Интимдик көрүнүп калганда

Ата-энелер балдарынын жыныстык жашоосу жөнүндө билиши керекпи?

Секс жөнүндө сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү балада жыныстык айырмачылыкка кызыгуу пайда болгондо эле чыга баштайт. Ал сексуалдык мүнөздөгү темалар боюнча ар кандай суроолорду берет, же мастурбация жасай баштайт. Анын үстүнө, биринчи мастурбация эпизоддору, адатта, жыныстык жетилүүгө чейин пайда болот - практикамда үч-беш жашар баласы мастурбация кылып жатканына кандай реакция кылуу керек деген суроо менен келген ата-энелерди көп жолуктурам. Мен мунун нормалдуу экенин түшүндүрөм!

Мындай "назик" курактагы баланын суроолоруна же иш-аракеттерине ата-энелердин кылган мамилесине жараша, келечекте жетилген, аң-сезимдүү баласы алар менен интимдик жашоосу тууралуу сүйлөшөт же аны жашырат. Негизи эле баланын жашоодо ийгиликтүү болуусу жана коопсуздугу ата-эненин мамилесинен көз каранды.

Адамдын кийинки сексуалдык жашоосу анын секске болгон кызыгуусу пайда болгон учурда кандай маалыматка ээ болгондугу менен тыгыз байланыштуу. Андыктан ата-энеңер менен жакын мамиледе болсоңор, биринчи мамиле тууралуу алар менен сүйлөшкөнүңөр пайдалуу болот.

Алгачкы сексуалдык тажрыйбалар көпчүлүк учурда уяттуу жана ыңгайсыз абалды жаратат. Өзгөчө, мындай нерсеге өзүн даярдоого маалыматтар аз болсо, бул ого бетер ишти татаалдаштырат. Кээде сексуалдык тажрыйбалар толугу менен зордук-зомбулук, же зордук-зомбулук деп эсептелбеген, бирок иш жүзүндө зордук нерсе болуп чыгат. Бул көбүнчө биздин маданиятта адамдар «макулдук келишими» түшүнүгү жөнүндө аз билгендиктен улам болот. Мында акыл-эси соо, эс-тутумдары сергек адам ким эмнеге макул экенин аң-сезимдүү түрдө түшүнүшү керек. 

Адам "жок" деп жигердүү түрдө айтпаган окуялар бар, андан кийин сексуалдык тажрыйба ал үчүн физикалык же эмоционалдык жактан азаптуу болуп калат, бирок ал уялып, күнөөлүү болуп күйүп, муну эч ким менен бөлүшпөйт, анткени ал “өзү макул болгон” жана "бул өзүнүн күнөөсү" деп жаңылыш эсептейт.

Мамилесин жоготуп алуудан, камкордуктан ажырап калуу коркунучунан же беделдүү кишилердин манипуляцияларынан коркуп, кысым астында кандайдыр-бир ишти жасаган адам анын кесепеттерин толук түшүнбөй турганын ата-эненин билиши маанилүү. Андыктан балага жардам берүү, кантип "жок" деп айтуу керектиги жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттер кандай болорун түшүндүрүп берүү маанилүү.

Ата-энелер баласынын сексуалдык мамиледе  мүмкүн болгон кыйынчылыктарын билиши шарт. Мисалы, корголбогон жыныстык катнаш болуп калса, бул маалымат менен чоңдорго баруу алда канча жакшы эмеспи. Байланышы анчалык күчтүү болбогон ата-энелер  кыйкырып, жагымсыз сөздөрдү айтышса да, жардам бере алышат (гинекологго алып баруу,  инфекциялады жугузуп алганын тактоо). Мындай кырдаалга туш болгон жашы жете элек бала стресстен, коркуудан, зарыл болгон байланыштын жоктугунан улам кыйналат, бул учурда ага көмөк керек. 

Эгерде биз мүмкүн болгон кош бойлуулук жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда бул жөнүндө өз алдынча же достору менен чечкенге караганда, ата-энелердин бири менен сүйлөшкөн жакшы. Бирок бул темада ата-энеңиз менен диалог түзө албасаңыз же ата-энеңизден корксоңуз жана мындай сүйлөшүү сиз үчүн кандайдыр-бир коркунуч (психологиялык же физикалык) туудурарын түшүнсөңүз, анда коопсуз кайрыла ала турган башка чоң адамды табууга аракет кылыңыз. 

