Сексуалдуулук тууралуу мифтер

Башка кишилердин сексуалдык жашоосу активдүүрөөк

Туура сексуалдык мамилелер өнөктөштөрдүн ортосундагы байланышты бекемдеп, аны сактап калууга жардам берет. Мындан тышкары, секстин физикалык саламаттык үчүн да көптөгөн пайдалары бар. Аларга уйкуну жакшыртуучу, энергия берүүчү жана маанайды көтөрүүчү таасирлер кирет. Мындан тышкары, секс стресс деңгээлин жана кан басымын төмөндөтүүгө жөндөмдүү. Анткен менен секстин аз же таптакыр жок болушу кишинин ден соолугунун начарлашына алып келет деп айтууга болбойт. Бул болгону кишинин ден соолугуна жакшы таасир эткен факторлордун бири. Секстин «туура» саны анын өнөктөштөрдүн ар биринин да, экөөнүн да жалпы абалына тийгизген таасирине жараша болот.

Адамдар секс көбүнчө 30 жаштын тегерегиндеги жаштарда гана жана күн алыс болот деп ойлошот. Окумуштуулар жаштардын жашоосундагы сексуалдык активдүүлүктүн жыштыгы канчалык чындыкка жакын экенин изилдеп чыгууну чечишкен.

Изилдөөлөрдүн биринде Улуу Британия менен АКШнын жашоочуларынан 18-29 жаштагы кишилердин бир айда канчалык көп жыныстык катнашка бара турганы жөнүндө ойлорун билдирүүлөрүн өтүнүшкөн. Орточо эсеп менен катышуучулар эки өлкөнүн тең жаштары акыркы төрт жуманын ичинде жок дегенде 14 жолу секс менен алектене турганын айтышкан. Бул болжол менен күн алыс — бир жылда 180 жолу дегенди билдирет.

Чындык башкача болуп чыкты. Сексуалдык жүрүм-турум боюнча аткарылган изилдөөлөргө ылайык, Улуу Британияда жигиттер бир айда беш, ал эми АКШда — төрт жолу жыныстык катнашка барышкан. Бул - бир жылда 50гө жакын жыныстык катнаш.

АКШда да, Британияда да эркектер аялдардын сексуалдык жашоосу тууралуу көп учурда жаңылыш ойлошот. Алар британиялык айымдардын айына 22, ал эми америкалык айымдардын – 23 жолу секс менен алектене турганын болжошот. Мындай ой жоруулар жаш айым орточо эсеп менен күн сайын, ал аз келгенсип, бир айда өзгөчө бир күнү эки-үч жолу жыныстык катнашка барат дегенди билдирет. Чынында аялдарда секс төрт жумада болжол менен беш жолу болот.

2017-жылы жүргүзүлүп, Archives of Sexual -Behavior илимий журналында  жарыяланган дагы бир изилдөөдө 1989-жылдан тарта 2014-жылга чейин 26 000ден ашуун кишинин сексуалдык жүрүм-туруму изилденген. Натыйжада адамдардын бир жылда орточо эсеп менен 54 жолу, башкача айтканда, жумасына бир жолу жыныстык катнашта болору белгилүү болгон. Бул көрсөткүч никедеги жубайларга да, башка кишилерге да таандык.

Ошентсе да, секстин жыштыгы куракка байланыштуу болот: 20 жаштагылар жылына 80 жолу алектенсе, 60 жаштагылардыкы бул көрсөткүч 20га чейин түшөт. «Секс» — бул жыныс мүчөсүнүн сөзсүз эле кындын ичине киришин эмес, сексуалдык активдүүлүктөрдүн көптөгөн түрлөрүн өз ичине камтыган кеңири маанидеги термин. Андыктан, аныктамалар бир кишиден экинчи кишиге карай өзгөрүп турат.

