Биз болсо медициналык терминдер менен чектелебиз.

Пенис — бардык маанисинде кѳрүнүктүү орган болсо да, аны тышкы орган катары гана мүнѳздѳѳгѳ болбойт. Анын түпкү бѳлүгү, же тамыры дененин ичинде орун алып, жамбаш чарасынын дубалына жабышып турат. Пенистин түпкү бѳлүгүнѳ уретра кирет. Заара менен сперма денеден ал аркылуу чыгат. 

Органдын тышкы бѳлүгү башы менен тулкусунан турат. Ичинде узун үч камера же түтүкчѳ бар. Алардын бири — бизге белгилүү болгон уретра. Бул дубалдары губкага окшош ткандан түзүлгѳн түтүкчѳ, ошондуктан аны губка сымал тело деп аташат. 

Мүчѳнүн уч жагынан бул ткань кеӊейип, мүчѳнүн тешиктүү башын пайда кылат. Заара менен урук суюктугу сыртка ошол тешиктен чыгат. Губка сымал ткань эрекция абалында дагы жумшак жана ийкемдүү бойдон калат.   

Калган эки түтүкчѳ каверноздук (үӊкүрлүү) телолор деп аталат. Бул камераларда эркек дүүлүгүү абалына келгенде кан толо турган кѳӊдѳйлѳр кѳп. Муну менен бирге, камералардын ѳзү жука, бирок бекем чел кабык менен капталган. Ошондуктан алар катуу абалга келип, кандын толушу менен кѳлѳмү чоӊойгон пенис катуу болуп калат. Бул түтүктѳрдү, кан тамырларды жана артерияларды ткандардын бир нече катмары менен жука, сезгич тери каптап турат.

Белгилүү болгондой, пенис — эркектин денесинин эротикалуу стимуляцияга карата эӊ сезгич болгон бѳлүгү. Аны стимуляциялоонун кѳп ыкмалары бар: кол, секс-оюнчуктар, эриндер менен козгоого болот. Мында эркектердин каалоосу индивидуалдуу мүнѳзгѳ ээ. Ошондуктан ырахатка батуу үчүн ѳнѳктѳштѳрдүн ортосундагы байланыш абдан маанилүү: байланыш болгондо гана туура чекиттерди табуу же ѳз убагында жагымсыз таасир этүүнү токтотуп калуу мүмкүн.

Калта

Эркектин экинчи тышкы жыныс органы — бул калта. Ал пенистин ылдый жагында жайгашкан, ичинде калтанын маанилүү түзүүчүлѳрү болуп эсептелген эки эн бези бар.

Эркектин эн бездери сперматозоиддерди стандарттуу Цельсий боюнча 36,6 градуста эмес, 33-34 градуста иштеп чыгат. Дененин ичинде сперматозоиддер үчүн абдан ысык болмок. Ошондуктан эн бездери аялдардын энелик безинен айырмаланып, сыртта — тери менен тосмолуу булчуӊдан турган баштыкчанын, тактап айтканда калтанын ичинде жайгашкан.

Кызыктуусу, эгер калтанын тегерегиндеги температура түшүп кетсе, эн бездерин кѳтѳрүп турган булчуӊ (Musculus Cremaster) менен калтанын жылмакай булчуӊдары жыйрылып, эн безин денеге жакын жылдырат да, ѳзү бүрүшүп, кичирейе түшѳт. Ошондой эле тескерисинче, сыртта температура жылуу болсо, булчуӊдар бошоӊдоп, эн бездери денеден алыстап, ылдый түшѳт.

Калтадагы эн бездери симметриялуу жайгашкан эмес: адатта алардын бири, кѳбүнчѳ сол жактагысы, экинчисинен бир аз ылдыйраак болот. Натыйжада эн бездери бири-бирин кыспайт. Дененин репродуктивдик функциясына эн бездери кандайча катыша тургандыгы жѳнүндѳ кийинки посттордо кененирээк айтып беребиз. 

Кошумчалай кетчү нерсе, калта дагы эрогендик зоналардын бири катары абдан сезгич келет. Мында баары индивидуалдуу: кимдир-бирѳѳ үчүн акырын эле сылап коюу жагымсыз сезилсе, башкаларга катуу кармалоо жагат. Ошондуктан дененин бул бѳлүгүн стимуляциялоого киришүүдѳн мурун ѳнѳктѳштѳн ага кѳбүрѳѳк эмне жагарын билип алуу маанилүү. Калтаны толгоого болбойт: оӊ эн бези менен сол эн безинин ордун алмаштыруу ѳтѳ кооптуу. Травма алынышы мүмкүн.

Эн бездери жана анын кошумчалары (эпидидимис)

Эркектин организминде жыныс органдары ар кандай функцияларды аткарышат. Бирок баары теӊ сексуалдык ырахатка караганда кѳбүрѳѳк тукумдоо менен байланыштуу болсо керек.

Ошондуктан репродуктивдик системанын бул бѳлүгү боюнча обзордук каттам — сперматозоиддин ѳзүнүн биологиялык милдетин аткаруу үчүн ѳткѳн жолу.

Эркек гаметасы эн бездеринин биринде пайда болот. Ѳспүрүм курактан баштап, алар күн сайын мындай клеткаларды миллиондоп чыгарат. Мында эн бездери— бул жѳн гана калтадагы эки жумуртка эмес. Алардын ар бири шынаа же пирамидага окшош 100–300 камерага бѳлүнгѳн. Камералардын ар биринде экиден тѳрткѳ чейин ийрилген урук түтүкчѳ бар. Бул түтүкчѳлѳрдүн тегерегинде тестостеронду бѳлүп чыгарган клеткалар жайгашкан. Тестостерон гормону сперматозоиддерди иштеп чыгууну ѳбѳлгѳлѳйт.

