Көзөмөлгө багынбаган оргазмдар

Оргазмды пайда кылган адаттан тышкары себептер

Оргазм, адатта, жыныстык байланыштын бир бөлүгү катары сүрөттөлөт. Бирок тиш жууп жатканда же кызыктуу видео көрүп жатканда да оргазмды сезүү мүмкүн экенин билесиңерби? Бул макалада биздин денебиз кандайча жана эмне үчүн биздин көзөмөлүбүз жок эле жагымдуу эмоцияларды тартуулай турганын карап көрөлү.

Оргазм кантип пайда болот?

Оргазм — бул сексуалдык дүүлүгүүдөн улам жыныс органдарынын булчуңдарынын жыйрылуусу.

Көбүнчө оргазм эркектерде жыныс мүчөсүн, ал эми аялдарда клиторду кыймылга келтирүү аракеттеринин натыйжасы болуп саналат. Бирок өзгөчө учурлар да бар. Кээде адамдар дээрлик туш келди триггерлерден ырахат алышат жана бул кадыресе көрүнүш. Медициналык практикада адамдар оргазмды секстен эмес, таптакыр башка нерселерден алган көптөгөн учурлар кездешет.

Жалпысынан алганда, эркектер менен аялдардын оргазмы вегетативдик нерв системасы тарабынан көзөмөлдөнөт. Бул система адамдын организминин туруктуу иштөөсүн камсыз кылат. Мээ дененин ар кайсы бөлүктөрүнөн сигналдарды кабыл алып, аларды бир гүлдесте кылып чогултат да,  оргазм катары жооп кайтарат.

Бул процессте таламус активдүү роль ойнойт, таламус - бул мээнин бир бөлүгү, ал денелердин тийишүүсү, кыймылдар жөнүндө маалыматты иштетип гана тим болбостон, ар кандай  эсте сакталган сексуалдык окуялар же фантазиялар жөнүндө маалыматты да камтыйт жана организмдин оргазмга жетүүсүнө жардам берет. Бул оргазмдан ырахат алуу - жыныс органдарын кыймылга келтирүү аракетинин жыйындысы гана эмес, сезимдердин, эскерүүлөрдүн жана эмоциялардын бүтүндөй жыйындысынан улам пайда болгон ырахат экенин көрсөтүп турат.

Ошондуктан, оргазмдын себептери өтө ар түрдүү болушу мүмкүн: секс, мастурбация же таптакыр адаттан тыш нерсе. Ошондой эле, Мичиган жана Индиана окумуштуулар тобу кээде оргазм дары-дармектерди кабыл алгандан соң же эпилепсиялык талмалардан кийин башталышы мүмкүн экенин белгилешет. Эгерде адам тез-тез өзүнөн-өзү оргазмдын айынан дискомфортту сезип жатса, анда ал дарыгерге кайрылып, дарылоону баштаса болот. Бирок бул көрүнүш анын жашоосуна тоскоол болбосо, анда тынчсыздана турган эч нерсе жок.

Физикалык күч же жыныстык эмес стимулдан улам келип чыккан оргазмдар

Күчтүү физикалык машыгуу учурунда аялдар туш келди оргазмга кабыла аларын белгилеген илимий далилдер өсүүдө. Маселен, Индиана университетинин илимпоздору жүргүзгөн изилдөө 530 аялдын 370и машыгуу учурунда оргазмды же сексуалдык ырахатты сезгенин аныкташкан.

Бул машыгуулар жыныс органдарына басым кылуу же сүрүлүү кыймылдары менен байланыштуу болгон (ат минүү, велосипед тебүү, пилатес тобунда секирүү). Мындан тышкары, көнүгүүлөр ичтин булчуңдарын да кыймылга келтирген.

Мындай башка көнүгүүлөргө ролик тебүү, басуу, сууда сүзүү, бийлөө, чуркоо, йога, отуруп-туруу жана бутту капталдарга көтөрүү кирет. Изилдөөнүн айрым катышуучулары үй жумуштарын, мисалы, пол жууган учурда да оргазм сезээрин айтышкан.

