Бетке кантип кам кѳрүш керек

Интернетте беттин терисине кантип туура кам кѳрүү керек экендигине байланыштуу абдан кѳп маалымат бар. Бул маалыматтардын копчүлүк бѳлүгүн косметикалык каражаттардын ѳндүрүүчүлѳрү менен сатуучулары беришет. Ошондуктан жаӊылып калуу оӊой эле. Бул макаланы дерматолог тарабынан ырасталган медициналык сунуштарга багытталды. Бул сунуштар эркектер үчүн да, аялдар үчүн да жарамдуу, жана 15 каражатты колдонуу менен 10 кадам сыяктуу кеӊештерди камтыбайт!

1-бѳлүк. Эмнени кылганга болбойт?

Фото: Monstera, Pexels

Териге кам кѳрүү боюнча бирдиктүү универсалдуу стандарт жок, бирок дерматологдор менен Американын дерматологдор ассоциациясы жана дүйнѳнүн ири изилдѳѳ борборлорунун бири болгон Майо клиникасы сыяктуу ири медициналык уюмдардын пикири шайкеш келген жалпыга ылайыктуу сунуштар бар.

Биринчиден, күнгѳ кѳп чыкпаш керек. Кѳп убакыт күндѳ жүрүүдѳн териге бырыш, пигменттик тактар түшѳт жана башка кѳйгѳйлѳр жаралат. Мындан тышкары, тери рагы менен меланоманын пайда болуу коркунучу да жогорулайт.

Жайкысын таза абада кѳп жүргѳндѳ, кийимдин же күндѳн коргоочу каражаттардын жардамы менен күн нурларынан сактануу зарыл.

Тамеки тартпаш керек (электрондук чылымдар кошулуп): чылым чегүү терини карытып, бырыш түшүүсүнѳ себеп болот. Теринин эӊ үстүӊкү катмарларындагы майда кан тамырлар ичкерип, кан жакшы жүрбѳй, теринин түсү кубарып калат.

Тамеки чегүү ошондой эле коллаген менен эластинге – териге күч жана ийкемдүүлүк берген булаларга да зыян келтирет. Мындан тышкары, чылым чегип жатканда киши улам сайын кайталаган беттин кыймылдары - маселен, аны соргондо эриндерди кымтуу жана түтүн кирип кетпесин деп кѳздѳрдү жүлжүйтүү – бырыштардын пайда болуусун шарттайт.

Кѳпкѳ жана ысык суу менен жуунганга болбойт. Узак убакыт жуунуу жана ысык суу үстүӊкү катмардагы майларды (липиддерди) жок кылат.

Бул катмарды теридеги май бездери пайда кылат. Ал чач жана эпидермис үчүн майлоочу зат катары кызмат кылат, теринин үстүӊкү бетинде коргоочу барьердин калыптануусуна катышат, аны кургап кетүүдѳн сактайт, ошондой эле тышкы чѳйрѳнүн зыяндуу таасирлеринен коргойт.

Диета менен теринин саламаттыгынын ѳз ара байланышы азырынча толук изилдене элек жана далилдене элек. Бирок теӊдемдүү, азык булаларына, жашылчалар менен мѳмѳ-жемиштерге бай, ошондой эле оӊой сиӊип кетүүчү углеводдорду чектѳѳ менен туура тамактануу боюнча рекомендацияларды врачтар абдан эле кѳп беришет.

«Двор» бул кеӊешти да белгилей кетүүнү туура деп чечти. Себеби туура сакталган диета эч качан зыян алып келбейт. Ошону менен бирге эле, организмден «шлактарды» чыгаруу менен терини тазалай турган биойогурттардын сыйкырдуу касиеттери – илимий жактан негизделбегенин белгилей кетмекчибиз. Ушуга окшош эле шоколаддын безеткилердин санына тийгизген таасири дагы далилденген эмес.

2-бѳлүк. Эмне кылуу керек?

Фото: Monstera, Pexels

Ар кандай тазалоочу каражаттар менен эртеӊ мененкисин жана кечкисин жуунса болот. Ал эми териӊ кургак болсо жана косметикалык каражаттарды колдонбосоӊ, анда күнүнѳ бир эле жолу жуунуу жетиштүү. Мындан тышкары, кадимки таза суу менен эле жуунган да жакшы, ал тургай ыӊгайсыздык жана/же териде сырткы кѳйгѳйлѳр жок болсо, такыр жуунбай койсоӊ деле болот. 

