Секс-оюнчуктар. Коопсуздук техникасы

Алар кандай болот?

Бүгүнкү күндө секс-оюнчуктардын көп түрдүүлүгү ушунчалык кеңири болгондуктан, алар дээрлик бардык муктаждыктарды канааттандыра алат: мастурбация, өнөктөш менен секс, эрогендик зоналарды активдештирүүнүн жаңы ыкмаларын колдонуу, өзүнүн денесин изилдөө же ден-соолукта кандайдыр бир чектөөлөр бар болсо, өзүн канааттандыруу.

Кыздар жана балдар үчүн өзүнчө атайын аппараттар бар. Таасир кылуу ыкмалары да ар түрдүү: вибрация, вакуум, үн жана башкалар.

Кызыктуу изилдөөлөрдүн биринде окумуштуулар ири көлөмдөгү маалыматтарды колдонуп, британиялык популярдуу секс-шоптун веб-сайтында миллиондогон сатып алууларды изилдеп, кайсы оюнчуктар эң популярдуу экенин аныкташкан. Орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • кын үчүн вибраторлор;
  • анусты стимулдаштыруучу оюнчуктар;
  • эрекция шакектери;
  • кынды элестеткен эркектердин оюнчуктары;
  • кын топтору;
  • дилдо

Жалпысынан алганда, бардык секс оюнчуктарды бир нече негизги категорияларга бөлүүгө болот:

  • Вибраторлор — аталышына карабастан, бул дирилдеген нерселер гана эмес, ошондой, эле вакуумдук / үн клиторалдык стимуляторлор. Вибраторлор ар кандай формада жана өлчөмдө болот, клитор үчүн же кирүү үчүн, кээде экөөнө тең (мындай универсалдуу вибраторлор жаргон тилинде “коёндор” деп аталат). Кээ бирлерин аналды стимулдаштыруу үчүн колдонсо болот.
  • Фаллоиммиторлор же дилдо. Ар кандай түстөгү, формадагы жана өлчөмдөгү дилдолорду тапса болот - өтө көрүнүктүү рельефи менен чоң жана коркунучтуу формалары гана эмес,  пенистин чыныгы формаларына жана өлчөмдөрүнө абдан жакын түрлөрү болот. Кээ бир моделдери анал үчүн ылайыктуу болуп саналат.
  • Аналдык девайстар -  негизинен капкакчалар жана тоголокчолор болот. Капкакчалар вибрация менен же вибрациясы жок болот жана простатаны стимулдаштыруу үчүн атайын моделдер бар. Бардык аналдык оюнчуктарда стоппер болушу керек экенин унутпаңыз, антпесе алар сиздин ички организмге кирип кетип, ага зыян келтириши мүмкүн.
  • Эркектер үчүн оюнчуктар — булар негизинен мастурбаторлор (кындын имитатору) жана эрекциялык шакекчелер. Шакектер эрекцияны узартуу үчүн керек, алар вибрация менен болушу мүмкүн жана өнөктөш менен жыныстык катнаш учурунда колдонсо болот.

Албетте, бүгүнкү күндө рыноктогу оюнчуктар булар менен гана чектелип калбайт. Жупташкан оюнчуктар же фетиш аппараттары да бар. Жогоруда биз бүтүндөй интимдик оюнчуктар дүйнөсү жөнүндө түшүнүк ала турган негизги категорияларды бердик.


Секс-оюнчуктарды эмне себептен улам колдонушат? 

Секс оюнчуктар - бул интимдик жашоону ар түрдүү кылганга жардам берет, же табигый жол менен канааттандырыла албаган муктаждыктарды канааттандыруунун бир жолу. Мисалы, стимулдаштыруунун жаңы түрүн колдонуу менен оргазмга жетишүү. Алар денени изилдөөгө жана жаңы эрогендик зоналарды ачууга мүмкүндүк берет. Ал эми кээ бир ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жөн гана сексуалдык канааттануу алуу үчүн жеткиликтүү мүмкүнчүлүк болуп калат.

АКШнын Индиана университетинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, 18 жаштан 65 жашка чейинки респонденттердин тобунда аялдардын 50%дан ашыгы жана эркектердин 45%ы интимдик оюнчуктарды колдонушкан жана алар сексуалдык жашоосунун жана жалпы ден-соолугундагы абалдын жакшырганын белгилешкен.

Ошентип, изилдөөчүлөр мындай оюнчуктар адамдарга көңүл ачуу үчүн гана керек эмес деген жыйынтыкка келишет. Секс оюнчуктары ден-соолук үчүн маанилүү элемент катары гана эмес, кээде дарылоого кошумча каражат катары да роль ойноп калат.

