Эмне үчүн кичүү бир туугандар байкелери менен эжелеринин кыжырын келтиришет
Эжесинин бөлмөсүнүн каалгасы ачык, бирок ал кетип жатып жаап кеткени эсинде. Бөлмөсүнө жакындаганда «Аа, тиги тентек же апам кийимдеримди алып киришсе керек!», — деген ой келет. Киргенде шкафындагы футболкалары чаржайыт, джинсыларынын орду алмашып калганын, гитарасынын каптамасыз жерде, ал эми жасалга буюмдары керебетинин үстүндө чачылып жатканын көрөт. Столду караса, үстүндө турган фломастерлер менен карандаштар жок, эң башкысы — блокноту ордунда жок. Ал ошол үчүн кайтып келген болчу.
Кыздын ачуусу келип, беш жаштагы сиңдисин издей баштайт — бөлмөсүнүн абалына караганда, бул тартипсиздик – дал ошол сиңдисинин кылганы. Бөлмөсүнө уруксатсыз кирбөөнү, буюмдарын албоону канча жолу суранган. Ал тургай ата-энесине да арызданган, урушкан, кыйкырган – баары натыйжасыз. Кичинекей сиңдиси сурабай туруп анын бөлмөсүнө кирет, буюмдарын алат. Мунун баарын эжесинин жинине тийүү максатында кылып жаткандай.
Кыз сиңдисин таап, блокнотун ал алганын көрөт. Алганы аз келгенсип, ага мышык, ташбака жана өзүнчө барактарына бир нече бегемот тартып коюптур. Блокнот анын эң жакшы көргөн буюму болуп, ага жүрөктө сактаган сырларын жазып жүрчү да. Буюмун сиңдисинин колунан жулуп алды. Сүрөттөрүн тартып бүтө элек кичинекей кыз ыйлай баштады. Анын чаңырганын угуп, атасы чуркап келди да, «Дагы ыйлаттыңбы! Эси жок баладан дептериңди аяп жатасыңбы?! Эжелигиңди көрсөтүп, берип эле кой да!».
Эгер сүрөттөлгөн абалдан ачууңуз келсе — демек, бул абал сизге тааныш. Үй-бүлөнүн улуу балдарына кичүүлөрү ыңгайсыздык жаратканынын себептери ого эле көп. Кичүү сиблингдердин жиниңизге тийүүсүнүн негизги себептеринин бири – алардын иш-аракеттери же провокациялары. Бөбөгү улуу бир тууганынын буюмун бузуп же сындырып салса, албетте бул кылыгы ага жакпайт.
Кээде балдар балалыгын кылат: алар менен келишүү кыйын, жагымсыз аракеттерге барат, тажатат, айтканды укпайт, ызы-чуусу көп болот. Ушулардан улам өтө жакшы коңшу боло алышпайт. Кичине балдар контактка баруу үчүн же кандайдыр бир сезимдеринен улам ар кандай манипуляциялар менен амалдарды колдонушат, ал эми алардын мындай жоруктары улуу бир туугандарына жакпай, алардын ачуусун келтирет.
Кыжырдануунун дагы бир себеби — ата-энеси тарабынан колдоо көрсөтүлбөөсү. Ата-эне балдарынын ортосундагы мамилеге кийлигишип, аларды жөнгө салууга аракет кылышат, алар улуу баласын/кызын укуктарынан кемсинтиши же анын кандайдыр бир сезимдерин барк албашы мүмкүн. Маселен, «Ага эмне жинденип жатасың? Ал азырынча кичине да, эч нерсени түшүнбөйт!» сыяктуу сөздөр буга мисал боло алат. Эгерде ата-эне улуу баласынын/кызынын бөбөгүнө карата сезимдерин көрсөтүүсүнө же айтуусуна мүмкүнчүлүк бербесе, мындай мамиле анын ачуулануусуна жол ачат да, түшүнүүгө жана колдоого ээ болбогон сезимдер күчөйт. Үй-бүлөдөн бирөө «Ооба, туура айтасың, кыйкырыгы кыжырды кайнатат», — деп айтса, балким улуу баласы бир аз да болсо жеңилдеп калмак.
