Эмоциялар боюнча гид

Эмне үчүн негативдүү эмоциялар анчалык деле жаман эмес?

Адатта, эмоцияларды негативдүү жана позитивдүү деп бөлүп келебиз. Бирок бул биздин айрым сезимдерибиз бизге зыяндуу жана кесепеттүү дегенди билдирбейт. Психологдун көз карашы менен алып караганда, адамдагы бардык эмоциялар баалуу жана маанилүү. Эмоция - бул адамды башкарып турган нерселер. Эмоциялар аркылуу жашоодогу болуп жаткан ар бир окуяга баа берип турабыз. Ар бир мындай реакция бир нерседен кабар берип турат.

11 жаштагы Райли аттуу кыздын жашоосун башкарган— Кубаныч, Кайгы, Ачуулануу, Жийиркенүү жана Коркуу сезимдери тууралуу “Баш катырма” мультфильми эсиңизде болсо керек. Ал кыздын кийингенине, кечки тамакта “Жаңы мектепте иштер кандай?” деген суроого кандай жооп бергенине — сезимдер жооптуу.

Чындыгында, жашоодо да ушундай - болгону, биздин жүрүм-турумубузга таасир эткен эмоциялар мындан алда канча көп. Терс эмоциялар деп аталгандарга ачуулануу, тынчсыздануу, жийиркенүү, кайгыруу, көңүл калуу, коркуу, уялуу, күнөөлүү сезим, көрө албастык, кызганыч сыяктуу сезимдер кирет. Мунун баары - ар бир адам сезе ала турган негизги сезимдер.

Бул эмоциялар жаман болгондуктан эмес, аларды пайда кылган окуялар адам үчүн жагымсыз болгондуктан терс деп аталат. Адамдагы негизги эмоциялар (оң жана терс аталыштарына карабастан) бир нече негизги функцияларга ээ:

• сигнал берүү - мисалы, коркуу жана тынчсыздануу сезими потенциалдуу коркунучту эскертет;

• регулятивдик - ачуулануу эмоционалдык кагылыш учурунда ичке толгон чыңалууну чыгарат;

• коммуникативдик – капа болгондугун же көңүлү чөгүп турганын билдирүү менен адам өзүнүн абалын башкаларга көрсөтүп, жанындагылардан колдоо ала алат.

Негизги эмоцияларды чыгаруу аркылуу адамдын негизги муктаждыктары канааттандырылат- коопсуздугу, сый-урматы, баарлашуусу ж.б. Эгерде биз терс эмоцияларыбызды ичибизге катсак, мисалы, коркуу же тынчсыздануу сезимине жол бербесек, бул кырдаалдын туура эмес баалануусуна алып келиши мүмкүн. Биз кооптуу жагдайларды коопсуз жагдайлар менен оңой эле чаташтырабыз жана ошону менен өзүбүзгө зыян келтирип алабыз.

Дагы бир мисал: сыртка чыгарбай, ичибизден кайгыбызды жутуп отура бергенибиз менен кайгы өзүнөн-өзү жок болуп кетпейт. Сезимдерибизди башкалардан жашыра берсек, бизге учурунда керектүү камкордук жана колдоо жетишпей калышы мүмкүн. Ушундан улам, жагымсыз сезимдердин күчөп кетүү коркунучу бар.

Бир караганда терс көрүнбөгөн башка эмоциялар да жагымсыз жана орунсуз болушу мүмкүн экенин түшүнүү керек. Мисалы, ар кимге эле толкундануу жана сүйүүдөн сүрдөө жага бербесе керек. Бирок бул сезимдер мамиле курууда позитивдүү эмоциялар катары кабыл алынат.  

Адамда болгон сезимдерге кылдаттык менен мамиле кылуу керек, эгерде алардын айрымдары кандайдыр-бир себептерден улам толук жашоого тоскоол болсо, анда бул эмоциялар качан жана эмне үчүн пайда болгонун, алар эмнени билдирерин аныктоого аракет кылуу зарыл. Эгер муну өз алдынча аныктоо кыйын болсо, психолог же психотерапевттен жардам сураса болот.

