Оргазм деген эмне?

I бѳлүк. Жалпы маалымат

●     Оргазм — бул сексуалдык дүүлүгүүнүн кульминациясы. Химиялык жактан алганда, мээде дофамин, окситоцин, пролактин жана эндорфиндердин концентрациясынын кѳбѳйүшү. Физиологиялык жактан — организмде аралыгы бир секундадан аз болгон тѳрттѳн онго чейинки жамбаш түбүнүн булчуӊдарынын жыйрылуусу.

●     Жыйрылуулардын бир топтому — бир оргазм. Ал кѳп учурда баштын, жамбаштын жана колу-буттун эрксиз кыймыл-аракеттери менен коштолот.

●     1980-жылдары Миннесота университети жүргүзгѳн изилдѳѳлѳр эркектер менен аялдарда булчуӊ дирилдѳѳлѳрүнүн ортосунда эч кандай техникалык айырмачылык болбогонун кѳрсѳткѳн. Бирок изилдѳѳнүн натыйжасында оргазм эки типте болору аныкталган.

●     I тип — болжол менен 20-30 секундага созулган үзгүлтүксүз жыйрылуулардын сериясы. II тип —сейрегирээк, бирок жалпысынан 30-90 секундага чейин созулган узун жыйрылуулар.

●     Эркектер менен аялдардын ортосунда булчуӊдук жыйрылуу жагынан айырмачылык жок, бирок эркектердин жана аялдардын оргазмында бар. Голландиялык окумуштуу Герт Хольстедж оргазмга жеткен адамдардын мээсинин тунук сүрѳттѳрүн алып, аялдардын оргазм учурунда кѳбүрѳѳк ырахат алып, транс абалына түшүүгѳ жѳндѳмдүү экенин аныктап чыккан.    

●     Балким, аял оргазмынын кѳбүрѳѳк сезилүүчү касиетке ээ экендиги жѳнүндѳ түшүнүк психикалык разрядка менен байланыштуу болсо керек. Аял жана эркек оргазмдарынын ортосундагы айырмачылыктар тууралуу кийинки посттордо кененирээк айтып беребиз.

●     Дагы бир кызыктуу нерсе – оргазмды бир гана адам баласы баштан ѳткѳрбѳйт. Таасир этүү механизми жагынан алганда, адамдагы оргазм сүт эмүүчүлѳрдѳгү, башка омурткалуу жана омурткасыз жандыктардагы оргазмга окшоп кетет. Маселен, приматтар, кемирүүчүлѳр, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлѳр, ал тургай балыктарда да окшош!

II бѳлүк. Эркек оргазмы

1. Эволюциялык жактан караганда эркектердин оргазмы

●     Оргазмдын да, жалпы эле секстин функцияларын аӊдап түшүнүү максатында окумуштуулар түрдүү жаныбарлардын жыныстык жүрүм-турумун изилдеп келишет. Бул жагынан адамдар ички уруктануу ѳзгѳчѳлүгүнѳ ээ жаныбарлардын түрлѳрүнѳ кѳбүрѳѳк окшош.

●     Албетте, эӊ кѳп окшоштук приматтарга — шимпанзе, бонобо, горилла жана башкаларга таандык. Бирок оргазм же болбосо ага окшош реакциялар башка сүт эмүүчүлѳрдѳ, айрыкча кемирүүчүлѳрдѳ, айрым канаттууларда, сойлоп жүрүүчүлѳр менен балыктарда байкалат.

●     Окумуштуулар оргазмдын пайда болуусунун башкы себеби катары, дененин ичинде энелик клетка менен сперматозоид биригип, тышкы уруктануунун ички уруктанууга, тирүүлѳй туулууга ѳтүүсүн  аташат. Анткени жыныстык клеткаларды, мисалы, икраны чачып же ага сүт чачып, суунун жээгине же түбүнѳ «салып коюу» мүмкүн болбогондуктан, энелик клетка менен сперматозоидди бири-бирине жеткирүүнүн башка механизми зарыл болгон.

