ТЖТБ — бул психологиялык жактан шартталган тамактануунун (же тамактануу жүрүм-турумунун) бузулушу.
Бузулуулардын бардык топтору үчүн негизги учур — тамактануунун кѳнүмүш шаблондорунун бузулушу. Буга анорексиядагы тамактанууну маанилүү ѳлчѳмдѳ чектѳѳдѳн баштап (салмакты азайтуу максатында), булимияга — кѳзѳмѳлсүз ашыкча тамактанууга чейинки бузулуулар кирет.
Нервдик анорексия менен нервдик булимия (ошондой эле айрымдардын пикири боюнча булимияга жакын, бирок жеӊилирээк вариант болгон психогендик ашыкча тамактануу, же binge-eating disorder) ТЖТБнун кеӊири жайылган варианттары болуп эсептелет. Бирок май басуу ТЖТБга кирбейт.
Мындай бузулуулардын келип чыгуу себептери үч нерсеге: биологиялык шарттарга (тактап айтканда, генетикалык жакындык), кишинин балалыгы ѳткѳн жана чоӊойгон шарттарына, ошондой эле маданий жана социалдык контекстте — биздин ойлонуу образыбызга таасир этүүчү коомдо кабыл алынган идеалдар менен ченемдердин топтомуна негизделет.
ТЖТБ себептерин сыпаттаган абдан кѳп психологиялык теория бар. Бирок, биринчи эле кезекте, буларды перфекционизмдин, ѳсүп-жетилүү процессинин бузулушунун, ата-энеден же жакындарынан бѳлүнүүнүн кесепеттери, жана албетте, генетикалык жакындыктан улам ѳзүнѳ ѳзү баа берүүнүн тѳмѳндѳѳсү менен коштолгон стресс менен байланыштырышат.
ТЖБну ѳз алдынча аныктоо ѳтѳ эле кыйын — кишилер ѳздѳрүнүн мындай жүрүм-турумун туура жана негиздүү деп эсептешет жана мисалы, анорексияда, ѳзүнүн денесинин образы маанилүү ѳлчѳмдѳ ѳзгѳрѳ берет.
Ошону менен бирге ТЖТБларды дарылоого болот— биринчи кезекте психотерапиялык дарылоодон ѳтүү зарыл. Айрым учурларда, дарылануудан ѳтпѳгѳндѳ деле чоӊойгон сайын симптомдор азайып, бузулуу толугу менен жоголуп кетиши мүмкүн.
Бирок калыбына келтирүү боюнча эч кандай аракет жумшабастан жѳн эле күтүп отура берүү коркунучтуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Ошондуктан, сени же жакындарыӊды бир нерсе тынчсыздандырып жатса, сѳзсүз түрдѳ адиске кайрылуу зарыл.
Мындай жүрүм-турум, бир жагынан, айыпка калуу коркуусунан улам пайда болгон уялууну билдирет. Адам башкалар аны тойбос деп айтуусунан, же тескерисинче, ѳтѳ аз жей турганын билип калат деп коркот.
Тынчсыздануу жана уялуу дайыма эле байкала бербейт — мисалы, жакын адамдардын тобунун ичинде (кѳзүнчѳ «абийирим тѳгүлүп калат» деп корккон) же зыяндуу деп эсептелген тамак (фаст- же джанкфудду, башкача айтканда ден соолукка пайдасыз тамактар менен «бош калорияларды») жеп жатканда.
Тамактануу жүрүм-туруму бузулган (ТЖТБ) адам үчүн кечинде жеген жарым банан болобу, түндѳ жеген тѳрт кош бургер болобу, тамактануу сакралдуу мааниге ээ.
