Аялдын жана эркектин гормондору

Биз ишенген жомоктор

Тестостерон көбүнчө эркектин денеси менен, ал эми эстроген аялдын денеси менен тыгыз байланышкан. Бирок эки гормон тең эки жыныста тең бар. Эркектерде эстроген, аялдарда тестостерон жок деген сөз туура эмес. Кээ бир аялдар айыз башталганга чейин PMS менен байланышкан эмоционалдык өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн, бирок баары эмес. Маанайдын өзгөрүшүн жана эркектердин агрессивдүүлүгүн бир гана тестостерон менен толук түшүндүрүүгө болбойт: алар көптөгөн факторлорго, анын ичинде жеке өзгөчөлүктөрүнө жана айлана-чөйрөгө көз каранды. Гормондор адамдардын ортосундагы айырмачылыктарды аныктаган жалгыз фактор эмес.

Тестостерон — эркектерге, ал эми эстроген — аялдарга тиешелүү гормондорбу? Анда эркектерде эстроген, аялдарда тестостерон гормондору жокпу? Айыз циклинин алдында аялдардын кабагына кар жаап, эмоционалдуу болуп калышабы? Эркектерде тестостерон гормону бар болгондугу үчүн агрессивдүү келишип, кылмыш кылууга жөндөмдүү келишеби? Айтор, адамдардын жеке өзгөчөлүктөрүнө жана айырмачылыктарына бир гана гормондор таасир бергендей…Бирок мунун баары чындыкка жакындайбы?

Эндокриндик система деген эмне жана гормондор эмне үчүн адамга керек? 

Эмне чындык, эмне жомок экенин билүү үчүн, эндокриндик система эмне экени жана гормондордун адамдарга болгон таасири тууралуу айтып берүү керек. 

Ар бир адамдын организминде эндокриндик системасы  бар, ал гормондордун жардамы менен ички органдардын ишин жөнгө салат. Бул система адамдын бүт тулку-боюнда - мээде, моюнда жана репродуктивдүү органдардын баарында жайгашкан бездерди камтыйт.  Бул бездердин кээ биринин өлчөмү таруудай эле болсо, мисалы, уйку бези, айрымдары 15 см ге чейин болот. 

Бездердин негизги милдети - гормондорду өндүрүү жана аларды канга бөлүп чыгаруу. Негизи, гормондор мээ тарабынан жөнөтүлгөн химиялык билдирүүлөр. Билдирүүлөр атайын кабылдагычтар (рецепторлор) тарабынан кабыл алынат. Гормон өзүнүн кабылдагычы аркылуу мээден кабар алат, ошону менен дененин тигил же бул бөлүгүнүн активдүүлүгүнө таасир этет. Башкача айтканда, кабылдагычтар кулпулар, ал эми гормондор - бул кулпулардын ачкычы.

Ошентип, гормондор бүт органдардын функцияларын көзөмөлдөйт. Гормондор адамдын организминдеги өсүү жана өнүгүү, көбөйүү жана жыныстык өзгөчөлүктөрү сыяктуу процесстерге таасир этет. Адамдын организми энергияны кантип жумшайт жана сактайт, кандагы суюктуктун көлөмү, кант менен туздун деңгээли гормондор тарабынан көзөмөлдөнөт. Алар ошондой эле, адамдын ички сезимдерине жана маанайына абдан чоң таасир этишет. Гормондордун ролу өтө таасирдүү болгондуктан, алардын абдан аз саны да организмде өтө күчтүү реакция жаратышы мүмкүн.

Гормондор бүт денеде айланып жүрүшсө да, гормондун ар бир түрү белгилүү бир органдар жана ткандар менен байланышкан. Кээ бир гормондор бир же эки гана органга таасир этсе, башкалары бүт денеге таасир этишет.

