Табигый лубриканттар жөнүндө суроолор

Жатын моюнчасынын суюктугу vs нымдоо

Аялдардын жыныс кынынан бөлүнүп чыккан суюктукту көпчүлүк адамдар аял дүүлүккөндө бөлүнүп чыккан нымдуулук деп ойлошот. Мындай аныктама дээрлик туура эмес.

Суюктук чындап эле жыныстык катнаш учурунда гана бөлүнүп чыгабы? Анан кадимки күндөрдө: активдүү спорт менен машыккандан кийин, ойгонгондон кийин, кумарлуу көрүнүштөр менен кино көргөндө бөлүнгөн суюктук эмне болгон нымдуулук? Эч кандай себеп жок, бирок суюктук өзүнөн-өзү бөлүнүшү мүмкүнбү? Жыныс кынындагы бул нымдуулук циклден көз каранды экени чынбы? Биз бул макалада жыныстык катнаштан ырахат алууга жол бере турган аял денесиндеги сырдуу суюктуктар тууралуу кеп кылабыз.

Эң алгач бул жерде суюктуктун эки түрү бар экенин түшүнүү керек: жатын моюнчасынын суюктугу жана нымдашуунун өзү.

Жатын моюнчасынын суюктугу тынымсыз, күн сайын, 24 саат бою бөлүнүп чыгат. Аны жатын моюнчасындагы бездер бөлүп чыгарат жана микробдордун жатынга киришине тоскоол болот, ошондой, эле кындын таза жана нымдуу болушун камсыздайт. Жатын моюнчасынын суюктугу ар кандай консистенцияда жана түстө болушу мүмкүн - мунун баары гормондордун деңгээлине жана айыз циклинин стадиясына жараша болот.

Бирок дүүлүккөн учурда пайда болгон нымдашуу такыр башка нерсе. Ал Бартолин бездери - кындын кире беришинин оң жана сол жагында жайгашкан буурчактай органдар тарабынан өндүрүлөт. Алар  так дүүлүгүү учурунда активдешет жана жыныстык катнаш учурунда кындын сүрүлүүсүн азайтууга жардам берген кошумча суюктукту бөлүп чыгарышат.

Бирок жатын моюнчасынын суюктугу жана табигый нымдашуу ар кандай милдеттерди аткарышарына карабастан, адатта, жыныстык катнаш учурунда аралашып калат. Ошентип, жатын моюнчасынын суюктугу да жыныстык активдүүлүктө роль ойноп калат. Кантип? Ал этек кирдин этабына жараша текстурасын, түсүн жана консистенциясын өзгөртөт. Бул өзгөрүүлөр гормондор тарабынан иштелип чыгат.  Ал эми бул жерде логика мындай: аялда канчалык кош бойлуулук жөндөмү бийик болсо, ага ошончолук көбүрөөк суюктук керектелет. Ошондуктан, овуляциянын алдында - жумуртка бездери циклдин орто ченинде жумуртка чыгара электе - бөлүнгөн суюктук ич кийимде бир аз гана из калтырышы мүмкүн, ал ак түстө болуп, дээрлик байкалбайт. Бирок овуляцияга аз калганда жана күчүнө киргенде, эстроген гормону эң жогорку концентрацияга жеткенде, жатын моюнчасынын суюктугу тунук, чоюлчаак болуп, чийки жумуртканын агы сыяктуу болуп калат. Мындай консистенция овуляция учурунда сперматозоиддердин жумурткага оңой жетүүсүн камсыздайт. Мындан тышкары, жыныстык активдүүлүк учурунда нымдуулуктун жалпы көлөмүн көбөйтүү үчүн анын өлчөмү да байкаларлык чоңойот. Овуляциядан кийин жатын моюнчасынын суюктугунун консистенциясы цикл башындагы абалына кайтып келет.

Бул бир күнү узак дүүлүккөн абалда дене жайлуу жыныстык катнаш үчүн жетиштүү май чыгарбаса, ал эми кийинки күнү жыныстык катнашка чейин нымдуулук көп бөлүнүп чыкса, анда бул циклдик өзгөрүүлөргө байланыштуу болушу мүмкүн дегенди билдирет - анткени жатын моюнчасынын суюктугу айыз циклинин ар кандай фазаларында өзгөрөт.

Башка нерселер менен катар, жатын моюнчасынын суюктугу кындын секрециясы тууралуу эң көп маалымат берүүчү болуп саналат. Суюктук углеводдордон, белоктордон жана аминокислоталардан турат жана ден-соолуктун абалын жакшы чагылдырып турат. Эгерде суюктуктун түсү жашыл болуп өзгөрсө, быштак сыяктуу бүртүкчөлөр болсо же жагымсыз жыт чыкса, бул оорунун белгиси болушу мүмкүн.