Көбүнчө мындай адамдар ата-энелердин достору, мугалимдери, спорттук секциялардагы жана клубдардагы машыктыруучулары же мындай маселелер менен профессионалдуу түрдө алектенген адамдар – психологдор, врачтар боло алышат.

Эмне үчүн ата-эне менен жыныстык катнаш жөнүндө сүйлөшүү кыйын болушу мүмкүн?

Баланын жыныстык катнашка байланыштуу кандайдыр-бир суроо бергенине ата-энелердин реакциясы өтө ар түрдүү болушу мүмкүн, бирок, тилекке каршы, өтө аз эле адамдар бул нерсени токтоолук менен кабыл алып, түшүндүрүү менен жооп беришет же балага эмне кызык экенин тактап, жоопторду сунуш кылышат. 

Эмнегедир брошюрадагы бир сүрөт эсиме түштү, анда ата-эне баласы секс тууралуу айта баштаганда эле коркуп, качып кетип, эч нерсе укпагандай түр көрсөтүшөт. Мындай көрүнүштөр карикатурада эле боло бербейт. Дагы башка ата-энелер   баланы сөгүп, кыйкырып, айыптап, "бул ыплас темаларды кантип көтөрдүң?"- деп агрессияга чейин барышы мүмкүн.

Кээ бир ата-энелер өздөрү бул темадан коркушат, анткени алар дайыма эле жыныстык катнаш жөнүндө кантип сүйлөштү билишпейт. Адамдар менден бала менен секс жөнүндө кантип сүйлөшөм деп сурашканда, мен адатта каршы суроо берем: "Бул тууралуу өнөктөшүңүз менен кантип сүйлөшөсүз?" Көрсө, чоңдор кээде чындап эле бул темада бири-бири менен кантип сүйлөшүүнү түшүнүшпөйт экен жана сүйлөшүшпөйт дагы.

Эгер сизде секс темасына кызыгуу болсо (бул табигый нерсе) жана сиз ата-энеңизден сураганга батынсаңыз жана алардын реакциясы токтоо болбой турган болсо, мен аларга бир суроо менен эсине келтирүүнү кеңеш берет элем. Мисалы, мындай деңиз: "Апа/Ата, мен сиздин коркконуңузду түшүнөм, мен азыр өзүм да коркуп, уялып жатам. Бирок сиз качандыр-бир күнү бул иш болоорун түшүнөсүз. Чынын айтсам, сексуалдык тажрыйбага даяр болгум келет”.

Балдардын жана ата-энелердин ортосунда сексуалдык мамилелерди бирге талкуулоо адатка сыйбаса да, ата-энелер балдарына жыныстык катнаштын катышуучуларынын экөө тең макул болсо, жыныстык катнашта тыюу салынган же туура эмес эч нерсе жок деген ойду жеткирүүсү маанилүү. 

Ата-эне баласынын сексуалдык жашоосун кандай кабыл алат, бул үй-бүлө жашаган маданий контекстке, ата-эненин өнүгүү деңгээлине жана аң-сезимине түздөн-түз көз каранды. Кээ бир чоңдор бул адамдын өнүгүүсүнүн табигый баскычы экенин түшүнүшөт, кээ бир ата-энелерге катуу тиет, кээ бирөөлөр качандыр-бир кезде алардын "кичинекей жана сүйкүмдүү баласы" ушундай чон адамдардай болуп чечим чыгарып жатканына кубанмак түгүл, коркушат.

Албетте, айрым үй-бүлөдөгү ишеним ушунчалык бекемделгендиктен, бала жыныстык катнашка баргандан кийин ата-энесине келип: «Апа/ата, мен биринчи сексуалдык тажрыйбамды баштан өткөрдүм. Баары жакшы өттү" деген “мыкты окуялар” да жок эмес.

Бирок башка жагдайлар да бар: “Апа/ата, бул менде биринчи жолу болду, жакшы болбой калды, анткени презерватив айрылып кетти/бизде жок болчу. Эми мен тынчсызданып жатам. Сураныч, мени доктурга алып барыңыз”. Башкача айтканда, бала өз-алдынча чече албаган маселеге, зордук-зомбулукка жана куугунтукка кабылган учурларда, ал колдоо жана жардамга муктаж болгондо - баланы коргоо жана ага колдоо көрсөтүү маанилүү.

