Порно акылдан адаштырабы?

Порнонун ден соолукка жана психикага тийгизген таасири жѳнүндѳ эксперттин жооптору

Порнография кѳрүү кѳз карандылыкты пайда кылабы? Ден соолукка зыян келтиреби? Же айланадагылар менен мамилени бузабы? Бул суроолорго врач-сексолог жана психотерапевт, Mental Health Center’дин кошо негиздѳѳчүсү Амина Назаралиеванын жооп берди.

Порно кѳрүү нормалдуу кѳрүнүшпү?

Медициналык кѳз караш менен алганда, порно кѳрүү нормалдуу кѳрүнүш, бирок айрым бѳтѳнчѳ учурлар бар, маселен, балдар порнографиясы. Дүйнѳнүн кѳпчүлүк ѳлкѳлѳрүндѳ ага тыюу салынган. Россияда порнография кѳрүүгѳ мыйзамда тыюу салынган эмес. Бирок, жазык кодексинде порнографиялык материалдарды жайылтуу, жалпыга ачык кѳрсѳтүү, жарнамалоо жана жашы жете электерди анын жүгүртүмүнѳ катыштыруу үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. 

Бойго жеткен актёрлор тартылган кадимки порнолорго келе турган болсок, аларды врач-сексологдор ѳздѳрүнүн бейтаптарына кѳп эле сунушташат. Бул айрыкча ѳзүнүн каалоолорун жакшы түшүнѳ албаган же жыныстык катнашка кызыгууда кыйынчылыктары бар адамдарга тиешелүү. Мисалы, бейтап ѳзүн ишенимдүү түрдѳ асексуалдуумун деп эсептейт, ал эми чындыгында ага сексте ѳзү колдонгон позалары жакпайт. Бул жагдайда позаларды эксперимент кылуу аракети жардам берет, жана порнография ылайыктуу маалымат булагы боло алат.

Порнону бирге кѳрүү ѳнѳктѳштѳрдүн эмоционалдык жакындыгын жогорулатууга жардам берет, фантазиялар менен каалоолорду талкуулоону жеӊилдетет.

Коомдук жашоонун кѳз карашында «порнография кѳрүү нормалдуубу» деген суроого бир жактуу жооп берүү мүмкүн эмес — баары конкреттүү бир коомдун маданий, социалдык жана диний контекстине байланыштуу. Мисалы, конституциясы шариат мыйзамдарына негизделген кѳптѳгѳн мусулман мамлекеттеринде порнографиялык материалдарды кѳрүүгѳ жана жайылтууга катуу тыюу салынган. Сауд Аравиясында порнону жайылтуу үчүн эл алдында камчы менен сабашат. Американын Юта штатында порнографияга каршы мыйзам кабыл алынган. Анда порнография кѳрүүгѳ тыюу салынбайт, бирок анын жарандарга тийгизген таасирине каршы күрѳшүү чаралары каралган.   

Порнографиянын башкы керектѳѳчүлѳрү кимдер: эркектерби же аялдарбы?

Порнону миллиарддаган киши кѳрѳт. 2018-жылы Pornhub сайтына күнүнѳ орточо эсеп менен 92 миллион киши кирип турган, бир жылдын ичинде  Pornhub’га 33,5 млрд жолу киришкен. Технологиялардын ѳнүгүүсү, жана анын натыйжасында порнография индустриясынын ѳнүгүүсү мындай контентти керектѳѳ структурасына таасирин тийгизди. Порнографиянын типтүү керектѳѳчүсүнүн «портрети» жыл сайын ѳзгѳрүп турат.

«Чоӊдор үчүн фильмдер» бир гана чоӊдор үчүн болбой калган. Порнонун аудиториясы жашарып кетти. Бала чагында жана ѳспүрүм кезинде порнографияны кѳрүү мүмкүнчүлүгү дайыма болуп турган эркектер менен аялдардын бир нече мууну жетилип, чоӊойду. 2018-жылдын маалыматтары боюнча,  Pornhub сайтынын материалдарына кѳбүнчѳ 25-34 жаштагы кишилер кызыгышкан.

