Өзү өзүнө зыян келтирүү

Сезүүнүн альтернативдүү ыкмасы катары селфхарм

Адамдардын кѳбү үчүн ѳзүнѳ ѳзү зыян келтирүү аракеттерине умтулуу ушунчалык түшүнүксүз жана коркунучтуу сезилгендиктен, селфхармды психикалык бузулуу деп эсептешет. Бирок андай эмес.  Селфхарм — оору эмес. Бул негативдүү эмоцияларга таасир этүүнүн жолу. Дени сак кишилер эмне себептен селфхармга барышат? Ѳзүнѳ зыян келтирүүнү кантип токтотсо болот?

Оору эмес экени анык, анда эмне?

Кеӊири маанисинде селфхарм деп, ѳз жанын кыюу ниети жок эле денесине атайылап зыян келтирүү аракеттерин аташат. Англис тилдүү булактарда «nonsuicidal self-harm» (суициддик эмес ѳзүнѳ зыян келтирүү) кубулушунун аталышы менен аныкталат.

Ошентсе да ѳз жанын кыюу менен селфхармдын ортосунда байланыш бар. Себеби, кээде зыян келтирүү ѳтѳ эле катуу болуп, ѳлүмгѳ алып келиши мүмкүн. Ошону менен катар эле селфхармга барган кишилердин арасында ѳз жанын кыйгандардын саны жалпы элдин ичиндеги мындай окуяларга  караганда чындап эле  жогору болот.

Терини атайылап тешүү жана кескилѳѳлѳр, тытуу, тиштегилѳѳ, күйгүзүү, ткандарды атайылап кысуу, ѳзүнѳ жаракат берүү, чачын жулуу, жаралардын айыгуусуна тоскоол болуу, терини тилип же тытып сѳздѳрдү жазуу (кѳбүнчѳ ѳзүн айыптоого байланыштуу), ошондой эле уулуу заттарды колдонуу — денеге зыян келтирген жана физикалык ооруга алып келген иш-аракеттер селфхарм болуп эсептелет.

Айрым учурларда пирсинг, татуировка же тырык калтыруу дагы селфхармга кирери айтылат. Бирок андай эмес. Бул кишинин ѳзүн кѳрсѳтүүсү, жеке макамын же кандайдыр бир топко таандыктыгын чагылдыруусуна жардам берген мода элементтери. Диний селфхарм — кээ бир маданияттарда кездешкен эл алдында ѳз денесине залал келтирүү жана ѳзүн-ѳзү желектѳѳ ырым-жырымдары дагы ушундай эле социалдык мааниге ээ.

Эреже катары, ѳзүнѳ ѳзү зыян келтирген кишилер тырыктар менен жаракаттарын жашырууга аракет кылышат, аларды кѳрсѳткѳндѳн уялышат, адекватсыз жана оорута турган нерселер менен ѳзүн кыйноону каалаганын айланадагы адамдарга айта алышпайт жана айткандан коркушат.

Ѳзүн-ѳзү кыйратуучу жүрүм-турумду — баӊгизат колдонууну, ашыкча тамактанууну же ачкачылыкты врачтар селфхарм деп эсептешпейт. Анткени аталган аракеттерде ѳзүнүн ден соолугуна атайылап зыян келтирүү ниети жок. Ушул эле жагдай сексуалдык кумардануу максатында ѳзүнѳ оору алып келүүнү шарттаган мазохизмге да тийиштүү.    

Селфхармдын ѳзү кандайдыр бир илдет деп эсептелбейт. Бирок, Оорулардын эл аралык классификаторунун акыркы редакциясына (МКБ-10 жана DSM-5) ылайык, атайы аткарылган суициддик эмес мүнѳздѳгү ѳзүнѳ ѳзү зыян келтирүү түрдүү психикалык бузулуулардын симптомдорунун бири болушу мүмкүн.  Мисалы, инсандын чектик бузулуусуна кабылган адамдар 70% учурда ѳзүнѳ ѳзү залал келтиришет.

Ошентип, атайылап ѳзүнѳ ѳзү зыян келтирүүлѳр психикалык бузулуунун симптомдорунун бири гана болушу мүмкүн. Ал эми дени-карды соо адамдарда бул аракет оор эмоционалдык абалдан чыгуунун жолу катары дагы кездешиши ыктымал. Кандай болсо да — селфхарм — бул кайгы жана азап. Мындай учурда адам жалгыз болбошу керек. Ѳзүнѳ азап тарттырууну, денесин оорутууну каалап жаткандыгы үчүн уялбаш керек. Эӊ башкысы — муну токтотууга болот.