Мисалы, Саманта Эванс, медайым жана Jo Divine секс-оюнчуктар компаниясынын башкаруучу директору мындай дейт: “Кардарлар жыныс кынынын атрофиясы, кындын оорушу (вагинизмден улам же операциядан кийин) сыяктуу шарттарда секс оюнчуктарынын пайдасын айтышат. Жана ошондой эле, антидепрессанттардын же башка дарылардын таасири астында либидонун төмөндөшүнөн улам дүүлүгүү кыйын болгон учурларда бул интимдик оюнчуктар дүүлүгүү сезимин жана сексуалдык функцияны калыбына келтирүүгө жардам берет».

Оюнчуктар, ошондой эле, жыныстык өнөктөштөрдү күчтөндүрүүгө же жыныстык катнаш учурунда биринчи жолу оргазмга жетүүгө жардам берет. Кээ бир адамдар оюнчуктарды өнөктөштөрүн секске даярдоо учурунда гана колдонушат, алар өнөктөшүнүн денесин бошотуп, аны эң жагымдуу жана ыңгайлуу интимдик актка даярдашат.

Сексуалдык оюнчуктарды колдонуунун варианттары абдан көп - өнөктөш мененби, же өзүнчөбү, айырмасы жок - оюнчуктар менен эксперимент жасап көрсө болот.

Бирок ар кандай эксперименттер учурунда интимдик оюнчуктарды тандоодо жана аны иштетүүдө коопсуздук эрежелерин унутпоо керек. Алар тууралуу кийинки бөлүмдө сүйлөшөбүз.


Чек-лист: коопсуз жана сапаттуу секс-оюнчуктарды кантип тандоо керек? 

Биринчи кезекте, секс -оюнчукту кандай максатта алгысы келгенин адам өзү түшүнүшү керек жана максатка ылайык, туура категориядагы оюнчуктарды издөө зарыл. Мисалы, эгер кыз жыныстык катнаш учурунда оргазм алууда кыйынчылыкка дуушар болсо, анда ал кындын вибраторун колдонууга кызыкдар болушу мүмкүн. Же бир жигит өнөктөшү менен кандайдыр-бир эксперимент жасоого кызыгып калышы мүмкүн жана алар чогуу оюнчуктарды тандап алышат.

Оюнчуктун кандай үлгүсүн алууну чечкенден кийин, жасалма же сапатсыз материалдарга туш болуп калбоо үчүн сатып алуучу дүкөндөрдү байкоо менен тандап алуу маанилүү. Сатуучу товардын сапатына түздөн-түз жооп бербеген чоң базарлардан секс оюнчуктарын сатып албоо керек. Мисалы, Aliexpress маркети. Жагымдуу бааларына карабастан, ал жерде сунушталган буюмдар оригинал экенине,  уулуу эмес жана жогорку сапаттагы материалдардан жасалганына кепилдик жок.

Оюнчуктарды адистештирилген дүкөндөрдө (сексуалдык дүкөндөр жана интимдик дүкөндөр) сатып алуу эң коопсуз, бирок мыкты аброю бар жана кардарлардын жакшы сын-пикирлерине ээ ири дүкөндөр тармагына басым жасоо керек. Ар бир областта, областтык борбордо мындай тармактык дүкөндөрдөн жок дегенде бирден кезиктирүүгө болот. Жакшы вариант - бул интернет-дүкөндөрдүн секс-аппараттарына буюртма кылуу, алардын көбүндө аралыктан сатып алуу жана жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Оюнчуктарды тандоодо дүкөндөргө гана эмес, ошондой эле белгилүү бир девайстарга карата берилген сын-пикирлер жана секс-блогерлердин кеңештери жардам берет. Кайсы блогерди угуу жакшы экенин аныктоодо катталуучулардын санына (адам канчалык атактуу болсо, ал берген маалымат ошончолук ишенимдүү болот) жана жеке каалоого көңүл буруу керек. Блогерлер белгилүү оюнчуктарга сын-пикирлерин айткандан тышкары аларды сатып алууга боло турган дүкөндөрдү да сунушташат.

Ошондой эле, эгер белгилүү бир үлгү жагып калса, бул оюнчукту өндүрүүчүнүн башка ассортиментин жана анын расмий веб-сайтын издөө жардам берет: жакшы өндүрүүчү өзүнүн түзмөктөрү жөнүндө ачык айтып берет жана анын баракчасын табуу да оңой.