Жакын эле жерде сперматозоиддер пайда болгон сѳӊгѳк клеткалар бар. Бир сперматозоиддин калыптануусу эки-үч айды түзѳт.  Пайда болгон, бирок жетиле элек сперматозоиддер урук түтүкчѳлѳрү аркылуу эн безин бир тарабынан курчап турган кошумча безге барат.

Ал жерден сперматозоид бир нече ай бою ѳрчүп, ийри түтүгүнүн ичинен жылып жүрѳт. Жетилген соӊ, урук чыгаруучу түтүккѳ чыгып, эякуляцияны күтѳт.

Урук чыгаруучу жолдор жана уретра

Эркектин репродуктивдик системасындагы сперматозоиддин саякаты жѳнүндѳгү мурунку бѳлүмдѳ биз эн бездери менен кошумчалары тууралуу айтып бергенбиз. Эн бездеринде жетилген гаметалар кошумча бездерге барып, ошол жактан ѳрчүп жетилет да, эякуляцияны күтүшѳт. Бул бир күнгѳ, бир жумага, кээде бир айга чейин созулушу ыктымал. Андан аркысы абалга жараша болот. Эякуляцияны кѳпкѳ чейин күтѳ берсе, сперматозоиддер карып, ѳлүп жок болушат.

Ал эми секс ишке ашса, анда сперматозоидди сыртка чыгуунун «Америка адырлары» аттракционун элестеткен укмуштуудай маршрут күтүп турат.   Мындагы адырлар — урук чыгаруучу жолдор. Бул жолдор эн бездеринин кошумчаларынан башталып, табарсыкты айланып ѳтүп, жогору чыгат да, простата безинен бүтѳт. Ал жерден заара чыгаруучу каналга — уретрага кошулат.

Эякуляция учурунда урук чыгаруучу жолдордун дубалдарынын жылмакай булчуӊдары жыйрылат — жана «сигналды» күтүп турган сперматозоиддер жол менен барып, уретрага агып чыгат. Ал жерден жыныстык клеткалар жыныс мүчѳсү аркылуу анын ички бѳлүгүнѳн башындагы тешикти карай  жылат.

Эякуляцияда бир нече секундага созулган 3-4 түртүм менен уретра аркылуу 3 миллилитрден 5 миллилитрге чейин сперма чыгат. Бул болжол менен 120–600 миллион сперматозоид. Ошончо сперматозоиддин ичинен бирѳѳ гана, мыктылардын мыктысы (же ийгиликтүүлѳрдүн ийгиликтүүсү) энелик клетканы таап, аны уруктандырат.

Простата, урук ыйлаакчалары жана бульбоуретралык бездер — же болбосо үч сыйкырчы жолоочуну сапарга кантип даярдашат

Сперматозоиддердин энелик клеткага карай жолунун татаалдыгы тууралуу кѳп эле жолу айтып бергенбиз.

Ошентип, сперматозоид эркектин организминен уретра — бир бѳлүгү пенистин ичинде жайгашкан заара чыгаруучу канал аркылуу чыгат. Бирок аталган канал адатта денеден заараны чыгаруу үчүн колдонулат, андыктан анын ички чѳйрѳсү кычкыл болот. Ал эми гаметалар үчүн бул жагымсыз чѳйрѳ. Мындан тышкары, сперматозоиддерди алдыда кыйын жол күтүп турат. Алар бул жолдон ѳтѳ тез ѳтүп кетүүсү жана алсызданып, ѳлүп калбоосу зарыл. 

Сперматозоиддерге бул кыйынчылыктарды жеӊүүгѳ эркектин жыныстык системасынын үч органы жардам берет. Аларга бульбоуретралык бездер, урук ыйлаакчалары жана простата (простата бези) кирет. Аталган органдардын ар биринин ѳзүнѳ таандык функциясы бар. Биз метафоралык түрдѳ алардын аткарган жумушун «үч сыйкырчы жолоочуларды – сперматозоиддерди сапарга даярдашат» деп сыпаттоону чечтик. 

Биринчи сыйкырчы жолоочуларга коргоону камсыздайт.  Бульбоуретралык бездер эякуляцияга чейинки суюктукту — түссүз иллээшкек суюктукту бѳлүп чыгарат. Анда заара чыгаруучу каналдагы кычкылды нейтралдаштыруучу щёлочь бар.

Экинчи сыйкырчы жолоочуларды жолдо бара жатып алдан тайбасын деп азык менен камсыздайт. Урук ыйлаакчалары — ыйлаакчалардан пайда болгон 10–12-сантиметрлик түтүкчѳлѳр — эркек гаметалар үчүн энергия булагы катары кызмат кылган фруктоза эритмесин иштеп чыгат.

Үчүнчү сыйкырчы жолоочуларга тийиштүү жерге жетип алуулары үчүн аттарды берет. Простата бези сперматозоиддер менен чогуу сперманы пайда кылып, алардын алгач уретрадан жылуусун, андан соӊ — кындын ичине кирүүсүн камсыздаган ак суюктукту бѳлүп чыгарат.

Мына ушундай кооз сыпаттоодон кийин простата — бул аткарган функцияларынан тышкары, стимуляцияга жооп кайтарган эрогендик зона экенин дагы белгилѳѳгѳ болот. Ошентсе да, мындай стимуляцияга ѳнѳктѳштүн макулдугун алуу маанилүү экенин биз ар дайым айтып келебиз. Себеби бардык эле эркектер мындай аракетке даяр боло бербейт. 

Булак: Двор Медиа.