Бирде мурду, бирде тѳшү, бирде бою, бирде салмагы, бирде чачынын ѳӊү жакпайт…
Түз эле айтыш керек, баарыбызда ѳзүбүз нааразы болгон жактарыбыз бар. Кээде бул объективдүү болот: кѳрүнѳѳ жерге безетки чыгып кетет, бул чындап эле кубана турган нерсе эмес. Айрым учурларда болсо, жѳн гана маанай бузулат. Ал эми жыныстык жетилүү учурунда баары кыйла татаал. Бул мезгилде дээрлик күн сайын кандайдыр бир метаморфозалар келип чыгат: же дененин пропорциялары ѳзгѳрүп калат, же мурда болбогон жерлерде түктѳр ѳсүп баштайт — адам булардын баарына кѳнүүгѳ жетише албай калат. Психологдор биздин ар бирибизде ѳз денебиздин образы калыптанганын (алгачкылардан болуп, бул түшүнүктү австриялык невролог жана психоаналитик Пауль Шильдер сыпаттаган), жана ошол образга байланыштуу оӊ жана терс эмоцияларга кабыла турганыбызды айтышат. Ал эми дене мындай тез ѳзгѳргѳн абалда образ аны кууп жете албай калат да, эмоцияларыбызда башаламандык келип чыгат. Бирок мунун баары убактылуу нерселер.
Экинчи кѳйгѳй гүлдүн желекчелери сыяктуу эле, дененин да бир калыпта ѳрчүбѳгѳнүнѳ байланыштуу. Алар деле баары бир учурда ачылбайт да, адатта биринин артынан бири ачылат. Ушул себептен улам адам ѳзүн эпсиз сезет. Бирок булар да убактылуу — 18 жашка карата (бир аз эрте же кечирээк болушу мүмкүн) баары текши болуп калат.
Мындай трансформация кимдир-бирѳѳнүн кыжырын келтирет, экинчиси буга кѳӊүл бурбайт — эки мамиле теӊ нормалдуу деп эсептелет.
Жакшы жагы – жыныстык жетилүү мезгили аяктагандан кийин деле эч ким катып калган айкел болуп калбайт. Каалоого жараша келбетин ар түрдүү жол менен ѳзгѳртүп алса: арыктаса же толсо, булчуӊдарын ѳстүрсѳ, безеткилерден арылса, чачын башка түскѳ боёсо, жана дагы сулуулугу менен индивидуалдуулугун кѳрсѳтѳ турган идеалдуу кийим менен стилди тандап алса болот.
Ооба, масс-медиадагы ѳспүрүмдүн образы — бул агрессивдүү, түнт жана аракеттери күтүүсүз — жакын жолобош керек болгон монстр сыяктуу
Тегерегиӊдегилер сени фрик же псих деп эсептесе, албетте ѳзүӊдү жаман сезесиӊ. Алардын бул пикири сенин курагыӊа гана негизделген — «Ѳспүрүм да, кайсы жакшы дейсиӊ?»
Гормондордун ташкындоосу чынында эле маанай менен жүрүм-турумга таасирин тийгизет, бирок чоӊоюп жаткан мезгилде эмоцияларында кандайдыр бир кескин ѳзгѳрүүлѳр байкалбаган жана бардыгы тынч ѳткѳн кишилер деле кѳп.
«Гормондордун ташкындоосу» деген сѳз айкашы эмнени түшүндүрѳт: бул эмне деген гормондор, жана эмне үчүн мындай болот? Бул жерде кеп жыныстык гормондор тууралуу болууда. Алардын таасири менен эркек балдар физиологиялык жактан эркек кишиге, ал эми кыздар – аялга айланышат. Бул гормондорго биринчи эле кезекте тестостерон менен эстроген кирет. Биринчисин кѳп учурда эркек, экинчисин аял гормону деп аташат. Бирок бул жаӊылыштык. Кишинин организминде жынысына карабай эки гормон теӊ болот, тек гана булардын пропорциялары ар башка, адатта эркектерде тестостерон, аялдарда эстроген кѳбүрѳѳк болууга тийиш.
Курактын ѳзгѳчѳлүгү бул мезгилде аталган гормондор чындап эле кѳп иштелип чыгып, канга тарашы текши эмес, кескин ѳзгѳрмѳлүү болгонунда. Маанайдын тез-тез ѳзгѳрүп турушу: бирде капалануу, бирде агрессия, бирде туталануу ж.б. ушуга байланыштуу.
