Фото: Miriam Alonso, Pexels
Эрогендик зоналардын расмий аныктамасы – бул «адамдын денесиндеги стимуляциясы сексуалдык реакцияларды: мисалы, эс алууну, сексуалдык дүүлүгүүнү же оргазмды пайда кыла турган сезгичтиги жогору аймактар».
Негизги эрогендик зоналарга жыныс мүчѳнүн аймагы, эриндер жана тѳш (эмчектер) кирет. Бул зоналарда нерв учтары абдан кѳп. Мындан тышкары, жыныс мүчѳсү менен ооздун тегерегинде эпидермистин бир түрү экинчисине: тери – былжырлуу челге ѳтѳт. Дененин мындай аймактары кѳбүнчѳ ѳтѳ эле сезгич болот.
Бирок түрдүү адамдар үчүн дененин ар кандай бѳлүгү эрогендик зона болушу мүмкүн. Мындай жыйынтык жакында эле 800 катышуучуну камтыган изилдѳѳнүн натыйжасында ырасталды.
Кѳрсѳ, адамдын денесинин ар кандай бѳлүктѳрүн кармалоо анда сексуалдык дүүлүгүүнү жана каалоону пайда кыла алат экен. Ѳнѳктѳш менен жыныстык катнашта жагымдуу сезимдердин чѳйрѳсү мастурбациядагы сезимдерге караганда кыйла кеӊири боло тургандыгы кызык.
Мындан тышкары, дененин кайсы бир бѳлүгү эрогендик зонага айланып, адамдын ѳзү каалабаса деле ага тийген учурда дүүлүгүү пайда болгон бузулуулардын бүтүндѳй бир классы бар.
Мисалы, бир аял спорт менен машыгып жатып, топту кармап тизесине күч келтирген учурда оргазмды сезген.
Кийинки жолу ал тизесинин аймагында тийишүү болгондо, маселен бакка чыгып жатканда, дүүлүгүүнү сезип кетет. Сонун болуп, кайра-кайра кайталай берген, акырында ѳзүн башкара албай калган.
Таптакыр күтүлбѳгѳн жагдайларда, керексиз жерлерде, мисалы жумушта, дүкѳндѳ тизесине бир нерсе тийсе эле дароо дүүлүгѳ баштаган. Мындай абалдар менен врач-сексологдор иштешет.
Эрогендик зоналарга тийген учурда бизде кытыгы, кычышуу же оору эмес, дүүлүгүү пайда болот. Себеби, башка бирѳѳнүн денеге тийүүсү – тактилдик сезүүнүн ѳзгѳчѳ бир түрү.
Биздин терибизде нерв учтарынын ѳзгѳчѳ тиби бар. Бул нерв учтары ооруга же кычышууга эмес, бир гана жакын адамдардын ортосундагы тийүүлѳр үчүн мүнѳздүү болгон назик жай тийүүгѳ реакция кылат.
Алар эӊ кѳп сылап-сыйпоонун секундасына 1 сантиметрден 10 сантиметрге чейинки ылдамдыгында активдешкен нейрондорго таандык. Кишилердин кѳбү дал ушул ылдамдыкты эӊ жагымдуу деп табышат.
Мындан тышкары, аталган нерв учтары 32 градус температурада – башкача айтканда, жылуу тийишүүдѳ эӊ жакшы активдешет. Мына ушул факт дагы аталган типтеги нейрондор социалдык ѳз ара аракеттешүү үчүн маанилүү экендиги жѳнүндѳгү гипотезаны ырастап турат.
Бул нейрондор бардык жагымдуу тийүүлѳрдѳ, анын ичинде эротикалык эмес мүнѳздѳгү тийүүлѳрдѳ деле «кыймылга келет». Эрогендик зоналарды стимуляциялоодо булар ѳтѳ эле маанилүү роль ойношот.
Эгерде эротикалык тийүү учурунда адамдын мээсин карап чыга турган болсок, анда кызыктуу кѳп нерселерди кѳрѳ алабыз.