Порнографияны аялдарга караганда эркектер кѳбүрѳѳк кѳрүшѳт. Муну тарыхый тажрыйба менен түшүндүрүүгѳ болсо керек: салттуу коомдун ичинде эркек сексти башкаруу, каалаган учурда жыныстык катнашка кирүү укугуна ээ болгондуктан, анын сексуалдык тажрыйбасы кыйла жѳнѳкѳй болгон. Ушул себепке байланыштуу эркектер секске кѳбүрѳѳк кызыгышат. Жакынкы мезгилге чейин аялдын секстен ырахат алуусуна кѳп кѳӊүл бурулбай жана маани берилбей келген. Бирок айрым батыш маданияттарында теӊ укуктуулуктун ѳнүгүшү менен бул маселе кѳбүрѳѳк мааниге ээ болуп келе жатат. Натыйжада порнография боюнча аялдардын аудиториясы жыл сайын ѳсүү менен бирге эле, ага карата ѳзүнүн суроо-талабын да калыптандырууда.

Порнографиянын ден соолукка зыяны барбы?

Порнография кѳрүү менен ден соолуктун бузулушунун ортосундагы байланышты далилдеген илимий изилдѳѳлѳр жок. Ошентсе да анын кыйыр таасири бар, жана ал ден соолукка зыяндуу болушу мүмкүн.

Биринчиден, порнодогу ѳнѳктѳштѳр дээрлик эч качан презерватив же башка коргоочу каражаттарды колдонушпайт. Мындай контенттин керектѳѳчүлѳрүндѳ бейтааныш адам менен сактанбаган секс — кооптуу эмес деген ой жаралышы мүмкүн. Чындыгында андай эмес.

Экинчиден, порнографиядагы секс кѳп учурда кадимки кишилердин ортосундагы секске окшобойт. Ошентсе да, порнография —жыныстык катнаш кандай боло тургандыгы жѳнүндѳгү маанилүү маалымат булактарынын бири (айрыкча, сексуалдык жашоо боюнча тажрыйбасы жоктор үчүн). Бул бир катар жаӊылыш түшүнүктѳрдү да пайда кылышы мүмкүн.

Мисалы, тышкы келбети боюнча туура эмес элестетүүлѳр. Эркек же аял жыныс органдарынын ѳлчѳмүнѳн, же болбосо тѳшүнүн симметриялуу болоосунан уялган учурлар болот. Айрымдарынын ѳнѳктѳшүнүн мурда кѳргѳн порно-стандарттарга дал келбей калышынан улам кѳӊүлү чѳгѳт. Бул жерде, мисалы, порнографиялык фильмдерге тартылган актрисалар кѳбүнчѳ эмчек имплантын колдоно тургандыгын да эске алыш керек. Ал эми пениси чоӊ болгон актёрлорду кастингдин негизинде тандап алышат. Себеби муну менен фильмди тартуу процесси кыйла жеӊилдейт.

Ар кимдин келбети ар түрдүү болот. Бул кадимки эле кѳрүнүш. Тармактан бул темада кѳптѳгѳн ар кандай маалымат берүүчү жана кѳркѳм долбоорлорду табууга болот. Маселен, голландиялык сүрѳтчү Хильда Аталантанын аялдардын жыныс органдарынын ар түрдүүлүгү жѳнүндѳгү «Vulva gallery» аттуу контенти бар.

Порнографиядагы бурмалоолордун дагы бири  — ѳнѳктѳштѳрдүн ѳз ара аракеттешүүсү тууралуу жаӊылыш ойлор. Порнодо секстин маанилүү бѳлүгү, тагыраагы андан мурунку же андан кийинки кѳрүнүштѳр: баарлашуу, кѳӊүл буруулар жана сунуштарды четке кагуулар кѳрсѳтүлбѳйт. Чыныгы сексте коммуникация: секске чейинки жана секс учурундагы чектер, жайлуулук тууралуу баарлашуулар ѳтѳ маанилүү.    Порно кишилерге ѳздѳрү үчүн нормалдуу деп эсептелген, бирок алардын чыныгы каалоолору менен байланышпаган кандайдыр бир жүрүм-турум шаблондорун жаратууга түрткү болот. Мисалы, ѳзү каалаган үчүн кыйкырбай эле, порноактрисалар муну кылган үчүн кыйкыруу.  

Үчүнчүдѳн, порнографияда кѳп учурда ѳнѳктѳштѳрдүн бирине карата зомбулук темасы колдонулат. Бул жерде эӊ маанилүү нерсени эстен чыгарбаш керек  — сексте бардыгы эки жактын теӊ каалоосу менен болууга тийиш. Порнографиянын агрессивдүү жүрүм-турумга түртѳ турганын так кесе айткан илимий изилдѳѳлѳр дагы жок. Бирок, порнодогу агрессивдүү жүрүм-турум башынан бери мындай жүрүм-турумга жакын адамдарда аны пайда кылышы мүмкүн экендигине байланыштуу изилдѳѳ бар.