Адатта, негативдүү эмоциялар эмнеден улам пайда болот? 

Терс эмоциялардын булагы бардык нерсе болушу мүмкүн. Бул сезимдерден толугу менен качуу мүмкүн эмес жана алардан качуунун кереги да жок. Психиканын эволюциясы жана өнүгүшүнүн жүрүшүндө адамдын жашоосуна жардам берүүчү механизмдер иштелип чыккан. Эмоцияларды сезүү жана билдирүү жөндөмдүүлүгү – ошондой механизмдердин бири.

Мисалы, биз жолдон өтө кылдаттык менен өтүп бара жатабыз дейли, эгерде биз жолдо унаалардын кымгуут кыймылын көрсөк, биздеги рационалдуу этияттык коркуу сезимин жаратат. Бузулуп кеткен тамакты жыттаганда пайда болгон жийиркенүү сезими бизди уулануудан жана оорудан сактайт. Же бул жерде дагы бир мисал, көрө албастык менен адам тынч жана гармониялуу жашоо үчүн ага эмне жетишпей жатканын түшүнө алат. Буларды так түшүнүү менен биз каалаган нерсебизге жетүү үчүн варианттарды ойлоп таба алабыз.

Мындан тышкары, терс эмоциялардын себеби бардык нерсе болушу мүмкүн. Ошондой эле, ар бир адамдын жагымсыз сезимдеринин өз булактары бар экенин түшүнүү керек. Кээ бирөөлөргө көгөрүп кеткен  тамактын жыты жийиркеничтүү сезим жаратса, экинчиси үчүн жада калса, жаңы бышкан түстүү капуста (эч кандай коркунуч туудурбаса да) терс эмоцияларды чакырышы мүмкүн.

Башкача айтканда, терс сезимдер кандайдыр-бир объективдүү тышкы стимулдардан гана эмес, биздин кабыл алуубуздан, ойлорубуздан да пайда болушу ыктымал.



Эмне себептен дайыма позитивдүү болуунун кереги жок (бул мүмкүнбү)?

"Позитивдүү болууга" умтулууну эки бөлүккө бөлүүгө болот: бир гана жакшы сезимдер менен жашоо жана бардык нерсеге оң көз карашта болууга аракет кылуу.

Биринчи шарт - позитивдүү эмоцияларды гана сезүү жана жагымсыз эмоцияларды кабыл албоо - такыр мүмкүн эмес. Анткени баарыбыз жакшы да, жагымсыз да окуялар болуп жаткан бир дүйнөдө жашайбыз.

Адамдар көп учурда өз эркинен тышкары тынчсызданууну, капа кылууну, көңүл калууну жараткан жагдайларга туш болушат... Жашоосунда кайгылуу окуяны башынан өткөрүп жатып, чын жүрөктөн ачык, көңүлдүү маанайды сактап калуу мүмкүн эмес.

Ошону менен бирге, жалаң эле көңүл чөгүп жашоо да абдан татаал. Ден-соолугу жайында адам өмүрүнүн эң кайгылуу мүнөттөрүн башынан кечирип жатса да, тамашага күлүп, позитивдүү сезимдерди башынан кечире алат. Эгерде эки жумадан ашык убакыт бою  аз болсо да, эч нерсе позитивдүү эмоцияларды алып келбесе - бул психологго кайрылууга негиз болуп саналат.

Ошентип, экинчи шартка кайрылып көрөлү - жашоодогу бардык окуяларды позитивдүү маанайда кабыл алуу аракети. Муну иш жүзүндө аткаруу такыр мүмкүн эмес. Анткени адамды чын эле капа кылган айрым окуяларды этибар албай коюу  -  олуттуу күч-аракетти жана чоң көлөмдөгү ички ресурсту талап кылат. Ал эми бул ички күчтөр башка ресурстар сыяктуу эле убакыттын өтүшү менен түгөнөт. Ошентип, дүйнөгө жалаң гана позитивдүү көз караш менен жашооого умтулуу -  эмоционалдык жана олуттуу чарчоо коркунучуна алып келет.