Мисалы, биздин мээбизде тактилдик сезимдер үчүн негизги структура – бул соматосенсордук кабык. Бирок жагымдуу жай тийүүлѳргѳ ал анчалык катуу реакция кылбайт.
Ал эми эмоционалдык абал менен дене процесстеринин интеграциясына жана регуляциясына жооп берген мээнин маӊдай үлүшүнүн бир бѳлүгүн түзгѳн инсулярдык кабык (Insular cortex) катуу иштей баштайт.
Бул болсо, биз эрогендик зоналардын стимуляциясын жѳн гана тактилдик сезимдер катары эмес, татаал физикалык жана эмоционалдык абал катары сезе турганыбызды түшүндүрѳт.
Маданий антропологиялык кѳз карашта эрогендик зоналар – бул сексуалдык дүүлүгүүнү пайда кылгандыктан, адамдын ѳнѳктѳшүнүн кѳӊүлүн буруу үчүн денесинин ѳзгѳрткѳн же кооздогон аймактары.
Кѳпчүлүк маданияттарда аялдын экинчи даражадагы жыныстык белгилерин кѳрүнүктүү кылуу салтка айланган. Маселен, полинезиялыктар кыздардын сандары менен жамбаштарын татуировкалашкан. Айрым Африка уруулары дененин аталган аймактарында атайы тырыктарды калтырышкан. Эки учур теӊ кыздарга ѳнѳктѳштѳрдүн кѳӊүлүн бурууга жардам берүү максатында аткарылган.
Ушул эле себептен улам Европа ѳлкѳлѳрүндѳ кѳптѳгѳн кылымдар бою аялдар корсет тагынышкан. Корсет белди ичкертип, сандар менен жамбашты кѳрүнүктүү кылып, аялдын «аялдык касиетин», тактап айтканда эротикалуулугун жогорулаткан.
Мындан башка, вульваны символдоштурган же элестеткен дене бѳлүктѳрү дагы, маселен, ачык кызыл түстѳгү помада менен боёлгон ооз, эрогендик зонага айланган.
Ошону менен бирге эле, ар кайсы маданияттарда жана доорлордо эрогендик зоналар тууралуу спецификалык түшүнүктѳр болгон. Мисалы, азиялык коомдордун кѳбүндѳ моюндун түбү кѳӊүл буруучу касиетке ээ деп эсептелген.
1930-жылы психолог Джон Флюгель дененин ар кандай бѳлүктѳрүнүн кѳӊүл буруучу касиети боюнча ѳзгѳрүп турган кѳз караштар моданы аныктагандыгы жѳнүндѳ теорияны иштеп чыккан. 1969-жылы мода тарыхчысы Джеймс Лавер алгачкы жолу бул теорияны «эрогендик зонанын жылышы» деп атаган.
Лавер аялдын кийими эркектердин каалоосуна ылайыкташтырылып ѳзгѳрүп турганына бир нече мисал келтирген. Викториандык доордо кыскараак юбкалардан балтырлар кѳрүнүп турган – буттун бул бѳлүгүн абдан эротикалуу деп билишкен.
1930-жылдарда эрогендик зона болуп далы эсептелгендиктен, кѳйнѳктѳрдүн дал ошол жерин ачык кылып тигишкен. Жыйырманчы кылымдын 50 жана 60-жылдарында аялдардын кийиминде кѳкүрѳктүн кѳтѳрүӊкү, алдыга чыгып туруусуна басым жасалган. Ал эми эркектер болсо, бир нече кылым мурун эле түстүү шалбарлар менен гульфиктерден баш тартып, 19-кылымдан тарта анчейин кѳзгѳ илинбеген кийимдерди кийүүгѳ ѳтүшкѳн.
1980-жылдарда теорияны негиздүү түрдѳ сексизм менен айыптап чыгышкан. Азыр искусство тарыхчылары менен антропологдор мода тарыхын тереӊирээк түшүнүүгѳ аракет кылышат.
