Дененин жыттары

Эмнеден улам жыт чыгат жана эмне үчүн? 

Жыттар эмнеден улам пайда болот? Адатта эмне катуу жыттанат? 

Дененин жыты – көздүн түсү, дененин келбети жана буттун өлчөмү сыяктуу адамдын денесинин табигый өзгөчөлүгү. Ар бир адамдын өзүнүн жеке жыты бар.

Дене жыттары жөнүндө сөз кылганда, көбүнчө колтуктун жыты айтылат. Чынында, бул адамдын денесиндеги эң көп жыт бөлүнө турган жер – анткени колтукта тер жана май бездеринен бөлүнүп чыккан суюктук менен азыктанган микроорганизмдер эң көп жайгашкан.

Кызыгы, тердин өзү жыттанбайт, анткени анын курамында бууланып кетпей турган майлар жана углеводдор бар. Өзгөчө жытты бул заттарды курч жыты бар заттарга айландырган бактериялар пайда кылат.

Көбүнчө тердин көп бөлүнүп чыгышы бактериялардын көбөйүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарга түздөн-түз байланыштуу болот - башкача айтканда, адам канчалык көп тердесе, жыт ошончолук күчтүү болот. Адам көп тердеп, бирок дээрлик эч нерсе жыттанбаган учурлар да бар - бул анын терисинде жайгашкан микробиомадан көз каранды (жытка мүнөздүү микроорганизмдердин жыйындысы).

Эми тер бездери жана алардын дененин кайсы жеринде жайгашканы тууралуу толугураак маалымат бере кетели. Тер бездеринин экриндик жана апокриндик деген эки түрү бар.

  • Экрин бездери дененин температурасын жөнгө салууга жардам берет жана дененин бүт жеринде, айрыкча алакандарда, тамандарда жана колтуктарда болот. Алар эриндерде, тырмактын астында жана жыныс мүчөсүнүн башында гана жок. Бул бездер адам төрөлгөндөн баштап эле толук кандуу кызмат аткарат. Алардын негизги милдети - дене табын жөнгө салуу болгондугуна карабастан, адам стресске кабылганда же толкунданганда тер чыгаруу кызматын да колго алат, бул учурда алакандар тердеп кетиши мүмкүн. Теридеги микробдор бул терди иштетет жана ал бир аз жыттанып калышы мүмкүн, бирок апокриндик бездер чыгарган тердей өзгөчө курч жытка ээ болбойт.
  • Апокриндик бездер өспүрүм куракта экрин бездеринен бөлүнүп пайда болот да, дал ушул куракта активдүү иштей баштайт. Алар колтукта жана жыныстык аймакта жыш кездешет. Мисалы, колтукта алар экриндик бездерге караганда 10 эсе көп жайгашкан. Апокриндик бездер коюураак суюктук бөлүп чыгарышат, ал теридеги бактериялар менен аралашканда, тердин мүнөздүү жытын пайда кылат.
  • Май бездери терини жумшартып, аны коргой турган тери майын бөлүп чыгарат. Алар алакан, таман жана буттун аркасынан башка дененин бардык жеринде кездешет. Тери майынын өзү жыт чыгарбайт, бирок теридеги бактериялар менен активдешкенде, өзгөчө жыт пайда болушу мүмкүн.

Дененин жеке өзүнө тиешелүү жыты тердин жытынан гана эмес, башка биологиялык суюктуктардын таасиринен да куралат. Кийинки бөлүмдөрдө биз сизге адамдын денесиндеги дагы кандай суюктуктардын жыты бар экенин жана бул жыттар ден-соолуктун абалы боюнча кандай сигнал берерин айтып беребиз.


Жытка ээ башка дене суюктуктары

Адамдын организми татаал биологиялык система. Дене бою өзгөчө жыты бар түрдүү суюктуктар айланып турат. Мисалы, тер (бул тууралуу өткөн бөлүмдө кеңири сөз кылдык), шилекей, аялдардын жыныс кынынан бөлүнүп чыккан суюктук, эркектердеги эякуляция суюктугу.

Кээде адамдын оозунан жагымсыз жыт пайда болушу мүмкүн, бул галитоз деп аталат. Мындай жыт шилекейде тамак-ашты, айрыкча белокторду иштетүүчү микробдор бар болгондуктан пайда болот. Бул күкүрттүү суутек, аммиак жана метил меркаптан сыяктуу заттарды чыгарат. Алар оозубуздан жыттанган жагымсыз жытты жаратат.

Галитоз төмөнкү себептерден улам пайда болушу мүмкүн:

• кээ бир азыктарды колдонуу (мисалы, кескин жыты бар пияз),

• ооз көңдөйүнө туура эмес кам көрүү,

• бүйлө оорулары,

• ооздун кургашы,

• тамеки тартуу,

• медициналык диагнозду талап кылган ден-соолук көйгөйлөрү.