Адамдардын сексуалдуулук жөнүндөгү жаңылыш ойлору башкалардын жашоосундагы секстин саны тууралуу гана болбой тургандыгы кызыгуу жаратат. Кандай гана жандык болбосун, анын жашап кетүүсү көбөйүүсүнө жараша болот. Адамдардын секс темасына кызыкканынын бир себеби ушул. Ушул себептүү мындай кызыктуу тема боюнча ар кандай мифтердин тарашы да ченемдүү көрүнүш. Алардын ичинен айрымдары өзгөчө популярдуу. Маселен, алгачкы секс учурунда кандын сөзсүз болушу, этек кир келип жатканда же алгачкы секс учурунда бойго бүтүү мүмкүн эмес экендиги, порно менен реалдуу жашоодогу секс бирдей эле болору жөнүндөгү жана башка көптөгөн мифтер.

Эмне үчүн адамдарда сексуалдык жашоо тууралуу реалдуулукка коошпогон пикирлер көп? Булардын себептеринин бири адамдардын социалдык ченем тууралуу түшүнүккө байкоо аркылуу ээ болгондугунда. Секс көп учурда көшөгөнүн артында болот. Ал эми кишилердин реалдуу салыштырма маалыматка ээ болуу мүмкүндүгү жок болгондуктан, алар ар кандай булактардан: форумдардагы чаттардан, кийинүүчү бөлмөлөрдөгү сүйлөшүүлөрдөн, анык эмес сурамжылоолордон, ЖМКлардагы популярдуу билдирүүлөрдөн жана порнографиядан маалымат издешет. Булардын баары көбүнесе чындыкка болгон көз карашты бурмалоочу мисалдар болуп саналат. Материалдардын бул сериясында биз секс жөнүндө күмөндүү, бирок кеңири жайылган мифтер тууралуу айтып берүүнү чечтик.

 Секс менен алектенүү физикалык көнүгүүлөрдү аткарууга барабар

Кээде секс физикалык жактан ушунчалык чарчаткандыктан, ал атайы даярдыкты талап кылган интенсивдүү машыгуу менен бирдей сезилип кетет. Секс менен активдүү алектенүүнү денени тонуста кармап, калорияларды жок кылууга жардам берген физикалык көнүгүүлөргө теңесе болобу?

Бул суроого XX кылымдын изилдөөчүлөрү жооп издеп чыгышкан. 1984-жылы жүргүзүлүп, Archives of Internal Medicine илимий журналында жарыяланган изилдөөдө окумуштуулар жыныстык катнаш учурунда адамдын жүрөгүнүн жыйрылуусунун жыштыгын жана кычкылтекти керектөөсүн өлчөшкөн. Натыйжада секс менен алектенүүнүн жеңил же орточо физикалык көнүгүүлөрдү аткарууга барабар экендиги жөнүндө жыйынтык чыгарышкан. Бирок авторлор мындай кыймыл-аракеттерде организмге керек болгон энергиянын көлөмүн эсептешкен эмес.   

Буга чейин секстин канча калория жок кыла турганын көрсөткөн масштабдуу изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Бирок чакан топтордун ичинде аткарылган бир нече изилдөө бар. Маселен, 2013-жылы Монреалдагы Квебек университетинин изилдөөчүлөрү 21 жуптун секс учурунда канча калорияны жок кылганын ченеп көрүшкөн.

Натыйжада сексуалдык активдүүлүктүн орточо сеансында эркектердин 101 калория, ал эми аялдардын — 69,1 калория жок кылгандыгы белгилүү болгон. Изилдөөчүлөр сексуалдык активдүүлүк катары, прелюдияны (кошулуунун башталышы), жыныстык актыны жана жок дегенде өнөктөрдүн биринин оргазмын эсептешкен. Ар бир сеанстын узактыгын эсепке алуу менен, изилдөөчүлөр эркектердин бир мүнөттө орточо эсеп менен 4,2 калория, аялардын -3,1 калория жок кылгандыгы тууралуу жыйынтык чыгарышкан. Салыштыруу үчүн: тегеретмеде машыгуу учурунда эркектер бир мүнөттө 9,2 калория, аялдар – 7,1 калория жок кылган. Бул жыныстык катнаш учурундагыга караганда болжол менен эки эсе көп.   