Үчүнчү себеби — кичүү бир тууганы үчүн жоопкерчиликти улуусуна жүктөө. Ата-эне улуу баласына/кызына бөбөгүн карап турууга, сыртка чыгып сейилдеп келүүгө, аны менен ойноого тапшырма беришет. Бирок мындай өтүнүчтөрдүн да чеги болот эмеспи. Ошентип, улуусуна ал каалабаган милдет же колунан келбей турган жоопкерчилик жүктөлүп калат.
Төртүнчү себеп — кызгануу. Ал кырдаалга жараша, ар кандай формада байкалышы мүмкүн. Мисалы, үй-бүлөдө экинчи наристе жарыкка келген учурда, улуусунун макамы өзгөрөт — эми ал жалгыз бала эмес, ата-энеси менен жакындарынын ага болгон сүйүүсү, кам көрүүсү мындан ары экиге бөлүнөт. Улуу баланын абалынын мындай өзгөрүшү ага жакпашы мүмкүн.
Посттордун бул сериясында үй-бүлөнүн улуу балдары менен алардын бөбөктөрүнүн курактык өзгөчөлүгүндө чоң айырма — бири кичине бала, экинчиси – өспүрүм болгон учурлар тууралуу айтып беребиз. Мындан тышкары, кыжырдануунун себептери жана кичине бөбөгү жинин келтирген учурда эмне кылуу керек экендиги тууралуу кененирээк маалымат беребиз.
Кызганыч кайдан жаралат?
Бир туугандардын ортосундагы кызганыч — кадимки эле табигый көрүнүш. Кээ бир канаттуулардын уясында эки балапан болсо, улуусу кичүүсүн өлтүрүп коет. Мисалы кара шумкарларда ушундай. Адамдарда сиблингдер да ата-эненин көңүлүн өзүнө тартуу үчүн кадимкидей эле күрөшүшөт. Бирок жаныбарлардагы ресурс үчүн күрөш менен адамдардагы кызганычтын ортосунда айырма бар.
Алгач, кызганыч эмне экенин карап чыгалы. Кызганыч тууралуу кеп кылганда, адамдар көп учурда аны ичи тардык деп түшүнүшөт, тескерисинче, ичи тардыкты кызганыч менен алмаштырышат. Бирок психологдор эки эмоциянын ортосунда чоң айырмачылык бар деп эсептешет.
Ичи тардык да, кызганыч да көп составдуу эмоциялар. Ичи таруу — бизге бир нерсе — башка бирөөндө бар кандайдыр бир жеке сапат же объект жетишпей жатканда пайда болгон эмоция. Ал толук баалуу эместик, көксөө, таарыныч жана жактырбоо сезимдери менен коштолот.
Кызганыч — социалдык өз ара аракеттешүүдөн келип чыккан жана кимдир-бирөө же бир нерсе өзгөчө мамилелерге кооптонуу жараткан учурда пайда болгон татаалыраак эмоция. Кызганыч — бул жоготуп алуу коркуусу, ишенбестик, тынчсыздануу жана ачуулануу. Адамда же жаныбарда кызгануу сезими болуусу үчүн алар мамилелердин маанилүүлүгүн түшүнө билүү боюнча когнитивдик жөндөмдүүлүккө ээ болуу менен бирге, өздөрү үчүн потенциалдуу коркунучтарды баалай алышы керек. Ушул себептен улам, окумуштуулар адамдар жана приматтардын айрым түрлөрү гана чындап кызганууга жөндөмдүү экенин белгилешет. Биз дал ушул кызганыч тууралуу айтып берүүнү чечтик.