Нымдашуу деген эмне жана анын көлөмү эмнеден көз каранды болот

Ошентип, жатын моюнчасынын суюктугу жана дүүлүгүү учурунда бөлүнүп чыккан суюктуктар экөө эки башка нерсе экенин билдик. Бирок эки суюктук аралаша алат. Дал ушул овуляция учурунда аялдарда дүүлүгүү учурунда эң көп нымдашуу болот. Сексуалдык дүүлүгүүдө табигый суюктук көбүрөөк бөлүнүп чыгат – жыныстык органдарга келген кан агымы кошумча суюктук бөлүп чыгаруучу Бартолин бездерин (кындын кире беришиндеги эки без) иштетет. Бул агынды жатын моюнчасынын суюктугуна караганда сыйдам болот.

Аял эротикалык нерсени көргөн же окуган болсо да нымдашуу бөлүнө берет. Адегенде сексуалдык ой пайда болгондон кийин ага жараша реакция болоорун унутпоо керек.  Аялдын сексуалдык маанайы канчалык жогору болсо, ал ошончолук өзүн бош сезип, нымдуу суюктуктар көп бөлүнүп чыгат. Ырас, кээде дене акылга баш ийбеши мүмкүн жана баары тескерисинче болуп калат. Айрым учурларда аялда дүүлүгүү болбосо да, табигый нымдашуу бөлүнө бериши ыктымал. Бул көрүнүш — нонконкордант деп аталат. Кээ бирөөлөр үчүн бул түшүнүксүз болушу мүмкүн, бирок бул дененин кадимки реакциясы жана ушундай болгону табигый көрүнүш. Албетте, психологиялык жактан каалоо жок болсо, сексуалдык активдүүлүк менен алектенүүнүн кереги жок.

Дүүлүгүү учурунда бөлүнүп чыккан суюктуктун көлөмү адамдан адамга, ал тургай жыныстык катнаштан жыныстык катнашка чейин өзгөрүп турган абдан субъективдүү нерсе экенин эске алуу маанилүү. Бир адамга ашыкча бөлүнгөн нымдуулукту аарчып салуу үчүн майлык керек болушу мүмкүн, анткени ал рахаттанууга тоскоол болушу ыктымал. Ал эми ошол эле учурда экинчисине дүкөндөн сатылып алынган лубриканттар керек болушу мүмкүн. 

Суюктуктун деңгээли гормондордун деңгээлине, өзгөчө эстрогенге жана этек кир циклинин стадиясына жараша өзгөрүшү мүмкүн. Америкалык акушердик жана гинекологдор колледжинин маалыматы боюнча, эстрогендин деңгээлинин төмөндөшү - аялдын организми дүүлүгүү деңгээлине карабастан, өзүнөн-өзү аз суюктук чыгаруу дегенди түшүндүрөт.  Эстроген этек кир келгенге чейин жана бүткөндөн кийинки мезгилде эң төмөнкү деңгээлде болот, бул учурда нымдашуу аз болот же такыр болбойт. Эмне үчүн аялда катуу дүүлүгүү болуп турса да, кын кургак болушу мүмкүн жана бул үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу кийинки макалада кененирээк сөз кылабыз.

Ал эми эркектерде да нымдашуу болобу? Эркектердеги ургаачы Бартолин бездеринин аналогу булбоуретрал (же Купер) бездери. Булар дагы  чоңдугу буурчактай болгон эки без жана простата безинин астында жайгашкан. Ал эми Купер бездери эякуляцияга чейин эркектерде бөлүнүп чыга турган тунук суюктуктун бөлүнүп чыгышына жооп беришет. Эякуляцияга чейинки бул суюктук бир нече функцияларды аткарат: сперматозоид үчүн майлоочу, жыныстык катнаш учурунда нымдоочу (жыныстык мүчөнүн учу гана нымдашат), ошондой эле,  аялдарда кындагы кычкылдуулукту жана эркектерде уретрадагы заара калдыктарынан калган кычкылдуулукту нейтралдаштырат.