2013-жылы New England Journal of Medicine журналында жарыяланган башка бир изилдөө дагы ушундай эле натыйжаларды көрсөткөн: 30 жаштагы эркек киши алты мүнөткө созулган жыныстык катнаш учурунда 21 калория жок кылган. Дал ошол беш-алты мүнөт — прелюдияны эсептебегенде, жыныстык актынын орточо узактыгы. ДСУнун билдирүүсүнө ылайык, ден соолукту жакшы абалда кармап туруш үчүн 18 жаштан 64 жашка чейинки адамдар бир жуманын ичинде орточо интенсивдүүлүктөгү физикалык активдүүлүк менен жок дегенде 150-300 мүнөт, же болбосо интенсивдүү физикалык активдүүлүк менен 75-150 мүнөт алектенүүгө тийиш.

Ошондуктан, киши бир жолку активдүүлүк менен көбүрөөк калорияны жок кылууну же физикалык абалын жакшыртууну кааласа, анда уктоочу бөлмөгө гана эмес, спортзалга да баруусу зарыл. Орточо жыныстык акт анчалык көпкө созулбайт жана бир жумада сунуш кылынган физикалык көнүгүүлөрдүн ордун толтура тургандай интенсивдүү боло албайт.   

Спорттун алдында эч кандай сексуалдык активдүүлүк болбоого тийиш, антпесе жакшы натыйжага жетүү кыйын

Сексуалдык активдүүлүк көп энергия керектегендей сезилет, бирок андай эмес. Ден соолуктун пайдасына талап кылынган бир жумадагы физикалык активдүүлүктүн ордун толтура албайт. Эмне үчүн кээ бир адамдар спортзалга барардын алдында секстен баш тартышат, ал эми мелдештин алдында машыктыруучулар спортчуларга секс менен алектенүүгө тыюу салышат?

Байыркы Греция менен Байыркы Рим мезгилинде мелдештин алдында сексуалдык активдүүлүк организмдин иштөө жөндөмдүүлүгүнө терс таасир этет деп эсептелген. Каппадокиялык дарыгер Аретей эркектин күчү уруктардын кармалышы менен көбөйө турганын жазган.

Ал эми грек философу Платон олимпиада оюнчулары жарышка чыгардан мурун жыныстык жакындыкка барбашы керек деп эсептеген. Ушул эле пикир азыркы учурга чейин сакталып келет. Кээ бир машыктыруучулар жыныстык катнашка кирбеген эркектер кыйла агрессивдүү болуп, жарышка жөндөмдүү болуп калышат деп ойлошот.

Илимий эмгектерде бул пикирлерди ырастай турган далилдер бар же жок экенин аныктап чыгуу максатында изилдөөчүлөр спорттун, секстин, спорттук жетишкендиктердин жана секстен баш тартуунун ортосундагы байланыштар изилденип жарыяланган 500 илимий ишти анализдеп көрүшкөн.

Натыйжада сексуалдык активдүүлүктүн спорттук жетишкендиктерге терс таасир тийгизгендиги жөнүндө так жыйынтык чыгаруу мүмкүн эмес экендиги белгилүү болгон. Тескерисинче, жарыяланган изилдөөлөрдөн кандайдыр бир жыйынтык чыгарыла турган болсо, ал мындай болууга тийиш: көп изилдөөчүлөр спорттун алдындагы секс терс таасирлерге караганда көбүрөөк оң таасир тийгизе алат деп эсептешет.

Мисалы, мелдештен жок дегенде 12 саат мурун болгон секс спортчуга жакшы таасир эте алат. Себеби, стресс жоюлат (албетте, спортчунун уйкусу канган учурда). Ал эми бул жагдай көңүл бурууну талап кылган спорттун түрлөрү – маселен, жаа атуу же пистолеттен ок атуу сыяктуу түрлөрү үчүн абдан маанилүү.

Жүргүзүлгөн серептин натыйжасында сексуалдык активдүүлүк менен спорттук жетишкендиктердин ортосундагы байланыш эркектерге карата да, аялдарга карата да анчейин жакшы изилденген эмес. Бирок колдогу маалыматтар сексуалдык активдүүлүктүн спортчунун жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизе тургандыгы жөнүндө пикирлерди ырастабайт.

Аялдардагы негизги оргазм — вагиналдык оргазм

XX кылымдын башында алгачкы сексуалдуулук теориясы пайда болуп, кийин ал медицинага жана аялдардын сексуалдуулугу жөнүндө түшүнүккө олуттуу таасирин тийгизген. Теория Зигмунд Фрейдге таандык. Өзүнүн «Сексуалдуулук теориясы боюнча үч очеркинде» автор кындын пенис кирүүчү жер катары гана мааниге ээ экенин билдирген.