Интимдик жашооңузга байланыштуу маселелерде жеке чектериңизди кантип коргоо керек?

Сексуалдык активдүүлүк маселеси жеке чектердин маселесинен ажырагыс, ал тургай кээде мындай чек араларды белгилөө ыкмасы катары да колдонсо болот. Айталы, эгер ата-энеңиз бөлмөңүздү сурабай эле ачып көнүп калган болсо, анда түз айта аласыз: “Апа/ата, сиз мени мастурбация учурунда же жигитим/ сүйлөшкөн кызым менен өбүшүп/жыныстык катнаш учуруна күбө болуп каларыңызды түшүнөсүзбү?” Кээ бир ата-энелердин, албетте, бул учурда төбө чачтары тик турушу мүмкүн, бирок, алар сиздин чоңоюп калганыңды түшүнүп, бөлмөңүзгө уруксат сурап кирип башташат.

Сиз ата-энеңизге бул жагынан бир аз болсо да жардам бере аласыз, башкача айтканда, сиз учурдагы жыныстык катнашыңызды же сексуалдык өнүгүү деңгээлин талкуулоого даяр эмес экениңизди айтсаңыз болот. Ошондой эле, алар менен эшикти такылдып гана кирүү боюнча келишип алсаңыз жакшы.  "Ооба, туура айтасың — менин денем өсүп, өзгөрүп жатат, мен жаңы нерселерди байкап көрүп жатам, бирок бөлмөгө сиздер күтүүсүз киргенде өзүмдү ыңгайсыз сезгим келбейт" деп айтуу маанилүү.

Жашоонун башка чөйрөлөрүндөй эле секс маселесинде өзүңүздүн жеке мейкиндигиңизди тактап алуу үчүн адегенде ата-энеңизди буга көндүрүүгө аракет кылыңыз (анын сезимдерин түшүнүп жатканыңызды моюнга алыңыз), андан кийин: "Мен түшүнөм. Сиз мен жөнүндө кам көрөсүз жана бул сиз үчүн маанилүү, бирок мен сиз менен бул тууралуу сүйлөшө албайм».

Андан тышкары, эгер сиз өзүңүздүн ыңгайсыз абалыңыздын себебин билсеңиз, ал тууралуу мындайча айтсаңыз болот, мисалы: «Сиз мени бала кезимде мастурбация кылып жаткан жеримден кармап алып, мени катуу айыптап, сындагансыз». Ата-энелер ушул сыяктуу сценарийди дагы кайталагылары келет (баарын тыюу, жазалоо, санкцияларды колдонуу) деген ойдон улам коркуу сезиминин болушу - табигый нерсе.

Ата-эне сизден сексуалдык тажрыйбаңыз жөнүндө айтууну талап кылышы мүмкүн, бирок ал тууралуу канчалык деңгээлде айтуу керек же айтуунун муктаждыгы барбы - аны сиз чечесиз. Эгерде ушундай сүйлөшүү баары бир боло турган болсо, анда көңүлдү жыныстык тажрыйбага эмес, ата-энеңизди баары ийгиликтүү өткөнүнө ишендирүүгө бурууну сунуштайт элем. Албетте, коопсуз болбогон жагдайлар да бар - мындай учурда ата-энеңизге алар сизге кантип жардам бере аларын так айтып көрүңүз.

Мунун баары кандай болгонуна карабастан (зордук-зомбулуктан башка), ата-энени көбүрөөк кооптонткон маселе боюнча сүйлөшүүнү сунуштап көрүңүз — коопсуздук, оору, кош бойлуулук. Бул тажрыйба сиз каалагандай болбой калганын белгилеп,  сиздин “бузулган жүрүм-турумуңузду” эмес, ошол темаларды талкуулоо жемиштүү болорун айтыңыз.

Эгер ата-эненин суроолору сизге жакпай турган болсо, сүйлөшүүнү убактылуу токтотуп, баары тынчыгандан кийин кайра улантууга аракет кылыңыз. Мындай тыныгуу да жардам бербестигин түшүнгөндө, дароо башка компетенттүү жана боорукер чоңдордон же ишеним телефону боюнча психологдон жардам же кеңеш сурасаңыз болот.