Экинчи жагынан, эгер башка адамдар менен чогуу отурганда тамактануу коркуусунун болбоосу менен катар эле ТЖБнун негизги белгилери да (биринчи кезекте арыктоо же ашыра жеп коюу) жок болсо, анда мындай тынчсыздануу социалдык коркуунун бар экенинен (башкача айтканда, социофобиядан) кабар берет. Мындай бузулууда адам эл алдында бир иш-аракет, маселен, ал алдына чыгып сүйлѳѳ, супермаркетте шоппинг кылуу, транспорттун ичинде же достор менен барда отурууда коркууга же паникага кабылат. Бул бузулуулардын баарын негизги себеп— иррационалдуу сѳзгѳ калуу, байкоого илинүү, иши оӊунан чыкпай калгандыгы үчүн уятка калуу жана коркуу, туура эмес иш-аракеттерден коркуу сезимдери бириктирип турат.
Эгерде эл алдында тамактануу коркуусу дурус тамактанууга жана азык заттарын тийиштүү ѳлчѳмдѳ алууга тоскоолдук жаратса,— анда бул адиске кайрылуу үчүн себеп болот. Буга анчейин деле маани бербеген учурда да, бул тынчсыздануу жараткан ыӊгайсыздыктан кутулуу зарыл.
Айрым кишилер башкалардын кѳзүнчѳ тамак жештен уялат, бирок туруктуу тынчсызданууну жана анын бүтүндѳй жашоосуна таасирин тийгизгенин сезишпейт. Кандай болсо да, адамды башкалардын алдында тамактанууга мажбурлоо же дасторкондон жанына отургузуп алып, «коркпой эле жей берчи» деп тынчтантуу — туура чечим эмес. Ашыкча кѳӊүл буруу анын коркуусун, тынчсыздануусун жана ѳзүнѳ ишенбѳѳчүлүгүн кѳбѳйтѳт. Ал эми мындай жагдай ашыкча тамактануунун же ачкачылык кылуунун дагы бир түрмѳгүнѳ жол ачат.
Эгер ѳзүӊдѳ ушундай абалды байкаган болсоӊ, анын күнүмдүк жашооӊо канчалык таасир этип жатканы тууралуу ой жүгүртүп, акыркы мезгилдерде бул абал жашооӊду кандайча ѳзгѳрткѳнүн аныктоого аракет кылып кѳр, — белгилери катары жаӊы адаттар, күн тартиби же достор жана жакындарыӊ менен баарлашуудагы ѳзгѳрүүлѳр эсептелет.
Ошону менен бирге эле башкалардын кѳзүнчѳ тамак жештен уяла баштаганыӊ ѳзүӊѳ нормалдуу деп сезилсе да, бул тууралуу психологдон же психотерапевттен кеӊеш алууӊ абзел — кээде адистин пикири байкалбаган процесстерди да кѳрѳ билүүгѳ жардам берет.
Спорт менен ашыкча машыкканыӊды жана катуу берилип кеткениӊди түшүнүү оӊой эмес, адамдардын кѳбү фитнес-клубга дене түзүлүшүн жакшы кармап туруу же арыктоо үчүн барат, аларда тамактануу жүрүм-турумунун бузулушу (ТЖТБ) байкалбайт. Ал эми, эгер спорт менен машыгуу жакпаса, аларды ѳткѳрүп жиберүү сенде тынчсыздануу жаратса, жалгыз максатыӊ - топтолгон каллорияларды компенсациялоо болсо, анда бул ТЖБдан кабар бериши мүмкүн.
Физикалык жүктѳмдѳрдүн натыйжасында ашыкча салмак жоготуунун ачык критерийи катары дене салмагынын индексинин (салмактын жана бойдун катышы) ѳтѳ эле тѳмѳндѳп кетиши эсептелет. Бул норма салыштырмалуу болсо да, организмдин начарлоо деӊгээлин кѳрсѳтѳт.
Машыгууга барбай коё аласыӊбы? Мисалы, анорексия менен жабыркаган адам тамактануу гана эмес, салмагын азайтууга байланышкан башка жүрүм-туруму боюнча дагы катуу дисциплина сакташы мүмкүн.
«Түбү кайырдуу» арыктоо тилегинин анорексиядан айырмасы —анорексияда семирип кетүү коркуусу жоголбойт, — бул жерде күнѳѳ башынан эле ѳзүнүн кебетесин туура эмес кабыл алууда.