Албетте, адамдар позитивдүү эмоцияларды башынан өткөрүүнү жакшы көрүшөт: мындай сезимдер адамга күч-кубат берип турат. Ошондуктан, бир убактарда дайыма бактылуу болуу жана позитивдүү ой жүгүртүү модага айланган. Дайыма бактылуу болуп жүрүүнү каалоо - бул табигый нерсе.

Бирок мындай бактылуу маанайды чексиз улантуу мүмкүн эместигин түшүнүү керек: анткени жашоодо кайгылуу окуялар дайыма боло берет. Негативдүү сезимдерди да кабыл алуу керек, ошондо гана алар кандай сигнал берип жатканын түшүнүү менен, жүрөк өйүткөн ойлордон арылса болот.

Эмоцияларды башкаруу мүмкүнбү?

Эмоцияларды башкаруу мүмкүн эмес. Болгону, алардын пайда болуусун гана көзөмөлдөө мүмкүн. Же адамга мурунку тажрыйбасына таянып, белгилүү бир кырдаалда өзүн кандай сезээрин алдын-ала билип жана терс учурлар кайталанбашы үчүн кандайдыр-бир аракеттерди жасоосу керек болот.

Мисалы, кимдир-бирөө сенин идишиңден ичкенде, кыжырыңды кармай албай турганыңды билесиң дейли. Ал эми мындай жагымсыз сезимдерди баштан кечирбеш үчүн сен өзүңдү мындай кырдаалдардан сактай аласың: идишиңди өз бөлмөңдө гана кармашың керек же айланаңдагылар эрежени сактап, чыныңдан эч ким ичпегидей кылып, макулдашып аласың.

Эгерде ачуулануу жараткан окуялар күтүүсүз болуп кетсе, анда адам дайыма  кандай эмоция пайда болорун алдын-ала көрө албайт. Мындай учурларда ал ачуулана баштайт жана  эмоциясын азыр чыгарууну же сабыр кармап турууну бул процесстин жүрүшүндө чечет.

Адамга күчтүү эмоцияларын жумшартуу же тынчтандыруу -  денеде болгон өзгөрүүлөрдү сезүү аркылуу оңой болот. Мисалы, жүрөгүң тезирээк сого баштаса, демиң тездей баштаса же муштум менен күч кайрыгың келсе, бул ачуунун күчөгөнүн билдириши мүмкүн.

Ачуунун денеде байкала баштаганын түшүнүү менен анын күчөп кетпешин алдын алуу оңой болот. Мисалы, эгер сен жакын адамың менен жаңжал болоорун сезсең жана ага кыйкырыгың менен зыян келтиргиң келбесе - бөлмөдөн чыгып кет. Ачууну ичке катуу эмес, аны коопсуз түрдө билдирүү, мисалы, керексиз нерсени сындыруу, кагазды тытуу, бөлмөнүн ичинде секирүү же чуркоо, жаздыкка кыйкырып алуу маанилүү. Эң негизгиси, муну кылып жатканда эч ким, анын ичинде өзүң да жабыркап калбашың керек.

Адам өзүнүн эмоциясы кандай өнүгүп жатканын кылдаттык менен көзөмөлдөгөн практика бар. Эмоциянын тажрыйбасы, адатта, көпкө созулбайт, орто эсеп менен жарым-эки мүнөткө созулбай турганын белгилей кетүү маанилүү. Сен "эмоционалдык серфинг" деп аталган ыкманы колдонсоң болот, мында сен эмоционалдык толкундардын интенсивдүүлүгүн байкап, негизинен байкоочуга айланасың. Адатта, эмоциянын өнүгүү этаптарына көңүл бурсаң, эмоциялар акырындык менен азаят.

Төмөндөгүдөй кадамдарды кылса да болот: 

  • эмоцияны байкоо
  • ага ат берүү;
  • ага байкоо салуу;
  •  сезимди сыртка чыгаруу (ыйлоо, кыйкыруу, жаздыкты уруу);
  • сезимдериң тууралуу жакындарың менен бөлүшүү (бирок сөзсүз эмес);
  • башка нерсеге алагды болуу — кээде денеге таасир этип, абалды өзгөртсө болот: муздак суу менен жуунуу, көчөдө жүрүү, үйдүн ичиндеги буюмдардын ордун алмаштыруу, физикалык көнүгүү.

