Агрессиядан коргонобуз

Оор кырдаалдарда адам өзүн кантип алып жүрүү керек? 

Бир канча ай мурун “Короо” паблигинде “Агрессивдүү адамдар” деген темада макала жарыяланган. Ал макалада биз агрессивдүү жүрүм-турумдун себептери жана бирөөлөрдүн агрессиясынан туш болсоңуз, андан кантип коргонуу тууралуу жалпы сунуштарды айтып бергенбиз. Бул кеңештер сизге агрессор менен болгон окуяны таразалап көрүп, чечим чыгаруу менен, кийинки кездешүүлөргө даяр болууну үйрөтөт. Бирок ал сунуштар туура реакциядан коркуу жана эмоциялар ашыкча болуп турган учурда  - “Сиздин дарегиңизге жасалган чабуул учурунда эмне кылуу керек?” деген суроого жооп бербейт. 

“Танграм” бириккен коомчулугунун психологдору Анастасия Сараева жана Татьяна Павлова менен биргеликте көп кезиккен жана оор чыр-чатактуу жагдайлардын мисалдарын карап көрөбүз. Көйгөйдү узак мөөнөттүү чечүү жолдорун сунуштайбыз, агрессордун жүрүм-турумун түшүндүрүп беребиз, оор кырдаалдан чыгуу пландары менен бөлүшөбүз. 

Вербалдык агрессия 

1-жагдай: “Апам жумуштан келген соң, раковинадагы жуулбаган идиш-аяктар үчүн мага кыйкыра баштады. Мен аны менен адамча сүйлөшүүгө аракет кылдым, бирок ал мени укпастан, кыйкыра берди. Башка бөлмөгө кетип калайын десем, артыман келип, аны уккум келбей жатканымды айтып, ого бетер кыйкыра баштады. Эмне кылуу керек? Муну кантип токтотуу керек? Жуулбай калган 1-2 табак үчүн ушунчалык айгай салып жатканын эч түшүнбөйм”.

Шашылыш кеңеш: Ага мындай жооп берүү керек: “Мен сиздин ачууланганыңызды көрүп турам, бирок бул тууралуу суйлөшүүгө даяр эмесмин. Келиңиз, экөөбүз тең ачуубузду баскандай кийин сүйлөшөлү”.  Андан соң, эмоцияны басып, өзүңө келүү үчүн башка бөлмөгө чыгып кетүүгө аракет кылуу керек. 

Агрессордун жүрүм-турумуна түшүндүрмө: Адам качан өзүн алсыз сезгенде жана айланада болуп жаткан окуялардан тажаганда, анын сөзү башкаларга жетпей калганда - кыйкырып сүйлөгөнгө өтөт.

 Бул ситуацияда үйдү кармоо эрежелери (эгер алар бар болсо) аткарылбайт өңдөнөт, ал эми жагдай эне күткөндөй болуп чыккан эмес. Кыйкыруу төмөнкүлөргө болгон аракет болушу мүмкүн:

  •  «мээсине жеткирүү» (канчалык катуу сүйлөсөң = ошончолук жакшы угушат);
  •  коркутуу (коркутуп койсо = тил алчаак болот).

Кийинкиге кеңеш: ата-эне менен болгон мамилеге көз каранды болгон эки вариант бар:

  1. Эгерде ата-эне менен болгон мамилени оңдоого каалоо жана үмүт бар болсо, анда эненин эмне үчүн мындай реакция кылганын талкуулоонун мааниси бар (идиштер мурда топтолгон көйгөйлөрдүн "триггери" болуп калышы мүмкүн). Андан кийин, эненин мындай агрессивдүү түрдө нааразылык билдирүүсү сиз үчүн ыңгайсыз жана оор экенин ачык-айкын айтуу маанилүү. Ошондой эле, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө ыңгайлуу жана түшүнүктүү болуу үчүн, мындан кийин мындай жагдайларды кыйкырыгы жок чечүү максатында - үй жумуштарын бөлүштүрүү жана аткаруу тууралуу биргеликте макулдашып алуу зарыл.
  2. Эгерде мамилени жөнгө салуу мүмкүн болбосо, анда чыр-чатактар ​​келип чыгышы мүмкүн болгон жагдайларды азайтуу үчүн эрежелердин, милдеттенмелердин чек араларын  аныктап алуу керек. Мындай учурда үй-бүлө мүчөлөрү чогуу жашагандыктан гана тил табышууга аргасыз болушат. Кандай болгон күндө да, эки тараптын чек арасы бузулбай тургандай болуп, күнүмдүк маселелер боюнча өз ара мамилелердин ушундай форматын табуу зарыл.
  3. Мындай чыр-чатактардын кайталана берүүсү, чек аралардын бузулуусу, ата-эне тарабынан бул көйгөйлөрдү жана чогуу жашоодогу эрежелерди талкуулоодон баш тартуусу  -  сага өзүнчө бөлүнүп жашоого түрткү берет. 