Эгерде сиздин "биринчи жолуңуз" боло элек болсо, ал эми ата-эне, тескерисинче, "убагы келди" деп талап кылса, "сенин денең - сенин ишиң" деп түшүндүрүүгө аракет кылуу керек. Аларга биринчи тажрыйбаны ким менен кылууну пландаштырып жатканыңызды, аны менен сиз өзүңүздү коопсуз жана ишенимдүү сезүүнү каалаганыңызды, бирок азырынча мындай жакын адамыңыз жок экенин айтыңыз.

Жыныстык тажрыйба жөнүндө ата-эне менен кантип сүйлөшсө болот?

Секс темасында кеңештерди жана кереги жок комментарийлерди  түшүнүү менен кабыл алуунун эң ишенимдүү жолу - өзүңүздү ата-энеңиздин ордуна коюп, кырдаал анын көзү менен кандай болорун элестетүүгө аракет кылуу керек. Балким ал сиз үчүн тынчсызданып жатат, ошондуктан ал ыңгайсыз суроолорду берет, ошол эле учурда өзү да абдан уялып, суроолорун туура түзө албай, толкунданып калышы да мүмкүн.

Бардык маселелерде, анын ичинде сексуалдык мамилелерде ата-энелердин айыптоосуна жооп берүү үчүн, адегенде аларды туура түшүнүүгө аракет кылуу керек, башкача айтканда, алардын айрым эмоцияларынын тууралыгын таануу шарт.

Мисалы, апаңыз “Куураткыр, кыздыгыңдан эрте ажырадың!” десе, биринчиден: “Ооба, апа, мен үчүн кабатыр болуп жатканыңызды түшүнөм...” деп баштай аласыз. Мына ушул сөзүңүз сиз апаңыздын кызы үчүн кабатырланып жатканын түшүнгөнүңүздөн кабар берет. Эненин ачуу сөзүнүн артында баласын аеоо сезими турат. Мына ушуну түшүнгөндө гана, сиз аларга каршы туруу абалынан башка түшүнүшүү абалына чыга аласыз жана ата-энеңизди болгон ишти кабыл алууга көндүрө аласыз: "Ооба, балким, мен да кийинчерээк болушун каалайт белем, бирок биз өткөнгө кайрылып, аны өзгөртө албайбыз".

Ортоңордо түшүнүү орногон соң («Мен түшүнөм, эмне үчүн тынчсызданып жатканыңызды жана...»), сиз чындап эле бул ишке даяр жана этият болгонуңузду, ал өнөктөшүңүзгө тартылып калганыңызды, же бул адамды сүйгөнүңүздү ж.б. түшүндүрүп берсе болот. Башкача айтканда, баланын сүйлөшүүсүндөгү негизги пункттар ата-эненин тынчсызданууларын таануу, баары мурункудай болуп калганын түшүнүү жана маекти конструктивдүү түрдө алмаштыруу болуп саналат.

Эгерде бардыгы өз ара макулдук менен болуп, сексуалдык тажрыйба мамиленин логикалык уландысы болуп калса, ата-энеңе сен ал үчүн дайыма бала бойдон кала турганыңды билдирүүгө аракет кыл. Бирок ошентсе да сен өсүп келе жатасың, организмиң буга даяр экенин сезесиң жана өнөктөш менен жакыныраак мамилени каалайсыңар, ошондуктан, мисалы, жыныстык катнаш болгон.

Ата-энеңиз сиз менен бирге кээ бир деталдарды талкуулашса, алар абдан колдоо колдоо көрсөтүп жатканын айтууга аракет кылыңыз. Сиз муну төмөнкүдөй айтсаңыз болот: "Ата, сиз мага контрацепциянын мүмкүн болгон варианттары жөнүндө айтып берсеңиз абдан пайдалуу болмок" же "Апа, мени жакшы гинекологго алып барсаңыз жана натыйжалуураак коргоонуу тууралуу айтып берсеңиз, абдан ыраазы болмокмун”.

Эгерде сиз секстен баш тартууга мүмкүн болбогон кырдаалга туш болсоңуз, муну кимдир бирөө менен бөлүшө билүү абдан маанилүү. Мындай кырдаалда ата-эненин эң туура жана ылайыктуу реакциясы - “Өзүңдү сыйлаш керек жана “жок” деп айта бил” деген нотация эмес, коопсуздук маселелерин талкуулоо жана колдоо сөздөрү болот.

