Сүйүү бизди кантип жакшыртат

Ѳтѳ татаал нейропсихобиохимиялык феномен жѳнүндѳ кызыктуу макала

Эволюциялык жетишкендик

Сүйүү жана бектикти чагылдырууда поэттер кѳп учурда ак кууларды эстешет. Чындыгында эле, канаттуулардын башка түрлѳрү сымал ак куулар туруктуу жуптарды түзүп, тукум улоо боюнча бирге кам кѳрүшѳт. Сүт эмүүчүлѳрдүн арасында, тескерисинче, моногамдык түрлѳр сейрек кездешет. Мындай айырмачылыкты түшүндүрүп берүү оӊой эле. Канаттуулар үчүн ата-энелик милдеттерди бѳлүштүрүп алуу бир топ ыӊгайлуу: уяны атасы салабы же энесиби, жумурткаларды ким басып чыгарары жана балапандарына жемди ким таап келип бере турганы маанилүү эмес.

Фото: Cottonbro, Pexels

Айбанаттарда биологиялык кѳбѳйүүнүн ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳн улам, тукум улоо боюнча негизги жүк ургаачыга түшѳт, ал эми эркегинин милдети кѳбүнчѳ уруктандыруу болуп, аймакты коргоо – анын аткарган эӊ чоӊ иши. Балдары тез чоӊойсо мунун эч кандай жамандыгы деле жок, бирок приматтар үчүн олуттуу эле кѳйгѳй. Кудай мээсин чоӊ кылып бергендиги үчүн балалыгы узакка созулат. Мисалы, шимпанзелер баласын жок дегенде беш жыл жалгыз багып чоӊойтот жана ошол мезгил бою энеси  жаӊы бала тууй албайт, ал эми жапайы табиятта мындай абал түркүмдүн жашоосун улантуусу үчүн кооптуу.

Америкалык антрополог Оуэн Лавджойдун пикири боюнча, адам баласынын эӊ ири эволюциялык жетишкендиги 4,5 миллион жыл мурун тектерибиз, ардипитектер, башаламан жыныстык жашоодон туруктуу жуптарды түзүп жашоого ѳткѳндүгү менен байланыштуу. Бул биологиялык ѳзгѳрүүнүн – жашыруун овуляциянын натыйжасында мүмкүн болгон. Дээрлик бардык сүт эмүүчүлѳрдѳ уруктандырууга даяр болуп калган ургаачы ѳзүнүн абалын тегеректегилердин баарына кѳрсѳтѳт (күүлѳѳ мезгилиндеги мышыктарды эстеп кѳр!). Эркек жаныбарлар аны тѳлдѳтүү үчүн укмуштуудай чоӊ атаандаштыкка киришет. Овуляция болбогон учурда айбанаттардын ургаачыларында секске эч кандай кызыгуу жаралбайт.

Бизде болсо бардыгы башкача: аял киши түйүлдүк жаралышына даяр болуп-болбогонуна карабастан, секс менен алектене алат (жана аны каалайт). Ал эми овуляция аялдын сырткы кѳрүнүшү менен жүрүм-турумуна дээрлик эч кандай таасир этпейт. Бул коомдун бүтүндѳй структурасын ѳзгѳртѳт: эркектер ургаачылар үчүн ай сайын уруш-талашка кирбей, аларга бир жолу жетип алып, аялды башка бирѳѳ жетелеп кетет деп коркпостон, андан ары командалык долбоорлоруна жайбаракат катышууга – мисалы, бирге аӊ уулоого кете берсе болот.

Эми секс кѳбѳйүү үчүн гана эмес, жуптардын ортосунда жылуу мамилени улантуу үчүн дагы кызмат кылат. Эркек ургаачысына тамак-аш алып келет, балдарын багууга жардам берет.  Оуэн Лавджой түз басуунун дагы туруктуу үй-бүлѳлѳрдүн пайда болуусунан улам негизги кыймыл-аракет ыкмасы болуп калганын божомолдойт: ургаачы үчүн эркегинин жардамы менен  жыл сайын кичинекей ардипитектерди жарыкка алып келүү мүмкүн болгон, ал эми эки колу бош абалда кѳп баланы багуу кыйла оӊойго турган. Эркек үчүн дагы үйгѳ кѳбүрѳѳк тамак-аш алып келүүгѳ ыӊгайлуу болгон.

Биологдор сүйүүгѳ болгон жѳндѳмдүүлүктү эволюциялык тартуу катары эсептешет. Демек, алар мээнин кайсы структуралары, кайсы гендер жана гормондор биздин сүйүү жѳндѳмдүүлүгүбүз үчүн жооптуу экендигине байланышкан суроолорго жооп берүүгѳ аргасыз. Ошону менен бирге эле, эволюция эч качан бир нерсени нѳлдѳн баштабайт — адатта жаӊы бир маселеге мурда болгон механизмдер ылайыкташтырылат.