Коомдук агрессия 

2-жагдай: “Бүгүн мен класстагы беделдүү окуучу кызга математикадан тапшырманы көчүртпөй койгом. Кийинки тыныгууда жана сабактардан кийин мени менен эч ким сүйлөшпөй койду. Баардык окуучулар. Эмнеге экенин мен түшүнгөн жокмун. Мен эмнени туура эмес кылдым? Мындай жектөөдөн жана классташтарымдын мага көңүл бурбай койгон мамилелеринен кайда барам? ”

Шашылыш кеңеш: Бул эмне үчүн болгонун билүү үчүн классташтарыңдын бири менен сүйлөшүүгө аракет кыл. Эгер андан майнап чыкпаса, класс жетекчиден жана/же мектеп психологунан/мүдүрүнөн жардам сурап кайрылсаң болот. Унчукпай калбоо керек жана бул көйгөй менен жалгыз күрөшүү болбойт. Бул тууралуу дароо жакын адамдарга (туугандарга же досторго) айтып, алардан колдоо суроо зарыл.

Агрессордун жүрүм-турумуна түшүндүрмө: агрессор өз эрежелери менен ойнобогон адамды жазалайт. Сыягы, баары дос болуп жүргөн классташы популярдуулугу менен баарына оңой жетишип жүрүп көнүп калган окшойт. Ал каалаган нерсеге ээ боло албай калгандан кийин (тапшырманы көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү) кылмышкерди "жазалоону" чечти. Анткени ал кыздагы бийликке умтулуу аракетинде  ачык кекчилдик байкалып турат. Муну  ички туруксуздукка жана өзүнө ишенбөөчүлүккө мүнөздүү гиперкомпенсация катары кароого болот.

Кыз өз популярдуулугу менен классташтарынын маанайына таасир этип, класста деструктивдүү лидер экенинен кабар берип тургандай. Өспүрүм куракта теңтуштардын жакшы мамилеси жана жакшы ниети маанилүү, алардан өзүн-өзү аныктоонун ийгилиги көз каранды. Сыягы,  айрым классташтары «достор» тобунан чыгып калуудан коркуп, бойкотту колдошсо керек. Бирок бул алардын баары мындай «жазага» макул болду дегенди билдирбейт, андыктан айрымдарына чындык жагдайды түшүндүрсө болот. 


Кийинкиге кеңеш: көңүл бурбоо, этибарга албай коюу -  эмоционалдык зомбулуктун өзүнчө бир түрү. Эгер муну өзүң башыңан кечирип жатсаң, анда бул жагдайда жалгыз калбоо маанилүү. Айланаңа досторуңду чогулт же популярдуу агрессор классташыңдын жүрүм-турумун колдобогон  1-2 классташыңдын колдоосун алуу зарыл. Чек аранын бузулушуна жол бербөөнү жана тапшырманы көчүрүү укугун коргоону андан ары уланта берүү керек.

Физикалык агрессия: теңтуштар  ортосундагы чыр-чатак

3-жагдай: “Бүгүн мектепте менден бир класс жогору окуган балдар мага тийише башташты. Түртүп, жерге жыгып, жаман сөздөр менен сөгүштү. Алар менден телефон жана акча талап кылышты. Эгерде бербесем, сабактан кийин сабап кетишерин айтып, коркутушту. Менин ыйлагым келип, аларга жооп кылып, мушташкым келди. Бирок мен эмне кыларды билбей калдым. Жооп кайтарсам - аларды ого бетер ачуулантып салчудай сездим. Мындай кырдаалда эмне кылышым керек эле?  Окуя дагы кайталанса, өзүмдү кантип коргосом болот?”

Шашылыш кеңеш: Агрессорлорго төмөнкүдөй жооп берүү керек: “Мен силер сураган нерселерди бере алам. Бирок бул тууралуу директорго жана укук коргоо органдарына билдирем. Андыктан, ортобузда эч нерсе болбогондой болуп, тынч тарап кетели”.