Ал эми велосипед тээп баратканда же топко отуруп секирүүдө пайда болгон оргазмдын себебин аныктоо оңой  – мында аялдын жамбашы отургучка же башка жалпак нерсеге тийишип турат. Бирок башка көнүгүүлөрдү аткарууда эмне себептен оргазмдын пайда болуп жатканын түшүнүү кыйыныраак. Анус менен жыныстык аймакты каптаган жамбаш булчуң топтору кыймыл учурунда чыңалып, секс учурундагыдай мээнин бөлүктөрүн активдештирет деген божомол бар.

Ушундай эле нерсе коомдук транспортто - унаада же автобуста баратканда болот. Оргазмдын бул түрү аялдарда да, эркектерде да кездешет.

Мичиган жана Индиана штаттарынын окумуштуулары өздөрүнүн оргазмы жөнүндө баяндаган ар кандай адамдардын жүздөгөн онлайн комментарийлерин изилдеп, адаттан тыш изилдөө жүргүзүшкөн. Алардын көбү унаа айдагандан же учакта учкандан ырахат алаарын жазышкан. Кээде оргазмга байланыштуу бир нече факторлор болгон, мисалы, бир адам унаада ырлар жаңырып жатканда көп жолу оргазмга жеткен учурларын сүрөттөгөн.

Көбүнчө транспорттор жолдордогу же аба мейкиндигиндеги өңгүл-дөңгүл жолдордон улам титирейт - мындай жагдай тууралуу бир киши мындай комментарий калтырган: "Мен бир жолу учакта оргазмга туш болгом. Коопсуздук куру өтө бекем бекитилген болчу жана биз турбуленттик аймакта учуп бара жатканбыз, отургуч дирилдей берип, мен ырахаттын туу чокусуна жеткем".

Ошондой эле, комментарийлерди изилдөөдө окумуштуулар жыныстык органдарга тиешеси жок дене бөлүктөрүн сылап жатканда адамдар оргазмга кабылган учурларын сүрөттөгөн жагдайларды учуратышкан. Мисалы, көкүрөк, баш, моюн, ийин, ооз жана башка органдар. Себеби көкүрөккө жана эмчек үрптөрүнө тийгенде жыныстык органдардан сезүү сигналын алган нейрондор да активдешет.

Ошондой эле, мындай комментарийлердин арасынан дагы көптөгөн адаттан тыш жагдайларды сүрөттөгөн баяндарды кездештирүүгө болот , мисалы: “Мен бир жолу жүрүп бара жаткан унаанын терезесинен бутумду чыгарып бара жатканда оргазмга кабылгам. Шамал бутумду кытыгылап, бутумдан башталган кызыктай оргазмга туш болдум!”

Кыялдар, ойлор, эмоциялар жана даамдардан улам келип чыккан оргазмдар

Эркектерде да, аялдарда да уктап жатканда оргазм коштогон учурлар кездешет. Ооба, бул жыныстык жетилүү мезгилиндеги эркек балдарда кездешкен түнкү бөлүнүп чыккан суюктуктарга тиешелүү эмес көрүнүштөр.

Мисалы, Американын Midwest Research Institute изилдөө уюмунун изилдөөчүлөрү бойго жеткен аялдардагы түнкү оргазмды изилдеп, төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен: аялдардын оргазм сезимин пайда кылган мээнин активдүүлүгү жыныс органынын стимулдашуусуна жооп эмес экенин аныкташкан (мисалы, уйку учурунда жыныстык органдардын кокусунан шейшептерге сүртүлүшү). Мээнин өзү кандайдыр-бир жол менен жыныстык ырахатка алып келген сигналды жарата турганы аныкталган.

1983-жылы бойго жеткен эркектер менен аялдардын "уйку оргазмын" изилдөөдө уйку учурунда эркектердин эректильдик тканында, ал эми аялдардын клиторалдык комплексинде кан агымы көбөйөрү айтылат. Мээ бул кыртыштарда көбүрөөк кан агымы бар экенин түшүнөт жана кээде жыныстык дүүлүгүү процессин козгойт. Мындай дүүлүгүү көзөмөлгө алынбаган түнкү оргазмды жаратат.