Нейробиолог Ларри Янг моногамдык жана полигамдык кемирүүчүлѳргѳ, талаа жана тоо карышкырларына жүргүзгѳн изилдѳѳлѳрүндѳ ургаачынын эркекке байлануусунда негизги ролду окситоцин  — бардык сүт эмүүчүлѳрдѳ балдарына карата сүйүү менен байланышкан гормон ойногонун кѳрсѳтѳ алган. Анын пикири боюнча, эркек болсо ургаачысына мээси вазопрессинди – аймактык жүрүм-турум менен байланыштуу гормонду бѳлүп чыгарган учурда кызыгып, байланат.

Белгилей кетчү нерсе, Ларри Янгга эӊ чоӊ атактуулукту полигамдык карышкырдын эркегин анын мээсиндеги вазопроцессин рецепторлорун ѳзгѳртүү аркылуу моногамдык карышкырга айландырган эмгектери алып келген. Бактыга жараша, адамдарда мындай изилдѳѳлѳр жүргүзүлѳ элек. Анткен менен, аларды жүргүзүп, натыйжага жетүү мүмкүн: эркек кишилерде дагы вазопрессин рецепторлорунун эки тиби кездешет жана алардын түзүлүшүнѳн никесинен ыраазы болуп-болбогону аныктала тургандыгы далилденген.

Фото: Anete Lusina, Pexels

Мээге түшкѳн жүк

Бир нече жыл мурда жаӊылык сайттарында «Дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюму сүйүүнү психикалык оору деп тапты!» деген билдирүү тарап кеткен. Албетте, бул карандай калп болчу, бирок кѳп адамдар ага ишенип алышкан. Мында таӊ кала турган эч нерсе деле жок: баарыбыз эле катуу ашык болгон учурда мээ адаттагыдан башкача иштеп каларын жеке тажрыйбаларыбыздан билебиз. Муну илимий изилдѳѳлѳр да далилдеп турат.

Эгер нейробиолог Стефани Ортигге «Сүйүү деген эмне?» суроосун берсек, ал: «Жуптук байланыштарды түзүүгѳ карата дофаминергиялык максаттуу мотивация» деп жооп берет. Бул аныктамадагы негизги маани — эгер ашык болгон кишини томограф аппаратына салып, сүйгѳнүнүн сүрѳтүн кѳрсѳтсѳ, дофаминди иштеп чыккан жана сыйлык системасына – бакыт, эйфория жана жеӊишке жетүү сезими үчүн жооп берген мээнин бѳлүгүнѳ кирген нейрондордун активдүүлдүгү дароо жогорулай түшкѳнүн кѳрсѳ болот. Бул жагынан караганда, сүйүү чындап эле баӊгичиликке окшош: сүйүктүү адамыбызды кѳргѳндѳ эйфория сезими ушунчалык күчтүү болгондуктан, биз ага улам-улам умтула беребиз (ал эми жолугуу мүмкүн болбой калса, бактысыз болуп калабыз).

Катуу сүйгѳн учурда кишинин мээсинде башка ѳзгѳрүүлѳр да жүрѳт. Мээнин сексуалдык дүүлүгүүгѳ байланышкан бѳлүктѳрүнүн, маселен алдыӊкы алкактык кыртышынын активдүүлүгү кѳбѳйѳт. Амигдала жана башка чочулоо жана коркуу сезимдери менен байланышкан бѳлүктѳрүнүн иштѳѳсү басаӊдайт. Социалдык мамилелерге жооп берген бѳлүктѳр, маселен, башка кишинин мимикаларын аныктоо үчүн зарыл болгон үстүӊкү чыкый буткулу активдүү иштейт. Бирок кѳптѳгѳн изилдѳѳлѳр сүйүүгѳ кабылуунун алгачкы этаптарында жаӊы нейрондук байланыштардын түзүлүшүнѳ жана нерв клеткаларынын абалынын жакшырышына жардам берген заттар – нейротрофиндердин синтези кѳбѳйгѳнүн кѳрсѳтүшѳт.   

Сүйүү акылдан ажырата турганы жѳнүндѳгү мифтерди биологиялык изилдѳѳлѳр ырастай алган эмес. Тескерисинче, мээ мурун болуп кѳрбѳгѳндѳй мыкты иштей баштайт — жѳн гана сүйгѳн кишини жумушу, окуусу жана башка күнүмдүк иштери кызыктырбай, бардык күч-аракети башка максатка: сүйүктүүсүнүн кѳӊүлүн ѳзүнѳ бурууга, ага кантип жагууну ойлонууга багытталып калат. Бул учурда мээ бардык нерсеге даяр болот, ошондуктан убактыӊды текке коротпо: сүйүүдѳ ийгиликке жетиш үчүн англис тилин үйрѳнүү, диссертацияны жазып бүтүрүү же бал бийин ѳздѳштүрүү керек экенине ѳзүӊдү ишендирүүгѳ аракет кыл. Мээӊ бул ишти дагы ойноп эле аткарып коёт! Сүйүү жоопсуз болгон күндѳ дагы, жок дегенде колуӊда IELTS сертификатыӊ болот.