Сексуалдык оюнчуктарды өндүрүү тармагындагы дарыгерлер жана эксперттер баса белгилеген абдан маанилүү сунуш - бул коопсуз материалдардан гана жасалган шаймандарды  сатып алуу. Аларга төмөнкүлөр кирет: силикон, айнек, металл, AБС пластик. Резина менен латексти колдонбоо сунушталат, анткени алардын тешиктери бар, тез кир болуп калат, тазалоо кыйын жана тез-тез колдонулган убакта сатып алгандан кийин бир аздан соң бузулуп баштайт. Ошол эле учурда, жакшы жана ишенимдүү өндүрүүчүлөрдө медиктер сунуштаган да, сунуштабаган да материалдардан жасалган оюнчуктар болорун түшүнүү маанилүү - ошондуктан тандоо толугу менен керектөөчүнүн каалоосунан көз каранды. Резина жана латекс оюнчуктарын узак мөөнөткө колдонбоо керек жана кылдаттык менен тазалап туруу зарыл.

Акырында айтаарыбыз: оюнчук ылайык келбесе, капа болуунун кереги жок (мисалы, андан натыйжа чыкпаса) - бул сизде бир мандем бар дегенди билдирбейт. Эч кандай универсалдуу аппараттар болбойт. Сиз башка моделди же стимулдаштыруунун башка түрүн сынап көрсөңүз болот.


Чек-лист. Зыян келтирип албоо үчүн секс-оюнчуктарды кантип колдонуу керек? 

Эгер этиятсыздык менен колдонулса жана коопсуздук чаралары сакталбаса, секс оюнчуктары өзүңүзгө же өнөктөшүңүздүн ден-соолугуна зыян келтириши мүмкүн.

Бирок башка үй буюмдарын этиятсыздык менен колдонгондо деле зыян келтирип алса болот. Ал эми секс-оюнчуктардын өзгөчөлүктөрү бар. Аларды иштетүүнү коопсуз, жагымдуу жана пайдалуу кылууга жардам бере турган бир нече жөнөкөй эрежелерди тизмектейли.

  • Оюнчукту колдонгондон кийин дароо жууш керек. Секс оюнчуктардын гигиенасын кантип туура сактоону кийинки бөлүмдө айтабыз.
  • Аналдык кошулуу үчүн оюнчуктар стоппери менен болгону жакшы. Бул оюнчуктун аягындагы кенен бөлүгү, ал кокустан оюнчуктун белгиленген чегинен ары кирип кетишине жол бербейт.
  • Дилдо же вибраторду анал үчүн колдонууда презерватив тагуу керек – бул гигиеналык жактан тазараак болот жана жагымсыз жыттан арылтат.
  • Эгерде сиз аналдан кийин дароо кынга кирүүнү пландаштырсаңыз, сөзсүз түрдө презерватив колдонушуңуз керек. Вагиналдык колдонуудан мурун презервативди жаңысына алмаштыруу же жөн эле алып салуу керек.
  • Суу негизинде майлоочу каражатты колдонуу жакшы жана анын көлөмүн үнөмдөбөңүз - эгерде майлоо жетишсиз болсо, сүрүлүү өтө күчтүү болушу мүмкүн, бул ооруну жаратат жана кындын, клитордун же жыныс мүчөнүн ткандарын жабыркатышы мүмкүн. Маанилүү эскертүү: силикон оюнчуктарга силикон майлоочу каражатты колдонбоңуз.
  • Секс оюнчуктарын башка адамдар менен бөлүшпөө маанилүү, анткени бул секс оюнчуктарын туура эмес иштетүү болуп саналат, анын натыйжасында инфекциялардын жайылуу коркунучун жогорулайт.
  • Эгерде сиз оюнчукту душта же ваннада колдонгуңуз келсе, алгач анын суу өткөрбөй тургандыгын жана сууга тийип калса, коркунучу жок экенин сөзсүз түрдө текшериңиз.
  • Эгерде сизде сексуалдык оюнчуктар менен стимулдаштырууну пландаштырган интимдик аймактарда пирсинг болсо, жаракат албаш үчүн аны алып салганыңыз оң.


Секс оюнчуктардын гигиенасы 

Оюнчуктар узакка кызмат кылып, инфекциялар үчүн контейнер болуп калбашы үчүн аларды сапаттуу зыянсыздандырып туруу керек.

Оюнчуктарды колдонгондон кийин дароо жууш керек, же аны колдонуудан мурун тазалоо андан жакшы – анткени оюнчук сакталып турганда, ага чаң түшүп калат. Ошондой эле, биринчи жолу колдонуудан мурун (сатып алгандан кийин дароо) секс каражаттарды жууш керек.

Самын, жылуу суу же атайын эритме (оюнчук тазалоочу каражат, ал адистештирилген дүкөндөрдө да сатылат - секс дүкөндөр) жана салфетка менен жууган жакшы.

Оюнчуктарды спирт же башка дезинфекциялоочу каражаттар менен сүртүүнүн кереги жок. Алар интим-оюнчуктар жасалган материалдын сапатын бузуп салышы мүмкүн. Ошондой эле, мындай дезинфекциялоочу каражаттын бөлүкчөлөрү оюнчуктун бетинде калып, былжыр челге же териге зыян келтириши мүмкүн.

