Шеймингдин ар түрдүү ѳӊүттѳрү

Шеймингдин ар түрдүү ѳӊүттѳрү

Шейминг кѳрсѳтүүнүн 5 жолу

Шеймингдин— адамдын сынга алгандардын ою боюнча туура эмес деп эсептелген кѳз карашы, кѳрүнүшү же жүрүм-туруму үчүн аны эл алдында сынга алуу жана басынтуунун 5 түрү жѳнүндѳ айтып беребиз.

1. Бодишейминг же «Фу, семиздигин кара!»

«Игры престолов» кинофильминде актриса Софи Тернер ойногон каарман — Санса Старкты баарыбыз жакшы билебиз. Ал 13 жашынан сериалга тартыла баштаган. Албетте, сериал тартылган мезгилде секелек кыз жетилип, денеси да ѳзгѳргѳн. «Фу, Санса 10 фунтка семирип, былчыйып бара жатат», «Сансанын терисинде коркунучтуу тактар пайда болду!», «Санса 10 фунт таштап, ыркыйып калды!» – интернетте актрисанын сырткы кебетесин талкуулаган билдирүүлѳрдүн саны ѳтѳ кѳп болуп кеткен. Ал депрессияга түшкѳн. Актриса кабылган абал бодишейминг деп аталат.

Бодишейминг же лукизм – бул кишини белгилүү бир сулуулук стандартына туура келбегендиги үчүн сындоо. Анын негизинде баары умтулууга тийиш болгон эстетикалык эталон бар экенине тереӊ ишенүү сезими жатат. Азыркы батыш дүйнѳсүндѳ бул кѳбүнчѳ «мукабадагы жүз жана дене»: бир дагы түгү жана бырышы жок жылмакай, келбеттүү (арык болсо да) чымыр дене, гармониялуу бет түзүлүшү, кылдат кам кѳрүлгѳндүк. Бирок булар менен гана чектелбейт. Бодишеймингдин эӊ кеӊири тараган формалары: скинни-шейминг — арык кишилерди сындоо жана фэтшейминг — салмагынан улам толук кишилерди сындоо. Адамдарды бою, тѳшүнүн, жыныс органынын ѳлчѳмү, чачынын, тырмактарынын түсү жана башка кѳптѳгѳн мүнѳздѳмѳлѳрү үчүн шылдыӊдашат. Бул адамдардын кѳбү мындай талаптарга физикалык жактан шайкеш келе албаганына карабастан улана берет. Ошондуктан бодишейминг кѳп учурда дискриминацияга жол ачат. Азыркы коомдо адилетсиз сын-пикирге жооп катары бодипозитивизм кыймылы пайда болду. Бул кыймыл адамдын ѳзү каалагандай кѳрүнүшкѳ ээ болуу укугун коргойт. 

2. Слатшейминг же «*** [жеӊил ойлуу кызга] окшоп жүрѳсүӊ го»

2014-жылы хакерлер Дженнифер Лоуренстин булут сактагычын бузуп кирип, анын эротикалык сүрѳттѳрүн тармакка жайып жиберишкен. Интернет актрисанын ылайыксыз жүрүм-туруму жана ачык-айкын байкалган «жеткиликтүүлүгү» жѳнүндѳгү комментарийлерге толуп кеткен. Билдирүүлѳрдүн авторлору адептүү кыз мындай сүрѳткѳ түшпѳшү керек экенин, ошондо тармакка уяттуу нерсе жайылбай турганын, эми сүрѳткѳ түшкѳн соӊ, ырас эле болуптур деген сыяктуу комментарийлерди жазып, айыптап жатышты. ЖМКлар эмне үчүн слатшейминг мынча популярдуу экенин талкуулай башташты.