Денеге кам кѳрүүнү азаптуу түйшүктѳн мына ушундайча айырмалоого болот — эгер максатка жеткениӊди же ага жакындаганыӊды сезсеӊ — анда баары жайында. Ал эми максатка жакындоо сезими болбосо, анда бул ѳз денеӊдин бузулган образына байланыштуу болушу мүмкүн.
Физикалык жүктѳмдѳрдүн туура эмес мүнѳздѳ экенинин дагы бир белгиси — алардын ашыкча тамактануу менен жакын байланышы. Башкача айтканда, эгер машыгуу шайманына же чуркоо жолуна мындан мурун алынган калориялардан улам (ашык деп эсептеп) барып жатсаӊ, анда бул булимиянын белгиси боло алат. Кѳзѳмѳлдѳнбѳгѳн ашыкча тамактануу эпизоддору жана аны компенсациялоого багытталган аракеттер (кусуу же физикалык жүктѳм) булимияга таандык белгилер.
Ашыкча спорттук жүктѳмдѳрдүн жардамы менен арыктоо кээде ѳз салмагы үчүн тынчсыздануу айлампасын жаратышы ыктымал — канчалык кѳп арыктасаӊ, семирип кетүү жана «прогресстен кол жууп калуу» коркунучу ошончолук кѳп болот.
Машыгууну ѳткѳрүп жибергендиги үчүн тынчсыздануунун ченемден ашып кеткенин башка нерсеге оюӊду топтоо кыйын болуп жатканын, мээӊди кайра семирип кетүү же андан ары арыктоону улантуу жѳнүндѳ ой чулгаганын, ошондой эле туталануу пайда болгонун баамдай алган учурда гана түшүнѳ аласыӊ. Бул идеяларды кичине убакыт болсо да унутуу мүмкүн болбой жатса, анда адиске кайрылуу туура болот.
Ар бир эле киши бош отурганда кечинде же түштѳ эмне тамак жей турганы жѳнүндѳ ойлонот. Бул боюнча кѳп деле тынчсызданбайбыз. Бир жумадан кийин үй-бүлѳлүк майрамда жей турган тамактарды пландоо дагы кадимки эле кѳрүнүш. Кимдир-бирѳѳ мындай ойлорду санааркатуучу деп эсептейт, бирок адатта булар тамактын организмге тийгизген таасирине эмес, иш-чараны уюштурууга байланыштуу.
Ал эми ойлор тынчсыздануу жаратып, ѳткѳн мезгилге («Бүгүн/кечээ/бул айда ѳтѳ кѳп тамак жедим»), келечекке («Күндѳгүдѳн азыраак сельдерей жесем жетиштүү болот» же «Мен кармана албай кетишим мүмкүн») же учур чакка («Кайра эле ѳзүмдү кѳзѳмѳлдѳй албай жатам!» же «Эч ким байкабай калышы үчүн каалагандай жей турган убакытты тактап алышым керек») багытталган болсо, анда булар тамакка карата мамиленин бузулушунун белгилери болуп эсептелет.
Жѳн гана жакшы жана даамдуу тамак жегенди жактыруу, же болбосо кээде жакшы кѳрүп ашыкча жеп коюу менен компульсивдүү ашыкча тамак жегендин ортосундагы чек дал ошол компульсивдүүлүк менен башкара билүүнүн жоктугунда.
Ошондой эле тамак жегенден кийинки сезимдерде — «тоё жегенден» кийин деле тамак жегенден жагымдуу сезимдер жаралат. Тамакты ашык жеп койгон учурда болсо, уялуу жана тынчсыздануу сезимдери бардык ырахатты бузуп коет.
Жеткире жебѳѳ тууралуу кеп болгондо, бул чекти белгилѳѳ кыйыныраак — кишинин ѳзү үчүн күнүнѳ жүз калория дагы жетиштүү сезилет. Бул жерде тамак жѳнүндѳ ой арыктоо тилеги менен ѳзүн семиз деп эсептѳѳгѳ, ѳзүнѳн нааразы болууга салыштырмалуу экинчи планга жылат.