Болоттон же айнектен жасалган оюнчуктарды кайнатууга болот.

Тазалагандан  кийин оюнчукту таза сүлгү же салфетка менен сүртүп салсаңыз жакшы болот - аны фен менен же микротолкундуу меште кургатпаңыз. 

Суу менен сак болуу маанилүү: эгер оюнчук суу өткөрбөйт деп айтылган же жазылган болсо, аны сууга салып, жууса болот; эгерде ал жарым-жартылай суу өткөрбөй турган болсо (“чачыранды суудан корголгон” деп да аталат), анда аны суу менен чайкасаңыз болот. Эгерде оюнчук аккумулятор менен иштесе, өзгөчө этият болуңуз – оюнчукту ашыкча суулабаңыз, болгону сүлгү тазалоочу каражат жана салфетка менен сүртүңүз.

Эгерде сиз чындап эле оюнчугуңузду башка бирөө менен бөлүшкүңүз келсе (негизинен инфекцияны жугузуп алуу коркунучун болтурбоо үчүн муну кылбаганыңыз оң), сиз төмөнкүлөрдү эстен чыгарбаңыз:

  • Көзөнөктүү эмес материалдан жасалган оюнчуктарды гана берүү коопсуз - бул металл, айнек, силикон, ABS пластмасса (бактериялар жана вирустук бөлүкчөлөр мындай материалдардын үстүндө кала албайт).
  • оюнчукту колдонууда ага презерватив кийгизүүнү жана аны сизге кайтарып бергенде аны жакшылап зыянсыздандырууну сураныңыз.

Кээ бир оюнчуктар бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет (интимдик өнөктөшүңүз менен гана эмес). Мисалы, мындай оюнчуктарга алмаштырылуучу тиркемелери бар вакуумдук стимуляторлор кирет. Мындай стимуляторду алган адам жөн гана өзүнүн жеке тиркемесин сатып алып, аны колдонот. Ошол эле учурда, ар бир колдонуудан жана бири-бирине өткөрүп бергенден кийин стимулятордун өзүн туура дезинфекция кылуу баары бир маанилүү.


Секс-оюнчуктарды кайсы жерде сактоо жана кантип туура жок кылуу керек?

Оюнчуктарды туура сактоо үчүн айрым кеңештер: 

  • Оюнчуктар кичи бир туугандары же башка тууганы кокустан көрүп калбай турган жеке орунда сактоо керек.
  • Интим-оюнчуктар үй жаныбарларына да туш болуп калбашы маанилүү – алар аны бузуп, өтө кирдетип же катып салып, анан ыңгайсыз учурда чыгарып салышы мүмкүн.
  • Эгерде бир нече силикондон жасалган бир нече оюнчуктар болсо, беттери бири-бирине жабышып, бузулуп калбашы үчүн аларды өзүнчө сактоо жакшы.
  • Секс-блогерлер кээде оюнчуктарды кездеме баштыкка, макияж баштыкка же кадимки байпакка сактоону сунушташат - эң негизгиси, алар таза жана кургак болушу керек.
  • Оюнчуктардын толук кубаты жок болуп калышын алдын алуу туура болот, анткени кубаттуулуктун такыр жок болушу алардын иштөө мөөнөтүн кыскартат. Колдонулбаган же аз колдонулган оюнчуктарды керек болгон учурда иштеши үчүн алты ай сайын кубаттуулугун жаңыртып турган жакшы.
  • Эгер сиз саякатка аккумулятор менен иштеген секс аппаратын кошо алгыңыз келсе, анын чемоданыңызда кокусунан иштеп кетпешине ынануу маанилүү. Бул үчүн батарейкаларды алып салуу керек же эгер бар болсо, атайын оюнчуктун кулпу баскычын күйгүзүү керек.

Эми, колдонулган секс оюнчуктарды эмне кылуу керек экенин кыскача айтып берели.

Эгер сиз көп убакытка колдонуу үчүн сапаттуу материалдардан жасалган оюнчуктарды сатып алсаңыз, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайта аларыңызды белгилейбиз. Ошондой эле, батарейка менен иштеген оюнчуктардын ордуна кайра заряддалуучу батареялары бар аппараттарды тандаган жакшы.

Оюнчуктун жарактуу мөөнөтү өткөндөн кийин же сынгандан кийин, аны кайра иштетүүгө болот. Бирок бардык материалдардан жасалган оюнчуктар бардык кайра иштетүү борборлорунда кабыл алынбашы мүмкүн экенин түшүнүү керек. Бул үчүн абдан ылайыктуу материалдар айнек жана пластик болуп саналат.

Булак: Двор медиа