Фрейддин пикири боюнча, клитордук оргазм аялды инфантилдүү жана жетиле элек адам катары көрсөткөндүктөн, ал оргазмдын бул түрүнөн баш тартышы керек эле. Жетилген сексуалдуулук менен чыныгы аялдык касиетке вагиналдык оргазм аркылуу гана жетүү мүмкүн деп эсептеген. Ошентип ал көп мезгилдер бою жалгыз жана чыныгы оргазм деп эсептелип келген вагиналдык оргазмды аныктап чыккан.

Бүгүнкү күндө Фрейддин идеялары эскирип, илимий маалыматтарга каршы келет. 1998-жылга чейин адамдар клитордун түзүлүшү менен функциялары жөнүндө толук маалыматка ээ болгон эмес. Бул абалды австралиялык изилдөөчү Хелен О'Коннелл өзгөртө алган. Ал клитордун ар тараптуу анатомиялык изилдөөсүн жүргүзгөн алгачкы изилдөөчү болуп эсептелет.  О'Коннелл клитордун адамдар ойлогондон 10 эсе чоң экенин аныктап чыккан.

Сыртынан караганда даана көрүнүп турган клитордун башы — бул айсбергдин чокусу гана. Органдын 90%ы ичинде жайгашып, башынан, тулкусунан, эки буту жана эки тамырчадан турат. Клитордун тулкусунун эни 1-2 см жана узундугу 2-4 см, ал эми буттары кыйла узунураак: 5-9 см. Тамырчалары — 3-7 см узундукта болуп, тулкунун, буттардын жана уретранын ортосунда жайгашкан.

Айрым изилдөөлөр кээде аялдардын клитордун сырткы бөлүгүн стимуляциялабай туруп эле, башкача айтканда, кол, ооз же оюнчуктарды колдонбостон, жөн гана кындын ичине кирүүдөн оргазмга жете алганын көрсөтүүдө. Бул вагиналдык оргазмдын бар экенинин далили боло албайбы?

2009-жылы франциялык изилдөөчү Одиль Бюиссон менен доктор Пьер Фольде стимуляцияланган клитордун УДИ жыйынтыктарын жарыялашкан. Авторлор көңдөй телолор менен кындын сезимталдыгынын ортосунда байланыш бар экенин аныктап чыгышкан.

Сексуалдык активдүүлүк учурунда аялдын дүүлүгүүсүнүн жана клиторго кан агып кирүүсүнүн натыйжасында клитор чоңоюп, кыйла сезгич болуп калат. Клиторду стимуляциялоо башка жыныс органдарына, анын ичинде кындын дубалдарына кандын агып кирүүсүнө түздөн-түз таасир этет. «Вагиналдык оргазмда» клитор жөн гана ичинен стимуляцияланат. Кыскасы, оргазмдагы «башкы себепкер» — бул клитор.

G чекити — бул стимуляцияланышы күчтүү оргазмга алып келе турган кындагы чекит

G чекити байыркы мезгилдерден бери белгилүү. Бул жөнүндө «Канда» аттуу тантралык тексттерде, даос салтында — эротиканын «кара бермети» катары эскерилген. Батыш дүйнөсүндө G чекитинин ачылышы Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Нью-Йоркко качкан берлиндик гинеколог Эрнст Грефенбергге таандык деп айтышат.

Ал 1950-жылы жазган макаласында кындын алдыңкы бөлүгүндө, уретранын жанында жайгашкан зонаны сыпаттаган. Анын ою боюнча, дал ушул зона жыныстык катнаш учурунда аялдардын вагиналдык оргазмга жетүүсү үчүн жооп берген.

Ал эми 1980-жылдары сексолог Беверли Уиппл Джоном Перри жана Элис Кан Лада сменен бирге «G чекити жана адамдын сексуалдуулугу жөнүндө жакындагы башка ачылыштар» деп аталган китепти жарыялашкан. Китептин чыгышы азыркы күнгө чейин уланган көптөгөн талаш-тартыштар, идея жана пикир алмашууларга себеп болду.

