Дисморфофобия

Мурду ѳзүнѳ жакпагандыгы үчүн пластикалык хирургга кайрылуу тилеги, терисинин жакпаган жерлерин чачы же кийими менен жашырууга умтулуу – мындай аракеттер анча-мынча кемчиликтерди апыртып чоӊойтууга байланыштуу пайда болот. Кээде бул идеялар жѳн жерден эле келип чыга берет.

Эгер мындай ойлор таптакыр эстен кетпей, жашоону татаалдаштырып жатса, анда бул дисморфофобиянын белгиси болушу мүмкүн.

Дисморфофобия деген эмне?

Бул ѳзүнүн денесин туура эмес кабыл алуу жана андагы маанисиз жана майда-чүйдѳ кемчиликтер тууралуу дайыма жагымсыз ойлордун болуп турушу менен байланыштуу психиканын бузулушу.

Бул илдет мурун башкача аталчу: сѳлпүлүк паранойясы, түрү бузуктук психозу, дисморфомания, дисформофобия.

Негизи эле, дисморфофобия түшүнүгү деле анча туура келбейт. Себеби бул бузулуу фобияларга тиешелүү эмес.

Салттуу арахнофобия, клаустрофобия жана агорафобия — бул эӊ башкы белгиси катары, белгилүү бир объектилерден же кырдаалдардан коркуу эсептелген абалдар.

Ал эми дисморфофобия — бул ѳз денесинин майда-чүйдѳ же оюнан чыгарылган кемчиликтери тууралуу патологиялык тынчсыздануу. Мунун натыйжасында адамда толук кандуу жашоо үчүн жолтоо болгон азап чегүүлѳр, жүрүм-турумунда негативдүү ѳзгѳрүүлѳр пайда болот. Сѳздүн түз маанисинде коркуу деле болбой калышы мүмкүн.

Азыркы учурда мындай психикалык бузулуу DSM-Vде (Американын психикалык бузулуулар боюнча классификатору) обсессивдүү-компульсивдүү бузулуулардын тобуна Body Dysmorphic Disorder деп, 300.7  коду менен киргизилген.  Орус тилине «Телесное дисморфическое расстройство», ал эми кыргыз тилине «Дененин дисморфиялык бузулуусу» деп которулат.

МКБ-10до дагы (Оорулардын эл аралык классификациясы) дисморфофобиянын критерийлери орун алган: «күчѳгѳн оор илдеттин же сѳлпүлүктүн болушунан улам дайыма тынчсызданып туруу». Булар  «Ипохондриялык бузулуулар» диагнозуна F45.2 коду менен киргизилген.

Жер жүзүндѳ жынысына карабастан ар бир 50-адам дисморфофобиядан  азап чегет.

Бузулуу алгачкы жолу кѳбүнчѳ 13 менен 20 жаштын ортосунда пайда болот.

Дисморфофобияны кадимки ѳзүн-ѳзү жемелѳѳдѳн кантип айырмаласа болот?

Дисморфофобиялык тынчсыздануулар дененин ар кандай бѳлүгүнѳ байланыштуу чыга берет. Бирок, кѳбүнчѳ, мындай бузулууга чалдыккандарды (кайсы жыныстан болбосун) териси, чачтары, мурдунун формасы беймаза кылат.

Эркектерге караганда аялдар кѳбүрѳѳк сандарын же салмагын, же болбосо бетинин терисин «жакшы эмес» деп эсептешет.

Теринин маанисиз, кичинекей кемчиликтерин чоӊойтуп, аларга олуттуу маани бергендиктен, айрым кыздар кабат-кабат макияжсыз үйүнѳн чыгышпайт.

Эркектерди болсо, жыныс органдарын кѳрүнүшү, эриндери, чачтарынын жукалыгы, ошондой эле булчуӊ массасынын жетишсиздиги кѳбүрѳѳк тынчсыздантат.

Акыркы белги боюнча ѳзүнѳ карата нааразылык булчуӊ дисморфиясы деп да аталат. Кѳп учурларда ал стероиддик анаболиктерди ыгы жок колдонууга жана ашыкча физикалык жүктѳмгѳ себеп болот.

Албетте, булчуӊдарды ѳстүрүү максатында спортзалга баруу, же болбосо ѳтѳ калыӊ макияж мындай психикалык бузулуу бар экенинен кабар бербейт. Сырткы кѳрүнүшү менен келбети боюнча тынчсыздануу — бул диагнозду коюу үчүн негиз боло албайт.

Дисморфофобиянын башкы белгиси — келбетинин кайсы бир жагында олуттуу кемчиликтердин бар экендиги, ошондуктан бѳтѳнчѳ чара кѳрүү: ал маанисиз нерсени жакшылап маскировкалоо же оӊдоо зарыл экендиги жѳнүндѳ эрксизден ойго келе берүүчү идея.