Чыгармачылык менен алектенүү терс эмоциялардан арылууга жардам берет деп айтышат. Ушул чынбы?

Чыгармачылык жана спорт - ыңгайсыздыкты жараткан сезимдерди басаңдатуунун негизги жолу. Кандай болгон күндө да, сублимация - сезимдерди басуу эмес, ички чыңалууну жана ага жумшалган күчтөрдү коопсуз жакка  багыттоо экенин белгилей кетели. Аны эмоцияларды башкаруу формасы деп атоого болбойт - бул адамдын абалын башкаруу формасы.

Мисалы, ажырашуу, сүйгөнүнөн ажыроо  темасына арналган көптөгөн ырларды эстесте болот. Эмне үчүн алар мынчалык көп? Күчтүү сезимдерди башынан өткөргөн же жакын адамы менен мамиленин жоктугун башынан кечирген адам бул сезим менен күрөшүүгө муктаж.

Чыгармачылык - бул сезимдерди билдирүү жолу, бул жол аркылуу адам ичинде болгон кайгы-муң менен бөлүшүп,  ал жүктөн арылууга мүмкүндүк алат. Ички бушайман ойлорду поэма же проза түрүндө билдирүү - биринчи кезекте, ойлорду тышкы чөйрөгө: кагаздагы текстке же виртуалдык мессенджерге өткөрүп берүү аркылуу акыл-эсти бошотууга жардам берет.

Экинчиден, эгер кааласаң, бул текстти кимдир-бирөөгө көрсөтсөң болот, ал адам сенин ички дүйнөңдө эмне болуп жатканын түшүнүү аркылуу сага колдоо көрсөтө алат.

Бирок бул текстке гана тиешелүү эмес – албетте, сезимдерди чыгармачылык менен такыр башка жолдор менен сыртка чыгарууга болот: сүрөт тартуу, музыка, бий, мемдерди түзүү ж.б.

Ар кандай дене машыгуулары: спорт жана йога да сенин абалыңды жөнгө салууга жардам берет. Эң негизгиси – жеке кызыкчылыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө туура келген ишти тандоо.

Эмоциялар сыртка чыгып, бирок аларды басууну талап кылган конфликттик кырдаалдарда эмне кылуу керек?

Коомдо жана мектепте, эреже катары, бизди чыр-чатактардан алыс болууга, акылдуулук менен ой калчоого жана терс көрүнүштөрдү билдирбөөгө үйрөтүшөт. Бул көп учурда көйгөйлөрдү жаап-жашырып коюуга жана ички сезимдерди көңүл сыртында калтырууга алып келет. Кантип негативди тыйбай, тескерисинче, өзүңө да, башкаларга да зыян келтирбегидей кылып, маселени чечсе болот?

Коомдогу чектөөлөрдү кабыл алуу менен, төмөндөгүлөрдү түшүнүү ар дайым маанилүү: эгерде жагымсыз прецедент тууралуу унчукпай, аны ичке сактап алса, анда конфликт чечилбейт, кырдаал өзгөрбөйт. Бирок ыңгайсыздык сакталат жана терс эмоциялар топтоло бериши мүмкүн.

Мунун баары эмоционалдык абалдын жана кырдаалдын  начарлашына алып келет - чыңалуу пайда болуп, активдүү фазага өтүшү мүмкүн: адегенде алар чыдап келишти, андан кийин чыдагандан тажашты, анан катуу уруш чыгат.

Кырдаалды жакшыртууга сейрек жардам берген жана адамдын абалын начарлатуучу катуу кагылыштарды болтурбоо үчүн төмөнкү алгоритмди карманса болот:

  • Кырдаалга башканын көз карашы менен кароо: мисалы, ким агрессор экенин түшүнүү.
  • Терс сезимдердин себебин билүү.
  • I-Messages колдонуу: мүмкүн болсо, натыйжалуураак баарлашуу үчүн билдирүүлөрдү колдонсо болот (албетте, мындай баарлашууга оппонент көнсө).