Айрым изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, G чекити — бул уретралык сфинктерге жакын жайгашкан кичинекей так же зона. Башка изилдөөчүлөр G чекитинин орун алган жери ар бир аялда ар башка, жана бул чекит — эркектердин урук чыктагыч безинин аналогу деп эсептешет. Дагы бирөөлөр G чекитинин табарсык менен кындын алдыңкы бөлүгүнүн үч бурчтугунун ортосунда орун алганын айтышат.

Бирок G чекитине арналган изилдөөлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн далилдүү деп эсептөө кыйын. Мисалы, алардын катарына кирген 1983-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө автор болгону 11 аялга сурамжылоо өткөрүп, алардын төртөө гана оргазмга G чекитин стимуляциялоо аркылуу жете алганын билдиришкен.

Далилдүүлүк деңгээли кыйла жогору болгон изилдөөлөрдө G чекити жыныстык акт учурунда алдыга-артка кыймыл-аракет жасалганда дүүлүгүүнү клиторго өткөрө турган ири структура катары каралган. Кээ бир авторлор бул өзгөчө зонанын сезгичтигин клитордун каверноздук телолорунун кындын алдыңкы дубалынын төмөнкү бөлүгүнө такалуу үчүн ылдыйлай турганы менен түшүндүрүүгө аракет кылышат.

Мындай теориялардын да сынчылары бар. Эгерде G чекити чындап эле бар болсо, анда аны жөн гана периуретралык бездүү тканга (Скин бездери) кошуу мүмкүн эмес. Аталган зонанын өтө эле сезгичтиги алдыга-артка кыймылдардан жана клитордун каверноздук телолоруна тийишүүдөн улам күчөшү менен түшүндүрүлө албайт. Мындай болсо, вагиналдык оргазм менен байланышкан нейроваскулярдык биримдик идеясын бекемдей турган кандайдыр бир неврологиялык өткөрүү болушу керек эле.

Аялдардагы оргазмдын азыркы концептуалдык моделдери XX кылымдын аягына чейин авторлор сунуштаган пикирлерден өтө эле айырмаланып турат. Ал убактарда изилдөөчүлөр эки түрдүү: вагиналдык жана клитордук оргазм бар деп айтып келишкен. Бүгүнкү күндө аялдардын оргазмын изилдөөчүлөр кыйла кеңири мааниде түшүнүшөт.

Азыркы күндө кындын аймагындагы эң белгилүү эректилдик ткань —  клитор. Ушул себептүү изилдөөчүлөр G чекити — бул дүүлүккөн клитордун көөп калган тамырчалары жана алар кындын дубалынан өтүп сезилет деген пикирди айтышат. Жөнөкөй сөздөр менен айта турган болсок, G чекитинин бар же жок экендиги боюнча консенсус азырынча жок. Сексуалдык кумардын туу чокусуна жетүүнү каалагандар көңүлүн клиторго топтоого тийиш. 

Сквиртинг жана аялдардын эякуляциясы болбойт

Байыркы мезгилдерден бери аялдарда сексуалдык стимуляция учурунда көбүрөөк көлөмдө суюктук бөлүнүп чыгары белгилүү.  Кээ бирлери бул кубулушту «сквиртинг» деп атаса, айрымдары аялдардын эякуляциясы (оргазм учурунда эркектин урук чыгарышы) деп эсептешет.

Сквиртинг — аныкталып чыгып, унутулуп калган, кайра табылган жана тарых бою күмөндүү деп эсептелип келген аялдын сексуалдуулугунун бир өңүтү. Бул кубулуш көбүнчө анекдоттук далилдер менен азыркыга чейин талкууланып келет. Ал эми колдогу адабияттар чектелүү. Ири масштабдуу изилдөөлөр аткарылбагандыктан, бул кубулуш канчалык кеңири жайылган кубулуш экендиги белгисиз. Акыркы 100 жылда илимпоздор көбүнчө суюктуктун курамын изилдөөгө көңүл буруп келишкен.