Кызганыч боюнча аткарылган изилдөөлөрдүн көпчүлүк бөлүгү романтикалуу мамилелерге арналса да, бул сезим башка абалдарда деле, мисалы, достордун, кесиптештердин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда келип чыгат. Адам баласында кызгануу сезими эрте жаштарда эле пайда болорун кээ бир изилдөөлөр көрсөткөн. Мисалы, 2022-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө алты айлык 32 бөбөк катышкан. Алардын апалары наристелерине көңүл бурбай, реалисттик куурчакка китеп окушкан же алар менен ойношкон. Ошол учурарда бөбөктөрдүн активдүүлүгү жогорулаган — бул болсо алты айлык куракта эле кызганычтын алгачкы формалары пайда болорун түшүндүрөт.
Ошентип, улуу баласынын/кызынын кызгануусунун себеби эмнеде болуу мүмкүн? Сиблингдерге байланыштуу айта турган болсок, анда улуусу кичүүсүндө болгон нерсенин же мурда өзү гана ээ болуп келген нерсенин азыр анда да болуусун каалашы мүмкүн (мисалы, ата-энесинин ага да көңүл бурушу, колдоосу, сүйүүсү). Улуу баласы/кызы ата-энесинин бөбөгүнө көбүрөөк көңүл бөлүп жатканын көрүп, «Мага мынчалык көңүл бурушчу эмес! Ата-энем мен үчүн муну кылган эмес! Буларга менин сабактарымды окуганым жана үйдү жыйнаганым эле кызык!».
Ата-энелер балдарынын өз ара аракеттешүүсүнө кийлигишкен, маселен, кичүүсүнүн пайдасына чечим чыгарган учурлар да болот. Же болбосо, кичүүсүнүн артыкчылыгын белгилеген сөздөрдү айтышат: «Бул сенден кичүү — макул болуп кой да. Сен чоңсуң, бөбөгүңө камкордук кыл». Кичүү бөбөгү байкесинин/эжесинин буюмуна зыян келтирген, же болбосо аны таарынтып койгон учурда деле ата-энесинин ага болушуп жатканын көргөн улуу балдар мындай мамилени түшүнө албай, аларда жагымсыз сезимдер пайда болот.
Сиблингдердин ортосунда кызганыч таптакыр жок болгон үй-бүлөлөр да бар. Бул негизинен ата-эненин улуу балдарына жасаган мамилесинен – кичине баласы бар экенине карабай, канчалык деңгээлде ага камкордук көрсөтүп, жашоосуна кызыгып туруусунан көз каранды. Ата-эненин түрдүү курактагы балдарына бирдей даражада көңүл буруп, кам көрүүгө алы жетпеши мүмкүн. Болжол менен бирдей курактагы сиблингдердин ортосунда мындан улам атаандаштык пайда болушу ыктымал, анткени алар дээрлик бирдей абалда.
Ал эми балдардын курактык өзгөчөлүгүндө чоң айырма болгон учурда, улуусу үчүн жеңилирээк болот, анткени бөбөгү менен жеке буюмдарын бөлүшүү зарылдыгы келип чыкпайт. Мисалы, ага бөбөгүнүн паровоздору, машиналары, куурчактары, топтору кереги жок, апасынын аны менен сейилдөөгө чыгуусу да зарыл эмес. Башкача айтканда, кичүүлөрү менен улууларынын муктаждыктары түрдүүчө көңүл буруулар менен канааттандырылат. Анткен менен, үйдө өзүнөн кичине бөбөгү пайда болгондо, улуусунда ага көңүл бурулбай кала турганына байланыштуу тынчсыздануу келип чыгышы мүмкүн. Кийинки бөлүктөн мындай кооптонууну кантип жеңип чыгууга боло тургандыгы жана жалпы эле кызганыч абалында эмне кылуу керек экендиги тууралуу айтып беребиз.
Кызганычтан кантип арылууга болот?