Кандай болсо да, ташкындоолор маал-маалы менен акырындап, киши ѳзүнүн эмоцияларын башкарганды үйрѳнѳт. Бирок, айланадагы адамдар менен мамилени тез оӊдоп алуу дайыма эле колдон келе бербейт — мугалимдер менен ата-энелер үчүн ѳздѳрүнүн кѳнүмүш адаттарынан баш тартуу ѳтѳ эле кыйынга турат. Жакында эле башталгыч мектепте сүйкүмдүү баланы кѳрүп жүрүп, эми болсо ѳзүнүн кѳз карашы менен ой-пикиринен кайтпаган, жеке чектерин коргогон киши чыга келгенине дароо кѳнүп кете алышпайт. Баланын жүрүм-турумундагы ѳзгѳрүүлѳр алгач тегерегиндегилерди шок абалына түшүргѳндүктѳн, «бардык эле ѳспүрүмдѳр гормондордон улам адекваттуу эмес» деген стереотиптик түшүнүк жаралат. Муну менен катар эле, жѳн гана түшүнүксүз жүрүм-турум адекваттуу эмес жүрүм-турум катары сезилет. Бул стереотип менен күрѳшүүнүн кандайдыр бир жашыруун рецепти жок. Болгону айланадагылар менен байланыш түзүп, маанайдагы ѳзгѳрүүлѳрдүн себеби эмнеде экенин түшүнүп турганыӊызды жана аларды башкарууга аракет кылганыӊызды кѳрсѳтүүгѳ, ѳзүӊүздүн аргументтериӊизди, кылык-жоруктар менен эмоциялардын себебин жеткирип, түшүндүрүүгѳ болот.
Мамилелер жѳнүндѳ эле сүйлѳшкѳндү билишет. Айрыкча кыздар. Ал эми эркек балдардын телефондору менен браузердеги тарыхчаларында эмнелер бар экенин билбей эле койгон жакшы.
Эгер кишиге мамилелер жана секс темасы кызык болсо, анда ал жѳнүндѳ туура эмес ойлоого болобу? Албетте, болбойт. Баса, кызыксыз же азырынча кызыгуу жарата элек болсо — бул да нормалдуу. Ѳзүнүн денесин изилдеп чыгуу, карама-каршы жыныстын ѳкүлү менен мамиле курууга аракет жасоо — ѳткѳѳл курактагы адам үчүн кадимки эле аракеттер. Антпесе кантип бойго жетет? Дайыма эле ушундай болуп келген. Азыр жашы 30га чыгып калгандар деле качандыр бир убакта ѳспүрүм болушкан, ата-энесинин «тыюу салынган» китептери менен эротикалуу сүрѳттѳр бар журналдарын жашырынып окушкан, аларды бири-бирине кѳрсѳтүшкѳн. Бүгүнкү күндѳ мындай зарылчылык жок — кызыккан бардык нерсени ѳзүнүн смартфону аркылуу тармактан таап алышат — болгон айырмачылык ушунда.
Арийне, сексуалдык мамилелер, жыныстык органдар, организмдин ѳзгѳрүшү, венерологиялык оорулар жѳнүндѳ маалымат — маанилүү нерсе. Денебиз кандайча түзүлгѳнү, ал кантип ѳзгѳргѳнү тууралуу канчалык кѳп билсек, ошончолук ѳзүбүздѳгү ѳзгѳрүүлѳргѳ карата жайбаракат мамиле кыла алабыз. Сексуалдык мамилелер кандай түзүлѳ турганы, секс менен байланыштуу кандай коркунучтар бар экени жѳнүндѳ түшүнүккѳ ээ болсок, мамилени аӊ сезимдүү жана ден соолук үчүн коопсуз кылып түзѳ алабыз.
Негизи эле, секске кызыгуу жана ал тууралуу билүү — аны менен алектенүү дегенди түшүндүрбѳйт. Ал эми секс жѳнүндѳ билүү – бузулгандыкка жатпайт. Далил катары расмий статистиканы келтирели — жаштар азыр секс менен абдан эле эрте алектене баштаганы жѳнүндѳ түшүнүк чындыкка дал келбейт. 2014-жылдагы «Мектеп окуучуларынын ден соолукка байланыштуу жүрүм-туруму» (Health Behaviour in School-aged Children, HBSC) деп аталган эл аралык ири изилдѳѳнүн натыйжалары боюнча, Россиядагы 15 жаштагы кыздардын болгону 11%ы жана ошол эле курактагы эркек балдардын 26%ы сексуалдык мамиледе болгон. Акыркы жылдарда бул пайыздык кѳрсѳткүчтѳр барган сайын азаюуда: 2010-жылы 18% жана 37% болсо, 2006-жылы – андан кѳп болчу.
Бетме-бет баарлашууну жакында унутуп калышат! Телефондоруна эле тигилип отурушат...