Демек тамак жѳнүндѳ ойдун саны эмес, сапаты маанилүү — тамактануу жүрүм-турумунун бузулушунда ой-санаанын баары тамактанууга жана ага байланышкан кесепеттердин тегерегинде болуп, адатта бул кубаныч алып келбейт.
Уялууга жана коркуу менен санаа тартуунун жаӊы толкунуна жол ачкан бүтүн бул оор, азаптуу идеялар дененин бузулган образы жана анорексияда болгон сыяктуу эрксизден келген арыктоо тилеги, же башкара албаган ашыкча тамактануу жана анын натыйжасындагы уялуу менен салыштырганда экинчи белги болуп калат.
Бирок сага тамак жѳнүндѳ ойлонуу ыӊгайсыздык жаратып, башка адамдар менен болгон мамилеге таасирин тийгизип жаткандай сезилсе, анда буларга кѳӊүл бурушуӊ керек. Мындагы эӊ жакшы жардамды психологдон же психотерапевттен ала аласыӊ.
Ырым-жырымдар менен жадатма иш-аракеттер (обсессиялар) анорексия, булимия же психогендик ашыкча тамактануу сыяктуу түрдүү тамактануу жүрүм-турумунун бузулушунда (ТЖТБ) байкалат.
Биринчи учурда, парадокско карабастан, анорексия менен жабыркагандар кулинардык рецепттерди, ал тургай тамак-аштын ѳзүн да чогултушат. Рационун «кѳзѳмѳлдѳѳ» тилегинен улам, алар тамактын ѳзүн да «кѳзѳмѳлдѳп» жиберишет, — муздаткычтагы кутуларды иреттешет, азыктарды белгилүү текчелерге жайгаштырышат. Муну менен алар ѳздѳрүн тамак-аш менен курчап, ага туруштук берүү үчүн күч-кубат алышат.
Начар тамактануунун ѳзү эле тамак-аш жѳнүндѳ жадатма ой-санааларды — образдарды, даамды эстѳѳ жана ачкачылык сезимин пайда кылат. Бул болсо ѳз алдынча чыгуу кыйынга турган айлампаны жаратат.
Булимияда ырым-жырымдар ашыкча тамактануунун ѳзүн жашыруунун айланасында түзүлѳт, себеби киши мындай аракетти уяттуу жана бир нерсени башкарууга жѳндѳмсүз экендигин ачыкка чыгарган аракет деп эсептейт. Дал ушул себептен улам, кѳп учурда мындай «жорук» билинбей калсын деп, тамактануу түнкү мезгилге жылдырылат.
Убакыттан тышкары, ырым-жырымдар «тамактын ѳлчѳмүн», белгилүү бир азыктарды ырааттуу пайдаланууну, компенсациялоочу жүрүм-турумду пландоо же түзүп чыгууну да камтышы мүмкүн. Мисалы, кимдир-бирѳѳ ашыкча тамактанган соӊ, реабилитациялануу максатында кѳбүрѳѳк жана узагыраак физикалык кыймыл-аракет жасоого ѳзүн мажбурлайт.
Ырым-жырымдар ѳзүнѳн ѳзү кооптуу же коопсуз деп айтууга болбойт — булар жѳн гана бузулуунун симпотомдору же белгилери. Ошондуктан белгилүү бир ритуалдан баш тартууга аракет кылуу натыйжасыз болуп калышы ыктымал. Жеке денесин болгон турпатында кабыл алуу, уялуу, тынчсыздануу сезимдери менен иштѳѳ кыйла натыйжалуу болот.
Эгер жадатма абалдар тамактан башка нерселерге да таандык болсо, маселен, кирдеп кеткендей сезимдер, кыймыл-аракеттерин оӊдоп-түздѳй берүү, колду улам сайын жууй берүү — анда коштоочу диагноз обсессивдик-компульсивдик бузулуу (ОКБ) болушу мүмкүн. Бузулуунун мындай түрү ТЖТБда кѳп учурайт. Бир эле бузулуунун экинчи бузулууга да жол ача турганын, жана булар бир эле учурда эмес, турмуштун ар кандай мезгилинде пайда болуусу мүмкүн экенин билүү зарыл.