Кызганыч — өзү эле жагымсыз сезим. Кызганычтын өзүнөн сырткары, мындай сезимге кабылганыбыздан улам бизде тынчсыздануу да жаралат. Кызганычтын жакшы эмес экенин, мындан арылуу керектигин, мунун өзү – туура эмес экенин билебиз. Ата-энени кичүү бир тууганыбызга же болбосо ага байланышкан кандайдыр бир башка себептерден улам кызгануу — туура эмес экенин түшүнүү абдан маанилүү.
Кызганган баланы жаман деп айтууга болбойт. Бул тек гана башка баланын – мында бөбөгүнүн – анда жок (же жоктой сезилген) нерсеге ээ экенин, ошол нерсени ал да алууну каалаганын билдирет.
Үй-бүлөдө бөбөк пайда болгондон бери ата-эне улуусуна мурункудай көңүл бура албай калат. Себеби адамдын балдары, өзгөчө кичинекей наристелер, ата-энесинен өтө эле көз каранды болушат. Бөбөктүн негизги физиологиялык муктаждыктарынын канааттандырылышын дайыма көзөмөлдөп туруу зарыл, анткени аларды бөбөк өз алдынча камсыздай албайт. Ал убагында уктап, убагында тамактанып туруу керек. Мындан тышкары, бир жерин оорутуп албасын деп, үзгүлтүксүз аны көзөмөлдөп туруу талап кылынат. Мунун өзү эле ата-эне үчүн жоопкерчиликтүү жана оор милдет. Булар менен катар эле, балдарынын психологиялык муктаждыктарынын да канааттандырышы маанилүү.
Ооба, кичүү бөбөккө көбүрөөк көңүл бурулат. Эгерде улуусу өзүндө кызгануу сезими жаралганын баамдаса, анда өзүнө өзү ачууланбай, эмне жетишпей жатканын аныктап көрүүгө аракет кылуусу зарыл. Улуу баласы чоң болсо деле өзүн кичине баладай сезгиси келип кетиши ыктымал: мисалы, апасын көбүрөөк кучактагысы, анын алдына жатып, эркелегиси келет. Башкача айтканда, улуусу ата-энесинин көңүлүн өзүнө бурдуруш үчүн аң сезимсиз түрдө кичине баладай алып жүрүү мүмкүн. Бул кадыресе көрүнүш.
Ата-энеге өзүнүн сезимдерин ачык айтып, алар менен сүйлөшүүгө аракет кылып көргөн жакшы. Алардын жетишпеген мээримин толуктоо үчүн бирге убакыт өткөрүүнүн ар кандай формаларын, маселен, үй-бүлө менен чогуу көбүрөөк сейилдөө, дүкөнгө чогуу баруу, кечки тамакты бирге даярдоо сыяктуу активдүүлүктөрдү ишке ашырса болот. Биз мындай оор эмоциялар менен сезимдерди башыбыздан өткөрүп жатканыбызды ата-энебизге оңой менен айта албашыбыз мүмкүн. Анда көңүл буруунун жетишсиздигин өз алдынча толуктоого аракет кылып көргөн оң: мисалы, апабыз менен бир жерде көбүрөөк чогуу болуу, ага жардамыбызды сунуштоо, атабызды сейилдеп келүүгө чакыруу ж.б.
Кээде кызганыч менен таарыныч бизде ата-энебиздин бөбөгүбүзгө жакшыраак мамиле кылып жаткандыгы тууралуу ой жаратышы ыктымал: «Аны бапестеп карап, эркелетишет, мага болсо кыйкыра беришет» деп ойлошубуз мүмкүн. Фактыларды текшерип чыгуу маанилүү. Ата-энебиз бизге чынында кандай мамиле кылып жатканын башка кишинин көз карашы менен карап жана түшүнүп чыгуу биз үчүн өтө эле кыйын болгондуктан, мындай ойлор кабылдоонун бурмаланышы болуп калышы ыктымал.