Жуунуу үчүн жумшак каражаттарды тандаш керек. Жумшактык – бул маркетинг термини жана каражатта рН деӊгээли тѳмѳн сульфаттар колдонулганын билдирет (суу эритмелеринин кычкылдуулук ченеми).

Кадимки катуу самындын курамында агрессивдүү сульфаттар бар жана  pH деӊгээли жогору – болжолдуу 9-10 болот. «Жумшак» деген жазуусу болгонуна карабастан, бардык типтеги катуу самындарды пайдаланбоо сунушталат.

Мындай самын теридеги коргоочу табигый май плёнкасын бузуп, аны кургатат. Натыйжада бактериялар менен вирустар теринин тереӊ катмарларына чейин оӊой эле ѳтүп кетет.

Жумшак жуунуучу каражаттар агрессивдүүлүгү азыраак сульфаттарды камтыйт жана рН тѳмѳнүрѳѳк - 3тѳн 7ге чейин болот, башкача айтканда, теринин нейтралдуу рН чѳйрѳсүнѳ жакыныраак. Жалпысынан мындай каражаттар териге жумшагыраак таасир этишет.

Жуунгандан кийин рНты калыбына келтирүү үчүн нымдоочу каражат же лосьон колдонсо болот. Майлуу териге тешикчелерди бүтѳп салбай турган жеӊил, гель түрүндѳгү каражат ылайыктуу. Кургак териге нымдоочу кремдер туура келет.

Эгер киши түктѳрүн кырып турса, анда каражаттарды абайлап колдонуу талап кылынат. Түктѳрдү кырып-тазалоодон мурун терини коргоо жана майлоо үчүн атайы крем, лосьон же гель сүйкѳѳ сунушталат. Таза жана курч устара колдонуу жана түктѳргѳ каршы эмес, алардын ѳсүү багытында кырыныш керек.  

Терини кургатууда сүлгү менен катуу аарчыбастан, анда бир аз ным калтырып, жѳн гана сууларды сиӊдирип алуу зарыл. Мындан тышкары, сүлгүнү тазасына тез-тез алмаштырып туруу керек, кир сүлгүгѳ бактериялар чогулат.

Витаминдүү сывороткаларды (мисалы, С витамини же пептиддер менен) эртеӊ мененкисин, ал эми ретинолдуу косметикалык каражаттарды же рецептуралык ретиноиддерди түнкүсүн колдонуу сунушталат.

Булар менен катар эле, теринин жакшы жана туура нымдалуусун камсыздоо үчүн кѳп убакыт ѳткѳргѳн бѳлмѳнүн ичиндеги абанын нымдуулугун да ѳлчѳп коюу зарыл. Эгер нымдуулук 50%дан тѳмѳн болсо, анда абаны нымдоочу прибор колдонуу абзел.

3-бѳлүк. Теринин шарттуу типтерин жана алар кандай болорун кантип аныктоого  болот?

Фото: Andrea Piacquadio, Pexels

Терини үч шарттуу типке: майлуу, кургак, аралаш/нормалдуу деп бѳлүүнү врачтар менен окумуштуулар эмес, косметика сатуучулары ойлоп табышкан. Мындай классификация ѳтѳ популярдуу болуп кеткендиктен, так илимий сыпаттамасы эми түзүлүп жатканына жана бѳлүштүрүү мурункудай эле шарттуу деп эсептелгенине карабастан, учурда муну медиктер да колдонушат.

Териӊе туура кам кѳрүп жатканыӊа ынануу үчүн врач-дерматологдон кеӊеш алууну сунуштайбыз.

Кишилердин дайыма эле терисинин тибин так аныктай албай турганын: аралашты майлуу менен, сезимталды кургак менен ж.б. алмаштырып аларын изилдѳѳлѳр кѳрсѳттү. Териге кам кѳрүү боюнча ѳз алдынча тандалып алынган план туура эмес болуп калышы ыктымал. Тѳмѳндѳ келтирилген кеӊештер ар түрдүү типтеги терилерге кам кѳрүү жѳнүндѳгү маалыматтарды гана жалпылайт. 