Идеянын жадатма жана эрксизден пайда боло берүүсү ал кемчилик тууралуу дайыма кыйноочу жана чарчатуучу ойлордун эске түшѳ берүүсүндѳ. Дисморфофобияга чалдыккан киши күзгүнүн маӊдайында ѳтѳ кѳп убакыт ѳткѳрѳт жана маскировкалоонун техникаларын тандоо менен алектенет. Мисалы, жоон сандарын жашыруу максатында — аябай кенен - мүшѳк сымал кийимдерди кийип кѳрүү аракети.

Оюнда ѳзүн дайыма башка бирѳѳ менен салыштырып, ага караганда ѳзүн жагымсыз деп эсептейт. Мындай жадатма ойлор стресске, маанайдын бузулушуна, ал тургай кээде жетиштүү деӊгээлде кѳӊүл буруп, оюн топтой албагандыгы үчүн окууда жана жумушта ар кандай кѳйгѳйлѳрдүн жаралуусуна, үй-бүлѳдѳгү түшүнбѳстүктѳр менен уруш-талаштарга да жол ачат.

Мындай бузулуунун дагы бир айырмалоочу критерийи — мамиле идеясы дегендин болушу. Мында кишиге тегеректегилердин баары аны карап тургандай, ал тургай анын кемчилигин сындап жаткандай сезиле берет.

Дисморфофобиядан кантип арылууга болот: кемчиликти оӊдоо жардам береби, жана адамды анын бардык жагы дурус экендигине ынандыруу мүмкүнбү?

Эгер кишиде чыныгы – врач тарабынан аныкталган дисморфофобиясы болсо, анда чоӊойтуп-апыртылган же оюнан чыгарылган кемчиликти оӊдоо кѳйгѳйдү деле чечип жибербейт.

Маселен, ринопластикага - мурундун формасын оӊдоо боюнча операцияга барган кишилердин 20%га жакыны дисморфофобия менен жабыркайт.

Тилекке каршы, хирургиялык кийлигишүүдѳн алардын абалы жакшырып кетпейт— жаӊы мурду деле баары бир кубандырбайт.

Кайталанган операциялар абалды оорлотуп жибериши мүмкүн. Он жолу операция жасатып, баары бир ыраазы болбой калган учурлар абдан эле кѳп кездешет. Буга белгилүү британиялык шоумен Родриго Альвес мисал боло алат.

Дисморфофобия адамдарды ѳзүн ашкере оӊдоп-түзѳй берүүгѳ түртѳт — алар косметикалык процедураларды же физикалык кѳнүгүүлѳрдү кыянаттык менен аткарышат. Натыйжада адамдын абалы менен маанайы начарлай берет.

Бузулуунун жеӊил формасында киши ѳзүнүн келбетиндеги кемчиликтин ѳтѳ эле кичинекей же ойдон чыгарылган дефект экенин түшүнүшү ыктымал.

Бирок, муну аӊдап түшүнүүсү аны жадатма жана эрксиз ойлордон арылта албайт. Достору менен жакындарынын аргументтери убактылуу гана жардам бериши мүмкүн.

Дисморфофобия кээде акылга сыйгыс чектерге чейин жетип кетет. Бул жагдайда кишини андагы кемчиликтер маанисиз экендигине кѳндүрүүдѳн эч кандай майнап чыкпайт.

Албетте, жалпысынан эле, ар кандай колдоолордун пайдасы бар. Бирок ынандыруу эмес, кейип-кепчүүнүн чындык экенине ишенгениӊди кѳрсѳтүү аркылуу жардам беришиӊ керек.

Ошол эле учурда дисморфофобия менен жабыркаган досуӊа же жакын адамыӊа ал ѳзүн тегерегиндеги башка кишилерден айырмаланып, таптакыр башкача кѳргѳнүн: жеке кемчиликтерин ыгы жок апыртып жатканын, башкалар анын кемчиликтерин кѳрбѳй эле турганын түшүндүрүшүӊ керек.

Дисморфофобия эмнеси менен кооптуу?

Эӊ эле биринчи кезекте, ѳзүнүн жанын кыюу коркунучу бар.

Мындай бузулуу менен жабыркаган адамдар жер жүзүнүн башка жашоочуларына салыштырмалуу 45 (!) эсе кѳп суицидге барышат.

Мындан тышкары, дисморфофобияга чалдыккан кишилерде тѳмѳнкүлѳргѳ кабылуу коркунучу жогору болот:  

- депрессия,

- агрессивдүү жүрүм-турум,

- тамактануу жүрүм-турумунун бузулушу,

- уйкусуздук,

- химиялык кѳз карандылык,

- жана башка акыл-эстин саламаттыгына байланышкан кѳйгѳйлѳр.

Теринин майда-чүйдѳ, маанисиз кемчиликтери менен байланышкан дисморфофобия жок безеткилерди эле кечке тытып же сыга берүү адатын пайда кылат.