Фото: Designecologyst, Pexels

Ден соолук жана сулуулук

Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жемиштүү болушу үчүн жоопсуз сүйүү кѳбүрѳѳк ыӊгайлуу: чынында эле, окуу менен чыгармачылыкка убакыт короткуча, жолугушууга барып келген жакшы да! Ал эми сулуулук жана ден соолук үчүн жакшы эмоцияларды жараткан (же ѳз ара сүйүү болгон үчүн, же жоопсуз сезимдер менен дагы жыргай ала турган акылдуу адам болгон үчүн) сүйүү сунуш кылынат.  

Кѳптѳгѳн изилдѳѳлѳр ашыктык — эки тараптан болгон учурда да! — стресс гормону - кортизолдун деӊгээлин жогорулатканын кѳрсѳтүп турат. Бул анча жакшы эмес, себеби, кортизол иммундук системанын иштѳѳсүн начарлатат. Экинчи жагынан, бактылуу сүйүүнүн жандоочулары - дофамин менен окситоцин стресске каршы жакшы таасир берет. Ошентип, ашыктык сезиминин ден соолукка болгон таасири бир жактуу эмес, жана бардыгы организмдин индивидуалдуу ѳзгѳчѳлүктѳрү менен ортодогу мамилеге жараша болот.

Ошентсе да, эгерде жакшы эмоциялар кѳбүрѳѳк болсо, анда ашыктыкты пайдалуу деп эсептей алабыз. Бактылуу адамдарда азоттун оксиди (NO) кѳбүрѳѳк синтезделип чыгары маалым. Аталган молекула кан тамырлардын ички бетине таасир этип, кандын жүрүшүн жакшыртат, бул болсо ден соолук үчүн да, сырткы кѳрүнүш үчүн дагы пайдалуу. Себеби дененин бардык клеткалары жетиштүү даражада кычкылтек жана азыктандыруучу заттар менен камсыз болот.

Теридеги кан айлануунун жакшыруусу — албетте, жакшы. Ошентсе да, эмне үчүн ашык болгон аял сулуу кѳрүнѳт жана эркектердин баары эле аны менен таанышууну каалап, артынан калбай жүргѳндѳй кѳрүнгѳнүн толук түшүндүрүп бере албайт. Бул жерде кандайдыр бир конкреттүү молекула эмес, жүрүм-турум менен маанайдагы жалпы ѳзгѳрүүлѳр кѳбүрѳѳк таасир этсе керек.

Сен алдыдагы жолугушуу жѳнүндѳ ойлогондо, жүзүӊдѳ жылмаюу пайда болот. Ал эми айланадагы кишилер аларга жылмайып жаткан сыяктуу кабыл алышат. Ички сезимдериӊ жакшы болгон үчүн акыркы бир жарым айдан бери түштѳ биринчисине шорпо, анан экинчисин, анан компот сатып албай, жашылча салат менен гана чектелип жатканыӊ – фигураӊдын жакшырышына алып келди. Балким, мурдагыдан башкача кийинип, чачыӊды ѳзгѳрткѳндүрсүӊ.

Эки жактан теӊ болгон сүйүү сыяктуу эле жоопсуз сүйүү дагы ондогон жолдор менен жашоону жакшырта алат. Бүгүнкү күндѳ алардын баары толук изилденип чыга элек. Бирок азыр дароо эс алып, ырахаттанууга эч ким тыюу сала албайт. Анын үстүнѳ, жакында жаз келет, азыр күн узара баштады, ал эми мындай абал мелатониндин – уйку гормонунун синтезин азайтып, жыныстык гормондордун кѳбѳйүүсүнѳ жол ачат.  

Эгер сен канаттуу болсоӊ, бул ѳзгѳрүүлѳр сага уя салып, балапандарды басып чыгаруу мезгили келгендигинен кабар бермек. Бирок сен адамсыӊ, ошондуктан бирѳѳгѳ ашык болуу үчүн мындай күтүлбѳгѳн жагымдуу шарттардан пайдаланып кал. Ал тургай, акыркы беш, он же жыйырма жылдан бери чогуу жашап келе жаткан адамды кайрадан сүйүп калууга аракет кылып кѳрсѳ болот — илимий кѳз караш менен караганда, бул жерде мүмкүн болбогон эч нерсе жок.

Булак: «Кот Шрёдингера» илимий-популярдуу журналы