Эрогендик зоналарды баса кѳрсѳтүүгѳ умтулуу адамдардын кийинип жүрүүсүндѳ маанилүү роль ойносо да, ал моданы аныктаган жалгыз фактор болуп эсептелбейт.
Эрогендик зоналардын иштѳѳсүндѳ маданият менен физиология бирдей даражада маанилүү роль ойнойт. Эрогендик зоналардын стимуляциясы сексуалдык каалоону пайда кылуусу үчүн ѳзгѳчѳ контекст керек.
Тийүүнүн контекстине жараша стимуляциянын бир эле тиби каалоону да, таптакыр башкача реакцияларды да: коркунучту, жийиркенүүнү, ооруну пайда кылышы ыктымал. Эгерде эрогендик зоналарыбызга биз корккон же болбосо бизге жагымсыз адам тийсе, анда эч кандай сексуалдык каалоо келип чыкпайт.
Түшүнүктүү мисал - гинекологдун же урологдун кабыл алуусунда адистердин жыныс мүчѳлѳрдү кармалоосу. Бул жагдай эч кимде деле дүүлүгүү жаратпаса керек.
Дүүлүгүү менен каалоонун ортосундагы айырмачылыкты түшүнүү абдан маанилүү. Адамдын денеси түрдүү кырдаалдарда дүүлүгүүнүн физиологиялык белгилерин кѳрсѳтѳ алат: эркектерде – эрекция болсо, аялдарда – жыныстык эриндер нымдашат. Бирок мындай абал адамдын эркинен тышкары келип чыгышы мүмкүн жана ал жыныстык катнашка барууну эӊсеп жатат дегенди билдирбейт.
Окумуштуулар ар түрдүү кырдаалдарда аялдардын физиологиялык дүүлүгүүсүнѳ байкоо жүргүзүшкѳн изилдѳѳлѳр бар. Алар, мисалы, аял жаныбарлардын кошулуусу же сексуалдык зордуктоо жѳнүндѳ видео кѳрүп жаткан мезгилде да дүүлүгѳ турганын кѳрсѳтүп турат. Ал эми ошол учурда аялдын ѳзүнѳн сексуалдык каалоо жаралдыбы деп сураса, ал «жок» деп жооп берет.
Ал тургай дененин каалоону пайда кылбай турган визуалдуу стимулдарга дагы дүүлүгүү менен жооп кайтаргандыгы жѳнүндѳ божомолдоолор бар. Себеби, эволюциялык кѳз карашта аялды зомбулуктун травмаларынан коргоо маанилүү болгон.
Эгер аял кандайдыр бир сексуалдык мүнѳздѳгү окуяга күбѳ болсо, анда травмалардын санын азайтуу максатында не бар, не жок деп жыныстык органдарын зордуктоого даярдашы керек болчу.
Эркектерде да каалоо менен дүүлүгүүнүн ортосунда айырмачылык бар. Жыныстык органдар реакция кылган абалдардын баары эле аларга жага бербейт.
Ошондуктан эркекти дагы аял сыяктуу эле зордуктоого болот: стимуляция аркылуу дүүлүктүрүп, эрекцияны пайда кылып, оргазмга жеткирүү мүмкүн. Мындай аракет кишинин кийинки жашоосуна терс таасирин тийгизе турган жийиркеничтүү жана травмалуу тажрыйба болуп калат.
Зордуктоо жѳнүндѳ дагы бир кеӊири тараган миф: эгер аял ырахат алса, демек бул зордуктоо эмес. Чынында, эгер аялдын эрогендик зоналары стимуляцияланып, физиологиялык дүүлүктүрүү болгон болсо, анда зордуктоодон кийин ички травмалар болбошу мүмкүн. Бирок бул зордуктоо фактысына эч кандай таасир этпейт.