Мисалы, 2017-жылы жүргүзүлгөн изилдөө аялдардагы эякуляция менен сквиртингдин ортосунда айырмачылык бар экенин көрсөткөн. Аялдардын эякуляциясы — оргазм учурунда простат-спецификалык антигенди камтыган уретранын тегерегиндеги Скин бездери тарабынан бир канча миллилитр агыш түстөгү коюу суюктуктун бөлүнүп чыгышы. Сквиртинг болсо — мочевина, креатинин жана сийдик кислотасынын түрдүү концентрациялары камтылган ондогон миллилитр сийдик формасынын оргазмдык чыгышы. 

Аялдардын эякуляциясы эркектердин эякуляциясы менен байланыштуу болгондугунан улам, кыйла жогорку статуска ээ болгондуктан, ал тургай «чыныгы эякуляция» деп аталып калгандыктан, сквиртинг боюнча күмөн саноолор көбүрөөк пайда болгон.

2015-жылы жарыяланган суюктуктардын курамы боюнча изилдөөлөрдүн бири өзгөчө популярдуулукка ээ болгон. Ал медиада «Окумуштуулардын пикири боюнча, сквиртинг — бул жөн гана заара» деген аталыш менен макалалардын жарыяланышына да себеп болгон. Өз кезегинде, мындай макалалар социалдык тармактардан сквиртингге байланыштуу жеке тажрыйбалары менен бөлүшкөн катардагы аялдардын реакциясын пайда кылган. Алар аялдардын сексуалдуулугунун табигый өңүтүн уяткаруу катары чечмелөөгө жооп иретинде #NotPee (#заараэмес) сыяктуу хештэгдерди таратышкан.

Сквиртинг менен аялдардын эякуляциясы ар түрдүү контексттерде кандайча берилгендиги боюнча кызыктуу парадокс бар. Руандада жана Ганада жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн сквиртинг аялдардын ырахат алуусунда жана сексуалдык сценарийлеринде борбордук роль ойногондугу белгилүү болгон. Глобалдык Түндүктөгү (например, Западной Европы, Северной Америки, Австралии и других) оргазм тажрыйбасы менен сексуалдык кумарга батууга арналган изилдөөлөрдө аялдардын эякуляциясына/сквиртке азыраак көңүл бурулуп, чоң мааниге ээ эмес кубулуштар катары кабыл алынган. 

Ал эми порнодо сквиртинг аялдын оргазмынын «далили» катары көрсөтүлөт жана көп учурда эротикалык баяндарда — сексуалдык дүүлүгүү үчүн чагылдырылат. Ошону менен катар эле, 2014-жылы Бириккен падышалыкта эякуляцияны заарага теңешкендиктен, порнодо сквиртти/аялдардын эякуляциясын чагылдырууга тыюу салынган. 2021-жылдагы  изилдөөгө ылайык, Швецияда сквиртинг/ аялдардын эякуляцисы боюнча аялдардын тажрыйбалары, ошондой эле бул предмет тууралуу маданияттуу түшүнүккө ээ болуу жөнүндө изилдөөлөр жүргүзүлбөгөнү маалым болгон.

Изилдөөлөрдүн биринде илимпоздор АКШдан 13 аялга анкета жүргүзүп, алар өздөрүнүн сквиртингге/эякуляцияга жөндөмдүү экенин байкаганда көп учурда уялуу, кемсинүү жана таң калуу сезимине кабылгандарын аныктап чыгышкан. Аялдар сквиртинг тууралуу көбүрөөк билүүгө умтулуп, маалыматтарды активдүү издешкен. Эякуляция байкалган учурда эмне болгонун билбегендиктен, аялдардын шаштысы кеткен. Ал эми бул кубулушту түшүнүү аны баштан өткөрүүдө маанилүү роль ойношу мүмкүн. 1990-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө авторлор аял аялдардын эякуляциясы жөнүндө канчалык эрте билсе, анын ошончолук эрте пайда боло турганын аныктап чыгышкан.

Андыктан, сквиртинг жана аялдардын эякуляциясы жөнүндө так жыйынтык чыгарууга азырынча эрте. Изилдөөлөр бири-биринен өтө эле айырмаланып турат, анын үстүнө аларда изилденген кубулушка маданияттын таасир этүү фактору да көп эске алынбайт. Алдыда изилдене турган дагы көп нерсе бар.

Булак: Двор медиа