●     Мына ошол механизм болуп оргазм эсептелет. Оргазм учурунда эркек жандыктын чандыр булчуӊдары менен ургаачы жандыктын жыныс коӊулунун/клоакасынын булчуӊдары жыйрылып, гаметалуу суюктуктар бири бирин кѳздѳй агып жѳнѳйт. Ошондуктан, оргазм эркектерде эякуляция менен коштолот. Ал эми аялдардагы оргазмда мындай функция дээрлик жок. 

●     Оргазмдын биринчи функциясы жѳнүндѳгү бул гипотезанын далилдеринин бири — сперманы иштеп чыгуу жана чыгаруу ишине катышкан простатанын сексуалдык сезгичтиги.

●     Оргазмдын, анын ичинде эркектердеги оргазмдын дагы экинчи функциясы – жупташуу үчүн сыйлык катары кызмат кылуу. Ички уруктануу тышкы уруктанууга салыштырмалуу кыйла татаалыраак. Анын үстүнѳ мындай түрдѳ тукум азыраак калмак. Бирок кошулуусунда дофамин иштелип чыккан жаныбарлар ѳз гендерин сактап калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулата алышкан. Кыскасы, секстин ырахаты анын татаалдашуусуна байланыштуу.

●     Мындан тышкары, изилдѳѳчүлѳр оргазм же аны имитациялоо кээ бир түрлѳргѳ кирген ургаачы жандыктарга жупташып жатканда ылайыктуу болуп болбогонун текшерүү менен ѳнѳктѳштѳрдү тандоого мүмкүндүк бере турганын белгилешет. Мисалы, кайырмалар ушундайча жакын байланыштуу аргындашууга жол беришпейт. Адамды кошкондо, түйүлдүк пайда болуусу үчүн ургаачынын оргазмы маанилүү болбогон жандыктарда, бул функция топтун ичиндеги ѳз ара аракеттешүү менен кѳбүрѳѳк байланышып, азырынча жакшы изилденип чыга элек.

2. Эркектин оргазмы эмнелерден турат?

●     Биохимиялык процесстерди коё турсак, оргазмдын белгилери негизинен жыныс мүчѳлѳрүнүн тегерегине топтолот. Эркектердеги эӊ кѳрүнүктүү белгиси— эякуляция, башкача айтканда уретрадан урук суюктугунун бѳлүнүп чыгышы.

●     Оргазм учурунда заара чыгаруучу канал бир нече жолу жыйрылып, жумурткаларда, урук түтүкчѳлѳрүндѳ, простата бездери менен купер бездеринде иштелип чыккан сперма сыртка түртүлүп чыгат. Бул 3 – 5 миллилитр суюктукта болжол менен 120 – 600 миллион сперматозоид болот.

●     Эркек сперманын кынга түшүүсүн жеңилдетүү үчүн рефлекстик түрдө жамбашы менен бир нече ирет түртүү кыймылдарын жасайт. Оргазмдын функциясы тууралуу кененирээк кийин айтып беребиз.

●     Жүрѳктүн согуусу минутасына 160 – 180ге чейин, ал эми дем алуунун жыштыгы — минутасына 40ка чейин жетет. Артериалдык басым жогорулайт. Бардык кѳрсѳткүчтѳр бир нече минутадан кийин нормага кайтат.

●     Кан айлануу тездеп, тери кызарат. Кээ бир эркектердин тѳшүнѳ ысык чыгып кетет.

●     Оргазм учурунда денени аӊ сезимдүү башкаруу жѳндѳмдүүлүгү начарлайт. Булчуӊдар ѳзүнѳн ѳзү жыйрылып, бошоӊдойт.

●     Мээнин сыйлык системасынын негизги элементтеринин бири болгон дофамин, жана эндорфиндердин иштелип чыгуусу кѳбѳйѳт. Ошондой эле илимпоздордун пикири боюнча сперма менен энелик клетканын бири-бирин кѳздѳй жылышына жардам берген гормон — окситоциндин деӊгээли дагы жогорулайт.