Үй-бүлөңдө дагы бир бөбөк пайда болгон учурда, сенин баалуулугуң төмөндөп, ата-энең үчүн маанилүү эмес болуп калгандай сезилиши мүмкүн. Мындай абалда жеке баалуулугуңду таап чыгып, өзүңө төмөнкүдөй суроолорду узатсаң болот:
Эгер мүмкүнчүлүк бар болсо, ата-энең менен сенин абалың боюнча кандай ойдо экени жөнүндө сүйлөшүүң абзел. Кээде бөбөгүбүздү карап, ага камкордук кылып жатканыбыз үчүн ата-энебизден ыраазычылык сөздөрүн угуп туруубуз да маанилүү. Мындайча биз ата-энебиз үчүн гана эмес, кичүү сиблингибиз үчүн да маанилүү экенибизди түшүнө алабыз жана мамилелерибизде жаңы мазмун менен жаңы маани жаралат.
Кичүүлөргө улуулары кам көрүүгө милдеттүү болгондо, же эмне үчүн ата-энелер жоопкерчиликти улуу балдарга арта салышат
Агасы сүйүктүү оюнун ойноп отурат. Мектепте күнү кыйла эле оор болду: эки текшерүү иши, завучтун себепсиз эскертүүлөрү, алар аз келгенсип, классташтарынын жагымсыз комментарийлери. Андыктан, сабактарын даярдаган соң, кечки тынч жана жайбаракат оюн ага абдан жагымдуу жана татыктуу сыйлыктай сезилип жаткан эле. Бир убакта идиллияны төрт жаштагы карындашын көтөргөн апасы бузуп жиберди: «Шашылыш иштерим бар, карындашыңды карап турчу! Баары бир пайдасыз иш менен алектенип отурасың. Тамак асып койгом. Мен кеттим!». Бала бир нерсе деп айтууга үлгүргөн жок, апасы карындашын карматып, бөлмөдөн чыгып кетти.
Кичинекей карындашын же инисин бала бакчага же мектепке алып баруу, продлёнкадан алып кетүү, чачын өрүп берүү, тамак берүү, сейилдөөгө чыгуу, ойноо, кийим сатып берүү, аны менен отуруп туруу — көп учурда улуу сиблингдерге өздөрү суранбаган жана каалабаган милдеттер жүктөлөт. Бирок улуу балдарга жоопкерчиликтерди арта салуу менен ата-энеге жардам берүүнүн ортосундагы чекти кантип билсе болот?
Кичүү бала үчүн жоопкерчиликтин улуу балага жүктөлүшү — бул улуу баланын адатта ата-эне аткарган милдеттерди аткаруусу. Маселен, үч жаштагы бөбөк ыйлап жатса, атасы же апасы бошобой, улуусунан аны сооротуп коюусун, тарбиялоосун жана негизи эле жүрүм-турумуна кандайдыр бир таасир этүүсүн өтүнөт. Улуу бала ата-эненин ролун ойнобошу керек, кичүү бир тууганын тарбиялоо жана ага жашоо шарттарын түзүп берүү боюнча милдеттенме албашы керек. Бул чоңдордун милдети.
Балага жоопкерчиликти артуунун кыйыр формасы — ата-эне кичүү баласынын жүрүм-туруму менен сезимдери үчүн улуу баласын жооптуу кылат: «Аны эмне үчүн бөлмөңдөн кууп жатасың? Ал таарынат да! Анан биз көпкө тынчтанта албай убара болобуз!» Мындай учурда кичүү балдарда пайда боло турган сезимдер жана алар кандайча реакция кылып, иш-аракет аткара тургандыгы – өздөрүнүн иши. Ал эми ата-эне «Бөбөгүң кубанып калды, азаматсың!» деп айткан учурлар анча деле көп болбосо керек?