Башка адамдарга салыштырмалуу ТЖБда кѳп кездешкен башка абалдар — биполярдык бузулуу, депрессия жана тынчын алуучу бузулуулар. ОКБда болгондой эле, алардын тыгыз байланышы айрым окшош ѳнүгүү механизмдери менен гана эмес, адамды мындай абалдарга алсыз кылган жалпы генетикалык себептер менен дагы түшүндүрүлѳт.
Тамактануунун ѳзгѳргѳн адаттары менен байланышкан ѳз денесине ашыкча кѳӊүл буруу тамактануу жүрүм-турумунун бузулушунан (ТЖТБ) кабар бериши мүмкүн. Кѳӊүл буруу дегенде денесин карап чыгуу, денеден кемчиликтерди издѳѳ жана дененин алар азыраак кѳрүнѳ турган абалын аныктоо сыяктуу иш-аракеттерди түшүнсѳ болот.
Бирок кыйыр түрдѳ, денеге кѳӊүл буруу деп башка жүрүм-турумду да — анын ичинде физикалык жүктѳмдү да айтууга болот. Ошол эле мезгилде майдын кѳлѳмүнѳ же деги эле салмакка тиешеси жок кандайдыр бир физикалык кемчиликти сезүү дисморфофобия менен байланыштуу болушу ыктымал.
ТЖБга, эӊ биринчи кезекте анорексияга чалдыккан адамдар бир гана сырткы келбетинен нааразы болбошу мүмкүн. Денесин дурус эмес деп эсептеген сезим кээде «ичинен» келет: ѳзүн оор сезүү, олдоксондук, алсыздык, дем алууда кыйынчылык сезимдери жаралат.
Ал эми жагымсыздык сырткы кебетеге байланыштуу болсо, анда киши кѳп убактысын күзгүнүн алдында ѳткѳрүп, «ишенүү» үчүн жаӊы кемчиликтерин издей берет. «Ушуну билгем» же «Каалаган натыйжага жете алган жокмун» — мындай жүрүм-турумду коштоп жүргѳн кадимки ойлор. Жүрүм-турумдун бул түрү да жадатма же ырым-жырымдык болушу мүмкүн, башкача айтканда, кадимки зыяндуу адатка караганда жакшы түзүлүшкѳ жетүү кыйла татаал.
Ѳзүнүн денесине кѳӊүл буруу кадимки кѳрүнүш, бирок күзгү кѳргѳн сайын эле ѳзүн карай берүү же болбосо күнүнѳ 1-2 саат күзгүнүн маӊдайында ѳткѳрүү адаты ТЖТБнун же дисморфофобиянын белгиси.
Дисморфиялык бузулуулар кѳбүнчѳ ТЖТБ менен коштолот, анткени булардын дагы түпкүрүндѳ тынчсыздануу жана жадатма жүрүм-турум механизмдери, ошондой эле генетикалык (биологиялык) негиздер жатат.
Ѳз денесинен нааразы болуу жѳнүндѳ автоматтык ойлор кѳнгѳн иштер менен алектенүүгѳ тоскоолдук жараткан учурда муну ТЖТБнун гана эмес, башка бузулуулардын дагы, маселен, депрессивдик спектрдин кыйыр белгиси деп түшүнсѳ болот.
Ошондуктан, обсессиялар сыяктуу эле, кээ бир симптомдорун даарылоо же алар байкалган кырдаалдардан качуу (мисалы, күзгүгѳ каранууга ѳзүнѳ тыюу салуу) андай деле жакшы натыйжа бербеши мүмкүн. Кѳйгѳйдү аӊдап түшүнүүгѳ, ага башка тарабынан кароого жана жүрүм-турум стратегияларын тууралоого психолог же психотерапевт гана жардам берет.