3. Эркектерде оргазм канча убакытка созулат? Алардын ортосунда тыныгуулар болобу?

●     Эркектерде оргазм болжол менен 3 секундага созулат. Тагыраагы, анын эӊ интенсивдүү бѳлүгү — сперманын кѳп бѳлүгүнүн эякуляциясы жана башка ачык байкалган кѳрүнүштѳрү ушунча убакыт болот.

●     Бул учурда уретра урук суюктугун 3 – 4 жолу 0,8 секундалык аралык менен түртүп чыгарат, ошондой эле оргазмдын башка белгилери дагы байкалат. Кийинки бир нече секунданын ичинде анчалык курч эмес формада болот.

●     Эркектер, аялдардан айырмаланып, катары менен бир нече жолу оргазм ала алышпайт. Себеби, эякуляциядан кийин рефрактердик мезгил, башкача айтканда убактылуу сексуалдык дүүлүгүүгѳ жѳндѳмсүздүк келип чыгат.

●     Тыныгуунун узактыгы индивидуалдуу мүнѳзгѳ ээ. Эякуляциядан кийин калыбына келүү ылдамдыгы бир эле эркекте түрдүү кырдаалдарда ар кандай болушу мүмкүн.

●     Бирок эркектин жашы ѳткѳн сайын «эс алуу» үчүн убакыт кѳбүрѳѳк талап кылынат. Жаш жигиттерде бул убакыт ондогон минута менен ченелсе, 70 жашка барып калган кишилерде бир нече күнгѳ барышы мүмкүн.

4. Оргазмга жетүү үчүн сѳзсүз эле жыныс мүчѳсүн стимуляциялаш керекпи?

●     Пенис — эркектердин кумарга батуу менен байланышкан башкы жыныс мүчѳсү. Бирок жыныс органдары жалгыз эрогендик зона болуп эсептелбейт. Алардын ордуна (же алар менен чогуу) ошондой эле натыйжага жетүү үчүн башка жерлерди дагы стимуляцияласа болот.

●     Жалпысынан эркек менен аялдын денесинин сезгичтик картасы окшош эле. Изилдѳѳлѳр боюнча, жыныс мүчѳлѳрүн эсептебегенде, ѳнѳктѳштѳрдүн тѳшүн (эмчектерин), жамбашын, анусун жана моюнун стимуляциялоо катуу дүүлүктүрѳт.

●     Булардан сырткары, дененин башка ар кайсы бѳлүктѳрү да сезгич зона боло алат — баары жекече ѳзгѳчѳлүктѳргѳ байланыштуу. Жыныстык катнаш учурунда аталган аймактарды сылап-сыйпоо мастурбацияга салыштырмалуу алда канча таасирдүү келет.

●     Оргазмга жетүүдѳ простата бездерин массаждоо дагы абдан натыйжалуу ыкма болуп эсептелет. Ошентип, пенис менен эч кандай катнашка кирбей туруп эле оргазмга жетүү мүмкүн.

●     Айта кетчү нерсе, кээде эркек киши денесинин эч кайсы бѳлүгүнѳ тийбеген учурда, уктап жатканда эле оргазм ала алат. Бул кубулуш поллюция деп аталат жана кѳбүнчѳ ага ѳспүрүмдѳр кабылат. Поллюциялардын максаты — организм дүүлүгүп, бирок оргазм алынбаган учурда жыныстык разрядка жасоо.

●     Анткен менен, сексологдор, поллюцияларды оргазм эмес, эякуляциянын бир формасы катары карашат. Физикалык катнашсыз аӊ сезимдүү кульминацияга жетүү бир топ кыйын. ЖМКларда жана илимий-популярдуу адабиятта эркек кишинин эч кандай тийүүсүз, кармалоосуз эле оргазмга жетүүсүнѳ байланыштуу кѳптѳгѳн баяндар бар. Бирок бул темада аткарылган илимий изилдѳѳнү таба алган жокпуз.