Селфхарм кѳп эле кездешет. Кээ бир маалыматтар боюнча, 12-28 жаштагы кишилердин 10%га жакыны ѳзүнѳ ѳзү зыян келтирет. Бул кѳрсѳткүчтү 20% деп берген изилдѳѳлѳр да бар. Калган курактагы адамдардын арасында деле селфхарм кездешет, бирок азыраак санда. Кѳп учурда кѳйгѳйдѳн психотерапиянын жардамы менен кутулушат.

Эмне үчүн токтотуу кыйын?

Себеби селфхармга циклдүүлүк мүнѳздүү. Келип чыккан кесепеттер үчүн ѳзүн азапка салуу жана ѳзүн ѳзү айыптоо каалоосу туӊгуюкка түшүрѳт.

Бул туӊгуюктагы биринчи пункт — коркунучтуу ойлор, кайгыруу, себеби дайыма эле белгилүү боло бербеген катуу санаа, кѳксѳѳ. Кийинки пункт — бул негативдүү сезимдер кѳбѳйѳ бергендигинен улам эмоционалдык жүктѳмдүн жогорулашы. Анан паника келип чыгат. Паниканы эрктин күчү менен башкаруу жана токтотуу мүмкүн эмес. 

Эмоционалдык ашыкча жүктѳм менен паникадан кутулуу аракетинде биле туруп ѳзүнѳ оору жана жаракат берүү ниети пайда болот. Селфхармдан кийин киши убактылуу жеӊилдеп калат.

Убактылуу тынчтануу аз ѳтпѳй эле жасаган кылыгы үчүн уялуу жана ѳзүн күнѳѳлүү сезүүгѳ, ал тургай айрым учурларда ѳзүнѳн жийиркенүүгѳ ѳтѳт. Эгерде башынан эле тынчсыздануу, коркуу, кайгы жана сарсанаага батуу үчүн себеп жараткан кѳйгѳйлѳр жоголбосо, анда негативдүү эмоциялар (селфхарм үчүн ѳзүн ѳзү күнѳѳлѳѳ дагы кошулуп) ѳзүнѳ зыян келтирүүнүн жаӊы циклине жол ачышы мүмкүн.

Бул айлампадан ѳз алдынча чыгуу ѳтѳ эле кыйын, бул үчүн ѳзүн күнѳѳлѳп, алсыз сезүү дагы абдан кооптуу. Туӊгуюктан кѳп учурда сырттан жардам алуу менен чыгып кетишет. Ошондуктан кѳйгѳй тууралуу жакындарга же адистерге айтып берүү абдан маанилүү.

Адамдын ѳзүнѳ ѳзү зыян келтирүүсүнүн себептери

Мээде табигый түрдѳ эндорфиндер иштелип чыгат. Аларды «табигый  эндогендик баӊгизаттар» деп аташат. Анткени опиаттар сыяктуу ооруну азайтып, эйфорияга түшүрѳт. Ѳзгѳчѳ, эндорфиндер адам физикалык ооруну сезген учурда абдан кѳп иштелип чыгат.  

Ѳзүнѳ зыян келтирүүнү эӊсѳѳнүн себептеринин бири организмде бул заттардын жетишсиз деӊгээлине байланыштуу болушу мүмкүн. Эндорфиндер ооруну азайтуудан тышкары маанайды да жѳнгѳ салып турат. Адам ѳзүн ѳзү жаракаттандырган учурда эндорфиндерди бѳлүп чыгаруу кескин жогорулап, анда жагымдуу сезимдер пайда болот.

Мындайча дайыма ѳзүн ѳзү жаракаттандыруу жолу менен маанайды оӊдоп туруу каалоосу келип чыгышы ыктымал. Эмоционалдык кайгыны жеӊилдетүү менен физикалык оору жаратуунун ортосунда туруштук берүү кыйын болгон ассоциативдик байланыш пайда болот. 

Ѳзүн ѳзү баалоого байланыштуу кѳйгѳйлѳр да селфхармдын себептеринин бири боло алат. Ѳзүнѳ карата ашыкча нааразылык кээде ѳзүн жазалоо тилегин пайда кылат. Ашкере ѳзүн ѳзү сындоо — селфхармдын эӊ жакын коштоочусу экенин кѳрсѳтүп турат.

Ушул себепке байланышкан селфхарм кѳп учурда спецификалык травмалары менен башкалардан айырмаланып турат. Мында жѳн эле кескилѳѳлѳр эмес, ѳзүнѳ карата «келесоо», «шордуу», «сѳлпү» жана башка кемсинтүүчү сѳздѳр тилинип жазылат.  

