Сүрөт: Karolina Grabowska
Менструация, же болбосо айыз (дагы бир аты этек кир) - бул аял денесиндеги кадимки бир процесстин (менструалдык циклдын) бир бөлүгү.
Менструалдык циклдын ичинде сенин энелик безиңде тукум пайда болот. Ал тукум өнүккөн соң, фаллопиялык трубалардан жатынга барат, ал жерде тукумдаштырылбай калса, жатындын ички кабаты бөлүнүп, канап, сыртка менструация түрүндө чыгат. Менструалдык цикл кайрадан башталат.
Кээде менструация башталарда сенин организмиңде өзгөрүүлөр болот. Мисалы, эмчектин шишип, ооруганы; ичиңдин же белиңдин оорушу; бат чарчап, уйкуң келип, маанайыңдын начарлашы. Бул кадимки эле көрүнүш. Ошол күндөрү өзүңдү жакшы карап, жылууланып, оор көтөрбөй, көбүрөөк эс алганга аракеттен, бул сенин гормондоруңдун иштегенин көрсөтөт.
Гормондор – бул денедеги химиялык кабарчылар, алар түздөн-түз канга бөлүнүп, өз функцияларын аткаруу үчүн аларды дененин органдарына жана ткандарына алып барат.
Менструалдык цикл репродуктивдүү гормондордун (LH, FSH, эстрадиол жана прогестерон) ортосундагы өз ара аракеттешүү менен башкарылат, натыйжада фолликул өсөт (фолликулдар жумурткаларды камтыган энелик бездердеги суюктукка толгон баштыктар), овуляция ( жумуртканын энелик безден жатын түтүктөрүнө бөлүнүп чыгышы. Жатынды даярдоо үчүн прогестерон менен эстрогенди бөлүп чыгаруучу фолликулдун калдыгынын пайда болушу. Эгерде кош бойлуулук болбосо, прогестерондун азайышы эндометрийдин (жатындын) ички катмарынын төгүлүшүнө жана циклдин кайра башталышына алып келет. Менструалдык цикл адатта айыздын биринчи күнүнөн кийинки циклдин биринчи күнүнө чейин 28 күнгө созулат, бирок 21 күндөн 40 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Айыздын сейрек келиши «олигоменорея», ал эми такыр жок болушу «аменорея» деп аталат.
Сүрөт: Karolina Grabowska
Менструалдык циклды башкарган гормондор төмөнкүчө өзгөрөт:
Сүрөт: Karolina Grabowska
Ар кимдин организми ар түрдүү болот. Менструация 10 жаштан 16 жашка чейин башталат. Кээ бирөөнүн менструациясы 3 күн болсо, кээ бирөөнүкү 8 күн болот. Болжол менен менструацияда организм 30-80 мл кан жоготот.
Сен кан келген күндөрү таза кездеме, жалаякча, менструалдык чаша же болбосо тампон колдонсоң болот. Кездемени кан сыртка агып кетпечүдөй кылып ич кийимиңдин ичине коюп жүрөсүң. Азыркы гигиеналык жалаякчалардын атайын чаптоочу жагы менен ич кийимге чапталынат да аябай ыңгайлуу болот. Тампон менен чашалар кындын ичине, бир бармак батчудай узундугуна салынат.
*Биринчи күндөрү калың жалаякча колдон. Кийинки күндөрү жукараагын колдонсоң болот.
*Календар колдонсоң, айыз качан башталаарын билесиң. Ошол күндөрдүн чамаасында жаныңа жалаякча алып жүр.
* Жалаякчаларды толгон соң же 4-5 саат сайын алмаштыр.
* Менструация күндөрү жаныңа ашыкча жалаяк, кездеме, же кол аарчы ала жүр.
*Агып кетет деп сарсанаа болсоң, менструация күндөрү карамтыл кийим кийсең болот.
*Жандуу жериңдин ичин колуң менен жууба, инфекция кириши мумкун. Сыртынан таза, жылымык суу жана самын менен жуу.
*Колдонгон жалаякчаларды даарат чакасына гана ташта.
*Кездеме жалаякчаларды колдонсоң, пластик баштыкчага салып, үйүңө барып, муздак сууга чайкап, анан жылымта суу жана самын менен жууп сал.
*Менструация бүттү деген күндөрү 1-2 күн жука кездеме же прокладка менен жүрө тур.
Айыз убагында агып кетүүлөр - бул норма. Менструация бул табигый процесс, ал биздин эс тутумубузга байланышкан эмес, ошого аны контролдой албайбыз. Ал кээде көбүрөөк, кээде азыраак келиши мүмкүн. Кан кийимге агып кетсе жалаякчаны которуп, таза кийим кий. Бирок алар жаныңда болбогон убакта, кагаз кол аарчыны же даарат кагазын кабаттап салып, жемпир же башка кийимиңди белине байлап тур. Тез арада жалаякча алмаштырууга, же таза кийим кийгенге мүмкүнчүлүк тапканга аракет кыл.
Айыз убагында маал-маалы менен ичин оорушу мүмкүн. Жеңил оору убагында төмөнкү лайфхактарды колдонсоң болот:
Эгерде сенин симптомдоруң жашооңо тоскоол болуп жатса, дарыгер менен сүйлөш.
Бирок оорулар өтө күчөп, башың айланып же дене табы көтөрүлсө, анда сөссүз дарыгерге кайрылган туура болот.
Маалымат “Менструалдык гигиена” китепчесинен алынган.