Мисалы, гипофиз бези чыгарган калкан безин стимулдаштыруучу гормон калкан безине гана таасир этет. Бирок калкан безинин гормону бүт денедеги клеткаларга таасир этет жана клетканын өсүшүн жөнгө салуу, жүрөктүн кагышын көзөмөлдөө жана калорияларды жок кылуу сыяктуу маанилүү функцияларга катышат.

Мээде жайгашкан гипофиз бези эндокриндик системанын борбордук органы болуп саналат. Ал башка бездерге гормондордун өндүрүшүн азайтууну же көбөйтүүнү жана организмден чыгарууну “айтып”, гормондордун деңгээлин жөнгө салып турат. Кээ бир гормондор деңгээлинен ылдый түшүп кеткенде, гипофиз башка бездерге гормондорду көбүрөөк чыгарууга көрсөтмө бериши мүмкүн. Бул процесс гомеостаз деп аталат.

Кээ бир гормондор эркектер менен аялдардын организмине ар кандай таасир этет. Аялдарда, мисалы, энелик бездер эстрогенди бөлүп чыгарат, ал ар кандай функцияларды, анын ичинде этек кир циклин, репродуктивдүү анатомияны, жүрөк менен сөөктүн ден-соолугун камсыз кылат. Эркектерде урук бездери сперматозоиддерди жана тестостеронду иштеп чыгат, бул сперматозоиддердин өндүрүшүнө, булчуңдардын күч-кубатына жана жыныстык каалоого таасир этет.

Эркектер менен аялдардын денесиндеги айырмачылыктар жөнүндө көптөгөн уламыштар айтылып келет, алар көбүнчө гормондор менен түшүндүрүлөт. Келгиле, эң кеңири тараган мифтерди карап көрөлү.

Аялдарда тестостерон гормону өндүрүлбөйт

Алгачкы изилдөөчүлөр 1935-жылы эле эркектер менен аялдар үчүн өзүнчө химиялык заттар бар экенин, алардын ар бири эркектик же аялдык сапаттарды гана көзөмөлдөй турганын жана бул заттардын таасири аялдар менен эркектердин ортосундагы физиологиялык гана эмес, психологиялык да айырмачылыктарды түзөрүн айтышкан.

Ошентип, адамдар эркекти эмне эркек кыларын түшүнүү үмүтү менен эркектиктин химиялык маңызын издей башташкан. Бул жакта бир гана физиология жөнүндө эмес, коомчулук бир гана эркектердин сапаттары деп эсептеген өзгөчөлүктөр тууралуу да кеп болуп жатат. "Эркек күчү" жөнүндө: өзүнө ишенүү, атаандаштыкка туруштук берүү, тобокелчиликке баруу.

"Чыныгы" эркектерге гана мүнөздүү болгон сапаттарды иштеп чыгарган сыйкырдуу гормон деп тестесторонду эсептеп башташты. Аларда, албетте, тестесторон эркектерде гана бар деп ишеним да пайда болду.

Гормондор - зат алмашуудан баштап өсүү жана өнүгүүгө, эмоцияларга, маанайга, жыныстык функцияга, ал тургай, уйкуга чейин дененин функцияларын координациялоого жардам берген химиялык заттар. Ошондуктан, эркектер “эркектиктин” сырын гормондордон табууга аракет кылышкан жана азыр да аракет кылып жатканы таң калыштуу эмес.

Тестостерон жана аялдын денеси жөнүндө сөз кылуудан мурун, келгиле, кайсы гормондор аялдын денеси үчүн жооптуу экенин аныктап алалы. Эстроген жана прогестерон "аялдык" гормондор болуп эсептелет, анткени алар аялдын организминин көптөгөн функциялары үчүн жооптуу: этек кир циклин жөнгө салуудан менопауза башталганга чейин.

Мисалы, прогестерон гормону жатынды ай сайын уруктанган жумуртка алууга даярдап, кош бойлуулукка кам көрүп турат. Ал эми эстрогендердин таасири менен кыздарда жыныстык жетилүү процесси башталат – көкүрөктөр түйүлүп, жыныстык органдардын жана колтуктун түктөрү өсө баштайт,  энелик бездерде жумуртка жетилет жана этек кир процесси башталат.