Ал эми мындай нерсе, ѳз кезегинде, теринин чындап эле ѳзгѳрүүсү менен зыянга учуроосуна алып келет.

Ѳтѳ кѳпкѳ созулуп кеткен дисморфофобиянын кеӊири жайылган кесепети  — социалдык четтѳѳ, түнттүк жана элден обочолонуу.

Бул илдет кайдан чыгат, ген жана мээнин биохимиясы аны менен кандайча байланышкан?

Дисморфофобиянын табияты башка кѳптѳгѳн психикалык бузулуулар сыяктуу эле биопсихосоциалык мүнѳзгѳ ээ. Бул болсо, анын ѳрчүшүндѳ гендердин, организмдин биохимиясынын ѳзгѳрүүсүнүн, стресстүү факторлорго карата реакциянын, социалдык жана маданий контексттердин катышы бар дегенди түшүндүрѳт.

Мисалы, Германияда 2002-жылдан 2013-жылга чейин дисморфофобиянын жайылышы эки эсе кѳбѳйгѳн (0.5%дан 1%га чейин). Кээ бирѳѳлѳр муну селфи-бум – медиада жана социалдык тармактарда үзгүлтүксүз «идеалдуу» образдардын чыгарылып турушу менен байланыштырышат.

Генетикалык жана нейробиологиялык жактан алганда, дисморфофобиянын обсессивдүү-компульсивдүү бузулуу (ОКБ) менен кѳп окшоштуктары бар. Муну эгиздердин катышуусу менен жүргүзүлгѳн изилдѳѳлѳр ырастап турат - генетикалык жактан бирдей жуптардын биринде ОКБ байкалса, экинчисинде дисморфофобия аныкталган.

ОКБ менен дисморфофобияда мээдеги биохимиялык ѳзгѳрүүлѳр да окшош болот— мээнин  кээ бир бѳлүмдѳрүндѳ 2 жана 3-типтеги дофамин рецепторлорунун (ырахатты сездирген нейромедиатор) активдүүлүгү токтотулат.

Бирок, албетте, айырмачылыктар да бар. Мисалы, функционалдуу магниттик-резонанстык томографияны (фМРТ) колдонуу менен жүргүзүлгѳн изилдѳѳлѳр дисморфофобиясы бар адамдарда мээнин визуалдуу маалыматты иштеп чыгууга жооп берген бѳлүмдѳрүндѳ активдүүлүк ѳзгѳрѳ тургандыгын кѳрсѳтүшкѳн.  

Ошондуктан адам кѳрүү сигналдарын, анын ичинде ѳз денесине жана келбетине байкоо жүргүзүүдѳ, туура эмес кабылдайт. Алгач мээ образдын жердик, маанилүү эмес нерселерине токтолуп, андан кийин гана жалпы картинаны иштеп чыгат.

Бул кубулуш кабылдоонун жердик механизминин глобалдуу механизмге караганда басымдуулук кылуусу деп аталат. Муну Навондун фигурасы жакшы кѳрсѳтүп турат:

Чоӊ тамга кичине тамгалардан түзүлгѳнү баарына эле түшүнүктүү. Бирок, чоӊ тамганы же кичине тамгаларды таануунун ылдамдыгы кабылдоо механизминин кайсынысы басымдуулук кыла турганын аныктайт. Дисморфофобиясы бар кишилер биринчи эле кезекте кичине «s» тамгаларын, андан соӊ гана чоӊ «Т» тамгасын байкай алышат. 

Навондун фигуралары дисморфофобия терапиясында колдонулат. Алардын жардамы менен кишилерди алгач чоӊ тамгага, андан кийин майда тамгаларга кѳӊүл бурууну үйрѳтүшѳт.

Дарылоонун дагы кандай ыкмалары бар?

Дисморфофобиянын жеӊил формасында беделдүү эл аралык клиникалык гайдлайндар кѳйгѳйдѳн когнитивдик жана жүрүм-турумдук психотерапиянын жардамы менен арылууну сунушташат.

Орто жана оор формаларында психотерапия менен катар эле, дары-дармектерди жазып берүүсү үчүн психиатрга кайрылуу сунушталат.

Адатта врачтар СИОЗС (серотониндин карама-каршы кармоо селективдик ингибиторлору) тобуна кирген антидепрессанттарды жазышат. Булар депрессия болбогон учурда деле таасирдүү.

Тилекке каршы, бардык психикалык бузулууларда болгон сыяктуу эле, мында да дарылоонун эч бир ыкмасы дароо натыйжа бере албайт.

Адатта жакшы натыйжа дары-дармектерди колдоно баштагандан бир нече жума ѳткѳн соӊ байкалат.

Ал эми ремиссия (илдеттин симптомдорунун азайышы же толук жоголушу) — бир нече айдан кийин болот. Дарыланууну мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотууга болбойт. 

Булак: Двор Медиа