Кындын бөлүнүп чыккан суюктукту кындын былжыр челинде жайгашкан бездер бөлүп чыгарат. Ал эми кындын кире беришинде жана жатын моюнчасынын жанында жайгашкан секреция бездери чыгарган былжыр суюктугу былжыр челдин нымдуулугун жана аялдын жыныс органдарынын толук кандуу микрофлорасын камсыз кылып турат.

Кээ бир аялдар кындан бөлүнүп чыккан жыт үчүн өздөрүн ыңгайсыз сезиши мүмкүн. Бирок бир аз мускус же эт жыттанса, бул дени сак кын үчүн нормалдуу көрүнүш.

Эркектерде урук суюктугу көбүнчө суудан турат, ошондуктан анын жыты анчалык сезилбеши мүмкүн. Курамында магний жана кальций болгондуктан, уруктукта бир аз металл же туздуу жыт болушу ыктымал. Уруктун курамында фруктоза да бар, бул ага бир аз таттуу жыт берет. Кээ бир эркектердин уруктугу агартуучу каражат же аммиак сыяктуу жыттанып калышы мүмкүн, бул да нормалдуу көрүнүш.


Кандай учурларда денедеги жагымсыз жыт оорунун көрсөткүчү болушу мүмкүн

Денеден жыттын бөлүнүп чыгуусу кадыресе көрүнүш. Эгер бул жыт адамды тынчсыздандырбаса, анда бир нерсени өзгөртүүгө эч кандай себеп жок. Бирок жогоруда айтып өткөндөй, гигиена жөнүндө эстен чыгарбоо керек, анткени кээ бир жыттар теридеги микроорганизмдердин активдүүлүгүнөн улам пайда болот. Бул микроорганизмдер көбөйүп, биздин денебизден чыккан жытты күчөтөт. Убакыттын өтүшү менен күчтүү же жагымсыз жыттар пайда болуп калышы мүмкүн, бул жытты адам өзү сезбесе да, айланадагылар үчүн ыңгайсыздыкты жаратат. Мындай көйгөйдү жөн гана душка түшүү жана гигиеналык каражаттарды колдонуу менен чечсе болот.

Бирок кадимки жытыңыз күтүүсүздөн өзгөрүп, сизге жагымсыз болуп калса, анда дарыгерге кайрылганыңыз оң. Кээде жыттар ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөрдү билдириши мүмкүн. Бирок бул ден-соолуктун жагдайынан кабар берген жалгыз көрсөткүч эмес жана жыттарды туура эмес кабылдоо болушу да мүмкүн. Ошондуктан жытта бир аз өзгөрүү байкалса, бир нече күн өзүңүздүн абалыңызга көз салыңыз. Эгерде жагымсыз жыт кайталана берсе же күчөп кетсе, дарыгерге кайрылыңыз.


Денедеги жыттын катуу өзгөрүүсү эмнеден кабар бериши мүмкүн? 

Ар кандай инфекциялар кычыштырууга же адаттан тыш кын суюктугунун бөлүнүп чыгуусуна алып келиши мүмкүн. Ден-соолукта көйгөйлөр жаралса, анда кындан бөлүнгөн суюктуктардын жыты жана өңү адаттан тыш болуп калат. Хламидиоз, гонорея жана трихомониаз сыяктуу жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын кесепетинен улам, жыныс органдарында сасык жыттар пайда болушу мүмкүн. Кындын ачыткы инфекциясы (молочница) дагы жагымсыз жыттарды жаратышы ыктымал. Бактериялык вагиноз жукканда, кын суюктугунун өңү боз болуп, балык жыттанып калат.  Биз ушул макалалар токтомунда жыныстык жол менен жугуучу инфекцияны кантип аныктоо керектиги жөнүндө толугураак жазганбыз.

Жагымсыз жыты бар урук суюктугу да көйгөйлөрдөн кабар берет. Дени сак сперматозоид фруктозанын эсебинен таттуу жыттанып калышы мүмкүн. Бирок өзгөчө таттуу жыт диабеттин алгачкы белгиси болушу да ыктымал. Жыныстык мүчөдөн күчтүү жана жагымсыз жыттын чыгышы жана түсү бузулган жыныс суюктугу -  жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын белгилеринен кабар берет.

Бирок ар нерседен шектенип, симптомдорду жана жыттарды улам аңдый берүүнүн кереги жок. Жыттын капыстан өзгөрүшү байкалбай калбайт, аны сөзсүз сезебиз. Кээде дененин жыты айлана-чөйрөнүн шарттарына же денедеги табигый процесстерге байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, овуляция учурунда аялдардын кынынын жыты өзгөрүшү ыктымал, бирок бул ооруну билдирбейт.

Эртең менен ооздон жагымсыз жыт чыгышы дагы  нормалдуу көрүнүш, анткени түн ичинде шилекей азайгандыктан, оозго көптөгөн бактериялар чогулуп калат.