Мүмкүнчүлүк жана каалооңуз болсо, ата-энеңиз менен сиздин жыныстык катнашка даяр эместигиңизди кабыл албаган мамилени эмне үчүн сактап жатканынызды талкууласаңыз болот. Эгерде ата-энеден колдоо таппай калсаңыз, көйгөйдү тынчыраак, эмоциясы азыраак чоң кишиге же психологго айтуу керек.

Ата-энеңиз сиздин сексуалдык аракетиңизге кокустан күбө болуп калса, эмне кылуу керек?

Мындай кырдаалда адамды кандай гана учурда болбосун эмоциялар басып калат - жыныстык актынын өзүнөнбү, ал кармалып калган процесстенби же ошол эки себептерден уламбы - айтор, коркуу сезими болот. Андыктан эгер сиз жана өнөктөшүңүз жөн эле кучакташып жаткандай түр көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болсо - муну кылуунун мааниси бар деп ойлойм. Мындай жүрүм-турум эң оңой вариант, анткени, күтүүсүздөн кирип келген ата-энеңиздин аракетине болгон табигый реакция - катып калуу болот.

Менин оюмча, чоң адам диалогду башташы керек, анткени ал өзүнүн тажрыйбасына, жашына жана статусуна байланыштуу мындай талкуунун ичинде өзүн сабырдуу жана ишенимдүү сезет. Ата-энелердин эң акылга сыярлык реакциясы – бул сылыктык менен эч нерсени байкабай коюу (мындай учурда чоңдор, бала сыяктуу, жөн эле түшүнбөй калышы мүмкүн) жана жай абалда талкуулап, бул кадыресе көрүнүш экенин айтуу. 

Бирок андай болбогон күндө дагы, секс учурунда кармалып калган бала үчүн чындык өзү тарапта экенин билүү маанилүү, анткени жыныстык катнаш чоңоюунун табигый бөлүгү. Актануунун кереги жок, анткени адам мындай жагдайда алсыз позицияны ээлейт. Ал эми күчтөрдүн тең салмактуулугу жок учурда, салмактуу жана сергек диалогдун чыгышы күмөн.

Секске болгон муктаждык – бул биздин денебиздин табигый каалоосу, ошондуктан адамды сексуалдуулуктун өнүгүшү үчүн айыптоо аны чоңоюп жатканы үчүн күнөөлөгөндөй эле натыйжасыз.

Торт сатып алуу жана кандайдыр бир майрам уюштуруу туура эмес, жөн гана жайбаракат айтыңыз: "Урматтуу балам, сени сексуалдык жашооңдун башталышы менен куттуктаса болот, бул сонун, анткени анда көптөгөн жагымдуу нерселер бар. Бул тууралуу айтуудан мен чындап уялып жатам, балким, сен да ыңгайсыз абалда болушуң мүмкүн, бирок кандайдыр- бир суроолоруң болсо, аларга жооп берүү жана сага колдоо көрсөтүү үчүн дайыма сенин жаныңда экенимди билишиңди каалайм».

Эгер  ата-эне өзүнө ырахат тартуулап жүргөн жаш баланы кармап алган жагдай жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда алар мастурбация адамдын сексуалдык өнүгүүсүндөгү абдан маанилүү этап экенин түшүнүшү керек. Мастурбация кылуу менен адам өзүнүн денесин таанып, эмне экенин түшүнөт.

Мастурбация кылып жатып ата-энеге кармалган балдар алардын катаал айыптоосуна кабылса, ал кийин чоңойгондо интимдик жашоосунда көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн. Мында биз аноргазмия жана сексуалдуулуктун айрым көрүнүштөрүнө байланыштуу коркуу жөнүндө гана эмес, дисморфофобиялык реакциялар жөнүндө сөз кылып жатабыз. Мындай учурда адамга өз денесин сүйүп, кабыл алуу кыйынга турат, анткени ал өзүнүн денесин “коркунучтуу жана жаман каалоолорду” башынан өткөргөн "жаман нерсе" деп жалган ишенет. 