Мурунку посттордо бардыгы индивидуалдуу экенин: дүүлүгүү дененин ар кандай бѳлүктѳрүнѳ тийүүдѳн, аларды кармалоодон келип чыга турганын айтып бергенбиз. Бирок негизги эрогендик зоналар катары эриндер менен оозду, жыныстык органдарынын тегереги жана тѳш (негизинен эмчектердин үрптѳрү) эсептелет.
Чындыгында, тери канчалык жука, ал эми түк канчалык аз болсо, сезимталдык дагы ошончолук жогору болуп, эрогендик зона деп сыпатталышы ыктымал. Ооз менен эмчек үрптѳрү түшүнүктүү болгон болсо, жыныстык мүчѳлѳрдүн аймагы тууралуу кененирээк айтып беребиз.
Эркектерде да, аялдарда да анустун тегереги эрогендик зонага кирет. Бул жерде кѳптѳгѳн нерв учтары бар жана териден былжырлуу челге ѳтѳт. Мындан тышкары, маданияттын дагы кѳп салымы бар.
Аталган жер дененин чоочун кѳздѳн жашырылган, ал тургай кепте тыюу салынган бѳлүгү. Эгер сен бир нерсени бузуп, социумдан үйрѳнгѳн уят нерсеге ачылсаӊ, анда тынчыӊды алып, дүүлүктүрүшү мүмкүн. Экинчи жагынан, эгер уят ѳтѳ эле катуу болсо, анда тескери эффект болот: сексуалдык басаӊдатуу механизми иштеп кетет.
Эркектерде анустун, пенистин жана жумурткалардын тегерегиндеги зонадан тышкары, простата зонасы дагы маанилүү. Бул туура стимуляциялаган учурда катуу дүүлүгүүнү пайда кылып, ырахатка алып келиши мүмкүн болгон эрогендик зона.
Ал эми аялдар үчүн аталган аймактагы эӊ маанилүү зона – бул, албетте, клитор, жана анын тегерегиндеги бардык жерлер. Ошону менен бирге эле, клитор – аялдын денесинин Эверести экенин эстен чыгарбаш керек. Белгилүү болгондой, бардык эле каалоочулар Эверестке жетип, жашап кете албайт.
Ошондой эле бул орган менен да ѳтѳ сак болуш керек: клитордун башы пенистин башына караганда кыйла сезгич келет, жана аял дүүлүккѳн абалда аны этияттык менен стимуляциялоо зарыл.
Кээ бир аялдар үчүн клитордун башын стимуляциялоо дүүлүгүүнүн бардык деӊгээлдеринде теӊ оору жаратышы мүмкүн.
Ушул себептен улам, дайыма аялдын сезимдерин байкап туруу зарыл. Порнофильмдерде кѳп учурда жыныстык катнаштын башында эле аталган зонага ашкере интенсивдүү таасир эткен сюжеттер кѳрсѳтүлѳт – бул туура эмес жана баары бир ооруса керек.
Врачтардын практикасына таянсак, кѳп учурда адамдар индивидуалдуу эрогендик зона катары моюндун түбүн белгилешет. Бул зонаны «мышыктын орду» деп да аташат: мышык балдарын бир жерден экинчи жерге алып баруу үчүн дал ушул жеринен тиштеп кѳтѳрѳт.
Жалпысынан, баш менен моюнда кѳптѳгѳн нерв учтары бар, ошондуктан кишилер дененин ушул бѳлүктѳрүнүн кайсы бир жерлеринен эрогендик зоналарды таап чыгышат.
Ушул эле себеп менен билектер бүгүлгѳн жерде же тизенин алдында да эрогендик зоналар болушу мүмкүн. Таман, буттун же колдун бармактары да болушу ыктымал. Кѳбүбүздѳ дал ошол жерлерде кытыгыбыз бар, бирок туура контекстте кѳп адамдар үчүн ѳтѳ жагымдуу келет.