Болжолдуу түрдѳ үй шарттарында теринин тибин мындай кылып аныктап кѳрсѳ болот: жуунгандан бир сааттан кийин эч кандай косметикалык каражат колдонбой туруп, чекеге, мурунга жана ээкке ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруп, бетти чүпѳрѳк менен сүртүп кѳрүү зарыл.

Эгер чүпѳрѳктѳ майдын издери кѳп калып, теринин ѳзү жалтырап калса, анда терини майлуу деп эсептесе болот.

Чүпѳрѳккѳ ѳлгѳн клеткалардын бѳлүкчѳлѳрү жабышып калып, тери тартылып, кычышып жатса, анда ал кургак тип деп мүнѳздѳлѳт. Мындай типтеги теринин башка ѳзгѳчѳлүктѳрү: беттин күӊүрт түсү, кызыл тактар, майда тешикчелер; тери кѳп кургайт, кесилип кетет, дүүлүгүп, кычышат.

Нормалдуу тип болсо, чүпѳрѳктѳ майдын калдыктары да, кургак бѳлүкчѳлѳр да калбайт. Тешикчелер кѳп байкалбайт, жалпысынан тери сезимтал эмес, жумшак жана жылмакай болот.

Аралаш типте кургак, майлуу жана нормалдуу типтердин белгилери байкалат. Кѳбүнчѳ чекенин, мурундун жана ээктин териси майлуу (Т-зонасында), калган жерлердики — нормалдуу же кургак болот.

Теринин липиддер менен текши нымдалып, каныкпаганынын себеби гормондорго же генетикалык факторлорго, теридеги бактериялардын активдүүлүгүнѳ байланыштуу болушу мүмкүн. Теринин тиби туруктуу болбойт жана тышкы жана ички факторлордун таасиринин негизинде ѳзгѳрүп турат. Ал жыл мезгилине (башка мезгилдерге салыштырмалуу жайкысын май активдүүрѳѳк чыгат), климатка (ысык жана нымдуу), куракка жана тери ооруларынын болушуна жараша ѳзгѳрѳт.

Баса, эгер бетиӊде кызыл тактар пайда болуп, териси ачышып жана кычышып жатса, анда териӊ сезимтал болушу мүмкүн. Теринин бул тибинин жалпы аныктамасы башкаларга караганда кыйла татаал, ал эми мындай болушу олуттуу себептерге байланыштуу болуп чыгышы ыктымал. Ошондуктан, дерматологго кайрылуу ашыктык кылбайт.

4-бѳлүк. Майлуу териге кантип кам кѳрүү керек?

Фото: Sam Lion, Pexels

Шарттуу түрдѳ «майлуу» деп мүнѳздѳлгѳн тери нормалдуу териге караганда кѳбүрѳѳк май бѳлүп чыгарат, жана жуунгандан жарым саат ѳткѳндѳн кийин эле кайрадан майланышып калат.

Теринин майлуу тиби кѳп учурда акне – безеткилер (ысык – «ириӊдүү» ысыктар) менен ассоциацияланат.  Чынында акне ар кандай типтеги терилүү кишилерде боло берет, бирок кѳбүнчѳ териси аралаш типтегилерде кездешет.

Акненин чыгуу механизми толук түшүнүктүү эмес. Безеткилердин чыгуусун Cutibacterium acnes бактериялары шарттай турганы маалым. Бул бактериялар ошол эле пропорцияларда акнеси жок кишилерде да болот жана адатта теринин микробиотасын жѳнгѳ салып, ѳздѳрү болсо Staphylococcus epidermidis бактериялары тарабынан кармалып турат. Ал эми акнеде механизм бузулат.

Акне курактык ѳзгѳчѳлүктѳрдѳн же гормондук системадагы бузулуулардан улам чыгат. Мындай учурда белгилүү гормондордун иштелип чыгуусун жѳнгѳ салуучу дары-дармектерди ичүү менен дарыланышат. Эгер гормондук себептерге байланыштуу болбосо, жана акне себорея (теринин майлуулугунун жогорулугу) менен ассоциацияланса, анда аны кѳбүнчѳ ошол жерге колдонулуучу препараттар менен дарылашат. Акнени ѳз алдынча, же болбосо интернеттеги кеӊештер боюнча дарылабоону сунуштайбыз. Бул врач-дерматологдордун иши.