Бирок бул маалыматтар уйку оргазмы чоңдор арасында кеңири таралган дегенди билдирбейт. Кээ бир адамдар өмүр бою бир да түн оргазмын сезишпейт. Эки жагдай тең нормалдуу көрүнүш.

Дагы бир кызыктуу жагдай, аялдар арасында эч кандай физикалык аракеттер катышпастан, образдарды элестетүүдөн улам оргазмга кабылган учурлар бар. Бул, адатта, оргазмга мүнөздүү болгон физиологиялык өзгөрүүлөр менен катталган: жүрөктүн кагышы, кан басымынын жогорулашы жана каректердин кеңейиши. Ошол эле учурда, аялдар эксперимент учурунда эч нерсе жасашкан эмес, болгону өздөрүнө тиешелүү бир нерселер жөнүндө гана ойлонушкан. Мындай изилдөөлөр азырынча эркектер менен жүргүзүлө элек.

Буга чейин Мичиган жана Индиана штаттарынын окумуштуулары интернетте оргазм жана аларга кандай себептер түрткү болгондугу тууралуу жүздөгөн комментарийлерди талдап чыгышканын айтып бергенбиз. Ошол комментарийлерде жыныстык органдарга эч кандай физикалык таасир этпестен, жөн гана ойго келген элестетүүлөрдөн улам пайда болгон оргазмдарды тастыктаган кызыктуу учурлар да айтылган.

Маселен, комментаторлордун бири мындай деп жазган: «Бир жолу <...> шаарында музыкалык театрдын конференциясы болгон. Бирөө ырдап жаткан <...> Ал бийик нотаны алганда, мен да оргазмга кошо жеткем. Эч кандай стимул же физикалык аракеттер болгон эмес. Мага, адатта, оргазмга жетүү абдан кыйын, андыктан буга чейин да, андан кийин да мындай нерсе кайталанган жок».

Кошумчалай кетсек, айрымдар бирөөлөр менен жөн гана көз карашкандан ырахаттын туу чокусуна жеткен учурларын жазышса, кээ бирөөлөрү төрөп жаткан аялдардын видеолорун көргөндө оргазмга кабылганын билдиришкен.

Терс жана позитивдүү эмоциялар – мисалы,  бакытты толук сезүү же экзамен алдындагы тынчсыздануу – эч кандай физикалык аракеттерсиз эле өзүнөн-өзү оргазмды жаратышы мүмкүн. Бир адам мындай деп айтып берген: «Мен ири чекене дүкөндөн уурулук кылып жаткан жеримден кармалып калгам. Күзөтчү мени дүкөндүн кичинекей бөлмөсүндөгү жыгач отургучка отургузуп койду, мен абдан коркуп кеттим. Күзөт кызматкери суроолорду бере баштады, бирок ал полицияны чакырам деген маалда пайда болгон оргазм мени абдан таң калтырды. Менимче, бул стресстен улам болсо керек”.

Эң кызыгы, тамактан улам чыныгы (каймана эмес) оргазмга кабылган учурлар болгон. Көбүнчө, изилдөө респонденттери десерттер жөнүндө кеп кылып жатышкан, бирок бир адам "кемчиликсиз бышкан черри помидорун" жегенден кийин өзүндө пайда болгон оргазмды байкаган.


Оору же ооруксунуу менен байланышкан оргазмдар

Эркектер менен аялдар эпилепсиялык талма башталганга чейин оргазмдык сезимдерди сүрөттөшкөн учурлар бар.

Бул абал "оргазмдык аура" деп аталат - чыныгы медициналык аталышы "эпилепсиялык аура", мында талма оорусу кармаганда адам эсин жоготуп, бирок ар кандай сезимдерди башынан кечирет. Бул сезимдер оргазмды да камтышы мүмкүн – мисалы, бир аял тиштерин жууп жатканда бул «аураны» башынан өткөргөн.