Дененин жыт бөлүнүү процессинде тышкы факторлор менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон олуттуу өзгөрүүлөр болсо, дарыгерге кайрылуу керек. Анан, албетте, үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өтүп, ден-соолугуңузду көзөмөлдөөнү унутпаңыз.


Жытты өзгөртүү же жок кылуу жолдору

Көптөгөн жылдар бою адамзат дененин табигый жытын кетирүүнүн же оңдоонун көптөгөн жолдорун ойлоп тапты.

Эң айкын нерсе - бул гигиена. Канчалык жакшы жыттансаңыз да, теринин бетинен кирди, ашыкча дене суюктуктарын (мисалы, тер) жана жагымсыз жыттарды жана/же ооруларды пайда кылуучу бактерияларды жок кылуу үчүн дайыма душка түшүү жана башка гигиеналык процедураларды аткаруу - дагы эле маанилүүлүгүн жогото элек.

Тердин жыты менен күрөшкөн продукциялар бар. Мындай буюмдардын эң белгилүү түрлөрү антиперспирант жана дезодоранттар болуп саналат.

Андан тышкары, дезодорант (айтмакчы, dés c — французча префикс -алып салуу" дегенди билдирет, ал эми odor латын тилинен которгондо - жыт дегенди билдирет) жагымсыз жытты пайда кылган бактерияларды өлтүрөт, ал эми антиперспирант тердин чыгышына бөгөт коёт. Табигый жытты басаңдатуу жана жаңы жыттарды кошуу үчүн парфюмерия колдонулат: атыр, туалет суусу, парфюмерия суусу, одеколон жана башка түрлөрү.

Ооздун гигиенасы үчүн тишиңизди, ошондой эле тилиңизди жана таңдайыңызды үзгүлтүксүз (күнүнө эки жолудан кем эмес) жууп туруу, тиш жибин колдонуу сунушталат. Кошумча профилактика үчүн мезгил-мезгили менен тиш доктурга кайрылып туруу керек.

Кын суюктугунун жыты көбөйүп кетпеши үчүн кыздарга күнүмдүк колдонулуучу жалаяктар сунушталат. Этек кир учурунда дагы тампондорду жана жалаяктарды (кайсынынсын колдонгонуңузга жараша) күнүнө бир нече жолу алмаштыруу шарт.

Бул жерде жаман жыттардан коргонуу үчүн негизги медициналык сунуштардын тизмеси:

  1. Күн сайын душка түшүңүз жана башка гигиеналык процедураларды жасаңыз (тиш тазалоо ж.б.). Организмди ашыкча майды жана кирден тазалоо маанилүү.
  2. Табигый материалдардан жасалган кийимдерди кийиңиз. Бул учурда тер эркин бууланып, жылуулук алмашуу нормалдуу болот.
  3. Ачуу жана ашыкча жыты бар тамактарды (сарымсак ж.б.) колдонууну чектеңиз, анткени кээ бир азыктар жаман жыттарды күчөтүшү мүмкүн.
  4. Антиперспирант жана дезодорант колдонуу керек.


Феромондор - алар чын эле барбы же бул мифпи?

Илимий адабияттарда феромондор бир түрдөгү бир жандыктан экинчисине химиялык сигналдарды өткөрүүчү молекулаларды билдирет. Башкача айтканда, илимпоздор чындап эле феромондордун бар-жогун аныктоого аракет кылышкан. Гипотетикалык түрдө ар кандай тирүү жандыктар, анын ичинде адамдар, феромондор аркылуу бири-бирине сигнал бере алат деп болжолдонгон.

Феромондор маалыматты гана бербестен, башка адамдарда белгилүү бир реакцияларды жаратат, мисалы, бул түргө мүнөздүү болгон жана ар кандай инсандарда кайталануучу стереотиптик жүрүм-турумду жаратат деген ишеним болгон.

Бул алгачкы илимий изилдөөлөргө байланыштуу коомдо адамдар башка адамдардын жытына жараша жүрүм-турумун өзгөртө алат, мисалы, өзүнө жаккан жытына карап өнөктөш тандоого жөндөмдүү деген пикирлер пайда боло баштаган.

Бирок, 2020-жылдагы акыркы серептөө макалада феромондор адамдарда бар же жок экендиги жөнүндө бир пикирге келе электиги айтылат. Бул эки мисал аркылуу изилденген: бир нече аялдардын этек киринин синхронизациясын жана жыттарга негизделген сексуалдык тартылууну изилдөө. Жыйынтыктар карама-каршы болгон.

Дагы бир изилдөөдө феромондордун бар экендигин тастыктоо мүмкүн эмес деген тыянак айтылат.

Ошентип, учурда, эч ким объективдүү түрдө кимдир-бирөө кандайдыр-бир түрдө феромондор таасир этет деп айта албайт - анткени алардын бар экендиги али далилдене элек.


Булак: Двор медиа