Кээ бир адамдарда тери майынын кѳбүрѳѳк бѳлүнүп чыкканынын себептери да так белгилүү эмес, бирок илимпоздор бир нече факторду кѳрсѳтүшѳт. Майлуу тери кѳбүнчѳ жай жана жаз мезгилинде, овуляция учурунда, андрогенди иштеп чыгуу жогору болгон мезгилде (мисалы, пубертат убагында же айрым ооруларда) байкалат, ошондой эле эркектерге, кара терилүүлѳргѳ, нымдуу климатта жашагандарга кѳбүрѳѳк мүнѳздүү.

Майлуу териге кам кѳрүү тери майынын секрециясын басаӊдаткан каражаттарды колдонуу дегенди түшүндүрѳт. Мындай каражаттардын тизмеси абдан эле узун, бирок булар бири бирин алмаштырбайт, ошондуктан дерматолог менен кеӊешүү зарыл.

Биринчи вариант — А витамининин туундулары, ретиноиддерди камтыган тышкы колдонууга арналган препараттар. Алар тери майынын иштелип чыгуусун азайтуу менен тешикчелерди кичирейтет, ошондой эле фотозыянга учураган жана күйүп калган теринин калыбына келүүсү үчүн жардам берет.

Курамында кѳк чай жана левокарнитин бар космецевтикалык каражаттардын таасири анча жакшы изилденип чыккан эмес, бирок бул жаатта аткарылган изилдѳѳлѳрдүн жүрүшүндѳ алар беттин терисинин май бѳлүп чыгаруусун азайтканы аныкталган. Ошондуктан адистер мындай каражаттарга жалпысынан оӊ баа беришет.

Майлуу тери акне менен коштолгон учурда дерматолог май бездеринин ѳлчѳмүн жана иштелип чыккан майдын кѳлѳмүн кыйла азайткан изотретиноин менен таблеткаларды жазып бериши мүмкүн. Бирок бул ыкма менен дарылануу теринин кургашына жана башка илдеттерге да жол ачышы ыктымал. Аялдарга врач май бездеринин ѳсүүсүн басаӊдатуу менен андрогендердин биринин синтезин токтотуучу спиронолактонду же майдын секрециясына таасир эте турган гормондордун деӊгээлин түшүрүүчү оралдык контрацептивдерди колдонууну сунуш кылышы мүмкүн.

5-бѳлүк. Кургак териге кантип кам кѳрүү керек?

Фото: Ron Lach, Pexels

Теринин бир тиби катары шарттуу «кургактык» эпидермистин үстүӊкү катмарларынын клеткалары пайда кылган липиддик барьер жетиштүү деӊгээлде нымды сактабагандыгы үчүн анын  сууну натыйжалуу кармап кала албаганына байланыштуу.

Терини калыбына келтирүү үчүн дерматологдор күн сайын нымдоочу каражаттарды колдонууну сунушташат. Алардын курамында терини жумшартуучу касиетке ээ май эфирлери, спирттер же кислоталар бар. Беттин териси дененин башка бѳлүктѳрүндѳгү териден ѳтѳ эле айырмаланып турат. Ошондуктан бетке кам кѳрүүдѳ атайы каражаттарды сатып алуу зарыл.

Мүмкүн болсо крем негиздүү жана күн нурларынан коргоочу каражатты тандаган жакшы.  Ультрафиолет нурлары тери клеткаларындагы липиддерге терс таасирин тийгизет жана нымдын жоголушуна шарт түзѳт.

Беттин эпидермиси болжол менен он күндѳ бир жаӊыланып турат, ошондуктан натыйжаны байкоо үчүн бир аз күтѳ туруш керек.

Активдүү заттардын баары эле бирдей пайдалуу боло бербейт: изилдѳѳлѳр айрымдарынын эффективдүүлүгүн далилдей алган эмес. Жумшатуучу каражаттардын кеӊири ассортиментин эске алып, дерматолог менен кеӊешүү туура деп эсептейбиз.

Терини нымдоочу жана калыбына келтирүүчү глицерол менен лактаттын, клеткалык барьердин калыбына келүүсүн тездетүүчү В тобуна кирген витаминдер — декспантенол менен никотинамиддин пайдасы боюнча илимий далилдер бар.