Эркектерде бөлүнүп чыккан суюктуктун  максаттарынын бири - нымдоочу каражат катары иш алып баруу жана жыныстык катнашты жагымдуураак кылуу. Бирок бул эркек жеке  ошол гана суюктукка таяна алат дегенди билдирбейт. Эякуляция алдында бөлүнгөн нымдашуунун көлөмү ар бир адамда ар кандай болот жана контрацепциясыз жыныстык катнашта болуу жагымсыз кесепеттерге алып келет: ЖЖБИ жана/же пландаштырылбаган кош бойлуулук, анткени изилдөөчүлөр эякуляция алдында бөлүнүп чыккан суюктук активдүү сперматозоиддерди камтыйбы же жокпу деп талашып жатышат. Андыктан тобокелге барбай эле койгон оң.

Эмне себептен нымдуулук аз же таптакыр кургак? 

Табигый лубриканттар жөнүндө көптөгөн уламыштар айтылып келет. Эң көп тараган ишеним боюнча, эгерде аялда жыныстык активдүүлүк учурунда көп өлчөмдө суюктук бөлүнүп чыкса, анда бул жакшы жана абдан сексуалдуу деп эсептелинет. Ал эми нымдашуу жетиштүү эмес болсо, анда аялда же анын өнөктөшүндө бир мандем бар деген пикирлер айтылып келет. Мындай учурда көпчүлүк адамдар өнөктөштөр сексуалдык жактан бири-бирине туура келбейт же бири-бирин каалабай калган деп ойлошот.  

Жакшы жаңылык, дүүлүгүүдө бөлүнүп чыккан суюктуктун универсалдуу идеалдуу көлөмү жок! Ал эми жалпысынан алганда, нымдашуунун көлөмү дүүлүгүүнүн ачык көрсөткүчү эмес. Эң жакшы көрсөткүч - бул кимдир- бирөөнүн секс каалап жатканын ачык айтканы же жыныстык катнашка даяр экенин мойнуна алганы. Нымдуулуктун пайда болушу - беттин албырышы, тез дем алуу, жыныстык органдардын жана эмчек үрптөрүнүн чоңоюшу сыяктуу эле дүүлүгүүнүн бир гана белгиси.

Мындай татаал механизм ушунчалык жөнөкөй иштейт деп ойлогондор үчүн табигый суюктуктун көлөмү өтө көп түрдүү факторлордон көз каранды экенин алуу керек. Нымдуулуктун көлөмүнө таасир этүүчү себептердин арасында: физикалык, психологиялык, эмоционалдык, психосоциалдык жана сексуалдык факторлор бар. Мисалы, организмдеги суунун көлөмү, бир күн мурун спирт ичимдиктерин ичүү, диета, тамеки чегүү, аллергия, этек кир циклинин этабы, жаш курагы жана башкалар.

Лубриканттын эң керектүү ингредиенттеринин бири - эстроген гормону. Эстрогендин төмөн деңгээлде болушу нымдашуунун азайышына өбөлгө түзөт. Ал эми анын төмөндөшү жогоруда айтылган бардык себептерден улам болушу мүмкүн. Же болбосо, белгилүү бир организмдин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, эстроген деңгээли өзү төмөн болушу мүмкүн.

Либидонун төмөндөшүнүн жана кындагы нымдуулуктун азайышынын маанилүү жана көп учурда бааланбаган себептеринин бири - стресс. Организм үчүн стресс - бул либидо өлтүргүч. Чындыгында, бүт эндокриндик система өз ара байланышта болот. Ал эми бир гормондун жогорулоосу башка гормондордун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Мисалы, стресстин деңгээли жогорулаганда “стресс гормону” деп аталган кортизолдун деңгээли кошо жогорулайт.  Мындай жагдайда эстрогендин деңгээли төмөндөп, жыныс суюктугунун аз бөлүнүүсүнө алып келет.  Андыктан кээде стрессти басаңдатуу же жеңилдетүү үчүн адам өзүнө эс алууга мүмкүнчүлүк берүү керек, ошондо гана организмдеги көйгөйлөр нормалдашат.

Кээде жыныс кындагы аз нымдуулук, чындыгында, ден-соолук абалынын көрсөткүчү болуп саналат. Эгерде организм ушунчалык аз суюктук бөлүп  чыгарып, жыныстык катнаш учурунда жаракат жана ооруну пайда кылса, анда бул менопауза, перименопауза же кош бойлуулуктун белгиси болушу мүмкүн. Эреже катары, аз нымдуулук, ошондой эле башка белгилер менен коштолот, анын ичинде: ачыштыруу, ооруксунуу, жыныстык катнаштан кийин бир аз кан чыгуу, кычышуу жана кызаруу.