Ѳзүн ѳзү жаракаттандыруулар кичине болсо да бир нерсени сезүүнүн жолу боло алат. Кээде муну «ѳзүнүн тирүү экенин сезүү» муктаждыгы деп да коюшат. Бул мурда оор психологиялык травмага кабылган (маселен, үй-бүлѳдѳгү зомбулукка) же жакындарын жоготуудан улам кайгыга түшкѳн кишилерде негизги себеп болушу ыктымал.

Ошондой эле селфхарм терс эмоцияларды чагылдыруунун альтернативдүү ыкмасы боло алат. Айрым үй-бүлѳлѳрдѳ негативдүү сезимдер: кайгы, кѳӊүл калуу, коркуу — туура эмес деп эсептелет. Аларга жол бербей дароо токтотушат, кѳз жумуп коюшат же шылдыӊга алышат. Мындай үй-бүлѳдѳ чоӊойгон адам ѳзүн жаман сезүүгѳ болбойт деген эрежени сактап жашоого үйрѳнѳт. Бул жагдайда селфхарм ички дүйнѳсүндѳгү ыӊгайсыздыкты, тынчсызданууну жеӊип чыгуунун бир жолу болуп калат. Себеби үй-бүлѳдѳ мындай тыюу болгон эмес да. Эгер азап-кайгыны эмоционалдык сезүүгѳ уруксат берилбесе, анда аны физикалык сезүүгѳ аракет кылышат.

Булар бардык себептер эмес, бирок кеӊири жайылгандар жана ѳз алдынча да, чогуу дагы таасир этиши мүмкүн. Бул себептердин болушу адамда психикалык оорусу бар деген маанини бербейт. Психиканын бузулуусу менен байланышкан селфхарм — ѳзүнчѳ бир чоӊ тема.

Санарип селфхарм деген эмне?

Окумуштуулар бир нече кѳрүнүшүн белгилешет. Биринчиден, ѳзү туура эмес же жаӊылыш түшкѳн сүрѳттѳрүн жарыялоо. Кээде адамдар мындай сүрѳттѳрдүн астына ѳзүнѳ карата кемсинтүүлѳрдү да жазып коюшат. Ошону менен бирге эле мунун баары эч кандай ѳзүн ѳзү тамашалоо иретинде аткарылбайт.

Мындан башка анонимдүү түрдѳ социалдык тармактарга ѳзү тууралуу зыяндуу контентти жайылтат, же болбосо жеке баракчасынан да, атайы түзүлгѳн фейк аккаунттан да ѳзүнѳ ѳзү коркутуп-үркүтүүлѳрдү жана жагымсыз сѳздѳрдү камтыган билдирүүлѳрдү жиберет.

2016-жылы Кибербуллингди изилдѳѳ борбору Американын 12 жаштан 17 жашка чейинки 5,5 миӊ мектеп окуучусунун катышуусунда  изилдѳѳ жүргүзгѳн. Иш-чаранын натыйжасында  сурамжылоого тартылгандардын 6 %ы жок дегенде бир жолу селфхармга баргандыгы аныкталган. Эркек балдар кыздарга караганда кѳбүрѳѳк барганы да маалым болгон.

Реалдуу физикалык ѳзүн ѳзү жаракаттандыруулар сыяктуу эле, виртуалдуу селфхарм — бул психикалык бузулууга жатпайт. Дени-карды соо адамдар да муну кылышат. Кээде кандайдыр бир психикалык бузулууну коштойт.

Санарип ѳзүн ѳзү желектѳѳнүн себептеринин бири катары, илимпоздор чыныгы буллингге дуушар болгон абалда ачык түрдѳ жардам суроого даяр болбогондукту айтышат. Анонимдүү аккаунттан эл алдында ѳзүн кемсинтүү, кордоо менен адам башкалардын назарын ѳзүнѳ буруп, коргоого муктаж экенин кѳрсѳтѳ алат.

Айрым учурларда башкаларды куугунтуктап, кодулаган жана санарип селфхармдын жардамы менен ѳзүн актап, күнѳѳсүн жымсалдоону каалаган адамдар мындай ишке барышат.

Ѳзүн ѳзү баалоосу тѳмѳн болгон жана ѳзүнѳ карата ашкере сынчыл мамиледеги кишилер ички реалдуулугунун тышкы чындыкка шайкеш болуусун каалаган кырдаалдар бар. Мына ушул шайкешсиздиктен улам катуу тынчсызданууга кабылышы мүмкүн.