 Эгерде кол салуу болуп жаткан жердеги жакын аралыкта кишилер болсо (бирок агрессорлордон коопсуз жерде), агрессорлор уккудай кылып, катуу үн чыгарып айтуу керек: “Директорду же милицияны чакыргыла! Мынчанчы кабатта мушташ болуп жатат деп айткыла!”

Буга окшогон кол салуулар же коркутуулар тыйылбаса - класс жетекчиге/директорго/ ата-энеге жардам сурап кайрылуу керек. Мындай кырдаалда баарын ичке катып, жалгыз калуу болбойт. 

Агрессордун жүрүм-турумуна түшүндүрмө:

Эреже катары, бейбаштарда өзүнө болгон төмөн баадан, өзүнүн баалуулугунан шектенүүдөн, ушул абалда калуудан корккондуктан жана теңтуштарынын арасында өзүн көрсөтүүнү каалагандыктан, башкаларды куугунтуктап,  кол салууга барышат. Адамдардын ички колдоосу жок болгондо, алар физикалык күч аркылуу башкаларга “артыкчылыгын” көрсөтүүнү каалашат.

Кийинкиге кеңеш: өз учурунда кеңеш суроо - бул өзүңдү коргой аларыңды билдирет, муну билүү маанилүү. Мындай окуялар тууралуу ата-энеге, мектеп жетекчилигине, ал эми кол салуу, тоноо, уурдоо иштери болсо - укук коргоо органдарына билдирүү зарыл. Сени коргоп-колдой турган досторду айланаңа чогултсаң болот.

Физикалык агрессия: ата-эне же балага жоопкер адамдар ортосундагы келишпестиктер

 4-жагдай: “Мен үйгө кеч келдим. Өгөй атам мас экен, жини кайнап, мага кол көтөрө баштады. Мен коңшулардыкына качып кетейин деп, түн ортосунда аларды ойготкум келген жок. Андан эптеп бошонуп, жуунуучу бөлмөнүн ичине бекинип алдым. Ал бир канча убакытка чейин кыйкырып жатып, уктап калды. Бул жагдайда эмне кылуу керек? Жооп кайрышым керекпи? Куткаруу кызматына чалуу керекпи? Кошуналарды жардамга чакыруу керекпи? Үйдөн кетип кала албайм. Бирок бир нерсе кылбасам, анын сабаганы токточудай эмес”.

Шашылыш кеңеш:  кол салуу учурунда качып кетүү керек (батирден чыгып кетүү, бөлмөгө бекинип алуу), жардам бере турган башка үй-бүлө мүчөлөрүнө же тууганыңа, же куткаруу кызматына/милицияга, социалдык кызматтын ишеним телефонуна кабарлоо зарыл. Жалгыз калба, зомбулукту жашырба!.

Агрессордун жүрүм-турумуна түшүндүрмө: бул жагдайда өгөй атасынын агрессивдүүлүгү анын алкоголдук көз карандылыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бул көз карандылыктын себептери ар түрдүү. Бир нерсеге көз каранды болуу - социалдык, психологиялык, биологиялык себептердин айкалышынан улам келип чыгат. Эреже катары, көзкарандылык менен оор абалды (коркуу, тынчсыздануу, үмүтсүздүк) көтөрө албаган адамдар жабыркайт. Алар  абалды тез жеңилдете турган нерселер - алкоголдук ичимдиктер менен "тамактанууга" аракет кылышат.

 Белгилүү болгондой, мас болгон адамда агрессивдүүлүк күч алат. Адам реалдуулуктан алыстап, анда эмне болуп жатканына эмес, этанолдун таасири менен өзгөргөн аң-сезим ага эмнени айтып жатса - ошого ишенет. Ошондуктан, мас адам тарабынан агрессия болгондо, аны акылга чакырып, сүйлөшүүгө аракет кылбоо керек - ал аны кабыл албайт. Өзүңдү коргоонун эң ишенимдүү жолу – бул  мас агрессордун жанынан алыс болуу. Аны менен чогуу турган бөлмөдөн чыгып кетүү керек.

Кийинкиге кеңеш:  физикалык зордук-зомбулук психика үчүн катуу жаракат болуп саналат. Физикалык зомбулук тууралуу колдоо көрсөтө турган жакын туугандарга билдирүү керек. Эгерде ата-эне/тууган эч кандай аракеттерди кылбаса, анда социалдык же психологиялык кызматтын ишеним телефонуна чалуу зарыл. Ал жерде зордук-зомбулуктан коргонуунун мүмкүнчүлүктөрү жана андан аркы аракеттердин тартиби жөнүндө кеңири айтып беришет.

Булак: Двор медиа