Так аныкталган анорексияда болгондой эле, негизги диагностикалык белги катары салмактын нормадан түшүп кетүүсү эсептелет (дене салмагынын индексинин нормалдуу маанисинин 85% жана андан аз), булимия же ашыкча тамактанууда дене эч кандай ѳзгѳрүүгѳ кабылбашы мүмкүн — бул сыяктуу тамактануу жүрүм-турумунун бузулушунан (ТЖТБ) жабыркаган кишилер кээде таптакыр семиришпейт. Ошентсе да семирип кетүү же салмак кошуу тууралуу тынчсыздануулары менен коркуулары баары бир болот.
Организмдин физиологиясында ѳзгѳрүүлѳр салмак нормалдуу болгон учурда деле келип чыга тургандыгын түшүнүш керек (мисалы, кусууну шарттоочу булимияда). Кусканда киши суюктук менен чогуу электролиттерди, витаминдерди жоготот, щелочтук-кислоталык баланс жана башка азык заттарды сиӊирүү бузулат, ал эми ашказан суюктугу тиштердин эмалын зыянга учуратат.
Электролиттердин дисбалансы кээде териге да терс таасирин тийгизип, ар кандай абалга түшүрүшү мүмкүн — тери кургап, түлѳйт, анан кескин нормага кайтып, тартылат, андан кийин кайра эле бозоруп, шалбырай түшѳт. ТЖБнун башка дагы ачык байкалган кыйыр белгилери — кѳздүн астындагы шишиктер, жаактардын кирип кетиши же ооздун ичинин кургашы.
ТЖБ жѳнүндѳ салмактын ѳзгѳрүүсүнѳ эч кандай тийиштиги жок кѳп билинбеген физиологиялык ѳзгѳрүүлѳр да белги бериши мүмкүн. Мисалы, организмдин жылуулук балансына байланышкан жаӊы сезимдер пайда болот. ТЖТБ шарттарында киши майдын жетишсиз деӊгээлинен улам дайыма үшүп турат. Ал эми мындай жетишсиздик начар тамактануудан же «йо-йо эффекттен», башкача айтканда циклдүү салмак таштоо же салмак кошуудан улам келип чыгат.
Кѳп учурда анорексияда байкалган дагы бир коркунучтуу белги — «лануго» деп аталуучу, адатта бетке, үстүӊкү эриндин жогору жагына, колдорго, буттарга жана далыга чыккан ичке жумшак түктѳр.
ТЖТБнун таасири менен сырткы келбет гана ѳзгѳрбѳйт. Бул типтеги бузулуулар түздѳн-түз мээге таасир эте турганын далилдей албасак да, алардын ѳрчүшү жана узакка созулушу адамдын ой жүгүртүүсүн олуттуу ѳлчѳмдѳ ѳзгѳртѳ турганын айта алабыз. Мунун ачык-айкын белгиси катары, кишинин ийкемдүүлүгүнүн азайышы, ѳз оюнан кайтпоосунун жогорулашы эсептелет.
Мындай ѳзгѳрүү ТЖТБнун пайда болуу себептери менен жакын байланышта. Айрым психотерапевттер чѳйрѳдѳгү абалга (тамак-аш жана андан тышкаркы кѳнүмүш адаттарга) тараган гиперкѳзѳмѳлдѳѳчү жүрүм-турум ѳз алдынча, кѳз карандысыз иштѳѳнүн жетишсиздиги менен байланыштуу — бул компенсациянын продуктивдүү эмес механизми сыяктуу. Ошону менен катар эле, ТЖТБ канчалык ачык байкалса, ѳжѳрлүк, айтканынан кайтпоо ошончолук күчтүү болот.
Эгер жакындарыӊдын биринде мына ушундай белгилерди байкаган болсоӊ, аларга ѳзүӊ түшүндүрүп, кандай ѳзгѳрүүлѳр байкалып жатканын айтып, кѳрсѳтүп беришиӊ керек. Анткени ТЖБ чалдыккан киши ѳз ой жүгүртүүсүнүн ѳзгѳргѳнүн биле албашы мүмкүн.
Тамактануу жүрүм-турумунун бузулуусу (ТЖТБ) адамдын ички дүйнѳсүнѳ жана денесине гана эмес, анын сырткы дүйнѳ менен байланынына да таасирин тийгизет. Эмоцияларды билдирүү, иштеп чыгуу жана баштан ѳткѳрүүнү татаалдаштырган жүрүм-турум моделдери ТЖТБ бар адамдарда дайыма эле аӊ сезимдүү түрдѳ калыптана бербейт.