Дагы бир кызыктуу нерсе – эрогендик зоналар ѳзгѳрүп турат. Мисалы, бир адам 30 жыл бою денесинин айрым бѳлүктѳрүн эрогендик зона катары билип келип, кокусунан ѳнѳктѳшү менен белгилүү бир контекстте жаӊы зонаны стимуляциялоо ѳтѳ жагымдуу экенин байкайт.
Бул мааниде биз канчалык ийкемдүү экенибизди травма алган кишилердин баяндарынан билсе болот. Маселен, эгер киши шал болуп, сезүү жѳндѳмдүүлүгүн жоготуп койсо, анда жаӊы эрогендик зоналар пайда болушу мүмкүн.
АКШда мындай кишилерге суррогат ѳнѳктѳштѳрдү алууга уруксат берилген: алар сексологдордун жардамчысы болуп иштешет жана шал болгон адамдын денесинин ар кайсы зоналарын стимуляциялоо аркылуу аны дүүлүктүрүүгѳ аракет кылышат.
Кимдир-бирѳѳ үчүн бул баш бармакты, же болбосо, мурунду стимуляциялоо болушу мүмкүн. Натыйжада дүүлүгүү пайда болуп, оргазмга жете алат.
Биздин мээбиз үйрѳнүүгѳ жѳндѳмдүү: качандыр бир кезде жеткен оргазм жѳнүндѳ эс тутумду жаӊы зонага байланыштыра алат.
7-бѳлүк. Эмоционалдык контексттин ролу
Фото: Ketut Subiyanto, Pexels
Эмоционалдык контекст биздин сексти кабылдообузга эбегейсиз чоӊ таасирин тийгизет.
Эки адам бири-бири менен жаӊыдан жолуга баштаганда, прелюдия жыныстык катнаштан алда качан мурда эле болот. Биз жолугушуга ал кандай ѳтѳ тургандыгы жѳнүндѳ ойлонуу менен даярданабыз. Бул бизди дүүлүктүрѳт. Аны менен сүйлѳшүп, ыкташып тамактануудан дагы дүүлүгѳбүз.
Прелюдиялар канчалык узакка созулса, адамдар секстен ошончолук кѳп ырахат ала тургандыгын изилдѳѳлѳр кѳрсѳттү. Эркектер да, аялдар да эрогендик зоналарын стимуляциялоонун жагымдуу жана кѳпкѳ созулушун каалашат.
Алгач белгилүү жана эӊ кѳп козгоочу зоналардан баштоо зарыл. Ѳзгѳчѳ зоналарга ѳтүү – ѳтѳ сезимтал зоналар сыяктуу эле (маселен, түз эле клиторду стимуляциялоо), ѳнѳктѳш жетиштүү деӊгээлде дүүлүккѳн мезгилде ишке ашууга тийиш.
Сексуалдык дүүлүгүү системасынан сырткары, сексуалдык басаӊдатуу системасы дагы бар экенин эстен чыгарбаш керек. Мисалы, колтуктун эрогендик зонага кирип-кирбесин аныктоого аракет кылган учурда ѳнѳктѳштѳрдүн экѳѳ теӊ буга даяр болуусу зарыл.
Эгерде эксперимент учурунда мээге «Кокус колтугум тердеп же жыттанып кеткен болсочу?» деген ой келе турган болсо, анда дароо сексуалдык басаӊдатуу системасы иштеп кетет. Мындай абалда ал киши үчүн процесс дүүлүктүрүүчү, козгоочу касиетин жоготуп, ыӊгайсыз боло баштайт.
Жалпысынан, эрогендик зоналардын, ѳзгѳчѳ жыныс мүчѳлѳрүнүн стимуляциясы канчалык узакка созулса, оргазм ошончолук интенсивдүү жана жагымдуу болорун, жана секс толук кандуу ишке аша турганын изилдѳѳлѳр кѳрсѳтүп турат. Ошону менен бирге эле, эркектин жыныстык органына караганда клитор кыйла сезгич болорун жана башкача стимуляцияга муктаж экенин унутпаш керек.
Материалды даярдаган: Двор Медиа