Ошентип,  аялдардын эң маанилүү жыныстык гормону - эстроген. Эстрогендин үч түрү бар: эстрадиол (E2), эстрон (E1) жана эстриол (E3). Ал эми эстрогендин  ар бир түрү аялдын жашоосунун ар кандай мезгилдерде ар кандай органдын функциясы үчүн жооптуу болуп саналат. Кош бойлуу кезинде аялда эң көп эстриол болот, ал эми менопауза алдында ден-соолукка чоң таасир этүүчү негизги эстроген бул эстрадиол.

Прогестерон жана эстроген энелик бездерде өндүрүлөт. Бирок  аялдардын энелик бездеринде жана бөйрөк үстүндөгү бездеринде тестостерон да өндүрүлөт. Жалпы жаңылыш түшүнүктөргө карабастан, тестостерон "эркектиктин" биологиялык маңызы эмес. Жана бул эркекке гана тиешелүү жыныстык гормон дагы эмес.

Мисалы, аялдарда тестостерон сөөктүн өсүшүн жана бекемдүүлүгүн сактап, жыныстык каалоосуна таасир этет.

Аялдар менен эркектерде бирдей эле гормондор бар, алар болгону ар кандай өлчөмдө жана пропорцияда кездешет.

Тестостерондун айынан бардык эркектер зөөкүр келишет

Тестостерон гормону салттуу түрдө "эркектердики" деп эсептелет. Ал урук безинде өндүрүлөт жана адатта эркектин дене түзүлүшүн түзүүгө катышат: кең ийиндер, булчуңдар, салыштырмалуу тар жамбаш. Ошондой эле, сперматозоиддердин пайда болуу процессин жөнгө салып, алардын активдүүлүгүн – уруктануу жөндөмдүүлүгүн аныктайт.

Бирок тестостерон эркектерде гана өндүрүлбөйт. Мисалы, эркектерде да, аялдарда да тестостерон жыныстык каалоо үчүн жооп берет. Гормон эркектерде эрекциясынын жыштыгын жана күчүн жөнгө салса, аялдарда клитор эрекциясына жооп берет. Тестостерон гормонунун өндүрүшүнөн келип чыккан физиологиялык өзгөчөлүктөрдөн тышкары, адамдар эркектердин социалдык жүрүм-туруму жөнүндө ишенимдерди тестостерон менен түшүндүрүүгө аракет кылышат.

Мисалы, тестостерон гормонун агрессивдүү жүрүм-турум, ал тургай, зордук-зомбулук менен байланыштырышат. Эгерде тестостерон эркектердин негизги жыныстык гормону болсо, бул - бардык эркектер агрессивдүү жана кылмыш жасоого жөндөмдүү экени талашсыз дегенди билдиреби? Эгерде кадимки эркекке тестостерон дозасы берилсе, ал укмуштуудай Халкка айланабы?

2012-жылы Эл аралык Эндокринология жана Метаболизм журналында жарыяланган изилдөөдө агрессивдүү жүрүм-туруму бар адамдарда тестостерондун деңгээли жогору экенин далилдеген далилдер бар деп айтылат.

Бирок илимий жактан ишенимдүү изилдөөлөр башка мааниде түшүндүрүшөт. Плацебо көзөмөлүндөгү сыноолор – анда изилдөөнүн катышуучулары да, изилдөөчүлөр да кайсы адамдар тестостерон алып жатканын билишкен эмес – гормондун өтө жогорку дозалары да эркектерде кастыкты, ачууланууну жана агрессияны күчөтпөгөнүн көрсөткөн.