Ата-эненин жоопкерчиликти арта салуусунун себептери ар түрдүү болушу мүмкүн: чарчоо менен алсыздыктан көңүл коштукка чейин. Кээде ата-эне үчүн жагдайды изилдеп чыгуу жагымсыз же ыңгайсыз болушу ыктымал, ошондуктан өздөрү үчүн комфорттуу болбогон нерсе үчүн улуу баласын күнөөлөп койгон жеңилирээк: «Анан эмнеге боёкторуңду катып койгон жок элең? Эми дубалдын баары ала-була!».
Мындан тышкары, ата-энелердин баары эле сезимдерин башкара алышпайт, ошондуктан кичүү баласы ыйласа, улуусун урушуп койгон жеңил. Кээде ата-эне кичүүсүн бир нерсени түшүнүү үчүн өтө эле кичине, ал эми улуусун бардыгы үчүн өзү жооп бере алат деген ой менен, бардык жоопкерчиликти, анын ичинде иниси же карындашы үчүн жоопкерчиликти улуу баласына жүктөп коюшат. Бул аракет көп учурда чоңураак баланын жардамы менен жагдайды минималдуу күч-аракет жумшоо аркылуу чечүүгө умтулуу болуп саналат.
Эгерде чоңдор модератор катары катышып, абалды көзөмөлдөп турса, ал эми улуу баласы кол-кабышка тартылса – анда мындай абалды улуу баласынын ата-энесине жардамы катары кабыл алууга болот. Улуу баласына анын күчү жеткен гана жоопкерчилик берилиши керек. Мисалы, ал бөбөгүнүн өмүрү үчүн жооп бере албайт. Мындан тышкары, ата-энеси өспүрүмдүн каалоо-ниетин эске алууну жана аны менен мамиле түзүүнү билүүгө тийиш. Ага-эжелердин ата-энесине анча маанилүү эместей сезилген жеке иштери болушу мүмкүн. Бирок бул аларга көз жумууга же маани бербөөгө болот дегенди билдирбейт.
Кичүү баланы каралашууну уюштуруу — бул ата-эненин жоопкерчилиги. Атасы менен апасы улуу баласынан бөбөгүнө убакыт жана көңүл бурууну өтүнө алышат. Бирок бул жөн гана өтүнүч жана улуу баласы аны аткарууга тийиш эмес. Ал кичүү бөбөгү менен ойноого, аны карап отурууга жана негизи эле аны менен аракеттешүүгө милдеттүү эмес. Ата-эне балдары менен келишүү жолдорун билиши керек. Ал эми улуу баласына ашыкча жоопкерчилик жүктөп жатканын ата-эне түшүнбөгөн учурда эмне кылуу керек? Бөбөгү менен отуруп, аны карагысы келбей жатканын ата-энесине кантип айтса болот? Бул тууралуу кийинки постто айтып беребиз.
Ата-энеме бөбөгүмдү карагым келбей жатканын кантип айтсам болот?
Көп нерсе жагдайдан көз каранды — тилекке каршы, кээ бир ата-энелер менен келишүү таптакыр мүмкүн эмес. Эгерде ата-эне өздөрү тандап алган стратегия – натыйжалуу жана таасирдүү эмес экенин түшүнө алса, анда алар менен сүйлөшүүгө болот.
Сөздү жардамдын зарылдыгын моюнга алуудан баштоо мүмкүн: «Чарчап жатканыңарды түшүнүп турам, мен силерге жардам бергим келет». Анан кийин нааразылыктарыңар менен бөлүшсөңөр болот: «Бирок менен бөбөгүм менен кечке эле отура албайм, менин да иштерим, каалоолорум бар. Балким, алар силер үчүн маанилүү эместир, бирок мен күтүүсүз жеке пландарымды токтото албайм».
Ата-эне менен сүйлөшүү кыйынга турган учурларда эмне кылуу керек? Ата-энелерибиз бизге кулак салбаган же биз менен сүйлөшүүнү каалабаган учурларда интуициялык же аң сезимдүү каршы чыгуу формаларын колдонобуз. Маселен, улуу баласы бөбөгүн кароодон качып, мектептен кеч келиши ыктымал, же болбосо жеке иштерин бөбөгүнүн катышуусунда аткарышы мүмкүн. Жагдайды өзгөртүү мүмкүн болбогон учурда мунун жакшы жактарын таап, акырындап керектүү тарапты көздөй жылуу жана жеке позициясын коргоо талап кылынат.