Мындан тышкары, дары-дармектер да жыныс органдарында нымдашуунун азаюуусуна алып келиши мүмкүн. Мисалы, Mayo Clinic Proceedings клиникасында 2016-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө антидепрессанттардын кындын кургактыгы менен байланышы бар экени аныкталган. Ошондой эле, Planned Parenthood көптөгөн гормоналдык бойго болтурбоочу таблеткалар кындын кургап калышына алып келиши мүмкүн экенин белгилейт.

Негизи, аялдын жыныс кынынан аз сандагы суюктук бөлүнүп чыкса, анын денесинде жана сексуалдык жашоосунда эч мандем жок. Бирок ден- соолуктун абалы тынчсызданууну жаратып жатса, кеңеш алуу үчүн дарыгерге кайрылуу туура. Жыныстык катнашка келсек, кын канчалык нымдуу болсо, ошончолук жакшы! Бирок бул нымдашуу дене тарабынан өндүрүлүшү милдет эмес — мындай жагдайда дүкөндөн сатылып алынган лубриканттар жардамга келиши мүмкүн.

Лубриканттар жана нымдашууну жогорулатуу ыкмалары 

Жыныс кындан бөлүнүп чыккан табигый суюктуктар - дене менен акыл байланышынын бир жолу. Бирок кээде бул байланыш кошумча жардамга муктаж болот.

Кээде жетишсиз нымдуулуктун себеби - (бул ооруксунткан жыныстык катнаш) жетишерлик дүүлүктүрүүнүн жоктугу. Ар бир жыныстык катнаштын алдында баарлашуу болушу керек. Өнөктөштөр бири-бирине эмне жагарын жана эмне ыңгайсыздык жаратпайт деп айтышы маанилүү. Адамдар бири-биринин каалоолору жөнүндө канчалык көп билишсе, алар өздөрүн ошончолук эркин жана ыңгайлуу сезет. Жыныстык катнаштын эң маанилүү компоненттеринин бири - бул секс алдында эркелешүү. Ал эми аялда табиятынан аз суюктук бөлүнүп чыкса, анда өнөктөштүн узагыраак дүүлүктүрүү аракеттери жардам берет.

Табигый нымдашуунун көлөмүнө карабастан, көп аялдар кошумча лубриканттарды колдонууну жакшы көрүшөт. Жасалма лубриканттар дене мүчөлөрүнүн ортосундагы сүрүлүүнү азайтып, сексуалдык активдүүлүктү жагымдуураак кылат. Нымдуулук жетишсиз болгондо, бул вульвадагы жана кындын чөйрөсүндөгү назик теринин сүртүлүшүнө алып келет, ал тургай кээде жарылуулар пайда болот - кан агуусу мүмкүн болгон жаралар пайда болот. Демек, муктаж болгон органга жардам бербөөгө эч кандай себеп жок.

Көп учурда презервативдер нымдоочу каражаттар менен капталган. Бирок, адатта, көп эмес, ошондуктан, кындагы нымдуулуктун жетишсиздигинен кооптонгондор үчүн ал жетишсиз болушу мүмкүн. Мындан тышкары, көбүрөөк лубриканттарды кошуу  - презервативдин айрылып кетүүсүн алдын алууга жардам берет жана презервативдин өйкөөсү жөнүндө кабатыр болбостон, сексти ого бетер жагымдуу жана коопсуз кыла алат.

Нымдоочу каражаттардын ар кандай түрлөрү бар: алар курамы жана ал тургай, даамы боюнча айырмаланат. Лубриканттарды тандоодо анын негизги курамына көңүл буруу зарыл: ал суу, силикон, май жана гибрид болушу мүмкүн (көбүнчө бул суу менен силикондун айкалышы). Бул каражаттарды тандап жатканда, ал бир нече жагдайларды эске алуу керек: презерватив менен шайкештиги, баасы жана жеке артыкчылыктары.

Лубриканттын эң универсалдуу түрү - эң негизги курамы суудан турат.  Ал презервативдерди колдонуу менен айкалышат жана шейшептерде майлуу из калтырбайт (май кошулган каражаттардан айырмаланып). Мындай нымдоочу каражаттар тез сиңимдүү болорун эске алуу маанилүү, ошондуктан аны мезгил-мезгили менен жаңыртып турууну унутпоо зарыл.

Эгерде аялдын териси сезгич болсо, анда ал силикон негизиндеги лубриканттарды жактырышы мүмкүн. Силикон гипоаллергендик болгондуктан, көпчүлүк адамдарда эч кандай реакция болбойт. Лубриканттын бул түрү суунун негизиндеги каражаттарга  караганда узакка кармалат. Мындан тышкары, латекс презервативдер менен колдонсо болот. Ал эми силикон оюнчуктар менен бирге колдонуудан алыс болгон жакшы. 