"I-Messages - бул адамда болгон эмоцияларды башка адамга айыптоосуз, мүмкүн болушунча тынч жана бейтарап билдирүү жолу. Алардын жардамы менен адам бир эле убакта маектешинин жүрүм-турумуна нааразычылыгын билдирип, бул анын маанайына кандай таасир тийгизерин түшүндүрө алат. Мисалы: "Мен сенден бир жума бою кат албай калсам, биздин мамиле жөнүндө тынчсыздана берем. Эгерде бошобой жатсаң, мен тынчсызданып, ойлонуп калбашым үчүн мага эскертип кое аласыңбы?"

Кээ бир учурларда мындай билдирүүлөр орунсуз болушу мүмкүн экенин дагы бир жолу белгилеп кетели. Эгер оппонет алмаштырылбай турган мугалим же эч кимди укпаган бейбаш болсо, анда буга башкача алгоритмдер талап кылынат. Бирок ал жерде да өзүңө зыянды азайтуу үчүн сезимдерден бошонуу маанилүү. Мындай татаал учурлар көп кырдуу жана бул макалада аларды чечүү боюнча конкреттүү кеңеш берүү туура эмес - алар баарына ылайыктуу боло бербейт. Оор кырдаалдарды жакындардын колдоосу менен чечкен жакшы. Психологдон кеңеш алуу да натыйжа берет.

 

Негативдин чеги канчалык? Кайсы учурда терс сезимдерге чек коюу керек? 

Ар бир адам уникалдуу - кээ бирлери терс нерселерге көбүрөөк реакция жасашат, башкалары терс эмоцияларды азыраак баштан кечиришет. Айрым адамдар башкаларга караганда жагымсыз окуялар менен күрөшүүгө көбүрөөк ички күчкө ээ болушат.

Кадыресе эмоционалдык абалыңды түшүнүү жана ага байкоо салып туруу үчүн өзүңө төмөнкү суроолорду берсең болот:

• Күн бою өзүмдү кандай сезем? Бир жума ичинде абалым кандай болот?

• Мен өзүмдү жаман сезген күндөр барбы? Жеңил сезген күндөрүм болобу?

• Азыр менин жашоомдо жана айланамда эмне болуп жатат?

• Менин абалыма кандай факторлор таасир этет?

• Эмнелер менин абалымды кыйындатат, курчутат, коркунучтуу кылат?

• Тескерисинче, абалымды эмнелер жакшыртат?

Маанайды начарлатуучу факторлор тышкы жана кырдаалдык болушу мүмкүн, мисалы: “Мен бир нерсени жоготуп алдым жана ага капа болдум”, “Кечээ мени бирөөлөр катуу урушту, капа болдум”, “Досум менен урушуп кеттим, ошондуктан мен өзүмдү жаман сезип турам". Анан, албетте, терс эмоциялар кырдаал чечилген соң, аны менен кошо тарап кетет.

Жашооңдо көп деле көйгөй жоктой сезилсе, бирок маанайың көпкө чейин төмөн бойдон калып, кандайдыр-бир нерселерге кызыгууң жоголуп, эч нерсе кылгың келбей, терс сезимдер позитивдүү сезимдерге караганда күчтүүрөөк сезилсе -  бул абалыңды жакын адамың менен бөлүшүү пайдалуу болушу мүмкүн. Жакыныңа мындай суроо берсең болот: “Мага бир нерсе болуп жатат. Ушундан улам өзүмдү жаман сезип турам, бирок себебин таба албай жатам. Эмне болуп жатканын түшүнүүгө жардам бере аласыңбы?”

Эгерде сураштыруу учурунда жалпы абалыңда чарчоо үстөмдүк кылып турса, ал эми терс сезимдер айкын себептерсиз (кырсык, жоготуулар же көңүл калуулар) узак убакыт бою сакталып турса, анда буга кооптонууга себеп бар. Эгерде дискомфорт улана берсе жана кадимки жашоого тоскоол болсо, анда психолог же психотерапевттен жардам алуу шарт. Эмоционалдык абалга көз салып туруу маанилүү.

Булак: Двор Медиа