Чындыгында, порнография анда тартылган аялдардын ден соолугуна кѳбүрѳѳк зыян келтирет. Аталган индустриянын ѳнүгүүсү менен Батышта сотто киноактёрлордун укуктарын гана коргобостон, алардын физикалык жана психологиялык реабилитациясы үчүн мүмкүнчүлүктѳрдү түзүп берген уюмдар да пайда болду.

Порнографияга кѳз карандылык болобу?

Дүйнѳлүк медицина коому тарабынан мындай психиатриялык оору аныкталган эмес. Аны жалпы кабыл алынган оорулардын реестрлеринен: Американын психологиялык ассоциациясынын Психикалык бузулуулар боюнча диагностикалык жана статистикалык колдонмодон да (DSM–5), ДСУнун Оорулардын эл аралык классификациясынан да (МКБ–10) табуу мүмкүн эмес. Биринчи кезекте, бул далилдер базасынын жетишсиздиги менен байланыштуу — бул жааттагы изилдѳѳлѳрдүн натыйжалары азыркыга чейин бири-бирине кайчы келет.

Бир нерсени оору деп атоодон мурда ишенимдүү илимий негиз болууга тийиш.

Сексуалдуулукту медикализациялоо — бир жаксыз чара. Дүйнѳлүк тарыхта жыныстык жана жеке жашоонун ченемдери тууралуу кайсы бир маданий түшүнүктѳрдѳн улам кишинин укуктары бузулган учурларга кѳп эле мисалдар бар. Мисалы, Советтер Союзунда эркек менен эркектин жыныстык байланышы кылмыш катары каралган. 1993-жылы гана РСФСРдин Жазык кодексинин «Бачабаздык жѳнүндѳгү» беренесине ѳзгѳртүүлѳр киргизилип, мындай түшүндүрмѳ жокко чыгарылган. Жалпысынан, кандайдыр бир кубулуш диагнозго «айланганда», стигматизациялоо процесси ѳзүнѳн ѳзү иштеп баштайт.  

Анткен менен, азыр биз порнографияга кѳз карандылык деп атаган кубулуш келечекте компульсивдүү сексуалдык жүрүм-турумга байланыштырылып калышы ыктымал. 6C72 коду менен белгиленген бул ооруну 2022-жылы күчкѳ кире турган МКБ–11ге киргизүүнү пландап жатышат. Аталган бузулуу кишинин убактысынын кѳп бѳлүгүн секс тууралуу ойлорго, фантазияларга, каалоолорго же буга байланыштуу жүрүм-турумга арнаган абал катары сыпатталат. Бул эрксизден жасалуучу мастурбация же эрксизден порнография кѳрүү болушу мүмкүн.

Порнография зыян келтирип жатканын кантип түшүнсѳ болот?

Ыӊгайсыздык сезими пайда болсо, анда кырдаалга сѳзсүз кѳӊүл буруш керек. Болуп жаткан нерселер киши үчүн кадимкидей эле кыйынчылыктарды жаратышы ыктымал. Порнография кѳрүү тилеги жашоонун калган маанилүү нерселерине: окууга, жумушка, жакындар менен сүйлѳшүүгѳ же спорт менен машыгууга тоскоол боло баштайт. Эӊ маанилүү сигнал — бул порно кѳрүүгѳ умтулуусун контролдоо тилеги. Аны ишке ашыруу ѳтѳ эле кыйын. Мисалы, бир киши порнографияны азыраак кѳрүү жѳнүндѳ чечим кабыл алат, дүкѳн кыдырууну пландайт, бирок эрки жетпей калып, порно-фильм кѳрүү үчүн бѳлмѳсүнѳ бекинип алат. Мындай абал күнѳѳ сезимин жаратат, болгондо да кимдир-бирѳѳ анын жүрүм-турумун адеп-ахлаксыз деп эсептегендиктен эмес, жеке себептеринен улам ѳзүнүн алдында ѳзүн күнѳѳлүү сезет.  