Заманбап изилдөөчүлөр агрессия менен тестостерондун ортосундагы байланышты издөө боюнча классикалык эмгектерди кайра карап чыгууга аракет кылып жатышат. Мисалы, изилдөөчүлөр Джордан-Янг жана Карказис 2019-жылдагы китебинде бул илимий эмгекте так эмес өлчөөлөр жана статистикасында олуттуу кемчиликтер бар экенин айтышат.

Эң белгилүү изилдөө 1987-жылы болгон, анда авторлор 89 түрмөгө түшкөн адамдар арасында сурамжылоо жүргүзүп, оор кылмыштар үчүн соттолгон эркектерде тестостерондун концентрациясы жогору болгон деген тыянакка келишкен.

Джордан-Янг жана Карказис бул ишти кайрадан карап чыгышып, агрессиянын өтө көп көрсөткүчтөрүн: мурунку кылмыштуу жүрүм-туруму, сурамжылоо жооптору, дисциплинардык бузуулар жана башка субъективдүү баа берүүлөрдү колдонууга аракет кылынган деп белгилешип, бул изилдөөлөрдү сынга алышкан. Сынчылар тестостерон менен агрессиянын ортосундагы байланышты күмөндүү деп айтышат, анткени дал келүү кокустук жана башка факторлордун таасири астында болушу мүмкүн.

Эркектерде жогорку деңгээлдеги тестостерон - зордук-зомбулуктун, кылмыштуу жүрүм-турумдун себеби жана натыйжасы болушу мүмкүн, бирок изилдөөчүлөр так себеп-натыйжа байланышын аныктай элек. Тестостерондун жогорку деңгээли мыкаачылыктын себебиби же абактагылардын чөйрөсүнүн натыйжасыбы деген суроо жоопсуз калууда.

Бүгүнкү күндө изилдөөчүлөр тестостерондун жогорку деңгээли гана эркектерди агрессивдүү кылбайт, бирок агрессияны күчөтүүчү чөйрө менен айкалышта байланыш болушу мүмкүн деп эсептешет. Мындан тышкары, тестостерон агрессивдүү гана эмес, ошондой эле оң коомдук жүрүм-турумга таасир этиши мүмкүн экенин көрсөткөн изилдөөлөр бар.

Эркектерде эстроген гормону болбойт

Андроген -  эркектин жыныстык гормондору, алар эркектин физикалык активдүүлүгү жана нормалдуу эректилдик функция үчүн зарыл. Эркектердин негизги жыныстык гормону – тестостерон, ал эми аялдарда –эстроген, бул гормондор  энелик бездерде иштелип чыгат. Ал эми эстроген эркектин денесине кайдан келет эле деген суроо туулат?

Чындыгында, биз мурунку макалаларда айтылгандай, бир гана эркек же аял гормондору деп так бөлүү таптакыр туура эмес. Тагыраак айтканда, бул аялдарда “эркек” гормондор, ал эми эркектерде “аялдык” гормондор жок дегенди билдирбейт.

Эстрадиол, эстрогендин басымдуу түрү да эркектин жыныстык функциясында маанилүү роль ойнойт.

Эркектерде эстрадиол либидо, эректилдик функция жана сперматогенезди жөнгө салуу үчүн зарыл. Эстроген рецепторлору сексуалдык функция үчүн маанилүү органдар болгон мээде, жыныс мүчөсүндө жана урук бездеринде көп.

Эркектин мээсинде эстрадиолдун синтези жыныстык дүүлүктүрүү менен байланышкан аймактарда көбөйөт. Мындан тышкары, жыныс мүчөсүндө эстрогендин өзгөчө көп "алуучулары" бар жерлер бар - алар кан тамырлардын жана нерв жипчелеринин айланасында топтолгон.

Эркек организминин нормалдуу иштеши үчүн эстроген маанилүү болгону менен, орточо көрсөткүчтү сактап туруу маанилүү. Бул гормондун ашыкча болушу тукумсуздук жана эректилдик дисфункция сыяктуу ар кандай ден-соолук көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүн.