Негизги курамын май түзгөн нымдоочу каражаттар презервативдин айрылуусуна алып келиши мүмкүн. Ошондой эле,  шейшептерге да из калтырат. Артыкчылыктарынын бири - бул лубрикант эң узак мөөнөткө чейин кармалат. Нымдоочу каражат катары лосьондорду, балдар майын же вазелинди колдонбоо керек, анткени алар жыныс органдарын кычыштырып, презервативдин айрылып калуусуна себеп болушу мүмкүн. Лубриканттарды дарыканадан же атайын дүкөндөн сатып алган жакшы.

Эгерде суюктук абдан көп өлчөмдө бөлүнүп чыкса, эмне кылуу керек? 

Дүүлүккөн абалда же тынч абалда деле абдан көп суюктук бөлүнүп чыгып жаткандай көрүнгөн жагдайлар бар. Анын кандай суюктук экенин дароо аныктоо кыйынга турат, өзгөчө, мисалы, дүкөндө кезекте турган кызда күтүлбөгөн жерден суюктук пайда болсо. Ал эми обочо жерге барып,  ич кийимди текшерүүгө мүмкүнчүлүк болгондо гана суюктуктун түрүн аныктоо мүмкүн болот. Бул эмне суюктук болушу мүмкүн?

Мунун бир себеби - циклдин ортосунда жатын моюнчасынын суюктугунун чыгышы болушу мүмкүн. Жатын моюнчасынын суюктугу менен жыныс суюктугу бир эле нерсе эмес экендиги жөнүндө биз буга чейин айтканбыз. Кадимки циклде, адатта, овуляция учурунда жатын моюнчасында суюктук көп болушу ыктымал. Бул кээде нымдашуудан улам ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бул учурда, бир жолу колдонулуучу жалаяктар жардамга келиши мүмкүн. Кээде нымдашуу суюктугу менен жатын моюнчасынын суюктугу аралашып, ушунчалык көп нымдуулук жаралгандыктан,  жыныстык активдүүлүк учурунда рахаттануу сезими алсызданат. Мындай учурда эксперттер кооптонбой, жөн гана салфетка колдонуп, ашыкча суюктукту сүртүп салууга кеңеш беришет.

Кээде ашыкча суюктуктун себеби гормоналдык контрацепция да болушу мүмкүн. Айрым аялдар үчүн колдонулган бойго болтурбоочу каражаттар кындын нымдуулугун жогорулатат, анткени эстроген кындын суюктугунун өндүрүшүн көбөйтөт. Бул тынчсызданууну жаратып жатса, анда азыраак эстроген камтыган төрөттү болтурбоо жолдору жөнүндө дарыгерден кеңеш сурап көрүү ашык болбойт.

Нымдуулук сезимди пайда кылган суюктуктун дагы бир түрү - бул тер. Ооба, вульвада жана кындын аймагында бир топ тер жана май бездери бар. Мисалы, стресс, спорт менен машыгуу же жөн эле физикалык жактан активдүү болуу - адамдын, анын ичинде жамбаштын тердөөсүнө алып келиши мүмкүн. Нымдуулук дененин тең салмактуулукту сактоо ыкмасы болушу мүмкүн жана бул нормалдуу көрүнүш. Муну менен күрөшүү үчүн дем алуучу кебез ич кийимдерди кийип, гигиенаны сактоо керек.

Кээде көп өлчөмдөгү суюктуктун агып чыгуусу -  инфекциянын белгиси болушу мүмкүн (мисалы, ЖЖБИ же бактериалдык вагиноз). Мындай жагдайда жыныс кынынан көп суюктук агып чыга баштайт, анткени ал микробдорду чыгарууга жардам берет. Эгерде бул тынчсыздануу, кычышуу жаратып, агып жаткан суюктукта жагымсыз, анын ичинде балык жыты болсо, анда дарыгерге кайрылган оң.

Кээде бул жатын моюнчасынын суюктугу, нымдашуу же тер менен эч кандай байланышы жок суюктук  болушу мүмкүн. Эгерде адам көп күлсө, чүчкүрсө, же оор нерселерди көтөрсө, стресстик абал пайда болуп,  заарасын кармай албай калышы мүмкүн. Мындай жгдайда табарсыкка басым жасалып, адам күтпөгөн нерсе болуп кетет.


Булак: Двор медиа