«Алгачкы жолу порнону 2002-жылы 11 жашымда кѳргѳм. Убакыттын ѳтүшү менен кзыгуум күчѳп, «кѳнүп калдым». Анын үстүнѳ, порно мурункудан кыйла жеткиликтүү болуп калды. Бирок кызыктай абал жаралды: порно кѳрүүнү адатка айлантуу менен бирге эле депрессияга түштүм. Жакынкы мезгилге чейин бул кубулуштар бири-бири менен байланыштуу экенин деле билген эмесмин. Бүтүндѳй бир күн бою порно кѳрүп алып, анан бир жума бою туталанып, маанайсыз жүрүп калчумун. Натыйжада тартынып, ѳзүмдү дүйнѳ жүзүнѳн ажыратылгандай сезип, элге да аралашпай калдым. <...> Порно менин адамгерчилик сапатымды азайтты, жалган ырахат алуу үчүн кайра кайра колдонгон баӊгизатка айланды» — деп баяндайт ѳз тажрыйбасын Fight the new drug сайтынын колдонуучуларынын бири.

Кайсы учурда адиске кайрылуу зарыл?

Убактысынын кѳбүн порно жѳнүндѳ ойлор ээлеп алганда үй-бүлѳ же ѳнѳктѳш менен мамиледе, окууда же жумушта, ал тургай финансы жагында да кѳйгѳйлѳр жаралат. 

Киши стресске каршы күрѳшүү максатында порнография кѳрүп жүрүп, бир мезгилде ал да жардам бербей калган учурда адистин жардамы талап кылынат.

Эмоцияларды жѳнгѳ салуу максатында порнону ѳтѳ эле кѳп кѳргѳндѳ, тескери таасир жаралышы ыктымал — мындан ары порно эч кандай канаттануу алып келбей калгандыгы үчүн ындыны ѳчүп калат. Мындай учурда буга окшогон контенттин жардамы жок эле эмоцияларын башкара билүүнү үйрѳнүш керек. Бул жерде психолог жардам бере алат.   

Ошону менен катар эле, кѳптѳгѳн изилдѳѳчүлѳр порного ашыкча берилүү эркектер ѳнѳктѳштѳрү менен жыныстык катнашка барганда алардагы эректилдик дисфункцияга да себеп болорун белгилешет (кѳйгѳй — жыныс мүчѳсү жетиштүү деӊгээлде дүүлүкпѳйт же таптакыр турбайт). Италиянын андрологдор жана сексуалдык медицина коомунун башчысы Карл Форесттин изилдѳѳсүндѳ реалдуу сексте дүүлүгүүнүн жоктугуна байланыштуу кайрылган жаш жигиттердин 70%ы порного ѳтѳ берилип кызыкканын айтышкан.

Бул тема азыркыга чейин кылдат изилденип чыга элек, ошентсе да, эректилдик дисфункциянын катталган учурларынын статистикасы менен порнографияга ыгы жок берилген бейтаптардын «кѳрсѳтмѳлѳрү» абдан кызыктуу. 2013-жылы Journal of Sexual Medicine журналына жарыяланган илимий изилдѳѳнүн маалыматтары боюнча, эрекцияга байланышкан кѳйгѳйлѳр менен кайрылган эркектердин 26%ы 40 жашка чыга электер болгон. (Ал эми АКШнын Улуттук саламаттыкты сактоо институтунун маалыматтарына ылайык, 1992-жылы эрекцияга байланышкан кѳйгѳй менен 40 жаштагы эркектердин 5% гана кайрылган). 2014-жылдагы изилдѳѳдѳ  адистер Швейцариянын 18 жаштан 25 жашка чейинки аскерге чакырылган жигиттеринин арасында сурамжылоого тартылгандардын үчтѳн бир бѳлүгү ѳздѳрүндѳ эректилдик дисфункция бар экенин айтканын белгилешкен. 

Бул жаатта изилдѳѳлѳрдүн саны кѳбѳйүп жатканына карабастан, кѳп учурда урологдор жана сексологдор менен психологдордун ортосунда кайчы пикирлер байкалат. Психологдор порнографиянын жаш куракта импотенциянын жана башка сексуалдык бузулуулардын кѳптѳгѳн себептеринин бири гана болгондугун белгилешет. Мисалы, мындай сексуалдык кѳйгѳйлѳр депрессиядан, баӊгизат же алкоголь колдонуудан улам келип чыгышы мүмкүн.

Окумуштуулар порнонун мүмкүн болгон терс таасирлерин изилдѳѳнү улантууда, ошол эле учурда жыныстык функциянын бузулушуна учураган жаштар порнография кѳрүү адаттарына каршы күрѳшүүгѳ ѳтүштү. Америкалык программист Александр Родс порного ашыкча кызыгуудан баш тартууну каалагандар үчүн NoFap сайтын түзгѳн.

Булак: Двор Медиа