5. Оргазмдын күчүнѳ эмне таасир этет, аны кантип күчѳтүүгѳ болот?

●     Денеде кѳп санда эрогендик зоналар бар. Алардын сезгичтиги индивидуалдуу мүнѳздѳ болуп, түрдүү абалдарда түрдүүчѳ ѳзгѳрѳ берет. Ошондуктан эксперимент жасоодон коркпош керек: бир эле зонаны жагдайды ѳзгѳртүп стимуляциялап кѳрсѳ болот.

●     Жагдайдын алмашуусу жыныстык катнаштын жүрүшүнѳ да таасир этет: секстин стадиялары ар кандай убакытка созулуп, ага карата эмоционалдык жооп да ѳзгѳрѳт. Демек, бул сексуалдык таасирлердин күчѳшүнѳ жардам берет.

●     Оргазмды күчѳтүүгѳ узакка созулган сылап-сыйпоолор дагы таасир этиши мүмкүн. Баарынан жакшы натыйжаны жыныс мүчѳлѳрүнѳ тийбестен, башка эрогендик зоналардын узакка созулган (10-15 минута) стимуляциясы да бере алат. 

●     Сексуалдык таасирленүүнү күчѳтүүнүн дагы бир ыкмасы — америкалык гинеколог Арнольд Кегель иштеп чыккан кѳнүгүүлѳрдүн жардамы менен чычаӊ-куймулчак булчуӊун машыктыруу.

●     Кээде адистер бул кѳнүгүүлѳрдү жыныстык жашоонун сапатын жакшыртуу максатында эркектерге да, аялдарга да сунуш кылышат.

●     Керектүү булчуӊ — заара чыгарууну токтотуу үчүн түйүш керек болгон булчуӊ. Кѳнүгүүлѳрдүн катарына жай темпте ырааттуу түйүү жана бошоӊдотуу, же болбосо, тескерисинче, абалдарды максималдуу түрдѳ тез алмаштыруу аракеттери кирет.

III бѳлүк. Аял оргазмы

1. Эволюциялык жактан караганда аялдардын оргазмы

Космоско биринчи киши алтымышынчы жылдары эле учкан, ал эми окумуштуулар ушул күнгѳ чейин аялдардын оргазмы эмне үчүн керек экендигин так айта албай келишет.

Оргазм репродуктивдик процессте кандайдыр бир роль ойнойт деген болжолдоо ылайыктуураак болмок. Бирок түйүлдүк оргазм жок деле пайда болот да.

Ой жоруулардын бири вагиналдык булчуӊдардын жыйрылышынын сперманын «сорулуп алынышына» жол ача турганы менен байланыштуу болгон. Кийинчерээк окумуштуулар соруп алуу таасири келип чыккан учурда деле ал билинер-билинбес даражада болорун далилдеп чыгышкан.

Оргазм аялдын жыныстык катнашка андан кандай ырахат ала турганын билүү менен баруусу үчүн мотивация катары да каралган.

Кѳпчүлүк сүт эмүүчүлѳрдѳн айырмаланып, адамдын тѳрѳтү кооптуу жана катуу оору менен коштолот. Ошондуктан, оор тѳрѳткѳ алып келиши мүмкүн болгон сексуалдык байланышка кирүүдѳн мурун, аялга, балким кошумча мотивация керектир. 

2016-жылы дагы бир башка теория жаралды: аялдын оргазмы — бул эволюциялык табылга эмес, тескерисинче, атавизм. Себеби, регулярдуу жана кошумча шарттардан кѳз каранды болбогон овуляция салыштырмалуу кийин эле пайда болгон.

Айрым ургаачы сүт эмүүчүлѳрдѳ азыркыга чейин овуляция жупташуу учурунда гана же болбосо жакын жерде эркеги турганда гана болот.

Ушул себептүү окумуштуулар аялдардын оргазмы башында энелик клетканын ѳрчүп жетилишинин белгиси болгондугун, андан кийин бул функциясынан ажырап, жѳн гана жагымдуу толуктоо болуп калганын болжошууда.