Эгер териӊ кургак болсо, анда сууну кѳбүрѳѳк ичип, териси башка типтеги кишилер сыяктуу бетиӊди бат-баттан тазалабай эле койсоӊ болот. Күнүнѳ бир жолу тазалоо сен үчүн жетиштүү.

Душка түшкѳндѳ ысык суу менен жуунбаш керек, ал эми жуунуу процедурасын 5-10 минутага чейин азайткан туура. Тазалоочу каражаттардын арасынан жумшак жана жыпар жыттар, спирт, ретиноиддер, альфа-гидрокислоталар кошулбаган каражат колдонуу зарыл.

Каражатты ашыкча кѳп колдонууга да болбойт: кѳбүк кѳп чыкпаш керек. Бетти катуу аарчыбай, андагы сууну акырын гана сиӊирип алып, лосьон эмес, мүмкүн болсо мазь же крем сыяктуу нымдоочу каражат сүйкѳп коюш керек. Алар кыйла жакшы таасир берет жана терини кычыштырбайт.

Бѳлмѳдѳ нымдуулукту жогорулатуу максатында абаны нымдоочу прибор колдонгон жакшы: нымдуулук канча тѳмѳн болсо, тери майды ошончолук кѳп бѳлүп чыгып, анын жардамы менен нымдаштырат.

6-бѳлүк. Аралаш же нормалдуу териге кантип кам кѳрүү керек? Сезимтал тери деген эмне?

Фото: Sam Lion, Pexels

Шарттуу түрдѳ «аралаш» деп аталган тери майды тегиз бѳлүп чыгарбайт: беттин айрым жерлери, маселен, чеке же жаактар майлуу, калгандары абдан эле кургак болот.

Натыйжада майлуу жана кургак же нормалдуу теринин белгилери кошулуп, беттин ар кайсы жери ар кандай кам кѳрүүнү талап кылат.

Изилдѳѳлѳрдүн натыйжалары боюнча, теринин аралаш тиби — эӊ кеӊири жайылган тип: дээрлик жарымыбыздын терибиз ушундай типте. Ошону менен бирге эле, териси аралаш типтеги кишилердин кѳбү үчүн ал субъективдүү түрдѳ майлуу болгондой сезилет.

Май эӊ кѳп «T-зонасында» — чекеде, мурунда жана ээкте бѳлүнүп чыгат, ал эми «U-зонада», тактап айтканда, жаактарда, тескерисинче аз болот. Бардык терилер үчүн мындай катыш нормалдуу деп эсептелет, бирок аралаш типте эӊ жогорку жана эӊ тѳмѳнкү кѳрсѳткүчтѳрдү ар башка типтерге таандык кыла беришет. Кѳбүнчѳ T-зонанын териси майлуу, U-зонаныкы – нормалдуу болот.

Эгер эч кандай ыӊгайсыздык жаралбай, эч нерсе тоскоол болбосо: жагымсыз сезимдер же кѳйгѳйдүн кѳрүнѳѳ белгилери жок болсо, анда териге кошумча кам кѳрүү үчүн зарылчылык жок экенин унутпаш керек.

Белгилүү бир маанисинде мунун карама-каршылыгы – сезимтал тери. Териси ѳтѳ сезгич келген кишиде кѳп учурда жагымсыз сезимдер болуп турат: териси кычышат жана ысыйт, бир нерсе болсо дароо эле кызарып чыгат, температура менен нымдуулук ѳзгѳргѳндѳ, дүүлүгүү менен жооп кайтарат. Мындай учурларды байкаганда териӊ сезимтал экенин божомолдосоӊ болот.

Теринин бул тибине карата жалпы аныктама башкаларга караганда кыйла татаал жана себептери да олуттуу болушу ыктымал.

Маселен, теринин дүүлүгүп чыгуусу кѳп учурда белгилүү бир химиялык затка (тазалоочу каражаттын же дары-дармектин курамындагы), кийим-кеченин кездемесине карата реакция же акне же аллергиянын кесепети болот.

Сезимтал тери үчүн ылайыктуу каражаттардын тизмеси башкаларга салыштырмалуу азыраак. Бирок кээ бир активдүү заттардын бетти азыраак дүүлүктүрүп, кычыштырган аналогдору да бар. Мындай териге врач-дерматолог тарабынан сунуш кылынган ылайыктуу косметикалык каражаттарды колдонуу зарыл.  

Булак: Двор Медиа