Эмнени аткарууга даяр экенин жана эмнени аткарууга алы жетпей турганын салыштырып чыгуу маанилүү. Өзүн өзү колдоп, сооротуу зарыл. Маселен, иниси/сиңдиси/карындашы менен жакын жана бекем мамиледе болуу. Ошондой эле узак мөөнөттүү келечекке карата жакшы жактар менен пайдаларды ойлонуштуруп чыгуу: келечекте мени дайыма колдой турган бир тууганым бар ж.б.у.с.
Жеке сезимдерин баамдап, аларды чагылдырууну үйрөнүү зарыл. Эгер иниңиз сизди тээп жиберсе жана анын бул кылыгы сизге жакпай калса — албетте, ага ачууңуз келет. Бирок ата-энеңиз аны менен үйдо отуруп турууңузду суранса — бул анын күнөөсү же жоопкерчилиги эмес, ата-энеңиздики, андыктан мындай абалда ачууңузду кичүү сиблингиңизден
Кичүү сиблингдерди каалабоо — кадимки көрүнүшпү? Кичүү бир тууганың жөн гана кичинекей бала болгону үчүн жагымсыз болсо, ага карата жактырбоо сезиминен кантип арылса болот?
Үй-бүлөдө бөбөк пайда болсо, же болбосо аны күтүп жатышса, балдарда мындай жагдай ар кандай сезимдерди жаратышы ыктымал. Бөбөгү болушун каалабоо – кадимки көрүнүш. Биринчиден, баары эле кичинекей баланы жакшы көрө бербейт. Экинчиден, наристенин төрөлүшү үй-бүлөдөгү өзгөрүүлөрдү шарттайт. Ал эми мындай ойлор кооптонууну жаратышы ыктымал.
Айланадагы чоң кишилердин кичүү сиблингдердин болуусу эң сонун экендиги жөнүндө, мисалы, «Сен жалгыз болбой, чогуу ойной турган бөбөгүң болгону эң сонун да!» сыяктуу сөздөрү бул сезимдерди андан да күчөтүп жибериши мүмкүн. Чоңдор үчүн бул тукумду улантуу жагынан маанилүү, балким ушул себептүү алар жагымсыз сезимдерге көз жумушат же алар тууралуу ойлоп да коюшпайт. Ушундан улам жашоосунда өзгөрүүлөр келип чыга тургандыгынан тынчсызданган улуу бала өз сезимдери менен эмоцияларын туура эмес деп эсептеши мүмкүн. Негизи эле сезимдердин, өзгөчө жашоодогу мындай олуттуу жана жаңы жагдайларга карата бир маанилүүлүгү сейрек кездеше турганын түшүнүү зарыл. Ал тургай, наристе күтүп жаткан же аны жарыкка алып келген энеде дагы башкача сезимдер пайда болуп, алар дайыма эле байкала берейт.
Үй-бүлөдөгү өзгөрүүлөр жөнүндө тынчсыздануу — бул кадыресе көрүнүш. Биздин мындай чечимди кабыл алган ата-энебизге да, жаңы төрөлгөн бөбөгүбүзгө да ачууланып, кыжырыбыз келиши мүмкүн. Кабылдоо процесси мына ушундайча жүрөт. Кандай сезимдер болуп жатканын өзүбүз аңдап, моюнга алышыбыз керек. Албетте, сезимдер менен бөлүшө турган адамың болгондо аларды башкаруу кыйла жеңил болот эмеспи. Тынчсыздануулар жөнүндө ата-эне же кичүү сиблингдери бар достор менен сүйлөшүп көрүү да пайдалуу.