Слатшейминг — аялдын романтикалык жана сексуалдык жашоосун же элдин кѳӊүлүн буруучу сырткы кѳрүнүшүн сындоо. Слатшеймингдин курмандыгы болуу оӊой эле. Интернетке денесин ачык кѳрсѳткѳн бир-эки сүрѳттү жайгаштырып коюу гана жетиштүү – сенин жеӊил ойлуулугуӊ жана жеткиликтүүлүгүӊ жѳнүндѳ комментарийлер дароо жаай баштайт. Мындан тышкары, слатшейминг онлайн мейкиндиктен офлайнга оӊой эле ѳтѳт. Мектепте, университетте же иштеген жерде кишилер аялдын жеке жашоосу жѳнүндѳ кордоочу комментарийлерди айта башташат. Слатшеймерлер адам үчүн эӊ оор кырдаалда курмандыгы үчүн «кадыр-барк» жаратып беришет, натыйжада ал куугунтукка кабылат. Салттуу коомдордо мындай «кадыр-барк» ѳмүр үчүн коркунуч алып келиши ыктымал. Демократиялык ѳлкѳлѳрдѳ болсо, анын ичинде Россияда, мыйзам боюнча бирѳѳнүн сексуалдык жашоосу башка кишилер тарабынан жѳнгѳ салынбайт. Аялдын ѳнѳктѳштѳрүнүн саны, анын кийинүү манерасы же денесин ачык кѳрсѳткѳн сүрѳттѳрүнүн болушу менен башкалардын иши болбоого тийиш. 

3. Виктимблейминг же «Ѳзүӊ күнѳѳлүүсүӊ, ар кайсы жерде темселеп жүрбѳш керек болчу»

2016-жылдын кыш айларында россиялык коомчулук Диана Шурыгинанын окуяларын кызуу талкуулады. Жаш кыз таанышыныкына отурушка келип, ичимдикти кѳбүрѳѳк ичкен экен. Аны зордуктап коюшкан. Сот зордукчуну күнѳѳлүү деп таап, эркинен ажыратуу ѳкүмүн чыгарган. Бирок элдин баары эле кызга боору ооруган жок: кѳп кишилер болгон окуя үчүн ѳзү күнѳѳлүү деп чыгышты: дачага барып, анча ичпеш керек болчу, мындай ачык кийинип, «бузулган» жүрүм-турумдан алыс болууга тийиш эле деп жатышты. Кээ бирѳѳлѳр кыз калп айтып жатат: эгерде чындап эле зордуктоого кабылган болсо, анда уялып, башынан ѳткѳргѳнүн элге чыгарбай, жашырмак деп айтышты. Кызды куугунтукка алышты, үй-бүлѳсүнѳ коркутуп-үркүтүүлѳр болуп жатты, натыйжада башка шаарга кѳчүп кетүүгѳ аргасыз болду. Диана туш болгон абал — виктимблеймингдин классикалык мисалы.

Виктимблейминг – зомбулуктун курмандыгы болгон адамды шылдыӊдоо, басынтуу. Кѳбүнчѳ виктимблейминг зордуктоого жана жыныстык кол салууга карата колдонулат. Кылмыштын курмандыгын ылайыксыз кебетеси же жүрүм-туруму үчүн окуяга себеп болду деп күнѳѳлѳшѳт (тагыраагы, лукизмди да, слатшеймингди да кѳрсѳтүшѳт). Социологдор менен психологдор окуядан улам жабыркоочуну сынга алуу когнитивдик бурмалоодон улам келип чыгат деп болжошот: адам адилеттүүлүккѳ ишенет, ошондуктан бардык аракет мыйзам ченемдүү түрдѳ кандайдыр бир кесепетке алып келет деп ишенет. Виктимблеймерлердин ою боюнча, кылмыштын же кырсыктын курмандыктары ѳзүнүн же башка кишинин жүрүм-турумунун анализине таянып бардык кѳйгѳйдү алдын-ала билүүгѳ жана аларды болтурбоого тийиш. Чынында, мындай кылуу ар дайым эле мүмкүн боло бербейт. Бирок күнѳѳнү курмандыкка оодаруу адамдар үчүн тынчсызданууну азайтууга жардам берет: эгер ѳздѳрүн туура алып жүрсѳ, анда мындай окуяга кабылышпайт. Тилекке каршы, сынчылардын тынчсыздануусу виктимблеймингдин жалгыз эле кесепети эмес. Калгандары мындан да оор. Уяткаруунун мындай түрү жабыркагандардын элдин сѳзүнѳ калбаш үчүн башынан ѳткѳн окуя тууралуу үн катпоо туура деп чечишине алып келет. Мындан тышкары, жабыр тарткан киши сынга алгандардын туура айтып жатканына ынанып, ѳзүнүн азабы үчүн ѳзүн күнѳѳлѳй берет. Ѳзүн ѳзү күнѳѳлѳѳ сезими ѳтѳ эле азаптуу болгондуктан, депрессияга же суициддик ойлорго алып келишим ыктымал.  

4. Эйблизм же «Сен эмне аутистсиӊби?»