Айыз учурунда аялдардын баардыгы эмоционалдуу болуп калат

Айыз алдында пайда болгон бсиндром - кээ бир аялдарда этек кирдин башталышына 5-11 күн калганда пайда болгон жана физиологиялык жана/же психологиялык симптомдор менен мүнөздөлгөн абал. Бул -  симптомдордун оордугун, санын жана түрүн түшүнгөндөн кийин дарыгер тарабынан коюлган медициналык диагноз.

Жалпысынан изилдөөчүлөр 150дөй симптомдорду сүрөттөшөт. Эң популярдуу: ичтин көбүшү, эмчек шишиги, ичтин карышуусу, табиттин өзгөрүшү жана, албетте, эң белгилүү жана ММКда көп сөз кылынуучу симптом - маанайдын өзгөрүшү - бул кыжырдануу, тынчсыздануу же капалануу болушу мүмкүн.

Менструацияга чейинки симптомдор биринчи жолу 1931-жылы расмий түрдө сүрөттөлгөн жана диагностикалык критерийлерде эң көп айтылган симптомдор физиологиялык белгилерге эмес, маанайга негизделген. Бирок психологиялык симптомдорго физикалык симптомдорго караганда көбүрөөк көңүл буруунун себеби белгисиз бойдон калууда.

Мисалы, ар кандай изилдөөлөр көрсөткөндөй, маанайдын өзгөрүшү сөзсүз эле этек кир мөөнөтүн аныктоочу фактор эмес. Бир кыйла маанилүү симптом - бул ооруксунуу жана карышуу.

Заманбап изилдөөчүлөр бул маселе "акылсыз аял" жөнүндө үстөмдүк кылган сексисттик уламыштан улам болушу мүмкүн деп эсептешет. Аялдар эмоционалдуу, ошондуктан алардын репродуктивдүү биологиясына  чектелген акыл-эстин  байланыштуу бар деген түшүнүк  - бул миф.

Илимпоздор барган сайын этек кир аялдарга кандай таасир этет деген коомдук жана медиа ишенимдерге карабастан, айызга чейинки шарттар сөзсүз эле терс тажрыйба эмес деп эсептешет. Жалпыга маалымдоо каражаттары айызга чейинки терс көрүнүштөр жөнүндө көп айтышат, бирок бар болгон оң ​​жактары жөнүндө сейрек сөз кылышат. Мисалы, либидо жогорулатуу, маанайды жакшыртуу, чыгармачылыкты жогорулатуу жана башкалар жөнүндө унчугушпайт.

Чынында, бардык эле аялдар айыз алдындагы синдром менен жабыркай бербейт. Адамда этек кирдин алдында кандайдыр-бир синдром пайда болгону - бул  PMS дегенди билдирбейт. Аялда PMS бар экенин так айтуу үчүн, ага мындай диагнозду кое турган дарыгерге кайрылуу керек.

PMS боюнча изилдөөлөр көбүнчө организмдин жүрүм-турумга кандай таасир этээри жөнүндө сөз кылат, бирок коом жана маданият аялдардын PMS тууралуу сезимин жана аларды кандай кабыл аларын эске албайт. Жөнөкөй сөз менен айтканда, PMS тууралуу коомдо калыптанган түшүнүктөр аялдарга кандай таасир этери тууралуу сөз болбойт.

Көптөгөн изилдөөлөр да олуттуу методологиялык каталарга дуушар болушат. Мисалы, изилдөөлөрдүн катышуучуларына жалаң терс эмоциялар жазылган варианттарды гана тандоону сунушташкан, бул дайыма эле PMS тажрыйбасынын толук спектрин чагылдыра бербейт. Гормоналдык өзгөрүүлөр этек кир циклинде маанилүү роль ойнойт, бирок маанайдын начарлашынын жалгыз себеби эмес. Аялга этек кир фразасынын циклине караганда, жалпы психикалык жана физикалык ден-соолугу маанайга көбүрөөк таасир этет.

Булак: Двор Медиа