Жакында эле Бүткүл Россиялык коомдук пикирди изилдѳѳ борбору (ВЦИОМ) ѳспүрүмдѳрдүн социалдык тармактардагы жүрүм-туруму темасында ири социологиялык сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялаган. 14-17 жаштагы катышуучулардын жарымына жакыны социалдык тармактардын алардын жашоосуна маанилүү даражада таасир этпегенин белгилешкен. Муну менен катар эле, катышуучулардын 89%ы социалдык тармактарга регулярдуу кирип турганын билдиришкен. Сурамжылоо балдардын интернеттен кѳз карандылыгы боюнча чочулаган улуу адамдарды бир аз тынчтантат деген үмүттѳбүз.
Жалпысынан, социалдык тармактар — азыркы жашоонун бир бѳлүгү, болгону - коммуникация жана маалымат алуу каналдарынын бири.
Коркуулар болсо, адамдын реалдуу жашоодон тармакка качуусу менен байланыштуу. Мына, дал ушул жерден стереотип пайда болот — эгер киши тармакта ѳтѳ эле кѳп убакыт ѳткѳрсѳ, анда ал дурус эмес. Бирок ачык айтып коёлу, мындай да болот, интернеттен баарлашуу ѳзүбүздү башка, жашоодо жетпеген образда кѳрсѳтүүгѳ мүмкүндүк берет эмеспи. Бул образга катуу кирип кеткендиктен, ѳзүнүн чыныгы образына кайтуу кыйынга турат, кызыксыз болуп калат жана чочулоо жарата баштайт. Эгерде мындай абал кадимкидей жашоого жана жашоонун ырахатын татууга тоскоол болсо, анда психотерапевт менен сүйлѳшүп кѳрүү сунуш кылынат.
Бирок кѳп учурда соцтармактар тоскоолдук жаратпайт, тескерисинче, ѳзүн таанып-билүүгѳ, баарлашууну үйрѳнүүгѳ жана жаӊы досторду табууга жардам берет. Кээде жаӊы маалымат алууга жана достор менен баарлашууга умтулуу — кѳз карандылыкка окшой баштайт (мисалы, баарыбыз абадан кѳз карандыбыз), бирок бул алкоголь же баӊгизаттан кѳз карандылык менен бирдей мааниде эмес. Алкоголь же баӊгизаттан кѳз карандылык адамдын жашоо сапатынын байкаларлык деӊгээлде начарлай башташы менен айырмаланат: бара-бара кишинин бардык кызыгуулары алкоголь же баӊгизатка ѳтѳт, ал үчүн жашоого ыӊгайлашуу ѳтѳ эле кыйын болуп калат, ал эми баӊгизаттан баш тартуу психикалык жактан олуттуу кѳйгѳйлѳргѳ жана физикалык саламаттыктын бузулушуна алып келет.
Чоӊоюп калган тура! Жакын жологонго да болбойт, сѳз сүйлѳгѳнгѳ да болбойт…
Кичинекей мотурайган баланы элестетип кѳрүӊүз. Ал апасынан ушунчалык кѳз каранды болгондуктан, экѳѳ биригип бир бүтүндү түзгѳндѳй. Кичинекей бѳбѳктүн апасы «Биз тамак жедик» дегенин уксаӊыз керек, чынында бала эле тамак жеген. «Биз» деген ат атооч мындай биригүү феноменин эӊ сонун мүнѳздѳйт. Бара-бара бала чоӊоюп, ата-энесинен алыстай баштайт, баарын ѳз алдынча жасоону үйрѳнѳт. Бул бизге жаратылыш тартуулаган кадимки процесс, антпесе киши чоӊойгондо башка бирѳѳнүн жардамы жок ѳз алдынча кантип жашайт эле?
Психологдор белгилегендей, ѳспүрүм куракта адам баласы «психологиялык киндигин кесе» баштайт. Белгилүү психолог Эрик Эриксон бул учурду окшоштуктун кризиси деп атаган. Мында ѳзүнүн «Мен» деген сезимин аныктап, башка кишилерден бѳлүп кѳрсѳтүү зарылчылыгы келип чыгат. Ата-энеден алыстабай туруп бала жеке баалуулуктарын, жашоо эрежелерин жана дүйнѳгѳ болгон кѳз карашын калыптандыра албайт.
Ооба, кээде бул эки тарап үчүн теӊ абдан эле оор процесс болот — ата-эне менен баланын ортосунда чыр-чатактар кыйла кѳбѳйүшү мүмкүн. Чыр-чатактын ѳзү эле тараптардын ортосунда кандай пикир келишпестиктер бар экенин кѳрсѳтѳт. Ал эми андан ары уруш-талаштарды токтотуу үчүн ар кандай тактикаларды тандап алууга болот. Конфликтологдор беделдүү окумуштуу Кеннет Томастан кийин ийгиликсиз тѳрт тактиканы аныктап чыгышкан:
1) качуу
2) атаандашуу
3) басуу
4) макул болуу
Ал эми натыйжалуу тактика катары, бирѳѳнү гана — кызматташууну белгилешет. Кызматташуунун негизинде эӊ татаал жана талаштуу темаларда дагы бири-бирине карата ишенимдүү жана ачык-айкын сүйлѳшүү аракети жатат.