Мисалы, ТЖТБ кыйыр белгилери болуп, ѳзүнүн чѳйрѳсүндѳгүлѳрдү кѳзѳмѳлдѳѳ эӊсѳѳсү, социалдык себепсиздиктин тѳмѳндѳшү жана эмоционалдык качуу, башкача айтканда эмоционалдык экспрессиянын тѳмѳндѳшү эсептелет.
Ѳзүнүн чѳйрѳсүндѳгү адамдарды кѳзѳмѳлдѳѳ эӊсѳѳсү кѳбүнчѳ мурда биз айтып кеткен ѳз алдынча иштѳѳнүн жетишсиздигинен келип чыгат (ошондой эле бул сезим ѳз ата-энесинен оор жана эреже бузуулар менен ажыратууда, «бѳлүүдѳ» да пайда болушу мүмкүн).
Мындай контролдоо жеке эле ѳзүнүн эмес, жакындарынын да күн тартибин, тамак-аш жана тамак-аштан тышкары кѳндүмдѳрүн оӊдоо же ѳзгѳртүү аракеттеринде байкалат. Айрым изилдѳѳчүлѳр анорексия менен жабыркаган кишилер башкалардын рациону жѳнүндѳ «кам кѳрүүнүн» кийинки деӊгээлине да чыгышы мүмкүн деп эсептешет. Мында ал башкалар үчүн ѳзгѳчѳ тамактарды даярдайт, ѳзү болсо аларды жемек турсун, ооз тийбейт дагы.
Бул тегерегиндегилер аркылуу «ортомчулук кылынган» тамактануу, мындайча айтканда тамак-аш менен мамилени «кайра жандандыруу» же айланасындагыларды ѳзүнүн «ѳзгѳчѳлүгүнѳ» ишендирүү аракети («Тамак-ашка жолобогон киши тамак даярдоо үчүн ушунча убактысын коротобу?»). Ушул сыяктуу ѳзгѳчѳ кѳзѳмѳл башка ТЖТБларга да мүнѳздүү, бирок мынчалык деӊгээлде эмес.
Кийинки белги — социалдык себепсиздиктин тѳмѳндѳшү. Бул кубулушта адам башка кишилер менен мамилесин азайтуу менен катар эле, кырдаалдын социалдык контекстин түшүнүүсү оорлойт. Мисалы, ТЖТБ жабыркаган киши башка бирѳѳнѳ туура эмес, жагымсыз нерсе кылып жатканын же анын жеке чектерин ашып жатканын аӊдабашы мүмкүн, кыйытмаларды түшүнбѳшү ыктымал.
Бул эмоционалдык таасир этүүнүн, эмпатиянын тѳмѳндѳшүнѳ окшошуп кетет — ТЖТБ бар киши жагымсыз, оор окуялардан качып, жеке эмоцияларынын спектрин чектегендей болот. Сыртынан караганда, түнттүк, серттик же кайдыгерлик болуп кѳрүнүшү мүмкүн, бирок чынында мындай адам үчүн эмоционалдык качуу потенциалдуу оор баштан ѳткѳрүүлѳр менен капалануулардан жашынып калуу мүмкүнчүлүгүн берген эӊ мыкты мехнизм боло албаса да, салыштырмалуу эффективдүү боло баштайт.
Жалпысынан, ТЖТБнун башкы белгилери (арыктоо, тамакты чектѳѳ, ашыкча тамактануу) ошол эле ички конфликттен жана стресстен качуу механизмдери болуп эсептелет. Ошондуктан тигил же бул кѳйгѳй ѳзүн кандайча кѳрсѳткѳнүнѳ карабастан, — ѳзүнѳ, тамакка же тышкы чѳйрѳгѳ карата мамилеси бузулган учурда — ага байкоо жүргүзүп, керек болгондо сѳзсүз жардам сурап кайрылуу зарыл.
Булак: Двор Медиа