Өзүңүздү сексте жана секстин өзүн ыплас, уятсыз жана туура эмес нерсе катары сезүү эч кандай дени сак, гармониялуу мамилелерди курууга жардам бербейт. Ошондуктан баланын сезимдери жана кылган кыймылдары үчүн урушуп, уятка калтырбоо керек - ата-энелер тарабынан айтылган мамилелер анын бойго жеткен жашоосуна өтүп, анын сексуалдык жашоосунда гана комплекстерди жана көйгөйлөрдү жаратпастан, өнөктөшү менен интимдик мамилелерин кошо татаалдаштырат. 

Ата-энеси аны жыныстык катнаш же мастурбация учурунда көрүп калса, адам кандай сезимде болушу мүмкүн?

Мастурбация кылып же жыныстык катнаш убагында кармалып калганыңызда, ата-энеңиз менен болгон мамилеңиз мурда кандай болгонуна жана алар сиздин ийгиликтериңизге же көйгөйлөрүңүзгө кандай мамиле кылганына жараша ар кандай эмоцияларды сезе аласыз.

Эгерде мурда сексуалдык чөйрөгө байланыштуу нерселер үй-бүлөдө тыюу салынган болсо, сиздин бул боюнча суроолоруңуз жоопсуз калса жана үй-бүлө менен тасмаларды көргөндө ата-энеңиз уялып качса, же  каналды которуп, “кандай уят, бузуку нерсе” деген сыяктуу баа берсе, сизде уят жана күнөөлүү сезим болушу мүмкүн.

Эгер жыныстык катнаш өнүгүүнүн нормалдуу жана табигый бөлүгү экенин жакшыраак билсеңиз, кимдир-бирөө жеке территорияга бастырып киргенине карата сизде ачуулануу же жинденүү болушу ыктымал. 

Кээ бир учурларда, ата-энелер өспүрүмдү кокусунан кармап алса жана ага кадыресе реакция кылганда, тескерисинче, кубаныч жана жеңилдик сезими пайда болушу мүмкүн. Бул аң-сезимдүү курактагы адамдар кээде ата-энесинен коркуп, туура эмес нерсени таап алышат деп заарканышат, ал эми ата-энелердин адекваттуу кабыл алуу реакциясы коркуу сезимин жок кылып, үй-бүлөдөгү ачык жана чынчыл  мамилелерге негиз болот.

Адатта, жан-дүйнөнү түйшөлткөн ойлор күч алган күнөөлүү сезим менен байланыштуу болот. Ата-энелердин түшүнүксүз мамилеси  (мисалы, алар бала менен көпкө сүйлөшпөй, ага көңүл бурбай койгондо) коштолгон мындай катуу уялуу же коркуу өтө күчтүү эмоцияларды жана дискомфортту жаратат, жыйынтыгында психикалык жабыркоого алып келет. Кээде ата-эненин реакциясынан келип чыккан ушундай күчтүү эмоциялардын кесепети болгон тынчсыздануунун айынан кыздарда вагинизм пайда болушу мүмкүн, башкача айтканда, жакындык учурунда катуу оорунун айынан жыныстык катнаш жасай албай калуу. Ал эми балдарда эректильдик дисфункция пайда болушу ыктымал - катуу стресстин жана толкундануунун айынан эрекцияны кармай албоо көйгөйү чыгат.

Кээ бир адамдар мындай окуялардан улам мастурбациядан ырахат ала алышпайт, анткени алар аны уят жана коркунучтуу нерсе катары кабыл алышат. Кээде өзүн изилдөө аракети адамда уялуу жана коркуу сезимин пайда кылгандыктан, өзүнүн денесин жана ага эмне жагымдуу экенин билүү мүмкүн болбой калат. Мындай жагдайлар өнөктөш менен жыныстык катнаштан ырахат алууда кыйынчылыктарды жаратат.

Көбүнчө ата-энеңиз сиздин жыныстык жашооңузга күбө болгон жагдай травмалык болуп калганын сиз өзүңүздүн сезимиңизге жана абалыңызга жараша түшүнсөңүз болот. Мисалы, сиз өзүңүздү басынтылган же күнөөлүү сезе бересиз, сиз окуяны же аны менен байланышкан адамдарды эскерүүдөн кача баштайсыз, кандайдыр-бир жол менен аны кайра жарата турган кырдаалдардан качасыз ж.б. Сиздин секске болгон мамилеңиздин өзгөрүшүн сиз аны каалабай калганыңыздан, каалоо жаралса эле дароо уят сезими пайда болгонунан аныктаса болот.