Эгер алар айланасындагы башка адамдардан ѳзүнѳ карата негативдүү пикирлерди укпаса — ѳзүн ѳзү кордоп, кемсинте баштайт. Булар фейк аккаунттардан аткарылган учурда билдирүүлѳр башка бирѳѳ тарабынан жазылып жѳнѳтүлгѳндѳй кабыл алынат. Ѳзүн ѳзү ушинтип алдоо аркылуу ичиндеги тынчсызданууну убактылуу токтото алат.

Санарип селфхарм реалдуу селфхарм менен жакын байланышта. Кээде ѳзүн ѳзү интернеттен кодулап куугунтуктоо реалдуу ѳзүн ѳзү жаракаттандырууга ѳтүп кетет.

Виртуалдуу селфхарм менен алектенген адамдын максаты кандай болбосун, аны жалгыз калтырбоо ѳтѳ маанилүү.

Эгер ѳзүнѳ зыян келтирүүгѳ умтулуу ѳзүнѳн ѳзү ѳтүп кетпесе, аны кантип дарылоого болот?

Ѳзүнѳ зыян келтирүүгѳ умтулуудан кутулуунун кандайдыр бир жалпы ыкмасы жок. Бул селфхарм ар кандай кѳрүнүшкѳ, ошондой эле келип чыгуу себептерине ээ экендиги менен байланыштуу.

Врачтар менен психологдор кѳйгѳй менен күрѳшүү үчүн таасирдүү бир нече психотерапиялык жана дары-дармектик ыкманы белгилешет. Биз алар жѳнүндѳ айтып беребиз. Бирок селфхармдын ар бир учуру индивидуалдуу мүнѳзгѳ ээ болгондуктан, адистин консультациясынын жардамы менен гана эӊ туура ыкманы тандап алууга болот. 

Дары-дармексиз дарылоо ыкмаларынын ичинен эӊ натыйжалуу болуп,  диалектикалык жүрүм-турум терапиясы эсептелет. Ал стресстик абалдарга ашкере күчтүү эмоционалдык реакция менен жооп кайтарууну азайтып, кишиге болуп жаткан окуя боюнча түрдүү кѳз караштарды кѳрүүгѳ жана мурда чыдай алгыс деп эсептеген кѳйгѳйлѳрдү чечүүнүн сѳзсүз бир жолу бар экенин түшүнүүгѳ жардам берет.

Дагы бир ишенимдүү ыкма — эмоционалдык жѳнгѳ салуу техникаларын колдонуу менен топтук терапия. Бул жерде психотерапевт ѳткѳн сабактарда катышуучулар болуп жаткан нерселерди рационалдаштырууну жана ар кандай кырдаалдарга социалдык жактан алгылыктуу түрдѳ жооп кайтарууну үйрѳнүшѳт. Башкы максат – күтүлбѳгѳн эмоцияларды токтотуу эмес, аларды башкара билүүнү үйрѳнүү.

Адатта мындай психотерапиялык ыкмалардын натыйжасы үзгүлтүксүз эки жума ѳткѳрүлгѳн сабактардан кийин гана билинет. Иш-аракеттин таасири психотерапиялык курс бүткѳндѳн кийин бир топ убакытка чейин созулушу мүмкүн. Кээ бир учурларда ѳзүн ѳзү жаракаттандыруу каалоосу толугу менен ѳтүп кетет.

Психотерапевт менен ѳз ара түшүнүшүү болуп, ишенимдүү мамиле түзүлгѳн учурда жакшы натыйжага тезирээк жетүү мүмкүн. Ал эми натыйжа байкалбаса — адисти алмаштыруу жѳнүндѳ ойлонуп кѳрүү зарыл.

Психиатр жазып берген дары-дармектерден антидепрессанттар, атипиялык антипсихотиктер жана опиоиддик рецепторлорду бѳгѳттѳѳчү препараттар селфхармга каршы күрѳшүүдѳгү эффективдүүлүгүн далилдей алышты. Врачтын жардамы менен гана туура препарат тандоого болот.

Мурдагы бѳлүмдѳрдѳ айтып бергендей, селфхарм айрым психикалык бузулууларды коштоосу мүмкүн. Кѳп учурда ал инсандын чектик бузулуусу, депрессия, кѳӊүл буруунун жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк, тынчсыздануулар, ал тургай травмадан кийинки стресстик бузулуулар менен байланыштуу болот.

Мындай бузулууларды дарылоонун жолдорун врачтар жакшы билишет. Дарылоого багытталган терапияда ѳзүнѳ зыян келтирүүгѳ умтулуу сезими убакыттын ѳтүшү менен жоголуп кетиши мүмкүн. 

Булак: Двор Медиа