Алар скейттерин же ата-энесинин унааларын коопту айдашат, баӊгизат колдонуп кѳрѳт жана башаламан сексуалдык жашоо менен жашашат…
Чынын айтсак, мында чындыктын бир үлүшү бар, адам баласын 12–17 жашында экстремалдуу жана тыюу салынган нерселер кызыктырышы мүмкүн. Бул сѳзсүз эле ата-энелер менен мугалимдердин элестетүүсүндѳгү кооптуу нерсе болбошу ыктымал. Буга, мисалы, жашыруун пирсинг же татуировка жасатуу ниетин киргизсе болот.
Кийинки сүйлѳмдѳ эмне деп жазыларын алдын ала билип жатсаӊыз керек. Ооба, бул дагы нормалдуу нерсе.
Ошентсе да, тыюуларды бузууга умтулуунун себеби эмнеде? Биринчиден, адам тыюу салууну чакырык катары кабыл алат. Чакырыктын алдында коркууну жеӊүү аркылуу биз ѳзүбүздү күчтүү, эр жүрѳк жана албетте, чоӊ сезебиз. Айланада: үйдѳ, мектепте канчалык тыюу кѳп болсо — бала ошончолук аларды бузууга азгырылат. Ошол эле ата-энеден бѳлүнүү, жеке «Мен» сезимин жана индивидуалдуулугун издѳѳ процесси мына ушундан кѳрүнѳт. Жѳн гана айрым учурларда бир топ экстремалдуу формаларга айланып кетет. Мисалы, ата-эне баласынын чоӊойгонун мойнуна алгысы келбесе, бала муну далилдеш үчүн тескери жоруктарга бара баштайт — атайылап эле коомдо чоӊдорго гана уруксат берилген нерселерди кылууга умтулат: түнкүсүн кѳчѳгѳ чыгат, тамеки чегет, алкоголдук ичимдиктерди ичет ж.б. Бул жерде «Апама ѳчѳшүп кулактарымды атайылап үшүтпѳсѳмбү» сыяктуу идеялардан алыс болуу жана жеке коопсуздугу жѳнүндѳ кам кѳрүү зарыл.
Кѳп кишилердин жүрүм-турумунда байкалган экинчи учур — киши досторунун арасында отурганда, бир аз эр жүрѳк болуп, кээде ѳзүнѳ кѳӊүл бурдуруш үчүн кийин бармагын тиштеп кала тургандай туура эмес аракеттерге да барышы ыктымал. Мисалы, кечинде достор менен сейилдеп жүрүп, кир жана муздак сууга түшүп чыгуу жана кийин суук тийгендин же андан да жаман абалдын азабын тартуу. Кыскасы, бул кээ бир учурда жоошту тобокелчил экстремалга айланткан дагы бир фактор.
Башталгыч мектепте эӊ мыкты окуучу болчу, эми болсо компьютер менен достор, башка эч нерсенин кереги жок
Негизи, бул жерде кѳйгѳй бар экени анык. Ѳспүрүм куракта адам физиологиялык гана эмес, психологиялык ѳзгѳрүүлѳргѳ да дуушар болот, жаӊы кызыгуулары жаралат, жаӊы достору пайда болот. Эӊ жоопкерчиликтүү жана интенсивдүү окуу – ММС, БМС, ЖОЖго кирүү сынагы дал ушул куракка туш келет. Ошондуктан, кѳбүнчѳ ѳспүрүмдѳргѳ шылтаган окууну жек кѳрүүнүн түпкүрүндѳ жаӊы билимдерден баш тартуу эмес, күнүмдүк бүтпѳгѳн кайталанма аракеттер менен жоопкерчиликтен чарчоо сезими жатат деп эсептесе болот. Кыйыр түрдѳ бул Москва социалдык-маданий программалар институтунун изилдѳѳсүндѳ ырасталган. Аталган эмгектин жыйынтыктарына ылайык, ѳспүрүмдѳрдүн кѳбү бош убакытты ѳткѳрүүнүн интеллектуалдык формаларын — квесттерди, стол оюндарын, кѳргѳзмѳлѳргѳ, музейлерге барууну ж.б. жактырышат. Демек, себеп билимди жек кѳрүү эмес, аны берүү формасы менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Булак: Двор медиа.