Сексуалдык кырдаалдарга байланыштуу тынчсыздануунун жана коркуунун бул физиологиялык көрүнүштөрү адам үчүн өтө оор жана анын жалпы эмоционалдык жана психологиялык абалына таасир этиши мүмкүн. Эгерде бул көрүнүштөр толук кандуу жашоого жана өнөктөшүңүз менен мамилелерге тоскоол болсо, анда кесипкөй психотерапевттен же сексологдон жардам алуу маанилүү.

Канткенде өзүңүздү тынчтандыруу мүмкүн жана  жардам керек экенин кантип түшүнүү керек?  

Учурдагы жагымсыз сезимдерди азайтуу үчүн, сиз жөнөкөй ыкманы колдонсоңуз болот - өзүңүздү кучактап же ийниңизге колуңузду коюп, терең дем алыңыз, андан кийин мурун менен жай дем алыңыз: "Бул мен үчүн кыйын экенин моюнга алам. Мен эч кандай туура эмес кылган жокмун, болгону бул адам менин жанымда руханий жактан гана эмес, физикалык жактан да болушун кааладым. Мен ата-энемдин пикирине кошулбайм”.

Бул жагымсыз тажрыйба же жан-дүйнөнүн жабыркашы менен күрөшүүдө жардам издөөнүн туура ыкмасы. Травма же терс окуяларды өз алдынча гана эмес, психолог же психотерапевт сыяктуу кесипкөй адистердин жардамы менен жеңе аларыңызды түшүнүү абдан маанилүү. Эгер өз алдынча күрөшө албасаңыз, ата-эне же ишенимдүү чоңдор менен сүйлөшүү да жардам берет. Бул жерде негизги нерсе - сезимдериңиз жана муктаждыктарыңыз жөнүндө ачык жана чынчыл болуу.

Эгерде ата-энелер позитивдүү, макулдашылган тажрыйбаларды жактырбаса - бул стереотиптер, сабатсыздык же жабык көз караш сыяктуу ар кандай факторлорго байланыштуу болушу мүмкүн. Бул учурда аларга сиздин көз карашыңызды түшүндүрүү үчүн олуттуу сүйлөшүү талап кылынышы мүмкүн.

Кандай гана тажрыйбаңыз болбосун, сиз жалгыз эмес экениңизди жана ар дайым жардамга жана колдоого мүмкүнчүлүк бар экенин түшүнүү маанилүү.

Башка адам менен баарлашуу бизге абалды жакшыраак түшүнүүгө жана туура чечим чыгарууга жардам берет. Биз өзүбүздүн тажрыйбабызды бизди колдогон адам менен бөлүшсөк, бул биздин абалыбызды жеңилдетет. Биз ишенген бул адамдын реакциясы кырдаалга сырткы көз караш менен баа берүүгө жана колдоо табууга жардам берет. Бирок эгер биз колдоо көрсөтпөгөн же түшүнбөгөн адам менен сезимдерибизди бөлүшсөк, бул көбүрөөк өкүнүч жана көңүл калууга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан кыйын учурларда бизди колдоп, кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам бере турган адамдарды тандоо маанилүү.

Кадыресе көрүнүш же норма жөнүндө адамдар ар кандай пикирлерди тутунушат, андыктан макулдашууга басым жасаган жакшы. Эгер сиз бир нерсеге макул болсоңуз жана ал сизге жакса, анда бул норма. Эгер сиз макул болбосоңуз же кысымга алынсаңыз жана бул сексуалдык тажрыйба сизге жакпаса, анда муну норма деп атоого болбойт.

Каалаган этапта жана ар кандай практикада муну талкуулап, өзгөчө бир нерсени биринчи жолу сынап көрө турган болсоңуз жана бул процесс жагымсыз болсо, анда өз убагында "жок" жана "токтот" деп айтуу мүмкүнчүлүгү болушу шарт. 

Секс учурунда өнөктөштөрдүн өзүн кандай алып жүрүүсү алардын жай турмуштагы мамилелерин чагылдырышы мүмкүн, андыктан өнөктөшүңүзгө урмат-сый жана адамгерчилик менен мамиле жасап, дени сак мамилени сактап калуу үчүн интимдик чөйрөдө баарлашып, бири-бирин уга билүү зарыл. 

Булак: Двор Медиа