Эгер кишиде үй-бүлөдөгү өзгөрүүлөр эмес, жөн гана кичинекей бала менен аракеттешүүнү каалабагандыгы кооптонуу жаратып жатсачы? Мындан ары жанында өзүн өзү контролдой албаган, тазалыгы менен тыкандыгын көзөмөлдөөгө жөндөмсүз, андыктан кээде кыжырга тийиши мүмкүн болгон кичинекей адам жашай тургандыгына кантип көнсө болот?
Кичинекей бала жагымсыз сезимдерди жаратышы мүмкүн. Адамга бир нерсе жакпаса, бул дагы нормалдуу нерсе. Эгер ал баланын чимкиригин же башка физиологиялык суюктуктарын көрүүдөн жийиркенсе, жыттар жакпаса, дароо реакциясын өзгөртүүгө милдеттүү эмес. Ар бирибиздин сезимталдык босогобуз ар башка: бирине жийиркеничтүү болгон нерсе, экинчисинде мындай сезимди пайда кылбашы мүмкүн.
Жийиркенүү пайда болсо, бул менин жеке кемчилигим эмес экенин, баланы жек көрөм дегенди билдирбей турганын түшүнүү маанилүү. Ал башка сезимдерди да жаратышы ыктымал: жактыруу, кубануу, элжирөө, мээрим. Эң башкысы — бул сезимдер мени кандай аракетке түрткөнүн жана эмнелерди жасоого даяр экенимди байкоо. Баланы ыргытып жибергиси келгенге чейин жинденген учурда да мындай аракетке барууга болбойт. Акырын гана аны жаткырып, башка жакка четтеп кеткен оң.
Жийиркенүү – нормалдуу нерсе, бул кишинин бир нерсеге кабылууну каалабай турганын билдирет. Ошондой эле уулуу козу карынды жеп жиберүүгө жол бербөөчү же ооруларды жайылтуучулардан алыс жүрүүнү шарттоочу реакция. Жек көрүү сезимин пайда кылган адам менен бир бөлмөдө отуруу кыйын болуп жатса, бир аз сыртка чыгып, аба жутуп эс алып келген жакшы.
Жийиркенүүнү байкап, ага туруштук берүүгө аракет кылып көрсө болот. Муну толеранттуулукту пайда кылган эксперимент аркылуу жасап көрүү мүмкүн. Эгерде кичинекей баланын аракеттеринен бир нерсе же анын келбети жакпай жатса, анда өзүңөргө «Бул жерде 5 же 10 мүнөт отуруп, чыдап көрөйүнчү» деп айтып көрсөңөр болот. Мындайча акырындап кандайдыр бир нерселерге көңүл бурбоо көндүмүн иштеп чыгара аласыңар. Эгер муну аткаруу кыйын болуп жатса, башка бирөөнөн жардам сурасаңар да болот.
Жыйынтыктай турган болсок: бир туугандардын өз ара мамилелери ар түрдүү болушу мүмкүн, жана келечекте кандай болорун да алдын ала айтуу кыйын. Кичүү жана улуу бир тууган кичине кезинде көп урушуп жүрсө да, келечекте алардын ортосундагы мамиле эң сонун болуп чыга келиши мүмкүн. Эң негизгиси – мамилелердин үстүнөн иштей баштоо зарыл. Кемсинтүүлөр менен жийиркенүүлөрдү токтотууга умтулуу зарыл. Өз алдынча болуп, бир тууганы менен таасир этүү зоналарын белгилеп алуу маанилүү. Чоңойгондо кичине кездеги жашоону: драмалар менен чыр-чатактарды, бир эле абалды ар кандай кабылдаган учурларды бирге эстей турган жакын адамдын болгону жакшы. Бир туугандын болуусунда мына ушундай жакшы жакты таба алсаңар, анда жакшы. Бирок, ошентсе да бир туугандар мыкты дос болууга милдеттүү эмес.
Булак: Двор медиа