Эпилепсия менен байланышкан оргазмдын болбогону жакшы, бирок кээ бир адамдар алар абдан жагымдуу экенин айтышкан. 46 жаштагы бир бейтап аял эпилепсияга каршы дарылардан жана мээге операция жасоодон баш тарткан, анткени ага өзүнүн “оргазмикалык аурасын” жаккандыктан,  анын токтоп калышын каалаган эмес.

Жаракат менен байланышкан оргазмдын кызыктуу учурлары бар. Мисалы, жүлүн жаракат алган эркектер менен аялдар жаракаттын жанындагы терини өтө сезгич деп сыпатташкан.

Жүлүнүнөн жаракат алган бир аялда ​​моюну жана ийини өтө сезгич болгон. Окумуштуулар анын ийинине жана моюнуна вибратор такап, анын жүрөгүнүн кагышын жана кан басымын өлчөшкөндө, ал аялда оргазм учурундагыдай эле көрсөткүчтөр болгон. Ал эми аял өзү кындын ичинде акырын сайгылаштырган сезимдер менен оргазмды башынан өткөргөнүн айткан.

Ошондой эле, кээде илимий адабияттарда аялдар төрөт учурунда катуу ырахатка дуушар болгон учурлардын сүрөттөлүшү бар. Окумуштуулар төрөт учурундагы оргазм толготуп жаткан аялдардагы оорутууну бир аз басаңдата алат деп эсептешет.

Татуировка жасоо да азаптуу процесс. Бирок бул жерде оргазм да пайда болот. Мисалы, оргазмдын себептерин интернетте изилдеген Мичиган жана Индиана штаттарынын окумуштуулары түзгөн жыйнакта бир комментатор мындай деп жазган: «Эң күтүлбөгөн нерсе бутума татуировка жасатканымда болду. Оору аябай катуу болчу, ал аяктаганда татуировка жасаган адам бутума гель сүйкөй баштады. Катуу оорунун аркасынан кийин дароо ырахат алуу өтө кызыктуу болду.

Ошондой эле, чиркейдин чагуусунан улам оргазмга жеткен учурларын сүрөттөгөн комментарийлер да болгон.


Эмне себептен айрым учурларда жыныстык катнаш жана мастурбация жок эле оргазмдар болот? 

Илимий адабияттар адамдарда сексуалдык ырахаттын туу чокусу  секс да, мастурбация да болбогон жагдайларда болгон көптөгөн учурларды сүрөттөйт. Окумуштуулар кээ бир жагдайларга түшүндүрмө бере алышат - мисалы, эмчек үрптөрүн сылап-сыйпоодо жыныс органдарынан сенсордук активдештирүү алган нейрондор ишке киришет. Бирок көптөгөн башка учурлар дагы деле далилденген себептери жок гипотеза боюнча калууда.

Индиана университетинин адамдын сексуалдык жүрүм-туруму боюнча изилдөөчүсү Дебби Хербеник оргазмдын себеби али толук изилдене электигин баса белгилейт. Адамдын сексуалдык оргазмына байланыштуу иштердин көбү физикалык механизмдерге багытталган, мисалы, дененин ар кандай бөлүктөрүнүн стимулдашуусу. Кубаныч, экстаз же сүйүү оргазмга кандайча жардам берери жөнүндө азырынча өтө аз нерсе белгилүү.

Гербениктин айтымында, жада калса, бир эле сексуалдык акт учурунда физикалык стимулдун же эмоциянын кайсы бири оргазмга жетүү үчүн маанилүүрөөк экенин билүү кыйын.

Бирок азыр так белгилүү: эгер адам, мисалы, аарылардын уюкка кантип сойлоп киргени тууралуу видеону көрүп, андан сексуалдык оргазмды баштан кечирсе, бул анын психиатрга, сексологго же башка адиске кайрылуусу керек дегенди билдирбейт. Анын сезимдеринде "кир" эч нерсе жок. Кыязы, анын мээси бул видеого өзүнүн ассоциациясын түзүп, ушундай кызыктуу дофаминдик жоопту жаратышы ыктымал.

Ырахат алуу жыныс органдарын стимулдаштыруу менен эле чектелбейт, ал эми оргазм дайыма эле секс менен байланыштуу эмес.


Булак: Двор медиа.